Акыркы маалыматтарда Сирия бийлигине каршы чыккан исламдын суннит агымындагылар,
исламдагы алавит агымына кирген Башар-аль-Асаддын тарабына өз каалоолору менен өтө башташты. Суннит агымындагылардын мындай кадамын мурда Асадга каршы согушуп жаткан суннит агымынын бир өкүлү төмөкүдөй баяндады: « Алгач митинг башталганда,
Асад элге күч колдонду. Ошондо биз колубузга курал кармаганбыз.
Бизди колдоп курал менен Арабия, Ливия, Түркиядагы суннит агымындагы мусулмандар камсыздап турду. Башында жардам берип жатат деп биз кубандык. Бирок, азыр абдан өкүнөм. Себеби исламчыл террористтерге өлүм, согуштан башка эч нерсенин кереги жок экен. Алардын мыкаачы экенин эми түшүндүм. Тынч жаткан шаарларды басканыбызда исламчыл террористтер аял-эркек, карыбы, кичинекей бала болобу атып сала беришти. Алгач башка диндегилерди өлтүрүп жатат деп маани берген эмесмин. Бирок, чын чынына келгенде исламчыл террористтерге эч кимдин кереги жок экенин билдим да, сириялыктардан турган топ менен кайра аларга каршы согуш баштадык. Бизге өзүбүздүн мамлекетибиз керек экенин билдим» деди. Учурда Сириядагы суннит адам президент болсун деп бийликке каршы чыккандардын айрымдары эми исламчыл суннут агымын жактаган террористерди өлкөдөн тазалоого жардам бере башташканын өзүлөрү тастыкташты.
Ал эми Сирия бийлиги аларды түз жолго кеч болсо да кайтып келгендерин колдойт, бирок бийликке каршы согушуп жаткан учурда киши өлтүргөндөрдү өлгөн адамдын жакындарынын арызынын негизинде сот карайт. Күнөөлүү экендиги далилденсе жоопко тартылат деп билдирди. 2 жылдын ичинде Сириянын президенти исламдын суннит агымындагы адам болсун деп сунниттердин бийлик талашуусунан башталган бул согушта акыркы расмий маалымат боюнча курман болгондордун саны 95миңден ашты.
мунунузду минтип деле жазып койсо болот го дейм
Акыркы маалыматтарда Сирия оппозициясына каршы чыккан исламдын алавит агымындагылар, исламдагы суннит агымына кирген оппозиция тарабына өз каалоолору менен өтө башташты. Алавит агымындагылардын мындай кадамын мурда оппозицияга каршы согушуп жаткан алавит агымынын бир өкүлү төмөкүдөй баяндады: « Алгач митинг башталганда, Асад элге күч колдонду. Ошондо биз колубузга курал кармаганбыз. Бизди колдоп курал менен Орусия, Кытайдагы бизди АКШнын кол алдына өтүп кетпесин деп, бул региондо өзүнүн кудуреттин жоготкон мамлекеттер бизди курал менен камсыздап турду. Башында жардам берип жатат деп биз кубандык. Бирок, азыр абдан өкүнөм. Себеби алавит террористтерге өлүм, согуштан башка эч нерсенин кереги жок экен. Алардын мыкаачы экенин эми түшүндүм. Тынч жаткан шаарларды басканыбызда алавит террористтер аял-эркек, карыбы, кичинекей бала болобу атып сала беришти. Алгач башка мамлекеттен келген акча үчүн согушкан адамдарды өлтүрүп жатат деп маани берген эмесмин. Бирок, чын чынына келгенде алавит террористтерге эч кимдин кереги жок экенин билдим да, суниттерден турган топ менен кайра аларга каршы согуш баштадык. Бизге өзүбүздүн мамлекетибиз керек экенин билдим» деди. Учурда Сириядагы алавит адам президент болсун деп оппозицияга каршы чыккандардын айрымдары эми исламчыл алавит агымын жактаган террористерди өлкөдөн тазалоого жардам бере башташканын өзүлөрү тастыкташты. 2 жылдын ичинде Сириянын президенти исламдын суннит агымындагы адам эч убакта президент болбосун деп сунниттер менен бийлик талашуусунан башталган бул согушта акыркы расмий маалымат боюнча курман болгондордун саны 95миңден ашты.

Супер-Инфо
super.kg
видео













