Мени кечирип коесуздар го, бирок азыр эле бир ой жаралып кетти. Бизде айылда биздин алыыыс туугандарыбыз бар молдо. Бир кездерде ошол молдо тууганыбыздын байкеси кайтыш болуп, мусулманчылык деп туугандары келинин алыс кетирбей, кайнисине жаш кезинде эле алып берип коюшкан экен. Экөө жашап, бир кыз, бир уулдуу болушкан адашпасам. Тууган байкебиз катуу молдо, Меккеге барып да келген болуш керек эле. Анан арадан көп жылдар өтүп, балдары жетилип, кызы күйөөгө тийип, небере күтүп калышканда тиги тууган байкебиз башка бир аялды алып алды. Болгондо да аты чыккан, бузулган аялды алды. Аны бүт баары жаман жагынан таанычу. Үйлөнгөнүнүн себебин тууганыбыз "жаман аялдардын санын азайтыш үчүн" деп айтыптыр. Ушундай туурабы? Көбү анын бул жолун туура көрүшпөй, молдо болбой кал деп жүрүштү. Бир жагынан карасаң, туура анысы деле. А бирок өзүнүн аялычы, анын тагдыры не болот? Аны менен ажырашпаса керек, бирок экинчисиникине кирип алган дешет))). Ошооо, туугандар, ой-пикириңерди күтөм.
- (2 )
-
- 1
- 2
Жаман аялга үйлөнүп жакшылык кылдым дейт
#2 19 June 2013 - 18:27
Калп эле ошо атты жамынып кылды да катын алгысы келип. Шариятта 4 аялга уруксат дечи бирок,шылтоого шыноо болду да.
Никогда не путай мой характер с моим отношением.
Мой характер зависит от меня, а мое отношение - от твоего поведения.
#3 19 June 2013 - 18:53
Мени кечирип коесуздар го, бирок азыр эле бир ой жаралып кетти. Бизде айылда биздин алыыыс туугандарыбыз бар молдо. Бир кездерде ошол молдо тууганыбыздын байкеси кайтыш болуп, мусулманчылык деп туугандары келинин алыс кетирбей, кайнисине жаш кезинде эле алып берип коюшкан экен. Экөө жашап, бир кыз, бир уулдуу болушкан адашпасам. Тууган байкебиз катуу молдо, Меккеге барып да келген болуш керек эле. Анан арадан көп жылдар өтүп, балдары жетилип, кызы күйөөгө тийип, небере күтүп калышканда тиги тууган байкебиз башка бир аялды алып алды. Болгондо да аты чыккан, бузулган аялды алды. Аны бүт баары жаман жагынан таанычу. Үйлөнгөнүнүн себебин тууганыбыз "жаман аялдардын санын азайтыш үчүн" деп айтыптыр. Ушундай туурабы? Көбү анын бул жолун туура көрүшпөй, молдо болбой кал деп жүрүштү. Бир жагынан карасаң, туура анысы деле. А бирок өзүнүн аялычы, анын тагдыры не болот? Аны менен ажырашпаса керек, бирок экинчисиникине кирип алган дешет))). Ошооо, туугандар, ой-пикириңерди күтөм.
дижурнуй макал барго баякы ошо да
#4 19 June 2013 - 19:16
Сизди го адамдар кечиришет, Аллах кечирет бекен? Жазгандарыныз аялдардын ушагына окшойт экен. Тилибиз бизди тозокко алып барат бош койсок.
Тиги молдо эми "прелюбодей женится на прелюбодейке" деген сура окуганмын.
Тиги молдо эми "прелюбодей женится на прелюбодейке" деген сура окуганмын.
#5 19 June 2013 - 19:37

Динге өтө берилип кеткен жан окшойсуз. Мен көргөн-билген окуяны жаздым, турмуштагы. Болгону айрым нерселерди толук билбегеним үчүн адашпасам дегем. Кудай мени кечиреби, жокпу, ал менин маселем, ага сиз баш катырбай эле коюңуз!
#6 19 June 2013 - 19:54
Кой урушпагыла бул ушак эмес бул факт. Же форумда жалан ушакчылар отуруптурбу?
Никогда не путай мой характер с моим отношением.
Мой характер зависит от меня, а мое отношение - от твоего поведения.
#7 19 June 2013 - 21:52
Ой маа десе 100 катын алып,шыпырылып тушуп калбайбы!
Не всякий козел может испортить настроение,
а только самый любимый.
#8 19 June 2013 - 22:20
Макул уйлонуптур,
тиги биринчи жубайы макул болдубу,кеп ошондо.Эгер ал макул болуп анан башкасына уйлонсо шариятта уруксат.....Ананда тигиниси аягы суюк болуп,молдого тийип ыйман жолуна тушкон болсо,анда молдо чооон соопко ээ болду,бузулган аялды жолунан кайтарып.....
А эгер биринчи жубайынан уруксат сурабай туруп тигинин устуно кирип алса, анда эркектик напсисин башкаралбай динди жамындыда...
...Ишенген молдонун уйунон алты камандын башы чыкты дегендей эле кеп.....
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#10 21 June 2013 - 21:45
Менин оюмча туура эле.Ал алып албаса,бузулган аял андан да коп эркекти бузат беле кудай билет.
#12 24 June 2013 - 08:20
Тyyра эле kылыптыр, биринчи аялын аргаcыздан алганда, ал да oз kаалаганын алcын.
Yй бyлooм- менин жашooм, kелечегим!!!
#14 24 June 2013 - 16:50
Элге, кошуналарга анын жаман аты сиңип калгандыктанбы,
баары мурунку көз караштан чыга алышпай, дагы деле жактырышпайт ал аялды. Бирок беш маал намазга жыгылыптыр.
#16 25 June 2013 - 09:53
Копкон го жон эле. Бирок, созду таап, жооп бергенин...
Жалдырап жолун тосуп келем сенин,
Жанымдын жарымы бол жан эрмегим.
Жаштыгым озунду энсеп отуп барат,
Жалгызым кайдасын сен, издетпегин.
Жанымдын жарымы бол жан эрмегим.
Жаштыгым озунду энсеп отуп барат,
Жалгызым кайдасын сен, издетпегин.
#17 26 June 2013 - 01:05
Маселени тоолук билип корбой, тушунбой эле оозунарга келгенин оттой бересинерби болуш керек деп эле. Силер туура туура эмес деп койсонор эле андай болуп калбайт да. Анан дагы молдо десе эле жаман жагын айтып каласынар. Уйлонсонор , олсонор молдо жакшы анда. Силердин ал молдонун жашоосун соз кылганга да акынар жок. Ар ким озу учун жооп берет да АЛЛАХтын астында.
#18 26 June 2013 - 12:00
Элге, кошуналарга анын жаман аты сиңип калгандыктанбы,
баары мурунку көз караштан чыга алышпай, дагы деле жактырышпайт ал аялды. Бирок беш маал намазга жыгылыптыр.
Маселени башка тарабынан карап көрөлү. Ал аял күйөөсү жок болгону үчүн ошондой жаман атка конуп жургөн деп түшүндүм. Себеби күйөөсү жок аялды жандаган эркектер да четинен табылат. Себеби ал шумшүктөр ал аялда да башкалар сыяктуу эле жыныстык байланышка муктаждыгы бар экенин билишет жана ошол нерседен колдонгулары келишет. Бирок алардын эч кимиси аны аялдыка алгысы келбейт. Бойдоктору жаш кыз алгысы келсе, үйлөнгөндөрү аялдарынан коркушат. Бирок жашыруун ага баргандан баш тартышпайт. Б.а. Кудайдан коркушпайт. Эгер бир адам аны аялдыка алып, анын муктаждыктарын кандырууна кааласа мунун эч кандай жаман жагы деле жокко. Эгер тиги аял күйөөсүнөн ажыраган убакта эле (мен аны мурда турмушка чыккан деп түшүнүп жатам) бирөө жарым ага үйлөнгөн болсо балким тиги аял да мындай жаман атка конбойт беле.
Анан тиги молдо киши ошол жол туура деп эсептептир, ал анын чечими. Аны туура түшүнүп кабыл кылганыбыз оң. Бир убактарда жеңесине деле үйлөнгөн экен. Башкаларга окшоп мен жаш кыз алам деле дебептир. Айтоор аял алуу жагынан жыргап деле кетпептир (менин пикиримде). Негизи эле элдин сөзүнөн коркпогон адам экен. Бул жагын бааладым.
#19 26 June 2013 - 22:59
Дауд байкенин созуно толук кошулам,. азыр бары эле жаш кыздарды алышат ко..бул адам бир гана озунун кызыкчылыгын ойлогон эмес..ко менимче
Журоктор ыйманга толсун.
#20 27 June 2013 - 18:00
Негизи бироонун турмушун талкуулоого акыбыз жок.Молдо менимче туура кылган,жашоого бир келген сон оз эрки менен уйлонуп.Аял да намазга жыгылыптыр,
"Коч бара-бара онолот"-,эмеспи.
...Бакыт тилейм!!
- (2 )
-
- 1
- 2

Супер-Инфо
super.kg
видео