Анёң! Корей дорамалары жана кинолорун талкуулайбыз Мага окшоп "ооругандар" барбы?
#581 01 Июль 2013 - 18:39
Смысл жизни улыбка мамы.
.
Хочу чтобы те люди, которых я люблю, были счастливее всех на свете. Они этого достойны!
#582 02 Июль 2013 - 11:16
kokjar92 (01 Июль 2013 - 18:36) жазган:
Мен да арам оюмда Айристеги Ли Бен Хон менен Ким Тхе Хини көрөм деп ойлогом, экинчи бөлүгүндө. Фанаттар үчүн өтө чоң кайгы болду, албетте...))) Башкы ролго тандалган актердук курам жакты, бирок баары бир алгачкы бөлүккө тырмакчалык жеткен жок. Негизи тартпай деле коюшса болмок экен, ошончо энергияны коротуп!
shazi (01 Июль 2013 - 18:39) жазган:
Менимче, бул Ли Мин Хонун карьерасынын башатында тартылган дорама болсо керек эле, же андай эмеспи? Мен көргөн эмесмин. Ли Мин Хо албетте, "Мыкты жигиттерден" кийин жылдызы жанган корей актерлорунун бири. Мага "Personal taste" ("Жеке табит") менен "City hunter" ("Шаардык мергенчи" ) дорамалары аябай жаккан. Бирок соңку тартылган "Faith" ("Ишеним" ) анча купулума толбой калды, ортосуна келген чейин бойдон калып кеткен. Бир күн чыгынып, аягына чыгып коюшум керек эле...(((
Жеңиш - менин тагдырым.
#583 02 Июль 2013 - 11:37
adalsvards (02 Июль 2013 - 08:16) жазган:
Айрис 1,озу эн мыкты боевик тасма. Адальс,туура айтасын,2-син тартпай эле коюшса болмок экен,корбодум, окшошбой койду.
кто лучше нас, им просто не до нас.
#584 02 Июль 2013 - 13:41
"First think then speak."
#585 02 Июль 2013 - 14:10
#586 02 Июль 2013 - 14:14
adalsvards (02 Июль 2013 - 14:10) жазган:
Ооба. Эски кино ото эле. Жетим кыз анан ырчы жигит да болсо керек эле. Азыр ошол кинонун саундтрегин угуп алып кайра коруп чыксамбы деген ой келди мага.

"First think then speak."
#587 02 Июль 2013 - 14:17
kipchak (02 Июль 2013 - 14:14) жазган:

ЭстедимШ...))) Чачы момундай анимэдеги каармандарга окшош ээ? Ар жеринен тоңгон муз чыгып турган сыяктуу, анан гелденген!

Сүйчүмүн да, ошол ырчысын, калп айтпасам, Ачидей, мотосу да бар беле, ыя?
Жеңиш - менин тагдырым.
#588 02 Июль 2013 - 14:46
adalsvards (02 Июль 2013 - 14:17) жазган:

Сүйчүмүн да, ошол ырчысын, калп айтпасам, Ачидей, мотосу да бар беле, ыя?
Эсимде жок жакшы......мотосу жок болсо керек эле....
.
Билдирүүнү түзөткөн: kipchak: 02 Июль 2013 - 14:47
"First think then speak."
#589 02 Июль 2013 - 15:06
#590 02 Июль 2013 - 15:41
adalsvards (02 Июль 2013 - 11:17) жазган:

Сүйчүмүн да, ошол ырчысын, калп айтпасам, Ачидей, мотосу да бар беле, ыя?
Жоок мотосу жок. Байдын баласы ырчы болот Минхи. Мен көргөнмүн өзбекчесин таң атканча уктабай " Калбим чечаги" деп.Жетим кыз дизайнер болот. Аябай сонун кино го мага жагат, кайра кайра көрө берем. Аягы өзүнчө эле романтика. Ыры да ваащее класс.
Смысл жизни улыбка мамы.
.
Хочу чтобы те люди, которых я люблю, были счастливее всех на свете. Они этого достойны!
#591 02 Июль 2013 - 15:49
Смысл жизни улыбка мамы.
.
Хочу чтобы те люди, которых я люблю, были счастливее всех на свете. Они этого достойны!
#592 02 Июль 2013 - 15:52
shazi (02 Июль 2013 - 15:41) жазган:
Эстегендей болуп жатам, бирок тасманын бүт маңызы түк эсиме келбей жатат. Минхи?.. Минхи-и-и... Точно, ушул эс алуу күндөрү көрүп чыгам...)))
shazi (02 Июль 2013 - 15:49) жазган:
"Коизора" ... Бул япондордуку болсо керек эле? Мектеп окуучуларынын сүйүүсүбү?
Жеңиш - менин тагдырым.
#593 02 Июль 2013 - 16:53
adalsvards (02 Июль 2013 - 12:52) жазган:
"Коизора" ... Бул япондордуку болсо керек эле? Мектеп окуучуларынын сүйүүсүбү?
Хе хе ооба япондор таркан экен, көзү жымшык чачы узун болсо эле корей дамага . Адаштырыпмын.

Смысл жизни улыбка мамы.
.
Хочу чтобы те люди, которых я люблю, были счастливее всех на свете. Они этого достойны!
#594 02 Июль 2013 - 17:04
shazi (02 Июль 2013 - 16:53) жазган:

интернетте бир тест бар болчу, кыскасы, алардын ичинен кытай, япон менен корейлерди айырмалоо боюнча, 15 сүрөттүн ичинен 1 ката табылган, менден... мактанычтыр, бирок чын, жымшыктарды да ажыратса болот, айрыкча сыртка чыкканда, "чайниииз" дейверишет, шүмшүктөр!

"Коизорага" келсек, режиссер - кичинесинде сүрөтчү болсо керек дей берем, анткени башкы каарман кыздын мектепке бара жаткандагы картиналар, эсте каларлык, анан жигити менен барган жайлары, айрыкча дарыянын жанындагы чоң даракчы... хм, улуттук кимонолорун кийип алып, кайсы бир майрамга барышкан кадрлар да жагат... баарынан да кыздын баласын жоготуп алгандыгы, аны карга жашырышдык дешкендери, ал жерге кол кап алып келишкендери. .. ай, билбейм, жакшы тартылганы үчүн жакшы эсимде калгандыр...

Жеңиш - менин тагдырым.
#595 02 Июль 2013 - 17:40
#596 02 Июль 2013 - 17:58
detective (02 Июль 2013 - 17:40) жазган:
Ушул Монстарга эч эле кызыга албай койдум. Же тиги кыз мага өтө эле чудачка көрүнүп жатабы, жалаң койлор менен жашагынычы? ..

Гыня болсо, былтыркы "Сүйүү жамгырынан" ("Love rain") кийин тартыла элек. Жакшы аткарган ушул дорамада, айрыкча кийинки муундагы ролун, фотограф болупчу?.. Негизи мен Гыняны "Ымыркай жана мен" ("Baby and me") фильминен кийин жактырып калгам. Берилип ойногону, түрдүү ролдорго кире билгендиги, жаш туруп, көп ийгиликтерди багындырганы, Азиянын ханзаадасы деген статусту ээлегени үчүн сыйласам керек. Ым, дагы Гынянын "Мэ Ри, түнү менен кайда жүрдүң?" ("Мary stayed out all night"), "Сен кереметсиң" (ANJell: You're beautiful) дорамалары, "Сен менин үй жандыгымсың" ("You're my pet") деген киносун көргөм. "Мэ Ри" деги көчөдө калган бомждой кийинүү стили, чачын карап эле жыргай берчүмүн, кийин "Энжеллде" тиги чочко менен коёнду бириктирип, өзүнчө оюнчук жасап алат го, яман каткыргам...

Айтмакчы, Гыня япон жана англис тилдерин эне тилиндей жакшы билет, негизи эле кандай мактоо болсо да, ал чындап эле, баарына татыктуу! !!

Жеңиш - менин тагдырым.
#597 03 Июль 2013 - 20:53



#598 04 Июль 2013 - 03:49
#600 04 Июль 2013 - 09:14
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.