Ар бир адам бул дүйнөдө кандайдыр бир ийгилике жетүүнү максат кылат. Максатка жетүү үчүн ар бир адам өзүнүн ар бир ишин ошол максатка жетүүгө жардам береби же жокпу аныктап алуусу керек.
Жок эле дегенде ар бир акыл эстүү адам кылып жаткан ишинин ал үчүн пайдалуу же зыяндуу экенин аныктап, ошого жараша иш кылуусу керек.
Бул темада биздин жашообуздун бир бөлугун ээлеген телевизор көрүү тууралуу сөз кылмакчымын.
Анын биздин жашоого канчалык пайдасы же зыяны бар? Бул нерсени аныктоо үчүн ар бир форумчунун пикири мааниге ээ. Ошондуктан бул талкууга активдүү катышып берүүңүздөдү суранам.
- (2 )
-
- 1
- 2
Телевизор көрүүнүн пайда жана зыяндары
#2 25 January 2013 - 11:53
Анда эмесе кеттик. Алгач мен интернеттен чогулткан маалыматтарым менен бөлүшө кетейин. Анда телевизордун сегиз зыяны жөнундо айтылат. Бул айтылгандарга кошулбаган форумчулар бар болсо, унчукпастан калып кетпей өз ойлорун айтышса жакшы болмок.
Телевизор сиздин канча убактыңызды алаары тууралуу ойлонуп көрүңүз. Ар бир үчүнчү адам өзүнүн көпчүлүк убактысын телевизор алдында өткүрөт. Телевизордун эң чоң зыяны бул көпчүлүк адамдар ойлогондой көрүүгө гана тийгизген зыяны эмес. Эгер кимдир бирөө ар күнү үч саат телевизор көргөн болсо, анда ал бир жумада жыйырма бир саат телевизор көрөт. Мындай адамар бир жумада дээрлик бир сутка убактысын текке кетирет. Бул убакта ал өзүн өнуктүрүү үчүн жумшаса болмок.
1. Телевизор биздин убактыбызды жеп жатат!
Биздин убактыбыз телевизордун себебинен чанга айланып жатат. Биз кылаарга башка ишибиз жок депо йлогонубуз үчүн ар түрдүү телеберүүлөр, ар түрдүү фильмдерди көрүп эс алып жатабыз деп ойлойбуз. А сиз ойлоп көрдүңүзбү? Бизге экрандан жылмайып жаткан адамдар ал иштери үчүн аябай чоң акча алышат. А биз ал убакыт үчүн эмне алабыз? Бул жөнүндө ойлонуп көрүү керек. Кандай дейсиз?
2. Биздин мээбиздин эффектүүлүгү телевизордун таасири астында азайып барат.
Телевизордун биздин мээбизге аябай негативтүү таасирин тийгизет. Көп убакыт телевизор көргөндөн кийинки абалыңызды эстеп көрүңүз. Уйкуңуз келип, чарчап, башыңызда аркандай түшүнүксүз ойлор...
3. Телевизор бизди кемсинтет.
Бизге көрсөтүлүп жаткан жанылыктарды анализдеп көрсөк, бизге жалаң гана кимкайсыл жерде кимди өлтүргөндүгү жөнүндөгү кабарларды көрсөтүшөт. Мындай кабарлардын өз максатын алдына койгон ийгиликтүү адамга эмне кереги бар?
4. Аябай көп маалыматтар.
Мисалы карап көрүңүз, телевизордон бир фильм көрсөтүп, анын арасында кайсы бир тема жөнүндө реклама көрсөтөт, андан кийин башка бир тема жөнүндө реклама көрсөтөт. Фильмден кийин ар кандай “шоу” лор, алар да ар кандай рекламалар менен бөлүнөт. Андан кийин жаңылыктар. Бул маалыматтарды башка туура жайгаштырып, анын ичинен керектүүсүн тандап алуу (эгер ошондой маалыматтар бар болсо) акылга сыйбаган нерсе.
5. Өтө көп энергияны жоготуу.
Сиз экрандын алдында отуруп, өтө көп энергия жок болот. Бул энергияны спортзалга барып жумшасаңыз көп пайда тапмаксыз.
6. Телевизор бизди бактылуу кылбайт.
