Суперстан: Таасирлүү окуялар - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Билерман
  • > Дин жана философия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (59 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Таасирлүү окуялар Аңгемелер, ой-толгоолор

#101 Пользователь офлайн   saltanat.   17 Июнь 2013 - 11:09

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 8 229
  • Катталган: 25 Февраль 13
  • Соңку аракети: 10 Фев 2025 14:40
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кереметтүү жерде.

Жакшы окуялар экен Еви чон рахмат,эринбей жазганына.
Никогда не путай мой характер с моим отношением. Мой характер зависит от меня, а мое отношение - от твоего поведения.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#102 Пользователь офлайн   Evelet   21 Июнь 2013 - 23:15

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 382
  • Катталган: 13 Ноябрь 09
  • Соңку аракети: 04 Авг 2020 13:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Алтын тор


Акылмандыктын акыйкаты

Күндөрдүн бир күнүндө Византия башкаруучусу Багдатка чабарманын жөнөтүүнү чечип, мусулмандарга үч суроону берүүнү буйрук кылат. Шаарга жетип келген элчи башкаруучунун кабарын алып келгенин айтат. Мусулмандардын падышасынын сарайына кирип, үч татаал суроосун жарыя кылат. Багдат халифи шаардагы аалымдарды чогултат. Чабарман бийик трибунага чыгып:

-Мен силерге үч суроо менен келдим, эгер жооп таба алсаңар Византия башчысы ченемсиз байлыкка бөлөйт -, дейт да суроону айтат.

-АЛЛАХ жаралганга чейин эмнеге жаратылган?

-АЛЛАХ кайсы тарапты карап турат?

-Азыркы учурда АЛЛАХ эмне менен алектенип жатат?

Бул соболдорду укканда акылмандар үн жыңсыз тыным алып калышат. Жымжырттыкты жамааттын арасынан чыккан ичке добуш бузат:

- Ата, бул суроого мен жооп берсем болобу? Менин жообумдан тиги чоочун жерден келген адам унчукпай калар.

Бала суроого суроо менен жооп кылып:

-Санакты билесиңби?

-Ооба, -деди тиги чабарман.

-Анда, ондон артты көздөй саначы-деди бала. Тиги санап кирди: - он, тогуз, сегиз......бирге чейин санады.

-Кана, бирден мурда да сан барбы?

-Жок, бул акыркы сан-деп тан калды.

Эгер арифметикалык бирдиктен мурда эч нерсе жок болсо, Жалгыз, Түбөлүктүү, Абалкы жана Акыркы, Белгилүү да, Жашыруун болгон ЗАТтан мурда эмне болушу мүмкүн?! –деп өктөм жооп кылды. Мындай жоопту күтпөгөн чабарман четке кага алган жок. Ал кийинки суроосун кайталады:

-Кана айтчы, АЛЛАХ азыр кайсы багытты карап турат?

-Шам алып кел да, жартчы-деди бала. Шамдан чыккан жарык кайсы тарапты карап турат?

- Баардык тарапты, түндүктү, түштүктү, батышты да чыгышты да карап турат,- деди чабарман тан калып. Муну уккан бала:

-Эгер физикалык жарык төрт тарапты карап турса, АЛ кайсы тарапты карап турат жана асман, жердин нуру АЛЛАХтан эмнени күтүп жатасың?! АЛЛАХ баардык учурда баардык тарапты карап турат. Чабараман чындап тан калып, көргөн көзүнө ишенбеди. Ушул абалында акыркы суроосун берүүгө аракет кылды. Бирок, бала сөзүн бөлүп :

-Токто, сен суроо берүүчүсүң, мен ага жооп берүүчүмүн. Сенин суроолоруң элге жакшы угулгандай, менин жоопторум да жакшы угулсун. Эгер экөөбүз ордубузду алмаштырып турсак адилеттүү болмок.

Чабарманга ордун бошотту, бала анын ордуна трибунага чыкты. Тиги адам үчүнчү суроосун кайталады.

-АЛЛАХ азыр эмне кылып жатат?

Бала көкүрөгүн көтөрө:

- АЛЛАХ исламды мыскылга алган, калпычыны (трибунандан) ылдый түшүүгө мажбур кылып карап отургандардын алдында басмырлап койду. Ал эми ким АЛЛАХтын жалгыздыгына ишенсе, анын тилинен чындыкты сүйлөтүп, көтөрүп койду. «Асмандардагы жана жердегилердин баарысы Андан тилешет. Ал күн сайын иретке келтирүүдө» (Ыйык Куран, Ар-Рахман, 29)

Чабарман кыларга эч нерсе калган жок. Ал уят болгон абалда өзүнүн шаарына кайтты. Бала эр жетип, исламдагы белгилүү аалым болду. Кудуретүү АЛЛАХ ырайымына алып, ага өзгөчө акылмандыкты жана динди терең түшүнүүнү насип кылды. Ал баланын атын Абу Ханифа (АЛЛАХ андан ыраазы болсун) деп чакырышчу. Ал кадимки улуу устат жана ислам аалымы Имам Аъзам сыяктуу атакка жетти.


Жанымда бол! Айырмасы жок кай жерде болгонубуздун. ..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#103 Пользователь офлайн   Evelet   21 Июнь 2013 - 23:17

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 382
  • Катталган: 13 Ноябрь 09
  • Соңку аракети: 04 Авг 2020 13:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Алтын тор


Хадис чындыгы

Пайгамбарыбыз Мухаммад (сав) хадистеринде өткөндү да, келе турган окуяларды ачык, даана айтып койгон. Анын айткандарына кээ бирлер таң калышат. Ооба, аны АЛЛАХ ушундай үйрөттү, ал эми пайгамбар (сав) аны бизге жеткирди. Геология боюнча америкалык окумуштуу профессор Пальмар мындай дейт: «Менин изилдөөлөрүм АЛЛАХтын жиберген пайгамбарына болгон ишенимимди бекемдеди».

АЛЛА Хтын элчиси (сав) баардыгын өзүнөн өзү эле билип калган эмес, боло турган олуттуу окуяларды ЖАРАТУУчу улам толуктап үйрөтүп турган. Ошондуктан анын айткандары турмуш чындыгында далилденди. Буга тарых күбө. Мисалы, Фердинандонун Андалузияга болгон жортуулундагы адамдардын зөөкүрлүк менен өлтүрүлүшү, китептерди өрттөгөн жапайычылыгы . Монголдордун жортуулдарын, Константинополду алуу сыяктуу тарыхый окуялардын урунттууларын алдын ала айткан. («Муснад», 4/335).
Пайгамбарыбыз (сав) биздин күндөгү боло турган окуяларды сүрөттөп мындай деген эле: «Соода– сатык ушундай абалга жетет, соода иштеринде аялдар күйөөсүнө жардамдашып калат. Тууганчылык мамиле үзүлөт. Жалгандан күбөлүк берүү менен чындыкка күбөлүк берүүнү жашырып коюшат. Калем кеңири тарайт». ( «Муснад», 1\407, 408). Биз бул хадистердин турмушта ырасталганына толук күбө болуп жатабыз. Соода–сатык кеңири тарап, жарнамага эле канча деген миллиарддаган каражаттар жумшалып жатат. Соода иштеринин басымдуу бөлүгүн аялдар жоопкерчилигине алышкан. Жарнаманы да аялдар аркылуу кылып калдык. Тууганчылыктагы мамиле солгундап барат. Ата–энелер картайганда, камкордукка, көңүл бурууга муктаж болгондо карылар үйлөрүнө жеткиргенге шашып калдык. Калемдин кеңейгенин учурдагы жалпыга маалымдоо каражаттарынын көбөйүшү, жазмакерликтин кеңири жайлышы деп кабылдоого болот. Эсепсиз гезит–журналдардын, китептердин чыгарылып жаткандыгы дагы бир жолу далилдейт. Жалгандан күбөлүк берүү чөйрөнү курчап, коом жалганды өндүргөн фабрикага айланып калгандай. Алдамчылык, саткынчылык кулач жайып барат. Бул көрүнүштөр канча кылым мурда эле айтылса да, бүгүн, ушул окуяны көрүп туруп айткандай кыяз калтырат.


Биздин күндөн кабар берген дагы бир хадиске назар салсак, «Баш аламандык болот. Адамдар бузукулук кылгандай, окуган намаздары үчүн уялып калышат». Мунун баары биздин муундун жашоосунда болуп жаткан көрүнүштөр. Адамдарды ибадат кылгандары үчүн башка бир туура эмес, ыплас иш кылган сыяктуу басмырлашат. Диндарлар каардуу, кесепеттүү күчтөрдүн үстөмдүгүндө калган сыяктуу.

Башка дагы бир хадисте мындай деген маани айтылат: «Сүткорлук кылбаган бир дагы адам калбай калган учур келет. Ким бул иштен качса да, ага чалынып калат». («Муснад», 2\494). Чынында, учурда сүткорлук менен шугулданбаган эч бир коммерциялык уюм жокко эсе. Түздөн түз, же кыйыр түрдө болсо да пайызга байланышы бар. Бүткүл дүйнөдөгү соода–сатык ушул механизм менен иштеп жатат. Бул көрүнүш кадимкидей эле кабыл алынып калды. Эми дагы бир биздин заманды чагылдырган хадиске назар салсак, Пайгамбар (сав) белгилегендей ар кандай деңгээлдеги мектептерде бардык катмардагы жана урук–уруудагы адамдар кудум жарышка түшкөндөй жарыша окуп калышы. Турмушубузда көптөгөн окуу жайлар ачылып, илимдердин дүйнөгө кеңири тарашы, байланыш жана маалыматтын өсүшү, илимдин тез ылдамдыкта өнүгүшү менен убакытты кыскартуучу каражаттардын пайда болушу тууралуу чындык- учурларды канча кылым илгери эле эскертип кеткен.

Пайгамбар (сав) дагы бир хадисте мындай дейт: «Мейкиндик менен убакыт жакындашмайын Кыямат келбейт». («Маджмау-завид»). Аалымдар бул хадистеги «мейкиндик менен убакыт жакындашмайын» деген сөздүн маанисин– ачуу керек дешет. Астрономдор жана астрофизиктер убакыт өткөн сайын жердин жогорку катмары эллипс формасына окшошуп бара жатат деген тыянактарды айтышат. Бул өзгөрүү убакыттын өзгөрүүсүнө таасирин берет. Акыйкатын АЛЛАХ билет. Заманбап илимий ыкмалар бүгүн 1400 жыл илгери Пайгамбарыбыздын (сав) айткандарын тастыктап, моюндап турат.

профессор Альфред Кронер, Германия, Майнца университети

Жанымда бол! Айырмасы жок кай жерде болгонубуздун. ..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#104 Пользователь офлайн   Evelet   21 Июнь 2013 - 23:19

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 382
  • Катталган: 13 Ноябрь 09
  • Соңку аракети: 04 Авг 2020 13:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Алтын тор


Үч адамдын сыналышы

Бани Исраил коомунда үч жөөт жашаган экен. Бири башы таз,экинчиси сокур,үчүнчүсү денеси ала була котур болгон. Аллах аларды сыноо максатында периштени жөнөтөт. Денеси ала-буласы бар котур жөөткө келип периште сурайт:
-Сенин бардык нерседен жогору турган каалооң кандай?
- Жылмакай тери жана сулуу денени каалайм. Себеби, оорума байланыштуу бардык адамдар менден жийркенип качышат.
Периште денесин сылаар замат тактар кетип, дене мүчөсү келишимдүү болот. Периште кайра суроо берет:
-Кайсы жаныбар сага абдан жагат?
-Төө
Туутуна аз калган боз төө менен сыйлайт да, “Аллахтын тартуулары берекелүү болсун” деп көздөн кайым болот.
Андан соң башы таз жөөттүн жанында пайда болот да, ага да суроо берет:
- Сенин бардык нерседен жогору турган каалооң кандай?
-Менин таздыгым жоголуп, элдер шылдыңдабай калуусун суранат элем.
Периште башын сылаары менен коюу, жылтыраган чач пайда болот.
Кайрадан сурайт:
-Кайсы жандыкты барынан жакшы көрөсүң?
-Уй
Аллах аны да боз уй менен сыйлайт. “Ушул уй сага берекелүү болсун!” деп коштошуп, периште сокурдун жанына барат да андан да сурайт:
-Сенин бардык нерседен жогору турган каалооң кандай?
-Аллах мага көрүүмдү берсе, мен адамдарды көрөт элем.
Периште сокурдун көзүнө тиери менен анын көздөрү көрө баштайт. Андан да периште кайсы жаныбардын бар болуусун сурайт.Жөөттүн “кой”- деген жообуна периште боз кой тартуу кылат.
Бир канча мезгил өткөндөн кийин белекке тартууланган төө, уй жана кой ээлерине тукум алып келишет. Алар ошентип отуруп көбөйүп отуруп, ар биринде үйүр-үйүр төө, уй жана койлордун ээлери болушат. Периште Алланын буйругу менен алардын ар бирине кезигүүгө жана сынап көрүүнү чечет. Алгач денесинде ала тагы бар котур болгон жөөткө келет.
-Мен чет жактан келген бактысыз кедеймин.
Жолдо акчамдын барын сарптап, эми ата мекениме кайта албай калдым. Менин үйүмө жетишимди Аллахтан жардам сурап жатам. Ушундай сулуулукту жана келбетти тартуулаган, байлыкты тартуулаган Аллах үчүн бир төөңдү мага берчи.
Ала-тагынан айрылган жөөт кыжырданат:
- Бул жакта бекер байлыкты каалаган жакырлар көп. Сурагандын барына бирден төө бере берсем эмнем калат!?
-Сени эстеп жатам. Кебетеңен адамдар качкан сен белең? Кедей болуп, Аллах бай кылган сен белең?-
деп периште эскерди.
-Жок, бул байлыктын бары ата-бабаларымдан мурас болуп калган-деп жалган сүйлөйт.
-Эгер сен алдасаң Аллах бардыгын кайра ордуна кайтарып коёт.
Мындан соң периште мурдагы таз болгон жөөттү сынайт. Ал да бербей коёт. Периште “Эгер сен алдаган болсоң Аллах сени мурда кандай болсоң, ошол абалыңа кайтарсын”, -деп коштошот.
Акырында периште баягы колун тийгизүү менен көрүү мүмкүнчүлүгүн берген сокурга келет:
-Мекенимден алыс жүргөн бактысыз жакыр адаммын. Үйүмө кайтууга акчам жок. Жалгыз Аллах мени үйүмө кайтарат,сен мага жардам берет деген ишенем. Сага көрүү мүмкүнчүлүгүн берген Аллах Таала үчүн, жолумдун акысын берүү үчүн бир кой берчи.
-Чындап мен сокур элем. Аллах менин көздөрүмө жарык берди. Мен кедей элем, Аллах мени бай кылды. Сага кой керекпи-каалаганча ал. Аллахтын ыраазычылыгы үчүн эч нерсемди аябайм.
-Сенин байлыгың сенде эле кала берсин. Аллах үчөөңөрдү сыноону каалаган. Ал сага ыраазы. Ал эми башы таз жана денеси ала өзүлөрүнүн жазасын алышты,-деп периште көздөн кайым болду.
Калган экөөбү денеси ала-була менен башы таз бардык мал мүлкүнөн кол жууп,абалкы ала-була менен тазга айланышкан экен. Ошондуктан жашообуздагы ар бир бизге берилген неемат- жакшылыктар Алладан берилген сыноо болуп эсептелет.Ал жакшылыктарды туура колдонолу.Байлыгыбызга чиренип Алладан келген экенин унутуп калбайлы!

