31-майдын 14.45 убактысына Ысык-Көлдө 55 адам жабыркады, алардын 13ү күч структура кызматкерлери.
Президент Атамбаев Жети-Өгүз районунун аймагына өзгөчө абал жана коменданттык саат киргизди. Комендант болуп Жусубалиев Б.Б. коюлду. Учурда тирешүү уланууда...
Жети-Өгүз районундагы абал Коменданттык саат киргизилди
#5 31 May 2013 - 16:14
#6 31 May 2013 - 16:37
Атамбаев элди жазалаш керек деп жатыптыр го муну кандай тушунобуз?
Бактылуу-
омур жок,бактылуу кундор гана болот!
#7 31 May 2013 - 16:57
Чрезвычайное положение подкрепляют техникой
Как сообщили «Вести.kg» очевидцы, по трассе к Иссык-Кулю направилась военная колонна, состоящая из, предположительно, четырех БТРов и восьми грузовиков с военными.
Напомним, сегодня президент Атамбаев ввел ЧП в Джети-Огузском районе Иссы-Кульской области.
«Осадное» положение, если не случится ничего страшного, продлится до 10 июня. (vesti.kg)

#8 31 May 2013 - 17:01
Атамбаев элди жазалаш керек деп жатыптыр го муну кандай тушунобуз?
Элди эмес. Чатак чыгарып, мыйзам бузган адамдарды
Эгер биз оңолсок, Кыргызстан да оңолот. Оп-оңой.
#9 31 May 2013 - 18:00
Мунун артында "учунчу кучтoр"турат го дейм,элди бoлуп-жарып бийликке тукуруп,КУМТOРду шылтоо кылып,эмнеси болсо да КЫРГЫЗСТАНга ТЫНЧТЫК керек,дагы бир революциянын кереги жок,каалабайм дагы кoлдук туугандарды сабырдуулукка чакырам айтаарым, эч кандай провакацияларга алдырбай ак-караны айырмалай билип токтоо болунуздарды oтунoм жана ынтымакка ундooр элем!
#10 31 May 2013 - 19:56
"Алладан кечирим сурагыла, аныгында Ал-кечирим Ээси!"
#11 31 May 2013 - 20:03
Жети-Өгүз районунда митингчилер «Кумтөр» ишканасынын электр энергиясын өчүрүп, станцияны кайтарууга активист балдарды дайындап, калганы үйлөрүнө тарашты. Бул тууралуу уюштуруучулардын бири Эрмек Жунушбаев билдирди
"Алладан кечирим сурагыла, аныгында Ал-кечирим Ээси!"
#12 31 May 2013 - 20:05
Р.Отунбаева билдиргендей,
мындай кырдаалда президент чечкиндүү кадамдарга барышы керек, кырдаалды колго алышы керек. «Эл аны толугу менен колдойт. Алоолонуп жаткан районго өзгөчө кырдаалды киргизүү зарыл эле, бирок аны камсыз кылыш керек. Ысыкөлдүктөр өздөрү биригиши керек, кырдаалды колго алууга аракет кылышы керек. Өзгөчө кырдаал учурунда президент тез аранын ичинде облустук, райондук деңгээлде кадрдык алмашууларды жүргүзүп, кадыр-барктуу адамдарды дайындаш керек. Ар бир аким бир гана өз районун так башкарбастан,
стабилдүүлүктү камсыз кылышы керек. Ал ушул кызматка ылайыктуу же ылайыктуу эместиги үчүн - бул чыныгы экзамен болот», - деди ал.
"Алладан кечирим сурагыла, аныгында Ал-кечирим Ээси!"
#13 31 May 2013 - 20:11
Кыргыздардын чет өлкөдөгү диаспоралары көлдүктөрдү мыйзам чегинде иш кылууга чакырышууда,
алардын айтымында мындай баш аламандыктар кыргыз экономикасына өтө терс таасирин тийгизип көптөгөн инвестициялардын чыгып кетишине жана экономиканын кулашына алып келет. Ошондой эле көлдө эс алуу сезону башталарын эске алсак миңдеген адамдар , туристтер келбегени себептүү, быйыл кур жалак калышы ыктымаал
"Алладан кечирим сурагыла, аныгында Ал-кечирим Ээси!"
#14 31 May 2013 - 20:16
Жамансариевдин айтымы боюнча Жети Өгүздө митингди уюштурууга жана активдүү катышкан адамдарга мамлекет тарабынан куугунтуктоо болбошу керек деген маселе, мурун коюлуп келген 14 маселени артка калтырып, биринчи оорунга чыгууда.
"Алладан кечирим сурагыла, аныгында Ал-кечирим Ээси!"
#15 31 May 2013 - 20:27
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы болуп жаткан баш аламандыктар алып келген зыяндын жалпы чыгымы 1 млн 400 миң сомду түздү. Бул тууралуу бүгүн, 31-майда вице-премьер-
министр Тайырбек Сарпашев КСДП фракциясынын жыйынында билдирди. Бул тууралу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлайт.
Анын айтымында, митингге чыккандардын мыйзамсыз иш-аракеттеринен улам өндүрүш 2 жумага токтоп калса, анда зыян 70 млн долларды түзмөк.
Ошондой эле ал белгилегендей, Ысык-Көлдөгү акыркы окуялар быйылкы боло турган туристтик сезонду үзгүлтүккө учуратты.
Анын маалыматы боюнча, Ысык-Көлгө эс алууга орундарды брондоп койгон орусиялык туристтердин 70%ы мурда кылган заказдарынан баш тартышууда.
Анын айтымында, митингге чыккандардын мыйзамсыз иш-аракеттеринен улам өндүрүш 2 жумага токтоп калса, анда зыян 70 млн долларды түзмөк.
Ошондой эле ал белгилегендей, Ысык-Көлдөгү акыркы окуялар быйылкы боло турган туристтик сезонду үзгүлтүккө учуратты.
Анын маалыматы боюнча, Ысык-Көлгө эс алууга орундарды брондоп койгон орусиялык туристтердин 70%ы мурда кылган заказдарынан баш тартышууда.
"Алладан кечирим сурагыла, аныгында Ал-кечирим Ээси!"
#17 31 May 2013 - 21:13
карапайым элим аман болсун!!
!!ал эми креслодо отурган жегичтер олуп кетсин бирин гошун бири жесин!
#18 31 May 2013 - 21:16
Байкуш Кыргызстандын келечеги кандай болот болду экен?
Здесь зверски было убито время
!!!
#20 31 May 2013 - 21:25
Саат 21.00 дон баштап комменданттык саат башталды
"Алладан кечирим сурагыла, аныгында Ал-кечирим Ээси!"

Супер-Инфо
super.kg
видео