Суперстан: Учуктан (герпес) кантип арылууга болот? - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Ден соолук жана сулуулук
  • > Дерматология
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (4 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Учуктан (герпес) кантип арылууга болот? кенеш бергилечи...

#41 Пользователь офлайн   Aydashka   08 Декабрь 2011 - 21:37

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 624
  • Катталган: 19 Октябрь 10
  • Соңку аракети: 24 Апр 2018 02:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Австрия

azamat1992kg (08 Декабрь 2011 - 11:25) жазган:

Герпес боюнча маалмат бергилечи :80:

Ай, azamat1992kg мен жогору жакта герпес жонундо бербегенде гайморит жонундо бердимби маалыматты? Сүрөт Медиктердин тили менен"Герпес" ,кыргызча биз "Учук" деп коёбуз.

Билдирүүнү түзөткөн: Aydashka: 08 Декабрь 2011 - 21:38

★•:*´¨`*: •. *.:。✿*゚‘゚・✿. 。.:* *.:。✿*゚¨゚✎・ ✿.。.:*`•.¸♥•♥•♥¸. •´
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#42 Пользователь офлайн   Takeshbek   10 Декабрь 2011 - 16:01

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 338
  • Катталган: 01 Февраль 11
  • Соңку аракети: 17 Окт 2014 00:38
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Каякта жашасам ошол жак!!!!

Учук жаныдан чыгып келатканда ( шишимик тартып кызарып) , ошонун устуно музду марлиге ороп, устуно басып туруш керек.

П.С. ишенбесенер кылып коргуло:dance:
Cен таза болсон, менда таза болсом, Айшада жууна баштайт.....!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#43 Пользователь офлайн   Angelina2012   03 Февраль 2013 - 04:30

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 280
  • Катталган: 06 Август 12
  • Соңку аракети: 13 Июн 2014 01:12
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Мекеним Кыргызстан.

Эмне себебтен адамдын оозуна учук чыгат. Чочуганданбы же аба-ырайынын сууктугунанбы. Чыккан учукту кантип айыктырса болот, элдик медицина боюнча жана дарыгерлердин кеңештери боюнча.
Денги и слава приходят и уходят.


Здоровье- самое главное...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#44 Пользователь офлайн   Angelina2012   03 Февраль 2013 - 04:33

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 280
  • Катталган: 06 Август 12
  • Соңку аракети: 13 Июн 2014 01:12
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Мекеним Кыргызстан.

Аябай катуу чочуганда учук чыгат деп уканмын жана күн суук болсо да учук чыга берет деп айтышат. Аптекада учукка каршы Завиракс деген мазь сатат анын пайдасы жакшы элеби, же андан да жакшы мазьдар барбы?
Денги и слава приходят и уходят.


Здоровье- самое главное...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#45 Пользователь офлайн   zhazira   03 Февраль 2013 - 05:43

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 881
  • Катталган: 31 Май 11
  • Соңку аракети: 30 Июн 2014 19:31
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Гамбург


Учуктун белгилери тууралуу алгач римдик врач Геродот биздин доорго чейинки 5-кылымда сүрөттөп жазган. Учук эл аралык деңгээлде “герпес” (байыркы грек тилинде “герпейн” – “сойлоочу”) деген аталышты алып жүрөт. Ооруга мындай аталышты Гиппократ ыйгарган. Герпеске каршы күрөшүү акциясын биринчи жолу мындан 2 миң жыл мурун Рим императору Тиберий уюштурган. Ал сенаторлорго сенатта бири-бири менен өбүшүүгө тыюу салган.
1912-жылы немис окумуштуулары Грютер менен Левенштейн алгач ирет учук тууралуу кенен маалымат жарыялашкан.

ЭМНЕДЕН УЛАМ ЧЫГАТ?
Учуктун чыгышын төмөнкүлөр шарттайт:

  • Суукка, шамалга урунуу;
  • Катуу ысыкта калуу;
  • Катуу стресс;
  • Адамдын жугуштуу ооруга чалдыгуусу (сасык тумоо, ангина ж.б.);
  • Күндүн зыяндуу нурлары астында узакка жүрүү.
Андыктан көчөгө чыгарда эринге күндөн сактоочу крем же помада сүйкөп алуу кажет.
Кокус учук суукка урунбаган же шамалдабаган кезде деле, кыскасы, себеби жок чыгып кайра кете берсе, демек, организмде өнүгүп жаткан оору бар. Мисалы, сарык оорусу болушу мүмкүн. Андыктан текшерилүү кажет.

УЧУК – ЖУГУШТУУ ООРУ
Учук – жер шарында эң көп кези­гүүчү жугуштуу оору түрү. Аны дүйнөнүн 90 пайызга жакын адамы алып жүрөт. Суу чечекти да учуктун вирусу козгойт. Анын жалпысынан 7 түрү бар.

КАНДАЙ ЖОЛДОР МЕНЕН ЖУГАТ?
  • Өбүшүүдөн;
  • Учук чыккан адамдын буюмдарын колдонуудан. Мисалы, чынысы, сүлгүсү ж.б.
  • Жыныстык жол аркылуу (гениталиялык учук).
Учук чыккан ооз менен жыныстык мүчөнү өпкөндө же жыныстык мүчөнү оозго алганда. Ошондой эле жубайлардын биринин жыныстык мүчөсүнө учук чыгып, анан түгөйү менен кошулса да учук жугушу мүмкүн.
Кыскасы, учугу бар адам оорунун булагы болуп эсептелет.

ВИРУС ОРГАНИЗМГЕ КИРГЕНДЕН КИЙИН...
Вирус организмге кирген соң узакка дейре омуртканын нерв түйүндөрүндө (ганглий) бекинип жүрөт. Анан иммунитет төмөндөгөн кезде, адам суукка урунганда, шамалдап же ысыкта калганда оозго ыйлаакча түрүндө чыга калат.

ЭМНЕСИ МЕНЕН КОРКУНУЧТУУ?
Жөнөкөй учук адамды көп деле жабыр тарттырбайт. Ал эми гениталиялык (жыныстык жактан жугуучу) учуктун зыяндуу жактары көп. Алар:

  • Тукумсуздук. Анткени вирус эркектердин сперматозоиддеринин башы менен аялдардын жумуртка клеткаларын жабыркатат.
  • Көздү жабыркатып, сокурлукка дейре алып келет.
  • Куяң.
  • Нерв системасына зыян алып келип, герпетикалык неврит менен энцефалитти жаратат.
  • Герпетикалык пневмониянын келип чыгышын шарттайт.
  • Боорду жабыркатып, герпетикалык гепатитке алып келет.

Эринге чыккан учукту кармаган кол менен көздү сүрткөндө вирус көзгө да жугат. Кээде адам суу чечек менен ооруган соң да денесине (көбүнчө көкүрөк бөлүккө) учук чыгышы мүмкүн.

УЧУККА КАРШЫ ЭМДӨӨ ЖОК
Кызыгы, бул ооруга каршы вакцина жок. Вирусту биротоло өлтүрүүчү дары-дармектер да колдонууда жок. Болгону, вирустун көбөйүп, активдүү болуп кетишин жана ооруну басуучу дары-дармектер гана бар.

  • Ацикловир (Зовиракс) . Таблетка, мазь, гель жана ампула түрүндө.
  • Валацикловир (Валтрекс) . Батышта дал ушул таблетка кеңири колдонулат.
  • Фамцикловир (Фамвир). Таб­летка түрүндө.
  • Тромантадин (Виру-Мерц Серол). Гель түрүндө.
Учук эринге чыккан соң аны токтотуш кыйын. Андыктан алдын алып, таблетка ичип же эринге мазь сүйкөгөн оң. Жаныңызда дары жок кезде учук чыгып баштаса, анда эринге арактан компресс жасаңыз. Булар да жок болсо, анда муздак, күчтүү кофеден, валерианкадан же корвалолдон компресс кылуу ылайык.
УЧУК МЕНЕН КҮРӨШҮҮДӨГҮ 5 ЭРЕЖЕ
  • Кыздар эч качан бирөөнүн помадасын колдонбошу кажет. Анткени учурда курбуңузда учук жок болгону менен, мурун чыккан учуктун вирусу помадага жуккан бойдон жашап жатышы мүмкүн.
  • Учук чыккан кезде эч качан би­рөө­лөрдү (мейли күйөөңүз, мейли балаңыз болсун) өппөңүз. Анткени вирус жугат.
  • Эстетикага ылайык келбесе да, учукка йод эмес, зелёнка сыйпоого болот.
  • Учук чыккан кезде ачуу, туздалган, ышталган азыктарды жеп, күчтүү кофе ичүү адамдын абалын начарлатып жиберет.
  • Шамалдуу аба ырайы, этек кир келер алдындагы кез, стресс учук чыгууга ылайыктуу учурлар болуп эсептелет.

Билдирүүнү түзөткөн: zhazira: 03 Февраль 2013 - 05:44

Бири кем арман дүйнө...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#46 Пользователь офлайн   supeeri   03 Февраль 2013 - 13:22

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 733
  • Катталган: 13 Январь 11
  • Соңку аракети: 24 Ноя 2020 05:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Москва

Эн пайдалуу маалыматтар рахмат Жазира!
Ананчы мага кичинемеде оозума коп учук чыгат эле.Азыр эми чонойгонумдан кийин только мурдума чыгат бир жумада 2 чыкты,катту коркуп кеткен окшойм деп дары койболе копко журо бердим,эми дак болуп кашка болуп калдым.:)Тошна больницага барып анализ тапшырып койбосом болбойт окшойт,коркуп калдым.Алдын конул деле бурбайт элем.
Я живу, как умею. Ни о чем не жалею. Нахожу и теряю. И с нуля начинаю. Я бы Вам рассказала. Да меня не спросили. Как порой предавали, даже те, кто любили. Только я не сдавалась. Я сквозь слезы смеялась. И чтоб там не случилось. Я собой оставалась
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#47 Пользователь офлайн   DIAFRER   03 Февраль 2013 - 20:16

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 331
  • Катталган: 23 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 04 Авг 2021 03:03
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

" Зовиракс " жакшы жардам берет. 1-2 жолу сүйкөсө эле учук жок болот.
Жашообузга аттин кылбай жашайлычы,сен же мен жашап жаткан жашоо балким бирөөнүн тилегенидир. ..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#48 Пользователь офлайн   Umka220190   11 Июнь 2013 - 12:28

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 351
  • Катталган: 14 Декабрь 11
  • Соңку аракети: 26 Янв 2017 12:31
  • Жынысы:Аялзаты

"Оозго эмне учун учук чыгат, ыя? " темасы менен бириктирилди. Себеби, бул темадан учуктун чыгышынын себебин гана эмес, дарылоону да окуса болот.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#49 Пользователь офлайн   eliza90   11 Июнь 2013 - 16:50

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 103
  • Катталган: 30 Июль 11
  • Соңку аракети: 04 Сен 2013 10:31
  • Жынысы:Аялзаты

Мен моргго ар бир кирип чыккан сайын эле учук чыга берет. Учук катуу корккондон, чоочуп калгандан ж.б. чыгат деп жаза берипсинер да. Мен мисалы коркпойм,чоочуп деле калбайм,жийиркенбейм дагы,билбейм бирок мага учук эле чыга берет. Ага каршы деле эч нерсе кылбайм. Учук чыгып калса "иии учук чыгып калыптыр" деп коём,кетип калса "аа учугум кетип калыптыр" деп коём. Ошоо...
Женщина - как эхо. Как к ней обратишься, так она и отзовется.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#50 Пользователь офлайн   sayana   12 Июнь 2013 - 13:38

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 293
  • Катталган: 08 Апрель 13
  • Соңку аракети: 14 Окт 2021 04:48
  • Жынысы:Аялзаты

eliza90 (11 Июнь 2013 - 16:50) жазган:

Мен моргго ар бир кирип чыккан сайын эле учук чыга берет. Учук катуу корккондон, чоочуп калгандан ж.б. чыгат деп жаза берипсинер да. Мен мисалы коркпойм,чоочуп деле калбайм,жийиркенбейм дагы,билбейм бирок мага учук эле чыга берет. Ага каршы деле эч нерсе кылбайм. Учук чыгып калса "иии учук чыгып калыптыр" деп коём,кетип калса "аа учугум кетип калыптыр" деп коём. Ошоо...


иммунитетиниз аз окшойт да , жалпысынан учуктун вирусу 90% адамдарын организминде бар , жашайт, качан гана вирустун кобойуусуно жакшы шарт тузулгондо симптомдору чыга келет.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#51 Пользователь офлайн   sayana   12 Июнь 2013 - 13:54

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 293
  • Катталган: 08 Апрель 13
  • Соңку аракети: 14 Окт 2021 04:48
  • Жынысы:Аялзаты

Элдик медицинадан: учук (герпес) чыкканда кичинекей идишке суу кайнатып , кайнаган сууга кашык салып дагы 5 мин кайнатып , анан кашыкты алып чыгып мумкун болушунча ысыгында учука басыныз 3, 4 жолу ( кашыкты муздатып еле баса бергенге болбойт, анда наоборот ырбап кетет ) . Кайра кашыкты сууга салып кайнатып дагы ошентип басыныз. Ушул процедураны 1 кун аралыгында 1,2 жолу кайталап койсонуз эч кандай мазсыз, таблеткаларсыз эле жок болот. Айта кетчу дагы бир нерсе кармалай бербениз, бул нерсе кобунчо кичинекей жаш балдарга тиешелуу болуш керек. Анан да учуктун алдын алыш учун эн биринчи иммунитетинизди которунуз, коп ушуп калгандан , ысып кеткенден сактаныныз. Баарына ден соолук!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#52 Пользователь офлайн   Kg.lady   14 Июнь 2013 - 15:14

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 7 580
  • Катталган: 26 Январь 13
  • Соңку аракети: 17 Фев 2025 13:10
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ак монгулуу Ала-тоо

Ушу учук жадатат менида,зериккенделе чыга берет.Азырда бар бироомес экооСүрөт

Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.

Байдылда Сарногоев
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#53 Пользователь офлайн   Ylykbek1990   16 Апрель 2014 - 14:40

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 422
  • Катталган: 23 Июль 13
  • Соңку аракети: 29 Июл 2021 15:06
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек - Ысык-Кол

Учук

7 жылдык алоэнин жалбырагынан 1 кг алат. Аны тикесинен тазалагандан кийин эт туурагычтан откорот, ага 1 кг бал менен 0,75 кызыл винону кошуп аралаштырат. Аны карангы жерге 5 кун коет. Даяр болгондон кийин ачкарын кунуно 3 маал 1 чон кашыктан ичип журот.


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#54 Пользователь офлайн   Elnuram090   19 Май 2014 - 05:47

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 584
  • Катталган: 20 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 09 Мар 2018 15:40
  • Жынысы:Белгисиз

бойдок мезгилимде такыр учуктан арылчу эмесмин тез тез эле чыга берет эле,турмушка чыкканымдан кийин кудайга шугур бир да жолу чыга элек 3жыл болду.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#55 Пользователь офлайн   Feijipiao   12 Сентябрь 2014 - 13:58

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 042
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 01:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анкара

ГЕРПЕС (УЧУК)
Көпчүлүк адамдарда мезгил мезгили менен эриндеринде майда ыйлаакчалар пайда болуп турат, муну эл арасында "сезгенүү" же "калтыратма" деп коюшат. Бул чындыгында адамдын эң эле кеңири тараган ооруларынын бири болгон - герпес. Жер шаарынын 90-95 пайызы ушул вирустарды алып жүрөт деп эсептелет. Алардын көпчүлүгү муну төрт жашка чейинки кичине кезинде жуктуруп алышат.
Ал адамдын организмине бир жолу келип түшкөндөн кийин жылына 2-3 жолудан пайда болуу менен өмүр бою кала берет. Эгерде адамдын иммунитети жогору болсо, анда вирусту алып жүрүүчү анын өзүнүн организминде бар экендигин сезбей да калышы ыктымал. Герпес тез-тезден пайда болуп турса, ал организмдин коргоо күчүнүн төмөндөшүнө күбө болот.
Организмде тынч уктап жаткан герпести үшүп калуу, ысып кетүү, өтө күчтүү эмоционалдык кайгыруу, жумуштагы жана үйдөгү стресстер, грипп, кош бойлуулук, айыз, чылым чегүү, алкоголь ойготушу мүмкүн. Ал планетага кеңири жайылгандыктан аны менен жаныбарлар дагы, канаттуулар дагы, ал гана эмес балырлар дагы ооруйт. Бирок, герпес эч качан жаныбарлардан адамдарга жукпайт. Ал маймылдардан гана жугушу ыктымал. Вирус достук же туугандык өбүшүү аркылуу жугушу мүмкүн. Балдардын көпчүлүгү дал ушундай жолдор менен жуктуруп алышат.

ДАРЫЛОО
Герпес алгач пайда болоо-ру менен дарыгерлер "Зовиракс" майын сыйпоону сунушташат. Катуу оорута турган болсо аспирин же парацетамол таблеткалары сунушталат.
*
Элдик ыкма боюнча жаңы эле ширеси сыгылган лимон керек болот. Аны сайгылашкан, кычышкан жерлерге сыйпайт.
*
Вирус жайылган жерлерди оору башталган пихта же чай дарагынын майы менен майлайт. Бирок, дары каражатынын кичине эле тамчысын тамчылатуу керек, антпесе анын тегерегиндеги тери күйүп калат.
*Пайда болгон герпести салицилка кислотасы менен майлайт. Ага пахта таякчасын малып алып, жабыркаган жерге мүмкүн болушунча тез-тезден коюп турат. Бирок, бул жерден дагы тегерегиндеги терини күйгүзүп алуудан этиятташ керек.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#56 Пользователь офлайн   Farmka   27 Сентябрь 2014 - 16:44

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 36
  • Катталган: 15 Июль 14
  • Соңку аракети: 12 Фев 2015 19:12

asiklovir,zoviraks,gerpes stop d.n mazdardy koiso b.t
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#57 Пользователь офлайн   azamat1992kg   07 Март 2015 - 09:40

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 724
  • Катталган: 24 Май 11
  • Соңку аракети: 20 Фев 2018 15:15
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Азыркы убакта менин ээгиме герпес чыгып алды. Негизи иммунитет алсыз болгондо чыгаары чын экен. Меники 2 эле жериме чыга берет. Ушул нерседен кутула албай койдум. Чыкканда суу тийгизсе, ысык жана суук жерде болгонго, таттуу жегенге болбойт болуш керек. Мен ацекловир мазь таблеткасы менен анан герпивир деген мазды колдоном.

Билдирүүнү түзөткөн: azamat1992kg: 07 Март 2015 - 09:41

Ак ийилет, бирок сынбайт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#58 Пользователь офлайн   Aydemi01   07 Март 2015 - 14:23

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 338
  • Катталган: 16 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 22 Фев 2022 20:03
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Тянь-шань тоолору

Асцикловир дегенди суйкой берсе кетет экен.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#59 Пользователь офлайн   vema_87kg   08 Март 2015 - 23:13

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 308
  • Катталган: 03 Февраль 15
  • Соңку аракети: 10 Фев 2016 23:59
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жалал-абад

Менимче катуу чоочуганда, катуу коркондо,кышында катуу грипп болуп,айыга баштаганда кобунчо учук чыгат,мурундун ылдый жагына,ооздун айлана тегерегине чыгат.мага да кышында коп чыккандыктан кетириштин эн оной жолун таап алдым.Кадимки терезедеги шуудурумду 2-3 жолу сыйпаганда сен кор,мен кор озунон озу жок болот,так да калбайт.

Билдирүүнү түзөткөн: vema_87kg: 08 Март 2015 - 23:15

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#60 Пользователь офлайн   shazi   04 Апрель 2015 - 16:16

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 187
  • Катталган: 15 Февраль 13
  • Соңку аракети: 22 Апр 2016 16:30
  • Жынысы:Аялзаты

Кудайга шугур коп жылдан бери чыкпайт болчу, жакында эрте менен турсам чон болуп учук чыгып алыптыр, коркподум эле, суук да болгон эмес, ооруганда эмесмин, азвр окусам стресстен да болушу мумкун экен. Бирок мен эч нерсе кылган жокмун озу кетет деп эле, кундор кунго айыгып жатат.

Смысл жизни улыбка мамы.
.

Хочу чтобы те люди, которых я люблю, были счастливее всех на свете. Они этого достойны!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Дерматология
  • Кийинки тема →

  • (4 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 3 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 3, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 23 Июн 2025 22:56

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: