Жаш акындар Окуп көрүңүз
#22 07 Июнь 2013 - 19:12
Карабаймын картаң, жаш курагыңа,
Какшайм, какшайм сиңсин деп кулагыңа.
Кыргыз деген жүрөктө канды бузуп,
Калбайлычы келечек убалына!
Качырабыз ар ишти жеңилине,
Көңүл бурбай улуттун сезимине.
Казан этке тойбогон калың журтум,
Качан тойгон Кытайдын желимине?
Какшайм, какшайм сиңсин деп кулагыңа.
Кыргыз деген жүрөктө канды бузуп,
Калбайлычы келечек убалына!
Качырабыз ар ишти жеңилине,
Көңүл бурбай улуттун сезимине.
Казан этке тойбогон калың журтум,
Качан тойгон Кытайдын желимине?
#23 07 Июнь 2013 - 19:15
МУХАММЕД С.А.В
(акро ыр)
Миң жыл мурун башталган өбөлгөнү,
Мусулман-деп калтырган көрөңгөнү.
Мага кызык - өмүрү пайгамбардын,
Мага кызык – Меккеде төрөлгөнү?!
Урматыбыз, сыйыбыз намаз менен,
Улуу үнүң жүрөктө аваз деген.
Улуктугуң үгүттөп айтпасам да,
Улуу журтка жеткирем кагаз менен!
Ханын дагы пайгамбар туткандар бар,
Хиджаб кийбей шарият бузгандар бар.
Хаджга барып таптаза суудай болуп,
Халал жашоо башатын уткандар бар.
Алсыздарга күч берип жандуулаган,
Ар бир ишти амалдап талкуулаган.
Адамдарга ыйык дин жетиш үчүн,
Алла Таала куранды тартуулаган.
Мээримдүүнү таанытып жанган тура,
Мелмилдеген күндөрүм жалган тура.
Мезгилинде жүрөктү Жебирейил,
Мухаммедке ак нурдан салган тура.
Мансап эмес, Алланын жарышында,
Момундардын жолу бар дал ушунда,
Маңдайына жазылган пайгамбарлык,
Мөөр басылган элчи деп далысында.
Эрлер өтөт, өтөт да кайрандарың,
Элиң үчүн эң кымбат пайдаң барың!
Эң улууну окуткан, жакын кылган,
Эң, эр жүрөк Мухаммед пайгамбарым!
Дилиң таза, дин таза болуш үчүн,
Дүнүйөңө асылдык конуш үчүн,
Далалатты жасады күндүр-түндүр,
Дидарыңа ыйман нур толуш үчүн!!!
(акро ыр)
Миң жыл мурун башталган өбөлгөнү,
Мусулман-деп калтырган көрөңгөнү.
Мага кызык - өмүрү пайгамбардын,
Мага кызык – Меккеде төрөлгөнү?!
Урматыбыз, сыйыбыз намаз менен,
Улуу үнүң жүрөктө аваз деген.
Улуктугуң үгүттөп айтпасам да,
Улуу журтка жеткирем кагаз менен!
Ханын дагы пайгамбар туткандар бар,
Хиджаб кийбей шарият бузгандар бар.
Хаджга барып таптаза суудай болуп,
Халал жашоо башатын уткандар бар.
Алсыздарга күч берип жандуулаган,
Ар бир ишти амалдап талкуулаган.
Адамдарга ыйык дин жетиш үчүн,
Алла Таала куранды тартуулаган.
Мээримдүүнү таанытып жанган тура,
Мелмилдеген күндөрүм жалган тура.
Мезгилинде жүрөктү Жебирейил,
Мухаммедке ак нурдан салган тура.
Мансап эмес, Алланын жарышында,
Момундардын жолу бар дал ушунда,
Маңдайына жазылган пайгамбарлык,
Мөөр басылган элчи деп далысында.
Эрлер өтөт, өтөт да кайрандарың,
Элиң үчүн эң кымбат пайдаң барың!
Эң улууну окуткан, жакын кылган,
Эң, эр жүрөк Мухаммед пайгамбарым!
Дилиң таза, дин таза болуш үчүн,
Дүнүйөңө асылдык конуш үчүн,
Далалатты жасады күндүр-түндүр,
Дидарыңа ыйман нур толуш үчүн!!!
#24 07 Июнь 2013 - 19:20
ЖАРА
Кыргызстандын эртеңкиси бүдөмүк,
Кайчы жолдо калгансыйбыз түнөрүп.
Кылым бакчу кыргыздардын Кум-Төрү,
Кай тарапка бара жатат түгөнүп.
Канча кайрат кылсам дагы ичимден,
Койго берип, не кылабыз күбөлүк?
Бүт жандыктын даакылары түшсө да,
А биз болсо бүтпөй койдук түлөнүп.
Мына, мына жакшы жышаан дегенде,
Саясатта сасыган бир гүл өнүп.
Ары-бери оюн көрүп атташат,
Ак үй чебин акробаттай күүлөнүп.
Чектеш элге заңгыраган зым тордон,
Чыкчу жолдор чырмалышып бүтөлүп.
Баратамын, баратамын Мекенде,
Басымы жок багыт издеп түтөгүп.
Ырчы дүйнөм ыза тартып токтобой,
Ырбап турат ички жарам күчөнүп.
Өзүң эмес, элиң үчүн кызмат кыл,
Жашасаң да кур дүйнөдө түбөлүк.
Кир келбетиң ушул күндөн тазарып,
Кетсек экен келечекке түзөнүп!..
Кыргызстандын эртеңкиси бүдөмүк,
Кайчы жолдо калгансыйбыз түнөрүп.
Кылым бакчу кыргыздардын Кум-Төрү,
Кай тарапка бара жатат түгөнүп.
Канча кайрат кылсам дагы ичимден,
Койго берип, не кылабыз күбөлүк?
Бүт жандыктын даакылары түшсө да,
А биз болсо бүтпөй койдук түлөнүп.
Мына, мына жакшы жышаан дегенде,
Саясатта сасыган бир гүл өнүп.
Ары-бери оюн көрүп атташат,
Ак үй чебин акробаттай күүлөнүп.
Чектеш элге заңгыраган зым тордон,
Чыкчу жолдор чырмалышып бүтөлүп.
Баратамын, баратамын Мекенде,
Басымы жок багыт издеп түтөгүп.
Ырчы дүйнөм ыза тартып токтобой,
Ырбап турат ички жарам күчөнүп.
Өзүң эмес, элиң үчүн кызмат кыл,
Жашасаң да кур дүйнөдө түбөлүк.
Кир келбетиң ушул күндөн тазарып,
Кетсек экен келечекке түзөнүп!..
#25 07 Июнь 2013 - 23:32
Азаматсын!
!!!
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#26 08 Июнь 2013 - 00:40
Spartak0001 (07 Июнь 2013 - 18:14) жазган:
Теманы ачышы ачып алып, жалкоолонуп жазбай жүрдүм. Бүгүндөн баштап ар бир калемгердин сүрөтү, өмүр баяны, ырлары менен кошо кезек-кезеги менен илип турамын.
жакшы кылдын ушуну жаза баштап, бул темандын тамтыгы кетип, бир чети чан басып жетимсирей тушкон экен...
Билдирүүнү түзөткөн: BORN.kg: 08 Июнь 2013 - 00:41
#27 08 Июнь 2013 - 22:25
#28 06 Сентябрь 2013 - 16:24
Мына ырдын автору менин иним болот, ата башка, эне болок бир тууганбыз:-).
Бул ырды бул жака жазганымдын себеби башка темаларда улуу муундагы, дегиле мыкты акындардын ырлары коп эмеспи.
Эми жаш акындардын ырларын да окуп коруп, баалап, байкап корбойсуздорбу?
Жаш муундарда да алп акындардын жолун жолдоочулар жок эместир...
Эгер ошондой болсо анда алар албетте сиздердин туура сын-пикириниздерге муктаж...
Мелис Маматжанов
Аракеч
Чан баскан кыялдарга таркап журдун,
чуурулган шилекейин чайпап журдун.
Ачууга тыйылбаган алкымынды,
азанда арак менен чайкап журдун.
Тепселеп ырыскындын ушактарын,
балталап озогундун бутактарын.
Мойтойгон оз баланды башка чаап,
мупмуздак ботолкону кучактадын!
