Кыргыз жарандары Түркия аркылуу Сирияга кеткени тастыкталды
Буга чейин Кыргызстандан Сириядагы бийлик менен андагы исламчыл террористтердин ортосундагы согушка кыргызстандыктар да кеткени маалымдалган.
Бул тууралуу жизадка кетип жаткан балдардын ата-энелери өзүлөрү арыз жазып, мамлекет уулдарын кайтарып берүүсүн өтүнгөн. Бирок бул маалыматты муфтият четке кагып эч кандай диндин тиешеси жок экенин айтып актанышкан.
Эми мына минтип
21-июнь күнү Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын бөлүм башчысы Маметбек Мырзабаевдин билдирүү таратты. Анын айтымында: "Кыргызстандык жарандар Түркия аркылуу Сирияга кеткени тастыкталган.
"Түркия прокуратурасы 9 жарандын чек арадан өткөнүн аныктаган. Эгер алар кайра Сириядан Түркияга кайта турган болсо чек арадан мыйсамсыз өткөнүнө байланышуу камакка алынмакчы"
,- деди.
Мына кыргызым, Чыгыштын идеологиясын өзүнө сиңирип алган кыргыз уулдары Кыргызстанды коргоо үчүн жан үрөбөй, кайдагы бир террористтерди колдоп, дин үчүн жанын кыйганы кетишти.
Кыргызстандыктар Сириядагы террористтерге жардам бергени тастыкталды. Дин үчүн согушка эми кыргызстандыктар дагы катышууда...
#2 21 June 2013 - 13:41
Кыргызстандыктар Американы жардырып атышатко, Сирия эмне болуп калыптыр?!
Кыргызшаа, Баламир ж.б., форумчуларда Турцияда эле ...
#3 21 June 2013 - 17:12
Сирияда граждандык согуш журуп атат, эки жак тен мусулмандар,
бийликти Россия колдоп, оппозицияны Батыш колдоп. Эч кандай "ислам террору" жок, террористерди АКШ колдойт беле?
#5 22 June 2013 - 12:13
Урматтуу Чындык, туура, сиз айткандай Сирияда жарандык согуш жүрүүдө. Бирок оппозициянын негизги максаты эмне экенин билсеңиз керек. Кызыктын баары мына ушунда. Исламдын суннит агымынан турган оппозиция бийлик башына суннит агымындагы адам келиш керек деп согуш баштаган. Ал эми Башар-аль-Асад ошол эле исламдагы алавит агымынан болот. Ислам дүйнөсүнө каршы чыккан АКШ, Израиль жана Европа өлкөлөрүнөн сунниттер жардам алууда. Ошондой эле оппозициядагы сунниттерге Түркиядагы жана Аль-Каида террористтери көмөк көрсөтүүдө жана бул жарандык согушту жихад деп жарыялашты.
Ал эми бийликтегилерге Орусия, Арабия, Кытай жана Иран кол сунуп колдоп келүүдө. Мындан сырткары Ливандагы АКШ, Израиль жана исламдагы террористик уюмдарга каршы күрөшүп келаткан шиит агымынын өкүлдөрүнөн турган «Хезболла» партиясы да оппозиция багынганча жардам берээрин ант берген. Дүйнөгө халифат орнотобуз дегендердин тилеги ишке ашпасы мына эми көрүнүп калды.
Гуд бай, форумчулар!
!!

Супер-Инфо
super.kg
видео









