Суперстан: Кулкулуу апыртмалар (сынак учун) - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Суперстан
  • > Суперстандын архиви
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (2 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

Кулкулуу апыртмалар (сынак учун)

#21 Пользователь офлайн   BORN.kg   30 Май 2013 - 23:52

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 655
  • Катталган: 10 Февраль 13
  • Соңку аракети: 04 Май 2016 11:59
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кадамжай

"Эркин журналист Борн"

Эсенсиздерби эн кымбаттуу телетындоочулар жана радиокорормандар. Жакында биз суперстан мамлекетине барып, ал жердеги элдин коноктордун, жарандардын жада калса туйулдуктордун койгойлорун угуп, турмушу менен жеринен таанышып келгенбиз. Журналисттик топтун курамын мен, калемсабым, дептерим жана микрафонум тузгон. Ошол жактан жыйнаган материалдар боюнча элдин унун бийлике жеткируу максатында, бугун студиябызга суперстан окмот мучолорун, такайга минерлерин, талтайгандарын, жалпайгандарын жана картайгандарын чакырганбыз. Саламатсыздарбы коноктор! Куш келипсиздер биздин студияга!
Биринчи суроону Агат айым сизге берейин:
-Кыргызстан менен Суперстандын окшоштуктары барбы?
-ыы, окшоштуктары Крны Отунбаева, Срны мен башкардым. Ыыы, экообуз тен аялбыз. Мен да, ал да ойлоп атабыз ыыы, буйруса баары жакшы болот деп.
-Мондур айым айтсаныз, суперстанда таланттуулар таймашы журуп жатыптыр. Ошол жакты сиз козомолдойт экенсиз, таймаш тууралуу айтсаныз?
-сынак ойдогудай, талашкандар талашып, жарашкандар жарашып, чачташкандар чачташып жатат, алардын баарына ийгилик! Жениш жарышкандыкы эмес-калыстардыкы!
- Спартак, откондо чымындарыныз жоголуп мелийсага кайрылыпсыз, барбы чымындар?
-ой ооба. Ууру-кески кобойгон заман болду, мал, алтын жоголчу эле азыр чымын уурдаган заман болуптур. Чымындарды коншулаш олкого откоруп баратышкан жеринен чегарачылар кармап беришкен. Арыктап абалдары оор, азыр таптап жатам.
- Елиза90 айым сиз супердин саясатынан айтыныз?
- Россияда Жириновский, Кыргызстанда Мотуев, суперстанда мен! Мени супердин бийлиги эч качан коркута албайт!
- Админсупер, олкодо болуп жаткан митингтердин бийлике тийгизген таасири кандай? Мончодо жаткан депутаттар Хисторик, Делиос, Jinдердин отуруу мооноту аяктап чыгышса, элди кайрадан которуп чыгуу коркунучу жокпу? Хисторик экс аким да, тажрыйбасы бар. Ал чыгар замат бийликтин бир бутагын колго алат дешуудо?
-алардын тагдырын мен билбейм... Депутаттар чечет, сот кесет. Митингтердин болушу олкодо демократиянын бар экени.
- Кайтпас мырза сизди акындар партиясынан болунуп, озунчо озгочо партия ачаарынызды кулагым чалды эле.
- ооба. Коро албастардын, "обончулардын" айынан ушундай кадамга барууга туура келди, анын устуно партияга лидерлик кылууга да бут тосуулар болууда.
-рахмат сиздерге коноктор!
Урматтуу жыргармандар бизге болунгон убакыттын кыскалыгынан маегибиздин калган болугун кийинкисинде тартуулайбыз. Эфирден эзилишкенче Ырсайып турунуздар.

Билдирүүнү түзөткөн: BORN.kg: 30 Май 2013 - 23:57

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#22 Жолоочу_Kosmopolitka_* 01 Июнь 2013 - 16:18

  • Тайпасы: Жолоочу
  • Соңку аракети:

"Кумурска менен Ташбаканын махабаты...))"


Илгери откон заманда,
Болуптур сулуу ташбака.
Дене боюн туздонуп,
Жоноптур гулдуу бакчага.
Сыланып жалтырак таз башын,
Кумурска кутот бакчада.
Ары-бери бир басат,
Кучагында ромашка.
Бир убакта ташбака,
Келе жатты созула.
Ага карап суктанып,
Эстен танды кумурска.
Ташбака сулуу чочулап,
Жигитин коздой чуркады.
Жузуно карап тукуруп,
Таз башын сылап жылмайды.
Акырын гана коз ачкан,
Кумурска ага соз айтты.
Ташбакам менин ак моорсун,
Эсимден алган колокомсун.
Айтам го дайым бир сага,
Кумурскалардан озгочосун.
Ташбакаларды тоготпой,
Бир гана мени опконсун.
Коломун сонун тоголок,
Карабай суйом чоголоп.
Бирге тутун булатсак,
Балабыз болот мага окшош.
Бул ромашка бир сага,
Арналат жаным ташбака.
Суйуубуз гулдой бир жайнап,
Туболук журсок жадырап.
Деп ошентип кумурска,
Суйуусун айтып жалынат.
Ташбака козун кылгырта,
Жылмаят ага наздана.
Мына ошентип эки жаш,
Уйлонуп бирге коп жашайт.))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#23 Пользователь офлайн   aijan   01 Июнь 2013 - 23:49

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 10 994
  • Катталган: 18 Май 07
  • Соңку аракети: 29 Мар 2021 22:03
  • Жынысы:Аялзаты

Эриктим. Аябай эриктим. Отуруп, отуруп, бекерчиликтен озумду мээмден баштап, бут соокторумдон бери арчып, тазалап, майлап коюуну чечтим. Алгач бат эле бутом деп ойлогом, корсо, адашыптырмын. Жумуш мен ойлогондон кыйла коп экен. Мээ четинен чан басып, жедеп бозоруп, ону очуп, механизмдеринин арасына жоргомуштун калын желеси тоскоол болуп, айрым маанилуу жана маанисиз сактоолор билимсиз четинен очуп жатыптыр. Эмне очуп жатыптыр дедим, ыя? Очуп жатыптырбы? Башымды Хищниктин таягы менен кашыдым. Аа, ооба, билдируулор очуп жатыптыр. Очпогонун таракандар дурус эле кемиришиптир. Таракандарым ынак достор Дауд таксыр, Деби айым, Кубанычбеккаган мырзалардыкынан кем эмес- эттуу, майлуу, териси баалуу, калтар балыктыкындай. Канаттууларымды олтуройун десем, алардан откон уникумдар жок. Олтурбосом, мээси жок бирдемеге айланганы турам. Же... аял кишиге мээнин кереги барбы деги? Ээ, баш мээм болбосо, жулун мээм бар да. Жетет ошо. Таак... Журок. Как журок. Эриндим. Ыргытып жиберсемби? Кереги деле жок, ардемеден бирдемеге тызылдап- жызылдап, кишини уктатпайт. Же жаштарга белекке берип ийсемби? Мисалы, Айдын деген олуттуу форумчу мырзабызга жумшак журок керектей. Же Мондур сулууга берсемби? Озунуку "Журок сыры" болумун тазалайм деп, бырчаланып бутту окшойт. Же Жиза медикке трепанацияга откоруп ийсемби? Журогу жок "таза" стерва болсомбу? Кыскасы, кимге журок керек болсо, купуяма эле жазгыла. Мобу Кыркказыкпы же жон эле Ринатпы, же Талластын озуно элеби, биротоло мобу опколорду тартуу кылсамбы деген да оюм бар. Оюн кулкучулордун башы Лунка, сыймыгы Жанулька, мэри Такеша, эли жаш сулуулар Армин, Кок Жар, Кокжар92, Алима жана боз уландарга менин эч нерсем деле жарабай калат окшойбу. Себеби, тетиктерим эски, дат баскан, кыскасы чак эмес. Бырыш тушо баштаган жузум жана бир сынык эмес, бир сынып онолгон бутум жана жонокой колдорум калган ички органдарым, менде жашаган микроб, вирустар менен кошо озумо эле калсынчы. Жашагым келип кетти...

Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#24 Пользователь офлайн   ROUSE   02 Июнь 2013 - 12:01

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 167
  • Катталган: 19 Февраль 13
  • Соңку аракети: 29 Апр 2024 02:40
  • Жынысы:Аялзаты

Агентте жалдырап отуруп, отко койгон тамагымды унутуп калыптырмын. Шашып чыгара салдым да капкагын ачсам эчак куйуп кетиптир, жыты да бир укмуш. Каап дагы ач калат экенмин. Устундо анча мынча куйбогонун калпып алдым да калганын отко ыргыттым. Казан тазалаганга жарабай калыптыр, тазалаганча мыкты тишин менен суурган онойдой. Деги эле ууру казан, кечки жасалган тамак эртен менен жок болуп кетет. Ушу менин куручум таакыр окшошбойт да. Жее бышпай калат, жее куйуп кетет, учунчусу эч качан болбойт. Байкуш ашказаным! Курулдап тынчымды алып кафеге суйрой баштады. Саксайып чыкмак белем, коргон кишини коркутчудай болуп, куто тур биртике боенуп алайын. Сумкам дагы жок, айй ушул буюмдар буту менен чыга баштаганы эч нерсени ордунан таппайм, бири бирине айылчылаганын токтотпой коюшту. Боекторумду чан баскан керебеттин астынан таап чыктым, чанын кошо сурто чыктым, чан соргуч отпуск алып кеткен. Чан, кирлер шашпагыла, агенттен колум бошосунчу...
- Таак кузгу кана айтып жиберчи ким сулуу?
- Кошунан Айнакан, Батмакан, Бакан... дагы улантайынбы?
- Мен сенден узун тизмек кошунанын аттарын сурадымбы??? Кытайлардын сапатсыз ширпотреби, Кытай эмеес Пекин деп жанын жеп сатты эле. Пекин Кытайда да? Же экоо эки башкабы ыя туугандар?
Ой-ооой бул ким? коркунучтуу, буттары кыйшык, курсагы Сатурндун шакегиндей? ?? Ыя ммменбиии??? Кой кузгум тамашанды, сен баарынан сулуусун. Мен мындай болгум келбейт, кардым да ачты тезирээк реставрациялап, шпатлевкалап жонотуп жиберчи. Экинчи агентке кирбейм деп соз берем.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#25 Пользователь офлайн   sonka89.   02 Июнь 2013 - 20:37

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 972
  • Катталган: 27 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 27 Авг 2019 02:50
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Марс

Бишкеке келип самолёттон тушуп шаарга жол тартайын деп такси кармайын десем бир да машина жок.Не болгон деп ошол жердегилерден сурасам,машина мододан калган дейт... Атан гору беш жылдан бери бир машина алып алайын деп чет жерде эшектей иштеп журсо,модадан калганы неси.
Элдер чымын чиркейлерди минип учуп журушот,кызык мурун бир чымын корсон куубалап журуп жалпайта чаап жалпак чочо кылып койчумун,азыр бир бош жургон чымын таппайсын баарынын ээси бар.Ары бери жугуруп,тааныштар аркылуу бир чиркей таап,шаарга аран жеттим.Шаарга келсем тынчымды алып Атамбаев келиптир.
-Айнанайын кел, сени кутуп жатканбыз бизге сендей саясатчылар керек дейт.
Кечиресиз Алмаз Шаршенивич менин такыр мумкунчулугум жок,деп аран кондурдум.
Анан эле Ошко жонойун деп сазданып жатсам,тиги Гулжигит келиптир...Турмуш куруп албайлыбы дейт.Айнанайын азыркы жаштарда уят калбады баш кошойлуу дегени кантет.Кореяда озуно ылайык кыз таппадынбы? десем мен Кыргызмын мен Калыковмун дейт.Мейли капа этпе тагдыр экен деп алдап жонотуп ийдим.100000$ га жаны багылган чымынды алып,озумчо кычырап Ошко жонодум.
Аягы.


Баса чычканда ак булуттун устундо чай ичип олтурсам,Мондур айым отуп баратат.
Жол болсун кандай тагдырлар менен десем.
-Ушу жумуштар менен деп коюп.Жирафтын башын Супер инфонун кенсеси жака буруп,минге коюп кетти.

Билдирүүнү түзөткөн: sonka89.: 02 Июнь 2013 - 20:41

Я тебя не нравлюсь,ЗАСТРЕЛИСЬ я не исправлюсь! !!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#26 Пользователь офлайн   ROUSE   03 Июнь 2013 - 01:00

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 167
  • Катталган: 19 Февраль 13
  • Соңку аракети: 29 Апр 2024 02:40
  • Жынысы:Аялзаты

Ысык-Колго тушом деп ээлирип барган жаным цунамиге кабылып, ээми Тынч океанында сузуп баратам. Астымда кайык, учу кыйры корунбогон океан, устумдо кок асман, ысыгы мээни кайнаткан кун. Бироо эмес эки кун чыгып алган. Анда санда "ыссык пирожки, муздак лимонад" деп кыйкырып сатуучулар пайда боло калат. Каяктагы пирожки? Бешбармак алып кел, бешбармаак! !!
Ушу сууну акыры жендим окшойт, ойгонсом Сулайман тоону бир сузуп кайыгым талкаланып, озум жээкте жатыптырмын. Андан аркы жолду жоо уланттым. Тамаксыз жашай берген омурткалуулардын тобуна кирбегендиктен ар кимден иш сурап жан багууга оттум. Kобунчо помидор, картошка отогонго салышат. Экоону тен супермаркеттин полкаларынан эле коруп жургон жаным отоосу менен картошкасын да жулуп тоодой кылып уйуп салдым эле, башыман эмес башка жеримен катуу сылашты курок менен. Эми эч ким жумуш бергис болду. Берсе да казмай, кой эчкинин астын тазаламай. Болгон жиним менен иштеп баштаганда кык, топурак асманда уюлгууп учуп турат, айласы кеткенде "токтооот" деген ачуу кыйкырыктан бут айылдын кулагы тунат. Ээх качаан жетем Ак-Оргоо деген айылга? Чан кочо кочосу деген онгул донгул жолу бар, куугумдо жол журсон чункурларына унаанын тетиги эле эмес унаанын озу жоголгон жолдун боюндагы чон энемден калган торт эшиги, бир терезеси бар уйумо?!

Билдирүүнү түзөткөн: ROUSE: 03 Июнь 2013 - 01:04

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#27 Пользователь офлайн   elif   03 Июнь 2013 - 17:36

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 021
  • Катталган: 01 Ноябрь 09
  • Соңку аракети: 21 Янв 2019 03:26
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Туркия

Бир куну БУУдaн агенттер келишиптир. 'Биз лaборaториядa суйлой aлгaн 'супепер' кучтуу сулук курт жaрaттык,aны aдaмдaрдын колтугунa коюп,aлaрдын жaсaгaн иштерин текшериш учун колдонобуз, бул бирок только жaнa только чондорго коюлaт.Бул бир гaнa оздорун(!) эле эмес,aтaлгaн олконун чондорунун дa жaсaгaн иштерин коргозот ' дешиптир.Ошонтип БУУнун aдaмдaры орустaрдын,кaзaктaрдын, озбектердин жaнa кыргыздaрдын президенттерин тaндaп aлышыптыр.' Супепер' сулук курттaрды aлaрдын колтугундa коюп,40 кун боюнчa тийишбептир. 40-куну Медведевдин колтугунaн 'супепер' сулук куртту aлып кaрaшсa бир колундa кaлем,бир колундa СССРдин кaртaсы бaр экен.'Бул эмне?' деп сурaшсa мындaй дептир:'Биз дaгы эле эски оорубузду унутa aлбaй Орто Aзиягa жетекчилик кылып,сонун сонун жерлерин aлгыбыз келип aтыры,кaлем менен ошол жерлерди белгилеп aттым эле' дептир.
Нaзaрбaевдин колтугунaн 'супепер' сулук куртту aлып кaрaсa бир эле колундa микрофон бaр экен.'Бул эмне?' сурaшсa томондогучо жооп бериптир 'супепер' сулук курт:Биздин эч нерсеге ыктыяжыбыз жок, шугур,жон гaнa микрофон менен элибизди бaшкaрып aлaбыз дептир.Aндaн кийин озбектердин президенти Кaримовдун жaнынa келишиптир, келишсе колуну которуп колтугун корсотбойт дейт,'эмне болду' дешсе 'кaмaлып кетемби деп коркуп aтaм' деп aрaндaн колун которуптур, кaрaшсa 'супепер' сулук курт уулaнып олойун деп кaлыптыр,бир колундa гaз бомбaсы,экинчи колундa Кaлaшников aвтомaттaрдын aкыркы моделдери бaр экен.'Бул эмне учун' деп сурaптыр оозу aчылгaн БУУнун aгенттери.' Биз сaбырсыз кaлк келебиз,элдин оюн сурaп отурбaйбыз,кaaлaсaн жон отур,кaaлaбaсaн. ..деп туруп эле,ишибизди кыскa жолдон бутуруп коебуз' дептир.
Ошонтип Aтaмбaевдин жaнынa келип aнын колтугунaн 'супепер' сулук куртту aлып кaрaшыптыр.Бир колундa aрaк,бир колундa создук,оозундa тиш щеткaсы бaр экен.'Бул кaндaйчa?' деп сурaшыптыр.' Кaйгыргaндa стресстен aрaк ичип коем,aнaн бaaрыбыз кыргызчa уйронолу деп ойлоп aтaбыз,aнaн бир aз коп 'жеп' коюп оозубуз кaрaрып кетиптир,тaзaлaнып жууп aлaйлы дегеним' дептир кaмырaбaй...

Билдирүүнү түзөткөн: elif: 03 Июнь 2013 - 18:59

все что ни делается все к лучшему :(
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#28 Пользователь офлайн   Altyshok   03 Июнь 2013 - 18:11

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 748
  • Катталган: 28 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 26 Янв 2021 15:43
  • Жынысы:Эркек

Ызы -чуу, ары-бери шаштырып,артыңдан кубалаган шаардык жашоодон тажаган күндөрү паркка барып олтургучта эс алып кичине жеңилдеп келем. Ары-бери өткөн адамдарды,алардын кылык-жоругун көрүп көңүлүм көтөрүлүп оор турмушту унутуп кайтам. Өгүнү да паркка барып эс алып келдим. Жаңыдан гана олтургучка жайгашып атсам жанымдан бир карыя өтүп бараткан экен. Жапалдаш бойлуу, арыкчырай, сакалын ак аралаган,басканда эки жака аздан чайпалып турат. Антсе да, басышы отуздагы жигиттей.Карыяны карап псиологиялык портретин түзүп кирдим: “Көтөргөн жүгү – башка жерден келгендигин кабар берет. 70теги абышка болуп басышы мындай болсо демек, тоо-ташта көп басат, болжол менен Нарын тараптан. Башында тебетейи, жонунда кыргыз чапан, бутунда маазы көлөчү менен, бетинде кызылы бар. Ммм... Буттары да “айлана” болуп турат экен. Бул атты көп мингендин белгиси. Ааа... Нукура кыргыз жергесинен келген экен да. Демек,туура, Наарындан. Ийинине куржун илип алган. Ммм... чын эле нарындык экен. Анткени куржундан койдун саны чыгып турат. Оой ата, нарындыктын дал өзү турбайбы. Жээгине кыдырата оймо түшүрүлгөн чепкенинин далысында кызыл түс менен “I СүрөтNaryn ” деп турат ко...”


Баягы карыя олтургучта кучакташып отурган эки жашты көрүп, сүйлөнүп кирди. “Э, окшошкондор! Азыркылар такыр кишини көзгө илбейт. Илгери биз чогуу баскандан уялчу элек. Азыр болсо... – Ай, айланайындар, уялсаңар боло. Чак түштө элдин көзүнчө кучакташыып отурасыңар. Уят деген болушкерек да. Жок дегенде артыңардагы кыздарды кучактасаңар боло. Эки кочкор кучакташат деген эмне?. ” өзүнчө сүйлөнүп алып жолун улады.Мен жыгылып калдым.


Оң жагымда жаш жигитке сүйгөн кызы эркелеп сүйлөп жатат.


- Ырдап берчи.
- Кайсыны ырдап берейин.
- Мындай жакшыы, көңүлдү көтөрө тургаан ырдан.
- “Анда, “Күлүп кой” деген ыр. Мен муну жайлоодо жүргөндө көп ырдачумун. Мммм-мм.

Күлүпкой.
Күлүп коо-о-ой. Күлүп кочкор. Күлүп кочко-о-ор. Жайлоодо койлор анекдот айтышып эле отурушат да “

Маңдайымда беш-алты бала “Тамашоуга” даярданып жатышкан окшойт. Өздөрү айтып алып эле өздөрү жыргап атышат. Миниатюра окшойт сыңары:


Сүннөт тойдо болгон окуя.

Баягы беш-алты баланы чогултуп алып чоңураагы сүйлөп жатат: - Эй мен качанкыга чейин бала сүннөттөп жүрө берем. Силер деле жаш эмессиңер. Карап үйрөнүп алгыла, акыркы жолу көрсөтөм. Акырыын учуна бычак тийгизип канатып коесуңар. Мына болду эми.Көрдүңөрбү? – Көрдүк! –Үйрөндүңөрбү? – Үйрөндүк! – Кыла аласыңарбы? – Кыла алабыз! - Кана анда баланы алып келгиле – деп тизесиндеги шымын тартып кийип алса болобу...


Кайра жыгылып калдым.

Көп сүйлөй бербей эми апыртмага өтөлү.

Компьютерде отуруп алып, шатыратып апыртма жазып атсам клавиатуранын сыясы түгөнүп калып атпайбы. Ары берип чайка коем, эки-үч сөз жазгандан кийинэле кайра түгөнүп калат. Проводун сыгып коем. Кайра эле баягы. Акыры тажаганда жаңысын ал
ып кел дим . Ом ой . (Мына кайратүгөндү. Кытайскийди албай эле розовыйын алсам болмок) . Кайда келдим эле... А.! Анан жаңы клавиатура, жаңы илхом менен баягыны уланттым. Аңгыча болбой свет өчүп калып жаман жинге тийди. Мониторум өчүп келатат. Мен жанталашып жазып атам. Монитордун жарымы капкара болуп өчүп калган. Мен оюмдагыны жоготуп албайын деп калган жарымын карап алып жазып атам. Беш алты сүйлөм жазып, оюмду толук киргизгенде карасам монитордун үстүндө Файл, Меню дегендер бар кичинекей жер калыптыр. Файлды басып сохранить дегенге араң үлгүрдүм. Ухх. Ширеңке кайда эле...

Билдирүүнү түзөткөн: Altyshok: 03 Июнь 2013 - 18:16

Эгер биз оңолсок, Кыргызстан да оңолот. Оп-оңой.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#29 Пользователь офлайн   Spartak0001   03 Июнь 2013 - 22:50

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 407
  • Катталган: 03 Август 12
  • Соңку аракети: 07 Июн 2019 12:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Улуу Кыргыз Державасы

Балдарым, тегерете отуралы,
Баштаймын баштан өткөн окуяны:

Ал кезде чагылгандай бат болчумун,
Ал кезде мен кырчындай жаш болчумун.
Ишке да, оюнга да эч тойбогон,
Жалындуу сезимдерге мас болчумун.

Эч качан жаман айтып урушпаган,
Эрлерче мамилени дурустаган.
Эреним шер жүрөктүү динозавр,
Эң жакын досум эле кыйышпаган.

Кыйналсак таштабаган бек антыбыз,
Катылган душмандардан кек алчубуз,
Секирип жерден марска, марстан жерге,
Чер жазып ээриккенде эс алчубуз.

Мергенге чыкчу элем мамонт минип
Мекенди багуу үчүн таш доорунда.
Ааламда теңдеши жок күчтүү элем,
Чиренсем күчү жетпес алтоонун да.
Андагы балбандыгым өтсө керек,
Урпагым Каба уулу Кожомкулга.

Сүзгөнмүн кемесинде пайгамбардын,
Чырайын көрүп анын айран калдым.
Туулуп жаралганда бул жер жүзү,
Өлбөстөн тирүү бойдон калганданмын.

Ал күндөн азыр дагы элес турат,
Алдыда дагы далай белес турат.
Кезинде Ленин, Маркс, Сталиндер,
Келишчү эшигиме кеңеш сурап.

Каалгый машинемди айдап алып,
Кааласам эс алчумун айга барып.
Эл билбес электирди ойлоп таптым,
Ал айдын жарыгынан пайдаланып.

Кактанып күн нуруна куйкалаган,
Күйгүзгөн от жалынын ууртап анан,
Азыр да жаш кезимди сагынганда,
Аралап жылдыздарды чуркап алам!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#30 Пользователь офлайн   AtankulovaB   03 Июнь 2013 - 23:32

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 399
  • Катталган: 29 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 29 Июл 2013 19:29
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Мекеним Кыргызстан

Мирбек Атабеков менен Сайкал Садыбакасованын сүйүүсү жана алардын ырларына саякат.

Жол тартып Мирбек алыстан,
Кареядан келди "Таласка" ,
"Ата-Мекеним" "Кыргызстаным" деп,
Кирип келди Мирбек "Сагынычта" .

"Күндөр жаңырат" Сайкал күтүп зарыгат,
Ырлар жазып Мирбек Сайкалга ашыгат.
Мирбек келди жалын "Жаштык деми" менен,
"Сени сүйөм" деп белегин Сайкалга берди.

Көп жыл өтү "Эрке кыз сени" көрбөдүм,
"Жүрөгүм" мен келдим сени көргөнү.
"Жаным" "Сен " деп гана жүрөмүн,
Билсең эгер "Сени гана" сүйөмүн.

Эркип кетем эркелесең "Секелегим"
"Сагынам" көрбөй жүрө берсем мен сени,
"Сен жана мен" айрылбасак эч эми,
Айтчы "Ошондо жакшы болобу."

"Кайдасың сен" күтө берип чарчадым,
"Эстедим" сен башканы тапкансың.
Көрбөсөм "Сагынам сени" билесиң,
Билип туруп ашыктыгымды сезбейсиң.

Арман ишенбейм сенин сүйүүң жалган,
"Арман" ишенбейм эми сүйүү жалган.
Унутпагын ар бир айткан сөзүмдү,
"Эстей жүр" мен эми сени жек көрөмүн.

"Ардагым" кош эми кош болгун,
Сүйгөнүңө мындан аары бек болгун.
Кызыңды сен мен деп койбогун,
Уулумду мен да сен деп койбоймун.

"Махабат" жүрөгүмдү жаралап,
"Алдадың" сени мени каралап.
"Издей берем" сүйүүмдү аралап,
"Жашасын махабат" дүйнөнү аралап.

Мен эми такыр башкамын,
"Сага" арнап эми ыр жазбаймын.
"Тагдыр" деген ушул экен,
Маңдайыма да ат тепкен экен.
"Сен таза болсон мен таза болсом, коом дагы таза болот."
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#31 Пользователь офлайн   AtankulovaB   03 Июнь 2013 - 23:40

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 399
  • Катталган: 29 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 29 Июл 2013 19:29
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Мекеним Кыргызстан

Тулку менен кумурска,
Экоо чыкты жарышка,
Бири-бирин шылдындап,
Жарышып чыкты айтышка.

Тулку анда кеп айтат,
Калп созду коп айтат,
Мени баары тулку дейт,
Сени кууруп жеймин дейт.
Кыпындай болуп жанымда,
Тен келбейсин богума,
Сага окшогон немени
Жанчып салам бутумда.
Менин атым Лица
Жакшы кором питца,
Питца Мияда коп журом,
Питцанын турун жеп журом.
Минген машинам Тайота,
Журом тунку кулубта,
Ырдайм дайым кыргызча,
Ишим тунку кулубта.
Устумо кийгеним шуба,
Бутумдагы туфли натаящий кожа,
Кийген койногум турецкий,
Кийинишим модолерский.
Мени баары карашат,
Ырчы Лица деп таанышат,
Фанаттарым колдошуп,
Питца Мияга алып барышат.
Чынын айтсам кумурска,
Тен келбесин айтышка,
Жок жерден убара болбочу,
Барчы башка жумушка.

Кумурска туруп так суйлойт,
Апыртып туруп бат суйлойт.
Апыртып жалганды бат суйлоп,
Тулкуну журогун тушурот.
Менин атым кумурска,
Атаманмын айтышта,
Сага окшогон ырчыны,
Атып салам азыр автаматта.
Кызыл-сары сулоосун,
Мин миллонер менен суйлоштум,
Алардын бироосу келип,
Айты мага суйорун.
Лондон-Париждеги сулоосун
Мен ошону суйомун,
Жашайм азыр Парижде,
Суйлоп франсуз тилинде.
Кыргызча ырдап журсон да,
Питцаны суйуп жесен да,
Шуба, кожа кийип журсон да,
Тен келбесин эч качан мага.
Анткени мен кумурса,
Так суйлоймун кыргызча,
Сага окшоп орус тилин,
Аралаштырбаймын айтышта.

Чоочуп туруп куу тулку,
Ойлор келип мин туркун,
Эптеп аны жениш учун,
Калп создорду ышкырты.
Рассиянын призденти,
Суйгонум болот Медведь.
Ошону себеп орус тилин,
Мыкты суйлоп билем.
Медведьке тийем буйруса,
Анан жашайм россияда,
Ангилис тилде ырдап,
Папуярдуу болом Амеркада.
Ошондо кором кумурска,
Атамандыгынды айтышта.
Милонер болсо суйгонун,
Шордуу экен тугоюн
Кыбыратып алып сени,
Акмак экен суйгонун деги.
Кыбырап сен кумурска,
Жон журбойсун турмушта,
Эптеп-септеп акыры,
Чыгыпсында турмушка.
Сени жакшы билбесем,
Фудбол ойношту билемин.
Сага окшогон немени,
Топ кылып тебемин.
Ушинти эми кумурска,
Женилдин эми айтышта,
Койкондобой жон эле,
Кете бер эми Парижге.

Шашпай суйлоп кумурска,
Тогуп салды айтышта,
Женилдимби же жендимби?
Лондон-Парижеге кетеминби?
Кыбырап жон журбостон,
Суйгонумо жеттимби?
Сен айткан Мелведь,
Куйоом болот билсен,
Париждеги сулоосун,
Запаздагы суйгонум.
Мезгилден арта калыпсын,
Куу тулку боюнча калыпсын,
Женем деп мени озунчо,
Калпты токтун олгучо.
Тушуп менин торума,
Калдын эми чанымда.
Эки балам бар медведьтен,
Мама деп конул сергиткен.
Мамалак болуп жугуруп,
Келишсе керек Бишкекке.
Ай тулкум ай куу тулкум,
Шумшук болуп сен журдун,
Медведьти чотоп озуно,
Курук калдын куйдургу.
Папуярду болом деп,
Калпчы болдунго сен.
Рассияда жашайм деп,
Кыял кеч экенсин сен.
Мейли эми шор тулку,
Кордум сенин туркунду.
Калп айтып айтышта,
Калдын эссиз талпада.

Кумурска уштип мактанып,
Кетти кулуп каткырып,
Кыбыратпа коп мени,
Женемин жон эле сени.
Тулку калды дарттаным,
Козуно жашты алып,
Тоготпой озунчо кумурсканы,
Автертети тушуп калды.
Ушул дагы менин кунумбу?
Автертеттим тушту го,
Арманга батып отурса,
Четтети аны айтыштан.
"Сен таза болсон мен таза болсом, коом дагы таза болот."
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#32 Пользователь офлайн   admin_superstan   01 Июль 2013 - 20:10

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Тема архивге!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Суперстандын архиви
  • Кийинки тема →

  • (2 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

Теманы 6 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 6, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 20 Авг 2025 18:45

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: