Суперстан: Форумчулардын сынагына сынбайсынбы?(сынак учун) - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Суперстан
  • > Суперстандын архиви
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

Форумчулардын сынагына сынбайсынбы?(сынак учун)

#1 Пользователь офлайн   Nur_Islam   14 Июнь 2013 - 01:42

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 606
  • Катталган: 22 Август 12
  • Соңку аракети: 25 Дек 2014 17:54
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Москва

"Суперстандын таланттуулар супер сынагы" аттуу сынактын 4-туру болуп эсептелген бул тема "Форумчулардын сынагына сынбайсынбы? " деп аталат. Аты айтып тургандай эле темада сынактын катышуучулары Суперстандын форумчуларынын турдуу суроолоруна жооп беришмекчи. Журогунуздон чыккан же сынактын журушундо оюнузда жаралган суроолорду кураштырып, топтомун бул темага илсениз болот!
Алгач:
-Сынакка кызыгуусу куч ар бир форумчу суроо беруу укугуна ээ.
-Суроолор курч жана манилуу болуусу талапка ылайык келет.
-Баш катырма, тамаша иретиндеги суроолорду жазууга уруксат.
-Сынакты кузотуп келген ар бир форумчу оз дилинен жаралган 3 дон кем эмес суроону бул темага 1 гана билдируусу менен калтыра алат. Сынактын аты айтып тургандай, ынгайсыз сын муноздгу суроолор болсун...

Андан сон:
Калыстардын чечими менен темага калтырылган суроолордон 30 суроо тандалып алынат да, ал суроого таланттуулар бир билдируунун ичинде жооб жазышат. Суроолор дуйшомбу куну токтотулуп, ошол таптан баштап "Форумчулардын сынагына сынбайсынбы? " аттуу сынак старт алат(ал учун дагы кошумча тушундурмо жазылат). Эмесе ушул убакыттан баштап ары кызыктуу, ары курч, маанилуу суроолор учун тема ачык. Сынактын , Суперстандын чыныгы талантын тандап, сындап алыныздар!

Эскертуу:

-Комментарий жана тема боюнча сын, суроолорду бул темага жазууга мумку эмес.
-Чектен чыккан адепсиз суроолорду берууго мумкун эмес.
-Ар бир суроо калтыргысы келген форумчу суроолорун 1 гана билдируудо камтышы туура.
-СУРОО КАЛТЫРУУ МООНОТУ дал ушул убакыттан баштап дуйшомбу-17-июнь, саат 00:00 го чейин!

Билдирүүнү түзөткөн: Nur_Islam: 14 Июнь 2013 - 02:22

Жүрөккө эмне толсо, ооздон ошол сөз чыгат...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   jooshbala   14 Июнь 2013 - 03:06

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 213
  • Катталган: 07 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 03 Авг 2024 12:16
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:москва

Анда биринчилерден болуп бере кетейин.

Баардык катышуучуларга бере беребизби?
Андай болсо төмөндөгү суроом силерге:
Дүйнөдөгү ГИНЕС китебине кирген 10 каскадерлордун бири кыргызстандык атуул, 27 м деги бийиктиктен ат үстүндө сырдарыя суусуна секирип трюм көргөзгөндүгү үчүн Гинес китебине кирген .Ал ким?

Ийгилик таланттуулар! !!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   Rinatik94   14 Июнь 2013 - 14:23

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 23 006
  • Катталган: 08 Февраль 13
  • Соңку аракети: 05 Мар 2019 23:21
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:instagram шаары) @rinat_imankulov

1.Бүтүндөй бир материкти ээлеп жаткан өлкө барбы?
2.''Төбө чачты тик тургузган окуя'',-деген сүйлөмдүн маанисин түшүндүрүп бер.
3.Эң чоң аскердик наам кайсы наам?
Биз өз өлкөбүздө гана бактылуу боло алабыз!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   Shopok   14 Июнь 2013 - 17:37

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 57
  • Катталган: 03 Февраль 13
  • Соңку аракети: 30 Мар 2016 12:07
  • Жынысы:Аялзаты

1. Дуйнодогу эн жакшы адам ким?
2. Балээ башка кайдан келет?
3. Кыргыз элинде жана орустарда создук кору бай кимдер болгон?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   bermet104   15 Июнь 2013 - 01:46

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 509
  • Катталган: 01 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 14 Фев 2022 14:30
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Алыс жактарда...

Менде бир эле суроо:Акыл адамды башкарабы же адам акылдыбы?
Убакыт даарылайт деген созго ишенбей бараткандаймын. ..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   Elbars92   15 Июнь 2013 - 17:19

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 274
  • Катталган: 10 Май 13
  • Соңку аракети: 01 Авг 2013 08:43
  • Жынысы:Эркек


1.Ак жоолук м.н кок жоолук сууга тушсо эмне болот?
2.Тиги дуйно бар дегенге ишенесинби?

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   VioLetTa   16 Июнь 2013 - 14:58

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 26
  • Катталган: 22 Май 13
  • Соңку аракети: 18 Окт 2013 22:04
  • Жынысы:Аялзаты

Ар бир форумчу ушул суроого жооб беришине ишенем .

Сиздин чыныгы атыныз?
Таланттуулар сынагындагы эн кыйын тур?
Кайсы форумчу эн жаман жана эн жакшы деп ойлойсуз туура так жооб беруунуздорду кутом.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   Барс   16 Июнь 2013 - 17:45

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 987
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Мар 2025 15:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

Мен да суроо берип койсом окшойт.


Сиздер чыгармачыл адам катары баарыңыздар ыр да жаза ала тургандыгыңыздарды далилдеп жатасыздар. Анда ыр жазуунун техникасы боюнча оңой суроолор:
1. Ырдагы уйкаштык деген эмне?
2. Ырдагы ыргак дегенди Сиз кандай түшүнөсүз?
3. Ырдын көркөмдүүлүгү деген түшүнүктү чечмелеп берсеңиз.
Эми ушул сапаттар Сиздин сынактагы ырларыңызда сакталдыбы, же жокпу, мисалдар менен учкай далилдей кетсеңиз.

Алдын ала ырахмат айтуу менен баарыңыздарга ийгилик каалаймын!
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   zhiza   16 Июнь 2013 - 20:56

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 517
  • Катталган: 18 Июнь 11
  • Соңку аракети: 30 Мар 2018 09:18
  • Жынысы:Аялзаты

1.Кандай адамды кучтуу деп ойлойсуз?
2.Кем акыл менен сокурдун айырмасы эмнеде?
3.Эмне учун досту душманга айлантуу оной да,душманды доско айлантуу кыйын?
4.Акмакка жакшылык кылган адамга берген бааныз?
Баарыныздарга ийгилик!
Адамга адам кымбат болуш керек....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   Voin.teni   17 Июнь 2013 - 03:22

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 470
  • Катталган: 27 Январь 12
  • Соңку аракети: 08 Ноя 2015 06:53
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:moscow

Адамзаттын алсыз болуп жаралып калганын ойлоп ызааланасынарбы?

Курошуудон чарчап калган адамдарды кордунор беле? Кандай ой болгон?

Досум деп жакын алган досундун чыныгы жузу билинип, жек корууго айланган учур болду беле?жашырынып колтукка кирип алып сасыткан "досторго" кандай карайсынар?

Улутпу же суйуубу?

Судьба не приговор, судьба творение...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   aybek.shermambetov   17 Июнь 2013 - 06:58

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 131
  • Катталган: 20 Май 12
  • Соңку аракети: 20 Окт 2016 12:39
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Shansi

1.Парламентик башкаруу кандай нукта журуп жатат?
2.Мекенин учун эмне иш кылдын?
3.Санжыраны билесинби?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   Spartak0001   17 Июнь 2013 - 14:03

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 407
  • Катталган: 03 Август 12
  • Соңку аракети: 07 Июн 2019 12:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Улуу Кыргыз Державасы

Просмотр сообщения jooshbala (14 Июнь 2013 - 03:06) жазган:

Анда биринчилерден болуп бере кетейин.

Баардык катышуучуларга бере беребизби?
Андай болсо төмөндөгү суроом силерге:
Дүйнөдөгү ГИНЕС китебине кирген 10 каскадерлордун бири кыргызстандык атуул, 27 м деги бийиктиктен ат үстүндө сырдарыя суусуна секирип трюм көргөзгөндүгү үчүн Гинес китебине кирген .Ал ким?

Ийгилик таланттуулар! !!

Просмотр сообщенияKubanychbekkagan (17 Июнь 2013 - 09:49) жазган:

Үсөн Кудайбердиев деген агабыз. бакиевдин тушунда буйрутма менен киши колдуу болуп көз жумган.

Үсөйүн эмес беле? 27метрден ат үстүнөн 1,5метрлик сырдарыяга секирген, кайсы бир киного тартылуу учурунда
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   Spartak0001   17 Июнь 2013 - 15:08

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 407
  • Катталган: 03 Август 12
  • Соңку аракети: 07 Июн 2019 12:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Улуу Кыргыз Державасы

Просмотр сообщения Rinatik94 (17 Июнь 2013 - 14:45) жазган:

Үсөн эле.

Үсөн болсо Үсөн да, мага эмне:)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   Nur_Islam   18 Июнь 2013 - 01:59

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 606
  • Катталган: 22 Август 12
  • Соңку аракети: 25 Дек 2014 17:54
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Москва

Бир кунго кечигип, ынгайсыздык жаратканыбыз учун кечирим сурайбыз жалпыдан. Ал эми форумчулардын, жана калыстар тарабынан суроолор тузулуп илинди. Суроого так, жана туура чындыкты жооб бересиздер деген умуттобуз. Акыркы тур жагымдуу маанай тартуулап, ийгиликтуу аякташына тилектешпиз. .

1-Дүйнөдөгү ГИНЕС китебине кирген 10 каскадерлордун бири кыргызстандык атуул, 27 м деги бийиктиктен ат үстүндө сырдарыя суусуна секирип трюм көргөзгөндүгү үчүн Гинес китебине кирген .Ал ким? (Jooshbala)

2.''Төбө чачты тик тургузган окуя'',-деген сүйлөмдүн маанисин түшүндүрүп бер. (Rinatik)

3- Дуйнодогу эн жакшы адам ким?
4- Балээ башка кайдан келет? (Shopok)

5-Акыл адамды башкарабы же адам акылдыбы? (bermet104)

6-Ак жоолук м.н кок жоолук сууга тушсо эмне болот? (Elbars92)

7-Сиздин чыныгы атыныз?
8-Таланттуулар сынагындагы эн кыйын тур?
9-Кайсы форумчу эн жаман жана эн жакшы деп ойлойсуз туура так жооб беруунуздорду кутом. (VioLeTta)

10-Ырдагы уйкаштык деген эмне?
11-Ырдагы ыргак дегенди Сиз кандай түшүнөсүз?
12- Ырдын көркөмдүүлүгү деген түшүнүктү чечмелеп берсеңиз.
13-Эми ушул сапаттар Сиздин сынактагы ырларыңызда сакталдыбы, же жокпу, мисалдар менен учкай далилдей кетсеңиз. (Барс)

14-Кем акыл менен сокурдун айырмасы эмнеде?
15- Эмне учун досту душманга айлантуу оной да, душманды доско айлантуу кыйын? (zhiza)

16-Досум деп жакын алган досундун чыныгы жузу билинип, жек корууго айланган учур болду беле? жашырынып колтукка кирип алып сасыткан "досторго" кандай карайсынар?
17-Улутпу же суйуубу? (Voin.teni)

18-Санжыраны билесинби? (aybek_shermamatov)

20-Сиз канчанчы орунду алам деп ойлойсуз?
21-Форумда кимдин билдируусуно, жана кимдин темасын окуп козунузго жаш алгансыз?
22-Сынакка катышууга туртку эмне болду?
23-Форумда кимди жактырасыз ( Чынын жооб беребиз тартынбай)
24-
Сиздин кебиниз берекелуубу же маанилуубу?
25- Кечээ эмне жоготтунуз, эртен эмнени жоготоорунузду билесизби? 26-Сизге 1 кун убакыт админ_суперстан болууга мум.к берилсе, форум у.н не жасамаксыз. (балким бироону банга кетирет же ж.б.у.с)
27- Учурда эмнеге "чанкап" турасыз? 28-Колунуздан келеби?:анда
а) Канча бир суйлом м.н сиздин жообунузду окуп жаткан форумчунун козуно жаш алдырыныз! Б) ...жузуно жылмаюу жаратыныз!
29-Кайсы аким эн мыкты деп ойлойсуз?
30-Эркин микрофон. Сиздин акыркы созунуз? Калыстарга сын, же сиз менен бирге катышкан таланттарга сын..

Билдирүүнү түзөткөн: Nur_Islam: 18 Июнь 2013 - 02:02

Жүрөккө эмне толсо, ооздон ошол сөз чыгат...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   aijan   18 Июнь 2013 - 12:37

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 10 994
  • Катталган: 18 Май 07
  • Соңку аракети: 29 Мар 2021 22:03
  • Жынысы:Аялзаты

Жооптор:
1. Гинес китеби жонундо эч нерсе билбейт экенмин. Анустуно, кайсы кыйын киши Сыр дарыянын устундо атка минген бойдон кантип кеме трюмун корсото алды, танмын. Эгер соз Гиннес китебине ат устундо уникалдуу трюк корсоткону учун кирген Усон мырза жонундо болуп жатса, анда жогору жакта менин жообумдан мурда берилген мырзалардын жооптору сизди канааттандырат деп ишенем :)

2. Журоктун ушун алган, коркунучтуу деген тариздеги окуя.

3. Менимче, канчалык ата-энебизди мактабайлы, пайгамбарыбызды жактабайлы, ар бирибиз озубузду эн жакшы адам санаганыбыз учун гана баш которуп басып журобуз.

4. Ар кайдан. Кобунчо, кутулбогон жактан. Андан да коп озубуз колубуз менен жасап алабыз...

5. Акыл адамдан сырт эмес. Адамда акылдан башка илгерки инстинкт, эмоциялар да жашайт. Кыскасы, адам акылды жондойт. Ошонусу менен жашоо кызык да. Болбосо акылга сыйбаган, логикага туура келбеген, рационалдуу эмес кадамдар адамдар тараптан таптакыр(уащще) жасалмак эмес. Супсак жана бир калыптагы жашоо окум сурмок.

6.Эки суу болгон (мокрый) жоолуктар болот. Эгер жоолуктардын сапаты начар, ал эми суу ысык болсо, ботала сууда калкып жаткан жараксыз эки кесим кездеме болот да калат.

7. Сыр бойдон эле калсынчы :) "Айжан" паспорттогу ысымым болбогону менен, чыныгы атым десем жанылышпайм.

8. Баары тегиз... Тегиз туйшолтту :)

9. "Жооб" эмне экенин тушунбогон жаным, унчукпай эле коюуну эп кордум %)

10. Саптардагы создордун, айрыкча акыркы создордун уйкашуусу.

11. Ыргак, бул ритм. ("Ямб", "хорей" деген сыяктуу) Саптардагы муундардын олчому, коюлган басымдардын бирдейлиги; ырды окуганда, кандай десем, толкун сымал бир калыптагы ритм.
12.Корком соз каражаттарын (салыштыруу, эпитет, гипербола жб) эби менен колдонуп, баяндалып жаткан ойдун таасирдуулугун кучоткон озгочо нерсе "коркомдуулук" деп аталат. Башкача айтканда, ырдын кооздуулугу; чыгарманы элестеткенге оной, эсте калаарлык кылуу учун колдонулуучу ыкма.

13. Сынак учун "Жыланач баатыр" апыртмасын жаздым. Ар бир торт сапта уйкаштыкты, бирдей ыргакты сактаганга аракеттендим. Апыртма болгондуктан, гиперболаны коп колдондум. Тамга лимитим тар болгондуктан, мисалын кошо жазбадым. Кечирээрсиз. Эгер керек десениз, башка жоопто кенен талдап берууго даярмын, Барс агай.

14. Сокур кем акылдан коодонунун корогочтугу менен айырмаланып турат.

15. Пендечилик. .. Коргон жакшылык толкун чайпаган кумдагы издей - эс-тутум архивибизде бат жоголот, жамандык ташка тамга баскандай- ышкап, ойкоп, аракеттенип (кечирип) кетирбесен, озу кетпейт. Жалкоолуктун айынан, болгон жамандык, таарыныч, эн негизгиси, тушунбостук дос адамды бат эле каска айлантат. Достошууга, дос бойдон калууга коп аракет жумшап, эмгекчил болуу талапка ылайык.

16. Жок, досторумдун жеке лимитинен ашыкча моралдык ишеним жуктоп коргон эмесмин, мумкун ошогодур. Жашырынып колтукка кирип алып сасыткан "досторум" болгон эмес, озголордун ушундай достору тоскоол жаратса да, жок дегенде сабак болуп берет деген умуттомун.

17. Суйуу. Мен аялзатымын да, анустуно эгоизм дурус эле орчугон :)

18. Кайсыл санжыраны? 7 атамды- албетте, кыргыз улутунун санжырасын - чала-була(ий, бетим), Адам атадан башталган негизги санжыраны- ото устуртон.

20.Бешенеге жазылганын.

21. Жаш секелек кызыбыздын ата-энесин жоготуп жазгандагысын. Конул айтканга алым келбей темадан чыгып кеткем.

22. Бекерчилик.

23. Киши катары -Замира эжени :) жиндиленип, чектен чыкса деле негедир жага берет. Кичинекей (капризулька) быйтыйган кыздай эле боло берет.

24. Кобуроок биринчиси го. Коп тантырайм. Экинчисине умтулуудамын.

25. Кечээ бир денеде экоо элек, жалгыз калдым. Эртен мени когорткон саябан бактан ажырап калуу коркунучум бар. Тилегеним, эч качан жаш кочоттор карт дарактан эрте кыйылбасын.

26."Алиги жонундо" болумун эле бир сыдыра флуддан тазалап, ирээттештирип чыксам ой да жыргамакмын!

27. Кудайга шугур, бир гана жашоого. Тойбойм да ушуга. Берээрин унутпасын.

28. а) Куйуп калган мунжу колдору менен жансыз жаткан ичке шал буттарын мыкчый кармап, апасы жаткырган ооруган капталынан бери оодарыла албаганына да кайыл жаш улан жайдын айлуу тунундо уктабастан, дубалдын ары жагында жашырынып жолугушкан эки ашыктын озуно бейтааныш ысык создорун дем албай тыншап жатты.
б) Жылмайып коюнуз, окурманым, бактылуу кундор али алдыда :)
29. Арстан мырза.
30. Жалпы баарыбызды жалан жакшылыктар гана ыроолосун, жамандык жолобосун. Уйубуздон кут, улутубуздан рух, озубуздон ырыс кетпесин. Аман бололу. Уюштуруучуларга ыраазычылык.

Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   Atabaevtalantbek   18 Июнь 2013 - 19:09

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 000
  • Катталган: 15 Июнь 12
  • Соңку аракети: 30 Мар 2017 22:53
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

1. Жогоруда кайсы бир форумчу айткандай ЯНДЕКС агам менен айГУГЛ женемден сурасам, алар бир ооздон 10 каскадер ичинде Кудайбергенов Усондон башка кыргыз каскадер жок дешти.

7. Жети жаштагы өгөй баласын олтуруп, олуктон кантип кутулсам деп бир колун куйуп жаткан уйдогу мешке салып корот, сасып такыр куйбой туруп алат. Ошондо соокту майда майда майда кылып балка менен майдалап, этти мясорубканан откоруп,талаага алып чыгып таруу чачкандай чачып кутулган өгөй атанын окуясына окшогон окуяларды тобо чачты тике тургузган окуя десем болот.

3. Пайгамбарыбыз Мухаммад Мустафа Салаллооху Алейхи Вассалам.

4. Балее эч жактан келбейт. Биздин башыбыз озу балеени издеп табат.

5. Акыл адамды башкарат. Эгер адам акылды башкара алганда дуйнодо кем акылдар такыр болмок эмес.

6. Көк жоолуктун боёгу ак жоолукка жугуп экөө тен көгүш жоолук болуп калат.

7. Талантбек.

8. Апыртма. Калпты бир нерсе кылсан болот, ал эми апыртманы жазууга дагын бир менин адашым (талант) керек экен.

9. Азырынча жаман деп эч кимди айта албайм. Бирок кокус мен утпай калсам, анда админ_суперстан, Нурислам, Барс аке, Инфолорду...
Туура ”жооб” баары жакшы.

10. Ырга арнап бут жашоосун бул ааламда,
Ыраазымын алп жазуучу Алыкулга.
Ыры дагын эстен чыгып калар эле,
Ысык Колу толкуп ташып турбаганда.
дегендей баш жана акыркы тамгалардын окшоштугу, анан бир маанини узбостон кенен, тушунуктуу кылып чагылдырган сапты: уйкаштык деп билем.

11. Ар бир сап бир ыргакта гана жазылуу керек. Мисалы:
Ыры дагын эстен чыгып калар эле
* * * * # # # # * * * *
Ысык Колу толкуп ташып турбаганда
(жылдызчалар менен торчолорду муундап, узун кыска сап кылбастан, ушул муундар менен тең кылып 4-сапты аяктаганды ырдын ыргагы деп тушуном.)

12. Бир ырды жазып коюу оной эле. Эгер ошол ырды окуган окурман сенин ырындан тажап кетпей акырына чейин кызыгуу менен окуса, демек бул ырдын коркомдуулугуно 5 болбосо да 4 деген баа берсе болот.

13. Менин оюм боюнча толугу менен сакталган жок.

14. Кем акылда көз, сокурда болсо акыл бар.

15. Досту душманга айлантуу оной деп айтуудан алысмын. Анткени ал сага чындап дос болсо эч качан сага душмандык кылбайт.
Душманыңдын озуно канчалык досумсун деп айтканың менен, баарыбир журогундо сен аны душман деп билесин, жана ага досундай ачылып сыр айтпайсын.

16. Ооба болгон. Сөгүп сөгүп эле кечирип койгом.
Эгер койнунда сасып атса ал уже дос эмес. Өзөктөн чыккан өрт, өздөн чыккан жат жаман деп койчу беле?

17. Улут. Анткени мен Кыргыздын кулунумун.

18. 7 атамдан башка эч нерсени билбейт экем.

20. Бир нерсе деп айтуу кыйын.

21. Кайгырып конулум ооруган учур болгон, бирок козумо жаш ала элекмин.

22. Кызыгуу, тобокелчилик туртку берди.

23. Виртуалдык дуйнодо Айылдык кызды, реалда... Айтпайм. Секрет.

24. Менин оюм боюнча берекелуу болсо керек. Же... маанилуу бекен...?

25. Кечее кечееги кунду жоготтум. Эртен эртенки омурумду жоготом. Дагын билбейм бир нерсе деп алдын ала айтуу кыйын.

26. Баардык форумчуларга кызыл түстөгү ЧОҢ тамгалар менен жазганга уруксат бермекмин.

27. Май айынын маянасына.

28. Аракет кылып коройун.
а) эч ким бул дуйнодо тирооч болуп туболукко калбайт эмеспи. Ошондуктан эң ыйык, эң жакшы коргон жакын адамынды акыркы сапарга узатып жерге берип жаткан кезди коз алдынарга келтирип коргулочу.
б) Рахман менен Абдылданын создоруно анча ишенчу эмес элем. Бир кун Ош базарында озунун дискин сатып жаткан Жамбылды жакын барып ”живой” коргонумдон кийин слишком страшный экенине ишендим.(жылмайгыла)

29. Евелет.

30. Баарынарга бакыт омур тилеймин.
Сын:
Нурислам мыкты уюштуруучу.
Барс аке кыйын жазуучу.
Админ_суперстан ой ой ой.
Инфо болсо жок жок гой...
Кыргыздын уулу,
Чынгыздын журту,
Манастын урук-тукуму. дегендей бололу калайык!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   zhiza   19 Июнь 2013 - 02:03

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 517
  • Катталган: 18 Июнь 11
  • Соңку аракети: 30 Мар 2018 09:18
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения Spartak0001 (17 Июнь 2013 - 15:08) жазган:

Үсөн болсо Үсөн да, мага эмнеСүрөт


Усон эле,бирок,Кудайбердиев эмес,Кудайбергенов.
Адамга адам кымбат болуш керек....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   Umnitsa   19 Июнь 2013 - 10:37

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 588
  • Катталган: 16 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 07 Фев 2020 23:02
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Суперстан олкосу)

1-Усон Кудайбергенов
2.''Төбө чачты тик тургузган окуя'',-деген ото тан калычтуу, тан калганда адам эмне кылаарын билбей туруп калганда тобо чачы тик турду деп койсо керек.

3- Ар бир адам озуно озу дуйнодогу эн жакшы адам.
4- Балээ башка жамандан келет. Адам озу буга ундойт. Озу жаман жолдо журуп, адамдарды алдап ж.б. иштерди кылса бул балээни башына уйгондугу.

5-Адам акылды башкарат, жана ошол акыл адамга тиешелуу нерселерди башкарат. Бирок ошол эн негизги акылды адам озу башкарат.

6-Ак жоолук м.н кок жоолук сууга тушсо эгер боегу чыгып кете турган материалдан болсо боектору аралашып кетет. Эгер андай эмес болсо экоо жуурулушуп эле калат.

7-АЙСАЛКЫН
8-Таланттуулар сынагындагы эн кыйын тур- Баары эле кыйын!
9-Озунун даражасын озу которуп эки жуздуулук кылгандарды эн жаман форумчу, форумга дайым кирип бирок дээрлик билдируу жазбагандарды жакшы (жоош) форумчу деп ойлойм.

10-Ырдагы уйкаштык деген- ырдын саптарынын бири бирине мааниси жактан да, созу жактанда дал келуусу.
11-Ырдагы ыргак ошол ырдын айтылышындагы ундун бийик чыгуусу же пас чыгуусу ж.б. Ритм сыяктуу
12- Ыр озу корком чыгарма болуп эсептелинет. Жана ар бир ырда коркомдуулук болушу керек. Мисалы кара соз менен "Менин апам быйыл 37 жашта" дей турган болсок, аны ыр турундо коркомдоп бир нече "Мээримдуу, акылдуу" ж.б.
Создорду кошуп коркомдоп жазса болот.
13-Менин олком КЫРГЫЗСТАН,
Ата Бабам ЖАШАГАН,
КАНЧАЛАГАН баатыр чыккан,
Мекенибиз КЫРГЫЗСТАНДАН. ... Чон тамга менен жазылгандан уйкаштык.
14-Кем акыл менен сокурдун айырмасы дээрлик жокко эсе. Анткени кем акылда, сокур да алдындагы нерсени корбойт.
15-Дос менен уруша кетип аны душман кылып алса болот. Душманды деле жакшы соз менен дос кылса болот, бирок ал мурда сага душман болгон, сыртынан дос болсода ичинен сага очу бар болушу мумкун. Ошон учун душманды кан дос кылуу кыйын.

16- Андай достун барынан жогу. Бирок мен андай абалга туш келе элекмин.
17-Улут.

18-Санжыраны билбейт экем чынында.
20-калыстар канчанчы орунду беришседа ыраазымын.
21-Хулиганканын журок сырындагы "жалгыздык" темасында.
22-озумду сынап коруу.
23- voin.teni, rinatik, karl.marks, lime boy айта берсе копда. Буларды форумчу акелерим катары жактырам.

24-Берекелууда эмес маанилууда эмес, анткени юир нерсе десем "сен белин бешиктен чыгалек жатып эмнени билмек элен "дешет.
25-кечээ убакытымды жоготтум. Эртенда ушул корунуш.
26-Форумдагы окшош темаларды бириктирип, айрым туболуктогулорду чыгармакмын.
27-Учурда акчага "чанкап" турам
28-Ушул билдирууну окуп жаткан форумчу кулуп коойчу суранам. (же ыйлап коой)
29-Арстан жана Барс
30-Баардык катышуучуларга ийгилик.

Аракеттен -адат
адаттан-муноз
муноздон-тагдыр жаралат
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   Lui   19 Июнь 2013 - 12:49

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 438
  • Катталган: 27 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 12 Авг 2024 09:18
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Биш))

Саламатсыздарбы? ! Ө,ү,ң тамгаларын жазууга жакшы эле аракет кылдым. 4-5 жолу жазган жоопторум жоголуп кеткенине байланыштуу, ушул турушу менен кетире берууну эп кордум.

1. Алдын ала кечирим сурайм. Чынында бул жонундо маалыматым жок экен.
(Google га баш багуудан тартындым).))

2. Акылга сыйбаган, кутулбогон, денени ток тарткандай ачуу сезим тартуулаган…

3. Бул суроого бала чакта эч ойлонбостон жооп берууго ашыкмакмын. Ал эми азыр..убакыттын отушу менен тагынган “кулгун коз айнегибизди” чечип, дуйнону оз тусу менен коруп калат экенбиз. “Идеалдуу адам болбойт”- дегендей эле, эн жакшы адамды так кесе айта албай турам.

4. Баш, коздогон багытына жараша ар кандай тоскоолдукка учурайт эмеспи. Балээни кутуп убара болбой эле, озубуз жасап алабыз. Адамзат мезгил-мезгили менен мындай балээлерге кезикпесек, жашоонун манызын, баркын сезбей кетмек белек?!

5. Албетте,акыл адамдын жетеги менен болот жана болуусу шарт.

6. “Эки жоолук тен cуу болот»-деген вариант ынгайлуу болоор. (Шар аккан cууга эле тушуп агып кетпесе). ))

7. Эльгиза

8. Бироонун образына киргенгеби же бул сынакка«адаптация» болгучабы, 1чи тур кыйыныраак болду.

9. Форумчулар билдируулоруно жараша элес калтырганы болбосо, бул «наамга» болуп корбоптурмун.

10. Ырдагы уйкаштык-бул озу айтып тургандай эле, создордун уйкашуусу.

М.: Сезимим алсырады,

Туурулуп, кансырады,

Суук жеген жалбырактай,

Бозоруп, калтырады…

11. Жогорудагы ыр саптар бир ыргакта деп айта алам.

12. Ырдын коркомдуулугу бул- автор создун берметин терип, уккулуктуу кылып, окурмандын коз алдына жакшы элес тартуулай алганы эсептелинсе керек.

13. Аракет жасадым, бирок, бул иштин устасы болбогондуктан, «баары туура»-деп тош кагуудан алысмын.

14. Азиз адам - бар нерсеге каниет кылып, коодонунун корогочтугу, сезимталдыгы менен жашаса, кем акыл -бар нерсенин баркын билбей, козу ачык туруп ,«карангылыкта» жашагандыгы менен айырмаланат.

15. Жашоодогу нерсенин баары туруктуу эмес. Пикир келишпестик, тушунбостук, ойдо-ылдый кырдаалда досундан ажырап калууга коз ирмемдик гана убакыт сарпталат. Ал эми душман деп эсептеген адамдын дос болуп калуусуна, ото коп убакыт, ишеним, аракет жана которумдуулук жумшалат.

16. Андай учурга туш болгон эмесмин, жана да кезикпейм деген ишеничтемин. Ушундай «котур ташы койнунда» болгон адамдардын айынан, ишеним, таза сезимдер талкаланып жатат да!

17. Азыркы тапта сезимге кобуроок ыктап турганыма байланыштуу, бетти кызартып, 2чисин тандап алдым.

18. Жалпысынан, озумо тиешелуу санжыраны(ата- тегимди) билем, ал эми Он канат, Сол канат дегенден жанылышып калышым мумкун…

20. Буйруганы...

21. Камал аттуу форумчубуздун, « Ата-энени козубарда сыйлай жур» деген билдируусун окуп ичим «туз куйгандай» ачышкан.


22. Жон гана кызыгуу менен….

23. «Тартынбай”- дегенинизге караганда кыз-жигиттин ортосундагы жактырууну сураган коруносуз. Эч кимди.

24 Берекенин ичине маани да камтылуу болсо албетте, жакшы. А менин билдируулорумо, "сырт жактан" сын болсо жакшы болоор...

25. Кечээги кун балалыгымдан айрып, анын жаркын элесин калтырды. Эртенки кун жаштыгымды алып, кен келечектуу наристе тартуулашын билем.

26. Коп ник ачуу укугун кыскартмакмын.

27. Ушул тапта , жумуш ордумдагы компьютерге)).

28. А.Коодонго толгон кубаныч менен же конул ооруткан куса менен тен болушо албай, кынылдап, алсыз кучуктой гана ун чыгарып келгениме мына 25 жылдын жузу болду. Адамдар сырткы келбетимди коруп, жылмайып келип, менин дартымды, суйлобостугумду билген сон, негедир мамилелери озгоруп, ансыз да жаралуу жанымды кордошот. Мынча эмнеге ташбоорсунар адамдар?! Мен да силер сыяктуу эле пендемин го!

Б. Дасторкондо чай ичип отурсак,кичинекей бобогум эркелеп жатып,байкемди ичке озорто , катуу согуп калды. Аны коргон эжем, байкеме боор тарта «Ай, эмне согосун, ал сага эмне «грузчикпи»? »-деп урушуп кирди. Биз унчукпай,демибизди ичибизге тарта, туруп калдык. Анда эжем озу байкап калды корунот « Грузчик,..грузчик»- деп унун сыртка чыгара кайталап коет. Уйдогулор дуу кулуп жиберишти, корсо эжем «груша» дейин деп , адашып айтып алыптыр да)).

29. Мондур айым.

30. Ар бир адамга ден-соолук, жашоосуна ырыс-кешик, журогуно ыйман, жузуно жылмаюу каалайм. Сынактын катышуучуларынын талантына таазим! Уюштуруу тобуна терен ыраазычылык!

Билдирүүнү түзөткөн: Lui: 19 Июнь 2013 - 12:59

Ар качан өз парз, милдетиңди аткарууга ашык, оңунан чыкпаганын адамзат өзү кечирет.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   sonka89.   19 Июнь 2013 - 14:40

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 972
  • Катталган: 27 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 27 Авг 2019 02:50
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Марс

Жооптор.


1. Үсөн Кудайбергенов(1945- 2005)"Юность гения" аттуу өзбек фильминде 27м бийиктиктеги жерден ат үстүндө 1,5м тереңдиктеги Сырдарияга секирБип трюк жасаганы үчүн Гиннес китебине кирген.


2.Жүрөктүн үшүн алган коркуунучтуу жана аянычтуу окуяны уксак төбө чачыбыз тик турат.

3. Дүйнөдөгү эң жакшы жана акылдуу адам пайгамбарыбыз МУХАММАД С.А.В.


4. Башка балее арам жүргөндөн көөпкөндөн динсиздиктен келет.


5. Акыл адамды башкарат.


6. Ак жолук менен көк жолук сууга түшсө СУУ болот.

7. Сонунбүбү.


8. Күлкүлүү апыртмалар эң эле оор болду тамсил жазгандардын талантыга таазим дедим гоо.

9.Форумчуулардын баарын жакшы көрөм,азырынча жаман көргөн форумчум жок.

10. Уйкаштык болуусу үчүн эки же андан ашык саптардын тыбыштык жактан окшош болушу. Экинчи сап менен төртүнчү саптагы акыркы сөздөрдүн тыбыштык жактан окшош болушу бул уйкаштык.

11. Ырды көркөмдүү үн менен айттуу обондотуу бир ритмде айттуу бул ыргак.


12.Уйкаштык жана мааниси жагынан төп келишип укканда жан дүйнөң менен уксаң ошол ыр көркөмдүү жазылган ыр.


13. Жок, мүмкун уйкаштык жагы баардыр,бирок коркомдүү деп айта албайм.

14.Кем акылдан сокур акылдуулугу менен айырмаланат.

15.Адамдын коңүлүн калтыруу жеңил досуңдун да коңүлүн калтыруу оңой,ал эми ошол сенден көңүлү калган душмандын көңүлүндөгү дартын айыктыруу кыйын.


16.Андай нерсе болгон эмес,досум эмес башка жакын көрүп ишенип калган адамдардын колтука кирип сасыткандары болгон.Адамдарга ишеним ушундайдан улам жоголот.


17. Албетте улут.


18. Кыйратпайм.

20. Билбейм эми,көзүм ачык болгондо го..

21. Камал деген жигиттин ата энеңди көзү барда сыйлай жүр деген темасына ыйлаганмын.

22. Адабиятка канчалык деңгелде жакын экенимди сынап көргүм келди.

23. Эч кимди жактырбайм, (сүйбойм)бул эми бойдокторго берилген суроого.

24.Билбейм эми негизи маанилүү болушун каалайм,анча деле көп сүйлөгөндөргө кошулбаймынго бирок өтө деле маанилүү да сүйлөбөйм. :crazy-girl:

25. Кээче өткөн күндү жоготтум,эртеңкини бир Алла билет.

26. Бир жакшына темаларга кирип флуд кылган бар жокту оюн күлкүгө айланткан форумчууларды банга айдамакмын.

27.Балдарымдын жытына чаңкап турган кезим.

28.а) Эгер ушинтип мени таштап бул дүйнөөдөн кетишиңди билгенимде сен эч качан капа кылмак эмесмин. Аттиң дүйнө.

б) Тиги монютордун ар жагында көздөр аябай сулуу экенсиз,бир жылмайып коюңузчу сизге күлгөн абдан жарашат экен.


29. Мөндүр.Дауд.

30. Сынакты уюштургандарга жана колдоп кубаттап тургандарга ыраазычылык.
Я тебя не нравлюсь,ЗАСТРЕЛИСЬ я не исправлюсь! !!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Суперстандын архиви
  • Кийинки тема →

  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 21 Авг 2025 08:54

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: