Суперстан: Таасирлүү окуялар - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Билерман
  • > Дин жана философия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (59 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Таасирлүү окуялар Аңгемелер, ой-толгоолор

#61 Пользователь офлайн   Evelet   09 Июнь 2013 - 09:19

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 382
  • Катталган: 13 Ноябрь 09
  • Соңку аракети: 04 Авг 2020 13:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Алтын тор

Кечирим


Абу Ханифа жолдо кетип бара жатып, жүзүн катып багытын башка тарапка бурган адамды көрдү. Имам өзүн ыңгайсыз сезди. Ал адамды чакырып: -Эмне үчүн мени көрүп башка тарапка бурулдуң?-деп сурады. Тиги адам мукактанып: -Мен сизден 10 000 акча карызга алдым эле, белгиленген убакта төлөй албай калдым. Уялганымдан сиздин көзүңүзгө көрүнбөйүн дедим, -дейт. Улуу имам: -АЛЛАХка мактоолор болсун! Мен ал акчаны сага белек кылдым. Сени жаман абалга калтырганым үчүн мени кечир,- деген экен.

Билдирүүнү түзөткөн: Evelet: 09 Июнь 2013 - 09:20

Жанымда бол! Айырмасы жок кай жерде болгонубуздун. ..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#62 Пользователь офлайн   Evelet   09 Июнь 2013 - 09:21

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 382
  • Катталган: 13 Ноябрь 09
  • Соңку аракети: 04 Авг 2020 13:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Алтын тор


Дүнүйө азгырыгы


Бир күнү кечинде бир адам соода - сатык кылган катарлардан өтүп бараткан. Жакын жердеги мечитте азанчы намазга азан чакырып баштаганда, күтүүсүздөн бир аялга назары түштү. Кара кийимчен жана бетинде пардасы болсо да ага тартылып кетти. Аял көз багып турган адамды байкаган соң, анын карашына жооп катары жалт бурулуп ага башын ийкеп өз жагына жаңсады да, азгырып соода орундуктарын аралатып алып жөнөдү. Тиги адам сыйкырланып калган сыяктуу көз ирмемде акылын жоготту. Ал белгисиз аялдын изине түшпөө керектигин ойлоп ар кандай жоромол кылууга аракет кылды. «Азыр намаз убагы эмеспи?» - деди өзүнө. Бирок, кеч болуп калган, кайрадан аялдын артынан түштү. Аялдын караанын жоготуп албаш үчүн кадамдарын ылдамдатып демиге соода- сатык катарларын аралап баратты. Ал эми аял болсо, жеткирбей басканга аракет кылганы менен кайрыла турган жерлерде бир аз тыным алып, артында келе жаткан адамга жол көрсөтүп келе жатты.
Аял күтүүсүздөн жалт бурулду. Тиктеше калганда анын жүзүнө жабылган чүпүрөктөн да көздөрү мыскыл күлүңдөп турганын байкады. Бирок, мага ушундай сезилип жатат го деп өзүн ишендирди.
Аял эми тиги кишинин ышкысы менен ойноп жетелеп келе жатты. Улам барган сайын аялга жетип аны кармап ала турган болот. Бирок аял ойт берип улам алдыгы жыла берди. Ушинтип отуруп алар базарды артка калтырышты. Жанагы жолуккан жерден бир топ алыстап кетишти. Балким, бул аял акылынан адашкан немедир? Ал минтип ойлонгуча аял белгисиз жакка алып жөнөдү. Ошентип, алар шаардын четине жетип калышты.
Алардын ортосун 20 мерчемдей аралык бөлүп турган. Качан ал аялды караганда менин артымдан жүр деп качанкы табытка алып бара турган чоң коло эшикти ачты жана өзү кирип кетти. Тиги киши ичкери кирип, шашылып баратып бир бөлмөгө туш келди. Эшиктин маңдайында жыйнактуу керебетте баягы азгырып келген аял отурат. «Бери бурул жана эшикке кара! Ачкычты алып кел!» -деди аял өктөм үн менен. Киши болсо бейтааныш аялдан назиктикти күтүп айтканын аткарды. Аял күтүүсүздөн «муну ыргыт!» деп кыйкырды. Тиги киши аялга азгырылып келгенин эми түшүндү. Мындай чечкинсиздикти байкаган аял: « Кана, сен намазыңды калтырып мени ээрчип келбедиңби? » -деп келекелеп күлө баштады. Тиги киши үнсүз турду.
«Кечки намаздын убактысы өттү» - деп кулагына шылдыңдап шыбырады. Сен эмне турасың? Таштабайсыңбы? Сен менин ким экенимди билгиң келбейби? Тиги киши өзүн кармана албай ыргыткан ачкыч кантип түшүп баратканын байкаш үчүн колун кудукка салды. Ушул учурда анын көкүрөгүндө каардуу сезим пайда болуп, кыйкырып, же талкалап салгысы келди. Ал тан калды, коркту, анан барып түшүндү.
«Эми мени көрсөң болот», - деди бейтааныш аял жамынгычын таштап. Тиги адамдын көз алдында ажарлуу, азыткылуу аял эмес эле бети - башынын тамтыгы жок тырык издер, бырыш баскан мастан турду. Мени көңүл коюп кара! Менин атым Дүнүйө. Мен сен издеген дүнүйөмүн! Мен сенин сүйүктүүңмүн! Сен менин артымдан ээрчийм деп акылыңдан адаштың. Мына биз сенин кабырыңдан кезиктик. Сен муну өзүң каалагансың, кош келдиң!


