Эх,студенттик күндөрүм алыс эместир,быйыл тапшырам.
Эх, студенттик күндөр ай! http://www.super.kg/superstan/index.php?showtopic=90032
#83 01 December 2013 - 23:49
Мындай тема болсо алдын ала кечирим сурайм... Студенттик кундор кандай сонун ээ, окуп эле эмес, шерине, кечелерге баруу, жатаканда,квартирада,
кээде ток карын,анча мынчада ач карын,башыбыздан аябай кызыктуу, кулкулуу, ж.б айта берсе коп, ар кандай кырдаалга туш болот эмеспи3би. Ушул студентик кездерден бир эстеп жылмайып албайлыбы. . .
Я буду терпеливым,
Я стану повторять:
Чтобы быть счастливым,
Нужно уметь ждать
#84 01 December 2013 - 23:52
Бир окуу жайга текшерүү менен комиссия келип калат. Ал убакта кеч күз болгондуктан эрте эле кеч кире турган. Бул окуу жайдын жатаканасы,
вокзалдан университетке өтчү жолдо болчу. Ошол жатакананын шок студенттери сүйлөшүп алышып, комиссия өтүп бараткан убакта, баардык терезелердин светтерин өчүрүп, үч сөз көрүнүп калгандай кылып кээ бир терезелерди күйгүзүп коюууну чечишет. Комиссия декан менен келе жатат дейт. Маңдайындагы жатаканада болсо караңгы терезелердин фонунда "үч сөз” күйүп турат. Анда да жөн күйбөстөн, жанагы үч сөз улам өчүп-күйүп, комиссиянын жинине тийген экен. Комиссия деканды катуу коркутканбы,
айтор, эртеси жатаканада териштирүү башталат. Баардыгы билмексен болуп ийинин куушурат: "Менин комнатамда свет күйүп туруптурбу?
А эмне болот экен? Мен китеп окуп аткам (сабак жазып аткам, телевизор көрүп аткам...ж.б.).
” "Меники өчүп туруптурбу?
А эмне болот экен? Мен комнатада жок болчумун (уктап аткам, лампочка күйуп кеткен...).” Иши кылып студенттердин баардыгы макоо, эч кимдин күнөөсү жок. Анда декан, комиссия кетип баратканда баягы кайра кайталанбасын деп, күйүп турган ар бир бөлмөгө светти күйгүзбөш үчүн бирден активист коёт. Бирок, баарынан кызыгы, комиссия кетип баратканда баягы "үч сөз” өчүп, калган терезелердин баардыгы күйүп калган экен.
Я буду терпеливым,
Я стану повторять:
Чтобы быть счастливым,
Нужно уметь ждать
#86 02 December 2013 - 00:10
Бул окуя 60-жж. Ленинград
университетинин механика-
математика факультетинде болгон.
Эки мугалим, биринин бир буту
протез, экинчисинин бир көзү
жасалма, экзамен алып отурушкан. Бир маалда буту протез мугалим
жумуштар менен сыртка чыгып бара
жатса, экинчи мугалим тамашалап
"Бол батырак барып кел. Бир бутуң
бул жерде, экинчи бутуң тигил
жерде болсун", деп күлсө, анда буту жок мугалим "Макул. Сен да бул
жакты жакшылап кара, бир көзүң
менен бул жакты, экинчи көзүң
менен тигил жакты", деп коёт дейт...
: )))

#87 02 December 2013 - 00:26
Студент болбосомда баштан коп эле кундор отту.
Айтып отурбайын э,студенттердин темасы болгон сон.
Айтып отурбайын э,студенттердин темасы болгон сон.
Лев и тигр сильнее волка, но волк не выступает в цирках...
#88 02 December 2013 - 00:33
Бир топ жашка барып калган профессор лекция окуганы бара жатып, өзүндөй чамалуу айдоочусуна айтат: "Мен бүгүн мени эч ким тааныбаган университетте алгачкы лекциямды окушум керек. Сен мени ташып жүргөнүңө 20 жылдын жүзү болду. 20 жыл бою сен менин лекциямды угуп, дайыма эшиктин жанында мени күтүп тураар элең. Бүгүн лекцияны сен оку, мен болсо машинаны айдап, сенин айдоочуң болоюн !” Айдоочу ойлонуп туруп макул болот. Экөө орундарын алмашып, профессор айдоочунун баш кийимин кийип машинаны айдап жөнөйт. Качан алар университетке жеткенде, айдоочу ишенимдуу түр менен алдыга
басып, аркасынан айдоочунун баш кийимин кийген профессор жөнөйт. Айдоочу кафедрага чыгып лекциясын окуп баштайт. Профессор болсо эшикке жакын жерде лекция угуп отурат. Лекция бардыгына жагат, угуучулар ыраазы болуп, кол чабышууда. Бирок, бир аспирант туруп айтат: "Негизи, алгачкы лекцияларда суроо берилбейт экенин билем, бирок менин түшүнбөгөн татаал суроом бар...”. Аспирант түшүнбөгөн жерлерин айтып, татаал терминдерди, оор түшүнүктөрдү колдонуп, 5 мүнөт сүйлөп, айдоочу такыр түшүнбөгөн суроолорду берет. Суроосун акырына чейин шашпай уккан айдоочу, акырын жайдары: "Ушул да татаал суроо бекен? Сиздин татаал сурооңузга менин айдоочум жооп берип койсун анда...” деп чыгып кеткен экен.

#90 02 December 2013 - 00:46
Владивосток университетинин физика факультетинин жатаканасында болгон окуя. 8 ноябрь. Эртең менен. (7 ноябрь – Жаштар күнү белгиленген.
) Бөлмөлөрдүн эшиктери чыгуучу узун коридордо, комиссия менен чогуу декан, жатакана боюнча экскурсия кылып келе жаткан. Бир убакта коридордун ортосунда уктап жаткан студенттин башы көрүнөт (денеси бөлмөдө, башы коридорго чыгып калган экен). Декан комиссия менен чогуу басып келип, бутунун учу менен студентти ойготот. Студент шашпай көзүн ачып, уйкулуу көзү менен бут кийимди көрөт. Анан декандын бутун,
денесин көрүп, аягында бетин карап, "Ухх, жада калса түшүмө да декан кирип атканын” деп чала-була сүйлөп, кайрадан бүрүшүп жатып алса болобу. (Декан кайдыгер жүзү менен студентти аттап, экскурсияны улантып кетиптир. Бирок эч кандай студенттик репрессия болгон эмес.
денесин көрүп, аягында бетин карап, "Ухх, жада калса түшүмө да декан кирип атканын” деп чала-була сүйлөп, кайрадан бүрүшүп жатып алса болобу. (Декан кайдыгер жүзү менен студентти аттап, экскурсияны улантып кетиптир. Бирок эч кандай студенттик репрессия болгон эмес.
Я буду терпеливым,
Я стану повторять:
Чтобы быть счастливым,
Нужно уметь ждать
#91 02 December 2013 - 01:03
Досум айтып берген окуя. Алардын университетинде чооң аудиториялар бар. Ал жерде парталар тепкич- тепкич болуп көтөрүлүп, аягы парталар бийик жерде болуп калат. Мындай аудиторияларда эки эшик жайгашкан, бири алдында - жапыз жеринде, экинчиси артында - бийик жеринде, жана бул эшиктер эки башка этажга чыгат. Бир күнү лекция убагында бир студент эң артта уктап жаткан. Ошол убакта мугалимдин боору түгөнүп калып, уктап жаткан студентти чакырып боор сурап келүүгө жөнөтөт. Уйкулуу студент арткы эшиктен чыгып боор таап келүүгө кетет. 5 мүнөттөн кийин ошол эле уйкусураган студент алдынкы эшикти ачып "Силерде боор барбы?" деп сурап коёт. "Жок" деген жоопту угуп эшикти жаап кайра кетет. Бир аздан соң, ал студент мунусунда арткы эшик
менен кирип "Боор сурасам жок деп коюшту" деп кайра жатып алса болобу. Мугалим шок !!!
менен кирип "Боор сурасам жок деп коюшту" деп кайра жатып алса болобу. Мугалим шок !!!
Я буду терпеливым,
Я стану повторять:
Чтобы быть счастливым,
Нужно уметь ждать
#94 02 December 2013 - 10:44
Студент кезимде көп эле кызыктуу күндөр өткөн)) эң эле эсте калганы декандын артынан өллө бир күн кечке чуркаганым,
универге барсам үйүнө кетти деп, үйүнө барсам тиги жака кетти деп иши кылса
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#95 07 December 2013 - 00:47
Студент кезде жатаканада жашап окудум. Аллахка шугур,жакшы кыздарга жолуктум,группабыздагы 4 кыз бир болмодо чогуу жашап калдык. Эми жатаканадагы алгачкы кундордон баштап жаза берейин. Эки кыз кочуп келип жашап баштаганбыз,
экоо шашпай келишмек. Анан мен мурда уйдо жургондо эрте туруп конгон жаным аяктан да дем алыш кундору тан атпай туруп алам десенер. Жанымдагы кыз уктап атса,мен калдыратып чай ичип,кир жууп,светти куйгузуп алчумун
. Ал кыз мени ”эй тооктой болбой кичине жата турчу”деп урушат, а мен аны ”эуу мышык турбайсынбы”деп ызылдай берчубуз.
Анан эки кызыбыз келди,”полный состав”чогулдук. Болмодо курошуп ойноп кетчубуз.Айка деген кызыбыз томпошка,кучтуу болчу.Аны м.н курошкондо алым жетчу эмес да, анан пледди которуп алып ”бул Айка экен дейт да”деп которуп чаап ойночумун. Ал болсо азыр сениби деп кубалап журчу.

#96 07 December 2013 - 01:14
Бир куну болсо тамак жасайлы деп сковородкабызды таппай калдык,балконго койчу элек аякта да жок. Анан Перизат айтып атпайбы аны кошуна балдар алган деп. Мен барып эле силерде экен,бергиле деп сурап кирдим. Эшигин кармап карап туруп алыптырмын.
Бизден улуу байке жашачу да,ал шкафтарын антарып,балконунан карап таппай койду. Калган балдар келишсинчи анан сурап берейин деди, макул деп болмого кирсем Перизат эзилип каткырат, эмне болду десем, байкушту жаман издеттин го,ушулар алган деп жон эле айтып койгом,кимде экенин билбейм деп атпайбы. Ээк эми кайдан табабыз деп балконго чыгып жерди карасам,жаны эле жааган аппак кардын устундо кара бир нерсе жатат,корсо жерге тушуп кетиптир да
/>/> Кошуна байкени жон эле убара кылыптырмын корсо.
#97 07 December 2013 - 01:20
Бир куну болсо тамак жасайлы деп сковородкабызды таппай калдык,балконго койчу элек аякта да жок. Анан Перизат айтып атпайбы аны кошуна балдар алган деп. Мен барып эле силерде экен,бергиле деп сурап кирдим. Эшигин кармап карап туруп алыптырмын.
Бизден улуу байке жашачу да,ал шкафтарын антарып,балконунан карап таппай койду. Калган балдар келишсинчи анан сурап берейин деди, макул деп болмого кирсем Перизат эзилип каткырат, эмне болду десем, байкушту жаман издеттин го,ушулар алган деп жон эле айтып койгом,кимде экенин билбейм деп атпайбы. Ээк эми кайдан табабыз деп балконго чыгып жерди карасам,жаны эле жааган аппак кардын устундо кара бир нерсе жатат,корсо жерге тушуп кетиптир да
/>/>/> Кошуна байкени жон эле убара кылыптырмын корсо.
))) anan aityp koigonspu
#98 12 July 2014 - 18:58
Студенттик кундор бул жашообуздун эн кызыктуу омурубуздо омур бою жакшы элестер менен кала турган кундордон бири болуп эсептелинет.
Ошондуктан студент болуп жургондогу эсте калган кызыктуу окуялардан жаза кетсениздер. ..
Ошондуктан студент болуп жургондогу эсте калган кызыктуу окуялардан жаза кетсениздер. ..
Мой муж-мой рай! И пусть Аллах даст мне такого имана которое я смогу вместо с ней открыть дверь Рая. Ин ша Аллах
#99 12 July 2014 - 19:07
Эскертуу албасан эле болду эми, мындай тема бар го.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#100 12 July 2014 - 19:14
Кайсы болумдо эле?Мен мындай теманы корбоптурмун.
..
П.с Дал ушундай маныздагы тема бар экенин билбептирмин. .
Эскертуу бербей, очуруп же кошуп койушунуздарды суранат элем..
П.с Дал ушундай маныздагы тема бар экенин билбептирмин. .
Эскертуу бербей, очуруп же кошуп койушунуздарды суранат элем..
Мой муж-мой рай! И пусть Аллах даст мне такого имана которое я смогу вместо с ней открыть дверь Рая. Ин ша Аллах

Супер-Инфо
super.kg
видео