Илгиз деген классташ балам класстагы кыздардын баарынын айласын кетирип, ыйлатып тийише берчуу. Мени да тажатат эле. Чыдабай кеткен кундору тытышып, тебишип, согушуп ыйласам да когоруп урушат элем. Партамы сындырып салган, ошондо ызааланып ыйлаганым дагы эле эсте. Кашымы жарып койгон бирде урушуп кетсем. Анан уйдогулор ызы-чуу тушуп "ким урду?" деп, чон акем мектепке келип сабак отуп жаткан учурубузда эле баягы классташымы аябай катуу сабап кирген. Эжекенин журогу тушуп, озунчо бир концерт болгонбуз. Классташым ошондон кийин тийишпес болгон. Азыр болсо " мага тийсен болмок да" деп кулуп тамашалап калат.
/>
Ушул классташ балам азыр классташ кыздарыбызды сыйлап турат. Анча мынча проблемаларын чечип, ар дайым уюшуп бир жактарга барып эс алып, мен Кыргызстанга барганым сайын жолугуп сыйлап турат. Классташ кыздарды аябай эле кызгана берет да анан. Былтыры декабрда кафеге барып майрам тоскону отурганбыз жалан кыздар жана классташ балам озу. Башка столдон балдар келип тийишип, бийге тартса такыр бийлетпей алты кыз менен озу жетишип бийлеп жургон. Убагында ыйлатканы менен бизди азыр ишенген классташыбыз ошо бала.

Супер-Инфо
super.kg
видео























