Электрошокерлер менен соода кылуу үчүн уруксат алуу керекпи же уруксат албастан туруп эле сата берсе болобу? Мисалы базарларда сатса болобу?
Электрошокерлер менен соода кылуу үчүн уруксат алуу керекпи?
#2 24 April 2013 - 19:08
Электрошокерлер менен соода кылуу үчүн уруксат алуу керекпи же уруксат албастан туруп эле сата берсе болобу? Мисалы базарларда сатса болобу?
Суроого юрист А.Сыдыкова жооп берди:
Электрошокерлерди соода кылуу үчүн уруксат алуу керек, ал эми сатып алуу үчүн жарандарга уруксат алуукереги жок.
Электрошокерлер жарандык курал болуп эсептелет. Аны сатуу боюнча эмнеге милдеттүү экенин томөнкүстатьяда көрсөтүлгөн.
“Курал жөнүндө” мыйзамы. 20-статья. Жарандык жана кызматтык куралды жана алардын патрондорун соодалоо:
Курал жана ок-дарыларды Кыргыз Республикасынын аймагында соодалоого аларды чыгаруу лицензиясынын негизинде жарандык жана кызматтык куралды жана анын патрондорун чыгарууну жүзөгө ашырган юридикалык жактар, ошондой эле жарандык жана кызматтык куралды жана анын патрондорун соодалоо лицензиясынын негизинде соода кылуучу юридикалык жактар укуктуу.
Жарандык жана кызматтык куралды жана алардын патрондорун соодалоого укуктуу юридикалык жактар:
- жарандык жана кызматтык куралды жана анын патрондорун чыгарууга жана соодалоого тиешелүү уюштуруу жана каттоо документтери, лицензиялары болууга;
- сатып жаткан жарандык жана кызматтык куралга жана анын патрондоруна сертификаты, көрсөтүлгөн куралды сактоого ички иштер органдарынын уруксаты болууга;
- аны сатып алууга уруксат талап кылынбаган куралды кошпогондо, куралдын ошол түрүн сатып алууга уруксат көрсөтүүнү сатып алуучудан талап кылууга;
- сатылып алынган жанасатылган куралдын эсебин камсыз кылууга, ошондой эле эсептик документтерди 10жыл бою сактоого;
- сатылган жарандык жана кызматтык курал жана анын патрондору, алардын сатып алуучулары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдары тарабынан белгиленген форма боюнча маалыматтарды ай сайын ички иштер органдарына берип турууга;
- сатылган өзүн-өзү коргоонун газ тапанчаларын жана револьверлерди, атылуучу найсыз куралды, белгиберүүчү куралды, Кыргыз Республикасынын элдеринин күрмөлөрү менен кошо кийүүгө арналган канжарларды сатып алуучунун уруксат каттоого;
- куралдын сакталышын жана аны сактоодогу коопсуздугун камсыз кылууга;
- мамлекеттик ок-жез сактоочу жайга сатылуучу кызматтык жана жарандык сайлуу куралдан атылган окторду жана жездерди Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдары тарабынан каралган тартипте берүүгө милдеттүү.
Номери жана белгиси жок жарандык жана кызматтык курал, ошондой эле алардын ылайык келүү сертификаты жок патрондору сатылууга тийиш эмес.
Куралды сатып алуу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга туура келбеген юридикалык жактарга жарандык жана кызматтык куралды, ал эми алардын патрондорун көрсөтүлгөн куралды сактоого же сактоого жана алып жүрүүгө уруксатты көрсөтпөгөн юридикалык жактарга сатууга тыюу салынат.
Жарандык жана кызматтыккуралды жана анын патрондорун сатууга лицензиясы бар юридикалык жактарга, ошолэле соода залында куралды жана спорттук, аңчылык жана балык уулоочулук жабдууларды жана куралдын корлук бөлүктөрүн албаганда, товарлардын башка түрлөрүн чогуу сатууга тыюу салынат.
Жарандык жана кызматтык куралды жана анын патрондорун соодалоо лицензиясы жарандык жана кызматтык куралды жана анын патрондорун соодалоочу юридикалык жактарга өз филиалдарын ачууга укук бербейт.
#4 31 May 2013 - 17:43
Дордойго барсанар,жашы отуп калган бир байке сатып келет коптон бери,ойлобойм андада справка же лицензия болсо керек деп.

Супер-Инфо
super.kg
видео