Чалынган тундор таппай караанынды,
чачтарын корбой осту тарагынды.
Атандын ак сакалын жашка малып,
апандан ойдо кордун арагынды!
Быкшыган койногунду туруп журдун,
баткакты тизен менен суруп журдун.
Ит дагы ичпей турган сууну ичип,
ит менен астананда уруп журдун!
Байкачы кандай сонун коктом бугун,
болбостур ботолкого чоккондугун.
Окунуп ойдо туруп, сезчи, туйчу,
омурун арак менен откондугун. ..
Жуз грам стакандан колун алчы,
жузунду тырыштырган торун алчы.
Алдыда канча омур калды дагы,
адамзат катарынан орун алчы.
Таштака тамыр байлап онгон жаман,
табытты келмеси жок комгон жаман!
Тендешсиз оо Аллахым кечире кор,
тандайда арак бойдон олгон жаман!
Бул ырды бул жака жазганымдын себеби башка темаларда улуу муундагы, дегиле мыкты акындардын ырлары коп эмеспи.
Эми жаш акындардын ырларын да окуп коруп, баалап, байкап корбойсуздорбу?
Жаш муундарда да алп акындардын жолун жолдоочулар жок эместир...
Эгер ошондой болсо анда алар албетте сиздердин туура сын-пикириниздерге муктаж...
Мелис Маматжанов
Аракеч
Чан баскан кыялдарга таркап журдун,
чуурулган шилекейин чайпап журдун.
Ачууга тыйылбаган алкымынды,
азанда арак менен чайкап журдун.
Тепселеп ырыскындын ушактарын,
балталап озогундун бутактарын.
Мойтойгон оз баланды башка чаап,
мупмуздак ботолкону кучактадын!
Чалынган тундор таппай караанынды,
чачтарын корбой осту тарагынды.
Атандын ак сакалын жашка малып,
апандан ойдо кордун арагынды!
Быкшыган койногунду туруп журдун,
баткакты тизен менен суруп журдун.
Ит дагы ичпей турган сууну ичип,
ит менен астананда уруп журдун!
Байкачы кандай сонун коктом бугун,
болбостур ботолкого чоккондугун.
Окунуп ойдо туруп, сезчи, туйчу,
омурун арак менен откондугун. ..
Жуз грам стакандан колун алчы,
жузунду тырыштырган торун алчы.
Алдыда канча омур калды дагы,
адамзат катарынан орун алчы.
Таштака тамыр байлап онгон жаман,
табытты келмеси жок комгон жаман!
Тендешсиз оо Аллахым кечире кор,
тандайда арак бойдон олгон жаман!
#30 09 Сентябрь 2013 - 11:24
Spartak0001 (07 Июнь 2013 - 18:57) жазган:
Кубанычбеков
Акбар, 1992-жылы 22-апрелде Нарын облусунда Ат-Башы районунун
Кара-Суу айылында жарык дүйнөгө келген. Мектепти борборубуздан аяктап, учурда КУУда 3-курстун студенти.
Жаш акын, "Периштенин канаты" аттуу ырлар жыйнактын автору.
Акбар, 1992-жылы 22-апрелде Нарын облусунда Ат-Башы районунун
Кара-Суу айылында жарык дүйнөгө келген. Мектепти борборубуздан аяктап, учурда КУУда 3-курстун студенти.
Жаш акын, "Периштенин канаты" аттуу ырлар жыйнактын автору.
Ооуу, Акбар бул жакка келип калган тура! Ийгилик! Бу баланын үнү дагы укмуш да))
#31 03 Декабрь 2013 - 00:05
Илхомго
Салам дедим... Салам сага садагам.
Санаар кайгым сен болгонсун самаган.
Жылдап кутуп, жалбырактай саргайып,
Санаркап, мен озунду сагынгам.
Жылдар отуп, ката кетти мен жактан,
Мени кечир, жаштык кылып адашкам.
Жан дуйном, уйгу тушуп кыйналып,
Озумдун ойлорумда чайналгам.
Кечиресиздер. Форумга уюлдук телефондон кирээр элем. Жан дуйномдон чыккан ыр саптарын ошол жакка сактап койом. Кээ бир кыргыз тамгалары жок болгондуктан ушул бойдон сиздер менен болушууго туура келди.