Урматтуу бурадарым келиниз акыретибизди дүнүйөгө алмаштырбайлы. Бул дүнүйө акыретке эгин эгүүчү жай эмес беле? Бул жашоодо акыретке болгон камыбызга кайдыгер болбойлу!


Жанымда бол! Айырмасы жок кай жерде болгонубуздун. ..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#63 Пользователь офлайн   Evelet   09 Июнь 2013 - 09:23

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 382
  • Катталган: 13 Ноябрь 09
  • Соңку аракети: 04 Авг 2020 13:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Алтын тор


Энесинин курсагындагы эгиздердин диалогу




Кошбойлуу аялдын ичиндеги эки ымыркай сүйлөшүп жатат. Биринчиси мусулман экинчиси атеист
Атеист ымыркай:
–Сен төрөттөн кийинки жашоого ишенесиңби?
Мусулман ымыркай:
–Албетте, төрөттөн кийин жашоо бар экендиги баарыга түшүнүктүү. Биз бул жерде болушунча күчтүү жана бизди күтүп жаткан нерселерге даяр болуу үчүн жашап жатабыз.
Атеист ымыркай:
– Бул келесоолук! Төрөттөн кийин эч кандай жашоо жок! Сен кандай жашоо болорун элестете аласыңбы?
Мусулман ымыркай:
–Мен майда–чүйдөсүн айта албайм, бирок, ал жакта мындан да жарык жашоо болоруна ишенем жана биз өзүбүз басабыз, өзүбүз тамактанабыз.
Атеист ымыркай:
–Кандай гана акылсыздык! Өзүбүз басып, жеп–ичкенге мүмкүн эмес! Бул күлкү келээрлик нерсе! Бизди киндик азыктандырат. Билесиңби, төрөттөн кийин жашоо жок, анткени биздин жашоо–киндик, ал эми киндик ансыз да кыска.
Мусулман ымыркай :
–Мен ишенем, бул мүмкүн. Бардыгы бир аз башкачараак болот.
Муну элестетсе болот.
Атеист ымыркай:
–Бирок, ал жакка эч ким барып келген эмес! Жашоо төрөт менен бүтөт. Жашоо бирөө гана,


Мусулман ымыркай:
–Жок, жок! Жашообуз кандай болорун так биле албайм бирок, кандай болсо да, биз апабызды көрөбүз жана ал биздин камыбызды ойлойт.
Атеист ымыркай:
–Апа, Сен ага ишенесиңби? Ал кайда жүрөт?
Мусулман ымыркай:
–Ал биздин айланабызда, бардык жерде жүрөт. Биз ал бар үчүн жашап турабыз.
Атеист ымыркай:
– Жеткен акылсыздык! Мен эч кандай апаны көргөн эмесмин, ошондуктан ал жок, болбойт дагы.
Мусулман ымыркай:
–Мен сени менен макул эмесмин, анткени кээде анын ырдаганын угууга болот. Тонубуздан сылап жатканканын сезүүгө болот. Биздин чыныгы жашообуз төрөттөн кийин башталарына терең ишенем.

Билдирүүнү түзөткөн: Evelet: 27 Июль 2013 - 20:16

Жанымда бол! Айырмасы жок кай жерде болгонубуздун. ..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#64 Пользователь офлайн   Evelet   09 Июнь 2013 - 09:23

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 382
  • Катталган: 13 Ноябрь 09
  • Соңку аракети: 04 Авг 2020 13:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Алтын тор

Ата сүйүүсү




Жаш жигит окуусун бүтүп, диплом ала турган күнүн күтүп жүрдү. Ал көргөзмө залдан бир спорттук машинаны жактырып калып, атасынан диплом алганда ошол машинаны белек кылышын суранды. Диплом аларга аз калганда уулу атасынан машинаны сатып алгандыгы жөнүндө кабар күтүп жатты. Бир күнү атасы ушундай билимдүү уулу бар экендиги менен сыймыктангандыгын, аны жакшы көрөрүн айтуу үчүн өзүнө чакырды.

