Ким орозо кармайт? Орозо тууралуу.
#321 03 Июль 2013 - 20:02
Мен былтыр орозо кармагам,быйыл эми кармай аламбы билбейм....Келеберсинчи.
...
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#322 04 Июль 2013 - 01:28
Орозонун пайдасы коп экен.Мумкун болсо кармаганга аракет жасаш керек.
#323 04 Июль 2013 - 02:39
Chupa95 (04 Июль 2013 - 01:28) жазган:
Орозонун пайдасы коп экен.Мумкун болсо кармаганга аракет жасаш керек.
Кандай пайдасы бар? Былтыр менин бир доскем орозо кармап,ортолоп калганда оор ахвалда ооруканага түштү! Ашказанындагы жарасы жарылып кетип. Бирок быйылда өлөрманданып эле атат "орозо кармайм!" деп. Эмнеси болсо да Кудайым өзү колдосун,доскемди!

Билдирүүнү түзөткөн: eliza90: 04 Июль 2013 - 02:41
Женщина - как эхо. Как к ней обратишься,
так она и отзовется.
#325 04 Июль 2013 - 11:01
eliza90 (04 Июль 2013 - 01:39) жазган:
Пайдасы кооп эгер билгиниз келсе, билип алсаныз болот. Билген сон озунуз баш болуп кармап калаасыз, орозо айы келгенде. Ал эми орукчан инсандар тутпай коюга мумкун дейилген. Аны озунуз деле жакшы билсениз керек. Бирок денин соо туруп тутпасан, эн чон мумкунчулукту колдон чыгарган болобуз. Анан бул орозо жараткан алладан парз ар бир жарыктыкка жаралган пендеге. Эгер жыл сайын тутуп, кийин кош бойлуу болуп калса аял киши, анда ал аял карыз болот алладан деп укан жайым бар. Демек ушунчалык маанилуу нерсе да тутпай калсан карыз болуп калганчалык. Анан эн пайдалуу жагы аз да болсо откон кеткен куноолордон арыласын, анткени ар пенде билип билбей куноо кетирет эмеспи ошого куноолорун жууш учун да чон мумкунчулук, анан алланын алдындагы парызындан кутуласын. Деги пайдасы кооп ж.б.
"Сен таза болсон, мен таза болсом коом да таза болот."
#326 04 Июль 2013 - 11:10
Адамдын жандүйнөсүн тазартып, денсоолугун чыңдаган ай
Илгертен эле кыргыз эли да, башка мусулмандар сыяктуу эле Рамазан (орозо) айын өтө ыйык жана абдан касиеттүү ай катары эсептеп келген. Рамазан айында орозо кармоо - исламдын беш шартынын үчүнчүсү. Кыргыз тилинде "Орозо" делсе, түрктөрдө "Ураза" , перси элдеринде "Рузе"- деп айтылат.
Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгынын белгилүү аалымдарынын маалыматтарына кайрылсак: "Исламдын жаркыраган Ыйык күнү ушул айда туулган, Ааламга жарык чачкан ыйык Куран китебибиз да пайгамбарыбыз Мухаммед (САВ) аркылуу ушул касиеттүү айда түшө баштаган. Кадыр түн да ушул айдын ичинде. Ошондой эле жандүйнөбүздү жаман ойлордон, тышкы кыймыл-аракетибизди ыплас кылык-жоруктардан арылта турган орозо да ушул айда кармалат. Ыйык курандын башкы сүрөсүндө айтып кеткендей: "Ал саналуу күндөр, Рамазан айы, бул айда адамдар үчүн туура жол болуп жана акыйкат менен жалганды айырмалоочу ачык-айкын аяттары катары Куран түшүрүлгөн. Демек, силерден ким бул айга күбө болсо, орозо кармасын! " (Уй (бакра) 2-сүрөсү, 185-аят) деп айтылат.
Орозо кармоонун пайдасы - жандүйнөбүздү жаман ой-сезимдерден арылтып, башкаларга жамандык жасоодон четтетет, көзүбүздү арам нерселерди кароодон, тилибизди жалган кеп жана суук сөздөрдөн, кулагыбызды арам нерселерди угуудан, ашказаныбызды арам тамак-аштардан, колу-бутубузду жаман иштерди жасап, ыплас жерлерге баруудан сактайт. Орозо кармоо адамдан боорукердик жана кайрымдуулук сезимин күчтөндүрөт (жарды-жакырларга жардамга келет, алардын кыйынчылыктарын жоюуга аракет кылат). Орозо адамга ырыскынын кадыр-баркын билдирип, денсоолугун чыңдайт, сабырдуулукка үйрөтөт.
Адамдын жылда он бир ай бою тынымсыз иштеп чарчаган тамак сиңирүүчү органдары орозо убагында тыныгуу алат. Окумуштуулар орозонун саламаттыгыбыз үчүн абдан көп пайдасы бар экенин белгилеп келишкен. Медицина боюнча Нобель сыйлыгын алган француз окумуштуусу доктор Алексии Карел орозо тууралуу мындай деген: "Орозо маалында денеде топтолгон азык сарпталат. Кийин болсо алардын ордуна жаңылары келип, денеде жаңылануу болот. Орозо денсоолукка абдан пайдалуу" .
Рамазан айы акырына чыгып баратканда айт намазына чейин колунда жокторго, жакырларга, жетим-жесирлерге ар бир мусулманмын деген адам садаганы (битир) чын ниети менен берүүсү зарыл.
Ыйык рамазан айында 30 күн бою көпчүлүк чогуу орозо тутуп, өлкөбүздүн ынтымагына, өсүп-өнүгүүсүнө жалпы эл бирге тилек кылуусу зарыл. Орозо айында мусулмандар үчүн ыйык парз болуп калган маркумдарды эскерип, арбактарга Куран окуу, оору-сыркоолорго, жетим-жесирлерге кол-кабыш кылып, жардам берүү менен кармаган орозобуз кабыл болсун деп Алла Тааладан тилек кылынат.

#327 04 Июль 2013 - 16:36
Экинчи классымдан бери кармап келе жатам. Былтыр гана ооруп кармай алган жокмун. Быйыл буйруса кармайм.. Ниет бар
Прежде чем осуждать
кого-то, возьми его обувь и пройди его путь!!!
#328 04 Июль 2013 - 17:51
Быйыл кайсы күндөн башталат айтып коёсторбу
Укпайт деп ушак айтпа,
Көрбөйт деп уурулук кылба.
Көрбөйт деп уурулук кылба.
#329 04 Июль 2013 - 18:14
#330 04 Июль 2013 - 18:15
#332 05 Июль 2013 - 12:38
Мына орозо айы да кирип келди,9-июльда.
Орозо кармаган да,кармабаган да буткул мусулмандарга Орозонор кабыл болсун дегим келет.Озум болсо пенсия жашына жеткенде кармайм деп ниет кылып журом буюртса.
#333 07 Июль 2013 - 11:19
Календарьын илип коёсторбу мүмкүн болсо
Укпайт деп ушак айтпа,
Көрбөйт деп уурулук кылба.
Көрбөйт деп уурулук кылба.
#334 07 Июль 2013 - 23:50
Эн акыркы орозо темасын которуп койдум. Орозонуздар кабыл болсун!
КОЛ ТИЙБЕГЕН КЫЗ КААЛАСАН;
КОЛ ТИЙБЕГЕН ЭРКЕК БОЛ!
КОЛ ТИЙБЕГЕН ЭРКЕК БОЛ!
#335 07 Июль 2013 - 23:57
azalove (11 Сентябрь 2007 - 13:29) жазган:
Темада айтылгандай эле биз мусулмандар учун эн ыйык болгон Орозо айы кирип келди.Пайгамбарыбыз бул айда орозо кармоону айткан.Бул динибиздеги беш парздын бироосу болуп эсептелет.Бул айда адамдар бири-бирине жаман соз айтпай,ушак айтпай,уурулук кылбай туз журуулору керек экени айтылат.
Эмесе ушул ыйык рамазан айында ким орозо кармоону ниет кылып жатат демекчимин.
Ошону менен катар эле медицина кызматкерлери тарабынан да орозо кармоонун ден-соолукка пайдалуу жактары коп экени белгиленген.
Сиздердин да оюнуздарды билдирип кетуунуздорду отуном.
/>

Буюрса мен да ниет кылып жатам. Эртенден баштап орозо кармайм....

КОЛ ТИЙБЕГЕН КЫЗ КААЛАСАН;
КОЛ ТИЙБЕГЕН ЭРКЕК БОЛ!
КОЛ ТИЙБЕГЕН ЭРКЕК БОЛ!
#336 07 Июль 2013 - 23:59
ryzhak (12 Август 2009 - 13:27) жазган:
Урматтуу мусулман бир туугандар, коптон куткон Рамазан айы дагы кирип келди, силерди чын журоктон куттуктайм!
Аллах силерге ушул айда береке, ыйман, ырыскы, уйунорго тынчтык берген болсун! Алла бизге эки гана майрам берген Орозо жана Курман айтты, ушул майрамдарды бийик денгээлде майрамдабай журобуз го... каапырлардын майрамын чыдамы жок кутуп (Жаны Жыл, Туулган кун, Валентиндер,
8-март ж.б.). Аллах уруксат берген ушул айт майрамдарын бийик денгээлде майрамдап алуу колубуздан кантип келбейт...
Орозо кармайсынарбы, кантип, даярдык кандай?! Ушул суроолор устундо талкуу кылабыз...
Эй, ыймандуулар! Силерден мурдагыларга буйрулгандай эле, силерге да орозо кармоо буйрулду. Бул орозо силердин такыба болууңар үчүн. (Орозо) эсептелүү күндөрдө гана.
(Куран, Аль-Бакара, 183-184-аят)

Кармап коро элекмин. Эми кармайм деп жатам.!

КОЛ ТИЙБЕГЕН КЫЗ КААЛАСАН;
КОЛ ТИЙБЕГЕН ЭРКЕК БОЛ!
КОЛ ТИЙБЕГЕН ЭРКЕК БОЛ!
#337 08 Июль 2013 - 01:09
Кудайым насип этсе мен да ниет кылып атам орозо кармаганга.
СЕН УШУНЧАЛЫК ЖАКШЫ АДАМ БОЛГУН,
ЖАДА КАЛСА ДУШМАНЫҢ ДА ДУШМАН БОЛГОНУНА ӨКҮНСҮН.

#338 08 Июль 2013 - 10:59
"Сиз ОРОЗО кармайсызбы?
" жана "Ыйык Рамазан айынар менен!"
темалары менен бириктирлди.
#340 08 Июль 2013 - 23:49
Бул жакта да жакшы маалыматтар бар экен...
/>
КОЛ ТИЙБЕГЕН КЫЗ КААЛАСАН;
КОЛ ТИЙБЕГЕН ЭРКЕК БОЛ!
КОЛ ТИЙБЕГЕН ЭРКЕК БОЛ!