Салам дедим... Салам сага садагам.
Санаар кайгым сен болгонсун самаган.
Жылдап кутуп, жалбырактай саргайып,
Санаркап, мен озунду сагынгам.
Жылдар отуп, ката кетти мен жактан,
Мени кечир, жаштык кылып адашкам.
Жан дуйном, уйгу тушуп кыйналып,
Озумдун ойлорумда чайналгам.
Кечиресиздер. Форумга уюлдук телефондон кирээр элем. Жан дуйномдон чыккан ыр саптарын ошол жакка сактап койом. Кээ бир кыргыз тамгалары жок болгондуктан ушул бойдон сиздер менен болушууго туура келди.
#32 03 Декабрь 2013 - 11:20
Spartak0001 (14 Февраль 2013 - 22:45) жазган:
Сен кайкып конгон сайын гүлдөн-гүлгө,
Сезимим муздап барат күндөн-күнгө
Из суутуп, колго түшпөс кылмышкердей
Ишенбейм куру-бекер күлгөнүңө!
Жалганга ачсаң дагы жолду кенен,
Жатсам да кулак угуп - болдум керең.
Сук артпай, сулуу көздүн баардыгына,
Суранам, жүрсөң боло ордуң менен!
Ак сүйүүң арнай берип ар-кылына,
Айланып жиксиз күндөр тагдырыңа.
Кечигип, чын бактыңды таппай жүрүп,
Керексиз болуп калба баардыгына!
Нуркыз Рыскулова
Сезимим муздап барат күндөн-күнгө
Из суутуп, колго түшпөс кылмышкердей
Ишенбейм куру-бекер күлгөнүңө!
Жалганга ачсаң дагы жолду кенен,
Жатсам да кулак угуп - болдум керең.
Сук артпай, сулуу көздүн баардыгына,
Суранам, жүрсөң боло ордуң менен!
Ак сүйүүң арнай берип ар-кылына,
Айланып жиксиз күндөр тагдырыңа.
Кечигип, чын бактыңды таппай жүрүп,
Керексиз болуп калба баардыгына!
Нуркыз Рыскулова
Жакшы саптар экен.
Нуркыз Рыскулова дегенди тааныбайм бирок.
Лев и тигр сильнее волка, но волк не выступает в цирках...
#33 03 Декабрь 2013 - 11:24
Spartak0001 (07 Июнь 2013 - 18:15) жазган:
МУХАММЕД С.А.В
(акро ыр)
Миң жыл мурун башталган өбөлгөнү,
Мусулман-деп калтырган көрөңгөнү.
Мага кызык - өмүрү пайгамбардын,
Мага кызык – Меккеде төрөлгөнү?!
Урматыбыз, сыйыбыз намаз менен,
Улуу үнүң жүрөктө аваз деген.
Улуктугуң үгүттөп айтпасам да,
Улуу журтка жеткирем кагаз менен!
Ханын дагы пайгамбар туткандар бар,
Хиджаб кийбей шарият бузгандар бар.
Хаджга барып таптаза суудай болуп,
Халал жашоо башатын уткандар бар.
Алсыздарга күч берип жандуулаган,
Ар бир ишти амалдап талкуулаган.
Адамдарга ыйык дин жетиш үчүн,
Алла Таала куранды тартуулаган.
Мээримдүүнү таанытып жанган тура,
Мелмилдеген күндөрүм жалган тура.
Мезгилинде жүрөктү Жебирейил,
Мухаммедке ак нурдан салган тура.
Мансап эмес, Алланын жарышында,
Момундардын жолу бар дал ушунда,
Маңдайына жазылган пайгамбарлык,
Мөөр басылган элчи деп далысында.
Эрлер өтөт, өтөт да кайрандарың,
Элиң үчүн эң кымбат пайдаң барың!
Эң улууну окуткан, жакын кылган,
Эң, эр жүрөк Мухаммед пайгамбарым!
Дилиң таза, дин таза болуш үчүн,
Дүнүйөңө асылдык конуш үчүн,
Далалатты жасады күндүр-түндүр,
Дидарыңа ыйман нур толуш үчүн!!!
