Жалкоолукту женсе болот. Ачык эле суйлошсун. Иштеп коп акча тапканын бетке кармабай эле.....мындай эле суйлошсо куйоосу тушуноор.
Эгер аял эркектен көп акча тапса... Эркектин намысына тиеби?
#42 02 July 2013 - 15:15
,Бирде жигит жоо журот бирде жигит тоо минет дейт.Сабыр да керек да.сабыр кылып канагат кылып турса турмушунда коп нерсени утат да .Кайненесине бир жолу кийим кылып ошону оор коруп суйлогону ал келиндин ким экени билинип турат.Ал энеге кийим кылса ракматын алат бетине айтпаса да раазы болду да.Эне раазы куда раазы деген кеп бар го.Бугун кайненесине кандай сый корсотсо.эртеге баласынан ошондой сый урмат корот.ошон учун мен кийим кылдым деп бир нерсени умут кылбаш керек...Дунуйо бир кундо курулбайт кудага шугур ишинер бар экен.акырындык менен ынтымак болсо бардыгы болот.Акча менден аз таптын.кеч келдин.ач келдин деп отурса турмуш бузулат..Журогу ооруп,конул калат.Конул жоолук эмес жууп койсо кири кетип калгандай.анан дагы айланайын кандайсын,келегой ,ичегой деген жаркылдаган бироого жолукса шарт качып кетет.Анан эрим качты деген тема ачылат.Ошон учун кыздарым сабырдуу болуп акылдулулук менен,аялдык жароокерлигинер менен буга окшогон нерсенерди озунор эле чечип алсанар болот.
#43 02 July 2013 - 16:51
Бир куну жумуштан чыгып тамактанууга барып калсам. Коптон бери суйлошо элек курбума жолугуп калдым. Ал акыбалын сурап олтуруп, армандарыбызды айта кеттик. Курбумдун проблемасы жолдошу экоо тен окшош жумушта иштеген менен ага караганда эки эсе аз акча таап келет экен. Курбум айтуусу мындай; " уйдун арендасына акча жетпей калганда бут толойм. Куйом мага окшоп берилип иштебейт. Кээде олтуруп футбол коруп аткан болот, такыр тын эмес чоюлуп эле журо берет. Карыздарын тологондон тажап буттум. Кайненем коноко келгенде башынан бутуна чейин кийим алып бердим. Ошентсе да жактырышпагандай мамиле кылды. Озум апамдай коруп иштен чарчап келгенде ысык тамагын жесем дейм бирок мамилеси муздак, бир жолу ишке чыкпай уктап калсам дароо кызына жамандап кирди. Эмне кылсам, стресске кирип кеттим " дейт. Курбум чындыгында каттуу озун аябай тынбай иштейт. Баласын нянкага берип тан атпай туруп кетет. Акчаны жакшы табат, болгону куйосун эч озгорто албай койгондо. Ар турдуу жолдорду коруптур. Иштебей олтуруп да алыптыр. Анда деле баарибир экен. Карызга батып кетишиптир.
Ал да башка аялдардай эс алып куосунун тапканын ичип жеп олтурганды энсеп келет.
Мындайда эмне кылса болот. Канткенде курбум уй булосундо оз каалагандай болуп жашайт? Куйосу бири бирин суйот бирок кеп экоонун барабар акча табалбашында. Куйосунун жоопкерчисиздигинде.
Мындайда эмне кылса болот. Канткенде курбум уй булосундо оз каалагандай болуп жашайт? Куйосу бири бирин суйот бирок кеп экоонун барабар акча табалбашында. Куйосунун жоопкерчисиздигинде.
бул деле бир характерге киретта кантип ондойт андай адамды нарагынан болбой атса андай адамдарды оор артилерия же тепсе тегеренбес деп коё беле
#44 02 July 2013 - 21:34
azir andaylar toltura orusiada ayrikcha ayaldar kuyosunon kop tapkandar orusiada ayimdarga jumuw kop chygat negedir
#45 02 July 2013 - 21:48
Аял көп тапса эмне экен,эң негизгиси,биримдик,
ынтымак керек.
Биз өз өлкөбүздө гана бактылуу боло алабыз!
#46 03 July 2013 - 17:31
oyyo, jook iwteim deisiner, iwtetse kuioomdon kop akcha tabam deisiner, uido otur dese dagy byltyiasynar, kuuduldar aitmakchy bir kyzyktai kalksynar da ayaldar))) tamasha
ооооо шорттуку десе!
#47 03 July 2013 - 18:21
Окшош "Эркек киши аялдан азыраак акча тапса" темасы менен бириктирилди.
belosnejka1 , курбуңуздун окуясын бул темадан айтып берсеңер деле болот.
belosnejka1 , курбуңуздун окуясын бул темадан айтып берсеңер деле болот.
#48 04 July 2013 - 09:02
Аял киши коп чырпына берсе, тез эле карып кетет да. Ошондуктан эркек киши да аракетчил болуш керек. Аялын ишке салып озу футбол коруп олтура бербей чыгып кыймылдаш керек.
Кыргыз качан төшөктө жатып өлчү эле!
#49 04 July 2013 - 10:02
Аял кишинин орду уйдо.Балага тарбия берип,куйоосу иштен тамагын даярдап турганы жакшыго.Куйоосу "лох"болсо, анда айла жок..
.
#50 04 July 2013 - 11:47
Альфонс болуп жашагандар коп эле,андай эркек омуру жыргатпайт жана дальше онолуп кетпейт,омур бою багып журуп отот. Конгон адат калабы дегендей жалкоо эркек акыр аягына чейин ошондой болот.
Никогда не путай мой характер с моим отношением.
Мой характер зависит от меня, а мое отношение - от твоего поведения.
#51 10 July 2013 - 09:51
Анын емнеси бар экен менин жубайым мага караганда 10000ге кобуроок табат бирок мен коп табам деп эчкачан милдет кылбайт ,кантсе да бир уйбулобуз бири бирибизди туура тушунобуз
#52 23 November 2013 - 00:26
"Гендердик теңдик, шартка жараша..."
дегенибиз менен айрым маселелер өз актуалдуулугунан тайбай келгени келген. Мисалы, аял- эркек канчалык тең укуктуу заманда жашаганыбыз менен үйдө эркек кожоюндугун сактап, ар бирибиздин аң-сезимибизде кожоюн үйбүлөлүк капчыктын негизги толтуруучусу болуусу зарыл деген ой сакталып келет. Чын эле бул маселенин тамырын чубап отурсаң, аягына кагаз бети жетпесе керек.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#53 23 November 2013 - 00:27
Айрым аялдар күйөөсүнүн айлыгы эч нерсеге жетпей аткандыгын айтып, даттанып отурганын көрүп эле жүрбөйбүзбү.
Албетте, ар биринин ар башкача себептери бар дечи. Өзгөчө бүгүнкү экономикалык оор абалды, жумушсуздукту эске алганда. Бирок , ар бир аялзатында анын өмүрлүк жары "аракет кылсаң берекет" деген накыл кепти тастыктай аларына ишеними болушу керек.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#54 23 November 2013 - 00:28
Кантип эркекти жетиштүү акча табууга үндөсө болот? o Биринчиден,
курбуңуздун күйөөсү көп акча таап атканын мисал кылып, мээсин "жей" берүү туура эмес. Бул жазда жаңы бут кийим алууга акча бере албай аткандыгын да кайра-кайра эскертип, долулана берүү менен анын жинине тийип алышыңыз мүмкүн. "Жинине тийип" дегеним, эркек адам жаратылышынан ошондой экен. Адистердин айтымында, көп учурда өз дарегине нааразычылык уккан аял оңолууга аракет кылса, эркек тескерисинче,
кыжыры келип, артка ченине берүүгө жөндөмдүү келет тура. o Маал-маалы менен аракет кылса анын колунан көп нерсе келээрин айтып туруңуз. Дайыма наалый берүү эркекти чүнчүтөт. Бат эле моралдык жактан өзүн төмөндөтүп,
өзүн дүйнөдөгү эң жолсуз адам эсептеп калат. Мындай жорук менен эркекти психологиялык жактан талкалап, бөтөлкөгө өзүңүз кууп киришиңиз мүмкүн. o Өзүңүздүн айлыгыңыз аныкынан көп экенин кайра-кайра айта берүү туура эмес. o Тиричиликке керектүү нерсенин баарын өзүңүздүн акчаңызга сатып ала берүүдөн качыңыз. Мындай учурда эркек анын акчасы сизге кереги жоктой сезет да, аны табуунун да кажети калбагандай бошоңдой түшөт. o Акча маселесине байланыштуу маселелерди эркектин мойнуна коюңуз. Эркектин "башын оорутуудан"
коркуп, өзүңүз чече берсеңиз, андан да катуу баш ооруга кабыласыз. o Акча жетишпей аткан учурда дагы аял кишинин кошумча жумушта иштебей эле койгону жакшы. Андан көрө балдардын жанында болууга аракет кылыңыз.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#55 23 November 2013 - 00:29
"Этке акча жеткен жок!" Күнүмдүк тиричиликке,
тамак-ашка акчанын тартыш болуп жатканын кожоюнга эртелеп билдирип туруу зарыл. Муну тамактан баштаса болот. Мисалы, 2-3 күн катары менен картөшкө, гречка, күрүч сыяктуу азыктардан этсиз тамак жасай берсеңиз, жолдошуңуз сөзсүз эттүү- майлуу тамак талап кылары талашсыз. Дал ошол маалда кабак-кашты бүркөбөй туруп, өткөн жумада базарга барганыңызда,
канчалык үнөмдөгөнүңүз менен этке акча жетпей калганын айтып коюңуз.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#56 23 November 2013 - 00:30
Бизнесине көмөктөш бол Эгерде жолдошуңуз бизнес баштагысы келсе, сөзсүз сиз да кызыкдар экениңизди билдирип, колдоо көрсөткөнгө аракет кылыңыз. "Ал сенин колуңдан келбейт" десеңиз, сиз тараптан өтө чоң ката кетет. Адамдын колунан келбей турган нерсе жок. Циркте бийлеген аюуларды эстесеңиз, буга толугу менен ишенесиз. Андан көрө ишкердикти баштоо жолдору жөнүндө ар тараптан маалымат алып, аны да кабардар кылууга умтулуңуз. Жаңы идеялар пайда болсо, экөөлөп талкуулаган дагы жакшы жемишин берет. Ишинде жардамчысы болуп, чечим кабыл алууда үйбүлө капчыгына пайда алып келчү жагына бурууга үндөп туруңуз. Эскерте кетчү нерсе, акыркы, чечүүчү сөз эч качан сиз тараптан болбосун. Анткени ал бизнести өзү башкарып атканын сезсин. Тагыраак айтканда, ошентип ойлосун.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#57 23 November 2013 - 00:31
Эркек оз уй-булосун камсыздоосу керек. Бирок, азыр биздин олкодо аялдардын базар, дукон, кенсе, баардык жерде иштеп жаткандары окундурот.
Важно не то, кем тебя считают...
Важно - кто ты на самом деле
Важно - кто ты на самом деле
#58 23 November 2013 - 00:31
Аялзатынын амалдарынан Акча жоктугун айтып ыйлай бергенден көрө бир нече айла-амалды колдонуу жемиштүүрөк болот. Мисалы, күнүмдүк жашоодо жайдары жүргөн, ачык адам болсоңуз, күндөрдүн биринде эле бүркөлгөн күндөй маанайыңыз чөгүп калышы керек. Муну байкаган эркек сөзсүз абалыңызга кызыкдар болот. Ошондо "жаным, бүгүн дүкөндөн бир шакек көрдүм. Мен өмүр бою эңсеп жүргөн шакек экен. Ансыз деле сен мага баардыгын алып берүүгө аракеттенип атасың дечи... Муну таналбайм...
Мен жөн эле, көңүл бурба..." деп коюңуз. Мындан кийин эгер жолдошуңуз чындап сиздин маанайыңыздын көтөрүлүшүн каалабаса, сөзсүз акча табат. Каалооңуз аткарылгандан кийин кубанычтын туу чокусунда экениңизди билдирип, аны бир нече күн мактай жүрүңүз. Көбүнчө жоро- жолдошторунун арасында.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#59 23 November 2013 - 00:32
Шарт түзүп берүү керек: Акча табуу үчүн эмне керек? Албетте, мээни иштетүү зарыл. Ал эми мээнин иштешине шарт түзүлүшү керек. Ал шартты жубай түзөт. Даамдуу тамак жасап берип, үйдө эс ала турган жагдай тартуулап, жан дүйнөсүнө сүңгүп, керек болсо төшөк маселесинде дагы ойдогудай аял болууга аркет кылышы керек. Анткени аракетсиз ыйлап отурган аялга караганда, биз жогоруда айткан шарттарды түзгөн аялдын сөзү эркектин мээсине эртерек жетээри маалым.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#60 23 November 2013 - 00:35
Кычыраган ак көйнөк: Дагы бир маанилүү нерсе, жолдошуңуздун сырткы келбетине кам көрүңүз. Жакшы жерде иштеп, чоң ийгиликке жетүүгө адамга сырткы турпаты дагы бир топ жардам берет. Мисалы, жаңы ишке орношууда жетекчилик жынсычан адамга караганда көйнөгүнүн жакасы дайым таза, шымынын кыры кычырап үтүктөлгөн эркекке көбүрөк көңүл бурарында талаш жок.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!

Супер-Инфо
super.kg
видео


















