Суперстан: Эрте кыйылган өмүр - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Кыз-жигит
  • > Үй-бүлө
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Эрте кыйылган өмүр

#1 Пользователь офлайн   morther   10 Июнь 2013 - 16:50

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 273
  • Катталган: 22 Май 13
  • Соңку аракети: 20 Ноя 2018 21:02
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Алыскы кыргыз айылы

Мен да айылыбыздагы бир көңүл оору0ткан окуяны айтып бергим келди.Айылда көп жыл айыл активисти болуп жүргөн Эсенаалы деген киши бар эле.Аялы Токтокан экөөнүн сегиз баласы бар.4 уул,4 кыз.Сыртынан караганда бактылуу үй-бүлө эле.Качан көрсөн Токтокан эже бир баласын же кызын ээрчитип базарга баратканын көрчүбуз.Улуу кызы Элмира эженин бир кызы ушулардын колунда эле.Мүнөзү шайыр,тагалары менен эркек балдардай болуп,топ талашып,велосипед талашып,кубалашып ойноп атканын көрүп эрксизден жылмайып алчубуз...
Эң улуу баласы Жекин үйлөнүп шаарда жашачу.Бир окуу жайда мугалим болуп иштечү.Андан кийинки эки уулу Аскар менен Арстан удаа үйлонүп эле кайра тез эле ажырашып кетишти.Неге экенин түшүнбөй эле калдык.Бирок, келиндер тың жакшы келиндер эле.Экөө тең кайра үйлөнүштү, эки жерге үй салып бөлүнүп,өз тирилигин өткөрүп калышты.Арстаны төрт балалуу болуп калган.Дыйканчылык кылып,машина алып жакшы жашап жатышты.Убакыт билинбей өтүп жатты.
Анан эле айылда Арстан үйүн сатыптыр деген сөз тарады.Көрсө улуу агасы Жекин кредит алып карыз болуп калыптыр,аны карызынан кутултуу үчүн Арстандардын үйүн сатышыптыр. Алар кайра ата-энесинин үйүнө көчүп келишти.Токтокан эже зыңкыйып,чоюлган аял болгону менен келинине жакшы мамиле жасабай үйдө болоор болбос нерсе үчүн да жаңжал чыгарып,акыры бир короодо жашашса да тамак -ашын бөлүп алышты.Ысыкта келини Назира чоңкызы менен уулун ээрчитип талаага пахта чапканы кетет.Үйүн саткандан кийин иштери жакшы жүрүшпөй,эптеп, өлбөстүн күнун өткөрүп калышкан.Арстан кечке бирөөлордүн машинасын оңдойт,бошой калганда,айылдан шаарга гире кыла коет.Кээде талаага барат.Жакшыраак түшүм алып калсак,үй алып алабызбы деген ойдо шалы да эгип алган.Кечинде бутун тарта албай чарчап келсе апасы "аялың суу ташыбай койду,тамак бышырбай койду"-деп келинин жамандайт.Ал деле талаада үй-бүлөнү багайын деп тырмалаңдап иштеп жүрбөйбү десе аны уккусу жок.Бара-бара Назиранын да тили чыгып,ал да күйөөсүнө атырыла турган болду. "Сенин бир тууганың бизди үйсүз калтырып,мени какшанган апаңын маңдайына алып келип койду.Сен былжырап апаңа да катуу айта албайсың" -деген сөздү күндө-күн алыс кайталай берчү болду. Барган сайын Арстан мурункудай жайдары болбой суз тартып кетти. Ата-энесинин коңшусунун үйү бош турчу,үй ээлери менен сүйлөшүп ошол жерге көчүп чыгып алышты.
Унутпа ата-энеңдин кадыр -баркын,
Аларга эч тең келбейт каухар-алтын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   morther   10 Июнь 2013 - 17:53

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 273
  • Катталган: 22 Май 13
  • Соңку аракети: 20 Ноя 2018 21:02
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Алыскы кыргыз айылы