(акро ыр)
Миң жыл мурун башталган өбөлгөнү,
Мусулман-деп калтырган көрөңгөнү.
Мага кызык - өмүрү пайгамбардын,
Мага кызык – Меккеде төрөлгөнү?!
Урматыбыз, сыйыбыз намаз менен,
Улуу үнүң жүрөктө аваз деген.
Улуктугуң үгүттөп айтпасам да,
Улуу журтка жеткирем кагаз менен!
Ханын дагы пайгамбар туткандар бар,
Хиджаб кийбей шарият бузгандар бар.
Хаджга барып таптаза суудай болуп,
Халал жашоо башатын уткандар бар.
Алсыздарга күч берип жандуулаган,
Ар бир ишти амалдап талкуулаган.
Адамдарга ыйык дин жетиш үчүн,
Алла Таала куранды тартуулаган.
Мээримдүүнү таанытып жанган тура,
Мелмилдеген күндөрүм жалган тура.
Мезгилинде жүрөктү Жебирейил,
Мухаммедке ак нурдан салган тура.
Мансап эмес, Алланын жарышында,
Момундардын жолу бар дал ушунда,
Маңдайына жазылган пайгамбарлык,
Мөөр басылган элчи деп далысында.
Эрлер өтөт, өтөт да кайрандарың,
Элиң үчүн эң кымбат пайдаң барың!
Эң улууну окуткан, жакын кылган,
Эң, эр жүрөк Мухаммед пайгамбарым!
Дилиң таза, дин таза болуш үчүн,
Дүнүйөңө асылдык конуш үчүн,
Далалатты жасады күндүр-түндүр,
Дидарыңа ыйман нур толуш үчүн!!!
Мына эн сонун ыр !!!
Лев и тигр сильнее волка, но волк не выступает в цирках...
#34 07 Декабрь 2013 - 16:25
Jakwy tema eken.
Жан дуйномо булук салып куйуктор,
Жалынынан кулго айланды умуттор.
Азабыма чыдабасан бош койдум,
Акыл калчап башка жанды суйуп кор.
Жалынынан кулго айланды умуттор.
Азабыма чыдабасан бош койдум,
Акыл калчап башка жанды суйуп кор.
#38 03 Декабрь 2014 - 12:12
Кубанычтуу кабар.
Таскагы катуу, учурдун мыкты жаш акындарынын сао бири, "суйуу менен суйлошуп" , "доор унун" уга алган, узун элдин учуна, кыска элдин кыйырына аты угулуп, атагы Алайга, данкы далайга жете баштаган Мелис Маматжановдун алгачкы ыр жыйнагы жакында эле жарыка чыкты. Молтурогон позияны жанындай коргон, журок кылын черткилеген лирикага чанкаган, суйуу ырларын суйуп окуган, атуулдук ырларды муюп окуган жан болсонуз анда жаш акындын "Апакемдин алмасы" аттуу китебин алып калганга шашылыныныз.
Кантип, кайдан алам деген ой сизди кыйнаса мага кайрылсаныз да болот.
Таскагы катуу, учурдун мыкты жаш акындарынын сао бири, "суйуу менен суйлошуп" , "доор унун" уга алган, узун элдин учуна, кыска элдин кыйырына аты угулуп, атагы Алайга, данкы далайга жете баштаган Мелис Маматжановдун алгачкы ыр жыйнагы жакында эле жарыка чыкты. Молтурогон позияны жанындай коргон, журок кылын черткилеген лирикага чанкаган, суйуу ырларын суйуп окуган, атуулдук ырларды муюп окуган жан болсонуз анда жаш акындын "Апакемдин алмасы" аттуу китебин алып калганга шашылыныныз.
Кантип, кайдан алам деген ой сизди кыйнаса мага кайрылсаныз да болот.
#39 10 Февраль 2016 - 20:40
Бердибектин ырлары аябай жагат. Автор эмнеге токтотуп койгонсун?
БААРЫ ЖАКШЫЛЫК УЧУН!!!
#40 10 Февраль 2016 - 20:46
Автор кирбей калган тура. Убактым болгондо алып келип турам ырлардан.
БААРЫ ЖАКШЫЛЫК УЧУН!!!