
- Бактыгүл, жакында турмуш жолуна аттаныптырсың, куш бооң бек болсун! Жолдошуң менен тааныштырасың да ээ?
- Албетте тааныштырам, жолдошумдун аты Алмаз. Бишкек шаарында төрөлүп-өскөн, үй-бүлөдө эки бир тууган. Кесиби - дипломат, бизнесмен, өтө билимдүү адам. Экөөбүздүн жашыбыздын айырмасы сегиз жыл. Турмуштун оор-жеңилин, ачуу-таттуусун мага караганда көбүрөөк көрүп калган үчүнбү, жарым сөздөн баарын түшүнөт. Бир чети бул анын тубаса зиректиги деп билем. Кыскасы, аял катары абдан бактылуумун десем көз тийбес.
- Жолдошуңуз жүрөгүңүздү кайсы сапаттары менен багындырып алды экен?
- Мен бала кезден адамдагы жөнөкөйлүктү баалайм. Анан да эс тарткандан мырзалардын токтоо, акылдуу, түшүнүктүү, сүйлөгөн сөзү орундуу болушу керек деп эсептечүмүн. Кудайга шүгүр, мындай сапаттардын баары менин жолдошумда бар. Кыскасы, ал мен үчүн идеалдуу адам.
- Жолдошуңуз сизди таланттуу адам катары колдойбу, деги эле чыгармачылыкка кандай көз карашта?
- Үйдүн ээси, күйөө катары мурдагыдай той, корпоративдик кечелерге ырдаганга албетте тыюу салды. Бул биротоло чыгармачылыкты токтот дегендик эмес, кеч калба, убагында үйдө бол деген эле күйөөлүк талап. Ал эми “үй-бүлөлүк зарылдыктардан колуң бошосо, жакшы ырларды жарат, клип тарттырып чоң сахнага чык, мындай чыгармачылыкты мен да колдойм. Анткени, сенин ырларың жаккан өз угармандарың бар» деп уруксат берген.
- Учурда сиз үчүн биринчи кезекте үй-бүлө турабы же карьерабы?
- Албетте, аялзаты үчүн баарынан үй-бүлө бийик турат. Эгерде жолдошум «ырдаба» десе, ырдабай деле койгонго даярмын. Бирок, Алмаз майда-чүйдө пенделик пастыктардан жогору турган, түшүнүгү терең адам болгондуктан, ырдашыма каршы эмес. Анан да жолдошум камкор, бардык нерсеге табити мыкты адам. Анан да дээринен эле Алмаздын элге жеке турмушту жарыя кылганды жактыра бербеген, бардык нерсеге этиет, олуттуу мамиле кылган сапаты бар.
- Учурда үйдө ким лидер?
- Биздин кичинекей мамлекеттин падышасы - жолдошум. Алмаздын менден бир тепкичке жогору турушу өзүмө да жагат. Үй-бүлөдө эркек лидер болсо гана бекем үй-бүлө курулат деп ойлойм. Биз Ислам дининин эрежелери менен жашайбыз, динде аял жолдошунун сөзүн эки кылбоосу керек деп айтылган. Эгер жолдошум бирдемени «жок, болбойт» дедиби, ал маселе ошол боюнча кайра козголбойт, анын айтканы мыйзам.
- Динге болгон көз карашыңыздар жакшы го ээ?
- Жолдошум дайыма жума намазга барат. Менин туугандарымдын айрымдары беш убак намаз окушат. Буюрса, алдыда Алмаз экөөбүз да намазга жыгылууга ниетибиз бар.
- Жаңы келин катары кайнене-кайнатаңызга кандай кызмат кылып жатасыз? Алардын кесиптери эмне?
- Менин жашоом менен ажырагыс бүтүндүккө айланган бул кымбат адамдарымды «кайнене, кайната» дебейм, алар менин атам, апам. Атам – генерал, апам – бухгалтер. Билимдүү, түшүнүктүү адамдар, ушундай адамдарга келин болгонума кудайга ыраазымын. Өзгөчө кайненемди өз апама окшоштурам. Себеби, экөө тең боорукер, мээримдүү, түшүнүктүү, акылдуу аялзаты. Ал эми кайын-журтума кызмат кылуу жагын айтсам, колумдан келгенин кылып жатам.
- Сизди турмушка узатып апаңыздын ичи ачышкан жокпу?
- Эми кыздын бараар жери күйөө эмеспи? Апам азыр жолдошумду күйөө баладай эмес, өз баласындай көрөт. Ошондуктан, ичи ачышпаса деле керек. Биз да бат-баттан сагынычыбызды таратып барып турабыз.
- Турмушка чыкканыңызды уккан күйөрмандарыңыз телефон чалып тынчыңызды алган жокпу? Жолдошуңуз кызганчаак эмеспи?
- Андай чалууларга жол бербегенге башынан эле аракет кылып, номеримди бат-бат алмаштырып турамын. Телефондук чалууларсыз эле жолдошума кызганганга себеп жок. Анткени, Алмаз менин кайда жүргөнүмдү, эмне кылып жатканымды жакшы билет. Ыр жаздырганга же телеге тартылганга барсам, дайыма жанымда болот. Эң негизгиси, биз бири-бирибизге ишенебиз.
- Сизди таң калтырган сюрпризи болду беле?
- Сюрприздерди кылып эле жүрөт. Аялзатына эң кымбат гүл болушу керек, муну эске алып быйыл туулган күнүмө чет өлкөдөн атайын голландиянын роза гүлүнөн миң бир даана алып келип белек кылган. Гүл үйгө батпай, жарымын салонго алып келип араң батырганбыз. Гүлдөр бир жумадай соолубай жыты аңкып турду. Албетте, бул сюрпризи мен үчүн абдан жагымдуу болгон.
- Адатта угармандар ырчыларды жумуш кыла албаган ак кол деп ойлошот эмеспи, ашканада кандай кожойке болдуңуз?
- Мыкты кожойке болуу аял затынын парзы болуу керек, мен да мыкты кожойке болгонго аракет кылып жатам. Жолдошум тез даярдалуучу жарым фабрикат тамактарды такыр жебейт. Ошондуктан чүчпарадан тартып бардык тамактарды колго жасап берем. Жолдошум мени менен жаңы таанышканда мени эч нерсе кылганды билбейт деп ойлоптур (күлүп). Экөөбүз үйлөнгөндөн кийин тамак жасап жүргөнүмдү көрүп «сен да тамак жасаганды билесиңби?» деп таң калганын жашырган эмес. Жолдошум мени мыкты кожойке катары тандаган эмес, ички дүйнөмдү, адамдык сапаттарымды жактырып алган.
- Бактыгүл, эми артка бир саресеп салсак кантет? Суунун башаты, үйдүн пайдубалы болгондой, ар бир адамдын өмүр жолунун балалыктан башталган чыйыры бар го. Сиздин өмүр кантип чыгармачылык менен байланышып калды?
- Баарыбызда балалык, анан ошондон баштап түптөлгөн тилектер болот эмеспи. Мен да тилим чыгып баштагандан баштап эле плойканы же дезодоранттын сыртын, айтор, микрофонго окшош буюм колума тийсе эле кармап алып ырдап, келечекте ырчы болууну кыялданчумун. Беш жашка чыкканымда апам мени комуз ийримине алып барды. Бирок, алар “сегиз жаштан баштап кабыл алабыз” деп баш тартышты. Апам да айтканынан кайтпай, «жок, азыр эле кабыл алсаңар өкүнбөйсүңөр» деп мугалимдерди ынандырып, кудай жалгап мени кабыл алышты. Апам да муглимдерге уят болбоюн дечү беле билбейм, «черткенди жакшылап үйрөн» деп бир бөлмөгө киргизип коёр эле. Ошентип таңдан кечке кыңгыратып комуз чертип олтуруп менден мурун келген кыздардан алдыга озуп кеттим. Мектепте да конкурстарга калбай катышып, айтор, жаным жай алчу эмес. Бош боло калсам үйдөгү короо толгон гүлдөрдү көрүүчүлөрүм деп кыялданып гүл аралап ырдап жүрө берчүмүн. Негедир апам комузга берип, мектепте ырдаба деп тыйбаган менен ырчы болушумду каалачу эмес.
Биринчи жолу он сегиз жашымда үйдө олтуруп «Кайдасың» аттуу ырымдын сөзүн, обонун жазып койдум, ошол ырым менен чоң сахнага чыгып кеттим. Мына буйруса, сахнага чыкканыма сегиз жылдын жүзү болуп калды. Комузду балалык кезимде жакшы үйрөнгөм, кийинчерээк көп чертпей калып, азыр “Кербезим” деген гана күү эсимде калды.
- Ишкер айым катары да бир топ ийгиликке жетишип калдыңыз, салонду өз күчүңүз менен ачтыңызбы?
- Албетте, салонду биринчиден Жараткандын жардамы менен, экинчиден, өз эмгегим менен ачкам, азыр да иштетем. Жалпы 30 адам эмгектенет, профессионалдуу адистер иштейт. Кардарларыбыз кудайга шүгүр арбын, алардын арасында белгилүү жылдыздар, саясатчы айымдар, мырзалар да бар. Биздин кардарларга сиздердин гезит аркылуу ыраазычылык билдире кетейин.
- “Эркеле-2” деген салон ачууну да пландап жатыптырсыз?
- Кудай буюрса, ал тууралуу алдыдагы пландарымда бар. Баары Жараткандын колунда. Биз аракет гана кылышыбыз керек, учурда аракет кылып жатам.
Динара Чокоева