Бул пикирге көз карашыңар кандай?
- (2 )
-
- 1
- 2
Чыныгы жаңы кыргыз ушундай болуш керекпи? Коомдук желеден алынды
#3 29 May 2013 - 22:54
Оббо атаны кокуй ай я. Жон эле ат устундо эле журсо олобу дейм да. Кыйратам дептир го чиркин. Гим жазган озу муну?
#4 29 May 2013 - 22:58
Сүрөттөгү текстти текст түрүндө эле жазып берип койгулачы,ачылбай жатат. Кызыктуу нерсе окшойт?
#5 29 May 2013 - 23:23
Жаны кыргыздын кылгандары менин да колуман келет...Кавказ бийин тытам,айылдыктардан эч жерим кем эмес!алар кылгандын баарын кылалам...мал багуу,дыйканчылык.
ж.б...и анан шаардыктар жасаган нерсени козумду жумуп да жасап койом...ошонун баарын кылсан эле "жаны кыргыз" болуп чыга калсан укмушго э... Бул да бир зерикбеген,
озун ай сезген бир баатырдын жазганыда...
ушуга да башымды орутайынбы эми...
Мужчины,
никогда не
сражайтесь с женщинами.
И победа, и поражение будут
для вас позором.
сражайтесь с женщинами.
И победа, и поражение будут
для вас позором.
#6 29 May 2013 - 23:42
Бул билдирүүнү жазган жигит, жалкоолуктан кутулуп анан Жаңы Кыргыздын имиджин жамынып келсе анан карап көрөрмүн. Азырынча эч кандай жаңылык таба албадым ...
Баркымды билгендердин эсиндемин...
#7 29 May 2013 - 23:46
Сүрөт ачылбай жатат дегендер үчүн:
Жаңы кыргыз
Мен - жаңы кыргызмын. Мен Кыргыз ССРинде эмес, Кыргыз Республикасында туулгам, бирок ошон үчүн эле жаңы кыргыз эмесмин. Мен - жаңы технологияларды колдонгон, ошол эле учурда кой сойгон кыргызмын. Мен - англис, орус тилдерин билген, бирок, өз жергемде кыргызча сүйлөп-жазган кыргызмын.
Шаардын (эми биз шаар дегенде борборду айтат эмеспизби) тарбиясын алган жаштардын сүрөттөлүшү: аппак, негизинен орусча сүйлөгөн, чет тилдерди окуп жаткан, компьютерди, интернетти мыкты өздөштүргөн, саркеч кийинген, айылдан келген теңтуштарын өзүнөн төмөн көргөн, жаркын келечегин сырттан көргөн Амирчик же Бема.
Айылдын абасын жутуп өскөн жаштын көрүнүшү: бети күйгөн, кыргызча сүйлөгөн, бирок чулдурап болсо да орусча сүйлөгөн, жаңы технологиялардан "Агентти" өздөштүргөн, шаардыктарды көлөкөдө өскөн гүл көргөн Ташмат же Гүлү.
Мен - жаңы кыргызмын. Үйдө отун жарган, чүйдө фейсбукту жайлаган жаңы кыргыздардын катарындамын. Дүйнө таанымы кеңири шаардыктан жакшы аткаруучу, күнгө какталып бүткөн айылдыктан башкаруучу чыгаарын байкап, эки коомдун тең тарбиясын алган жигитмин. Батыш кинолорун, Чыгыш музыкасын, Кавказ бийин, Жапон маданиятын сүйгөн, бирок, кыргыз дилин сатпаган жашмын. Куран окуган, Библия саптарын тааныган, Теңирди ыйык туткан, кыргыз салттарын карманган баламын. Эми жалкоолук деген дартымдан арылып алсам, чыныгы жаңы кыргыздын түсүн (имиджин) көрсөтөм )))

Өзүң бол
#10 30 May 2013 - 15:29
Чынеле жаны кыргызго
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#14 31 May 2013 - 00:47
Шилтемесин берип койсонуз жакшы болмок да...
Мужчины,
никогда не
сражайтесь с женщинами.
И победа, и поражение будут
для вас позором.
сражайтесь с женщинами.
И победа, и поражение будут
для вас позором.
#15 31 May 2013 - 02:22
#16 31 May 2013 - 13:59
Анда сиздин жазганынызга караганда,баарыбыз эле жаны кыргыз экенбиз.Сиз айткандай отун жарышты да,бийлешти да,интернетти да,тилдерди да билебиз.Чын эле жаны кыргыз окшойбуз.
СЕН УШУНЧАЛЫК ЖАКШЫ АДАМ БОЛГУН,
ЖАДА КАЛСА ДУШМАНЫҢ ДА ДУШМАН БОЛГОНУНА ӨКҮНСҮН.

#17 31 May 2013 - 14:08
Кошумча алымчасын эсепке албаганда туура эле жазган !
Бактылуу-
омур жок,бактылуу кундор гана болот!
#18 06 June 2013 - 14:57
Эн сонун!баракелде!
бирок ЖАНЫ КЫРГЫЗ эмес,замандын агымына жараша жашаган жигит.живущий в ногу со временем!
ал эми жалкоолугун болсо,ал сенин канында,затында,
генинде,башкача айтканда ЖАНЫ деген созду алып саласын да КЫРГЫЗ бойдон эле каласын!ал эми шаар деген ал 18 кылымда пайда болгон бекет.шаар статусун 19 кылымда алган.а сен экообуздун ата бабабыз ТООЛУК ЖАПАЙЫ КЫРГЫЗ!мен ошо менен сыймыктанам КЫРГЫЗ!
#19 06 June 2013 - 17:53
Татынакай эле сөз. Туура сөздү да теңибизге албай текебер болуп баратканбызбы дейм да. Кыйын болсок эчак эле жазып койбойт белек...
Эгер биз оңолсок, Кыргызстан да оңолот. Оп-оңой.
#20 06 June 2013 - 17:56
Эн сонун!баракелде!
бирок ЖАНЫ КЫРГЫЗ эмес,замандын агымына жараша жашаган жигит.живущий в ногу со временем!
ал эми жалкоолугун болсо,ал сенин канында,затында,
генинде,башкача айтканда ЖАНЫ деген созду алып саласын да КЫРГЫЗ бойдон эле каласын!ал эми шаар деген ал 18 кылымда пайда болгон бекет.шаар статусун 19 кылымда алган.а сен экообуздун ата бабабыз ТООЛУК ЖАПАЙЫ КЫРГЫЗ!мен ошо менен сыймыктанам КЫРГЫЗ!
Ушул жерден жапайы деген сөзүңүз жакпай атат да өлө
Эгер биз оңолсок, Кыргызстан да оңолот. Оп-оңой.
- (2 )
-
- 1
- 2

Супер-Инфо
super.kg
видео