Уулу атасына барды, атасы белекке окшогон коробканы уулунун алдына койду. Сүйүнүп, бир чети таң калган уулу коробканы ачты. Коробканын ичинде булгаары менен сыртталган Куран китеп бар эле. Куранды көрүп кыжырданган уулу башын көтөрүп, атасына катуу кыйкырды.

- Ушундай абалыңда болгону мага Куран белек кыласыңбы?

Уулу Куранды албай, ачууланып эшикти тарс жаап чыгып кетти, ошол бойдон кайрылып келбеди.

Арадан көптөгөн убакыттар өттү. Уулу аябай таң каларлык карьера жасап, чоң үйлүү болду, үйлөндү. Күндөрдүн биринде атасын эстеп, ага жолугуп, акыбалын сурап келүүнү чечет. Атасы ал кезде улгайып калган эле. Эми гана атасына жөнөп жаткан убакта ага атасынын каза болгондугу жана бардык мал-мүлкүн уулуна таштагандыгы жөнүндө кабар келди.

Уулу атасынын үйүнө келди. Жүрөгү кайгы менен өкүнүчкө толду. Атасынын кагаздарын карап олтуруп, баягы атасы белек кылган Куран китепти көрүп, өксүп ыйлады. Куранды алып, барактап жатты. Бир кезде китептин арасынан конвертти көрдү. Конвертти ачканда ичинен баягы көргөзмө залдагы спорттук машинанын ачкычы жерге түшүп кетти. Ачкычта сатуучунун “Баары төлөнгөн” деген этикеткасында бар эле.

Билдирүүнү түзөткөн: Evelet: 27 Июль 2013 - 20:17

Жанымда бол! Айырмасы жок кай жерде болгонубуздун. ..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#65 Пользователь офлайн   Evelet   09 Июнь 2013 - 09:29

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 382
  • Катталган: 13 Ноябрь 09
  • Соңку аракети: 04 Авг 2020 13:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Алтын тор

Бузулбай турган үй курам десеңиз

Мамлекеттин башкаруучусу кемчилиги жок шаар курууну чечип, шаарды куруу идеясын ишке ашыруу үчүн дүйнөдөгү эң белгилүү архитекторлорду алып келет. Арадан жыл өтүп, шаардын курулушу аяктайт. Башкаруучу шаарды көрсөтүү үчүн алгач башка өлкөлөрдүн падышаларын чакырат. Падышалардан кийин шаарды карапайым калкка көрсөтөт. Көргөндөрдүн баары шаардын кемчиликсиз курулганын, дүйнөдөгү жалгыз кемчилдиксиз шаар экендигин айтып бүтө алышпай атканда, бир абышка чыгып: “Башкаруучу, эгер сен мага ырайым кылсаң, мен сага бул шаардын эки кемчилигин айтайын”-дейт. Башкаруучу макул болуп, абышка сөзүн баштады.

- Бул шаарды курган куруучу эртеби-кечпи бул дүйнөдөн өтөт. Бул биринчи кемчилик.Бул шаар акыры бир күнү кыйрап, урандыга айланат. Бул экинчи кемчилик.
Хан : Анда мен эмне кылуум керек?
- Сен өзүң үчүн эч качан урабай турган жана эч качан эскирбей турган, өлбөй турган шаар курушуң керек.
- Андай шаарды кантип курам?
- Ал шаар – Бейиш. Ал шаарды сен жакшы иштериң менен гана курушуң мүмкүн!! !

Билдирүүнү түзөткөн: Evelet: 27 Июль 2013 - 20:18

Жанымда бол! Айырмасы жок кай жерде болгонубуздун. ..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#66 Пользователь офлайн   Evelet   09 Июнь 2013 - 09:33

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 382
  • Катталган: 13 Ноябрь 09
  • Соңку аракети: 04 Авг 2020 13:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Алтын тор

Сиз бул үч суроонун жообун билчү белеңиз?

Жаш жигит өзүн түйшөлткөн суроолоруна жооп бере ала турган адамдарды издеп, жооп тапканга аракет кылды. Көптөгөн адамдардан сурады, бирок эч ким жооп бере албады.Бир убакта бир билимдүү мусулманды жолуктуруп калып, суроолорун берди.