Кээ бир адамдарга мелодраммаларды көрүү жакса, башкаларга ар кандай телешоулорду көрүү жагат. Өзүбүздүн жеке жашообузду унутуп,башка адамдардын тагдырына кызыгып, өзүбүздү кайсы бир каармандын ордуна коюп,башка адамдардын сезимдери үчүн күйүнүүбүз, бизди бактылуу кылбайт.
7. Биз телевизордун айтканын кылып, акчабызды коротобуз.
Телевизор бизге жаңы телефон биздин стилибизди кооздошун жана жашоодо бизге ишеним берүүсүнө ишендирип келет. Же болбосо жаңы автомобиль менен биз кандай жыргаарыбызды үйрөтөт. Бизди ийгилике жетесиң деп ишендирип банктардан кредит алууга үндөйт.
8. Телеберүүлөрдүн расписаниеси сиздин жашооңуздан маанилүү эмес.
Кээ бир телевизор сүйүүчүлөр, өз иштерин өздөрүнүн сүйүктүү теле берүүлөрүнөн башка убактарга пландаштырышат. Кээ бирөөлөр иштерин сүйүктүү сериалы баштала турган убакыттан башка убакытка жылдырышат. Ошондуктан артка кайрып алууга мүмкүн болбогон алтындай убакытты кайсыл жака жумшаарды ойлонуп көрүү керек.

#3 25 January 2013 - 12:20
Туура,айткандарынызда калет жок,бирок,баарибир азгырылып кетебиз да...
Эл бар бекен Көк-Жардай,
жигиттери Көк жалдай?!
Күлүп койсо кыздары,
электр шамы жангандай...
)))
#4 25 January 2013 - 13:07
Телевизор биздин жашоонун бир бөлүгү болуп калды го. Ал жок, карангыда отургандай эле абал катталат. Бирок, андан туура сабак чыгарса болот...
тоголок жерде, тоголок суроолорго бай болгон тоголок жашоо....
#5 25 January 2013 - 15:22
Кийинки кундору мен телевизор корбой калдым го. Фильмдерди интернеттен,
ар бир каналдын беруулорун он лайн, интернет, радио интернет. Бирок кинолорду телевизордон коргондон коро, кинотеатрдан корсон сонун.
P.S. 1 28√e 980
#6 25 January 2013 - 15:41
мм аябай маанилуу маалыматтар экен балачагым эсиме тушуп кетти эсими тааныганыман бери убактым телевизордун астында отот кээде апаман токмок жечумун иштерим калып кетип пайдалуу жактары деле болот бирок кээде аябай мээн чарчагандыктан менде азыр склероз деген балээ бар элемантарный нерселерди да кадимкидей унутуп калам. Кийин кантип ушул нерсени унутуп калам деп озумо озум страшно тан калам
#7 25 January 2013 - 16:07
Чогулткан маалыматтарымды бөлүшүүнү уланта берсем.
Телевизор көрбөй коюуунун пайдалары.
Ар дайым формада болосуз!
«Домосед» деген термин бекеринен чыкканэмес. Телевизор көрүп жаткан убакта кандайдыр бир нерсени жеп отургуң келе берет. Сиз жей турган нерсе пайдалуу нерсе болсо да, же сиз эч нерсе жебесеңиз да, сиз пассивдүү абалда отурганыңыз үчүн бул нерсе сиздин семирүүңүзгө алып келүүсү мүмкүн. А зыяндуу нерселерди жеш боюнча айтпасак деле түшүнүктүү.
Өз хоббиңиз менен алектенесиз!
Сиз ар күнү 2-3 сериал же реалити шоу көргөн болсоңуз жок дегенде 2-3 саат убактыңызды бекер өткөргөн болосуз. Эгер сиз бул убактынызды өзүңүз качандыр бир убакта кызыгып жүргөн же азыр кызыкан нерсеңизге жумшаган болсоңуз кандай жакшы болоорун ойлоп көрүңүз.. Же болбосо жаңы бир нерсени үйрөнүү үчүнколдонсоңуз да болот. Мисалы китеп окуу, спорттун кайсы бир түрү мененалектенүү, досторуңуз менен жолугуу ж.б. нерселер үчүн коротсоңуз болот.
Акылыңыз ар дайым сергек болот!
