Кайсы бир кездерде бүркүт менен кудуктагы бака дос болуптур, аябай ынтымактуу достордон болушкан экен. Бир күнү бака бүркүттөн сурайт: досум асманда канча күн бар? Бир! Туура, а канча ай бар? Бир! Бул да туура, а канча жылдыз бар? Ой анын санын билбейт экенмин, аябай көп! Эхх бүркүт сени досум деп жүрсөм, сен жалганчы турбайсыңбы,
асманда бир эле жылдыз бар деп жалганчы досуна таарынып достошпой койгон экен. Бүркүт да, кем акыл бака менен достошкусу келбей кайып учуп кеткен экен.
Эми урматтуу таза кыргыз достор, качанга чейин комуз, кымыз, боз үй, Манасыбызды бетке тутуп мен таза кыргызмын деп көкүрөк кагабыз?
Сакал коюп, Куран окуп, илим алып, сүннөткө амал кылып, шариат жолун жолдоп Аллахтын жолунда жүргөн коомду көрсөк арабдашуу саясаты деп жек көрөбүз. Чачын өстүрүп, мода менен кийинип, ар бир кыймылына маани берип жүргөндөрдү көрсөк, корейлердин көчүрмөсү дейбиз. Күнү-түнү окуп, билим алып, ыңгайлуусун кийип, жаңыча ойлонуп, жаңыча жашагандарды көрсөк атеист дейбиз.
Эми тарых барактарын барактап көрсөк деле таза кыргызды таба албайбыз го менимче. Алгач Таш доору, Эне-Сай маданияты, Македонскийдин чыгышка сапары, соң Түрктөрдүн үстөмдүгү, Уйгурлардын саясаты, Монголдор чабуулу, Кытайдын кылымдык таасири, Амир Темирдин жүрүшү, Караханиддердин мамлекети, Ислам дининин келиши, Кокон хандыгы, Орус империясынын басып алуучулугу,
СССРдин жетимиш жылдык саясатынын таасири менен кыргыз руху, үрп-адаты, каада-салты,
диний ишенимдери жана башкалары өзгөрүлүп, толукталып,
башка бир деңгээлдерге өтүп келген. Же кайсы бир доор барбы, кыргыз ушул кезде чыныгы кыргыз болуп калыптанган жана нукура таза кыргыз ушул деген?
Миграция толкуну жана глобалдашуу саясаты менен бүгүнкү күнү кыргыз эли ар түркүн маданияттын,
көз караштын, жашоо стилин баштан өткөрүп келет. Буга эч ким тоскоол да боло албайт жана башка бир нукка буруп да кете албайт. Анткени биз демократиялуу өлкөбүз.
Бирок жакшынын жакшысын алып, жаманын сыртта калтырып, кандайдыр бир иш чараларды көрүшүбүз, заманбап улуттук идеологияны калыптандырып,
өлкө үчүн эң керектүү болгон идеяны иштеп чыгуу, улуттун эртеңкисине кайдыгер карабаган ар бирибиздин эң башкы милдетибиз.
Бирок качан? Кантип? Кайсы ыкма менен? (Төгөрөк үстөлдө олтуруп алып түзүлгөн академиктердин улуттук идеологиясы арык аттап, суу кечпеси айтпаса да түшүнүктүү).
Эң негизги суроо таза кыргыз болуу менен биз кайсы жерге чейин бара алабыз? Таза кыргызга тиешелүү болгон кайсы принциптерибиз бар? Таза кыргыз болуу жашоонун чыныгы максатын, маани мазмунун аңдап, жашоодо чоң ачылыштарды жасоого жардам бере алабы?
Таза кыргыз
#3 29 May 2013 - 08:39
Таза Кыргыз-дегенди тушундуро кетсениз. Кандай Кыргыз таза болот? Эмнени колдонушу керек? Кайсы динди тутунушу керек?
Мен негизи "таза"сы жок эле "Кыргызмын" деп тош кагам. Ошол сиз ойдо жакта атап кеткен канчалаган баскынчылардан, канчалаган заман алмашуудан, доор оошуудан бери жоголтпой сактап келген биздин бабаларга ДАНК! Жада калса бир кездерде устомдугун орноткон, бизден саны ого эле коп уйгурлар журот оздорунун мамлекети жок, автономдуу область болуп.
Мен негизи "таза"сы жок эле "Кыргызмын" деп тош кагам. Ошол сиз ойдо жакта атап кеткен канчалаган баскынчылардан, канчалаган заман алмашуудан, доор оошуудан бери жоголтпой сактап келген биздин бабаларга ДАНК! Жада калса бир кездерде устомдугун орноткон, бизден саны ого эле коп уйгурлар журот оздорунун мамлекети жок, автономдуу область болуп.
Реал чемпиооон!!!
#4 29 May 2013 - 21:05
Ошо сиз айтканыныздын баары жашоонун агымына жараша озгорулгонунон болуп жатпайбы. Ал тээ илгерки замандагы кыргыздар менен,ал гана эмес советтер союзу мезгилиндеги кыргыздар менен салыштырууга болобу? Заман озгорулгон азыр ар бир жаны кыргыз андай принциптерди колдой бербейт.
Никогда не путай мой характер с моим отношением.
Мой характер зависит от меня, а мое отношение - от твоего поведения.
#6 29 May 2013 - 23:56
Баш деле, оорткум келбейт да ушундай нерсеге.
Ушу сен таза кыргыз беймсин, эч нерсеге башын ооруткусу келбеген... Тамаша анан былтыйып калваааа
Автор "таза кыргыз" деген терминди анча жактырбадым. Менимче "21-кылымга доордош кыргыз" же "заманбап кыргыз" деген түшүндүрмөнүн тегерегинде сөз болгону дурусураак. Айтайын дегеним бүгүнкү күндүн суроо-талабына ылайык ошол эле мезгилде нарк-насилди тепсебеген кыз-жигиттерден болушубуз керек. Тарых келечектин күзгүсү делген сыңары, эки тарапты да бирдей алып кете алган, билимине ишенген, каада-салтын унутпаган, элинин жыргалчылыгы жана мамлекетинин өнүгүүсү үчүн колунан келген күчүн жумшаган жараан болушу шарт. Бир сөз менен айтканда, ар ким өз милдетин аткарсын. Мугалими мугалимдигин кылсын, доктору докторлугун, ал эми саясатчысы саясатчылыгын дегендей. Өз адистигинин көрүнүктүү жана алдыңкысы боло алса өттө соонун болот.
Баркымды билгендердин эсиндемин...
#7 30 May 2013 - 09:39
'Таза кыргызыныздын'
'таза' созу Гитлердин генетика, евгеника эксперименттерин ойго 'кылт' эттирип ийди...
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#8 30 May 2013 - 09:55
Биринчиден жети атаны тааныйсынбы?
...Анан ошол жети атан тен кыргызбы?...Демек сен "таптаза кыргыз"сын!
...мен ошондой эсептейм...
Мужчины,
никогда не
сражайтесь с женщинами.
И победа, и поражение будут
для вас позором.
сражайтесь с женщинами.
И победа, и поражение будут
для вас позором.
#9 30 May 2013 - 16:32
А эмне учун ошол кытай калмак басып алганда алар менен камыр -жумур болуп жашап кытай же калмакка айланып кетпедик.Э гер тупкулугу бекем калк болбогонубузда азыр журмокпуз кытайдый моло таштарына сый ынып буддист болуп.Жетинчи атан ким десе Манюс Хгучае деп 
Дагы бир мисал:Искендерзулкайнарм(Македонский)келе жатат деген кабарды уккан кыргыздар акылдуу.Айым деген зайыпты жонотушот,тосуп алмакка.Элин жоодон сактап калуу максатында АЙЫМ куржундунэки козуно толтуруп жангактан салып,Искендер зулкайнармга тартуу кылат.Ар бир кыргыз жоокери сизге ушул бирден жангакты берип жиберди деп.Муну коргон Македонский аябай танкалат ,жоокери эки куржундун козундогу жангактай коп болсо,эли андан эки эсе копго деп .жангакты алып артка кайтат.Ал кезде жангак деген тушунук грецияда жок болчу.Кыргыздарга кол салуудан айбыгып .мекенине кайтатда жангакты эгип кобойтуп Европага жангакты таратат.Мына ошондон баштап грек жангагы деп айтылып калынган.Чын чынына келгенде грек жангагынын тупку теги туштуктогу жангактын мекени болгон АРСЛАНБАП(же Арстанбап)болуп эсептелинет.
Дуйнону кылыч менен багынтан тарыхта аты калган адамдарга багынбаган кырылгыс кыргызды кантип танууга болот
Албетте аркандай баскынчылардын айынан кээбирнерселерибиз озгоруп кетиши мумкун,бирок тупкулугу таза бойдон сакталып калган.арасынан силер сыяктуу жыландарда чыгып турган.кыргызды чангандар
Дагы бир мисал:Искендерзулкайнарм(Македонский)келе жатат деген кабарды уккан кыргыздар акылдуу.Айым деген зайыпты жонотушот,тосуп алмакка.Элин жоодон сактап калуу максатында АЙЫМ куржундунэки козуно толтуруп жангактан салып,Искендер зулкайнармга тартуу кылат.Ар бир кыргыз жоокери сизге ушул бирден жангакты берип жиберди деп.Муну коргон Македонский аябай танкалат ,жоокери эки куржундун козундогу жангактай коп болсо,эли андан эки эсе копго деп .жангакты алып артка кайтат.Ал кезде жангак деген тушунук грецияда жок болчу.Кыргыздарга кол салуудан айбыгып .мекенине кайтатда жангакты эгип кобойтуп Европага жангакты таратат.Мына ошондон баштап грек жангагы деп айтылып калынган.Чын чынына келгенде грек жангагынын тупку теги туштуктогу жангактын мекени болгон АРСЛАНБАП(же Арстанбап)болуп эсептелинет.
Дуйнону кылыч менен багынтан тарыхта аты калган адамдарга багынбаган кырылгыс кыргызды кантип танууга болот
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#10 30 May 2013 - 18:38
"Кең пейилдүү, ач турса да ток мүнөз,
Артык көргөн өз жанынан башканы.
Кыргыз барда, кылымдарды карытып,
Жашай берет адамзаттын дүйнөсү"
-деген кыска жообумду узатам.
Артык көргөн өз жанынан башканы.
Кыргыз барда, кылымдарды карытып,
Жашай берет адамзаттын дүйнөсү"
-деген кыска жообумду узатам.
Гуд бай, форумчулар!
!!
#11 31 May 2013 - 03:23
Мен нукура таза Кыргыз экениме сыймыктанам!
Мезгил агымына жараша суроо-талаптар болуп келген,боло берет...,чечкиндуу кадам таштаган чечуучу адам табылаар....
#12 31 May 2013 - 13:44
Чын эле ойлон0 турган тема экен сулуурак кы3дарды же жигитерди көрсөк кашы қөзу қапкара узбечкага окшош экен анан жакшына кийинип алса корейске окшотушат ошого тан калам.
#13 31 May 2013 - 13:45
Таза " Кыргыз",чын эле таза кыргызбызбы?
СЕН УШУНЧАЛЫК ЖАКШЫ АДАМ БОЛГУН,
ЖАДА КАЛСА ДУШМАНЫҢ ДА ДУШМАН БОЛГОНУНА ӨКҮНСҮН.
ЖАДА КАЛСА ДУШМАНЫҢ ДА ДУШМАН БОЛГОНУНА ӨКҮНСҮН.
#14 31 May 2013 - 14:04
Кыргыздар кылымдан кылымга жашап келе жаткан Улуу элбиз ! Биз жоголуп кетпегенибизге караганда , бизди колдоочу улуу кучтор бар болушу мумкун !? Кыргыз салт санаасы менен , урп адаты менен , меймандостугу менен кыргыз болуп келе жатат ! Эч кандай кир эмес эле таза кыргыз боюна кала беребиз !
Бактылуу-
омур жок,бактылуу кундор гана болот!
#15 05 June 2013 - 17:06
менем пикирим боюунча таза кыргыз бул акылдуу,сабырдуу,
намыской,улууга урмат,кичууго ызат корсоткон,мекенин суйгон,ынтымактуу.
.. жаза берса абдан коп ...Бирок ушундай адамдар барбы деп суроо беришинер мумкун , мени кубандырганы бар томондогу жазып кеткен создого шайкеш келген биздин таза кыргыздар.
#16 05 June 2013 - 19:42
Улутун,тарыхын чанбаганды нукура кыргыз деп билем
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#17 06 June 2014 - 18:06
Негизинен бул тема Уллуттук идеология жөнүндө талкуу болуусу үчүн ачылган болуш керек. Башка нукка бурулуп кетиптир.
#18 16 January 2016 - 19:12
Кыргызстанда кыргызча ойгонуп, ичип, жеп, кыргызча суйлоп, жашап, анан кыргызча уктасак, менимче бул таза кыргызбыз да, башка элдин жашоосу менен жашаган жокбуз да .

Супер-Инфо
super.kg
видео





















