Evelet (04 Июль 2013 - 03:49) жазган:
Хоббиң үчүн кандай гана курмандыктарга барбайсың...

Кайсы бир аалым айткан экен го: "адам 24 саатын туура 3кө бөлүп: биринчи 8 саатын акылын иштетүүгө, экинчи 8 саатын жүрөгүнө жаккан иштерине сарптоого, ал эми калган акыркы 8 саатын экөөнү тең эс алдырууга керектөөсү зарыл" деп... Кандайдыр бир деңгээлде мен ушул эрежеге баш ийип жашайм. Акылым үчүн орточо 8-10 саат коротсом да, уйкунун саатын уурдаймбы, кыскасы, жүрөк каалаган иштеримди күнүмдүк графикке сыйдырууга далалат кылам.
aijan (04 Июль 2013 - 09:14) жазган:
Сизге кандай жанрдагылар жагат? Ошого жараша эң кызыктууларын сунуштайын. .. Ии, анан табит жөнүндө талашпайт дечү беле, андыктан корей толкунунда баары эле эркин сүзүп кете алышпайт...