1. Кудай барбы? Эгер бар болсо, мага анын сөлөкөтүн көрсөтчү?
2. Тагдыр деген эмне?
3. Эмне үчүн шайтан оттон жаралганы менен баардык тарабы от болгон тозокко кирет? Тозок да, шайтан да от болгону үчүн шайтанга тозокко түшүү кыйынчылыкты туудурбайт. Эмнеге Аллах ушуну ойлонгон эмес?
Кокусунан билимдүү киши жаш жигитти алакан менен катуу чаап жиберди.
- Эмнеге сен мага ачууланып жатасың?
- Мен ачууланбадым. Бул жөн гана сенин суроолоруңа жооп болчу.
- Кандайча?
- Мен сени ургандан кийин менин урганымды сезишиң үчүн урдум.
- Албетте, мен ооруганын сездим.
- Демек, сен оору бар экендигине ишендиңби?
- Ооба.
- Анда сен мага Кудайдын сөлөкөтүн көрсөт – деди билимдүү киши.
- Жок, мен көрсөтө албайм.
- Бул сенин биринчи сурооңдун жообу...... Эми айтчы, түндө түшүңдө мен сени алакан менен чапканымды көрдүңбү?
- Жок.
- Сен бүгүн менин алакан менен чабарымды качандыр бир убакта ойлодуң беле?
- Жок.
- Бул тагдыр. Менин колдорум эмне менен жабылган?
- Тери.
- А сенин бетиңчи?
- Тери.
- мен урганда сенин бетиңдин териси оорудубу?
- Аябай ооруду.
- Сенин бул жообуң болсо, үчүнчү сурооңдун жообу...


Билдирүүнү түзөткөн: Evelet: 27 Июль 2013 - 20:19

Жанымда бол! Айырмасы жок кай жерде болгонубуздун. ..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#67 Пользователь офлайн   Evelet   09 Июнь 2013 - 09:35

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 382
  • Катталган: 13 Ноябрь 09
  • Соңку аракети: 04 Авг 2020 13:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Алтын тор

Кызыктай суроо




Абу Ханифага бир адам келип, менде сенин ишенимиң жөнүндө суроом бар:
Шайтан иблис оттон жаралып, ошол эле убакта Куранда иблис отто күйөт деп айтылат. От оттун зыянына себеп боло алабы?
Абу-Ханифа эки мүнөт күтө тур деп, үйүнө кирип кетти. Үйүнөн колуна кирпич ала чыкты да, тиги кишинин чекесине уруп жиберди.
-Эмне үчүн менин чекеме кирпич менен уруп жатасың?- деп сурады ал.
Абу Ханифа:
- “Кирпич топурак менен суудан турган ылайдан жасалган, эгер мен сага топурак чачып же суу куюп жиберсем сага эч нерсе болмок эмес, бирок кирпичтин өзү менен ургандан кийин сенин чекеңде кандай шишик пайда болгонун кара.
Кирпич топурактан жасалган, сен да топурактан жасалгансың, ошондой эле от да отту куйкалай алат.

Билдирүүнү түзөткөн: Evelet: 27 Июль 2013 - 20:20

Жанымда бол! Айырмасы жок кай жерде болгонубуздун. ..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#68 Пользователь офлайн   Evelet   09 Июнь 2013 - 09:41

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 382
  • Катталган: 13 Ноябрь 09
  • Соңку аракети: 04 Авг 2020 13:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Алтын тор


Адал ырыскыңызды арамга айландырбаңыз


Мусулмандардын башчысы Али бир күнү өзүнүн кызматчысы менен мечитке намаз окуганы кирет. Мечитке кирип баратып, сыртта турган бир адамга намаз окуп болгуча карай тур деп минип келген атын калтырып кирип кетет. Али менен кызматчысы намазын окуп бүткөн соң сыртка чыгышып, атка көз салып турган киши менен аттын жүгөнү жок экендигин көрүшөт. Жүгөндүн уурдалганына ишенишпейт. Жүгөндү издеп табышпайт. Али атка көз салып турганы үчүн тиги кишиге бергиси келген эки дирхамын кызматчысына берип, базардан жүгөн сатып келүүгө жөнөтөт. Жүгөнгө кеткен кызматчысы базардан өзүнүн атынын жүгөнүн алып келет. Жүгөндү көргөн Али кайдан таап келдиң деп сурайт.
-Мен тиги кишини базардан таап алдым. Ал жүгөндү базарда мага эки дирхамга сатты. Анда Али “Караңызчы, ал арам жол менен акча тапкысы келиптир”-деди.
Эгер Али акча бергенде, ал адал жол менен келген акча болмок! Арам жол менен акча тапса болот, бирок анда адам өзүн арамга айлантат. Баары Жаратуучу тарабынан алдын-ала жазылган болсо да, ач көздүлүгүбүздүн айынан адал менен келе турган ырыскызыбызды шашып, арам менен таап алабыз.

Билдирүүнү түзөткөн: Evelet: 27 Июль 2013 - 20:21

Жанымда бол! Айырмасы жок кай жерде болгонубуздун. ..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#69 Пользователь офлайн   Evelet   09 Июнь 2013 - 09:43

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 382
  • Катталган: 13 Ноябрь 09
  • Соңку аракети: 04 Авг 2020 13:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Алтын тор

Кебетеси суук дебеңиз

Кебетеси жагымсыз, көрксүз бир адам жашаган экен. Ал жалгыз жашачу жана аябай кедей эле. Ал өзүнө эскирген кездемелерден кийимдерди тикчү. Койдун терисинен чоң, бийик баш кийим тигип кийчү. Бул адам бир шаардан бир шаарга кезип жүрчү. Бир жолу бир шаарга барып калды. Ал шаардын адамдары аны колдору менен кезеп, “ой, карагылачы, аябай түрү суук, кебетеси бузук адам экен, баш кийими да аябай күлкүлүү экен!!! ” дешип мыскылдашты. Тиги адам болсо, токтоо гана “Ассалам алейкум! Билесиңерби, бул кийимдерди мен өзүм тиккенмин. Менин кийимимди мазактаганыңар үчүн силерди кечиремин. Бирок мени Аллах жараткан жана Ал силерди кечирсе болду эми – деген экен. Ошондуктан туугандар эч убакта адамдардын кебетесине же жаратылышына карап сын пикир айтуудан алыс бололу, анткени ал кебетени Алла жаратты.

Билдирүүнү түзөткөн: Evelet: 27 Июль 2013 - 20:21

Жанымда бол! Айырмасы жок кай жерде болгонубуздун. ..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#70 Пользователь офлайн   Evelet   09 Июнь 2013 - 09:45

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 382
  • Катталган: 13 Ноябрь 09
  • Соңку аракети: 04 Авг 2020 13:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Алтын тор


Бүгүнкү байлык эртеңки кедейлик

Бир ыймандуу аял бай соодагерге турмушка чыгат. Ал байдын чоң дүкөнү бар эле жана бул жерде бай кездеме, кийим сатып оокатын кылчу. Ал бай болгону менен абдан сараң адам эле. Күндөрдүн биринде бай кечинде үйүнө бир тоок алып келип, аялына тоок этинен кечки тамак жасаарын суранды. Тамактанып жаткан убакта дарбазанын такылдаганынан улам бай сыртка чыкты. Дарбазанын жанында абдан курсагы ачып, тамаксыз ачка калган кедей турган эле. Ал байдан бир аз тамак сураганда, бай баш тартып, ачууланып, ага кыйкырып, дарбазасын катуу жаап, тамакка кайтып келди.
Аялы:
- Эмнеге кедейге кыйкырып, анын жүзүнө дарбазаны жаап салдын?
- Сен менин эмне кылышымды кааладын эле? Аялы:
- Тоок этинин жарымын же бир канатын бергенинде, байкуш кедей аз да болсо ачкалыктан арылмак!
Күйөөсү:
- “Эмне, бир бүтүн канатты беришим керек беле? Сен акылдан азгансынбы, эмне!” – деп, аялына ачууланды.
Анда аялы: “Жок дегенде жакшы бир жылуу сөз айтып койсоң болмок!”- деди.
Арадан убакыт өтүп бай дүкөнүнө келип, дүкөнүнүн ичиндеги кездеме, кийим-кече баары күйүп кеткенин көрдү. Эми байда эч нерсе калбады. Бай үйүнө капалуу келип, аялына иштин чоо - жайын айтты.
Аялы:
- Маанайынды чөктүрүп, кайгырба! Аллах мунун артынан сөзсүз кубаныч, ырыскы берет. Күйөөсү: “Ээ, аял, ук мени! Ошол кубаныч келгенге чейин сен төркүнүнө кет, мен сага бир нерсе корото тургандай абалда эмесмин”-деп ачуулнды.
Ошентип бай аялы менен ажырашты. Тиги аял өзү айткандай, ак ниет, колу ачык, мээримдүү, кедей ачкаларга жардам берген адамга турмушка чыкты. Күндөрдүн биринде күйөөсү экөө тамактанып отурганда дарбаза такылдап, аялы дарбазаны ачып калды.
- Бир ачка калган кедей адам бир аз тамак берүүбүздү сурап жатат.
-Үйдөгү эки тоок этинин бирөөсүн берип кой. Экөөбүздүн кечки тамагыбызга калганы жетет. Сурап келген адамдын колун бош кайтарган болбойт! –деди күйөөсү.
Аялы: “Сендей колу ачык, ак көңүл адамдар аз!”-деп, тоок этинин бирөөсүн тиги кембагалга алып чыгып берди. Кайрадан кайтып келип дасторконго олтуруп , аялы көзүнө жаш толуп тамагын жеп жатты, күйөөсү аны байкап калды.
- Сенин ыйлашыңа эмне себеп болду?
- Аябай капалануу менен ыйлап жатам.
- Эмнеге капа болдуң?
- Себеби, жана эле биздин дарбазаны кагып, тамак сураган, сен эт берген кедей менин биринчи күйөөм болчу. Бир жолу ал бай кезинде акча калып, тамак сурап келген кедейге тамак бергендин ордуна, катуу кыйкырып сүйлөп, кедейдин сунган колун сумсайтты эле.
Күйөөсү: “Ээ, жубайым! Азыр биздин дарбазаны каккан кедей сенин биринчи күйөөң болсо, ошондогу силердин эшигиңерди такылдаткан кедей мен болчумун”-деди.

Билдирүүнү түзөткөн: Evelet: 27 Июль 2013 - 20:22

Жанымда бол! Айырмасы жок кай жерде болгонубуздун. ..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#71 Пользователь офлайн   zhiza   09 Июнь 2013 - 09:52

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 517
  • Катталган: 18 Июнь 11
  • Соңку аракети: 30 Мар 2018 09:18
  • Жынысы:Аялзаты

Ушунун баарын, алтындай убактынызды коротуп,зерикпей жазып,биз менен болушконунуз учун чон рахмат!Чындыгында таасирлуу окуялар экен,жакты. Сүрөт
Адамга адам кымбат болуш керек....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#72 Пользователь офлайн   Evelet   09 Июнь 2013 - 09:54

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 382
  • Катталган: 13 Ноябрь 09
  • Соңку аракети: 04 Авг 2020 13:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Алтын тор


Миң сөзүңөн бир үлгүлүү ишиң артык

Мечиттин имамы Британиянын Лондон шаарына көчүп барып, жашап калат. Ал шаарга чыкканда дайыма бир автобус менен каттачу. Күндөрдүн биринде дайым түшүп жүрчү автобусу менен мечитке жөнөйт. Бул автобусту дайыма бир айдоочу айдар эле. Имам жол билетин алуу үчүн айдоочуга акча берет. Айдоочу имамга 20 пенс ашыкча кайтарым кайтарат. Айдоочунун ашыкча кайтарым кайтарып бергенин көргөн имам ашыгын кайтарып берүүнү ойлойт. Бирок, бир кезде ал: “Кайтарып бербей эле коеюн. Бул Аллахтын мага белеги. Айдоочу менден башкаларга саткан билетинен деле пайда көрөт”-деп ойлонуп, кайтарып бербей турган болот. Автобус имам тушчү аялдамага келип токтойт. Бир саамга ойлонуп туруп калган имам айдоочуга ашыкча акча кайтарганын айтып, айдоочуга акчаны карматат. Имамдын чынчылдыгына ыраазы болгон айдоочу: “Сиз бул райондогу мечиттин имамысызбы? Мен көптөн бери сиз имамдык кылган мечитке кирейин деп жүрөм. Ал эми бул ашыкча кайтарымды сизди сыноо үчүн берген элем”-деди. Айдоочунун сөздөрүнөн кийин имам буттарын араң шилтеп автобустан түштү, алдындагы түркүктү кармап туруп калды да, “Оо, Аллахым! Арзыбаган аз акча үчүн исламды сатып ийейин дедим”-деп ыйламсырады.
Мына, туугандар, биздин жасап жаткан иштерибизди мүмкүн кимдир бирөө артыбыздан байкап жүрөт. Бир эле мусулмандын жаман жоруктарынан улам жалпы мусулмандарга сөз тийип калышы мүмкүн. Ошондуктан, ар дайым жасап жаткан иштерибиз менен башкаларга үлгү, мисал бололу.

Билдирүүнү түзөткөн: Evelet: 27 Июль 2013 - 20:23

Жанымда бол! Айырмасы жок кай жерде болгонубуздун. ..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#73 Пользователь офлайн   Evelet   09 Июнь 2013 - 09:55

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 382
  • Катталган: 13 Ноябрь 09
  • Соңку аракети: 04 Авг 2020 13:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Алтын тор

zhiza (08 Июнь 2013 - 21:52) жазган:

Ушунун баарын, алтындай убактынызды коротуп,зерикпей жазып,биз менен болушконунуз учун чон рахмат!Чындыгында таасирлуу окуялар экен,жакты. Сүрөт


Сүрөт
Жанымда бол! Айырмасы жок кай жерде болгонубуздун. ..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#74 Пользователь офлайн   Evelet   09 Июнь 2013 - 09:58

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 382
  • Катталган: 13 Ноябрь 09
  • Соңку аракети: 04 Авг 2020 13:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Алтын тор


Кылганыңды көрөсүң

Аябай карыган, көздөрү жакшы көрбөгөн, кулактары укпай калган, муундары бошогон бир абышка жашаптыр. Ал тамактанып атканда кашыкты колуна кармай албай калган абалга келип, дайым дасторконго тамагын төгүп алчу, кээде оозундагы тамагы оозунан түшуп калчу. Баласы менен келини абышкага жийиркенүү менен карашып, тамак ичү убакта аны мешке көмүр салдырганга отургузуп, эски идишке тамак салып беришчү. Абышка мештин жанында отуруп, тамактанчу столду кайгылуу карап, көздөрү нымдалышат. Бир күнү тамагы салынган идишти колдору кармай албай калтырап, жыгылып түшүп, идишин сындырып алат. Ачууланган келини абышканы уруша баштады, абышка эч нерсе деп үн катпады, ичинде гана кыйналды. Ошондон кийин абышкага жыгачтан жасалган мискей сатып беришти. Бир күнү келини баласынын сарайда эски жыгач идиштерин чогултуп жургөнүн көр.

- Ал эски идиштерди эмне кыласын, уулум?

- Силер да чон атамдай болуп карыганда силерге тамак берем. Уулунун окуясынан кийин абышканын баласы менен келини Аллахга тообо кылышып, абышкадан кечирим сурашат.Абышка менен бирге тамактанышып, ага көңүл бөлүшүп, анын ыраазы кылганга аракет кылышат.


Билдирүүнү түзөткөн: Evelet: 27 Июль 2013 - 20:23

Жанымда бол! Айырмасы жок кай жерде болгонубуздун. ..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#75 Пользователь офлайн   Evelet   09 Июнь 2013 - 10:05

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 382
  • Катталган: 13 Ноябрь 09
  • Соңку аракети: 04 Авг 2020 13:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Алтын тор


Ажырашууну каалаган аял
Абу-Ханифага бир аял келип, “Эки жыл мурун күйөөм экөөбүздү никеге тургуздуң эле. Эми бизди ажыраштыр. Мен мындан ары күйөөм менен жашаганды каалабайм”- деди.

- Эмне себептен ажырашууну каалап атасың?

- Башкалардын күйөөлөрү үйлөрүнө күнүгө убагында келет. А менин күйөөм болсо, ар дайым кечигип келет. Ошондон улам үйүбүздө күнүгө жаңжал болот.

Абу-Ханифа: “Болгону ошол себеппи?”-деп таң калуу менен сурады.

- Ооба, ошол себеп. Мен мындай кемчилиги бар адам менен жашаганды каалабайм.

- Мейли, ажыраштырса, ажыраштырайын. Бирок, бир шарт менен гана ажыраштырам. Үйүңө барып, чоң таттуу нан бышырып, мага алып кел. Нанга кошула турган туз, суу жана унду үйүңдөн албай, кошуналарыңдан сурап, ошондон кошуп жаса. Аларды эмне кылуу үчүн сураганыңды жана күйөөң менен ажыраша турганыңды кошуналарыңа сөзсүз айткын.

Тиги аял үйүнө барып, нан бышырууга киришти.

- Оо, Марьям, мага бир стакан суу берип турчу?

- А эмне сууңар түгөнүп калдыбы? Кудуктан суу чыкпай калдыбы?

- Жок, суу чыгып жатат. Мен күйөөм экөөбүздү ажыраштыруу үчүн имамга бардым эле.

Сөзүн аягына чейин айтып бүтө электе кошунасы үшкүрүндү.

“Эх! Менин күйөөмдүн кандай экендигин билбейсиң да!”-деп кошунасы арызданды.

Ал кошунасынан суу алып, Асия кошунасынын үйүнө туз сураганы барды.

- Асия, мага бир эле кашык туз берип турчу?

- Үйүңдө тузуң түгөнүп калдыбы? А эмнеге бир эле кашык?

- Туз бар, бирок мен имамга күйөөм менен ажыраштыр деп бардым эле ...

Асия кошунасынын сөзүн угуп бүтө электе кыйкырып жиберди.

- Эх, менин күйөөмдүн кандай экендигин билсеңчи!

Кайсы кошунасына барбасын, баарынын күйөөсүнө болгон нааразычылыктарын айтып, арыздангандарын укту.

Наны даяр болуп, Абу-Ханифа имамга алып барды.

- Сага рахмат! Менин жасап келген нанымды балдарыңа алып барып бер. Бирок мени күйөөм менен ажыраштыруу жөнүндө ойлобо!

- Эмнеге? Сага эмне болду, кызым?

- Көрсө, менин күйөөм баардыгынан жакшы күйөө экен!


Жанымда бол! Айырмасы жок кай жерде болгонубуздун. ..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#76 Пользователь офлайн   shazi   09 Июнь 2013 - 10:27

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 187
  • Катталган: 15 Февраль 13
  • Соңку аракети: 22 Апр 2016 16:30
  • Жынысы:Аялзаты

Чындыгында аябай таасирдүү окуялар экен, сизге терең ыраазычылык биз менен бөлүшкөнүңүзгө. Билгендерибизди башкаларга айтып үйрөтүда сооп иш Алла раазы болсун сизге да.

Смысл жизни улыбка мамы.
.

Хочу чтобы те люди, которых я люблю, были счастливее всех на свете. Они этого достойны!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#77 Пользователь офлайн   Begimkyz   09 Июнь 2013 - 16:06

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 046
  • Катталган: 13 Декабрь 11
  • Соңку аракети: 13 Фев 2024 19:51
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Οω- Μοsκβα

Мага жакты, рахмат сизге Евелет эже. :give_rose:
Баары буудай, мен саман,
Баары жакшы, мен жаман...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#78 Пользователь офлайн   Mondur   09 Июнь 2013 - 17:09

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 244
  • Катталган: 19 Январь 12
  • Соңку аракети: 02 Мар 2020 12:26
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жалган дүйнө...

Кандай жакшы..
Тема жакты! Эви эми чарчабай улантып, бул теманын окурмандарын жаны билдируулор менен кубантып тур.

Инсандын эң калыс, эң сулуу жана эң негизги асылдык чеги - уяты менен адеби.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#79 Пользователь офлайн   Evelet   09 Июнь 2013 - 19:36

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 382
  • Катталган: 13 Ноябрь 09
  • Соңку аракети: 04 Авг 2020 13:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Алтын тор

shazi (08 Июнь 2013 - 22:27) жазган:

Чындыгында аябай таасирдүү окуялар экен, сизге терең ыраазычылык биз менен бөлүшкөнүңүзгө. Билгендерибизди башкаларга айтып үйрөтүда сооп иш Алла раазы болсун сизге да.

Рахмат эжеке


Begimkyz (09 Июнь 2013 - 04:06) жазган:

Мага жакты, рахмат сизге Евелет эже. Сүрөт

Кубанычтамын сиздерге жакканынан

Mondur (09 Июнь 2013 - 05:09) жазган:

Кандай жакшы..
Тема жакты! Эви эми чарчабай улантып, бул теманын окурмандарын жаны билдируулор менен кубантып тур.


Сен айтып жатсан кантип улантбай коем


Жанымда бол! Айырмасы жок кай жерде болгонубуздун. ..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#80 Пользователь офлайн   Evelet   09 Июнь 2013 - 19:38

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 382
  • Катталган: 13 Ноябрь 09
  • Соңку аракети: 04 Авг 2020 13:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Алтын тор


Бирөөгө сынтагуудан абайлаңыз!

Жубайлар жаңы квартирага көчүп келип жашап калышат. Эрте менен уйкудан араң ойгонгон аялы терезени карап, жуулган кийимдерин жайып жүргөн кошунасын көрөт.

- Шейшептеринин кирлигин карачы!

Гезит окуп олтурган күйөөсү аялынын сөзүнө көңүл бурбады.

- Чагымда анын самыны начар же ал кир жууганды билбейт! Ага кир жууганды үйрөтүп коюш керек экен.

Күндөрдүн биринде эрте менен терезеге карап, “Оо, бүгүн кошунамдын шейшептери таптаза жуулуптур! Кир жууганды үйрөнгөн окшойт” – деди.

Анда күйөөсү:

- Жок, бүгүн мен эрте менен туруп, терезелерди жууп чыктым.


Жанымда бол! Айырмасы жок кай жерде болгонубуздун. ..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Дин жана философия
  • Кийинки тема →

  • (59 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 13 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 13, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 21 Июл 2025 02:41

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: