Суперстан: "Ээсин тапкан эски дептер" - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (10 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

"Ээсин тапкан эски дептер" Белгисиз форумчунун дептери.

#121 Пользователь офлайн   belka.kg   05 Июнь 2013 - 04:45

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 610
  • Катталган: 04 Август 12
  • Соңку аракети: 09 Сен 2024 04:08
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Москва

Таланттыныз оркундой берсин.сизге ийгилик каалайм.Ырларынызга соз жок супер.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#122 Пользователь офлайн   aruuzat88   05 Июнь 2013 - 14:50

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 472
  • Катталган: 16 Апрель 13
  • Соңку аракети: 14 Янв 2022 22:57
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ыйык" Кааба "Медине.

Дагы,дагы коп,коп жазып турунуз.Калеминиз курчуй берсин демекчимин.
СЕН УШУНЧАЛЫК ЖАКШЫ АДАМ БОЛГУН,
ЖАДА КАЛСА ДУШМАНЫҢ ДА ДУШМАН БОЛГОНУНА ӨКҮНСҮН.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#123 Пользователь офлайн   Kg.lady   05 Июнь 2013 - 21:45

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 7 580
  • Катталган: 26 Январь 13
  • Соңку аракети: 17 Фев 2025 13:10
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ак монгулуу Ала-тоо

Просмотр сообщения Basmachy111 (29 Май 2013 - 19:54) жазган:

Ушул акындын чачы, кудуровуй окшойт а?
Ырды кыйын жазат да дайым.

Пушкинге окшоп дейспи)))))

Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.

Байдылда Сарногоев
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#124 Пользователь офлайн   ayildik_kiz   05 Июнь 2013 - 22:53

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 423
  • Катталган: 23 Май 12
  • Соңку аракети: 07 Дек 2016 21:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бейиштин тору...

Просмотр сообщения Likvidator (26 Май 2013 - 19:51) жазган:

СУПЕР ЖАЙЫТ.

Ушундай мен катталган Супер-жайыт,
Соз менен алдым окшойт бир аз сайып.
Тушунбой кек сактаса кээ бироолор,
Кетемби дейм бул жайыттан болуп кайып. :)


качан толук вариантын окуйм деп жаттым эле , кошумчасы сонун жазылыптыр Сүрөт
Бактылуу- омур жок,бактылуу кундор гана болот!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#125 Пользователь офлайн   Likvidator   24 Июнь 2013 - 13:28

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 136
  • Катталган: 26 Август 11
  • Соңку аракети: 17 Окт 2023 19:39
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

Өзгөрүлдү бул дүйнө,
Жаңы заман, жаңы адам.
Келечекке умтулган,
Жаңы ой, жаңы кадам.

Тирүүлүктү каптаган,
Реал дүйнө, вирт дүйнө.
Убакытка уттурган,
Интернет деген ар үйдө.

Адамга жаңы жүз берген,
Интернет айдың, талаасы.
Реалдан алыстап барат,
Кызы дагы, баласы.

Сүйүп көңүл жайланган,
Виртуалдуу гүл берсе.
Кызгануу виртке айланган,
Таң калтырат бул нерсе.

Түшүнө албай бул "net`ти"
Ойлоно албай башым маң.
Вирт келечек көрүнбөйт,
Каптагандай бопбоз чаң.

Билдирүүнү түзөткөн: Gupa: 25 Июнь 2013 - 09:33

Мне наплевать на тех кто уходить из моей жизни.Я найду замену каждому! Зато тех кто остается я люблю больше жизни !
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#126 Пользователь офлайн   Likvidator   24 Июнь 2013 - 13:30

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 136
  • Катталган: 26 Август 11
  • Соңку аракети: 17 Окт 2023 19:39
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

Угуп жатам, карап турам көз көрүп.
Неге, жаным, баратасың өзгөрүп?
Мени айыптап алыстоону айтасың,
Өз чачыңды өргөн сымал сөз өрүп.

Балким, өзүң байкабайсың өзүңдү.
Байкабайсың өзгөрүлгөн сөзүңдү.
Өзгөргөнүн бир гана мен байкадым,
Мен байкадым карап туруп көзүңдү.

Билдирүүнү түзөткөн: Gupa: 25 Июнь 2013 - 09:39

Мне наплевать на тех кто уходить из моей жизни.Я найду замену каждому! Зато тех кто остается я люблю больше жизни !
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#127 Пользователь офлайн   Likvidator   24 Июнь 2013 - 13:34

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 136
  • Катталган: 26 Август 11
  • Соңку аракети: 17 Окт 2023 19:39
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

Айласыздан башкага жар болорсуң,
Бакыт кушум, башка туурга конорсуң.
Турмуш деген татаал тагдыр жолунда
Гүлдөй жайнап же гүлдөбөй соолорсуң.
Жок, соолуба... Сен гүл болуп жайнагын.
Музга айланба, күн нурундай кайнагын.
Гүлүн төккөн кез келет бул дүйнөдө,
Ошондо сен бала-мөмө байлагын.

Билдирүүнү түзөткөн: Gupa: 25 Июнь 2013 - 09:42

Мне наплевать на тех кто уходить из моей жизни.Я найду замену каждому! Зато тех кто остается я люблю больше жизни !
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#128 Пользователь офлайн   Likvidator   24 Июнь 2013 - 13:36

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 136
  • Катталган: 26 Август 11
  • Соңку аракети: 17 Окт 2023 19:39
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

Көп ойлонуп чечтим бүгүн баарысын,
Сени эми коё берем, кармабайм.
Таарынбайм да, сагынбайм да мен эми
Жаман сөз да, жакшы сөз да арнабайм.

Сулуу бийкеч, бир болсо да көчөбүз,
Бет келишсек учурашпай өтөбүз.
Жүрөктөрдө сезимдердин жоктугун,
Сулуу бийкеч, түшүндүк да экөөбүз.

Билдирүүнү түзөткөн: Gupa: 25 Июнь 2013 - 09:45

Мне наплевать на тех кто уходить из моей жизни.Я найду замену каждому! Зато тех кто остается я люблю больше жизни !
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#129 Пользователь офлайн   shazi   24 Июнь 2013 - 18:10

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 187
  • Катталган: 15 Февраль 13
  • Соңку аракети: 22 Апр 2016 16:30
  • Жынысы:Аялзаты

Тема ачылып жаңы ырларыңызды окуп жатканыма кубанычтамын. Жазган ар бир ырыңыздын мааниси терең, жүрөкө жетет.Калемиңиз курчуй берсин.

Смысл жизни улыбка мамы.
.

Хочу чтобы те люди, которых я люблю, были счастливее всех на свете. Они этого достойны!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#130 Пользователь офлайн   AtankulovaB   24 Июнь 2013 - 23:54

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 399
  • Катталган: 29 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 29 Июл 2013 19:29
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Мекеним Кыргызстан

Менде кубанычтамын, мындан аары дагы көөп ырларды жарата бериңиз. Талантыңызга таазим!
"Сен таза болсон мен таза болсом, коом дагы таза болот."
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#131 Пользователь офлайн   tabyshmak   26 Июнь 2013 - 10:29

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 904
  • Катталган: 21 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 20 Апр 2023 17:05
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Суперстан

«Ликвидатор менен Табышмак»



Биз экөөбүз эгиз өскөн өрүктөйбүз,

Бирин-бири таяп өскөн жөлөктөйбүз.

Тамырыбыз бирин-бири коё бербей,

Байланабыз, жибек чачтай өрүлөбүз.



Биз экөөбүз эгиз өскөн өрүктөйбүз,

Бутак жайсак кенен болор көлөкөбүз.

Аруу, таза сезим менен сыр түгөнбөй,

Күнү-түнү шыбыраша күбүрөйбүз.



Биз экөөбүз эгиз өскөн өрүктөйбүз,

Бирдей бүрдөп, бир мезгилде гүлдөйбүз.

Жалбырактар жашылданып өз кезинде

Бутагыбыз ийилгенче мөмөлөйбүз.

Билдирүүнү түзөткөн: Gupa: 27 Июнь 2013 - 10:21

Жалдырап жолун тосуп келем сенин,
Жанымдын жарымы бол жан эрмегим.
Жаштыгым озунду энсеп отуп барат,
Жалгызым кайдасын сен, издетпегин.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#132 Пользователь офлайн   Likvidator   27 Июнь 2013 - 21:29

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 136
  • Катталган: 26 Август 11
  • Соңку аракети: 17 Окт 2023 19:39
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

Жылмайдым мен эстеп жаштык кезимди,
Өткөн күндү эске салды сүрөттөр.
Жалбырттатып өчүп калган сезимди,
Эске түштү бал татыган мүнөттөр.

Ак жүзүңдөн күн нурлары чачырап,
Жаркылдайсың, жаным, ушул сүрөттө.
Бул элестер түбөлүккө сакталган,
Жашайсың сен сүрөттө да, жүрөктө.

Билдирүүнү түзөткөн: Gupa: 28 Июнь 2013 - 15:08

Мне наплевать на тех кто уходить из моей жизни.Я найду замену каждому! Зато тех кто остается я люблю больше жизни !
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#133 Пользователь офлайн   patma.mahmud-kyzy   01 Июль 2013 - 17:59

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 814
  • Катталган: 06 Февраль 13
  • Соңку аракети: 15 Янв 2022 12:50
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Екатеринбург

Байке дагы жаны ыр кутуп жатамын, калеминиз курчуй берсин, талантыныз оркундоп осо берсин. Ар дайым бар болунуз. Талантынызга таазим! Сүрөт ыр саптар.

Билдирүүнү түзөткөн: patma.mahmud-kyzy: 01 Июль 2013 - 17:59

"Сен таза болсон, мен таза болсом коом да таза болот."
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#134 Пользователь офлайн   Likvidator   03 Июль 2013 - 00:12

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 136
  • Катталган: 26 Август 11
  • Соңку аракети: 17 Окт 2023 19:39
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

Өмүр жолум эңкейишке бурулуп,
Чуркап барат арттан чаңы чуурулуп.
Жапжаш туруп ой сазына батканмын,
Алпурушам, чыгалбаймын суурулуп.

Билдирүүнү түзөткөн: Gupa: 03 Июль 2013 - 16:01

Мне наплевать на тех кто уходить из моей жизни.Я найду замену каждому! Зато тех кто остается я люблю больше жизни !
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#135 Пользователь офлайн   Gupa   03 Июль 2013 - 16:02

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 087
  • Катталган: 10 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 30 Дек 2021 14:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:БИШКЕК - Ош

Просмотр сообщения Likvidator (03 Июль 2013 - 00:12) жазган:

Өмүр жолум эңкейишке бурулуп,
Чуркап барат арттан чаңы чуурулуп.
Жапжаш туруп ой сазына батканмын,
Алпурушам, чыгалбаймын суурулуп.


Жакты
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#136 Пользователь офлайн   Likvidator   04 Июль 2013 - 23:38

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 136
  • Катталган: 26 Август 11
  • Соңку аракети: 17 Окт 2023 19:39
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

Кантип жашайм мен өзүңдү сагынбай,
Жалындаган сезимиме багынбай?
Капысынан кездешүүгө чакырсаң,
Коё албаймын жолугууга камынбай.

Кантип жашайм сүйүү жытын жыттабай,
Алкымыңдан жыттап коюу - бул таалай.
Менден кетсең элесиңди таштай кет,
Элесиңсиз коёмун мен уктабай.

Кантип жашайм мен өзүңдү көрбөстөн,
Насибимди сени менен бөлбөстөн?
Махабатка жооп кылсаң "сүйөм" деп,
Кылымдарды жашап салам өлбөстөн.

Билдирүүнү түзөткөн: Gupa: 05 Июль 2013 - 15:35

Мне наплевать на тех кто уходить из моей жизни.Я найду замену каждому! Зато тех кто остается я люблю больше жизни !
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#137 Пользователь офлайн   Likvidator   15 Июль 2013 - 22:44

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 136
  • Катталган: 26 Август 11
  • Соңку аракети: 17 Окт 2023 19:39
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

Сысыры (USSR) акамдин стили жана колдоосу менен жаралган бир сап. :)




Көөдөндү көр тирилик ээлеп алып,
Кыялдар... Үмүттөрүм... Мен аларды ээрчибей...
Кайра алар мени ээрчиген көлөкөмдөй артта калып.
Турмуш мага өчөшкөнсүп улам-улам буттан чалып.
Мүдүрүлөм... Күч топтоп турамын да...
Өмүрүмдүн аягына жетүү үчүн жол улаймын башымды жерге салып.

Билдирүүнү түзөткөн: Gupa: 16 Июль 2013 - 10:44

Мне наплевать на тех кто уходить из моей жизни.Я найду замену каждому! Зато тех кто остается я люблю больше жизни !
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#138 Пользователь офлайн   tabyshmak   15 Июль 2013 - 23:04

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 904
  • Катталган: 21 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 20 Апр 2023 17:05
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Суперстан

Колдо калем, ак баракка чиймелейм,

Жан эргиткен асыл создон термелейм.

Сен жонундо суйуу ырын жазбасам,

Кирпик кагып, бир да козум ирмебейм...


Жалдырап жолун тосуп келем сенин,
Жанымдын жарымы бол жан эрмегим.
Жаштыгым озунду энсеп отуп барат,
Жалгызым кайдасын сен, издетпегин.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#139 Пользователь офлайн   Likvidator   20 Июль 2013 - 23:01

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 136
  • Катталган: 26 Август 11
  • Соңку аракети: 17 Окт 2023 19:39
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

Ф о р у м д а г ы "сынчыларга" СЫН.

Элестет! Тигинин сын айтканын,

Башкасынын сынды кабыл алганын.

Жакшы созду жазып бири мактаса,

Экинчиси жакалуу тон жапканын.

Жаман созду жазып бири таштаса,

Экинчиси кабанаактай капканын.

Виртте дагы кошоматчы болушуп,

Кээ бирлери вирт чындыктан качканын.
Мне наплевать на тех кто уходить из моей жизни.Я найду замену каждому! Зато тех кто остается я люблю больше жизни !
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#140 Пользователь офлайн   aruuzat88   24 Июль 2013 - 01:16

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 472
  • Катталган: 16 Апрель 13
  • Соңку аракети: 14 Янв 2022 22:57
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ыйык" Кааба "Медине.

:гезит: Жалгыздык деген ырыныз аябай жакты,талантыныз ташкындап аша берсин.
СЕН УШУНЧАЛЫК ЖАКШЫ АДАМ БОЛГУН,
ЖАДА КАЛСА ДУШМАНЫҢ ДА ДУШМАН БОЛГОНУНА ӨКҮНСҮН.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (10 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 2 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 2, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 23 Июн 2025 17:36

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: