(Новелла)
Чолпонбек Абыкеевдин аңгемелери Терезеде өскөн гүл
#2 04 June 2013 - 07:44
Терезеге катар коюлган гүлдөргө суу коюп, саргарган жалбырактарын үзүп, жаңы ачылган кызгылтым назик желекчелерин суктана карап турду да, анан негедир улутуна көчө жакка назар салды. Күз. Шаардын чет жакасына жайгашкан бул булуңчанын тар көчөсүн ансыз да тарытып дүкүйгөн бактар бутактарын арбайта такыр ороп алган. Жай күндөрү бул көчө менен бассаңыз күн төбөдө болсо да салкындай
түшөсүз. Жергиликтүү эл көчөнү "жашыл тунель" деп атап алышкан. Мына эми ошол сансыз жашыл жалбырактар саргарып, кичине жел жүрсө уюлгуй себелене кычыр-кычыр бут астында тебеленүүдө. Кыз буулуга тиктеп турду күздүн тарткан сүрөттөрүн. Жалбырактар. Көчө жамгырга жуунуп, шамалга эркелеген, ыры бүтпөгөн, айлуу түндө шыбыры бүтпөгөн жашыл
жалбырактар. Мезгили келди. Саргарып үзүлүүдө... Өткөн киши жок, көчө ээн. Кыздын терезеден кеткиси
келбеди. Кыз жымжырттыкка тумчугуп баратты. Терезенин астынкы көзүн акырын ачып, эшиктен соккон муздак желге жүзүн тосту. Бычырап сынган жалбырактардын доошу. Көчөнүн так ортосу менен колуна дипломат кармаган жигит келатты. Жигиттин көңүлү кушубак. Эч нерседен бейкапар. Анда-санда калдаңдап учкан жалбырактар менен ойной кетет. Ана, желге көтөрүлгөн жалбырактын аркасынан секирип-секирип чуркай жөнөдү. Жолундагы туура арыкчаны элес албай келатып жыгылып түштү. Кыздын шыңгыр күлкүсү жаңырды.

#3 04 June 2013 - 07:47
Байкабай күлүп жибергенине уяла түшкөн кыз аппак ичке манчалары менен оозун баса калды. Элирген жүрөк ичке манчалардын токто дегенине болчубу. Чоң эле токтолуп калган жигиттин бала мүнөзүнө кытылдай берди. Же бир жарашса экен. Боюн айт. Кодороок болсо да билинмек эмес го. Өзү бутактарга чекеси тийип, теректей болуп турат. Жигит калдастай түштү. Ордунан тура күлкүнүн ээсин издеди. Эч ким көрүнбөйт. Жалбырактар жабышкан пальтосунун этегин күбүй, аяр көз кырын жибере тегерегиндеги ар бир теректин артын карайт. Жашынып алып, аны бирөө шылдыңдап жаткансып. Кыз дале оозун басып кыткылыктап күлө берди. Жанакы калдайган жалбырак жигитти кызга кошула шылдыңдагансып,
төбөсүндө калдактап учуп жүрдү. Кыз жашынып турганын унута кыйкырып жиберди.
- Тигине... тигине
кармаңыз. Төбөңүздө айланып жүрөт... Жигит кызды таап алды.
төбөсүндө калдактап учуп жүрдү. Кыз жашынып турганын унута кыйкырып жиберди.
- Тигине... тигине
кармаңыз. Төбөңүздө айланып жүрөт... Жигит кызды таап алды.
#4 04 June 2013 - 10:36
Көздөр чагылыша түштү. Көз нурундай сезимтал нерсе жоктур дүйнөдө. Кирпиктери бат-бат ирмелип, жалындуу нурларды тосуп калууга аракеттенди.
Мындай тиктешүү, үнсүз, көз менен арбашуу өмүрдө дайым кездеше бербейт. Кыздын жамалын кызгылтым боек ого бетер сулуулап, жигитти үнсүз чакырып жатты. Көпөлөк кармоочудай жигит аяр кадам таштады. Кыз канчалык терезени ичинен жаап, артка кетейин десе да кете албады. Дирилдеп туруп берди. Жамалына сүртүлгөн кызыл боек улам коюланып баратты. Жигит эки-үч саргыч жалбыракты кызга сунду:
- Сиз жалбыракты жакшы көрөсүзбү?.. Карачы кандай жакшына... Мен өзүмдү-өзүм жоготуп коюпмун. Кыялга алданып...
Сиз эсиме салбасаңыз элирип кетмекмин го...
- Сизди эсиңизге келтирген мен эмес,
тигил арык болду го. Кыз колундагы жигит берген жалбырактарды сылай, күлмүңдөдү.
- Жо-ок, сиз болбосоңуз мен туруп алып, жалбырак кууп жүгүрүп кете бермек
окшоймун...
- Коюңузчу! Деги бала кыял көрүнөсүз да... Кыз жигитти сынай тиктеди. Жигит оңтойсуздана түштү. Кыздар сынай караса, оңтойсуздана түшүү
жигиттердин баарындагы "оору"
эмеспи.

#5 04 June 2013 - 10:42
- Билбейм... бала кездегидей ойногум келип кетти. Анан кантип чуркап кеткенимди да билбейм...
Билесизби, биздин айылдын көчөлөрү да ушул көчөдөй бактуу. Кичине кезимде жылаңаяктанып алып жалбырак кече чуркап ойногонду жакшы көрчүмүн. Кыздын кулагына сырткы эшиктин ачылып кайра жабылганы угулду. Шаша түштү.
- Атам келатат окшойт... Болуптур эмесе... Терезени жабыш үчүн колун созду. Жигит кандайча кыздын колунан кармай калганын өзү да байкабады.
- Атыңызды айтпадыңыз го?..
- Атым Нази...
- Меники Алмаз...
Кыз терезесин шарт жаап, пардону түшүрдү. Жигиттин бет алдында томсоргон терезе турду. Умсуна түшкөн жигит эс-мас көчөнүн так ортосу менен кетип баратты. Көз алдында кыздын портрети. Жоодураган карагат көздөр, билинер-билинбес кызгылт боегу бар жамалы, аппак моюнун жашыра эки жагынан төгүлгөн эки өрүм кара чачы, баары... баары, жигиттин көз алдында турду. Күрсүнүп койду жигит. "Аттиң, сүрөтчү болсом сүрөтүңдү ушул жерден күнү-түнү кетпей тартаар элем".
Парданы түшүрөөрү менен кыздын атасынын үнү чыкты.
- Нази, садагам, газга койгон чайыңды унутуп коюпсуң го...
Кайнап кетиптир...
- Ий, эсимден чыгып
калган тура... Кыз ар күнү гүлгө суу куюп, же бир нерсесин унуткансып кайсалап баягы терезеге келе берчү болду. Пардону ачкан сайын көчөдөн жигиттин караанын издейт. Кайра өз оюнан өзү уяла шак жаба салып, артка кетенчиктейт.

#6 04 June 2013 - 10:49
Пардонун жылчыгына жигитти нечен жолу көрдү. Жигит да анан калса көп өтчү болду ушул көчө менен. Терезени кылчак-кылчак карап өтөт. Караган сайын кыз жүрөгү "дүк-дүк"
уруп, майда калтырак баскан колдору пардону ачып жиберүүгө алы
келбей тура берет. Кыңылдай ырдап, гүдөргө суу куюп болуп, терезени ачып коюп, чаңын ным чүпүрөк менен сүртүп жаткан Назинин, так эле кулак түбүнөн чыккан үн чоочутуп жиберди.
- Саламатсызбы Нази!? Көрүнбөй кеттиңиз го?..
Кыз таң кала көздөрүн бакырайтып жигитке тигилди. Эми эле көчөнүн арыжак-берижагын караган. Эч ким жок болчу. Жигит жерден чыга калдыбы?
- Неге унчукпай калдыңыз, же менин келгенимди жактырбай турасызбы?.. Жигит суроолу тиктеп, күнөөлүүдөй үнүн пас чыгарды.
- Жок... Жок. Неге жактырбайт элем. Эми эле караганымда жок элеңиз. Кайдан чыга калды, - деп таң калып... Кыз чынын айтып жиберди.
- Мен, сиздин терезеңиздин ачылганын көрүп, асман менен учуп келбедимби. .. Жигит күлө тиктеди.
- Коюңузчу, деги кайдан чыга калдыңыз... чын эле?
- Айттым го...
- Койгулачы...
- А мен сизге эмне апкелдим билесизби?
Кыз ого бетер таң кала жигитке тигилди.
- Мынакей...
Жигит колундагы "дипломатын" ачып кыздын астына жая
салды. "Дипломатта"
толтура ар түрлүү саргыч жалбырактар эле.
- Ой, кандай жакшынакай жалбырактар а-а. Кыз суктана улам бирин колуна алып, кайсынысы кайсыл бактыкы экенин атай баштады.
- Бул, жалбырактардын баарын кантип айра таанып жатасыз?
- Ботаникмин да...
- Демек студентмин
деңиз? Университетте окуйсузбу? Кыз үнсүз баш ийкеди.
- Сиз да студентсиз
го?
- Ооба, мединститутта окуйм. Экөө дагы тиктеше түшүштү. Кыз негедир ыңгайсыздана терезени жабууга колун созду.
- Болуптур эмесе, атамдын келээр маалы болуп калды.
- Атаңыз ушунча катуу кишиби? Анда кийинип эшикке чыкпайсызбы? Кичине сейилдеп басып келели. Үйдө отура берип тажагандырсыз? ..
- Жок. Рахмат. Мен көнүп калгам... Мамамдын да жумуштан кайтаар убактысы болуп
калды...
- Сиз шаардык кыздарга окшобойт экенсиз. Азыр айылда деле кыздар жигиттер менен ачык айрым көчөдө басышат. "Мамам келет, атам көрөт..." Болбогон жок шылтоону айтасыз... Жигит таарына буркуйду. Кыздын өңү бозоро түштү да, үнсүз баш чайкап айнекти жаба баштады. Айласы куруган жигит:
- Алтынчы күнү биздин институтта бий болот. Дайым кызыктуу өтөт. Деги барганы барбаганы
да арманда. Барасызбы? Келейин. Кайра жеткизип коем. Кыз үн катпастан астынкы эрдин тиштей башын чайкап, терезени жапты да, пардону түшүрүп таштады. Жигит томсоргон пардону, пардо менен айнектин
ортосундагы бажырайып ачылган гүлдү телмире тиктеп турда да, анан башын силке артка бурулду. Ичинен "Барктанган неме окшойт сулуулугуна. Сулуу болсо өзүнө. Сыйлап чакырса.. балким, башка сүйгөнү бардыр... мындай өңдүү-түстүүлөрдүн аркасынан жүгүргөндөр көп да. Эй, койчу ушуну..." Күңкүлдөп баратты.

#7 04 June 2013 - 10:59
Кыз канчалык шагын сындырып, намысына тийип койгон менен бир белгисиз сезим кызга болуша анын күнөөсүз жоодур көздөрүн жигиттин эсине кайта-кайта салып, тынчтык бербеди. Пардо жабылары менен тиштене араң чыдаган кыздын көз жашы чуурду. Бүлдүркөндөй назик эриндерин жымыра канчалык бекем тиштесе да, түпкүрдөн муңдуу добуш үзүк-үзүк акырын угулат. Кыз бул түнү түшүндө жигитти көрдү. Экөө айланкөчөк атып бийлеп жүрүшүптүр.
Тегеректеген жаштар экөөнө кызыга кол чабышат. Кыз жигитке улам ыктап, башын көкүрөгүнө катат. Аңгыча музыка токтоп, жигит кучагынан чыгып кетти. Кыз айлана жигитти издеп кыйкырат. "Алмаз... Алмаз..." Жигит жок. Тегеректеген кыздар шылдыңдап күлүшүүдө. Ар кимиси өз жигиттери менен бийлеп жүрүшөт. Алмаз жок... Ойгонсо жаздыгы сууга чыланып калыптыр. Огобетер түшүндө жоготкон Алмазын издей шолоктоду. "Ой кудай, жок дегенде түшүмдө жоготпой чогуу болсомчу..."
Кечинде кызынын температурасы көтөрүлүп өзүн жаман сезип турганын байкаган атасы, санаасы чыдабай үстүнө кирди. Столдун үстүндөгү көгүлжүм жарыктан кызынын бүлкүлдөп ыйлап жатканын сезген атасы эси чыга кызынын жанына аяр отурду.
- Нази, берекем, бир жериң ооруп турабы? Доктур чакыртсамбы? Эңкейип кызынын бетин ачты. Көз жашын жашыра албаган кыз атасынын мойнунан кучактай буулуга эреркий:
- Жок ата. Кереги жок доктурдун. Меники айыккыс оору эмеспи...

#8 04 June 2013 - 21:15
Атанын жүрөгүн
бирөө ийне менен
сайгандай "тыз" дей
түштү. Сүйлөй албай
кызынын
маңдайынан
жыттап, көзүнөн
жаш тегерене түштү.
Эртеси Нази
күндөгүсүндөй эле
сергек, көңүлдүү
турду. Эртең
мененки тамакта
отурганда
бөбөктөрүн
эркелетип,
тамашалай ойноп
көңүлдүү. Кызын
астыртан байкашкан
ата-эне көңүлдөрү
толо, дүпөйүл болуп
таң аткыча уктатпай
чыккан санааны
унутуп коюшту.
ххх
Чоң-чоң айнек
терезелүү
имараттын экинчи
кабатында турган
Алмаз шашкалактай
чуркаган
студенттерди
тизмеден өткөрө
тиктей, күткөн
кишисин издейт.
Ичинен "Кечеге
келүүгө сөзсүз
көндүрөм... Жок"
"Чакыруу
баракчасын" берип
кете берем, келсе
келсин, келбесе
келбесин. Жок,
сурануу керек..."
Уйгу-туйгу ойлорго
бастырып телмирет.
Кайбирде ууртунда
күлкү ойноп, Нази
экөөнүн кечеде
бийлеп жүргөнүн
элестетсе, жүрөгү
алеп-желеп боло
түшөт.
бирөө ийне менен
сайгандай "тыз" дей
түштү. Сүйлөй албай
кызынын
маңдайынан
жыттап, көзүнөн
жаш тегерене түштү.
Эртеси Нази
күндөгүсүндөй эле
сергек, көңүлдүү
турду. Эртең
мененки тамакта
отурганда
бөбөктөрүн
эркелетип,
тамашалай ойноп
көңүлдүү. Кызын
астыртан байкашкан
ата-эне көңүлдөрү
толо, дүпөйүл болуп
таң аткыча уктатпай
чыккан санааны
унутуп коюшту.
ххх
Чоң-чоң айнек
терезелүү
имараттын экинчи
кабатында турган
Алмаз шашкалактай
чуркаган
студенттерди
тизмеден өткөрө
тиктей, күткөн
кишисин издейт.
Ичинен "Кечеге
келүүгө сөзсүз
көндүрөм... Жок"
"Чакыруу
баракчасын" берип
кете берем, келсе
келсин, келбесе
келбесин. Жок,
сурануу керек..."
Уйгу-туйгу ойлорго
бастырып телмирет.
Кайбирде ууртунда
күлкү ойноп, Нази
экөөнүн кечеде
бийлеп жүргөнүн
элестетсе, жүрөгү
алеп-желеп боло
түшөт.
#9 04 June 2013 - 21:18
Кош балдакка сүйөнүп, майып бутун аяр таштап, сумкасын көтөрүп жардамдашкан кыздар менен келаткан Назиге окшош кызды көргөндө, өз көзүнө өзү ишенбей ача-жума тиктеди. Нази. Жок башка. Нази. Жок, жок. Нази эмес, башка. Көздөр жаңылбаптыр Назини жеткирип келген кызыл "Москвич"
акырын жүрүп кетти. Жигиттин буттары калтырап, денесин кармоого алы келбей терезенин
кырына отура калды. Жер айлан-көчөк болуп кетти. Көз алдында күнү-түнү уйку бербей
кыйнаган карагат көз терезедеги Нази турду.
кырына отура калды. Жер айлан-көчөк болуп кетти. Көз алдында күнү-түнү уйку бербей
кыйнаган карагат көз терезедеги Нази турду.
#10 04 June 2013 - 21:26
Мен жөнүндө
жазсаңыз...
(Аңгеме)
Биз күтүүсүздөн тааныштык. Менин ар күнкү өткөн жолум балдардын жылгаяк тээп ойногон дөбөчөсүнүн баш жагынан кесип өтчү. Чурулдашып ылдый сыйгаланган балдардын тушуна келгенде өзүмдөн өзүм токтоп, аларды кызыга карап калганымды байкабай да калам. Балдардын оюнуна кыял менен аралаша, эч капарсыз күлкү менен өткөн балалыгымды эстеп келатсам, четте кызыл пальточон кичинекей кыз ыйлап туруптур. Боорум ооруп кетти. Жакын барып, эңкейе:
- Эмне болду? Жыгылдыңбы же
уруп коюштубу? Кой эми ыйлаба? Чоң эле
кыз кантип йласын.
Сооротуга аракеттендим. Соороно албай солуктап:
- Тетиги... Колун жаңсап төмөнтө чана тээп жүрүшкөн балдарды көрсөттү.
- Сени, аларды... Ай,
кимиң урдуң ыя?! Мотураңдаган балдар мени карап элейе туруп калышты.
- Кимиң урдуң дейм?
Балдардын баарына
башчы болуп, оюнду
башкарып жүргөн
бала, колундагы
сүйрөп жүргөн чананын жибин таштап ийип, бөжүгөн бойдон
качып жөнөдү.

#11 04 June 2013 - 21:34
Мен тигил балага, өзүнөн кичине кызды урганына ачууланымыш болсом да, торсолоңдоп качканына күлкүм келип элжирей тиктедим.
- Ай сени...
аркасынан колумду
жаңсап койдум, -Мына ыйлаба эми. Эмне сени оюнга кошпой коюштубу?
- Чанамды алып алды. Сен чана тебе албайсың дейт. Көзүн ушалап бышактады.
- Кара, чоңсунганын. .. басыла гой, эми ал сага тийбейт. Мен коркутуп койбодумбу. Азыр чанаңды апкелип берем. Чуркап барып, чанасын сүйрөп келип, колдорун кармасам аябай үшүп кетиптир.
- Ай-ий, тоңуп калгансың го... ушалап быйтыйган кичинекей колдорун жылыттым. Жүз аарчымды алып мурдунун кычыгына туруп калган жашын сүртүп, топчуларын бүчүлөп кымтыладым. Бат эле сооронуп калды. Жанакы тентектин "чана тебе албайсың" дей турган жөнү бар экен. Өзүнөн чанасы чоң. - Жүрөгой үйүңө жеткизип коеюн. Үйүң кайда?
- Тиги... Колун жаңсап беш кабат үй жакты көрсөттү.
Чанага отургузуп сүйрөп алдым. Мөлтүрөгөн көздөрүн бакырайтып таң кала карайт. Оюмда "Бирөөгө окшотуп жатса керек", - деп болжоп койдум. Мурду, көздөрү, эжемдин кызына окшоп кетет экен.
- Сиз кимсиз? Эмне, мамамды тааныйсызбы? Ойго батып бараткан элем, буйдала түштүм.
- И-и таанышым да
мүмкүн... Атың ким эле?
- Гүлнара...
- Оо-о, мына, сени тааныйм. Атың Гүлнара...
Кыткылыктап күлүп
койду.
- Качан мен айткандан кийин
анан билдиңиз...
- Жо-ок, мен Гүлнара
го - деп, бирок окшоштура албай
жатпадымбы. ..
- Таанылбай
калыпмынбы?

#12 06 June 2013 - 10:35
- Таанылбай калыпсың ыйлай берип.
- А сиз мамамды тааныйсызбы?
- Таанышым да мүмкүн... Мамаң кайда иштейт?
- Мамам мугалим, сабак берет. А сиз кайда иштейсиз?
- Менби... мен студентмин.
- Студент...
Ал ойлуу унчукпай калды. Кейпи "студент" деген сөзгө түшүнгөн жок окшойт. Анан кичинеден кийин кайра сурады:
- Студент деген эмне жумуш кылат?
- Студент дегенби? Студент деген жумуш кылбайт. Ал окуйт. Окуп бүткөндөн кийин сенин мамаңдай болуп мугалим болот, же инжинер болот, кыскасы, эмнени окуп үйрөнсө ошо болот. Колумдан келишинче түшүндүрүмүш эттим.
- А сиз ким болосуз?
- Мен журналист
болом.
