Кыргызга кыргыз душман болсо Баатыр деп кантип айтабыз деген ойго кошулуптурсуз.
анда бабаыз Манас Баатыр эмеспи ыя? Себеби Манаста айтылгандай Манаска өз ичибизден эле душман чыккан Көз камандарды жана Көкчө көздү кайда жашырабыз? Аларды Манас өзү талкалады эле. Андан соң Манастын кырк чоросу Манастын уулу Семетейге каршы чыкканы да бар. Канчоро хан болуп Семетейге куугунтук кылганын бирок Семетей куугунтук кылган Манастын чоролорун ойрон кылганы бар. Эгер Басмачы111 экөөңүздөрдүн сөзүңөргө ишенсек анда бабабыз Манас дагы өз элибизден чыккан душмандарды тазалаганы үчүн Баатыр деген наамга татыксыз болуп калабы?
Менин алган билимим да, иштеген ишим да техникалык багытта. Бирок, Манастан да кабарым бар. Сиз айткандай, Манаска анын таекелери (мисалы, Көзкаман аткан конгон Үсөн таекеси) жана башкалар жолтоо болушкан. Кантсе да кыргыз эмеспи. Бирок, Манас алар менен болгон кыжы-кужулары үчүн эмес, кыргыз жерин сырткы душмандардан сактап калуу же болбосо кеңейтүү максатында болгон салгылашууларда көрсөткөн эрдиктери үчүн Баатыр атка конгон. Мисалы, төмөндөгүлөр үчүн:
1) Кортук баштаган калмактарды сабады;
2) Калмактан чыккан Жолойго кол салып, талкалады;
3) Уруулар Кеңешинин чечими менен Кырмус-ханга каршы чыгып, Дагалак шаарын курчоого алды жана душмандар менен жекеме-жеке таймашып, аларды жеңди;
4) Калмак ханы Дүбүрө менен чабышты жана аны талкалады;
5) Ысык-Көл тараптагы кыргыз жерлерин бошотуу үчүн Өргө жана ага жардамга келген Ахунбешимдин кошуну менен салгылашты;
6) Булагасын шаарына кире бериште Шамын-хан баштаган калмак кошунун талкалады;
7) Ташкентте жашаган кыргыздарды кырып жок кылгысы келген Панусту жеңди;
8) Кашгар ханы Алакун ханды жеңди.
Булар Манастын сырткы душмандар менен болгон уруштарынын бирин-серини эле. Баарын жазыш үчүн көп убакыт керек.
ПС:
Тема боюнча кызуу кандуулукка алдырбай, аргументтүү, далилдер менен өз пикириңизди билдирип атканыңызга ыраазычылык. Бул ар кимдин эле колунан келе бербейт! Мага, мисалы, жагып атат сиз менен талашып-тартышкан.

Супер-Инфо
super.kg
видео











