... толук кыргыз болуу үчүн тгини кыл муну кыл, тиги же, муну жебе деген чектөө жок. Антип бирөөнүн эркин чектегенге эч кимдин акысы да жок...
Туптуура! кыргыз болуу үчүн эч кандай чектөө жок! Демек, мусулман болгон адам кыпкыргыз бойдон эле калат!...
Исламдын шартына ылайык, дамбал кийип, үстүнө биздин айымдарбыз кийген көйнөк кийүү, башына селде чалынуу шарт, милдет.
Кичине объективдүү болсоң:... жок нерсени эле "милдет" - деп чаптай бербей ... а эгерде "мен ойлоп тапкан жокмун" - дей турган болсоң, сен бул маалыматты туура эмес жерден алгансың... А мен кааласам, белгилүү жерлерди жаап турган шорты кийип алып, калган жерим аппачык жүрө берсем болоорун билем...
"Куранда жазылган, Исламда айтылган" дегендериңдин булактарына шилтеме берип турчу, кайсы жеринде жазылып, кайсы жеринде айтылганын окуп алалы. А эгер далилиң жок болсо, ойго жана оозго келгенди оттой берген дагы кыргыз жигиттин сапатыбы?
Жогорку эки постуңдагыдай эле, өзүңө-өзүң карама-каршы пикир жазган жерлериң четтен табылат... Сен өзүңдүн ким экениңди аныктап, ойлоруңду бир багытка буруп алсаң, сени менен талкуу жүргүзүү дагы кызыктуу болмок... Болбосо эмнени жактап, эмнени чанып жатканың түшүнүксүз. .. бир командага кошулбай эле "футболду мындай ойнойт" - деп топту туш келди тепкилеп жаткандай эле болуп жатат....

Супер-Инфо
super.kg
видео