Жанымда бол! Айырмасы жок кай жерде болгонубуздун. ..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#105 Пользователь офлайн   Evelet   21 Июнь 2013 - 23:21

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 382
  • Катталган: 13 Ноябрь 09
  • Соңку аракети: 04 Авг 2020 13:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Алтын тор


Имам Ахмад жана Наабайчы

Имам Ахмад күндөрдүн биринде саякатка чыгат. Ал барчу жерине жете электе түн кирип калгандыктан, аны эч ким тааныбаган бир айылда туруп калат. Имам Ахмад ал айылдан кичинекей бир мечитти көрүп намазга барып, андан кийин ошол мечитке уктап алууну чечет. Уктайын дегенде алдынан мечиттин кароолчусу чыгат.

- Эй, сен эмне кылайын деп жатасың?

- Уктайын деп жатам.

- Бул жер уктоочу жай эмес! Кароолчу Имам Ахмадты тааныбады. Имам Ахмад да ким экендигин айтпады. Эгер кароолчу Имам Ахмадты тааныганда, сөзсүз аны мечитте калтырмак. Бирок Имам Ахмад өзүнүн аты, кадыры менен мактанчу эмес.

Кароолчу:

- Мечиттен чыгып кет!

Имам Ахмад:

- Бир аз уктаганга уруксат берчи.

- Жок, сен бул жерде уктабайсың! Бул жерде уктатканга бизге тыюу салынган. Чыгып кет! Кароолчу имамды мечиттен чыгарып жиберди. Имам Ахмад мечиттин дарбазасынын жанында жерге жатып уктай баштайт. Кароолчу кайрылып келип, мечиттин дарбазасынын жанында уктаганга болбостугун айтып, имамды жолдун ары жагына түртүп чыгарып салат. Ошол кезде эрте менен нан бышыруу үчүн камыр жасап жаткан наабайчы кароолчу Имам Ахмадты көрүп калат да, имамга келип, “Жүр, менин наабайканама барып эс ал. Наабайканам ысык жер. Бүгүн менин коногум болосуң” - деп, наабайканасына чакырат. Имам ордунан туруп, наабайчынын артынан жөнөйт. Наабайканага кирип, наабайчынын камыр жууруганын байкап, наабайчынын камырды ар бир ийлеген сайын "Астагфиру Ллах" деп айтып жатканын көрөт. Наабайчы да имамды тааныбайт эле. Наабайчынын ар бир кыймылына көз салып олтурган имам, ордунан туруп, “Көптөн бери ушинтесиңби”- деп сурады.

- Ооба. Көптөн бери.

- Сураган дуаңдын жемишин көрдүңбү?

- Ооба.

- Кандай жемиш?

- Мен кудайдан эмнени сурабайын, барын берип келет. Бир эле дуамды кабыл кыла элек.

- Ал кандай дуа эле?

- Мен кудайдан Ахмад ибн Ханбаль имам менен көрүшүүнү суранып келем.

- Аллаху акбар! Аллах сенин суранычыңа жооп берди. Мен Ахмад ибн Ханбалмын. Мени Аллах сенин наабайканаңа түртүп алып келип койгон Ахмад ибн Ханбалмын!


Жанымда бол! Айырмасы жок кай жерде болгонубуздун. ..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#106 Пользователь офлайн   Evelet   23 Июнь 2013 - 12:41

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 382
  • Катталган: 13 Ноябрь 09
  • Соңку аракети: 04 Авг 2020 13:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Алтын тор

Зулкарнайн падышанын осуяты

Зулкарнайн падыша өлүм алдында “Мен өлгөндө мени жуугандан кийин кепинге ороп, табытка салып, менин колдорумду эки тарапка ачып койгула. Кызматчыларым көрүстөнгө менин байлыктарымды качырларга артып алып барышсын. Менин эки колумда эч нерсе жок экенин, ачык экенин жана артымдагы кызматчыларым менен байлыктарымдын бул дүйнөдө калганын адамдар көрүп, бул дүйнөдөгү байлыктардын баары бул дүйнөдө каларын, адам оо дүйнөгө колу бош кетерин көрүшсүн. Бул жалган дүйнө эч кимди алдабасын”- деп насаат калтырып кетет. Зулкарнайн падыша өлгөндөн кийин анын насааты өзү айткандай аткарылат. Бул насаатты окумуштуулар төмөнкүдөй түшүндүрүшкөн: “Мен аскерлерим менен Батыш менен Чыгышты багындырдым, менин кол алдымда көптөгөн аскерлер жана кызматчылар болгон. Алардын баары мага баш ийип турушкан. Мен бардык дүйнөнү башкарып турдум. Мен сан жеткис байлыктарга ээ болдум, бирок силер көргөндөй мен мүрзөгө колдорум бош баратам, байлык түбөлүктүү эмес! Байлыктын баары бул дүйнөдө калат. Ошондуктан, бул дүйнөдө чыныгы дүйнөдө силерге ырахат алып келе турган иштерди жасагыла! ”.
Жанымда бол! Айырмасы жок кай жерде болгонубуздун. ..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#107 Пользователь офлайн   Evelet   24 Июнь 2013 - 02:18

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 382
  • Катталган: 13 Ноябрь 09
  • Соңку аракети: 04 Авг 2020 13:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Алтын тор


Умар ибн Хаттабдын даанышмандыгы
Умар ибн Хаттабтын доорунда күчтүү согушта чебер баатыр адам болгон. Ал адамдын бир проблемасы болор эле, ал ичкилик иччү. Ал Аллахтын жолу үчүн күрөшчү, исламды сүйчү,бирок ичкилик ичет эле. Адамдар Умар ибн Хаттаб халифке келип, “Бул адамга кандай жардам кылалы?”-деп сурашат. Халиф колуна калем сап алып, өз колу менен ал адамга кат жазат: “Умар ибн Хаттабдан Сага Алланын тынчтыгын каалайм.Мен сен үчүн Аллахга дуа кылам.Аллахтан башка кудай жок!”. Бул кат менен кошо “Ишенүүчү” сүрөөсүнүн биринчи үч аятын жазды:“Ха. Мим. Бул жазуу Баарын Жаратуучу, Баарын Билүүчү Аллахтан келген.Күнөөлөрдү Кечирүүчү, Дуаларды Кабыл Кылуучу, Жазалоочу, Баары Сыйынуучу. Аллахтан башка кудай жок жана баарыбыз Ага кайтуучубуз. Аятта: “Аллах кечирет, бирок Аллахтын жазасы каардуу”-деп айтылган эле. Умар ибн Хаттаб катын берип жатып, “Ал адам убактысынын көбүн мас болуп жүрүп өткөрөт. Силер аны артынан карап жүргүлө. Силер катты берген убакта ал мас эмес экендигин байкагыла”- дейт. Алар катты беришет. Ал катты окуйт: “Аллах Кечирүүчү, Аллах Ырайымдуу, бирок Аллахтын жазасы каардуу!”. Катты окуп бүтүп ыйлап жиберди. Тообо кылып,Аллахга жалынды. Умар ибн Хаттаб кат жазып жатып, ал кат жазып жаткандагы күбөлөрдүн баарынан ал адам үчүн дуа кылууларын суранган эле жана Аллах алардын баарынын дуаларын кабыл кылды,натыйжада ал адам дуа кылды. Умар ибн Хаттабга бул жөнүндө кабар келгенде, ал айтты: “Мына, биз баарыбыз бири-бирибизге ушундай мамиле кылышыбыз керек, ким ката кетирип, туура эмес иш жасаса, биз ага дуа кылышыбыз керек, шайтанга жардам бербешибиз керек”. Бир тууганыңыздарга каршы шайтанга жардам бербеңиздер! Биз ага бойкот жарыялап, Исламдан сүрүп чыгарышыбыз керек! Бул Батыштагы мусулмандар үчүн абдан маанилүү мисал. Наркотика колдонгон мусулмандар бар. Ичкилик ичкен мусулмандар бар. Зына кылган мусулмандар бар. Алардын айрымдары чын каалоосу менен мындай иштерден арылгылары келет, бирок алар мындай арам нерселерге малынып калгандыктан, аларды таштай алышпайт, алардан бошоно алышпайт. Эгер сиз аларга орой мамиле жасасаңыз, анда сиз аны ырбатып гана аласыз, тескерисинче сиз аларга жардам кылып, колуңузду сунуңуз. Сиз идеалист эмес, түшүнүктүү болушуңуз керек. Сиз аларды бир да жолу арамдар,фасиктер же күнөөлүүлөр деп айтпаңыз. Муну шайтан гана айтат. Биз аларды “арамдар” деп мечитке киргизбей койсок туура эмес болуп калат. Агаларыңызга, эжелериңизге колуңузду сунуп, бактысыздыктан сууруп чыгыңыз.Баарыбызга жакпаган бул арам иштер кимге жакмак эле! Жада калса, бул арам иштер алардын өздөрүнө да жакпайт.
Наркотика адамдын жашоосун бузарын, наркотика адамды адам катарынан чыгарып коерун билгенден кийин, ал кимге жакмак эле! Мындай жашоо кимге жакмак эле! Бирок сиз аларга жардам беришиңиз керек. Биз максатташтардын убактысы жөнүндө айтабыз, алар түшүнүктүү адамдардан болгон жана алар “Мыкты муундар”. Алар идеалист болушкан эмес, алар “Бул адамды жазалаш керек, түрмөгө камаш керек, бойкот жарыялаш керек” деп айтышкан эмес, алар “Келгиле, ага жардам берели” деп гана айтышкан.



Жанымда бол! Айырмасы жок кай жерде болгонубуздун. ..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#108 Пользователь офлайн   Evelet   26 Июль 2013 - 06:12

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 382
  • Катталган: 13 Ноябрь 09
  • Соңку аракети: 04 Авг 2020 13:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Алтын тор

Күндөрдүн биринде кедей турмуш кечирген бир адам халифа Харун Рашидге барат. Халифанын сарайына кирсе, халифа намаз окуп болуп, Жаратканга алакан жайып, дуба кылып жаткан болот. Анда береги адам:-"Бирөөгө муктаж болгон адам мага кандай жакшылык кылмак эле. Андан көрө ал суранган Заттан мен да суранайын," -деп артка кайтып кеткен экен.

Орозо күнүндө Аллахтан күнөөлөрүбүздү кечирүүсүн сураналы макендештер.

Билдирүүнү түзөткөн: Evelet: 26 Июль 2013 - 06:12

Жанымда бол! Айырмасы жок кай жерде болгонубуздун. ..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#109 Пользователь офлайн   Daud   27 Июль 2013 - 19:30

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 636
  • Катталган: 10 Январь 09
  • Соңку аракети: 16 Мар 2021 06:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Сонун! Аллах ыраазы болсун!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#110 Пользователь офлайн   Evelet   27 Июль 2013 - 20:34

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 382
  • Катталган: 13 Ноябрь 09
  • Соңку аракети: 04 Авг 2020 13:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Алтын тор


Карыздан кантип кутулам?


Карыздар адамга насыйкат


• Сабырдуулук кылуу


Карыздар адам кыйынчылыктарга сабыр кылып, бул абалдан чыгууга мүмкүн болушунча аракет кылуусу керек. Анткени сабырдуулук менен бирге аракет кылуу адамды карыздарынан тез арада кутулуусуна шарт түзөт.


• Адал эмгек менен акча табуу


Азыркы учурда акча табуунун жолдору көбөйгөн. Буга карабастан карыздар адам өзүндөгү болгон бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып, ар бир тапкан кирешеси адал эмгек менен болушу керек. Анткени адал эмгек менен табылган кирешеге Алла Таала береке берет жана көптөгөн кыйынчылыктардан кутулууга себеп болот.


• Чыгымдарды азайтуу

Ошондой эле карыздан кутулуунун себептеринен болуп жеке чыгымдарды азайтуу эсептелинет. Анткени чыгымдарды азайтуу менен карыздан кутулуунун мөөнөтүн кыскартууга болот.

Ошондуктан кирешеңиздин бир бөлүгүн зарылдуу муктаждыктарыңызга жумшап, ал эми калган бөлүгүн карыз берген адамга кайтарышыңыз керек. Эч качан карызыңызга кайдыгер мамиле кылбаңыз жана ашыкча чыгымдарыңызды азайтыңыз. Карызга кайдыгер кароо жана аны себепсиз созуу – адамга болгон ишенимди кетирет жана анын кадыр-баркын түшүрөт.

• Карызды кечиктирген кезде себебин билдирүү

Эгерде карызыңызды өз убагында кайтарууга мүмкүнчүлүгүңүз жетпесе, анда карыз берген адамга: “Азыр төлөөгө мүмкүнчүлүгүм болбой жатат, бир аз убактысын созуңуз” деп абалыңызды ачык айтып түшүндүрүңүз. Ушундай кылганыңыз карызды созуудан же бере албай качып жүрүүдөн жакшыраак. Анткени карызды өз убактысынан кечиктирүү карыз берген адамдын ачуулануусуна же ар кандай жаман сөздөрдү айтып басмырлоосуна себеп болушу мүмкүн.

• Алла Таала менен болгон мамилени оңдоо

Мусулман адам жакшылыкта да, жамандыкта да Алла Таалага гана ибадат кылып, Ага гана таянат. Эгерде сиздин Алла менен болгон мамилеңизде кемчилдиктер болсо, анда Аллага тооба кылыңыз жана Анын буйруктарына баш ийип, күнөө иштерден алыстаңыз. Ошондой эле жакшылыкта да, жамандыкта да Алла Таалага гана таянып, Андан гана жардам сураңыз жана адамдар менен болгон мамилеңизди оңдоңуз. Анткени Алла Таала дин менен жашаган жана Анын буйруктарына баш ийген пенделерине мындай деп убада берген:

«Эркек болобу, аял болобу, кимде-ким ыймандуу болуп жакшы иштерди кылса, анда Биз ага сөзсүз жакшы жашоону беребиз жана алардын кылган иштерине сөзсүз андан да артык соопторду ыйгарабыз». Нахл сүрөөсү (16:97)

Ал эми башка аяттарда Алла Таала мындай деп айткан:

«Ким Алладан корксо, анда Ал аны кыйынчылыктан чыгарат жана ал күтпөгөн жактан ырыскысын берет. Ким Аллага таваккуль кылса, Ал ага жетиштүү. Чындыгында, Алла Өз ишин аягына чыгарат. Алла ар бир нерсенин өлчөмүн белгилеп койгон». Талак сүрөөсү (65:2-3)

«Мен айттым: «Раббиңерден (күнөөлөрүңөрдү) кечиришин сурагыла, чындыгында Ал Кечирүүчү. Ошондо Ал силерге нөшөрлөгөн жамгыр жаадырат жана мал-мүлк, балдарыңарды көбөйтүп, силерге бактарды жана дарыяларды берет». Нух сүрөөсү (71:10-12)

Демек, Алла Тааладан күнөөлөрүңүздүн кечиришин сурап тооба кылыңыз жана карыздан тез арада кутулууга жардам бер деп дуа кылыңыз. Ошондой эле жакшылык иштерди көп кылууга умтулуңуз. Анткени жакшылык кылган адамга Алла Таала да жакшылыктарды берет жана ага ырайымдуулук кылып, кыйынчылыктардан куткарат.

• Карызды кайтарып берем деген ниетте алуу

Эгерде карыз алсаңыз, анда кайтарып берем деген ниетте алыңыз. Ушундай ниетте алсаңыз, анда Алла Таала карызыңыздан кутулууга сөзсүз жардам берет. Бул туурасында Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, мындай деп айткан:

«Кимде-ким кутулам деген ниетте адамдардан карызга акча алса, анда Алла аны карызынан кутултат. А эгер ким кайтарбастан жок кылуу ниетинде карыз алса, анда Алла аны жок кылат». (Имам аль-Бухари)

Ошондой эле карыздар адам Алла Таала карызымдан кутулууга сөзсүз жардам берет деген терең ишенимде болуусу керек. Алланын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам айтты:

«Чындыгында, Алла жаман көрбөгөн жолдо алынган карыздан кутулмайынча Алла Таала карыздар менен бирге болот». (Ибну Мааджа)

• Алла Таалага дуа кылуу

Карызыңыздан тез кутулам десеңиз, анда Алла Таалага чын ыхластан дайым дуа кылыңыз. Кимде-ким дуа кылууда туруктуу болсо, анда Алла Таала анын дуасын сөзсүз кабыл кылат. Анткени Алла Таала бардык иштерде туруктуу жана талыкпаган пенделерин жакшы көрөт. Ошондой эле дуа кабыл болуучу убакыттарды да эске алуу зарыл. Мисалы, түндүн үчүнчү бөлүгүндө, Жума күнү, азан менен икаматтын ортосунда, сапарга чыкканда же ооз ачаардан алдын кылынган дуалардын кабыл болуу ыктымалы көбүрөөк. Бул туурасында көптөгөн хадистер айтылган.

Карыздан кутулуунун дуалары
Имам ат-Тирмизи риваят кылган хадисте мындай деп айтылган:

«Күндөрдүн биринде өзүн өзү куткарып алууга кожоюну менен келишим түзгөн бир кул адам Али ибну Абу Талиб, радыяллаху анхуга, келип: «Мен келишим түзгөн өлчөмдөгү акчаны төлөй албай жатамын, мага жардам бер»,– дейт. Ошондо Али, радыяллаху анху, айтты: «Алланын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, мага үйрөткөн сөздөрдү сага да үйрөтөйүнбү – эгерде Сир тоосундай карызың болсо да (бул дуаны айтсаң), Алла Таала сени карызыңдан кутултат. Мындай деп айткын:

“О, Алла! Мага адал (ырыскы) берип Өзүң арам кылган (иштерден) сакта жана мени Өз фазилетиң менен Өзүңдөн башкаларга муктаж кылба”. (Имам ат-Тирмизи)

“Аллахумма- кфини би-халялика аън харамик уа агънини би-фадлика аъмман сиваак”.

اللهمّ اكْفِنِي بِحَلاَلِكَ عَنْ حَرَامِكَ وَ أَغِنِنِي بِفَضْلِكَ عَمَّنْ سِوَاكَ

Жанымда бол! Айырмасы жок кай жерде болгонубуздун. ..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#111 Пользователь офлайн   Evelet   27 Июль 2013 - 20:42

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 382
  • Катталган: 13 Ноябрь 09
  • Соңку аракети: 04 Авг 2020 13:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Алтын тор


Тил жүрөктүн кабарчысы


Адамдын тили түзд өлб өс ө жүр өг ү да туздө лбөйт. Эгерде жүр өк агарса тил дагы тазарат.Адамдын тили ички жан дүйн өс үн сырткы дүйн өг ө чагылдырып турат. Адамдын кандай экенин билгиниз келсе? Ачуусу келип сүй лө гө нүнө кулак салыныз! Оо Аллахым бардыгыбыздын жүр өг үб үзд үтазарткын! Эч бир адамды тилибиз менен көңүл үн муздатпайлы ! Сүрөт



Жанымда бол! Айырмасы жок кай жерде болгонубуздун. ..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#112 Пользователь офлайн   Evelet   27 Июль 2013 - 20:48

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 382
  • Катталган: 13 Ноябрь 09
  • Соңку аракети: 04 Авг 2020 13:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Алтын тор


Оо Аллахым сага рахмат айтамын....



Алланын берген нээмат жакшылыктарын билбестик бул – чоң наадандык. Ким сага жакшылык кылса, сен ал адамга рахмат айтасын. Ал эми Алла сени жаратты, бул жашоого жөнөттү. Анда эмне үчүн сен Аллага рахматынды айтып, ага шүгүр келтирбейсин! Шүгүр келтирүү “Аллага шүгүр” - деп айтып коюу менен чектелбейт. Чыныгы шүгүрчүлүк Алланын буйругун аткарып, тыйганынан тыйылуу.
Жанымда бол! Айырмасы жок кай жерде болгонубуздун. ..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#113 Пользователь офлайн   Evelet   27 Июль 2013 - 20:55

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 382
  • Катталган: 13 Ноябрь 09
  • Соңку аракети: 04 Авг 2020 13:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Алтын тор


Жашоодогу максатыбызды билели



Алла Таала бүткүл ааламды эч бир максатсыз жөндөн-жөн эле жараткан жок. Ал бул ааламды Өзүнүн даанышмандыгы менен белгилүү бир максатта гана жараткан. Бул туурасында Алла Таала Ыйык Куранда мындай деп айтты:
«Биз силерди жөн эле жаратып, силер Бизге «кайра кайтпайбыз» деп ойлодуңарбы? !». Муъминун сүрөөсү (23:115)
Алла Таала бул аятта адамзаттын бул дүйнөдөгү эң негизги жаралуу максатын баяндады. Адамдар бул жашоодо бир гана жеп-ичип жана дүйнө жыргалчылыктарын пайдалануу үчүн гана жаратылган жок. Адамзаттын жаралуусунун эң негизги максаты – Алланын буйруктарын аткарып, Ал тыйган иштерден алыстап жана Ага шерик кошпостон жалгыз Ага гана сыйынуу. Ошондой эле бул аятта Алла Таала Кыямат Күнү ар бир адамды кылган ишине жараша ал үчүн сыйлык, же жаза болоорун айтты. Ал эми Курандын башка бир аятында Алла Таала адамзат менен жиндерди жаратуудагы максатын баяндап мындай деп айткан:
«Жин менен адамзатты бир Өзүмө ибадат кылуулары үчүн гана жараттым». Зарият сүрөөсү (51:56)
Бул аятта ачык-айкын көрүнүп тургандай, адамзат менен жиндер Алла Таалага ибадат кылуу үчүн гана жаратылган. Алардын жашоодогу эң негизги максаты – жалгыз Алла Таала Өзү буйругандай жана Анын пайгамбары көрсөткөндөй ибадат кылуу. Кимде-ким өмүрүн Аллага гана ибадат кылып өткөргөн болсо, анда ал бул жашоого жаралуу максатын толук аткарган болот. Ал эми ким өмүрүн ибадатсыз өткөрсө, анда ал жашоосундагы эң негизги милдетин аткарбаган болот. Мына ушул максатты аткаруу менен гана адам баласы эки дүйнө бактылуулугуна толук жетишет. Алла Таала муну баяндап мындай деп айтты:
«Кимде- ким Менин туура жолумду ээрчисе, алар үчүн коркунуч жок жана алар кайгырышпайт». Бакара сүрөөсү (2:38)
Жанымда бол! Айырмасы жок кай жерде болгонубуздун. ..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#114 Пользователь офлайн   Evelet   27 Июль 2013 - 20:57

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 382
  • Катталган: 13 Ноябрь 09
  • Соңку аракети: 04 Авг 2020 13:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Алтын тор


Айбандардан айырмаланалы



Периштелерди акылдуу кылып кумарсыз жараткан,айбандарды кумардуу кылып акылсыз жараткан. Ал эми адам баласын акылдуу, кумардуу жаратты. Кимдин акылы кумарын башкара алса, анда ал периштелерге тең болот. Ал эми кимдин кумары акылына ээлик кылган болсо айбандарга тең болот.
Жанымда бол! Айырмасы жок кай жерде болгонубуздун. ..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#115 Пользователь офлайн   Evelet   27 Июль 2013 - 21:28

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 382
  • Катталган: 13 Ноябрь 09
  • Соңку аракети: 04 Авг 2020 13:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Алтын тор

Сүткорлук


Алла Таала айтты : Сүткорлук менен пайда жеген адамдаркыяматта шайтан уруп ,акылдан тайган адам сыяктуу ,( мүрзөлөрүнөн) турушат. Бул алардын : “ Соода деле сүткорлук сыяктуу” деген сөзү үчүн жаза. Алла сооданы адал,сүткорлукту арам кылган.Ал эми, кимге Роббиси тарабынан сүткорлуктун арамдыгы жөнүндө насаат баян келсе жана ал тообо кылып токтосо – өткөндөгүсү өзүнө адал жана келечек иштери Аллага тапшырылат. Жана ким сүткорлукка кайтса- ошолор гана тозокулар, алар анда түбөлүк калышат! ( Бакара 275)


Пайгамбар (САВ) айтты: Кайсы бир коомдо зина менен риба айкын чыга баштаса, анда алар Алланын азабынан өздөрүнө адам кылган болот...


1 Сүткорлук менен пайда жеген адамдар тактап айтканда: ошол нерсенин эсебинен (сүткорлуктан) пайда алышат. Тапкан пайдадан ичинип-кийинишет, жашоо-тиричиликке кенири колдонушат.

2 Кыяматта шайтан уруп акылынан таят дегени: Кабырдан тирилип сурак күнү махшар майданына акылдан адашкан, жинди абалында турат.Ал адамды баардык жандык көрөт.

3 Алардын мындай акылдан азып, жинди болуп калуусуна бирден бир себеп: алар карапайым адамдардын жашоосуна кайдыгер мамиле кылгандыгы. Жана ошондой эле жакырчылыкта кыйналып жүргөн адамдарды жинди абалга жеткириши т.а. аларды кыйнап-кыстап, зордук-зомбулук корсотуп зулумдук арекеттерди кылышы.

4 Соода деле сүткорлук дегени: Ал адамдар сүткорлукту соодага эле теңешип,сүткорлуктун күнөсүнө маани бербешти.Бул созу менен алар оздоруно окум чыгарып алышты.

5 Алла сооданы адал,сүткорлукту арам кылган: сүткорлукту соодадай эле деген адамдарга Алла жооп берип жатат.

6 Роббиси тарабынан сүткорлуктун арамдыгы жөнүндө насаат баян келсе: арамдыгын өкүм катары түшүнгөндөн кийин.

7 Ал тообо кылып токтосо – өткөндөгүсү өзүнө адал жана келечек иштери Аллага тапшырылат. Жана ким сүткорлукка кайтса- ошолор гана тозокулар алар анда түбөлүк калышат!

Аяттан алынган пайдалар
1 Сүткорлуктан алыстоо.процентке алган адамды шайтан урган адамга окшоштурду. Ал адам Алланын буйругуну аткарбай шайтанды ээрчип кетип жатканы айтылды.

2 Сүткорлук менен алек болгон адамда ач көздүк пайда болот.Ал адам канаат кылганды унутуп пайданы ган коздоп калат.

3 Сүткорлук менен алек болгон адамдан Алланын назары учат.Демек ал туболук кайгы жана окунуч.

4 Сүткорлук менен иштеген адамдын дайым балээ кырсык үстүндө болот.Анын тапканы жугумсуз болуп пайдага караганда зыяны коп.

5 Шайтан адам баласына зыян бере алат жана өлтүрүп коюшу да мүмкүн.Шайтанды ээрчигендиги учун ал адам Алланын жакшылыктарынан куру калат.

6 Адам эки түр менен жинди болот бири Шайтандан.экинчиси ден соолугуна байланыштуу.

7 Адамдар сүткорлук менен алек болгондо көк бет болуп аша чапканга жол түзүлөт.себеби алар айтышты соода деле сүткорлук ,чынында сүткорлук деле соодага окшош деп айтуу керек эле.

8 Алла эмнени адал десе адал дейбиз эмнени арам десе ошону арам дейбиз.Жадагалса арам деген нерседе пайда көп болсо дагы башыбызды оорутпайбыз. Анткени Алланын буйругу талашсыз аткарылууга зарыл.

9 Ар бир арам адал кылган нерседе, адамдардын кызыкчылыгы үчүн,Алланын кызыкчылыгы үчүн эмес.

10 Кайсы бир адам сүткорлук менен билбестен алек болсо,ошол убакытка чейин тапкан акчалардын баары адал болуп эсептелет.Бирок бир шарт менен,эгер тообо кылып артка кайтса. Роббиси тарабынан сүткорлуктун арамдыгы жөнүндө насаат баян келсе жана ал тообо кылып токтосо – өткөндөгүсү өзүнө адал жана келечек иштери Аллага тапшырылат. (Бакара275)

11 Алланын адамдарга болгон ырайымы мээрими. Тобо кылганча сүткорлук менен көргөн акчаларынын кайтарбайт.

12 Сүткорлуктун арам экенин билгенден кийин токтобостон ал ишти уланткандарга түбөлүк азап эскертүүдө.

13 « Келечек иштери Аллага тапшырылат” Адам баласы сүткорлук менен алектенип токтоткондон кийин жүрө бербестен дайым Аллага жалынып жалбарып кулчулуктун устундо жүрүүсү керек.



Билдирүүнү түзөткөн: Evelet: 27 Июль 2013 - 21:37

Жанымда бол! Айырмасы жок кай жерде болгонубуздун. ..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#116 Пользователь офлайн   saltanat.   28 Июль 2013 - 10:47

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 8 229
  • Катталган: 25 Февраль 13
  • Соңку аракети: 10 Фев 2025 14:40
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кереметтүү жерде.

Абдан таасирлуу экен,рахмат Аллах ыраазы болсун Еви.
Никогда не путай мой характер с моим отношением. Мой характер зависит от меня, а мое отношение - от твоего поведения.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#117 Пользователь офлайн   Evelet   28 Июль 2013 - 20:16

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 382
  • Катталган: 13 Ноябрь 09
  • Соңку аракети: 04 Авг 2020 13:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Алтын тор


Пайгамбардан бир элес



Күндөрдүн биринде Алланын (сав) элчиси ыйлады. Сахабалар сурашты:«Эмне себеп сизди ыйлатты?» Мухаммад (сав) айтты: «Сүйүктүү бир туугандарымды сагындым! » Сахабалар айтышты: «Биз сенин сүйүктүү бир туугандарын эмеспизби?» Мухаммад (сав) айтты: «Жок... Силер менин сахабаларымсынар! Ал эми сүйүктүү бир туугандарым көзүм өткөндөн кийин келишип, мени көрбөстөн мага ыйман келтиришет.

Сүйүктүү пайгамбарыбыз бизди сагынып, далай көз жашын төккөн. Жада калса, жаны чыгарда да, “Үммөтүм, үммөтүм, үммөтүм”-деп, бул дүйнө менен кош айтышкан. Биздин абал кандай? Пайгамбар (сав) бизди көрсө эмне дейт? Пайгамбарды шылдындагандар, мазактагандар, орой сүйлөгөндөр, ага жалган жалаа жапкандар, кадырын билбей өйдө төмөн сүйлөгөндөр ойлонгула!

Акыретте анын жүзүн кантип карайсынар?


Жанымда бол! Айырмасы жок кай жерде болгонубуздун. ..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#118 Жолоочу_Kosmopolitka_* 30 Июль 2013 - 21:34

  • Тайпасы: Жолоочу
  • Соңку аракети:

Алла ыраазы болсун.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#119 Пользователь офлайн   angelo4ka_96   30 Июль 2013 - 22:35

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 222
  • Катталган: 05 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 13 Июн 2016 17:56
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:.

Эң сонун экен..Алла ыраазы болсун..
Я не нравлюсь многим, лишь по одной причине, у меня есть собственное мнение.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#120 Пользователь офлайн   Ala-archa   03 Август 2013 - 17:03

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 483
  • Катталган: 17 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 19 Апр 2016 14:03
  • Жынысы:Белгисиз

Чакырылбаган конок (түшүнгөн адам түшүнөт)


Жакында үйүмө чакырылбаган бир конок келди.
- Тоскоол болбоймунбу?
- Сен тоскоол болбой турган учур да болмок беле?
- Ырас, менин келгениме эч ким кубанбайт, - деди менин коногум, - бирок айла жок, өзүм эшик чертип: «Убакыт келди! Экөөңдүн бирөөңдү: же сени, же аялыңды алып кетишим керек. Өзүң танда», - деп айтууга туура келет.
- Кулак салчы, өлүм, - дедим мен. Аялы үчүн өз өмүрүн бербеген күйөө болмок беле. Эч ким өлгүсү келбейт дечи, бирок мен аялымды сүйөм, экөөбүздүн бирөөбүздү сөзсүз алып кетишиң керек болсо, анда мени алып кет, аялым өмүргө тое элек, жашоодон кубаныч ала турсун.
- Сен ойлонбой сүйлөп жатасың, - деп каршы чыкты менин коногум, - тандоо оңой эмес. Өлгөн адам үчүн жеңил. Ал жердеги түйшүктөн кутулат. Бүгүн сага убайым жедирген: жашоо үчүн күрөш, кошуналарың менен болгон талаш-тартыштар, карыздар, карылыктан коркуу, кандай болуп кетет деп чогултуп койгон акчаңдын жетер-жетпесин ойлоп сары санаа болуу, жетекчинин көңүлүнө жагуу, коллегаларың менен болгон проблемалар, ушунун баары артта калат. Өлгөн адамга дайыма жакшы. Ал үйүнүн сыртындагы ызылдаган бурганактуу бороонду укпайт, жерди каптаган ташкынды көрбөйт, кайгылуу кабар алып келчү кат да аны капалантпайт, бут кийими бутун кысып оорутпайт, тиши ооруп кыйналбайт, ал толук эс алып бүт түйшүктөрүн унутат.
- Бул сенин оюң, - дедим мен. – Алып кете турган адамдарыңды сооротуу сенин милдетиң эмеспи. Бирок өзүмдү мисалга ала турган болсом, жүрөгүмдө коркунучка караганда үмүтүм күчтүү. Арам оюм жок эле андан мурун кетким келет, анткени мен аны сүйөм, анын жерде дагы жашай турушун каалайм.
Өлүм мени тигиле көпкө карап турду. Бир маалда анын жүзүнөн жакшылыктын жылуу учкуну жылт эте түштү.
- Сен аялыңды сүйөсүң. Мына ошондуктан чечим чыгарардан мурун жакшылап ойлонсоң болмок. Ынтымактуу, бактылуу үй-бүлөсүңөр, отуз жылдан бери чогуу жашап, бири-бириңерге жардам берүүгө даярсыңар. Бардык нерсени тең бөлүшөсүңөр. Ошондуктан көз жумганына караганда, тирүү калган жубайына дайыма оорураак болот. Сен мага ишенбей турасыңбы? Аялыңдын андан аркы жашоосу кандай болорун элестетип көрчү. Анын жүрөгү талкаланган. Ал жашай берет дечи, бирок мурда экөөлөп көтөргөн түйшүктөрүңөрдүн баары эми жалгыз анын мойнуна түшөт. Сен жанында болбогондуктан, анын жашоосу оорлойт. Ал азиз адамдай болуп, ар бир ташка мүдүрүлөт. Анткени сен анын жолунан ташты алып кое албайсың. Анын көз жашын эч ким аарчыбайт. Сейилдеп жүргөндө, ар бир ырды укканда, сени эстеп, анын жүрөгү эзилет. Ал тургай, жалгыз өзү үчүн дасторкон жайганда, сен кармаган кашык да анын жүрөгүн жаралайт. Ал жалгыз калат. Сенин досторуң аны таштап кетишет, анткени алар жалгыз калган түгөйгө кандай мамиле кылууну билишпейт. Ага барбаш үчүн орундуу себептерди издеп, актанышат. Майрам күндөрү бул сөздөрдүн ага кандай катуу тиерин ойлонбой туруп, «Майрамды жакшы тос» - деп, каалоолорун айтышар. Сенин аялың чыкылдаган саатты тиктеп,отургучта жалгыз отурат. Үйгө эч ким: сен да, мурдагыдай сени сурап келип калчу башка бирөө да келбейт. Ал эринин бек кымтып, жалгыз отурат. Сага кыла албаган жакшылыктарын, аял кылып алгандыгың үчүн, жакшы күйөө болгондугуң үчүн сага бир да жолу ыраазычылык билдирбегенин эстейт. Айтылбай калган сүйүү сөздөрү үчүн өкүнөт, көңүлү чөгөт. Ал сени күттүргөн баягы мүнөттөр үчүн ачууланат, анткени азыркы мүнөттөрдү текке кеткен сан жеткис мүнөттөрдөй кабыл алат... Акылынан адашып, ал өзү менен өзү атүгүл үстөл менен, отургуч менен сүйлөшө баштайт,анткени жүрөгүндөгүнү башка кимге төкмөк эле. Ал төшөгүнөн да тургусу келбей калат, анткени аны күткөн, ага муктаж болгон эч ким жок.
- Айтчы, сен чын эле аны ушундай кыйноого салып таштап кеткиң келеби? Мен өлүмдүн колун кармай калып:
- Жок! – деп кыйкырып жибердим. – Ал минтип жашабашы керек. Мен аны өзүмдөн артык сүйөм. Андан көрө, ошондой абалда мен жашайын, аны алып кет. Ал үстүнкү кабатта уктап жатат, ал бүгүн аябай чарчады.Ойготпой, акырын алып кет, Кудайдын даңкына чулганганда гана көзүн ачсын. Ага чейин ойготуп жибербе, болбосо ал мени ойлоп кабатырланат. Өлүм убада бергенин билдире башын ийкеп, тепкич менен өйдө жөнөдү.
- Жок! – деп кыйкырдым мен кайра. – Ага тийбе! Же мени ал! Мындан ары анын үнүн, үйдө нары-бери баскан дыбышын, эртең мененки тамакты даярдап жатып идиштерди калдыратканын укпай кантип чыдайм. Дасторконго жалгыз отуруп, ансыз тамак иче албайм, анын демин укпай төшөктө жалгыз жата албайм. Бул дүйнөдө ал жок болсо, мен кантип кубанмак элем. Бөлмөдөгү ал отурган орундук бош калат, ал илип койгон чапанын кийбейт, эшиктеги жума сайын тазалачу тактайча да тазаланбай калат. Тирүү кезинде үтүктөп койгон көйнөгүм,шымым, сыйынуу үйүндөгү экөөбүз чогуу отурган орундук... Ушунун баарын кантип көтөрөм? Канча нерсени кылбай калганымды ойлой берип, акылымдан адашып каламбы деп корком. Канчалаган жагымдуу сөздөрдү айтпай калдым, канчалаган жакшылыкты кылган жокмун. Аны менен сүйлөшүп отургандын ордуна эмне үчүн газета окуп отуруп алдым экен! Аны эмнеге карап отурбадым экен, ал абдан сулуу эмес беле!Ал мага жакчу, бирок акыркы жылдары бул жөнүндө ага бир да жолу айткан эмесмин!“Жанымда жүргөнүңө ырахмат, мага турмушка чыкканыңа ырахмат, сени биринчи сүйгөндөгүдөй, азыр да сүйө алам, ырахмат!”, - деп, ага эмне үчүн бир да жолу айтпадым экен. Мага өз өмүрүн арнаганы үчүн, мага чыдаганы үчүн, мени дайыма жылуу караган көз карашы үчүн, жүрөгүнүн тереңинен чыккан жылмаюусу үчүн бир да жолу ыраазычылык келтирген жокмун. Өмүр бою эч ойлонбой туруп айткан “менин аялым” деген сөз бардык тилдердеги эң сонун сөз экенин азыр билип жатам. Сен аны алып кетерден мурун, мага дагы үч күн, бир эле жума убакыт берчи. Мен кетирген мүчүлүштүктөрүмдү оңдоп алайын.
Ошондо өлүм тепкичтен түшүп, босогого келди.
- Мен китебимди карасам, үй номерин алмаштырып алыптырмын. Силер менин китебимде бир нече беттен кийин жазылыптырсыңар. .. Айып көрбө, досум. Анан айтар кеңешим: мен экинчи жолу келгенче, убактыңды текке кетирбе. Анткени мен келгенде, отуз жылдын аралыгында кетирген кемчиликтериңди оңдогонго сага үч күн эмес, үч мүнөт да бербейм.

Билдирүүнү түзөткөн: Ala-archa: 03 Август 2013 - 17:18

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Дин жана философия
  • Кийинки тема →

  • (59 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 18 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 18, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 21 Июл 2025 22:40

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: