Асаламу алейкум форумчулар.
Сураныч мага ражап айы быйыл качан, кайсы куну, рагайып туну кайсы туну боло турганын билгендер болсо айтып коюнуздарчы сураныч. мен таппай жатам.
Ражаб айы сурамжылоо
#2 30 May 2013 - 14:52
менимче Ражаб айы аяктап баратат окшойт. Рагаиб түнү да өтсө керек эле
Эгер биз оңолсок, Кыргызстан да оңолот. Оп-оңой.
#3 30 May 2013 - 15:04
Ражайып деген эмне?
Рагайып деген эмне?
Рагайып деген эмне?
КОЛ ТИЙБЕГЕН КЫЗ КААЛАСАН;
КОЛ ТИЙБЕГЕН ЭРКЕК БОЛ!
КОЛ ТИЙБЕГЕН ЭРКЕК БОЛ!
#4 30 May 2013 - 15:22
Ражаб айы – төрт ыйык айдын бирөөсү. Бул айда күнөө кылуу – арам. Башка күндөрү күнөө кылганга караганда ыйык айларда күнөө кылуу жазасы боюнча оорураак келет.
“Сениң Раббиң эмнени кааласа жаратат жана тандайт, бирок аларда тандоо ыктыяры жок. Аллах алар шерик кошуп жаткан нерселерден таза жана бийик” (аль-Касас сүрөсү, 68-аят)
Чындыгында, Жаратуучу күндөрдүн жана айлардын арасынан кээ бирлерин тандап, башка айлардын үстүнөн артыкчылык берди. Жана да, Улук Аллах Өз даанышмандыгы менен кээ бир айларды ыйык деп белгиледи.
Ошол ыйык айлардын бири Ражаб. Ыйык айлар тууралуу Куранда айтылат: “Чындыгында, асмандар менен жерди жараткандан бери Алланын Өзүнүн Китебинде [1] айлардын саны – он эки. Булардын төртөөсү – ыйык айлар. Мына ушул (ислам) – бекем дин. Ушул айларда өзүңөргө зулумдук кылбагыла [2] ” (ат-Тауба сүрөсү, 36-аят)
Сүрөдө айтылган төрт ыйык айларды хадистен табабыз. Абу Бакр радиаллаху анху риваят кылгандай Пайгамбар (салляллаху алейхи уа саллям) айтты: “Жыл он эки айдан түзүлөт, анын төртөө ыйык. Үчөө удаалаш келет, алар Зуль-Ка’да, Зуль-Хиджа жана Мухаррам, (ал эми төртүнчүсү) Ражаб айы, ал Жумада жана Шаъбан айларынын ортосунда” (аль-Бухари, 4662; Муслим, 1679).
Айлардын өзгөчөлөнүп “ыйык” (араб. “харам”) статусуна конушунун эки себеби бар: бул айларда курал көтөрүп согушуу арам (душман өзү биринчи кол салган убактан тышкары) жана күнөөлөрдүн арамдыгы күчөтүлгөндүктөн.
РАЖАБ АЙЫНЫН ОРОЗОСУ ТУУРАЛУУ
Бул айда орозо тутуу жөнүндө бир дагы сахих хадис же сахабалардын өмүр баянынан бир дагы окуя келбеген. Ражаб айынын пазилети тууралуу келген көбүнчө хадистер же күчсүз (заиф) же жалган (маудуъ) болуп чыккан.
Ибн Хажар рахматуллахи алейхи айтат: “Ражаб айынын пазилети тууралуу, бул айдагы орозо тууралуу, бул айдын кээ бир күндөрүндө орозо кармоо керектиги тууралуу же түндөрү туруп намаз окуу тууралуу – далил катары таянаарга жарактуу бир дагы сахих хадис жок. Мага чейин бул пикирди имам Абу Исма’иль аль-Харауи айткан, биз анын сөзүн жана башка аалымдардын сөздөрүн тастыктап берип жатабыз… Ал эми Ражабтын пазилети же орозосу тууралуу келген хадистердин баары Ражабтын жана анын орозосунун өзгөчүлүгүн ачык айтыпкелишет. Бирок, бул хадистерди эки топко бөлүп койсо болот: күчсүз жана жалган деп” («Табъиин аль ‘ажаб бима уарада фии фадль Раджаб», 11).
Кийин Ибн Хажар рахматуллахи алейхи өз китебинде Ражабтын пазилети темасында 11 күчсүз жана 21 жалган хадис топтогон. Мисалы: “Ким Ражабтан бир күн орозо тутса Фирдавс жаннатына кирет, эки күн тутса эки эсе сооп алат, үч күн тутса аны менен тозоктун ортосуна туурасу бир жылдык чакырым болгон чоң аң казылат, ким төрт күн тутса…”
РАГАЙИБ КЕЧЕСИ
Рагаиб кечеси – Ражабтын биринчи жумасынын түнү, бул түндө адамдар намаз окуш керек деп ишенишет. Чындыгында бул шариатта жок нерсе.
Имам ан-Навави рахматуллахи алейхи айтат: “Бул бузуку жана жаман бидаат иш, анын ичинде көптөгөн жаман көрүлгөн нерселер бар. Бул бидааты ташташ жана аны кылып жаткандарды айыпташ милдет (важиб) болот” (Фатава имам ан-Наваави, 57-бет)
Намаз-рагайиб – бардык имам-аалымдардын келишкен пикиринде (ижмаъ) бидаат өкүмүмдө. Себеби бул түнү намаз окуу Пайгамбардын (салляллаху алейхи уа саллям) же анын сахабаларынын осуяттарынан келген эмес. Абу Ханифа, Малик, Аш-Шафи’и, Ахмад, Ас-Саури, Аль-Ауза’и, Ал-Лейс жана башка имамдарыбыз бул намазды аткаруу керектигин жактырышкан эмес. Ал эми рагайиб намазаы тууралуу келген хадис бардык мухаддистердин өкүмү боюнча жалган деп табылган.
Аалым Ат-Тартушийдин айтуусу боюнча рагайиб намазы 480 жылдан тартып (хижрий жыл санагы боюнча) гана аткарыла баштаган. (Аль-хауадис уа аль-бида’, 103).
АЛЬ-ИСРА ВА-ЛЬ- МИ’РАЖ ТҮНҮН МАЙРАМДОО
Бул окуянын так, тастыкталган датасы жок болгонун карабай жана аны белгилөөнүн шариат чегинде мыйзамсыздыгын карабай көп адамдар аны Ражабтын 27-түнү белгилешет.
Анысы аз келгенсип, кээ бир бурадарлар бул түндү намаз, садака, ибадат менен өткөзүү керек деп ишенишет. Биз, мусулмандар, ибадат маселесинде бир гана Аллахтын Китебин жана Анын элчисинин (салляллаху алейхи уа саллям) сүннөтүн ээрчийбиз. Кайсы бир күндү өзүбүз үчүн ибадат кылууга бөлүп жана аны шариатта бар деп ишенсек, бирок ал күн шариатта айтылган эмес болсо – биз Аллахтын динине жаңылык киргизген болобуз. Жакшы ниет мененби, же карасанатайлыктанбы кай болбосун динде жаңылык кылып жаткан адамдын амалы кабыл эмес. Себеби Ислам толук дин, жана кошумча эч нерсеге муктаж эмес. Аллах Куранда айтат: “Бүгүн силерге диниңерди жана (Менин) ырайымымды толук кылып, ислам динин силерге ыраа көрдүм” (аль-Маида сүрөсү, 3-аят).
Аишадан (энебизден) Алла таала андан ыраазы болсун, ал айтты: Алланын элчиси (салляллаху алейхи уа саллям) минтип айтты: “Ким биздин ушул ишибизге (шариатыбызга) анда жок нерсени пайда кылса, ал кайтарылган (болот)” (аль-Бухари жана Муслим).
РАЖАБ АЙЫНДА ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК?
Бул ай ыйык айлардын бири, ошондуктан жасалган күнөөнүн кесепети коркунучтуураак болот. Көңүлдү салих амалдарды аткарып, күнөөлөрдөн тыйылууга буруу зарыл. Аллахка тообо келтирип, алдыда келе жаткан Рамазанга орозо, садака, намаз, илим алуу ж.б. ибадаттар аркылуу камынуу керек.
Бирок, бир гана шарт: бул айды башка айлардан өзгөчөлөнтпөстөн, ага Аллах койгон ыйыктыктан тышкары кошумчаларды кошпостон ибадаттардын түрлөрүн аткаруу болсо.
Аллахтан пайдалуу илим жана чын-ыклас амал сурайбыз. Акыр Кыямат күнү Аллах баарыбызды ийгиликке жеткендерден кылсын! Оомин!
СУРОО . Бул айда напил орозо тутуп, напил намаздарды окуса болобу? Рамазандан калып калган орозонун карыздарын бул айда кармап койсо болобу?
ЖООП. Ооба, Ражаб айында орозо, намаз, умра, садака, Куран ж.б. ибадаттардын бардык түрүн башка айлардагыдай эле аткарса болот, буга тыюу жок. Туура эмес деп табылган нерсе –шариатта жок болгон пазилеттер менен бул айды энчилөө, белгилөө. Каза болгон намаздарды Ражабта деле, Шаъбанда деле кармасаңыз боло берет.
Аллаху аъламу биссавааб!
[1] Лавхул Махвузда
[2] Аллага гана жасалуучу ибадаттардан башка, күнөөлүү иштерге бир саатыңарды коротпогула
Ислам жолу сайтынан алынды

#6 02 June 2013 - 19:40
Мусулманчылыкта айлардын аталыштары.
1.Мухаррам айы-Январь. 2.Сафар айы- Февраль. 3.Рабиюл -аввал айы -Март.4.Рабиюс -саании айы-Апрель.5.
Жумадул-аввал айы-Май. 6.Жумадус-Саании айы -Июнь. 7.Ражаб айы -Июль.8.Шаьбан айы -Августь.9 Рамазан айы-Сентябрь.
10. Шаввал айы -Октябрь.11.Зулькаьда айы- Ноябрь.12 Зулхижжа- Декабрь. Сиз сураган ражаб айы,быйыл орозо маалына дал келет.
СЕН УШУНЧАЛЫК ЖАКШЫ АДАМ БОЛГУН,
ЖАДА КАЛСА ДУШМАНЫҢ ДА ДУШМАН БОЛГОНУНА ӨКҮНСҮН.

#7 03 June 2013 - 05:44
Билгенден билелегин коп деген ушуда.....биринчи ирээт укткм,рахмат баарына
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#9 29 March 2017 - 15:22
Бүгүн Ражаб айы башталды урматтуу мусулман бир туугандар.
Ражаб Ислам дининдеги айлардын жетинчиси болуп *"Харам айлар"* деп аталган төрт улуу айдын бири.
Бул айда "Рагаиб жана Мираж" аттуу эки улуу кече бар. Ражаб айы тообо кылуу жана урмат айы деп эсептелет. Аллах Таала ким бул айга урмат көрсөтүп, орозо туткандар, ибадат кылбагандардын күнөөлөрүн кечирет. Демек, даражаларга көтөрөт.
Ражаб айында окулуучу дубалар:
Аллахтын суйуктуу элчиси
Ражаб айы кирген убак төмөнкү дубаны окуйт эле.
*"Аллахумма баарик ланаа фи Ражаба ва Шабаьна ва Баллигна Рамазаана" .*
Котормосу: "Аллахым Ражаб жана Шаабан айларын бизге берекелүү кыл жана Рамазан айына жеткир. "
Ражаб айы Аллахтын айы болгон себептүү Аллахтын сыпаттарын өзүнө көрсөтүп берүүчү " Ихлас " сүрөсүн көп окуу керек. Ражаб айында төмөнкү зикирлерди айтуу сооптуу болот.
Алгачкы 10(он) күндө
سبحان الله الحي القيوم
СубханАллахил хайюл койюм.
10 кун
سبحان الله الأحد الصمد
СубханАллахил Ахадис сомад.
10 кун
سبحان الله الغفور الرحيم
СубханАллахил Гофурур Рахийм.
10 кун
Бул тасбихтер күнүнө эн азы 100 жолудан айтылат.

#10 30 March 2017 - 11:21
Ражаб айында орозо тутса жакшы дейт. Дуа кылганда Багымдаттан алдын ооз жабуу керекпи? Озз бекитип, ооз ачканда Орозодо айтылчуу эле дубалар окулабы? Билгендер жазып коюнуздарчы сураныч.
Жашоо кыйын. Бирок, мен да оңой эмесмин....
#11 30 March 2017 - 11:58
Мусулманчылыкта айлардын аталыштары.
1.Мухаррам айы-Январь. 2.Сафар айы- Февраль. 3.Рабиюл -аввал айы -Март.4.Рабиюс -саании айы-Апрель.5.
Жумадул-аввал айы-Май. 6.Жумадус-Саании айы -Июнь. 7.Ражаб айы -Июль.8.Шаьбан айы -Августь.9 Рамазан айы-Сентябрь.
10. Шаввал айы -Октябрь.11.Зулькаьда айы- Ноябрь.12 Зулхижжа- Декабрь. Сиз сураган ражаб айы,быйыл орозо маалына дал келет.
Ражаб айы июль депсиз да, кайра орозого туура келет депсиз, орозо быйыл майда беле? Кээ бирлер аталган айды уже башталды деп жатышат, тактап анан маалымат жазсаңар.
Бүгүн Ражаб айы башталды урматтуу мусулман бир туугандар.
Ражаб Ислам дининдеги айлардын жетинчиси болуп *"Харам айлар"* деп аталган төрт улуу айдын бири.
Бул айда "Рагаиб жана Мираж" аттуу эки улуу кече бар. Ражаб айы тообо кылуу жана урмат айы деп эсептелет. Аллах Таала ким бул айга урмат көрсөтүп, орозо туткандар, ибадат кылбагандардын күнөөлөрүн кечирет. Демек, даражаларга көтөрөт.
Ражаб айында окулуучу дубалар:
Аллахтын суйуктуу элчиси
Ражаб айы кирген убак төмөнкү дубаны окуйт эле.
*"Аллахумма баарик ланаа фи Ражаба ва Шабаьна ва Баллигна Рамазаана" .*
Котормосу: "Аллахым Ражаб жана Шаабан айларын бизге берекелүү кыл жана Рамазан айына жеткир. "
Ражаб айы Аллахтын айы болгон себептүү Аллахтын сыпаттарын өзүнө көрсөтүп берүүчү " Ихлас " сүрөсүн көп окуу керек. Ражаб айында төмөнкү зикирлерди айтуу сооптуу болот.
Алгачкы 10(он) күндө
سبحان الله الحي القيوم
СубханАллахил хайюл койюм.
10 кун
سبحان الله الأحد الصمد
СубханАллахил Ахадис сомад.
10 кун
سبحان الله الغفور الرحيم
СубханАллахил Гофурур Рахийм.
10 кун
Бул тасбихтер күнүнө эн азы 100 жолудан айтылат.
Ражаб Ислам дининдеги айлардын жетинчиси болуп *"Харам айлар"* деп аталган төрт улуу айдын бири.
Бул айда "Рагаиб жана Мираж" аттуу эки улуу кече бар. Ражаб айы тообо кылуу жана урмат айы деп эсептелет. Аллах Таала ким бул айга урмат көрсөтүп, орозо туткандар, ибадат кылбагандардын күнөөлөрүн кечирет. Демек, даражаларга көтөрөт.
Ражаб айында окулуучу дубалар:
Аллахтын суйуктуу элчиси
Ражаб айы кирген убак төмөнкү дубаны окуйт эле.
*"Аллахумма баарик ланаа фи Ражаба ва Шабаьна ва Баллигна Рамазаана" .*
Котормосу: "Аллахым Ражаб жана Шаабан айларын бизге берекелүү кыл жана Рамазан айына жеткир. "
Ражаб айы Аллахтын айы болгон себептүү Аллахтын сыпаттарын өзүнө көрсөтүп берүүчү " Ихлас " сүрөсүн көп окуу керек. Ражаб айында төмөнкү зикирлерди айтуу сооптуу болот.
Алгачкы 10(он) күндө
سبحان الله الحي القيوم
СубханАллахил хайюл койюм.
10 кун
سبحان الله الأحد الصمد
СубханАллахил Ахадис сомад.
10 кун
سبحان الله الغفور الرحيم
СубханАллахил Гофурур Рахийм.
10 кун
Бул тасбихтер күнүнө эн азы 100 жолудан айтылат.
ба мүчөңүз ашыкча эмеспи?
#12 30 March 2017 - 23:48
#13 30 March 2017 - 23:50
Бул айларга урмат көрсөтүү күнөөлөрдөн алыстоо жана ибадаттарды орундоо менен болот. Бул касиеттүү айларда убада кылынган соопторго жетүү үчүн баарынан мурда итикадды (ишенимди) түздөө керек. Илмихал маалыматтарын үйрөнүп, жашообузду мына ушуларга шайкеш абалга келтиришибиз керек. Көп тообо жана истигфар кылып, казага калган намаздардын казаларын дароо окуп баштоо керек. Ражаб айынын биринчи Жума түнү – Рагаиб түнү. Бул түнгө урмат кылгандар кечирилет. Ражаб айынын ар түнү кадырлуу.
Ар Жума түнү дагы кадырлуу. Бул эки касиеттүү түн бирге келгенде андан да кадырлуу болууда.
Бир күнү Пайгамбарыбыз (алейхиссалам) Ражаб айындагы ибадаттардын пазилеттерин түшүндүрүп жаткан эле. Карыя бир киши: "Йа, Расулаллах! Ражаб айын толугу менен орозо кармап өткөрүүгө күчүм жетпейт”, - дегенде, Пайгамбарыбыз (алейхиссалам) мындай деп буюрду:
"Сен Ражаб айынын биринчи, он бешинчи жана соңку күндөрү орозо карма! Толук кармагандай соопко жетесиң. Себеби, сооптор он эселеп жазылат. Бирок, Ражаб-и шарифтин биринчи Жума түнүнөн гафил болбо!”
РАЖАБ АЙЫ: Касиеттүү төрт айдын бири. Бир аяти каримада: *"Аллахтын асмандар менен жерди жараткан күндөн бери айлардын саны он эки. Булардын төртөө харам (касиеттүү) болгон айлар",* - деп айтылган. (Тообо 36)
Хадис шарифтерде мындай деп айтылган:
"Харам (касиеттүү) айлар - Ражаб, Зүл-када, Зүл-хиджа жана Мухаррам." (Ибн Жарир)
"Бейиште ушундай бийик сарайлар бар, ага бир гана Ражаб айында орозо кармагандар кирет." (Дайлами)
"Аллаху таала Ражаб айында орозо кармагандарды кечирет." (Гунйа)
"Ражаб айынын башында бир күн, ортосунда бир күн жана аягында бир күн орозо кармаган адамга Ражаб айында толук кармагандай сооп берилет." (Мифтахул-жанна)
"Аллаху таала Ражаб айында жакшылыгын арттырат. Бул айда бир күн орозо кармаган адам бир жыл кармагандай соопко ээ болот. Жети күн орозо кармаган адамга Тозок эшиктери жабылат. Сегиз күн кармаган адамга Бейиштин 8 эшиги ачылат. Он күн кармаган адамга Аллаху таала каалаганын берет. Он беш күн орозо кармаганга бир кабарчы: "Өткөн күнөөлөрүң кечирилди" , - деп айтат. Аллаху таала Нух алейхиссаламды Ражаб айында кемеге чыгарды. Ал дагы Ражаб айын орозо менен өткөзүп, жанындагылардын да орозо кармоолорун буйрук кылды." (Табарани)
"Ражаб айында такыбаалык менен бир күн орозо кармаган адам үчүн орозо кармалган күндөргө тил бүтүп: "Йа Раббим, аны кечир", - деп айтат." (Абу Мухаммед)

#14 31 March 2017 - 00:11
Бугун сардан баштап кармаса болобу?Билгендер жооп берип коюнуздарчы сураныч
Жашоо кыйын. Бирок, мен да оңой эмесмин....
#17 31 March 2017 - 08:50
Аллахым туткан орозонуздарды,
кылган ибадаттарыныздарды кабыл кылган болсун ИншаАллах.
#18 05 April 2017 - 19:25
Туткан орозонуздар кабыл болсун. Кыйынчылыктар жокбу? Мен бир аз кыйналтам, турсам башым айланып козум карангылашып кетат, муну эске албаганда баары сонун ))
Салам
#19 06 April 2017 - 19:00

Супер-Инфо
super.kg
видео