Бир жапжаны кошуна кочуп келди айылдан... Дуйнолук согуш жарыялайм ушул кошунама эми... Ысыкта подьездди аран жууп тазалап койсом,уйунон мусорун сыртка шыпырып чыгарып айламды кетирди... Анан подьезддеги гулдоруму кичинекей баласы <лысый>кылып салып,нервди кашайтты го... Мусор челек подарка кылып,мусор токчу жерди да гид болуп корсотот окшойм ёшкиники десе...
Менин Кошунам сиздердин кошунаныздар кандай
#42 15 June 2013 - 14:52
Еешкин менин кошуналарым жаны жай албай улам бири кочуп келет,кайра кетет,башкасы келет жалан чондор,канадецтер,
немецтер,орустар,
шаар мэрлери,кгб,
сельсоветтин секретары,ии милициянын,
экологиянын,
ГАИнин,эсептоо палатасынын начальниктери,
бир кезде У.Барктабасов,
мектеп директорлору ой дагы эстеш керек, ошолор менен кошуна болуптурбуз.
Кочобуз карангыда жапжарык, таптаза,бактар тигилген зымырайып турат,ошолордун арты менен,киришип чыгышабыз,койлорубуз кечинде кезуудон келерде ГАИнин начальниги карап турат экен санап ай мынча коюн келди деп коет да боорду эзип,сесренка,
братишкаларым балдары менен ызы чуу кирип чыгып ойношот,анан паспортумду жасатмак болуп кошнама айтсам алеки заматта эле бутургон документимди,
пайдалары да тиет,бир кошнам байкемди очойгон орунга жумушка коюп койду,ой соонун кошналарым бар тфу тфу коз тийбесин,мына ушундай. Бул бир кочобуз ушул кошуналар менен. Анан да 40тутунбуз айыл апа деген бар,ии кокуй аларын кемпирлер жолду катар отуруп алышып кылаар иштери жок откон кеткенди ушакташып отурушат десен,анан бир кемпирдин астынан чыгып учурашып калсан бутту отчет ала баштайт ой сен кайда иштеп атасын,окуп атасынбы кайда баратасын,маман кайда папан кайда,байкен эжелерин кайда,канча коюнар боозуду паланча тукунчо,ии деги койчу башын ооруп кетет да анан батыраак кеткенче шашасын. Анан кошуна кыздарым бар зериккенде уйуно барып ушакташчу элем да. Мына шундай.
Сыноого сынба!
#43 15 June 2013 - 17:55
Кошуналардын эн жакшысы эле аскердик болуктогу солдаттар. Эртен менен ырдап ойготуп,кечкисин ырдап уктатышат.
#44 15 June 2013 - 21:05
менин кошунам 600 ток алып келип багып жаткан экен үйүнүн жанынан адам өтө алгыс сасыык...
көчөгө чейин жыты уруп турат, өздөрү кантип жашап жатат түшүнбөйсүң.
көчөгө чейин жыты уруп турат, өздөрү кантип жашап жатат түшүнбөйсүң.
Барга көппө - Жок го чөкпө
#45 20 June 2013 - 14:12
Кошуналарымды тааныбайм. Он капталымдагы эки квартирадан кыргыз балдар кирип-чыгып калышат. Алар квартиранттар экен. Сол жакта орус кошунам. Астында да бир кыргыз уй-було бар. Калган этажда бут орустар. Баары мышык багышат экен!
Коё берип коюшат сыртка,анан тепкичтердин корунгон кычык-пычыгына сийип-чычып журо беришет!
Эч качан эшиктери жабылбайтко,
чиркин! Кошуналарым менен подъезден корушуп калсак баш ийкешип учурашып койгонум эле болбосо... Эч кимиси менен камыры-жумуру эмесмин. Ымм... 1-этажда бир жалгыз бой орус чон апанын 13 мышыгы,дагы бир жалгыз бой орус чон атанын 8 мышыгы,андан тышкары башка кошуналарымда 1-2 ден мышык!!!
Подъездин сасссыгын сурабагыла!
Анан мышык баккан квартиралардын кандай жыттанаарын билесинер да ээ...? Азыр жай айы. Баары эшик-терезелерин анырайтып ачып коюшат! АААААААААААААААААА!
!!!! Же балконго чыгып таза абадан дем ала албайсын!
Квартиралардан жыккан "жыпар жыт" канылжарды жарып жиберет тим эле! Кыскасы тумчугум журом мен,думчугуп!
Эххх... Мен бул жерде копко туралбайт окшойм. Кащайып дом.ком да жок экен бул уйдо. "Бизде дом.ком жок. Сен болбойсунбу?
" деп коюшканына эмне бересин!
МТУ га тел чалып арыздансам,
"келиниз суйлошолу,кагаз турундо арыз жазып бериниз,чара коробуз" дейт. Ииии журот экенмин да кемпир-калачтардын устунон арыз жазып,каргыштарына калып! Жок,кетиш керек! Шонакааай менин "алтын"
кошуналарым.
Эххх... Бирок квартирам жагат да. Бут озумдун табитимде жасалган,толтурулган.
Мен эн негизгисин унутуп коюптурмун да туугандар! 1-этажда жашаган 13 мышыгы бар орус чон апам ушунннчалык мээримдуу! Мээримдуулугун ушундан билгиле,подъездин кире беришине,озунун терезесинин тубуно коробкадан будка жасап алган. Ал будкага кочодогу эле селсаяк иттерди чогултуп,тамак берип багат!
Не всякий козел может испортить настроение,
а только самый любимый.
#46 20 June 2013 - 14:44
менин шаардагы бир кошунам иттей жакшы адам экинчи кошунам болсо иттей жаман адам
#47 20 June 2013 - 20:36
Кошуналар мн аябай сыйбыз. Сыбыз дегеним бири-бирибизге унчукмай жок (саламдашмай дагы). Эч ким эч ким мн иши жок, анда санда уйно кирип чыгып журушкондорун коруп ушул менин кошунам экен деп ойлоп коймой.
Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
#48 21 June 2013 - 08:41
Мен кошуналарымдын кээ бирин эле тааныйм , бир өзбек кошунамды алыстан тааныйм. ''көзлариз бүнча чырайли''
-деп тажатат. Алыстан келе жатканда уф азыр дагы баштайт десем, айткандай ошол сөздү кайталап өтөт. Анан оң жагымда кытай кошунам бар. Түнү менен тарса -турса бирдеме кылып чыгып кетет, эмне кылат ушу түшүнбөйм. Өлгүдөй балит самсалатып эле мусор ташып жүргөнү жүргөн. Айткандай ал wi fi орнотуп алыптыр, аны мен жакында билдим, эми астейдил сөзгө тартып wi fi дын ключун алып алыш керек болтат.
Мен дүйнөгө ибадатка келгемин,
Түбүм ылай түркүк эмес пендемин,
Бүгүн болсом убактылуу дүйнөдө,
Эртең эле сурак берчүү жердемин.
Түбүм ылай түркүк эмес пендемин,
Бүгүн болсом убактылуу дүйнөдө,
Эртең эле сурак берчүү жердемин.
#49 21 June 2013 - 09:12
силерди мышыктар "сасытып"
тажатса, айылда мышыктар жожолорду жеп ада кылмай болушту )))
Аракеттен -адат
адаттан-муноз
муноздон-тагдыр жаралат
адаттан-муноз
муноздон-тагдыр жаралат
#50 21 June 2013 - 10:42
Кошуналар башка иш түшсө жабышып калганы жакшы нерсе өзү.
Биз өз өлкөбүздө гана бактылуу боло алабыз!
#51 21 June 2013 - 17:56
Шаарга келгенден кийин айылдагы кошуналарды сагынчу болдум. Шаардагылардын убактысы тар болгондуктан көрүшүп, таанышып, чай ичишип отурууга убакыт деле болбойт. ал эми айылдагы кошуналарым эң сонун эле да эх. Эшикти ачык таштап койсоң эч ким уурдабайт. Керектүү буюм үйдө жок болсо кошуналардын кимисинде бар болсо аныкына зуулдап барып, алдыңдан кошунаң чыкса сурайсың чыкпаса өзүң билип эле көтөрүп келе каласың. Кайра ордуна алып барып коймой. Чоң ата, чоң апаларыбыз түшкө маал жыйылып келип чогуу тамактанышат анан черди жаза сүйлөшүп отура беришээр эле. Тарыхтан кеп салып, санжырадан сөз козгоп бизге жакшы сабак беришчү эле.
Гуд бай, форумчулар!
!!
#52 22 June 2013 - 08:27
Элдер,бүгүн таң атпай ит атаарлар келип уч итти атып кетишти! Коңшу үйдөгү кээ бир обу жоктор кичине жинденишти "иттерди эмне атып жатасынар?!
" деп. 1-этаждагы "чоң апам" эшикке саксаңдап чыга калса боло! Мени каргагангада жетишти! "Жакында мышыктарын да жок болот!"
деп койдум,компоюп.
Ошоо... Эгерде кимге ит атаарлардын тилпону керек болсо кайрылгыла берем.
Эми мышыктар калды! Аларды жоготуп,анан подъездин алдына скамейка жасатып,шашпааай отуруп алып семичкеден чагып кыжырын гана келтирбесемби!
Шашпасын!
Не всякий козел может испортить настроение,
а только самый любимый.
#54 22 June 2013 - 11:36
Кошуналар аман эле болсунчу
Аракеттен -адат
адаттан-муноз
муноздон-тагдыр жаралат
адаттан-муноз
муноздон-тагдыр жаралат
#55 22 June 2013 - 21:41
Өлүңгөрөйүндүкү десе, жер суунун баары "кыяк" болуп кеткен го. Мен жаш кезекте ачтым эле калп айтпасам ушундай тема. Азыркы жаштар кара жерге кирсин, жалкоо чыгышты, кичине башка беттерден аракеттенип издешсе ичтери өтөт да
Думай своей головой, а не общественным мнением!
Свобода - это когда каждый может распоряжаться своей попой как хочет.
Имею мнение - х@@ оспоришь!
Лучше быть в шоке от услышанного, чем в }{опе от происходящего!
Свобода - это когда каждый может распоряжаться своей попой как хочет.
Имею мнение - х@@ оспоришь!
Лучше быть в шоке от услышанного, чем в }{опе от происходящего!
#56 23 June 2013 - 02:42
Мен эн негизгисин унутуп коюптурмун да туугандар!
1-этажда жашаган 13 мышыгы бар орус чон апам ушунннчалык мээримдуу!
Мээримдуулугун ушундан билгиле,подъездин кире беришине,озунун терезесинин тубуно коробкадан будка жасап алган. Ал будкага кочодогу эле селсаяк иттерди чогултуп,тамак берип багат!
Элдерден сураштырсам ал иттердин бул будкада баш калкалап туруктуу жашап калгандарына мына быйыл туура 5 жыл болуптур!
Олллгондой кабанак иттер! Болок-ботон кишилер тургай,ошол эле подъезде жашаган тургундарды да арылдап каап турушат! Озгочо мени! Дуконго чыгып келе жатсам деле астымдан чыга калышып учоо уч жагымдан арылдашып укмуш кабышат,мусор тогуп келе жатсам деле кабышат,иши кылып кабале беришет! Же ушунча болду тиштеп алышпайт!
Кээде иттер бар экенин эсиме жара чыгып унутуп,беймарал келе жатканымда алдымдан кокусунан чыга калып капканда барбы ээ?! Тим эле каным мээме тээп чыгат! Согунуп-сагынып жерден таш алып ызырынып кууйм анан! Биздин короодо бир да бала-чаканы корбойсун,баары башка короого барып ойношот! Менин кызым да сабактан келе жатканда уйдун алдында иттер журсо уйду айланып уйго кирбей журо берчу,балкондон мага кыйкырып. Кыскасы туугандар!
Мен кошуналарыма согуш жарыяладым!
Жакында иттер да жок болот,мышыктар да жок болот! Мага ишенип коё бергиле. Жыйынтыгын созсуз бул жерге жазып коёмго! Эртен ит атаарлар келишет. Мылтыктарын колдорунан жулуп алып,ушу озум атсамбы ушу иттерди! Катуу тойгузушту мени! Гээкирип журом! 
#57 23 June 2013 - 07:56
Айылдагы кошуналарды сагындым гоо
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#58 23 June 2013 - 11:44
Саламатсыздарбы урматту форумчулар.
. Теманын шарты томондогучо.
.
Мисалы: форумдагы armin менин реалдагы кошунам жана досум.. Сиздер дагы форумда реалдагы тааныштарыныз же айылдаштарыныз же досторунуз болсо жаза кетсениздер.
П.с. Мындай тема болсо Бан кылбай эле койгулачы сураныч.
Мисалы: форумдагы armin менин реалдагы кошунам жана досум.. Сиздер дагы форумда реалдагы тааныштарыныз же айылдаштарыныз же досторунуз болсо жаза кетсениздер.
П.с. Мындай тема болсо Бан кылбай эле койгулачы сураныч.
Аракеттен -адат
адаттан-муноз
муноздон-тагдыр жаралат
адаттан-муноз
муноздон-тагдыр жаралат
#59 23 June 2013 - 11:45
эч ким кошунам эмес экен..))
Я не нравлюсь многим, лишь по одной причине,
у меня есть собственное мнение.
#60 23 June 2013 - 11:58
Биздин кошуналар баары жакшы адамдар. Баары менен мамилебиз эн сонун, туугандайбыз короче.
Я не нравлюсь многим, лишь по одной причине,
у меня есть собственное мнение.

Супер-Инфо
super.kg
видео


















