Голдор: Джеко, Агуэро - Старридж, Джеррард
Чынында 2 кыйын оюн катары менен келип калды. Өзгөчө "Манчестер Сити" менен болгон оюн өтө күчтүү болду. "Ливерпуль" балким, сезондогу эң мыкты, фантастикалык оюндарынын бирин көрсөттү. Анткен менен бул эсепке экөө тең ыраазы боло алышкан жок. Экөө тең 3 упай үчүн жан талашышты. Тең чыгуу эки командага бир окшоштук апкелди. "Манчестер Сити" МЮдан 9 упай артта калды. Ал эми "Ливерпуль" УЕФАнын ЧЛсына чыкчу орунда турган командадан 9 упай артта калууда. Эмнеси болсо да, жазга чейин күтөлүчү, биздин тренер күчтүү эмеспи...