Арстан күндөн-күнгө арыктап алсырап баратты.Уйунө келсе аялы,ата-энесине барса апасы кулак мээсин жейт.Кээ бир күндөрү апасы үйүнө жонөтпөй да коет.Назира ансайын жиндейт." Атаңар келбесе апасыныкына көчүп кетсин"-деп күчүн балдарынан чыгарат.
Бул каргашалуу күнү да Арстан машинасы бузулуп,эч иш кыла албай продукта кылганга акчасы жок келатып, апасыныкына барган.Адаттагыдай эле апасы Назираны,балдарын жамандап," сен ошолорду багам деп жүрөсүң,арыктап да кеттиң,сага нормалдуу тамак деле бербесе керек катының"- деп,баласынын мээсине куюп жатты.Арстан ал жерден тез эле чыгып кетти.Үйүнө барса Назира :"үйдө тамак жасаганга продукта ,ал тургай чай да жок.Сен аны ойлонбойсуң. Апаңыкына барып өзүңүн курсагыңы тойгузуп алып жүро бересиңби?Кичине ойлонсоң боло балдарды кантип тойгузам" -деп албууттанып кыйкырып ыйлап алды.Арстан аялына бүгүнкү ишинин жүрүшпөгөнүн айтайын деп сөз баштаса Назира аны угуп да койбоду.Арстан унчукпай отурду да,акыры Назиранын уу тилине чыдабай эшикти тарс жаап чыгып кетти.Назира да балдарына кайнак суу,кара нан,шылдыраган макарондон эптеп жасалган тамак менен балдарынын курсагын тойгузуп жатып алды.
Эртең менен чоң баласынын ачуу кыйкырыгынан чочуп ойгонуп,сыртка атып чыкты.Көргөн көзүнө ишене албай дендароо болуп,көздөрү тумандап не кылаар айласын таппай тушалып ,басууга дарманы калбай отуруп калды.Же үнү чыкпайт.Арстан эшигинин алдындагы тандырдын жанындагы бастырмага асылып туруптур.Баласы атасынын бутун кучактап боздоп кыйкырып жаткан эле.Назира өзүн колго алып,баласынын жанына барды да экөөлөп Арстандын мойнундагы жипти кыркып,таштай болуп катып калган жансыз денени үйүнө араң көтөрүп келишти да,жерге салынган төшөктүн үстүнө жаткырышты. Назира баласын кайната-кайненесин чакырууга жөнөттү.Үйүндогүлөрдүн бардыгы чуркап келип,Кайненси менен кайнежеси Назираны жулмалап жатып калышты." Балаң экөөң Арстанды өлтүрүп,түнү менен нары-бери сүйрөп анан бизди чакырдыңарбы. Неге асынып алмак эле.ал асынбайт эле силер эле өлтүрдүңөр" -деп кыйкырып Назираны каргап да уруп да жатышты...
Унутпа ата-энеңдин кадыр -баркын,
Аларга эч тең келбейт каухар-алтын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   mayoral   10 Июнь 2013 - 17:55

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 938
  • Катталган: 05 Май 13
  • Соңку аракети: 07 Июн 2014 04:28
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Россия):(

Уландысы...
КОЛ ТИЙБЕГЕН КЫЗ КААЛАСАН;

КОЛ ТИЙБЕГЕН ЭРКЕК БОЛ!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   лунка   10 Июнь 2013 - 18:06

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 653
  • Катталган: 15 Декабрь 08
  • Соңку аракети: 04 Окт 2019 12:08
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Рф

Апей кана уландысы?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   mayoral   10 Июнь 2013 - 18:45

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 938
  • Катталган: 05 Май 13
  • Соңку аракети: 07 Июн 2014 04:28
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Россия):(

Баардыгына кайненеси куноолу экен. Поддержка бергендин ордуна, , урушпай эле акылын айтса балким,
Баласы олбой кала беле...
КОЛ ТИЙБЕГЕН КЫЗ КААЛАСАН;

КОЛ ТИЙБЕГЕН ЭРКЕК БОЛ!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   zheen   10 Июнь 2013 - 19:02

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 107
  • Катталган: 25 Февраль 13
  • Соңку аракети: 17 Май 2014 02:01

дагы бир сериял башталдыбы. ..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   Kg.lady   10 Июнь 2013 - 19:23

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 7 580
  • Катталган: 26 Январь 13
  • Соңку аракети: 17 Фев 2025 13:10
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ак монгулуу Ала-тоо

Бул окуяны жазып жаткан менин апам.....Мугалим болгондугуна байланыштуу убактысы тартыш болуп,билдируусу узгултукко учурап жатат...Андыктан туура тушунуу менен сабыр кылып турсак аягына чыгып калатСүрөтмугалимдин жумушун билесинерда чачтан коп.....Бирок менда форумчулар менен бирге окуянын аягын чыдамсыздык менен кутуп жатам АПООУУ Сүрөт

Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.

Байдылда Сарногоев
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   eliza90   10 Июнь 2013 - 20:33

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 103
  • Катталган: 30 Июль 11
  • Соңку аракети: 04 Сен 2013 10:31
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения Kg.lady (10 Июнь 2013 - 19:23) жазган:

Бул окуяны жазып жаткан менин апам.....Мугалим болгондугуна байланыштуу убактысы тартыш болуп,билдируусу узгултукко учурап жатат...Андыктан туура тушунуу менен сабыр кылып турсак аягына чыгып калатСүрөтмугалимдин жумушун билесинерда чачтан коп.....Бирок менда форумчулар менен бирге окуянын аягын чыдамсыздык менен кутуп жатам АПООУУ Сүрөт


:applause: :good: Кой,мен барып достошоюн бу киши менен. :dance2:
Женщина - как эхо. Как к ней обратишься, так она и отзовется.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   Kg.lady   10 Июнь 2013 - 22:40

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 7 580
  • Катталган: 26 Январь 13
  • Соңку аракети: 17 Фев 2025 13:10
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ак монгулуу Ала-тоо

Просмотр сообщения eliza90 (10 Июнь 2013 - 20:33) жазган:

Сүрөт Сүрөт Кой,мен барып достошоюн бу киши менен. Сүрөт


Достошунуз эжеке.....Сүрөт

Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.

Байдылда Сарногоев
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   konfetka_love   11 Июнь 2013 - 04:27

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 077
  • Катталган: 05 Апрель 13
  • Соңку аракети: 27 Апр 2020 10:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жашыруун

Ulandysyn kachan okuibuuuz..???
Прежде чем осуждать кого-то, возьми его обувь и пройди его путь!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   morther   11 Июнь 2013 - 06:18

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 273
  • Катталган: 22 Май 13
  • Соңку аракети: 20 Ноя 2018 21:02
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Алыскы кыргыз айылы

Ошентип маркумдун сөөгүн ата-энесинин үйүнө алып кетишти.Назираны киргизбей коюшту.Айыл ичи уу-дуу.Кээ бири Токтокан эженин кыздары менен ойлоп тапкан жомогуна ишенип,Назираны күүнөөлөп жатышса,көпчүлүгү "Жалган,кантип эле күйөөсүн өлтүрүп койсун...төрт баласы турбайбы...кемпир күүнөөлүү... ушулардын үйүн саттырган агасы да күнөөлүу.Эми Назира байкуш балдары менен кантет же үйү болбосо..." -деп Назираны аяп жатышты.Айыл аксакалдары айтып-деп,ортого түшүп Назираны алып келишти.Аны көргөндө кайненеси менен кайынсиңдилери да атырылып,уруп жиберейин дешкенде аялдар кармап калды.Айылдын аксакалы кирип:"Урушуңарды токтокула.Арстандын өлүмүнө көбүрөөк Токтокан сен күүнөөлүүсүң, Назиранын да күүнөөсү бар.Аны эми айтканда не?болоору болду.Жок дегенде наркы дүйнөгө тынчыраак узаталы.Келген элге деле уят эмеспи.Токтокан келинди тынч жайына кой"-деп катуу айттыда чыгып кетти.Баары унчукпай отуруп калышты.Назираны аяп,ага боор тарткан бир гана чоң кайынсиңдиси Айнура болду.Себеби экөө училищада чогуу окуп,агасы менен тааныштырып, өзү жеңе кылып алган болчу.Ал башка бир туугандарына караганда түшүнүктүу, ак-караны ажырата билген ,өзү дагы жакшы жерге түшүп,очор-бачар болуп калган.Ыйлап- сыктап маркумду акыркы сапарга узатышты.Назира алыскы райондон болгондуктан, төркүндөрү, кабар барбай, келбей калышты.Эл тараары менен дагы жаңжал башталды.Назираөздөрү жашап аткан үйүнө кетипкалды. Өлбөгөн жандын күнү өтө берет экен.Арстандын достору сүйлөшүп,ай сайын 30-40 сомдон чогултуп берип туралы,жаз келсе эптеп тириликтерин өткөрүп кетишет деп сүйлөшүштү. Үчүн өткөрүп жатканда Назиранын төркүндөрү келишти.Эл алдында унчугушпаганы менен эл тараганда ит айтпаган сөздөрдү айтып,кудагыйы менен да урушуп кетишти.
Унутпа ата-энеңдин кадыр -баркын,
Аларга эч тең келбейт каухар-алтын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   morther   11 Июнь 2013 - 06:21

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 273
  • Катталган: 22 Май 13
  • Соңку аракети: 20 Ноя 2018 21:02
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Алыскы кыргыз айылы

Калганын күтө тургула.кечинде жазам.Күттүргөнүм үчүн кечирим сурайм..
Унутпа ата-энеңдин кадыр -баркын,
Аларга эч тең келбейт каухар-алтын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   jooshbala   11 Июнь 2013 - 08:32

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 213
  • Катталган: 07 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 03 Авг 2024 12:16
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:москва

Макул
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   ayildik_kiz   11 Июнь 2013 - 12:36

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 423
  • Катталган: 23 Май 12
  • Соңку аракети: 07 Дек 2016 21:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бейиштин тору...

Сүрөт
Бактылуу- омур жок,бактылуу кундор гана болот!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   Nelia   11 Июнь 2013 - 13:38

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 222
  • Катталган: 21 Апрель 12
  • Соңку аракети: 30 Ноя 2015 15:51
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош шаары,азырынча Владивостоктомун.

Чыдамсыздык менен кутом!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   Jol004u   11 Июнь 2013 - 14:56

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 9
  • Катталган: 08 Апрель 13
  • Соңку аракети: 11 Июн 2013 20:40
  • Жынысы:Белгисиз

:бууум: :бууум:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   morther   11 Июнь 2013 - 15:01

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 273
  • Катталган: 22 Май 13
  • Соңку аракети: 20 Ноя 2018 21:02
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Алыскы кыргыз айылы

Күндөр өтө берди.Арстандын кыркын да өткөрүштү.Бул күндөр аралыгында Назира аяштары чогултуп берген акча менен эптеп тирилигин өткөрүп,балдарын багып жатты.Бир да жолу кайнатасы же кайненеси өлгөндөн калган неберелерим кантип жатат деп кабар алып коюшпады.Арстандын достору,алардын аялдары кабар алышып,кээ бири ун берип,кээ бири нанын алып келип, тынымсыз кабар алып турушту.Арстандын кыркын өткөрүүгө да жардам беришти.Достору милдеттүүдөн бетер Токтокан эже "Рахмат,балдарым. Балам үчүн ушунча кызмат кылып жатасыңар" деп айтмак тургай,дурусураак кел дегенге да жарабады.Жаз да келип талаада чабык иштери башталып калган кезден баштап Назира 2 баласын ээрчитип ар кимдин чабыгын чабышып,эптеп кыймылдай баштады.Чоң кызы Алина 11-классты аяктап калганда,Назиранын Бишкекте жашаган эжеси " кызыңы жөнөт, тигүүчү кыздар керек .үйронүп иштеп калса сага жардам болот"- деп чакыртып алды.Улуу баласы Азамат да мектепти бүтүп бир жылдан бери бош эле жүргөн эле.Ал да мен Россияга барып иштеп келем деп оолугуп,апасына эптеп жолгиреге акча таптырып жөнөп кетти.Назира бир уул,бир кызы менен айылда калды.Кыз бала кантсе да энеге күйөт эмеспи,Алина тырбалаңдап иштеп жүрүп,тапкан акчасын апасына жөнөтөт.А Азамат болсо кеткен боюнча көп убакытка чейин дайынсыз жүрүп,бир күнү келип калды."Уйдан жок же уй байлаган жиптен жок "дегендей эч нерседен жок болуп кайра карыз болуп келиптир.Эне байкуш кантсин балам жакшы эле иштеп келди демиш болуп,Алинанын жөнөткөн акчаларынан Азаматтын карызын төлөду.Өзү деле тынбай ысык кундөрдө да талаада кетмен чабат.Бул мезгилде Арстандын карындашынын Алина менен тең кызы бар эле.Аны айылыбыздын жогорку участкасынан бир бала ала качып кетет.Артынан куугунчулар барып,кызды отургузуп келишет.
Унутпа ата-энеңдин кадыр -баркын,
Аларга эч тең келбейт каухар-алтын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   morther   11 Июнь 2013 - 15:39

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 273
  • Катталган: 22 Май 13
  • Соңку аракети: 20 Ноя 2018 21:02
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Алыскы кыргыз айылы

Бир жумадан кийин күйөөгө тийген кыз күйөөсү менен уруша кетип келе бериптир.Кыздын апасы барып күйөө баласы менен да ,жаңы кудагыйы менен да урушуп,берген төшөнчүлөрүналып баса беришет.Уйунө келип атасынын үйүндө жүргөн Элмира эжесинин кызы Шайырды каргап шилеп урушат.Көрсө күйөө бала Шайырдын классташы экен."сен классташыңа тапкансың,сен кылгансың" -деп күүнөөлөйт. Шайыр "эже мен алардын сүйлөшкөнүн да билген эмесмин.Классташым болсо эле мен тапкан боло беремби.Кызыңыз бир жылдан бери сүйлөшүп жүргөн экен.Эми жашай бербейби.Неге сиз "дагы аны жаша барганыңа бир жума боло электе келип алдың" дештин ордуна көрпө-төшөгүн алып келип алдыңыз" -десе ,"Сенин ошолор менен тилиң бир да ошолордун сөзүн сүйлөйсүң" -деп сиңдисинин сөзүн угуп да койбойт.Күнүгө келип алып бир сөзүн миң кайталап Шайырды күнөөлөгонүн койбойт.Элмира эже да убагында жакшы жерге түшкөн экен.Ушул кызы боюнда экенинде апасы күйөө баласын жактырбай жүрүп эле кызын ажыратып алган экен.Ошол боюнча Элмира эже да кайра турмушка чыкпай Шайырды эш тутуп ата-энеси менен чогуу жашап калыптыр.Шайыр акылдуу,атына жараша шайыр,сулуу кыз болчу.Ага ашык болгон жигиттер да көп эле.Турмушка чыгып,3 жыл жашап балалуу болбогондон кийин өзү баса берген.Күйөөсү артынан кайра-кайра келип жаткан.Тайэжесинин ачуу сөздөрү күнүгө кайталана берип жадай баштады.Ага кошумча болуп,тайенеси да Шайырды күнөөлөп каргап-шилеп урушат."Озүң жамансың да күйөөң менен жашай бербейт белең,бул жерге келип ашка жүк,башка жүк болуп жүрөсүң,Аймираны да өзүңө окшотуп бактысыз кылайын деп атайын жасадың да"-деген сөздөрдү айтат.Шайырдын күнөөсү Аймираны алып качкан бала классташы болуп калганы эле.Ошол сөздү уккандан кийин магазинден уксус алып келип,аны пиалага куюп туруп бардыгын шарт жутуп жиберет.Ичи куйкаланып өрттөнүп бараткандай болуп,бир ачуу чыңырат да пытырап жыгылып калат.Тайэнеси, апасы не блолуп кеткенин түшунбөй чуркап келишсе оозунан көбүк куюлуп жандалбастап аткан эле.Машина таап больницага алып барышат.Үч күн ажал менен алышып жатып жан берди.Апасы Элмира эже өзүн-өзү койгулап ыйлап атып үнү да чыкпай,улам эсин жоготуп,акылынан адашкандай болуп калды.Шайырды алып келип,акыркы сапарга узатууга даярданайын дегенде кызмат кылганга эч ким жок,ошондо гана Назираны эстеп чакырышат.Элмира эже Назираны кучактап алып ыйлап,мен сени бекер каргаптырмын, каргышым өзүмө келди- деп боздоду.Назира да кек сактабай ушундай оор күнүндө табалабайын деп кызматын аябады.
Унутпа ата-энеңдин кадыр -баркын,
Аларга эч тең келбейт каухар-алтын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   morther   11 Июнь 2013 - 16:07

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 273
  • Катталган: 22 Май 13
  • Соңку аракети: 20 Ноя 2018 21:02
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Алыскы кыргыз айылы

Шайырды күнөөлөп аткан эжеси батага келип эле кайра кетип калды,Ал эжесинин акыбалын көрүп туруп ал жерде тура албады.Күндөр өтө берди.Баары өз тириликтери менен бллуп калышты.Бир гана Элмира эже кызынын күйүтүн көтөрө албай ооруп жатып калды.Аны да Назира иштен бошой калганда келип карап жатты.Ал эми Шайырдын өлүмүнө себепкер болгон Жамийла Аймирасын башка күйөөгө берди.Тойго даярданам деп ломбарддан акча алып аны убагында төлөй албай,атасынын үйүн коюп бир банктан,аны төлөйм деп,өздөрүнүн үйүн коюп дагы бир банктан кредит алат.Ал кредиттерин төгө албай кайнагасынын үйүнүн документин алып барып дагы ломбарддан акча алып,иши кылса карыздан башы чыкпай айылга батпай качып кетишти.Ал эми Арстандын үйүн саттырган агасы Бишкекте жүрүп,ал да жүрөк пристубунан көз жумду.Аны да ата-энесинин үйүнө алып келип коюшту.Балдарынын күйүтүнөн атасы да өтүп кетти.Токтокан эженин экинчи баласы да Бишкекте жашап жүрушчу.Анын аялы эмчегинен рак болуп келген экен,Мен оорулуу аялды үйүмө киргизбейм деп киргизбей койду.2-3 айда ал көз жумду.Бир чоң үй-бүлө ушинтип апасынын акмакчылыгынан 2 жылда көп жоготууга учурады.Мына быйыл эч качан өлбөчуудөй болуп жүргөн Токтокан эже да дүйнө салды.
Ал эми Назира ар кимдин үйүндө жашап жүрүп, кызын күйөөгө берип,баласын үйлөдү.Эптеп айыл өкмөттөн жер алып,үй салып алышты.Эми неберелүү болуп калды.3-баласы да Россияда иштеп,апасына жардам берип жүрөт.Назира өзү базарга чыгып,мурунку тарткан азаптары кичине унутулуп калгандай болду.

Урматтуу окурмандар, ушул окуядан кийин мен кудай бар,ар ким өз кылган күнөөсүнүн азабын тартаарына дагы бир жолу ишенип калдым.Эч качан бирөөгө жамандык кылбайлы.ӨЗ балдарынын бактысыздыгына, өлүмүнө кээде Токтокан эжедей акылсыз,ажаан энелер да күнөөлүү болуп калышат
Унутпа ата-энеңдин кадыр -баркын,
Аларга эч тең келбейт каухар-алтын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   Kg.lady   11 Июнь 2013 - 17:41

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 7 580
  • Катталган: 26 Январь 13
  • Соңку аракети: 17 Фев 2025 13:10
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ак монгулуу Ала-тоо

Хмм ......Олум артынан олум болуптурда, окунучтуу... ...Бул кишилер менен бир айылда турсамда Элмира эненин мындай экенин билептирмин. ......Тооба,балдарынын эртенин ойлобогон кемпир болгон экенда......

Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.

Байдылда Сарногоев
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Үй-бүлө
  • Кийинки тема →

  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 10 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 10, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 22 Июл 2025 03:46

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: