Тууганың канат болот учаарыңа,
Бел болот өргө умтулуп басаарыңа.
"Туугандын топурагы алтын"-дешет,
Андыктан айтаарым бул балдарыма.
Улууңду кичүүң сыйла кыя баспай,
Жакын жок бул дүйнөдө уялаштай,
Бирдиктүү, ынтымактуу жашагыла,
Ар кимиң өз тапканың жыя качпай.
Бирдиктүү, ынтымактуу тууган болсо,
Калтырбайт бирин-бири ара жолго.
Улуунун ар бир сөзүн ыйык тутса,
Туугандын туугандыгы мына ошондо.
Жандай чаап,тең талашып жакшылыкта,
Ортоктош болуп жүрүп жакшы ашка.
Кокустан кырсык басса-- жамандыкта,
Жыйрылып , терс бурулуп нары баспа.
Сүйөнбө сылык сөздүү душманыңа,
Алданып кыянаттык кылганыңа.
Алмашпа тууруңдагы тууганыңды
"Бакыт"
деп убактылуу мансабыңа.
Жамандан оорубасын жүрөгүңөр,
Ар дайым орундалсын тилегиңер.
Өркөнүң өргө карай өсө берсин,
Бирңдн-бириң болуп тирегиңер.
Алымжан Токтосунов)
А.Токтосунов. Бириңе-бириң тирек бол.
#2 08 June 2013 - 23:31
Даана айтылган керемет создор.....
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#3 09 June 2013 - 01:18
Азыр бир туугандарда жат болуп баратат....негедир.
...
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#5 13 June 2013 - 11:10
Азыркы замандын бир туугандарына арналган ыр экен,алтын создор.
Чоку болот тоолордун бийик жери,
Чокудай бол кыргыздын жигиттери!
Чокудай бол кыргыздын жигиттери!
#7 30 June 2013 - 11:35
Туура,тируу болгондо мындан да жакшы далай чыгарма жаратмак.Эми ушул ырларын окуган уул кыздарыбызга таасири тийсе атам тируу деп эсептейм
Унутпа ата-энеңдин кадыр -баркын,
Аларга эч тең келбейт каухар-алтын.
Аларга эч тең келбейт каухар-алтын.
#8 16 February 2016 - 12:32
Муну ыркы жок бир туугандар окуса деле озуно билинбейт болуш керек (.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
#9 16 February 2016 - 12:34
Туура,тируу болгондо мындан да жакшы далай чыгарма жаратмак.Эми ушул ырларын окуган уул кыздарыбызга таасири тийсе атам тируу деп эсептейм
Атаныздын калган ырларын да ушул темага топтоп койсонуз?
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!

Супер-Инфо
super.kg
видео













