Жапандар демекчи, баягыда КТРдин бир берүүсүнөн бир аксакал (илимпоз бейм) жапондорду мисал кылып (табигый кырсыктардан кийинки иш-аракеттерин айтып жатат),ошолорго салыштырып кыргызды улут болуп уюй элек деп кеп кыстара өттү эле. Оюңузча улут деген эмне,улут болуш үчүн кандай талаптарга жооп берүүсү керек?
Мен да көрдүм жапондордун былк этпегенин табигый кырсыктардан кийин. Бул эмненин белгиси? Бул – сен айткандай жапон элинин улут катары, дөөлөт катары көп убактан бери жашап келаткандыгынын, жапон коомдунда мыйзамда жазылбаган ички эрежелер бар экендигинин, алар эбак эле калыптангандыгынын, ал эрежелерди жашы-карысы – баары бирдей кабыл алып, аткара тургандыгынын белгиси. А биздечи? Бизде – бирөөнүн оокаты экенин билип туруп талкаламай, талап-тономой, ызы-чуу, баш аламан болмой. 2200 жыл деп ооз көптүргөнүбүз менен, башкалардай биримдүүлүккө, туруктуулукка, өз алдынчалыкка жетише элекпиз. Биримдүүлүк жоктугунун белгиси – эмигече аймактарга бөлүнөбүз, туруктуулуктун жоктугунун белгиси –“толкун” сымалы шамал болгон жакка ооп жүрөбүз, өз алдынчалыктын жоктугу - өзүбүзчө чарба жүргүзө албай, өзүбүздү өзүбүз бага албай, ар кимдин көзүн, т.а. колун карап жүрөбүз. Мунун баары – улут болуп уйуй элек экенибиздин белгилери.
Накта улут болуш үчүн тил, адабият, маданияттан башка дагы чыныгы биримдүүлүк, туруктуулук, өз алдынчалык болуш керек.

Супер-Инфо
super.kg
видео















