Кыргызстанда «бир короо» укук коргоочулар бар. Негизи бар, кээде негизи жок деле маселеге кыпчылып, өздөрү чуулдап, өңгөлөрдү чуулдатып коюп,
жүрө беришет. Айрыкча Акыйкатчы Турсунбек Акун башканы коелу,
эки
аял чачташкан жерге деле жетип барбаса, башы ооруйт. Кызматы ошол болгондон кийин эл деле көнүп бүткөн. Кызыгы, Кыргызстандагы укук коргоочулар
кыргыздардын жана кыргызстандыктардын ар-намысын коргоого келгенде эле ийинге кирип кеткендей жок болушат.
Биз билгенден Белоруссиянын элчилигинин эшигинин алдына жамбаштап жатып алып, Курманбек Бакиевдин сүрөтүн өрттөп, Өндүрүш Токтонасыров деген байке эле Кыргызстандын аброюн коргомуш этип, анда-санда интернетти чуулдатып калбаса, калгандарынын иши жок. Ага караганда Кыргызстандын ички турмушунда,
айрыкча бийликти боктогон митингдерден калышпайт.
Эске салсак, Бакиевдер менен Батукаевдин,
Кумтөрдүн ызы-чуусун эске албаганда, акыркы эки айдын аралыгында кыргыздардын жана кыргызстандыктардын аброюна чет элдиктер тарабынан далай эле «таш ыргыды».
Биринчиси
, Россиянын мамлекеттик Думасынын депутаты Жириновскийдин ыйык көлгө асылышы болду. Кыргызстандын карызын кечүү тууралуу талкууда тамтаңдаган ЛДПРчинин кебине учурунда жооп айта албаган Жогорку Кеңештин депутаттары,
бир айдан кийин нааразылык нотасын жөнөтмөк болушуп, алды бул маселени көтөрүп чыккан Жылдыз Жолдошеваны Айга, Күнгө теңеп, арты муштум кезеп жатышты эле ТИМ аларга тиешелүү документтер келбегенин айтып чыгып тим болушту. Андан бери Кыргызстандагы ички окуялар күч алып, Жириновскийдин «жинди» пикири күндүн бүктөмүндө калып кетти.
Кечээ жакында эле норвегиялык «Ylvis» деп аталган дуэттин эки чечеги Алия деген кыздын атын кайра-кайра кайталаган,
кыргызча, орусча куралган ырды акцент менен ырдап, анысына Кыргызстандан клип тартып жаткандай болгон. Аңгыча эле сый жарашпаган чечектер Норвегиянын телевидениесиндеги концерттик программада Кыргызстанда тартылган клибине кошуп, оозго алгыс сөз чапталган «Лада» машинага секирип чыгып, кайра түшүп, Кыргызстандын желегин булгалап кыргызча сөгүнүп ырдап чыкты. Ызы-чуу түшкөн интернет колдонуучуларга Ильвисокер Вегард аттуу дуэттин катышуучусу «дегеле кыргызстандыктарды мазактоо оюна келбегендигин,
жөн гана ырды көркөмдөп ырдап чыккандыгын» айтып жалжайып тим болду.
Элдин эсинде болсо, казакстандыктар Саша Коэндин Бораты үчүн чуу түшүп, акыры «Казакстанды рекламалоого салым кошту» деп сыйлаганга даяр болуп отуруп калышкан. Бораттын казактардын ар-намысына шек келтире турган жагдайлары деле жок эле. Тил билбеген, маңыроо чалыш казактын прототиби гана болгон. Ал эми «Ylvis» тобу кыргыздын сөгүнгөн сөзүнө кошуп, желегин булгалап жатат. Же болбосо Кыргызстан деген мамлекеттин негизги атрибутуна асылды. Кыргыздардын жана кыргызстандыктардын намысына шек келтирди. Мунун чоң айырмасы бар. Демейде чуулдаган укук коргоочулар эмнеге унчукпайт?
Маалымат булагы - бир гезит. Атын жазганга эреже жол бербейт.
Улут укугун ким коргойт?
#2 08 June 2013 - 18:25
Менин да эсиме келбейт жатат. Ким-ким деген укук коргоочулар бар эле? Демейде шыпыргы менен жер сабап жатып калышчу эле го? Кана эми ошолор? Же "байкелери"
андай иштерге каражат бөлүшпөгөнбү?
Contra vim mortis non est medicamen in hortis
#3 08 June 2013 - 18:36
Мындан бир топ жыл мурун Алматы шаарында сабака бара жатсам , классташ казактар кулуп калышты , не болду десем карасаншы Кыргыздар сатылат деп тур гой деп кулушот ...Жиним менен жарыя чапталган жерди карасам , чынында кыргыздар сатылат деген жарыя экен ..Бул жанылыш жазылган нерсе экен кеттик деп тиги жарыяны тытып -тытып салдым . Ошол кезде аябай арданып кеттим....
Мындай корунуштор коп эле кездешет бирок , ошол маселени караган бир да адам жок ! Анан эле чыга келебиз биз кыйынбыз деп тош кагып ...
Мындай корунуштор коп эле кездешет бирок , ошол маселени караган бир да адам жок ! Анан эле чыга келебиз биз кыйынбыз деп тош кагып ...
Бактылуу-
омур жок,бактылуу кундор гана болот!
#4 08 June 2013 - 23:59

