Кечээ эрте менен туруп аба жетпей дем ала албай раса кыйналып атсам..тыпырчылап.
. жанымдагы байке :
дем ааал дем ал деп кыйкырдыле дем алсам озумо келе туштум.
Корсо дем алышты унутуп калыпмын.
Шумдук Апыртмалар бул дагы оюн
#102 30 May 2013 - 13:58
мен россияга кетип жатканда. Регистрациядан кеч чыгып калдым эле Самалёт уже учканы аракет калып калган экен. Аркасынан чуркап аран зорго канатына асылып алгам . Ошентип асылган бойдон сахалинге чейин бардымго чиркин
#104 30 May 2013 - 15:29
Мен Ош Москва самалётунда учуп бараткам, бир маалдале самалёт токтоп калса,анан элдер эмне болду дегиче болбойле,лётчик чыгып бензин тугонуп калыптыр азыр булутка токтоп ,газпромдон заправка кылып алайлы дедиле макул болдук баарыбыз
#105 30 May 2013 - 22:56
Мен Ош Москва самалётунда учуп бараткам, бир маалдале самалёт токтоп калса,анан элдер эмне болду дегиче болбойле,лётчик чыгып бензин тугонуп калыптыр азыр булутка токтоп ,газпромдон заправка кылып алайлы дедиле макул болдук баарыбыз 
хе хе хд) ошо карасам самалёт кулап тушпосун деп булутка илип коюпсунар самалётту
#106 07 June 2013 - 19:11
#107 20 March 2014 - 02:21
Американын Аляска деген штатты 2015 жылы Кыргызстанга берилет экен, себеби мурда кыргыздардыкы болгон АЛА АСКА деп аталган биз кой жайып ойноп журчубузда
Здоровье - дороже золота!!!
#108 20 March 2014 - 02:37
Али бирде эки коюм жок сенин малыңа кошулбадыбы деп, келген элең эсиңдеби? Азыр ошол эки коюң табылды келип алып кетсең болот.
С деньгами можешь купить часы но не время, с деньгами можешь купить кровать но не покой!
#109 20 March 2014 - 02:39
Американын Аляска деген штатты 2015 жылы Кыргызстанга берилет экен, себеби мурда кыргыздардыкы болгон АЛА АСКА деп аталган биз кой жайып ойноп журчубузда
Шшшумдугуң куур! Не дейт?!
Азыр эми невере, чөвөрө, кывыраларыңыз кой жайып калдыбы?
В каждой шутке есть доля правды...
#110 20 March 2014 - 03:15
Ошондо Кыргызстан орустарды басып алдывы?
Я друзей не выбираю. Это занятие глупое и бесполезное.
Мне гораздо интереснее выбирать овощи на рынке. Друзья – это подарки судьбы
#112 20 March 2014 - 04:16
Алыс аска деп да аталган деген имиштер бар. Кыкеңдердики эмей эле, көчүп-конуп (барбаган жери калбай
) ошол жерди да мекендеген кыргыздар болгон экен. Анан алыс аска деп аташкан дейт...
АльхамдулиЛлях!
#113 20 March 2014 - 06:10
Байыркы бабалардын изи менен
.
Биз демейде “кылым карыткан кыргыз көчү” деген сөздү көп айтабыз. Кээде билип, кээде билбей туруп колдонобуз. Бирок ошо билбей туруп сүйлөгөндө да миң тамырыбызда диркиреген байыркы кыргыз каны, жан дүйнөбүздө билинбей бугуп жаткан тарыхый интуиция ушул накыл сөздү оозубузга сала берип, генетикалык эс-тутумубуз өз жумушун жасап жаткандай туюлат. Чынында да кийинки жылдардагы илимий ачылыштар, тарых илиминде, археологияда, генетикада табылган жаңы маалыматтар кыргыз тарыхынын кыйырын биз ойлогондон да алыстан таап чыгууда. Сыягы, “Кайың барбы кыргыз балта чаппаган, кырлар барбы кыргыз сөөгү жатпаган” деген макал бекер жеринен айтылбаган окшойт...
.
Кудайга шүгүр, азыр кыргыздар дүйнөнүн бардык булуң-бурчтарында жашайт. Бүгүнкү кыргыз ойкуменасы бүтүн планетаны камтыды. А бирок тарыхый кыргыздарчы? Байыркы бабаларыбыздын изи бизди кайда гана ээрчитпейт. .. Өзбекстан менен Тажикстандагы илгертен жашаган кыргыздардын зор тобу, Кытайдагы биздин уруулаш, жамаатташ кандаштарыбыз, Бээжинден анча деле алыс эмес жердеги кыргыздар тууралуу башта эле кулакдар элек. Бабаларын изи менен жүрүп отуруп, убагында Бабур менен кошо Индияга чейин барган, Тимурдун жоокерлери менен Жакынкы Чыгышка чейин жеткен бабаларыбызды тапканбыз. Маселен, мен өзүм да убагында бир катар изилдөөлөр жүргүзүп, орто кылымдагы кыргыздардын сүрөтү тартылган араб жан фарси миниатюраларын, документтешкен маалыматтарды басма бетине чыгарган элем (“Кыргызская Одиссея: до и после империи” деген китепте, Бишкек, 2011).
.
Азыр эми байыркы бабаларыбыздын шоораты тээ Борбордук Америкадан, Мексика менен Гватемаладан, Белизден угулуп жаткансыйт. Майя тилиндеги “күн”, “балдыз”, “ат”, “кол”, “очок”, “кой”, ич”, “уул”, “кийик” сыяктуу ондогон эмес, жүздөгөн кыргыз сөздөрү кайдан жүрүп Латын Америкасында байырлап калган, атактуу майя элинин тилине аралашып кеткен?- деген суроого жооп издеп, бул тууралуу айрым учкай ой жүгүртүүлөрдү ортого салууга туура келип отурат. Буга эң биринчи себеп--түрк окумуштуусу Исмаил Догандын жакында жарыкка чыккан “Түрк-Майя сөздүгү” болууда. Ал сөздүктөгү жүздөгөн тектеш, уңгулаш сөздөр байыркы түрктөрдүн жашоо ареалы, таралган географиясы, миграция багыттары тууралуу башкача илимий концепция, керек болсо жаңы теория түзүүгө мажбурлап отурат.
Ырасында эле, кайдан жүрүп эски түрк сөздөрү, кыргыз сөздөрү Алтай менен Саяндан, Орхон менен Эне-Сайдан жылып отуруп Борбордук Америкага, анда азыр жашап жаткан байыркы майя элинин тилине аралашып кеткен? Булардын ортосунда кандай байланыш, кандай маданий жана тилдик окшоштуктар болушу мүмкүн? Эгер болсо, ал байланыштар качан жана кантип түзүлгөн? Кайсы доорлордо, кайсы кылымдарда? Муз доорундабы, жер каймактагандабы? Же адамдар кайыкты, жел кемени ойлоп тапкан викингдердин заманындабы?
Ушуга байланыштуу Алтайдагы “Денисов үңкүрү” деген үңкүрдөн 50 миң жыл башта жашаган кыз баланын сөөгү тууралуу илимий макалага окурмандардын көңүлүн бургум келет. Ал макала Америкалык “Science” журналына мындан үч ай башта чыгып, ошондо Макс Планк институтунун антропологдорунун бир табылгасы мени абдан таң калтырган эле. Себеби ошол Алтайда табылган байыркы кыздын чачы кара, көзү кара, өңү да кара тору экени далилденген эле. Бирок эң кызыгы, кудум ошол 50 миң жыл мурда жашаган алтайлык кыздыкындай геномдук карта же гендер Австралиянын аборигендеринин арасында, Жаңы Зеландиянын жергиликтүү элдеринин арасында, жана ошондой Филиппин аралдарындагы айрым бир калктардын арасынан да табылганы тууралуу илимий маалымат кабарлаган эле. Ошол илимий макаладан кийин суроо пайда болгон .
- 50 миң жыл башта жашаган алтайлык кыз кайда жатат да, австралиялык аборигендер менен филиппиндик калктар кайда жатат? Кайдан жүрүп алардын гендери окшош чыгып калды, кантип Алтайды жердеген байыркы адамдардын кандаштары тээ Океанияга жетти, андан ары Австралияга, Жаңы Зеландияга чейин өтүп барды?
Айтор, кыргыздардын, жалпысынан алганда мезотүрктөрдүн же прототүрктөрдүн пайда болушун изилдөөгө жем таштаган дагы бир маалымат пайда болду. Сыягы, байыркы адамдардын глобалдык миграциясы соңку палеолит доорунда, балким мезолитте башталган. Эгер мындан 10-15 миң жыл илгери Арктиканын муздары азыркы Санкт-Петербург жайгашкан жерди да каптап турганын эске алсак, ал кезде Аляска менен Ырааккы Чыгышты, башкача айтканда Азия менен Американы жакындаштырып турган Беринг кысыгы, Сахалин менен Курил аралдары муз менен кардын калың катмары алдында жатканын эске тутсак байыркы адамдардын көчүп-конушу, миграциясы таптакыр башкача шарттарда жүргөнүн байкайбыз.
Ал эми байыркы адамдар деңиз аркылуу бир континенттен экинчи континентке өткөнү, атап айтканда Америка континенти менен Океания аралдарынын ортосунда байланыш Христофер Колумбдан да алда канча мурун болгону азыр далилденген илимий гипотеза катары саналат. Атап айтканда, атактуу норвег саякатчысы Тур Хейердал 1947-жылы “Кон-Тики” деген кичинекей жыгач кайык жасап, бир канча сапарлаштары менен Перудан Таити аралдарына сүзүп келген. Кийин, 1970-жылы, ошол эле Тур Хейердал тростник менен жыгачтан жасалган “Ра” деген кайык менен түндүк Африкадагы Мароккодон чыгып, Америкадагы Барбадоско жалаң шамал жана калактын күчү менен сүзүп келген. Ошентип, Тур Хейердал Америка континенти менен Азиянын, Африканын ортосунда атам замандарда эле деңиз аркылуу да байланыштар болгонун эксперимент түрүндө далилдеген эле.
Бирок Хейердалдын бул ачылышы - байыркы доорлордогу Батыш - Чыгыш байланыштары кантип жасалганы жөнүндөгү бир гана илимий далил. Экинчи бир илимий далил, болгондо да көз алдыбыздагы далил .
- Ырааккы Чыгыштагы Беринг кысыгы аркылуу Аляскага, башкача айтканда Азия материгинен Америка материгине өтүп кеткен, ушу тапта жашап жаткан чукчалар, эвенктер, эскимостор, айнолор. Айнолордун бир тобу ушу азыр Жапониянын түндүк тараптагы аралдарында жашап жатат жана өздөрүн жапон элинин түп бабасы катары санайт.
Үчүнчү илимий гипотеза тээ муз доорунда, башкача айтканда жер каймактаганда, тилдер, лингвисттердин сөзү менен айтканда прототилдер жаңыдан пайда болуп, адамдар цивилизациянын жолуна жаңы түшкөн кездерде жашоо-турмушка ылайыктуу жер-сууларды издеп, бир жерден экинчи жерге, бир материктен экинчи материкке көчө баштаган деген илимий жоромол. Бул жоромол тууралуу атактуу англис тарыхчысы Арнольд Тойнбиден баштап Лев Гумилевго чейин, Момсенден баштап Тур Хейердалга чейин жазышты. Бул сыяктуу илимий эмгектер азыр да биринин артынан бири жазылып жатат.
Ошол эле биз сөз кылган Исмаил Доган кызыл терилүү индеецтер бир аралдан экинчи аралга өтүп, акырындап жылып отуруп, Америкага Азиядан жеткен деген божомолду да четке какпайт. Айтор, түрк тууганыбыздын китеби мурунтан эле тилчилердин, культурологдордун арасында кээ-кээде айтыла калып жүргөн болжолдордун, гипотезалардын санын ого бетер көбөйттү. Башкача айтканда, жандырмагы жок табышмактар азыр андан бетер арбыды.
Майя цивилизациясы биздин эранын Х кылымында талкалана баштап, саны 15 миллионго жеткен бул калк кара чымындай кырылган. Кээ бир окумуштуулар мунун себебин катуу оорудан, эпидемиядан көрсө, кээ бирлер бир нече жылдарга созулган катуу кургакчылыктан көрүп келишет. Эгер майя цивилизациясы түптөлгөнүнө бери болгондо 4000 жыл болгонун эске алсак, биринчи календарды ошолор түзгөнүн эске алсак, ал эми байыркы түрктөр, атап айтканда көк түрктөр менен кыргыздар болжол менен 2500-3000 жылдай башта тарыхый аренага чыкканы белгилүү болсо, өзүнөн-өзү суроо туулат: майялар бизден кеткен этноспу же биз майялардан келген элбизби? Суроо, суроо жана суроо...
Айтор, байыркы түрк калктарынын миграциясы, башкача айтканда Түрк Ойкуменасы өтө татаал жана табышмактуу суроо бойдон калууда. Бул суроолорго ынанымдуу жооп табуу оңой маселе эмес. Албетте, ар кандай илимий гипотезаларды, болжолдору курууга болот, ошон үчүн илим, ошон үчүн теория жашайт, бирок баары бир ташка тамга баскандай так жана кимди да болсо канааттандыра турган жоопторду таба коюу азырынча өтө татаал маселе экендигин моюнга алганыбыз туура.
.
Бул ачылыштын соңунан дагы кандай илимий гипотезалар жаралат - муну келечек муундар, жаңы муундун окумуштуулары ишке ашырат деп үмүт кылып туралы.

Кай жерде болбо, ар дайым, ар качан, туболукко журогумдо жашайсын.
#114 20 March 2014 - 06:12
Индейлердин теги Алтайданбы?
.
Мындан 3-4 жыл илгери болсо керек, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде «Америкалык жергиликтүү калктар» деген ат менен сүрөт көргөзмө уюштурулуп, анда индейлердин жашоо-тиричилигине, этнографиясына байланышкан сүрөттөр көрсөтүлгөн эле. Ошол учурда мени таң калтырган нерсе — бул индейлердин кийген кийими жана аларга түшүрүлгөн оюм-чийимдер, белгилер менен кыргыз элинин ортосундагы орток өзгөчөлүктөрү, окшоштугу болду. Бул өзгөчөлүктөр индейлердин мифологиясына, диний түшүнүгүнө, ишенимине, этнографиясына болгон кызыгуумду арттырды. Өз алдымча индейлер туурасында китептерди окуп, маалыматтарды топтой баштадым. Адистигим тилчи болгондон соң, эң алгач тилдик өзгөчөлүктөрүнө көңүл бурдум. Ошол учурда эле индейлердин тилине болгон иликтөөлөр абдан күч алып жаткан кез болчу. Бирок, өз алдымча, кыргыздарга тиешелүү ишенимдерин, диний түшүнүктөрүн, тилдик өзгөчөлүгүн иликтегим келди. Айрым бир сөздүктөрдү тапканым менен ал деле оңтойлуу натыйжа алып келген жок. Бир күнү архивдеги гезиттердин арасынан Отто Реригдин жана орус окумуштуусу С.Гурулевдун индейлердин тили туурасында жазылган кыскача макалаларына көзүм түшүп калды. Анда С.Гурулевдун индейлердин тили түрк тилдеринин тобуна, анын ичинен Енисей кыргыздарынын тилине окшоштугун далилдөгө аракет кылгандыгы менин кызыгуумду дагы эки эсе күчөтүп койду.
Америкадагы жергиликтүү калктын — индейлердин тили менен байыркы түрк тилдеринин өз ара байланышын, тегин, окшоштугун 16-17-кылымдарда тилчи-окумуштуулар, ориенталисттер тарабынан иликтөөгө алынган. Эң биринчи иликтөө англиялык Джон Джосселиниге таандык. Ал индейлердин тилинен түрк тилдеринин калдыгын таап чыккан. Андан сырткары, индейлердин түрк эли менен болгон жакындыгын голландиялык, италиялык, англиялык окумуштуулар Стиг Викандер, Георг Дюмезель, Джон Макинтош сыяктуу окумуштуулар иликтөөгө аракеттенишкен. Ал эми түрк элдеринен Заки Валиди, А.Каримуллин, М.Арибжанов, Артур Идельбаев, Р.Зиннуров, Ш.Нафиков, белгилүү казак окумуштууларынан Адиль Ахметов жана Ерден Кажыбек болгон.
Ал эми индейлердин тилдик өзгөчөлүгү эң биринчилерден болуп Фредерих Льюис Отто Рериг тарабынан олуттуу изилдене баштаган. Ал эки жил индейлердин арасында жашап, алардын тили, этнографиясы, жашоо-тиричилиги, диний ишеними менен жакындан таанышат. 1871-жылдары андагы изилдөөлөрүн жарыялап, жыйынтыгында: «Индейлердин тили түрк тилдерине өтө жакын, мениче, тамыры бир. Сүйлөмдүн курулушу, морфологиялык түзүлүшү айрым жер аттарынын аталышы, тотемдик белгилери да абдан окшош» — деген далилдүү пикирин билдирет.
Океандын аркы бурчунда жашаган эл менен түрк элдеринин кандай байланышы бар? Деги эле индейлер деген ким? Эмне себептен алардын тили түрк тилдерине окшош? Эмнеге эки материкте жашаган калктардын каны, ДНКсы бири-бирине туура келет? Алар кантип, кандай жол менен башка материкке барып калышкан? Бул сыяктуу көптөгөн суроолор канча жылдан, канча кылымдан тартып окумуштууларды ойлонтуп келет. Чынында эле, индейлердин антропологиялык түзүлүшү, этнографиясы, тили түрк элдерине жакын экен, анда алар кайдан дагы Америкага отурукташып калган? Бул жагдайда илимде бир топ көз караштар айтылып келет. Максатыбызга ылайык, мен алардын ынанымдуу деп эсептелинген гана пикирлерине токтоло кетсем. Көпчүлүк окумуштуулар индейлердин Сибирден Беринг кысыгы аркылуу көчүп келишкенин далилдешкен. Биздин оюбузча, ушул вариант ынанымдуу. Мисалы, окумуштуу Роб Ваухтун (Rob Wauh) айтуусу боюнча индейлердин ДНКсында алардын Алтайдан келгени тууралуу маалымат бар. Ал эми Дан Верганонун (Dan Vergano) берген маалыматында индейлер Америкага үч толкун менен мындан 15 -25 миң жылдан да ашык, биринчи толкун муз дооруна чейин Сибирден көчүп келинген.
Индейлер (индейцы) — жалпы аты Америкадагы жергиликтүү калктар. Албетте, бул жаңылыш атоону европалыктардын (Христофор Колумб ж.б. саякатчылардын) келүүсү менен берилген. Алгачкы келген испандыктар Индия жергесине тиешелүү калк деген жаңылыш пикирдин негизинде индейлер (индейцы) деген атты ыйгарышкан. Айрым индейлер үчүн дагы эле «indios» сөзүн шылдыңдоо (топ, уруу маанисинде) иретинде колдонулат, ошол себептен, жергиликтүү америкалыктар — деп аташ керек делинет. Бирок, айтылган ойго каршы Америкалык Индейлердин Кыймылы аттуу коомдун лидери, белгилүү гoлливуд aктeру («Прирoждeнныe убийцы» Oливeр Стoундун жана Мaйкл Мэнндин «Пoслeдний из мoгикaн» кинолорундагы) Рaссeл Минс төмөндөгүчө чечмелейт: «Индей сөзү – бул испан тилиндеги жаңылыш айтым. «In Dios» — «кудайдан, кудай менен» деген маанини берет. Ал эми Кoлумб өзүнүн күндөлүгүнө «la gente indio» — «кудайдан келген адамдар» деп жазган. Мени жергиликтүү Америкалыктар дегенге караганда «Кудайдан келген адамдар» — деп атаганы бир кыйла жагымдуу угулат» – дейт.
Индейлер туурасында канчалаган кинолор тартылды, илимий изилдөөлөр жүргүзүлдү, көркөм чыгармалар жазылды. Бирок, бул эл дагы да өзүнүн сырын толук ача элек, себеби, илимий иликтөөлөр жеткиликтүү жүргүзүлө элек.
Түрк тилдүү элдер менен индейлердин ортосундогу орток өзгөчөлүктөр — бул эки калк арасында көптөгөн маданий, фольклордук жана лингвистикалык окшоштуктардын бар экени дагы бир жолу далилдеп турат. Айталы, дин ишенимдеринде, мифологияларында уламыш-дастандарындагы адам менен табият ортосундагы мамиледе — бул эки улуттун окшоштуктарын оңой эле байкоого болот. Индейлердин айлана чөйрөнү, демек табиятты урматтоо деген түшүнүк тектеш түрк калктардын дүйнө таанымында дагы башкы орун ээлегенин көрө алабыз. Борбор Азия жана Сибирден Беринг кысыгы аркылуу Америкага көчкөн калктар өзү менен бирге шаманизмди, айрым маданий-тилдик, этнографиялык өзгөчөлүктөрдү дагы алып барышкандыгы илимий изилдөөлөр аркылуу такталууда. Айталы, башка түрк элдери сыяктуу эле кыргыз элинде дагы жандуу-жансыз нерселердин ар биринин өзүнүн пири болгон. Ар бир уруунун өзүнүн тотеми болгон. Индейлер дагы кыргыздар сыяктуу эле карышкырды, бүркүттү, кушту, бугуну ыйык эсептешип, табу катары атын атоого тыюу салып, анын тырмагын, терисин, канатын, тишин сакралдык буюм катары колдонушкан. Албетте, бул сыяктуу ырым-жырымдар, ишенимдер, уламыш-айтымдар, мифологиялык түшүнүктөр, шаманизм белгилерин айта берсек кеп учугу түгөнбөйт. Бул чакан макалага сыйбайт. Андыктан, айрым бир урунттуу белгилерине — жогоруда келтирилген окумуштуулардын эмгектеринде жана сөздүктөрдө көрсөтүлгөн тилдик жалпылыктарга гана токтоло кетсем. Себеби, кандай гана орток окшоштуктар болбосун ал тилдин негизинде далилденет.
Отто Реригдин изилдөөлөрүнө таяна турган болсок, индейлердин тилиндеги мыйзам-ченемдүүлүктөр туурасында төмөндөгүдөй кызыктуу далилдерди келтирет: «Бул окшоштук таң каларлыктай, мынчалык деңгээлде окшош болушун өзүм дагы күткөн эмесмин. Айталы, сүйлөмдүн курулушу, сан атооч, сын атоочтордун жасалышы, мүчөлөрдүн жалганышы өтө эле жакын. Түрк тилдеринде гана кездешүүчү сын атоочтордун жасалышына көңүл бурсак. Мисалы, «кап-кара» (капкара), «чип-чибэр» (супсулуу), «сап-сары» (сапсары), «ап-ак» (аппак) ж.б. Айрым урууларда бир аз башкача тыбыштык өзгөрүүгө дуушар болуп айтылат, бирок түбү бир.
Мындай окшоштуктарды фонетикалык өзгөчөлүктөрдөн дагы байкоого болот. Айталы, түрк тилдери сыяктуу эле индейлердин тили дагы тилдеги үндөштүк (сингармонизм) мыйзамына баш ийет. Сөздөгү тыбыштар бири-биринен бөлүнүп айтылбастан, бири экинчисине айкалышып айтылат. Анын натыйжасында сөз ичиндеги үндүү тыбыштар өзүнөн мурунку муундагы тыбыштардын табиятына жараша (көп муундуу) уңгу сөздө алгачкы муундагы, туунду сөздө (мүчөдөн мурда келген муундагы тыбыштарга карата) кийинкилери жоон же ичке, эринчил же эринсиз, жумшак же каткалаң абалга өтүп, бир кылка ыргактуулукка ээ болот. Мисалы, «ek-tе» — бул түрк тилинде «жакта» (багыты). Оң жакта, сол жакта ж.б. Эми айрым сөздөрдүн окшоштугуна көңүл бурсак, индейлерде «tan» – «tang» мааниси таңкы убакытты, маалды туюндурат. Ушул эле сөз индейлерде башка бир сөздөн – «tang» – «tangу» сөзүнөн келип чыккан. Ал «билүү», «ачык түшүнүү» маанилеринде колдонулат. Мисалы, бизде, кыргыздарда “тааныйм”, ал эми индейлерде «tannym» – билүү, аңдоо, таануу маанилерин берет. Эске салып кете турган нерсе, индейлердин тилдик мыйзамына карай турган болсок айрым тыбыштар алмашып айтылганын көрүүгө болот: «ж» — «ц», «у» — «о», «а» — «о», «и» — «е» тыбыштарына өтүп алмашкан жагдайлар арбын кездешет. Бул өзгөчөлүктөрдү жер аттарынан байкоого болот: «Boba Toak», «Бакалар», «Цилань», «Тулум», «Яшиль», «Ичмуль», «Тас», «Тапич» – «Тепич», «Качи», «Шаман-сама», «Чиген», «Сайиль», «Таш ице», «Яшин», «Яш чилан», «Цибинче», «Ак», «Кок уин» ж.б. Бул сөздөрдүн мааниси окурман үчүн түшүнүктүү болсо керек.
Айрым окумуштуулардын — Ю.В. Кнорозов, Отто Рериг, Стиг Викандер, Георг Дюмезельдин эмгектериндеги келтирген сөздөрүнөн мисал келтире кетсем:
Индейлердин Кыргыз тилинде
(мая, сиу, дакота) тилинде
Йаш Жаш
К’ун Күн
Ич Ич
Ош Үч
Куч Күч
К’улл (колун көтөрүү маанисинде) Кол
Чаб (жыгуу, уруу, чабуу) Чап, чабуу
Ч’акаан (урулган) Чапкан
Ах-чы Аңчы
Кош (канаттуунун бир түрү) Куш
Имиш яшче (жашылча-жемиш) Мөмө-жемиш
Йемеш (быша элек, көк) Жашыл жемиш
Ичин (кудук, суу) Ичүү
Яшь к’uн (жаңы күн) Жаңы күн
Аак (ак түс) Ак
Ик (эки) Эки
Бин Мен
Ими (аял көкүрөгү) Эмчек
Им Эмүү
Чалан, цалан Жылан
Ба, boa Балык
Акан Ага, аке
Аль Уул
Tur (токтоо) Тур
Tuy (чачты түйүү) Түйүү
Асаn (кыйкыруу) Айкыруу
Аак (агым) Ак, агуу
Bllim Билим
Box (жылаңач) Бош
Chem (кайык) Кайык, кеме
Kil (келүү) Кел, келүү
Ti (тиштөө) Тиш
Tas (бир нерсени ташуу) Ташуу
Baldiz (аялынын сиңдиси) Балдыз
Bi1 (билүү) Бил, билүү, белги
Boya (сүрөт, боёк) Боёо
Pulut (түтүн, чегүү) Булут
Sat (таратуу) Сатуу
Caqla Sakal
Kok Көк, асман
Misi Мышык
As Аз
Чечак Сулуу (бай-чечек, гүл-чечек)
Мындай мааниси жагынан дал келген сөздөрдү миңдеп мисал келтире берүүгө болот. Демек, бул эмне дал келүүбү, менимче, мынчалык деңгээлде дал келүү мүмкүн эмес. Анда мыйзам — ченемдүүлүкпү? Мүмкүн. Себеби, бул жерде тилдик мыйзамдардын сакталышы көрүнүп турат. Бекерден индейлердин каны, тили, Алтай жергесиндеги жашаган калктарга окшош экендигин, теги бир экендигин көпчүлүк окумуштуулар бир ооздон айтып келбесе керек. Ал эми Алтай — кыргыздардын түпкү мекени…
Илимде кандайдыр бир нерсени далилдеш үчүн аргумент — факт талап кылынат, ал эми жүйөөлүү аргументтер ошол теманы ар кыл өңүттө карап, изилдеген учурда пайда болот. Ошол себептен, индейлердин тили бардык тарабынан, ар кыл аспектиде изилдениши максатка ылайыктуу. Мүмкүн, ошондо гана индейлердин теги Алтайдан деп ишенимдүү айта аларбыз…
.
Айшат Ботобекова, 25.07.2012-ж.

#115 20 March 2014 - 09:17
"Жалганчылар клубу" темасы менен бириктирилди.
ramis1, мааниси окшош тема ачууга болбойт. Эскертүү!

Супер-Инфо
super.kg
видео