Бул эжекенин бир-эки чыгармаларын окуган элем,чыгармалары бири-бирине окшош.
Айгүл Шаршен кызы деген ким?
#82 23 May 2013 - 14:51
Коптогон чыгармалары адамга тарбиялык маани бере албайт. Адамды тарбияга ундобойт.
#83 24 May 2013 - 01:25
Эже озунун жашоосунан алып,кошуналарын прототип кылып эле жаза берет.анан да бир каарманы баян башында Мурат болсо,орто жеринде Турат,аяк жагында Барат аттуу каарман.окуяны СССР кезинен баштаса да,Мерседес,
Джип минип жургон башкарма,парторг кылып суроттойт.дал келбеген коп фактылар кездешет.бирок анысына карабай окуп салам,унутам.
эч кандай таасир калтырбайт,
аттин...кайран козум деп коём анан.хэ,хэ
#84 03 June 2013 - 06:26
Эже озунун жашоосунан алып,кошуналарын прототип кылып эле жаза берет.анан да бир каарманы баян башында Мурат болсо,орто жеринде Турат,аяк жагында Барат аттуу каарман.окуяны СССР кезинен баштаса да,Мерседес,
Джип минип жургон башкарма,парторг кылып суроттойт.дал келбеген коп фактылар кездешет.бирок анысына карабай окуп салам,унутам.
эч кандай таасир калтырбайт,
аттин...кайран козум деп коём анан.хэ,хэ
Хи,хи,хи,Менда ушул эженин чыгармаларына окусам деле эч тойбоймда доширак жегендей болуп,окуганым же жуксачы бир айдан сон унтуп калам,же темасын, же маанисин..... ..Бирок окуй берем,окуй берем,козумдун майын коротуп......
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#85 03 June 2013 - 07:44
Доширакка салыштыруу таамай болгон экен
Contra vim mortis non est medicamen in hortis
#86 04 June 2013 - 00:30
кандай эже болсода, чыгармалары жакшы эмес азыр эжекелер да анын китептерин окубагыла дешет адамды кайра бузат, бузукулук, арак, ойноштук деги койчу бир грамм жакшы нерсе жок...
Журоктор ыйманга толсун.
#87 03 July 2013 - 16:56
Айгул Шаршендин кооп эле китептерин окугам.башы жакшы эле башталат ортосунан башталат ажырашуу.ойнош кутуу негизи ушундай темада го баардык китептери.
#90 07 July 2013 - 19:25
Баардык чыгармалары бири-бирине окшош.Баягы эле атын очкур арактан баштап ажырашып ал да жакшы сразу эле бироого жабыштыра коёт да гулдой жашап калат..аягы как всегда хеппи энд менен бутот.Тошок кумары деген китебин окуп алып тан аткыча уктаган эмесмин конул айланып.....
#91 07 July 2013 - 19:29
"Коз ирмемде бир омур"-чыгармасында жакшылыгын жазгансып арак ичкенин эле жаза бериптир го, берген интервьюсунда бир уул эки кызым бар дейт (Жалалабатка таштаган балдарын жазышты абжем унтуп калган окшойт)Озу айтмакчы батиринде китеп жазып олтурса жанагы кошуналары келип арактан ичип алып кайра китепти уланта берсе керек да
#92 07 July 2013 - 21:14
Ошол киши Жанызак байке эмес бекен ал киши ошентип алымча кошумчасын кошот экен деп бир гезетадан окуганым бар эле.Кантсе да пайшамба чыгарып калган жондому бар да. Баарынар эле ото сынчы болуп кетипсер да, ар кимдин оюн айтканга акылуу, бирок элдер алып окуп атышат да жаккан учун окушат.Жазуучуларга тен келбесе да элге бат таанылды эмнеге? Анткени жашоонун ачуу чындыгын жаза алгандыгында.
Азыр заман ошондой, элдер да ошондой заман талабы.Дагы жаны чыгармаларын кутуп окуй беребиз.Жакпагандарга окубай эле койгула.Кана азыркы калемгер жазуучуларыбыздын китептери, тапайсын кайсы сайттан табарынды да билбейсин.Айгул эже коп коп чыгарма жарата бериниз.
#93 07 July 2013 - 23:59
азыркы учурдун жазуучусу десек жанылышпайбыз,
негизи азыркы чыгып жаткан китептердин 100 пайызын болбосо дагы 70 80пайызын Айгуль Шаршен жазып жатат, маанилерине келсек ото жакшы, укмуш деп айталбайм,бирок кобунчо жашоодон алып жазат,окуусан кызыктуу эле
#94 28 November 2013 - 11:14
Кайран Айгул шаршен кызынын чыгармасына кор болгон кыргыз аялдары.Мунун чыгармаларынан урпактарыбыздын колуна тийсе АТАЛАРЫБЫЗ МЕНЕН АПАЛАРЫБЫЗ кандай наадан болушкан деп тан калып тарс жыгылар бекен.Биз бала кезде Кыз сайкал ,Жаныл мырза эжелерибизге суктанып,Айчурок эжебиздей сулуу,Акыл карачач эжелерибиздей акылдуу болгубуз келер эле...
Бул аялзаты турмуштан алат дейсинер,эмне турмуш ушунчалык ыпласпы?Каалабасан окуба дешинер мумкун туура окубагам автору ким экенин билбей баштап алып аягына чыгарып окуп журогум ооруп турат.Кор болгон кыргыз аялдарына журогум ооруп турат.Окуп буткончо аялдардын баары акмак болуп калганбы деген ойго келдим.Эркек киши жазса мынчалык капа болбосом керек эле.Биздин акылдуу аялдарыбыз, бала учун жаштыгын берип,жесирлике башын байлап жашаган энелер кайда калды.Уйум жайым,бала чакам деп корбогон кордукту корсо да турмуш менен курошуп жашаган аялдардын карааны кайда калды.Суйууго турукту алганы менен омур бойу ак жашап,так жашаган келинчектердин абройу кайда калды.Биздин келечектеги урпактар эмес азыркы жашаган карыялар окуса да.АА азыр жаштар ошондой,илгерки биздин заман кайда дешери бышык.Аял болуп туруп аялдардын образын асмандан алып калп эле эротика чыгарып койгонуна наразымын.Мен созумдун акырында БИЗДИН КЫЗДАРуятуу, абийирлуу,тарбия коргон,ата энесин сыйлаган,кыргыз элин урмат кылган кыздарыбыз коп .Мен ушуга ишенем.
Бул аялзаты турмуштан алат дейсинер,эмне турмуш ушунчалык ыпласпы?Каалабасан окуба дешинер мумкун туура окубагам автору ким экенин билбей баштап алып аягына чыгарып окуп журогум ооруп турат.Кор болгон кыргыз аялдарына журогум ооруп турат.Окуп буткончо аялдардын баары акмак болуп калганбы деген ойго келдим.Эркек киши жазса мынчалык капа болбосом керек эле.Биздин акылдуу аялдарыбыз, бала учун жаштыгын берип,жесирлике башын байлап жашаган энелер кайда калды.Уйум жайым,бала чакам деп корбогон кордукту корсо да турмуш менен курошуп жашаган аялдардын карааны кайда калды.Суйууго турукту алганы менен омур бойу ак жашап,так жашаган келинчектердин абройу кайда калды.Биздин келечектеги урпактар эмес азыркы жашаган карыялар окуса да.АА азыр жаштар ошондой,илгерки биздин заман кайда дешери бышык.Аял болуп туруп аялдардын образын асмандан алып калп эле эротика чыгарып койгонуна наразымын.Мен созумдун акырында БИЗДИН КЫЗДАРуятуу, абийирлуу,тарбия коргон,ата энесин сыйлаган,кыргыз элин урмат кылган кыздарыбыз коп .Мен ушуга ишенем.
#97 28 November 2013 - 12:24
Жөө жомок. Дал келбей калган учурлары көп кездешет.
Жаш эле 40-45тердеги эже экен десем, чоң эле балпайган байбиче турбайбы? Анан жанагы "Тынымсыз кумарды" кантип жазды дейм да. Жазуучу эмес окурман уялып кетет го
Жаш эле 40-45тердеги эже экен десем, чоң эле балпайган байбиче турбайбы? Анан жанагы "Тынымсыз кумарды" кантип жазды дейм да. Жазуучу эмес окурман уялып кетет го
”Адам көөнү ~ эң назик айнек идиш,
Абайла, зирек кармап, сындырбай ич.”
(Жусуп Баласагын)
Абайла, зирек кармап, сындырбай ич.”
(Жусуп Баласагын)
#98 28 November 2013 - 16:45
мага жакпай калды сехсти дана аралаштырып коёт анан фантастика коб эле адам китеп окуп сабак алат да а бул эженики женил жазылат
#99 30 November 2013 - 04:28
'Айгул Шаршен' десе эле 'тээ илгери' эркек кишини элестете берээр элем.
5-6ай эле болду окшойт Аялзаты экенине ынанганыма.
Бирок кээде кайра эле эркек кишини элестетип иймейим бар.
В каждой шутке есть доля правды...
#100 30 November 2013 - 04:49
Айгүл Шаршен кызынын берген макаласынан :
Кудай берген касиет
Токтогул районунун Өзгөрүш айлынан болом. Бир ата, бир энеден жалгызмын бирок, энелеш, аталаш бир туугандарым бар. 4 кыз, бир эркекпиз. Бары менен катышып турам. Менин 10 жылдык эле билимим бар. Жаш кезимен ыр жазып жүрчүмүн. Ошол эле айылга турмушка чыгып, балалуу болуп, түйшүктүн казанында кайнап, жолдошум менен 18 жыл жашагандан кийин болоор- болбостон ажырашып кеттик. Эки кыз, бир уулум, 6 неберем бар. Бир туугандарым, балдарым менин чыгармачылыгыма түз көз карашта. Уулум да ыр жаза коюп жүрөт. Жолдошум менин жазганыма каршы чыгып, далай кол жазмаларымды айрып, өрттөп салган. Биздин ажырашуунун себеби деле менин жазмакерлигимен келип чыкты. Кийин ал бизге тууганчылыгы бар аялга үйлөнүп кетти. Тагдыр экен, Бишкекке келип ар кандай иштерде иштеп, балдарымды багып жүрдүм. Чыгармачылыктын көрөңгөсү дээримде болгондон кийин кайрадан колума калем кармадым. 1999-жылы "Тагдыр" гезитине "Армандуу махабат" аттуу новеллам чыгып, ошондон адабиятка аралаштым. Андан кийин "Маскачан аял" аттуу детектив жазып, "Махаббат майданы" аттуу гезитке сериал болуп чыкты.
"Маскачан аялдын" биринчи китеби жарыкка чыкканда, Жаныбек Жанызак мени таап. экинчи бөлүгүн мен чыгарайын деп калды. Ошол күндөн бери келишим түзүп, Жаныбек ака менен иштешип келатам. Кудайга шүгүр, минтип 48 китебимди жарыкка чыгарып элге таанытып жатат. Ал киши болбогондо ушунча китепти чыгара алат белем, бир кудай билет. Кээ бирөө "ушунча китеп чыгарды, мунун акчасы көп болуш керек, акчасын кайда чачаарын билбей китеп чыгарып жатат" десе, кээ бири, " ушунча китеп чыгарды, китебин сатып, чириген бай болду болуш керек" дешет. Мени элдер бай деп ойлошот. Албетте баймын, балдарым, неберелерим, өзүм аман-эсен эл ичинде күн өткөрүп жашап жатабыз. Ошол айткандар мен чакан батирде небере багып, тамактанган столдо чыгарма жазып жатканымды билишпейт. Китептен канча акча табасыз деп сурашат. Мен байлыкка жутунбаган адам экенмин. Жаныбек Жанызак китеп чыгарганда гонарар деп 250 китепти колума берет. "Ак көңүлдүн аты арыбайт" дегендей кээсин бекер таратып жиберем. Ошондуктан колума тиээри менен 30-35 сомдон дүңүнөн китеп саткандарга берип салам. Алгандар канчадан сатат аны билбейм. Сатуучулардын айтуусунда китептерим китеп базарында "бомба" болуптур.
Ушунча китептин автору болгонум менен мени эч ким деле тааныбайт. Өзүм деле элге таанылайын деп умтулбайм. Акыркы жылдары Жаныбек Жанызак гезиттерге алпарып чыгартып жүрөт. Мен ал кишиге ыраазымын. Чыгармаларды кантип жазасыз, чыгармадагы каармандардын тагдыры өзүңүздүн тагдырдан алынганбы? -дешип көп сурашат. "Көз ирмемде бир өмүр" аттуу китебимде өзүмдүн тагдырым жазылган, кудай кааласа улантып жазайын деген оюм бар. Калгандары менин тагдырым эмес. Эл арасындагы жүрөк ооруткан же көңүл көкөлөткөн тагдырларды угуп калсам, көңүлүмө түйүп коем. Мен чыгарма жазаарда китептин атын биринчи жазам, ошол темага байланыштуу окуялар өзүнөн -өзү келе берет. Кулагыма бирөө шыбырап айтып турат же ошол окуя жазып жатканда элестеп, баштан аяк көзгө көрүнбөгөн күч жардам берип жатканын сезем. Ооба, мен кудайдын, колдоочулардын, көзгө көрүнбөгөн күчтөрдүн бар экенине ишенем. Түш аркылуу көп аян келет. Боло турган нерсени алдын- ала түшүмдөн көрөм. Бир жолу түшүмдө сыртка чык деп кандайдыр бир күч ойготту. Көрсө, кечинде биздин үйдөн кеткен кайынсиңдим жолдон кырсык болуп каза болгон экен. Мындай аяндар көп.
Мен дүнүйөнү, байлыкты ойлобой, китептерим эл издеп окуган чыгарма болгонуна сүйүнүп жашап келем.
Токтогулдуктар качан ака дешчу эле Аке десениз

Супер-Инфо
super.kg
видео





