Казактар кул сатылат деп ачыктан ачык жазганына күнөө бизде болсо керек, биз барып аларга сатылбасак алар бизди сатат беле? Мисалы Орусияда чечен улутундагы көп эле таанышым бар, чечен кул сатылат деп жазууга эч кимдин ойуна келбейт , себеби антип жазган адам эмне болоору ачыктан айкын. Алардын деле кыйраткан укук коргоочусу жок, бирок анысына карабай бир да эси карды соо адам "чечен кул сатылат" деп жаза албайт жана антип жазуу оюна да келбейт.
"Алладан кечирим сурагыла, аныгында Ал-кечирим Ээси!"
#5 09 June 2013 - 00:50

Жакындан бери чечендердин саясаты кызыктырып келет . Буларда намыс деген укмуш , курал дагы кенен . Аялдары да уйдо отуруп эле торой беришет экен . Анан да чечендерди ар мамлекеттен чогултуп алышкан , боодо бироого кор болбосун деп . Согуштан кийин ар бирине жер берип дегендей ,орустардын акчасына кайра шаар куруп коюшту. Ишенимдуу адамдан уктум , бир майып чечен , башка мамлекеттен Чечняга кат жонотуптур , мен оз мекенимде жашагым келет деп , майып чеченди алып келип алышты олкосуно . Чечендер аябай улутчул болушат .
Бактылуу-
омур жок,бактылуу кундор гана болот!
#6 09 June 2013 - 09:36
Мен билгенден Рамазан Дырылдаев деген укук коргоочу бар эле,анда-санда "дырылдап"
улут укугун коргоп жатып калчу эле,дайыны чыкпай кетти го сонку жылдары...
#7 09 June 2013 - 12:12
Жакындан бери чечендердин саясаты кызыктырып келет . Буларда намыс деген укмуш , курал дагы кенен . Аялдары да уйдо отуруп эле торой беришет экен . Анан да чечендерди ар мамлекеттен чогултуп алышкан , боодо бироого кор болбосун деп . Согуштан кийин ар бирине жер берип дегендей ,орустардын акчасына кайра шаар куруп коюшту. Ишенимдуу адамдан уктум , бир майып чечен , башка мамлекеттен Чечняга кат жонотуптур , мен оз мекенимде жашагым келет деп , майып чеченди алып келип алышты олкосуно . Чечендер аябай улутчул болушат .
Улутчулдан мурун алар Аллахтын өкүмүн калган өкүмдөрдөн жогору койгону болсо керек, мисалы калган Орусияда хижаб кийүү оорчулук жаратса, светтик мамлекеттин шартына туура келбейт деп, Чеченстанда хижаб кийүү көнүмүш адат. Мектепте деле, телесинде деле дикторлору хижаб кийип алышып эле, кенен кесир жүрүшөт. Бир да светтик адамдын ойуна хижабды чечсин, себеби биз светтик мамлекетте жашап жатабыз деп айтуу келбесе керек чечендерге, себеби светтик адамдар чечендер светтик мыйзамдарды уруп ойнобосун жакшы билишет да.
Бир чечен кызын зордуктаган Буданов деген полковник эмне болду, Москвадан чаламандын чак түшүндө атып кеттишти го аны. Анан чечендер бир кызынын намысы үчүн ошондой иштерди жасап жатса, калган полковниктери чечен кыздарга тие алышабы?
"Алладан кечирим сурагыла, аныгында Ал-кечирим Ээси!"
#8 09 June 2013 - 17:20

Ооба , кыз келиндерин ото катуу кармашат . Конок болгон жерде бизде эркеги да , аялы да чогу отура беришет го , аларда андай эмес канча аял болсо да бир болмодо , катуу кулбой ,акырын гана суйлоп отура беришет экен . Ыйманды аябай бекем кармашса керек.?Чечендерде уул бала коп торолот болуш керек , мен тааныган чечен аяш энелердин эн азынын 5 баласы бар болчу , ошолордун жаш курагы 35 жаш болуш керек эле ошол маалда . Бир эки гана кызы болоор эле . Белгилуу бир саясатчынын 13 (5 кыз , 8уул) баласы бар экен бир эле аялынан (байкуш аял азамат экен)...Анан дагы тажия болгон жерден нан да ооз тийишпейт , адам олоору менен жерге беришет(бул жагынан озбектер м.н окшош) ......
Темадан алыстап кеттим окшойт , бирок ушул чечендердин саясаты мени кызыктырып барат...
Бактылуу-
омур жок,бактылуу кундор гана болот!
#9 09 June 2013 - 18:28

Жок темадан деле алыстаган жокпуз, тек гана улут укугун улут өзү коргош керек дегенге сөздү алып бара жатабыз, чечен улуту мисалында
"Алладан кечирим сурагыла, аныгында Ал-кечирим Ээси!"
#10 26 June 2013 - 20:38
Баары эле "Кыз кезинде баары жакшы, жаман аяял кайдан чыгат?" деген сыяктуу. Учурда улут укугун коргоо учун жан аябастыгын билдирген патриотторубуз деле тигилерчилеп кызматка келээри менен патриоттуулугун унута баштайт. Анткени, "Жалгыз аттын чаны чыкпайт".
Айланадагы адамдарга карай озгорот. Анан да Форумда "Ишине жараша ит кыял" деген теманы окуп калдым эле. Так ошондой ит кыялга айланат. Укук коргоочуларыбыз улут укугун коргосо жок дегенде чек арадагы олум-житимдер азыраак болоор беле?..
Жалдырап жолун тосуп келем сенин,
Жанымдын жарымы бол жан эрмегим.
Жаштыгым озунду энсеп отуп барат,
Жалгызым кайдасын сен, издетпегин.
Жанымдын жарымы бол жан эрмегим.
Жаштыгым озунду энсеп отуп барат,
Жалгызым кайдасын сен, издетпегин.

Супер-Инфо
super.kg
видео