Оу ,Жека, салам! Эски койдун көзүндөй болгон азамат! Сага суроолор:
1. Азыр оош-кыйыштан соң абалың кандай? Апрель төңкөрүшүн эске алып жатамын...
2. Неге мурункудай көп кире албай жатасың? Иш көппү?
3. Баягыдай жолугушууга кандайсың?
Шашып аттым эле, азырынча ушул эле суроолор. Ырахмат!
СУПЕР-ИНТЕРВЬЮ! Форумчулар учун.....суроо-жооп......
#5161 29 May 2013 - 17:33
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#5162 29 May 2013 - 18:02
Салам Jeka ага!
1. Дин(дер)ге көз карашыңыз кандай? (Кененирээк жооп берсеңиз)
2. Жашоодогу башкы максатыңыз кандай (эле)? Азыр ошол максатыңыздын кайсы баскычындасыз?
(Мындай суроолор берилген болсо, үзүр. Шилтемелеп гана койууңузду суранам)

Өзүң бол
#5163 29 May 2013 - 19:11
Шумдугун кургур не палээ болатат бул жакта? Акылынызга береке.Соонун жооп жазыпсыз. 22-декабрда жылдыгын откоруп куран окутуп коелу ээ сиз экооз кучтуу экенбиз кайра келип жазып эле журобуз?
Мен да суроо бере кетейин:
Жашыныз канчада,канча баланыз бар?
мурдагы форумчулардан бар го азыр деле Аечка эже, Барс алар менен реалда да суйлошуп турасызбы?
Супердеги азыркы эн кызыктуу болум кайсы сизге?
Алиги жак , дин жакта темалар аз болчу дейсиз бирок курч темалар экен го, батынып жазышып баары, азыр болсо кобу эле жазышпайт го жаман ойлоп калат деп? Сиз да ошентип ойлойсузбу?
Макул, карындашым.
1. Жашым эл ортонунан өтүп калган. Балдарым тууралуу Шазиге берген жообумда жазгам.
2. Барс аке менен 2010-жылкы жолугушууда таанышып, моокум канганча сүйлөшкөмүн. Азыр болсо купуя аркылуу маектешип калабыз. Аечка менен телефон аркылуу сүйлөшкөм, азыр көрүнбөй калды.
3. Мен үчүн Супердеги эң кызыктуу бөлүмдөр “Саясат жана коом”, “Мен кыргызмын” жана "Суперстан" . Киргенде эле ошолорду карайм.
4. Аз болчу деп өзүм катталган учурду айткам. Азыр, албетте, курч темалар көбөйдү ал жактарда. Мисалы, "Дин" тарапта Дауд сыяктуу атайын билими бар аалым форумчулар суроолорго аргументтүү жоопторду берип, теманын кызыктуулугун арттырууда. Ал эми, батынып жаза албаса же “жаман ойлоп калат” (ким?) десе – ал адамдын айтаар ою так эмес же өзүнө анча ишенбейт. Мен антип ойлобойм, оюму так айтам жана жазам.
Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
#5164 29 May 2013 - 19:32
Оу ,Жека, салам! Эски койдун көзүндөй болгон азамат! Сага суроолор:
1. Азыр оош-кыйыштан соң абалың кандай? Апрель төңкөрүшүн эске алып жатамын...
2. Неге мурункудай көп кире албай жатасың? Иш көппү?
3. Баягыдай жолугушууга кандайсың?
Шашып аттым эле, азырынча ушул эле суроолор. Ырахмат!
1. Азыр оош-кыйыштан соң абалың кандай? Апрель төңкөрүшүн эске алып жатамын...
2. Неге мурункудай көп кире албай жатасың? Иш көппү?
3. Баягыдай жолугушууга кандайсың?
Шашып аттым эле, азырынча ушул эле суроолор. Ырахмат!
Ва-алейкум салам, Барс аке! Сиздин суроолорго тикемен тик туруп жооп берейин:
1. Таң каласыз, бирок оош-кыйыштан кийин абалым жаман эмес, оңолуп кетти десем да болот (толугураак купуяда айтып берейин, капа этпесеңиз). Негизи, карапайым адамга ким бийликте экени анча деле маанилүү эмес го. Шартка жараша ыңгайын таап, өз аракетин жүргүзө берет турбайбы.
2. Байкасаңыз, соңку эки айдан бери көп эле кире баштадым. Иш да көп. Бирок, ал негизги себеп эмес. Негизгиси - өзүнө тарткан, ой жүгүртүүгө түрткү берген, көңүл бурдурган билдирүүлөр аз кездешет. Эсиңизде болсо керек, "Кыргыз гимни", "Акындар айтышы" ж.б.у.с. темалар. Кирип - чыга албай калчубуз.
3. Оо, андай жолугушууга дайым даярмын Барс аке. Сиз эле келе турган болсоңуз, Жека ошол жерде дей бериңиз.
Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
#5165 29 May 2013 - 19:53
Салам Jeka ага!
1. Дин(дер)ге көз карашыңыз кандай? (Кененирээк жооп берсеңиз)
2. Жашоодогу башкы максатыңыз кандай (эле)? Азыр ошол максатыңыздын кайсы баскычындасыз?
(Мындай суроолор берилген болсо, үзүр. Шилтемелеп гана койууңузду суранам)
1. Дин(дер)ге көз карашыңыз кандай? (Кененирээк жооп берсеңиз)
2. Жашоодогу башкы максатыңыз кандай (эле)? Азыр ошол максатыңыздын кайсы баскычындасыз?
(Мындай суроолор берилген болсо, үзүр. Шилтемелеп гана койууңузду суранам)
Аманчылык.
1. Диндерге көз карашым түз. Адамды ыймандуу кылып тарбиялоодо диндин ролу чоң. Чоң атам молдо киши болгондуктан, эс тарткандан бери эле курандын сүрөөлөрүн жатка билем (баарын эмес, албетте). Кырааты менен окуй алам. Шашып-бушуп, аттап-буттап, кыскартып окугандарды жактырбайм. Андан көрө окуй албайм деп эле айткан оң. Эчтекеге ишенбеген адам - коркунучтуу адам.
2. Жашоодогу башкы максатым - жакшы, сапаттуу билим алып, өз ишин мыкты билген, эл эсептешкендей адис болуп, бирөөнүн оозун карабай, эч кимге көз каранды болбой, өз турмушуму өзүм алып кетүү, о.э. өзүм сүйүп тандаган кызга үйлөнүп, бактылуу үй-бүлө куруп, өз алдынча ой жүгүртүп, өз алдынча иш жасап, өзүнө-өзү жооп бере ала турган балдарга ата болуу болчу. Кудайга шүгүр, ошол максаттарыма жеттим дебейин, четинен жетип келетам десем болот.
Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
#5166 29 May 2013 - 20:16
Саламатсызбы Жека аке ?
1 . Крим чойро менен байланышыныз барбы ?
2 . Апрель окуясына катышкансызбы ?
3 . Ноокаттык болсонуз " Ноокаттыктар бир тыйынды , колу менен ушалап туруп эки тыйын кылып коюшат " деген созду кандай тушуносуз ?
4 . Ноокаттын картошкосун баалайм , картошко атып алганда эмнесине конул бурасыз ?
5 . Ноокатка кыз бербе , кыз ал деген кеп уктум эле эмнеге мындай ?
Азырынча 5 собол , дагы келип калаармын ! Жуманы ийгиликтуу улантыныз !

Бактылуу-
омур жок,бактылуу кундор гана болот!
#5167 29 May 2013 - 20:43

Арбаңыз Айылдык кыз карындашым.
1. Кудай сактасын, андай чөйрөдөн өтө алысмын.
2. Жок. Бирөөнүн артынан ээрчип, жетелеме болгонду жактырбайм. Ал окуяны революция деп да эсептебейм. Ал - жөн эле бийлик алмаштыруу болду. Баарынан аянычтуусу - кайтыш болгон азаматтар! Негизи, бийликти сыйлай билгенди үйрөнүшүбүз керек. Мисалы, англиялыктар деле, япониялыктар деле чыкса болмок - "Жетишет, королевага (императорго) карк тойдук. Жоголсун үй-бүлөлүк башкаруу. Кетсин" дешип. Алар эмнеге антпейт? Анткени, алардын канына сиңген "Бийликти сыйлоо керек" деген түшүнүк. Илгери, Брежнев тирүү кезинде "ээги түшүп калбаса болду ушу чалдын" деп тамашалап калсам, таенем айтчу "Антпе балам, биз хан көргөн элбиз. Кесир болот" деп. Маанисин эми түшүнүп атам.
3. Ошо, Ноокаттыктардын сиз айткан фокусу Кыргызстанда анча өтпөй калганына байланыштуу, жердештеримин көпчүлүгү азыр (айрыкча жаштар) Россия, Казакстанда жүрүшөт. Мен алар менен сыймыктанам! Анткени, алар чет элде, чет жерде эл таанып, жер таанып, өздөрүн эле багып тим болбостон, бул жактагы туугандарын да бутка тургузуп атышат. Жаман эмес. Азыр, Ноокатка барсаңыз Бишкектин "Царское селосундагы" хан-сарайлар "чыпуха" , "игрушка" көрүнүп калат. Мен ушундай түшүнөм, сиз айткан сөздү...
4. Картошка "атып" алганда, мен анын "ок тийген жерлерине" көңүл бурам (тамаша). Албетте, картошка сатып алып атканда анын катуулугуна, тазалыгына, түсүнө, анан баасына көңүл бурам.
5. "Кыз ал" дегени Ноокаттын кыздары, мен билгенден, оокатка, үй-тиричилик иштерине бышык келишип, сарамжал, элпек болушат. Баары эмес, албетте. "Современнаялары" да кездешет арасында. Ал эми "кыз бербе" дегени - "кызың жогоруда айтылгандарга даярбы?" дегени да.
Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
#5169 29 May 2013 - 22:48
Ассалому алейкум аке,күүлүү-күчтүү жүрөсүзбү? Мал-жан аманбы,тууган-
урук,бала-чака тынчпы? Жолдон өтүп баратып сиздин конокто экениңизди көрүп калып башбакпай кое албадым.
Көптөн бери бир маселе тынчымды алып бейпайга салып жүрөт. Өзүңүз байкап жүргөндөй, азыр жарашканы деле,жарашпаганы деле "патриотмун" деп көкүрөгүн кагып,"кыргыз дегенде жанымды беремин" деп чамынып алганды салт тутуп алдык. Жаман эмес дейли,бул да болсо уучубуз кур эмес экендигибизди, майдаланып, ушаланып баратсак да түбү түптүү журт экенибизди билдирип турганы эмеспи. Эми бул суунун берки жээги дейли. Наркы өйүздү карасак "ХХI кылым-ааламдашуунун заманы" деп,бул жарык дүйнөнүн ар жак-бержагында болуп жаткан өзгөрүүлөргө акыл калчап,улутмандыкты эскинин калдыгы,прогрессти артка тартуучу нерсе катары көргөндөрдү байкайбыз. Кулак төшөсөң эки өйүздүн тең сөзү жүйөөлүү...
Эсил кайран эсесердин маалында кулакка жалаңкычтай угулчу "капитализм" дегениңдин арааны жүрүп,кечээги күнүңдү аңдай албай жатканда эртеңки күнүң шыйрактан алып аңтара чаап жаткан бу шашма заманда кандай кылуу керек эми?Эки өйүздүн тең сөзү жүйөөлүү,сиз кайсы өйүздөсүз?

#5170 30 May 2013 - 04:29
Саламатсызбы!
!!<br><
br><span style="font-size:
9pt;">1) Ушул создор мени орттойт да акеси, сизге туюлабы? ( кайра не журосун....дегн форумдагы айтылган кептер!!
)</span><br>
2) Бул жашоодо
уяалбай эле койсо болгудай.....
чынында бул вирт жашоо менен.....реальдын айырмасы барбы?<br>
3) Минтип кирип алсан....жузу жок дешип....аяабай еле оон учуратат....сизге билинеби...?(екинчи ник емес....ушул&
nbsp; оз нигин менен кирсен да....жузу жок дешсе керек арасында.)<
br>4) Кеткен форумчулар тууралуу....тема ачканынызга.
....емне себеп болду?<br>
5) Мындай ойлосонор керек....жиндилери кетти акылдуулары калды деп?(сыйлоо дегенди.....тушундуруп беринчи...)<
br><br>рахмат.
..<br><br>
накта жузун жок екен деп...ойлоп да калышкандыр.
....мени копчулук.....
................
#5171 30 May 2013 - 08:05
Арбаңыз Айылдык кыз карындашым.
3. Ошо, Ноокаттыктардын сиз айткан фокусу Кыргызстанда анча өтпөй калганына байланыштуу, жердештеримин көпчүлүгү азыр (айрыкча жаштар) Россия, Казакстанда жүрүшөт. Мен алар менен сыймыктанам! Анткени, алар чет элде, чет жерде эл таанып, жер таанып, өздөрүн эле багып тим болбостон, бул жактагы туугандарын да бутка тургузуп атышат. Жаман эмес. Азыр, Ноокатка барсаңыз Бишкектин "Царское селосундагы" хан-сарайлар "чыпуха" , "игрушка" көрүнүп калат. Мен ушундай түшүнөм, сиз айткан сөздү...
3. Ошо, Ноокаттыктардын сиз айткан фокусу Кыргызстанда анча өтпөй калганына байланыштуу, жердештеримин көпчүлүгү азыр (айрыкча жаштар) Россия, Казакстанда жүрүшөт. Мен алар менен сыймыктанам! Анткени, алар чет элде, чет жерде эл таанып, жер таанып, өздөрүн эле багып тим болбостон, бул жактагы туугандарын да бутка тургузуп атышат. Жаман эмес. Азыр, Ноокатка барсаңыз Бишкектин "Царское селосундагы" хан-сарайлар "чыпуха" , "игрушка" көрүнүп калат. Мен ушундай түшүнөм, сиз айткан сөздү...
Жоопторунузга рахмат . Бир тамгадан ката кетип калган экемин аны да какшык аралаштыра жооп бериптирсиз
Дагы бир собол .
1 . Ноокаттын жолун качан ондойсунар ?
Бактылуу-
омур жок,бактылуу кундор гана болот!
#5172 30 May 2013 - 10:32
Баса,унута жаздапмын аке. Жогоруда "Акындар айтышы" темасы тууралуу кеп козгоп өтүпсүз. Кандай дейсиз аке,илгеркичесинен алым-сабак кылып көрбөйлүбү?
Унута жаздаган өнөрдү кайрадан жаңылап,көктөп бараткан жерлерин күнгө каратып оодарып койсок жакшы болоор беле дейм?
#5173 30 May 2013 - 11:12
devid
, Altynchy.nik, жеке айтышууга жол берилбейт.
Азырынча оозеки эскертүү!
devid, эсиңизде болсун, провокацияга жол жок!

#5174 30 May 2013 - 14:59
Форумга кантип келип калгансыз?
Кызым "Супер-инфо" гезитин окуп калчу. Мен да бир эки санын карап, "Башкача гезит экен" деп калгам. Анан, Kg.lady жазгандай, "форумчулардын гезит бетине чыккан билдирүүлөрүн окуп алып, танкала берчүмүн. Булар кимдер, каяктан жазат" деп. Бир күнү веб-сайтына кирип, форумду таап, таанышып чыктым. Анан, конок катары билдирүүлөрдү окуп жүрдүм. Катталуума "Акындар айтышы" себеп болгон.
Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
#5175 30 May 2013 - 15:32
Ассалому алейкум аке,күүлүү-күчтүү жүрөсүзбү? Мал-жан аманбы,тууган-
урук,бала-чака тынчпы? Жолдон өтүп баратып сиздин конокто экениңизди көрүп калып башбакпай кое албадым.
Көптөн бери бир маселе тынчымды алып бейпайга салып жүрөт. Өзүңүз байкап жүргөндөй, азыр жарашканы деле,жарашпаганы деле "патриотмун" деп көкүрөгүн кагып,"кыргыз дегенде жанымды беремин" деп чамынып алганды салт тутуп алдык. Жаман эмес дейли,бул да болсо уучубуз кур эмес экендигибизди, майдаланып, ушаланып баратсак да түбү түптүү журт экенибизди билдирип турганы эмеспи. Эми бул суунун берки жээги дейли. Наркы өйүздү карасак "ХХI кылым-ааламдашуунун заманы" деп,бул жарык дүйнөнүн ар жак-бержагында болуп жаткан өзгөрүүлөргө акыл калчап,улутмандыкты эскинин калдыгы,прогрессти артка тартуучу нерсе катары көргөндөрдү байкайбыз. Кулак төшөсөң эки өйүздүн тең сөзү жүйөөлүү...
Эсил кайран эсесердин маалында кулакка жалаңкычтай угулчу "капитализм" дегениңдин арааны жүрүп,кечээги күнүңдү аңдай албай жатканда эртеңки күнүң шыйрактан алып аңтара чаап жаткан бу шашма заманда кандай кылуу керек эми?Эки өйүздүн тең сөзү жүйөөлүү,сиз кайсы өйүздөсүз?
Баса,унута жаздапмын аке. Жогоруда "Акындар айтышы" темасы тууралуу кеп козгоп өтүпсүз. Кандай дейсиз аке,илгеркичесинен алым-сабак кылып көрбөйлүбү? Унута жаздаган өнөрдү кайрадан жаңылап,көктөп бараткан жерлерин күнгө каратып оодарып койсок жакшы болоор беле дейм?

Ва-алейкум салам, USSR иним. Аманчылык, баары жайында. Куш келипсин өзүң ачкан маек төрүнө!
1. Өтө орчундуу маселени ойлонуп жүрүпсүн. Сен айтканды мен да байкап жүрөм. Өз оюму айтайын анда:
Негизи, кандай гана жүйөө болбосун, көкүрөк каккандык, чамынгандык мага жакпайт. Үндү катуу чыгарбай эле патриот болсо болот. Мисалы, чет элдиктердин көзүн карап, ляппай деп, подхалим болбой, алар менен тең ата мамиле кылуу, аша чаап баратышса аргументтүү сүйлөп (акырын эле) аларды ордуна койуу - бул патриоттук, чөнтөгүңө жүз миңдеген доллар берип атканына карабай, Кыргызстандын таламын талашуу (акырын эле) - бул патриоттук, бири-бирибиздин кемчилигибизди бетке айтуу - бул патриоттук, студенттер акча берип атса да, албастан, калыс баасын койуп берүү - бул патриоттук ж.б.у.с.
Эми наркы өйүз боюнча: Улутмандыкты эскинин калдыгы, прогрессти артка тартуучусу катары эсептөө - туура эмес. Бул боюнча мага япондордун философиясы жагат. Прогресс да ошолордо, улутмандык да ошолордо. Техникалык, технологиялык прогресс боюнча - дүйнөдө биринчи. Ошол эле учурда, улуттук каада-салтын, оюндарын, философиясын, динин (синтоизм) ж.б. эмигече сактап келатышат. Керек болсо, башка өлкөлөр да алардын спорттук оюндарын (дзю-до, каратэ ж.б.), тамактарын (суши) үйрөнүүдө. Ошондуктан, бул маселеде эки өйүздүн тең идеяларын тең ала кетүү туура го деп ойлойм.
2. "Акындар айтышында" алым-сабак айтышууну мен деле сагынып жүрөм. Акындык өнөрдү, сен айткандай, "күнгө каратып оодарып койолу". Бул сунушту ошол айылда да кайталап койсоң жакшы болмок.
Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
#5176 30 May 2013 - 15:56
Саламатсызбы!
1) Ушул создор мени орттойт да акеси, сизге туюлабы? ( кайра не журосун....дегн форумдагы айтылган кептер!! )
2) Бул жашоодо уяалбай эле койсо болгудай..... чынында бул вирт жашоо менен.....реальдын айырмасы барбы?
3) Минтип кирип алсан....жузу жок дешип....аяабай еле оон учуратат....сизге билинеби...?(екинчи ник емес....ушул оз нигин менен кирсен да....жузу жок дешсе керек арасында.)
4) Кеткен форумчулар тууралуу....тема ачканынызга. ....емне себеп болду?
5) Мындай ойлосонор керек....жиндилери кетти акылдуулары калды деп?(сыйлоо дегенди.....тушундуруп беринчи...)
рахмат...
накта жузун жок екен деп...ойлоп да калышкандыр. ....мени копчулук..... ................

Аманчылык. Нигиң өзгөчө го.
1. Кептерге, ушак айыңдарга көп эле көңүл бура бербе. Эми, турмушта ар бир адам чечимди өзү кабыл алат да. Экөөбүз өлкөбүздү басып келген душмандарга сатылып кетип, чыккынчы болгон жокпуз. Пикир келишпөө форум менен болгон жок. Болсо, администрация менен болду. Эң негизгиси, форум - бул виртуалдуу дүйнө. Анда эч күнөө жок Ошондуктан, өзүңү көп азапка салба. Баарына убакыт тараза.
2. Албетте бар. Виртуалдуу жашоодо виртуалдуу адамдар менен мамиле кыласын, реалда айтыла турган ой-пикирлериңи, позицияңы, ыр, аңгеме ж.б. бул жерде жазып, алдын ала текшерип аласын. Бирде таарынасын, биде талашасын, бирде жарашасын. Ошонусу менен кызык да!
3. "Жузу жок" дешпесин десең, бешинчи, алтынчы ниги жок эле, өз нигиң менен эле кире бер мындан ары. Айтышсын, жазышсын - оку, тыянак чыгар. Иши кылып, кандай гана болбосун зыяны тийбейт форумчулардын пикирлери, .
4. Тема ачкан себебим - өз позициямы билдирүү, майда-чүйдөдөн өйдөрөөк болууга жана кайра келүүгө чакыруу болду.
5. Менин оозуман ушу кезге чейин, алхамду лилла, "жинди" деген сөз чыга элек. Айтпайм дагы. Анткени, менде андай укук жок. Мен ар бир адамдын пикирин көңүл коюп угам, сыйлайм. Акыл-эси бар адам эч качан бирөөнү кагып-силкип, кемсинтпейт деп ойлойм.А сурооң боюнча айтсам, кеткиси келгени - кетти, келбегени - калды.
Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
#5177 30 May 2013 - 16:11
Жоопторунузга рахмат . Бир тамгадан ката кетип калган экемин аны да какшык аралаштыра жооп бериптирсиз
Дагы бир собол .
1 . Ноокаттын жолун качан ондойсунар ?
Сага да рахмат, жакшы суроолор үчүн.
1. Албетте, ар бир үй-бүлөдө эмес. Бирок, мурдагыга караганда көп эле.
2. Ишеним артып, ушундай суроону мага бергениңе сыймыктанам албетте. Бирок, мен жол боюнча адис эмесмин, иштеген жерим да таптакыр башка чөйрө. Бирок, суперчилер партиясы түзүлүп, шайлоого катышып, колдон келип кала турган шарт түзүлсө - биринчи эле Ноокаттын жолун оңдойбуз ээ, чогуу
Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
#5178 30 May 2013 - 17:36
Жапандар демекчи, баягыда КТРдин бир берүүсүнөн бир аксакал (илимпоз бейм) жапондорду мисал кылып (табигый кырсыктардан кийинки иш-аракеттерин айтып жатат),ошолорго салыштырып кыргызды улут болуп уюй элек деп кеп кыстара өттү эле. Оюңузча улут деген эмне,улут болуш үчүн кандай талаптарга жооп берүүсү керек?
#5179 31 May 2013 - 14:48
Саламатсызбы,
Жээнбек ага?Адаттагыдай эле орду менен суйлоп,берилген суроолорду канаттандыраарлык жооптоп жаткан экенсиз.Окуп чыгып,жоопторунузга ыраазы болдум.Баш багып калдым,мен дагы бир аз суроо узата чыгайын:
1.Кыргызстанда билим беруу денгээлин жана сапатын жогорулатуу максатында кандай иш-чаралар аткарылууга тийиш деп ойлойсуз?
2.А.Акаевдин тушунда Кыргызстанды экинчи Швейцарияга айлантуу идеясы жакшы эле которулуп,биздей тоолуу олконун тажырыйбасы терен изилденип,бирок иштин башы башталган боюнча аягына чыкпай калбадыбы.Буйруктан болуп,Жогорку Кенешке депутат болуп калсаныз, эн сонун ошол идеяны улантууну колго алаар белениз?
3.Биздин кашан окмот,кайдыгер министрлерибиз качандыр бир куну жанданат деп умут кыласак болобу?
4.Борборду Ошко кочуруу демилгесине коз карашыныз?
5.Эмгек миграциясынын кучошу Кыргызстан учун пайдабы,же зыянбы?
6.Саясаттан сырт дагы бир-эки суроо:Сизди мен коп суйлобогон, коп кулбогон,оор басырыктуу адам деп элестетем.Мен учун мунозунуз табышмак.Табышмактын жандырмагын билсек болобу?
7.Чындыкты убагында айтпасан,жата берип ууга айланат,чындыкты бетке айта алган сапатыныз барбы?
8."Бийкечтин керемети - мучосундо,болбосо - жузундо,а болбосо - суйлогонундо, кулгонундо" дешет эмеспи.Жубайыныздын эмнесин жактырдыныз эле,жылуу созунбу,же сулуу козунбу?
Жоопторунуз учун ыраазычылыгымды алдын ала билдире кетейин.Жакшылык ар дайым сизге жар болсун!

Адамга адам кымбат болуш керек....
#5180 31 May 2013 - 20:22
Саламатсызбы Jeka байке!
1. Тебелендиде олбой осуп аткан гул менен, тоодогу киши буту жетпеген жерде осуп аткан гулдун айырмачылыктарын айтынызчы?
2. Жашыныз канчада?(жакшылап эле карадым артты бирок козум тушподу суроо-жоопко)
3. Кыргызстанда кучтуу реформа жургузулушу керек баарыбыз билгендей, оюнузча бутундой келечекти жакшы жакка озгорто алган реформаны жапжаш эле, саясаттан кабары жок адам жургузо алабы?
4. Туболук карангылыкта калып кетуудон коркосузбу?
5. "Карусель 90-х" же болбосо мамлекеттик ишканалардын кыска убакта банкрот болуп жеке ишкерлерге отуусундо колдонулган кичиинекей куулукту билесизби?(билишинизге кумонум жок, бир аз сыртка калкыта отсонуз...)
Сизге ийгилик!

Судьба не приговор, судьба творение...

Супер-Инфо
super.kg
видео