Урматтуу форумчулар!
Келгиле фантазияны бир аз иштетип апыртмаларды айтабыз! Бура суйлогон кулгонго жакшы демекчи, конулубуз дагы которулуп калсын!
Шарты: Бир окуяны баштан аяк чагылдырып апыртып жазуу керек! Эн кызыктуу апыртмага менден 100бирдик!
Жыйынтыгын ар жуманын дуйшомбу куну чыгарып турабыз.
Мисалы: Менин атам жаны торолуп бешикте жатканда, мен аны тан атканча терметип уктачу эмесмин.......
......................
......................
...................ж.
б.у.с
Кана эмесе калптын казаны кайнайбы жокпу чогуу текшерели!
!!
Апыртмалар сынагы! Байгелуу оюн!
#2 21 June 2013 - 17:34
Мага жагып калган апыртманын ээсине 500 бирдик менден! (Кыргызстандын аймагында жашагандар учун гана).
Не всякий козел может испортить настроение,
а только самый любимый.
#3 21 June 2013 - 17:40
А эгер россияда жашагандаргачы?
"Сен таза болсон, мен таза болсом коом да таза болот."
#4 21 June 2013 - 17:52
Мага жагып калган апыртманын ээсине 500 бирдик менден! (Кыргызстандын аймагында жашагандар учун гана).
ой иий ичикий десе ойлонойлу анда )
Жашоо бар жашаш керек,жарык нур кундор керек...
#5 21 June 2013 - 17:52
Мага берилбесе деле апыртып жазып кете берейинчи.
Откондо бир жума уктабай бир чымын менен ойнодум да, анан ал сгерет чеккенди билесинби?" -дейт да. Мен жок, чымыныды чылым кылып чегишти билемин десем. Башыма кан этип бир койсо болобу. Ай апа башым десем, ал "ай жок кундузу ай кечинде чыгат, апан дагы жок, апан кыргызстанда " дейт. Сен кечинде ай чыкканын кайдан билесин десем. "Ай менен мен суйлошомун" да дейт.
-Вай келип-келип ай сени менен суйлошобу десем.
-Ананчы суйлошпой корсун, кундузу болбосо уйку беребеймин да анда ага дейт.
-Анда апамдын кыргызстанда экенин кайдан билесин? десем.
-Апананада кундузу уйку беребеймин да дейт. Анан экообуз ийнеликти тутуп сгерет кылып чектик. Чымын болгону менен бале экен, ийнеликти сиргерт кылып чегишти уйронуп алдым.
аз маз болсо дагы сиздерге кулку жарата алдым деп ойлоймун. Убакыт тардыгына байланышту кыска жазууга туура келди, башка куну коооп жазамын.

#6 21 June 2013 - 18:01
Меники апыртма эмес, чындык (нигимдей). Менин суйлошкон кызым кулагы менен коро алат. Канча жолу ага ишенбей, козун ар кандай кылып танып да кордум, колдорум менен басып да кордум. Кулагына китепти жакындатып эле окуй берет, же айланада эмне болуп жатканын айтып берет. Бирок он кулагы менен эле коро алат.
#8 21 June 2013 - 21:07
мен уктап жатып туш кордум
торговый центрге кире калсам учунчу кабатында ажаткана бар ошол жака чыгып киргени жатсам бир аял келип мына колумдагы жаш баланы кармап турчу мен азыр тез эле чыгам деп кирип кетти ажатканага арадан 10 мунот отту жок, 15 мунот отту жок, 20 мунот отту жоок акыры чыдабай кирдим кирсем ал аял жоок ажаткананын ичинде... анан тан калып полиция болумуно кайрылдым, алар кимдин баласы деп сурап жатты анан мен болгонду токпой чачпай айтып берсем азыр кире бериштеги камераны карайбыз эгерде алдаган болсонуз сизди сурака тартабыз деп мени коркутуп калышты... анан мен коркуп кеттим эмне кылышымды билбей бетиме кан жугурбой калды эми эмне кылам эгерде ал аял камерага тушпой калган болсо деп бир кыжаалат болом озумчо. ошентип камерадан ал аялды мага баласын карматып жатканын табышты, видеосун корсоткондо конулум кичине жаай болду
анан ал аялды полиция кызматкерлери издеп жоношту 5 саат дегенде кайдан жайдан табып алып келишти ал аял дурбулон салып бул менин балам эмес силер адашып жатасынар деп баласын тан албай койду бирок ал аялдын кийингени биринчи аялга окшошбоду бирок бет тузулушу копия болчу, анан ал аял менин озумдун балам бар жолдошуму чакырам азыр баламды алып келип силер менен бетме бет кылам бул бала меники эмес деп айты, акыры жолдошун чакырды баласын алып келди анын баласы бул баладанда жашыраак экен ошондо менин оозум ачылып калды анда бул кимдин баласы деп, полицияларда эгерде бул аял болбосо айла жок баланы ортого коёбуз бала кимге карап кетсе ошол адам алып кетет деп айты, ошентип баланы ортого койду бала мени карап жормолоп келе жатканын коруп бир эсим ооп кайрадан озумо келип бул эмне болгон кызык деп тан калып жаттым дагы деле мени карап ыйлап жормолойт...
.. акыры айлам кетип чыдабай ойгонуп кетсем баары тушум экен
#9 22 June 2013 - 08:07
Бул сынакка такыр тишим отпой койду да тангорруу
Кыргыздын уулу,
Чынгыздын журту,
Манастын урук-тукуму. дегендей бололу калайык!

#10 22 June 2013 - 09:25
Калыгул койчуман койлорун кырга
кайтарды.. Кырга кайтарса кырдын
кYзYрY Калыбек калыгулду
койлорунду кырга кайтарба деп
кыйкырды.. Кантседа Калыгул
Калыбекке кулак какпады...
Каарданган Калыбек Калыгулдун
койлорун кырдан качыра кууду...
Калыгул койлорун кайрадан кырга
кайтарганын койбоду... Калыбек
Калыгулга каардана колундагы
кетменин калыгулдун кекиртегин
каната койуп, коркконунан
кайрадан кырдан калыбек качып
кетти... Калыгул кекиртегинин канаганын кенепда койбоду. Калыгул кекиртегин кармап, канасада капарсыз. кекиртегин
каан кылып койлорун кырда
кайтарды... Калыбек кайра кырга келип, Калыгулдун кекиртегин колуна кармап капарсыз жургонун кордуда, коркуп кетти. Калыгул калыбекке
караганда КОКБЕТ, КЕЖИРкени
Калыбекти канааттандырды. ..
Кийин калыбек кырдан калыгулдун
койлорун куубай калды.... Калыгул
КОКБЕТДА койлорун кырда кооп
коп кайтарды....

Аракеттен -адат
адаттан-муноз
муноздон-тагдыр жаралат
адаттан-муноз
муноздон-тагдыр жаралат
#11 22 June 2013 - 10:03
Ымм... Жакшы,жакшыы.
..
Не всякий козел может испортить настроение,
а только самый любимый.
#13 24 June 2013 - 09:56
жыйынтык качан?
Сен оз эмгегин менен жазда биринчи, тиги Калыгул койчу да кечиресин бирок плагиат, аны мен еще мектепте окуп жургондо окуган элем.
Журоктор ыйманга толсун.
#14 24 June 2013 - 10:53
Менден сиздерге дагы бир апыртма.
Эх жашоо, каймак эээ? Каймактын дагы каймагы, сары майы да. Коптон бери балык тутканы рыбалкага чыга элек болчумун, кечеги иш кунудон баштап ишке барбай коюну чечип рыбалкага бардым. Эх.... дал озум кыялдангандай, болуп башыма уйдогу чон энемден калган эски чилапчинди шилапа кылып башка кийип. Чон атамдан калган чыт койнокту кийип, эн кичинекей инимден калган шортаны кийип, деги эч кимде жок кийимдер менде мода да. Анан эжемден калган уч балонду великти минип. Эшиктин алдыдагы камыштан кайрымакты илип, комузумдун уч кылыны алып бири-бирине улаштырып кайрымакка асып кыз гатов рыбалкага.А баса эчкинин сутунон апам тартып койгон каймакты алганмын, казанга жаппкан нанын кошуп.Рыбалкага сайга барсам суу охо биздин уйго жетейин деп калган балыктар жолдо эле сузуп журот. Эхе пешене барда, жолдун четтине отуруп алып, кайрымактын узун таштап балык тутуп отурдум. Уйдогу улакттын сутун саап алганмын бир бутулкага куюп, чанко бастыга даяр тан кылып. Ошондон уртап коюп отурдум. Омурумдо ошол кундогудой мээ сергип балык туткан эмес болчумун. Анан бир мезгиледе кайрымагым кыймылдайт, колум титиреп балык тушкондо кайрымакка, айла таппай аран кармадым десенер. Аран кармаган балык дагы жон балык эмес экен, болгондо дагы кумуш балык экен. Жомоктон, мутфилимьден алтын балык тушконун корчу элем, бирок кумуш балык тушоорун билбейт элем. Оозум бир самга аааааааааааа деп ачылып калса болобу, корсо ал кумуш балык алтын балыктын эгизи экен. Адамча суйлоп жалдырайт тобо. Тушумбу онумбу деп мен турамын элейип. Озумо келгинчек кумуш балык кой бер деп жалдырайт. Анан не бересин дедим мен дагы баякы алтын балык эсимме тушуп кетип. Ал мен алтын балык эмесмин кумуш балыкмын мен болгону бир гана тилек аткара аламын, тиле бир тилек менден дейт. Анан бир самга ойлонуп туруп, бир тилек болсо дагы тилейин деп, жазды суйгон жаным, ар дайым бизде жаз болсун деп тилеп салдым. Сон ошол замат жаз болуп, бак-дарактар гул ачып, жадырап жайнап жайдан жазга отуп калса болобу. Жашоо кандай керемет, кандай соонун ээ? Ошол бойдон жай, куз, кыш келбей койду биз тарапка. Мен болсо жыргал жашоодо жаз мезгилинде ушул жашыма чейин жыргап жашап журомун. Эх эй корсо жашоо каймак, эмес сары майдан толтого отуптур. Мындан аркы жашоо эми толто болотко эх соонун. Бирок бир кун толтого дагы тоемунго, анда кандай болот экен а? Дагы амалын табарбыз.

#15 24 June 2013 - 10:53
Дары чөп
Ал бир күнү андагы мал-келин жоктоп, тойторуп койгону таңга маал тоого чыгып, жаратылышка суктанып, аркайган аскаларга, мөңгү баскан чокуларга көз тикти. О, тирүүчүлүк кандай керемет! Негедир шылдыраган булактын көк кашка суусу өзүнө тартып, андан ичкени эми колун сууга салганда:
- Мен жүрөк ооруга дарымын,- деген үн угулду.
Ал уккан кулагына ишенбей, колун суудан алууну да унутуп, ошол бойдон эсин жыя албай туруп калды.
- Мен жүрөк ооруга дарымын, - деген үн кайра кайталанды.
Сунулган колун тартып,башын көтөрүп, жака-белин карады. Эч ким тургай, жандуудан эч нерсе көрүнбөйт.Таң калган ал кайра булактан суу сузуп, колун жууп, жүзүн чайкап жатканда:
- Мен жүрөк ооруга дарымын, –деген үн жана кайталанса болобу, тооба!
Желп эткен жел жок туруп эле булактын көзүнөн эки кадамдай нарыдагы бир гүлдөгөн чөп кыймылдап туруп, ошол жанагы үндү чыгарып жатканын көрүп, оозу ачылып калды...
- Мен жүрөк ооруга дарымын...
Бул сөздөрдү ошол чөп айтып жатканын даана угуп, ага толук ишенди..
Анын оюна илгери бир уккан афсана кеп эсине түштү. Ал сөз атагы ашкан Улукман аттуу дарыгер туурасында эле. Ошол урматы ашкан улуу Улукман табып тоо аралап басабы,же түздө жүрөбү, дары чөптөрдүн баары ага башын ийишип: «Улукман аким, мен паланча ооруга дарымын, мен түгүнчө ооруга дарымын»,- дешип, үн салып турат дешчү. Анан ал ошол чөптөрдү топтоп, ооруларга берип, айыкпас кеселдердин «мына өлөт, ана өлөт» дегендерин да айыктырып жиберчү экен деп, даңгаза кеп салышчу.
Бул андан бетер таң калды. Же бир бирде-экиде табыпчылык кылбаса, алтургай, чөптөрдүн аттарын тоолук болгону себеп итабар эле билгенине карабастан, алар кайсы ооруга дары экенине көңүл деле бурбаган болсо,минтип аян берилиши неден экенине айран-таң! Акырында анчада барып, акылын пештеп, кайра алиги чөпкө назар салса, дагы деле, башын ага карай ийип:
- Мен жүрөк ооруга дарымын! – дегенин кайталап жатыптыр...
Ошондо жакын эле коңшусунун жүрөгүм деп,даттанып жүргөнү эсине келди. Эсине келери менен сүйүнүп, жинди болгон кишидей тигил чөпкө суроо бере кетти.
- Чын эле жүрөк ооруга дарысыңбы? – деп сурады ал.
- Ооба. Жүрөк ооруга дарымын! – деди чөптүн өзүнөн чыккансыган үн. Андан да «ооба» дегендей ишарат кылып, ага башын ийип, ыргалып койгондогусуна не дейсиң! Ага ушул жетиштүү болду. Ал чөптү жандуу немеден бетер абайлап, акырын сабагынан сыныдырып алды да, нан салган баштыгына салды. Чөптөн үн чыккан жок. Көздөп чыккан малы да эстен чыгып, үйгө карай шашты. Бардык ою жүрөгү оорусу бар коңшусунда болду.
«Бир сообуна калайын байкуштун! ..»
Жолду жол катар ушундай жакшы тилек менен үйүнө келди.
Үйгө кирери менен аялы тосо чыгып, тигинин көздөп чыккан малы туурасында суроо узатты эле, ал ага жооп берүүнү ордуна:
- Коңшунун абалы кандай? – деп кайра өзүнө суроо берди.
- Деги тынчылыкпы? Аны неге сурадың? Бүгүн кайра абалы баштагыдан оорлоп калды дешти го, ошол бойдон эле төшөктө жатат...
- Ага тоодон дары чөп таап келдим...
Аялы ага таң кала карады.«Бу, качантан бери сен дары чөп тапкыч болуп калгансың?.. » деген суроо менен кошо анын жүзүнөн таң калуунун белгиси даана байкалып турду.
Аялына ал болгон окуяны толук баяндап да берип, ага алиги чөптү да көрсөткөнгө үлгүрдү. Күйөөсүнүн колундагы дары деген чөптүн гүлү «кийик от» деп аталчу чөптүн гүлүнө өтө эле окшош болгону менен анын сөңгөгү жана жалбырактары ага такыр окшобойт эле.
- Муну кантип пайдаланылат? –деди аялы күйөөсүнө.
Күйөөсү бул суроого күймөнө түштү. Анын жөн-жайын сурабаганын кара!
Анан кайра эле:
- Кайнатып, суусун ичет болуш керек го?.. – деди күйөөсү болжолдуу. – Анан муну таңып коймок беле?
- Ошенсе да... Өзүнөн бир ооз сурачы, мунуңду ал киши ичкенге макул болот бекен?
- Чын эле... Кой мен кирип, учурашып, ала-абалын сурап анан, ага айтып көрөйүн.
Ал коңшусунун үйүнө кирип, саламдашып, ооруп жатканын көрүп, анан сөз баштады:
- Кандайсыз анан? Дагы кармап калдыбы? Доктур-покдурга көрүндүңүзбү?
- Э ошол доктурдан да көңүлүм калды. Ийне менен денемди тешкенден башка, пайдасы жок өңдөнөт... Анын үстүнө жаш улгайып, мага да кезек келген окшойт.
- Коюңуз, жарыктык! Кудай шыпаасын берсе, куландан соо болуп кетесиз.
- Ай ким билет? Илешкен бул оору алып тына тургандай сезилип калды...
- И баса, мен бүгүн тоого чыгып, баягы өзүңүз билген «Күмүш-Булактан» бир укмушка жолугуп келдим...
Ушинтип, ал сөздү алыстан баштады.
-Я де? Ал кандай укмуш экен?
Ал сейрек сакаланын бириндетип, көзүнүн алды шишимик тартып турган жүзүн бери бар аз бурганда, тигил болгон окуяны баштан аяк төкпөй-чачпай айтып берди.
- Койчу! Чын эле: «Мен жүрөк ооруга дарымын» - деп, ошол чөп адамча сүйлөдүбү? Оорулуу ишенер ишенбесин билбей ушинтип сурады. Ишенбейин десе, коңшусунун андай «ала качма» өнөрүн түк уккан эмес. Ишенейин десе, адамдын акылы жетпеген укмушту айтып турду коңшусу.
- Анан атайын сизди эстеп, каалсаңыз пайдаланып, кайнатып ичип көрөсүзбү деп бир түбүн сындырып ала келдим эле.
- Андай сыйкырлуу немени пайдаланбай коюунун өзү чоң күнөөдүр, коңшу. Балким, Жараткан өзү шыпаасын сен аркылуу жөнөтүп жаткандыр... Ичсе, ичип көрөйүн. Жакпаса, дегеле бир бутум гөрдө турган соң, бала-чака, тууган-урукту кыйнабай нары жүрүп кетермин... - деди ал.
-Коюңуз, жарыктык... Анда жөн-ак коёлу. .. Аны так билбеген соң... Же мен бирде-экиде табыпчылык кылбаган болсом...
-Жо-жоок. Менин эле өлгүм келип турат дейсиңби? – ал араң жылмайган болду – А эми аргасыздан айтылган кеп да...Алып кел. Тобокел, жакшылыкка жооруп, ичип көрөйүн. Ажеп эмес, шыпаа болуп кетсе...
Ошентип, антип-минткинче кеч да кирип, көз байланып калганда, ал чөптү кайнаттырып, чай сыяктуу ичип алды.
Эртеси эртең менен кечээ эле көрпө-төшөк болуп жаткан коңшусунун короосунда малына кашек салып жүргөнүн көрүп, кубанган неме:
- А коңшу, ассалому алейкум?! Денсоолук жакшы окшойт го, чамамда, кудай каалап... – деди тиги айбанынан үн салып.
- О валейкума вассалому, ырахмат, коңшу! Оорумун дабасы табылды окшойт. Сен алып келген дары чөп чын эле сыйкырдын сыйкыры белем...
Ал бери басып, бул нары басып, экөөнүн короосунун ортосуна тартылган зым торго жакын келишти да кол алышып учурашкан соң:
-Тигини ичкен соң,түндө даң катып уктапмын. Эртең менен турсам, кудай бетин көрсөтпө, жаман тердеген экенмин, өтмө катарыма өтүп, жамынган жамынчым менен астымдагы төшөгүм былчылдап, кийимдерим болсо, сыгып алма суу...Анан эле куштай жеңилдеп, ордуман лып деп тура кеткениме өзүм да таң калып, басып жүрөм.
- Шыпаа тапкан экенсиз... Ошо айтамда... Жөн чөп адамча сүйлөмөк эмес деп.
- Сага чоң ырахамат!
- Мага неге ырахмат. Чөптүн өзү айтып турса... менин алып келгеним эле болбосо, оболу Кудайдан да, - деди чөптү алып келген мактанычын жашыргандай түр көрөсөтүп.
- Оболу го Кудайдан дечи, анан калса сен чоң себепчи болуп турбайсыңбы. .. – деди коңшусу барбаңдап.- Күндө канча жолудан ичип турсам экен?
-Ой, анысын мен кайдан билем? Быягын өзүңүз билиңиз. Менин табыпчылыгым ушуга чейин эле, - деди тамашалап, чөп алып келген коңшусу.
Ошентип, экөө тең жакшы маанай менен өз-өз тиричилиги менен алпурушуп кеттишти.
Бирок... бирок, ошондон үч күн өтүп өтпөй коңшусунун үйүнөн чуу чыкты. Баягы жүрөк оорулуу коңшусу ааламдан өтүптүр...
* * *
Аны жерге бергенден кийин үчүлүгү өткөн соң, анын эсине баягы чөп кылт эте кайра түштү. Түштү да тоого карай, баягы булакка түз эле жөнөдү. «Ал чөп эми табылар бекен? Ай, ким билет?» деген эки анжы ой башынан кетпей баратты.Булакка жуп жете келгенде эле, дагы баягы үн угулду.
- Мен жүрөк ооруга дарымын!..
Ал элеңдей карады. Баягы өзү сындырып алган чөптүн ордунан бир аз гана сол тарабында, дал ошондой чөп ыргалып, үн салып туруптур. Ал анын жанына барды.
- Мен жүрөк ооруга дарымын... – чөп кайра тааныш сөзүн кайталады.
- Чын эле жүрөк ооруга дарысыңбы? –деп сурады ал.
- Ооба, жүрөк ооруга дарымын,- деди чөп.
- Менин коңшум сендей чөптү кайнатып ичкен менен жүрөк оорусунан өлүп калды го?.. – деди ал. Коңшусун ушул чөптөн кайтыш болгонуна толук көзү жетпесе деле догурунмай пендечилигине салып. Анткени, ошол оору коңшусунун өлүмүнө өзүнүн да күнөөсү бар сыяктанып, кыжалат болуп жүргөнү чын эле.
- Мен жүрөк ооруга дарымын. – деди чөп – Ажалга дары боло албайм. Ажалдын дарысы жок...
Анан бир аз үн чыгарбай туруп, кайрадан:
- Маркумду кудай ырахматы кылсын! Адамдын өлүмү кандай аянычтуу...
Ошенткен соң, чөп бир аз ыргалып койду эле, анын үстүндөгү бир чоң тамчы шүүдүрүм мөлт эте жерге кулап түштү.
23.06.2013-жыл.

Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#16 24 June 2013 - 11:29
Эх, Барс агай! Чыгарманызга соз жок. Мага окшогондор уйрончук экенин ушинтип эле козго сайып корсотуп коесуз да. Азаматсыз!
Рахмат.
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#17 24 June 2013 - 11:49
Сен оз эмгегин менен жазда биринчи, тиги Калыгул койчу да кечиресин бирок плагиат, аны мен еще мектепте окуп жургондо окуган элем.
бул жактан 1-орун алам деп умут деле кылган жокмун жон гана жазып койдум... Деги мен не жазсамеле плагиат дейбересинерби? Муну чын эле мектеп маалында уккансызбы же суперстанда оюн кулку тамашада бирдей тамга деген темадан окугансызбы? Жакшылап эстеп корунузчу. Анткени, ошол темага да жалан К дан башталганы учун жазган болчумун
Аракеттен -адат
адаттан-муноз
муноздон-тагдыр жаралат
адаттан-муноз
муноздон-тагдыр жаралат
#18 24 June 2013 - 11:54
бул жактан 1-орун алам деп умут деле кылган жокмун жон гана жазып койдум... Деги мен не жазсамеле плагиат дейбересинерби?
Муну чын эле мектеп маалында уккансызбы же суперстанда оюн кулку тамашада бирдей тамга деген темадан окугансызбы?
Жакшылап эстеп корунузчу. Анткени, ошол темага да жалан К дан башталганы учун жазган болчумун
Кайдан угуп коргон болсомда бул жерде менимче ар ким оз эмгегинен апыртмаларды жазыш керек болсо керек... мага го барибир каалаганын жаза бер
Журоктор ыйманга толсун.
#19 24 June 2013 - 11:54

#20 24 June 2013 - 11:56
Кайдан угуп коргон болсомда бул жерде менимче ар ким оз эмгегинен апыртмаларды жазыш керек болсо керек... мага го барибир каалаганын жаза бер
ошол темага мен жазгандан кийин менин эмгегим болбой кимдики болот?
Аракеттен -адат
адаттан-муноз
муноздон-тагдыр жаралат
адаттан-муноз
муноздон-тагдыр жаралат

Супер-Инфо
super.kg
видео