кундузу болсода тынч уктаганы мен учун пайда болуп жатат зыяны жок эле
Мен ж-а менин бир туугандарымды чонойткон бешик. Бешик жонундо
#22 14 June 2013 - 10:45
Келечекте мен да балдарымды бешикке бөлөп багам.
Биз өз өлкөбүздө гана бактылуу боло алабыз!
#23 14 June 2013 - 18:09
Wаvе, сиз экообуздун пикирибиз бир экен. Балам бешикке болонбой эле чонойду, ээн-эркин. Озум да... Бешикке болонгон бала ага конуп алса, ансыз уктабай кыйнайт да, ий! Бир эженин бутун кайрып болоп койгон экен, аксап калган...
#24 14 June 2013 - 18:29
Бешик тойдон кийин кызбы, уулбу бир уй булоонуку. Пайдасы абдан коп. Кыргызда бешикке жатпаган бала жок болсо керек. Бешик дегенде эч бир кири жок наристени элестетем. Бешигибиз эч качан жок болбосун.
Баштадыңбы аягына чейин чыгар.
#25 14 June 2013 - 19:27
мен дагы бешике болонуп чоонойгон экенмин жоош элен болоп койсо жата берет элен дешет. бешик аябай жакшы нерсе турбайбы чон кызымды бешиксиз бактым тим боле Москвада бешик жок а кичинекейимди бешик той кылып бешик берди жыргап эле калдым кызым да жыргайт укмуш...
#26 05 July 2013 - 20:17
Мусулман калкы тээ илгерттен колдонуп келишкен, бешик, жел бешик деп. Бешиктин эч кандай зыяны жок. Болгону баланы 2-3сааттан ашык бөлөбөш керек. Бешикке көп жаткырса башынын формасы бузулат. Бешиктин көп пайдасы бар. Бешикке бөлөп койуп иштериңди жасап алсан болот. Бөбөк дагы тынч, булганбай таза эс алат.
Денги и слава приходят и уходят.
Здоровье- самое главное...
Здоровье- самое главное...
#27 06 July 2013 - 00:10
Менин бир досум бар киченекей кезинде бешикке коп жаткырып коюшкан экен ата-энеси.Азыр башын арты жалпак болуп.Тик бурч формасына окшоп кетет.
#28 06 July 2013 - 03:02
Бешикти арчадан жасаш керек!
Это не я плохой, это вы, играя на публику, сильно правильных строите из себя!
#29 06 July 2013 - 03:05
Биз беш бир тууганбыз,баарыбыз бир бешикте чоңойдук... Азыр да биз чоңойгон бешик сакталуу,төрүбүздө!
Бешик тербеткен сонун да,инилеримди бешикте эле чоңойтком,апакем бешикке бөлөп,мени каратып талаага кетчү...
Ошондон калса керек: кичүүлөр сенсиресе,эмне бешигин терметтиң беле деп кагып койгондор! Бешөөбүз тең бешикте чоңойуп,эч кандай зыян көрбөдүк,башыбыз деле жалпак эмес,бутубуз деле кыйшык эмес, шүгүр...
Мен жана менин бир туугандарымды чоңойткон бешикке ыраазыбыз,апакебиздин жеңилин жерден,оорун колдон алгандыгы үчүн!
Бешик тербеткен сонун да,инилеримди бешикте эле чоңойтком,апакем бешикке бөлөп,мени каратып талаага кетчү...
Ошондон калса керек: кичүүлөр сенсиресе,эмне бешигин терметтиң беле деп кагып койгондор! Бешөөбүз тең бешикте чоңойуп,эч кандай зыян көрбөдүк,башыбыз деле жалпак эмес,бутубуз деле кыйшык эмес, шүгүр...
Мен жана менин бир туугандарымды чоңойткон бешикке ыраазыбыз,апакебиздин жеңилин жерден,оорун колдон алгандыгы үчүн!
Эл бар бекен Көк-Жардай,
жигиттери Көк жалдай?!
Күлүп койсо кыздары,
электр шамы жангандай...
)))
#30 14 July 2013 - 14:39
Алдей айтып, наристени ак бешикке бөлөө бул биздин каада-салтыбыз да ата -бабаларыбыздан калган каада-салт. Бала бешикке жатабы жатпайбы сөзсүз түрдө бешик той берип, бешикке бөлөшөт. Демек бешиктин пайдаса көп ошол себеп, сөзсүз балага бешик той берип бешикке бөлөшөт да. Бешик ар бир балага пайдалуу да өзгөчөсү эгиздерге. Элесетиңиз эгиздерди бешикке бөлөмөюнча,
эс алуу абадан кыйын. Сөзсүз бир жардамчы болуш керек, тилекке карышы ар дайым жардамчы боло бербейт да азыркы заманда болсо да, мурунку замандарда боло бербеген. Ошол кырдалда бешик энеге чоң жардамчы го деп ойлойм. Менда бешикте жатып чоңойгонмун,
бирок ыйлап көп жатпайт экен элем.
"Сен таза болсон, мен таза болсом коом да таза болот."
#32 16 July 2013 - 16:29
Кыргыздар илгертен эле балдарын бешикке бөлөп чоңойтушкан.
Бекеринен бешик ырлары жаралбаса керек."Бешик баласы-- бек баласы деп коюшат.Себеби бешикте жаткан бала таза, бектин баласындай тың болот деп коюшат.Мен балдарымын баарын эле бешикке бөлөп бактым.Эч кандай зыянын деле көрбөдүм.Бешиктин зыяны болсо кыргыздан дүйнөнү дүңгүрөткөн Чынгыз,күнү-
түнү тынбай Манас айткан Саякбай,поэзиянын алпы Алыкул,үч кыл комузга тил киргизген Карамолдо,эл эрмеги Куйручук,жети күн төгүп ырдаган Жеңижок,жана башка кыргыз чыгаандары чыкмак эмес.Куудулдар айткандай мээси чайкалып калса же зыяны тийсе жогорудагыдай залкарлар жаралмак беле.Ошондуктан бешиктин зыяны жок дегим келет.
Унутпа ата-энеңдин кадыр -баркын,
Аларга эч тең келбейт каухар-алтын.
Аларга эч тең келбейт каухар-алтын.
#33 27 February 2015 - 14:37
Кана азыр бешик болсо, жок дегенде тункусун кызымды бешикке боломокмун.
Памперске эконом болот эле.
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#34 27 February 2015 - 19:53
Мен кызымды болойм бешике.Биринчи болобойм деп аткам,ананле бир жолу болоп корсом,кызым тынч уктады.Эми дагы бир ай болосом анан кун жылыса болобойм деп ойлоп атам.
#35 28 February 2015 - 03:51
Байкем бешикке жаткан экен.
Мен бешикте чонойбогом.
Балдарымды деле бешикке салган эмесмин.
Мен бешикте чонойбогом.
Балдарымды деле бешикке салган эмесмин.
#38 01 March 2015 - 17:47
Bizdin beshikte baikem, men , inim uchoobuz jatyp chonoiduk.
Dale uido saktaluu japjany boidon. Buiursa men balaluu bolsom apam maga oshol beshikti beret.
Dale uido saktaluu japjany boidon. Buiursa men balaluu bolsom apam maga oshol beshikti beret.
#40 02 March 2015 - 13:35
Мен жана бир туугандарым,
бирообуз да бешикке жатпаптырбыз.
Биртуугандарымдын балдары да,менин балам да жатпады бешикке,дагы балалуу болсом,Кудайым буюрса,жаткызам бешикке.
Балам менин жашоомдогу эн чон-БАКЫТЫМ.
.

Супер-Инфо
super.kg
видео






