- Журналист...
журналист эмне жумуш кылат?
- Журналист жазат. И-и жанагы газеталарды, журналдарды көрүп жүрөсүңбү?
- Ооба...
- Ошолорду чыгарат.
- Эмнени жазат?
- Эмнени жазат десем... мисалы сенин мамаң жакшыбы?
- Жакшы. Оо-й мамам кандай жакшы дейсиз...
- И-и ошол мамаңдай жакшы мугалимдерди газетага жазып, "Ушундай жакшы мугалим болгула, Гүлнарадай жакшы кыздарды тарбиялагыла" , -дейт. Аны окуган башкалар "биз эмне Гүлнаранын мамасынан кембизби. Биз деле жакшы иштейбиз, кыздарыбызды, балдарыбызды Гүлнарадай кылып жакшы тарбиялайбыз" - дешет. Түшүндүңбү?
- И-и түшүндүм...
түшүндүм. Чоң энем
дайым эле "мени ал
эмес гезитке жазган,
мен да жаш кезимде
менмин дегендердин бири болчумун" , - дей берет.
- И-и ошол чоң энеңди мага окшогон журналист жазган турбайбы
анда.
- Сиз да жазасызбы?
- Жазам, жазбаса
журналист болбойт да.
- Сиз мен жөнүндө
жазасызбы?
Ал оңтойсуздангандай үнүн акырын чыгарды.
- Сен жөнүндө жазса
да болот. Эмне үчүн
болбосун. Бакчага
барасыңбы?
- Барам. Дем алыш,
күндөрү барбайм.
Калган күндөрү барам.
- И-и бакчада тентек
кылбай, оюнчуктарды сындырбай, өзүңдөн
кичүүлөрдү урбай,
тартиптүү жүрөсүңбү?
- Ооба,
воспитательница
дайым мени мамама
"кызың жакшы,
тартиптүү" дейт.
Мамам болсо мага,
"Дайым тартиптүү
жүр. Болбосо жаман
кыз болуп чоңоюп
каласың, - дейт...
- Көрдүңбү... мына
сен жөнүндө жазса
болот. "Гүлнара
жакшы кыз, өзүн
бакчада тартиптүү
алып жүрөт. Өзүнөн
кичүүлөрдү урбай,
кайра сооротуп ойнотот. Тарбиячысын капа
кылбайт. Эмне айтса
угуп, учуру менен
аткарып турат.
Гүлнаранын мамасы
мугалим. Ал да жакшы мугалимдерден.
Гүлнарага дайым
туура тарбия
бергендей эле өзү
окуткан балдарга да
туура тарбия берип,
өз билгенин аябай
үйрөтөт. Гүлнаранын
папасы да... Баса,
папаң кайда иштейт?
Гүлнара кичинеге
унчукпай мукактана
түштү. Анан:
- Менин... Менин
папам жок.
Байкабай берген
суроомо өзүм эмне
дээримди билбей,
буйдалып калдым.
Экөөбүз тең үнсүз
унчукпай калдык.
Гүлнаранын астында
чоң күнөө кылгансып башымды төмөн
сала демимди ичиме
катып, үнсүз сүйрөп
бараттым. "Папаң
эмне болду эле?" -
деген суроо
тилимдин учунда
турса да берүүгө
батынбадым. Ал
түгүл ушул маалда
Гүлнараны
карагандан корктум.
Тынчтыкты Гүлнара
өзү бузду:
- Сиз чын эле мен
жөнүндө
жазасызбы?
Мен үнүмдү акырын
чыгарып ишенимсиз:
- Жазса да болот -
дедим. Менин чечкинсиз жообумданбы же
эмнеликтен
билбейм, Гүлнара:
- Эмне папасы жок
болсо жазууга
болбойбу? - Такый
сурады. Шаша түштүм:
- Болот. Эмне үчүн
болбосун. А папаң
эмне болду эле?
Кантип сурап
жибергенимди өзүм
да билбей калдым.
- Папамбы... Гүлнара
жооп бергиси
келбегенсип төмөн
карады. Мен
унчукпадым. Биз
дагы кичине үнсүз
бастык.
- Папам... папам
мамам экөөбүздү
таштап кетиптир.
Муну мага кошунанын кызы
Света айткан. Мен
ыйлагам. Мамама
айтсам мамам да
ыйлаган. Мен мамам
ыйлабасын дейм.
- Мына Гүлнарка үйгө да келдик.
Сөздү башка жакка
бурдум. Гүлнара
чанадан секирип
түшүп:
- Рахмат байке...
- Эч нерсе эмес. Үйгө
кир. Күн суук болуп
келди. Ансыз да
үшүп кетипсиң.
Мейли көрүшкөнчө. ..
Үзүк-үзүк сүйлөй
анын ботонукундай
наристе таза көздөрүн элжирей
тиктеп мурдунан
өөп койдум да,
алыстай бастым. Он
чакты кадам узай
элегимде аркамдан:
- Байке... байке
токтосоңуз? Гүлнара
чуркап келатыптыр.
Энтиге жетип келди.
- Эмне болду? Мен
эки колунан кармап
отура калдым. Ал
үнсүз жер карап,
айтайын дегенин
айталбай турду.
- Айтагой... эмне
дейин дедиң эле?
- Мен... мен... мен
жөнүндө жазсаңыз
"жакшы папасы бар" деп азыңызчы?
Макулбу байке?
Көздөрүн жашылданта тиктеди. Жер көчүп
кеткенсип дуулдап,
сүйлөй албай мууна
түштүм.
- Же антип жазууга
болбойбу? Ал
күнөөлүдөй буту
менен жер чукуду.
- Болот... Болот. Эмне
үчүн болбосун.
Гүлнаранын жакшы
папасы... папасы бар
деп жазууга болот.
Анын көздөрүндө
кубанычтын
учкундары жанып:
- Сиз ошентип
жазыңызчы.
- Макул, сөзсүз
ошентип жазам.
Наристенин демин
суута албай убада
берип жибердим.
- Мейли... Жакшы
барыңыз. Быйтыйган
колдорун булгалай
үйүн көздөй басты.
Жонума бирөө бир
кап туз артып койгонсуп ордумдан
араң турдум. Ал түгүл чекемден чыбырчыктап тер да чыга түшүптүр.
Жүрөгүм уруп жатты
көөдөнүмдү сабап.

#13 14 June 2013 - 10:36
Ишенген доктур сен
болсоң
(Интермедия)
Катышуучулар: -врач жигит - ардагер
кемпир (Окуя алыскы райондордун бириндеги тоо арасындагы айыл жеринде өтөт)
Ак халат кийген врач жигит кирет.
Врач: (өзүнчө) -Мына жер деп ушуну айт. Жаратылышы, абасы өзүнчө эле курорт. Эмнеге мындай жерде иштештен баары качат түшүнбөдүм. Келгениме бир жумадан өттү, али бир да киши "оорулуумун" деп көрүнө элек.

#14 14 June 2013 - 10:43
Ушундай жерде жашагандар оорушпайт деле болуш керек. Шаардан баса бергеним да ырас болуптур. Эртеден кечке кезек күткөндөр өксү болбойт го. Ал түгүл рецепт жазып да үлгүрбөйсүң.
(Аңгыча эшик тыкылдайт) - Кире бериңиз.
Кемпир: - Кирсем болобу? Кагылайын.
Врач: - Кириңиз, кириңиз. Кана мындай отура калыңыз. (орундукту көрсөтөт. Жөн эле жан алы калбай шыпылдап жүрөт.)
- Тамагыңыз ооруйбу? (кемпирге сүйлөөгө мүмкүндүк
бербейт)
- Оозуңузду ачыңыз? (кемпир оозун ачат)
О-ог-оо тиштериңизди качантан бери жууй элексиз. Жеген чучугуңуздун калдыгы жүрөт. Тамагыңыз кадимкидей экен. (мурдунун ичине үңүлөт). - Мурдуңузду көтөрүңүз. (Кыпчууру менен мурдунун ичин кеңейтип карайт)
Кемпир: (Чыдабай кетип) - Оо балам, мурдум соо эле, маңка эмесмин. Врач: - Анда кулагыңыз ооруйбу?
(Кемпирдин кулагынан кармайт)
Кемпир: (Кулагын ала качып) - Кокуй, кулагымды жуласың, кулагым да сопсоо, доктур балам.

#15 14 June 2013 - 10:47
Чычкандын шырт эткен дабышынан бери угам.
Врач: (Кемпирге таң кала карап) - Анан кайсы жериңиз ооруп келдиңиз, жарыктык?
Кемпир: - Бая эле ошентпейсиңби доктур балам. Отура элек жатсам, оозумду ачтырып жеген чучугумдан бери текшердиң. Мурдум да, кулагым да, тамагым да соо. Келгенимдин себеби, кийинки күндөрү буту-колумдун сөөктөрү эле сыздап-какшайт.
Врач: (башын чайкайт) - Ой катыгүн, мен андай ооруларды карабаймын да. Кемпир: - Эмне дейт? Ботом, анан кандай ооруларды карайсың?
Врач: - Кире

#16 18 June 2013 - 15:36
бериште жазылып турат го. Менин кесибимди врач ухо-
горло-нос дейт.
Кемпир: (өзүнчө
чоочуй) - Ук, көр, дос дейсиңби? Же тос дейсиңби, кагылайын. Бул шаардын балдары
улуу, кичүүгө карабай эле теңтушундай кайрыла беришет тура. (Врач сүйлөйүн
десе сүйлөтпөй колун көтөрөт.) -Кой
балам, айыл жерине
келдиң. Эми биздин
ыкка көн. Улууга улуудай, кичүүгө кичүүдөй мамиле жаса. "Ага-ини, эже- карындаш, эне-ата" деп кайрылганды үйрөн. "Дос" дегениң кантип болсун.
Врач: - Ой энеке...
Кемпир: - Ии, ошент балам, "Эне", - деп кой. Эми жаштыгым калды дейсиңби, жетимишке чыктым.
Врач: - Энеке, мен сизди "дос" деген жокмун.
Кемпир: - Мейли балам, укпадым деп эле коеюн. Сени уяткарып, элге жаймак белем. Эч кимге деле айтпайм.
Врач: (Айласы кеткендей) - Энеке, мен кулак, тамак, мурун ооруларын караган доктурмун дегеним. Буту-колу, ашказаны ооругандарды караган врачтар башка болот.
Кемпир: - Эмне, -дейт ботом. Бул айылда жалгыз эле доктур сен эмессиңби?..
Врач: - Ооба, айылда
жалгызмын.
Кемпир: - Деги тиги
Поронзодогу (Фрунзедеги) доктурдуктун чоң окуусун бүткөнсүңбү?
Врач: - Ооба. Ошол
Фрунзе шаарындагы
жогорку окуу жайын
бүтүргөм. Бирок, бизди "узкий специалист" , - деп
коет энеке.
Кемпир: - Ушундай
исписалысыңды,
кандайсың өзүнө
буйрусун балам. Деги
чоң окууну бүтүрсөң
болду да. Бизде Муса
деген доктур бар
болчу. Өзүңдөй болуп илгери чоң
окуу жайын бүткөн. Деги билбегени жок
эле. Байкуш раматылыгы болсун. Мындан жети-сегиз
жыл мурда машинадан авария болуп кайтыш болбодубу. (Өзүнчө
жашып, жоолугунун
учу менен көз жашын аарчыйт.)
Врач: - Кой энеке,
сабыр кылыңыз.
Кемпир: - Жакшы
кишилер аз жашайт
тура. Он эки баламды тең өз колу
менен төрөттү эле,
Мусадан кийин
биздин айылга деги
доктур турбады.
Врач: (Таң калып
башын чайкайт) -
Ушунча бала төрөп,
анан ден-соолугуңуз
азыркыдай болсо...
Кемпир: (ордунан
козголуп) - Ии кокуй
белим. Тил сайраган
менен ден-соолук
жыл өткөн сайын
болбой баратат
балам. Андан көрө
менин оорумду карап, дары-дармегиң болсо
берчи. Сайрабай
кетейин.
Врач: - Энеке, сизге
кантип түшүндүрсөм
экен. Тиги райондун
борборуна барыңыз,
мен кагаз жазып
берейин.
Кемпир: - О кокуй
ботом, өзүң турганда
тиги жүз чакырымдан ашык
жолго, районуна
кантип барам. Андан
көрө балам (жанын
сыйпалап, оролгон
акча алып чыгат) кел бери бол (доктур кемпирге жакындайт, акчаны
тигинин халатынын
чөнтөгүнө салат).
Өзүң эле карап көр
балам.
Врач: (акчаны
колуна алып карап) - Бул эмнеңиз энеке?
Кемпир: - Алып кой балам. Төркүлөгөнүм
ошол. Чай ичип кой.
Кыргызда ушундай
салт бар.
Врач: - Жоо энеке
акчаңыздын кереги
жок. Мен андай
взятичниктерден
эмесмин. (Кайра
акчаны кемпирге
сунат)

#17 18 June 2013 - 15:46
Кемпир: - Уялбай эле
кой балам. (Врачтын
колун ары түртөт.)
Сени акча алат экен
демек белем. Үй-
бүлөң барбы?
Врач: - Жок.
Кемпир: - Андан да
жакшы. Чогулта
берсең калыңдыкка
жарайт.
Врач: - Жок энеке,
акчаңызды кайра
алыңыз. Мен
калыңсыз эле
үйлөнөм.
Кемпир: - Ботом,
кыздын калыңы
болбосо да, каадасы
болот. Той-пойуна
жаратасың. Ашып
баратса, жанагы
легковой машина
сатып аласың.
Акчанын да зыяны
болмок беле балам.
Врач: (Өзүнчө ары
басып акчаны санап
көрүп) - О-ий, бул
өзүнчө эле жарым
айлык тура. Мунусу
жакшы экен го я.
Албаган оюма да
койчудай эмес,
мейличи. (Акчаны
чөнтөгүнө салат.)
Кемпир: (Ордунан
очорулуп туруп,
этегин кармайт). -
Чечинейинби доктур
балам?
Врач:
(шашкалактайт) -
Кое туруңуз энеке.
Мен азыр тигил
"справочникти"
алып келе коеюн.
(Ар жакка жүгүрүп
кетет.)
Кемпир: - Эмнени
алып келсең деле
мейлиң, деги
оорумду көрсөң эле
болду.
Врач: (Ары жактан
килейген китеп
көтөрүп келет) - Та-
ак, сиз кайсыл
жерим ооруйт
дедиңиз. (Китепке
үңүлө барактай
баштайт.)
Кемпир: - Буту-колум
сыздайт. И-и
ушинтип эле алдагы
китебиңди окуп
үйрөнүп кетесиң.
Сенден мурдагы
келген доктур бала
да алгач "оксмин"
дейби ай, деги
көздөн башканы
көрбөймүн дечү.
Анан алдагы
китебин карап, алда
немедей болуп
үйрөнүп калды эле,
аны да жөн койбой,
жанагы "бокис"
дейби бир оңбогон
немеси бар экен го,
келип кармап
кетпедиби. "Чайлык
алат экенсиң", - деп.
Врач: (колундагы
китеби түшүп кетет)
- Я, эмне дейсиз?
ОБХСС дейсизби?
Кемпир: - Ии ошол
оңбогур.
Врач: (шашкалактап
чөнтөгүнөн жанагы
акчаны алып чыгат
да) - Айланайын
энеке, акчаңыз
өзүңүзгө буйрусун,
меңиз. (Кемпирдин
чөнтөгүнө сала
коет.) - Туруңуз
менин шашылыш
жумушум бар.
Кетишим керек.
Кечигип калбайын.
Кемпир: - Анча эмне
болду балам? Анда
эртең келейин.
Врач: (өзүнчө) Бул
жерден ушунчамда
өз арызым менен
качып жоголбосом,
кестирип тынышат
го, биринчи эле
келген кемпир
ушинтсе.
кой балам. (Врачтын
колун ары түртөт.)
Сени акча алат экен
демек белем. Үй-
бүлөң барбы?
Врач: - Жок.
Кемпир: - Андан да
жакшы. Чогулта
берсең калыңдыкка
жарайт.
Врач: - Жок энеке,
акчаңызды кайра
алыңыз. Мен
калыңсыз эле
үйлөнөм.
Кемпир: - Ботом,
кыздын калыңы
болбосо да, каадасы
болот. Той-пойуна
жаратасың. Ашып
баратса, жанагы
легковой машина
сатып аласың.
Акчанын да зыяны
болмок беле балам.
Врач: (Өзүнчө ары
басып акчаны санап
көрүп) - О-ий, бул
өзүнчө эле жарым
айлык тура. Мунусу
жакшы экен го я.
Албаган оюма да
койчудай эмес,
мейличи. (Акчаны
чөнтөгүнө салат.)
Кемпир: (Ордунан
очорулуп туруп,
этегин кармайт). -
Чечинейинби доктур
балам?
Врач:
(шашкалактайт) -
Кое туруңуз энеке.
Мен азыр тигил
"справочникти"
алып келе коеюн.
(Ар жакка жүгүрүп
кетет.)
Кемпир: - Эмнени
алып келсең деле
мейлиң, деги
оорумду көрсөң эле
болду.
Врач: (Ары жактан
килейген китеп
көтөрүп келет) - Та-
ак, сиз кайсыл
жерим ооруйт
дедиңиз. (Китепке
үңүлө барактай
баштайт.)
Кемпир: - Буту-колум
сыздайт. И-и
ушинтип эле алдагы
китебиңди окуп
үйрөнүп кетесиң.
Сенден мурдагы
келген доктур бала
да алгач "оксмин"
дейби ай, деги
көздөн башканы
көрбөймүн дечү.
Анан алдагы
китебин карап, алда
немедей болуп
үйрөнүп калды эле,
аны да жөн койбой,
жанагы "бокис"
дейби бир оңбогон
немеси бар экен го,
келип кармап
кетпедиби. "Чайлык
алат экенсиң", - деп.
Врач: (колундагы
китеби түшүп кетет)
- Я, эмне дейсиз?
ОБХСС дейсизби?
Кемпир: - Ии ошол
оңбогур.
Врач: (шашкалактап
чөнтөгүнөн жанагы
акчаны алып чыгат
да) - Айланайын
энеке, акчаңыз
өзүңүзгө буйрусун,
меңиз. (Кемпирдин
чөнтөгүнө сала
коет.) - Туруңуз
менин шашылыш
жумушум бар.
Кетишим керек.
Кечигип калбайын.
Кемпир: - Анча эмне
болду балам? Анда
эртең келейин.
Врач: (өзүнчө) Бул
жерден ушунчамда
өз арызым менен
качып жоголбосом,
кестирип тынышат
го, биринчи эле
келген кемпир
ушинтсе.
#18 18 June 2013 - 16:16
Кийинкисинен кудай сактасын. (Кемпирге кайрылып) Жок, энекеси. Мен эртең да болбойм. (Халатын чече баштайт.)
Кемпир: (Кетип баратып өзүнчө) - Аа
кокуй, ишенген доктурубуз ушул
болсо, (жанын чабат). Кой, андан көрө баягы эле
табып кемпирге барайын. Алдаса да көңүл жубатар сөзүн
айтаар.
Ч.Абыкеев, 1984-ж.
Кемпир: (Кетип баратып өзүнчө) - Аа
кокуй, ишенген доктурубуз ушул
болсо, (жанын чабат). Кой, андан көрө баягы эле
табып кемпирге барайын. Алдаса да көңүл жубатар сөзүн
айтаар.
Ч.Абыкеев, 1984-ж.
#20 25 June 2013 - 23:56
Астымдан чыккан Маркабайды көргөндө күлкүм келе түштү.
- Ой дос, кейпиң кантет сууга түшкөн тооктой болуп. Эмне турасың бул жерде калчылдап?..
- Күлгөнүңдү көрөм сенин тигил жакка барганда. Менче аялың менен балдарың өтүп кетип өзүң калсаң... -
деп кеп аягын туюктай дугдуюn тескери карады. Ал жаңсап көрсөткөн жакты карасам топурап чогулган эл. Баары бир эшиктен өтүүгө түртүшүп баратат. Так ооздо мурдунда кызыл лапмочкасы бар робот отурат. Ары жакка өтөм деген кишинин тамырын кармап көрүп оорусун шакылдатып айтууда. Бири жакындады эле шап колдон алып: "Күнөөсү аракечтик" деди эле, арыта турган дагы бир роботу дегдеңдете жетелей "Аракечтер" деген топко алпарып кошуп таштады.

Супер-Инфо
super.kg
видео