Бүгүнкү күндө телевизордон ар кандай болбогон нерселерди көрсөтүп, жаңылыктардан сенсация жаратышып сиздин акылыңызды тумандатып жатышат. Эч кандай мааниси жок реалити шоу-лор, эзилип-былжыраган сериалдар, комедия деген аты эле болбосо ар кандай уят сөздөрдү сүйлөгөн, эч бир күлкүү нерсеси жок фильмдер...
Жакындарыңыз менен болгон мамилеңиз жакшырат.
Көпчүлүк адамдар реалдуу адамдардын, реалдуу проблемаларын талкуулоонун ордуна же өз жакындары менен күнүмдүк болгон иштери жөнундө сүйлөшүүнүн ордуна,телевизордогу жылдыздардын жашоолорун талкуулап, алар жөнүндө жаңылыктарды, телеберүүлөрдү көрүү менен убара. Эч болбосо кечки тамак убактысында "зомбилештирүүчү ящикти" өчүрүп өз жубайы менен сүйлөшсө кандай сонун болоор эле.
Конфликттерден алыс болосуз.
Сиз өзүңүз жактырган нерсени (футбол, сериал, шоу ж.б.) көрүү үчүн башкаларменен пульт талашып, урушкан убактыңыз болгонбу? Неужели это того стоит?
Өзүңүз жөнүндө жакшы пикирде болосуз.
Дизайнер жана стилистердин прическа, макияж, кийим, жасалгалар жана аксессуарлардын үстүнөн бир канча саат иштеген ар кандай кыз супержылдыз болуп көрүнүп калат! Телевизордон көргөн супержылдыздарга окшоого аракет кылбаңыз.Телевизордун алдында азыраак отуруу = өзүңүз жөнүндө жакшы пикирде болуу.
Акчаңызды эсеби менен иштетип каласыз.
Телевидение рекламаларга толуп кеткен. Ар кандай роликтер. Кээде чындап эле бул нерсеге маани бербей коюу кыйын. Бирок сатып алардан мурда, ошол нерсе сизге канчалык зарыл экенин ойлоңуз.
Акчаны экономдойсуз.
Биринчиден сиз чоң ящик сатып албайсыз. Экинчиден электр энергиясы үчүн бираз да болсо азыраак акча төлөйсүз.
Пайдалуу тамак даярдайсыз жана жейсиз.
Сиз фаст-фуд сатып алып, телевизорго шашасызбы? Эгер сиз телевизордон баш тартсаңыз анда сизде пайдалуу жана даамдуу тамактарды даярдоого убакыт жана каалоо пайда болот.
Үлгүлүү инсан болосуз.
Жаш балдар чоңдорду туурашат. Сиз өз балаңыздын «домосед» ке айлануусун каалабасаңыз керек?
Жаш баладай уктайсыз.
Сиз телевизор көрүү сиздин кечинде жакшы уктооңузга жардам берет деп ойлойсузбу? Изилдөөлөр анын тескерисин далилдешти. Телевизор түштүн картинасына таасир кылып, уйкусуздука жана депрессияга алып келүүсү мүмкүн экен.

#8 25 January 2013 - 16:26
пайдалуу жактары деле болот бирок кээде аябай мээн чарчагандыктан менде азыр склероз деген балээ бар элемантарный нерселерди да кадимкидей унутуп калам. Кийин кантип ушул нерсени унутуп калам деп озумо озум страшно тан калам
Биз экрандар ар күнү толгон-токой маалыматтарды көрөбүз. Телевизордон көпчүлүк адамдар көп суроолордун жоопторун табуулары мүмкүн. Алар өздөрү жактырган адамдардын сөздөрүн, жүрүш-туруштарын, кийиминин стилин копировать этип, аларды подрожать эткенге аракет кылышат. Психологтор: "мындай нерселер адамдын мээсин тынчтандырып (расслабляет) анын ойлонууга болгон муктаждыгы жоголот жана анын натыйжасында ойлонуу процесстери акырындап начарлайт. А бул болсо өз кезегинде мээнин деградациясына алып келет. Себеби организм мээнин канга өтө эле муктаж деп эсептебей калгандыктан, ага канды аз бере баштайт. А канда болсо мээ үчүн керектүү азык заттар жана витаминдер бар. Анын натыйжасында интеллект жана эске тутуу жөмдөмдүүлүктөрүнө негативтүү таасирлер болот. Анын жыйынтыгында склероз пайда болуусу мүмкүн" деп айтышат.
#9 25 January 2013 - 16:43
ооба туура айтып кеткенсиз менде ушу проблема бар да азыр, акыркы кундору аракет кыла баштадым телевизор эмес музыка же радио угууга бир эле учурда конул которулот ишин да бутот экен кичине мээ да эс алат дене кыймылда болот дегендей сиздин маалыматтарды эске тутуп калабыз
#10 25 January 2013 - 16:56
#11 25 January 2013 - 16:58
#12 25 January 2013 - 17:01
#13 25 January 2013 - 19:45
Дегинкиси, орустар айтмакчы, телевизор- это зло! Создо калет жок. Бирок... Бирок жалгыз эле тиви эмес, компьютер, кол телефон, смартфондордун баары эле ушу категорияга кирип калат экен ойлосом. Себеби инетте да, тивиде да бирдей корунуш. Эбегейсиз мусор арасынан пайдалуу нерсе издеген бомждордой эле болуп калдык. Эми ойлосонуз, ушунча жазылган минустардан кийин эл тиви коргонун, инетке киргенин токтотсо эмне болот? Бекерчиликтен,
апатиядан, озун озу алдоодон кайда качууну билбей, ломкага учурайбыз гой. (Мен 3 кун баняда жургондо муну сездим. Менде убактым коп, кышында жаш бала мн коп сейилдей албайсын ошого мурда жумушка короткон ашыкча энергияны билип туруп вхолостую коротом.) Мага эбегейсиз коп инфа керек. Ошондо гана мээм толугу менен загрузка болуп, жакшы уктайм. Ар бир мусорду стандарттуу эмес, оз максаттарына ылайык пайдалансан болот. Ал эми инфа, бул жон эле инфа. Адам баласы ушундайбыз,
жаман деген нерсеге андан бетер тартылабыз.
Себеби, баары учун жазылган закондон озубузду бир кадам ойдо коебуз да. Менимче, баарыбыз озубузго чек кое билууну уйронушубуз керек.
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#14 26 January 2013 - 11:56
Men ansyz dele tv korboim.
birok en sonun kenewter u.n yraazychylyk Daud baike!
#15 26 January 2013 - 19:40
Маалыматтарыныз учун рахмат,мага таасир калтырды.эми твны азыраак корчу болом
#16 27 January 2013 - 12:03
А мен максимум 20 минут коро алам тивилизорду,
а инетте 2 кунго чейин да отура берем. Мен ушул мамлекеттик коомдук телеканалдарды тушунбойм да. Эн сонун тарбиялык беруулорду берет да, артынан эле зомбировать эткен фильмдерди коюп коюшат же аларда сиз менен бизге окшоп ойлонуп, фильмдердин мазмунуна конул болуп, сортировка кылган адис жокпу? Же кандайдыр бир башка себептери барбы? Короче темно
Люблю зимний закат
#17 27 January 2013 - 17:43
Биздин үйдө 24 саат бою телевизор өчпөйт. Түнкү үч жарым төрттөрдө да компту өчүрсөм да телевизорду өчүрбөйм. Анткени тым-тырстыкта мен уктай албайм,кобур-
собур болуп туруш керек. Мисалы азыр 5-каналда Сваты деген сериал болуп жатат. Бул сериалды 100 жолу көрсөм да кайра-кайра көрүүдөн такыр тажабайм!
Не всякий козел может испортить настроение,
а только самый любимый.
#18 27 January 2013 - 18:06
Интрнеттин зыянын да жазгылачы
Мен да телевизор анда санда көрүп калдым.
Айылым алтын бешигим!!!
#19 28 May 2013 - 16:47
Пайдасы маалымат алабыз,эс алабыз.Зыяны убактынды алат жана козго таасирин тийгизет,эгерде коп корсо.
Биз өз өлкөбүздө гана бактылуу боло алабыз!
#20 30 May 2013 - 23:38
Уже 2-3 жыл болуп калды телевизор корбой койгом. Баарын интернет коруп отурам да.
Баары буудай, мен саман,
Баары жакшы, мен жаман...
Баары жакшы, мен жаман...
- (2 )
-
- 1
- 2

Супер-Инфо
super.kg
видео