Саламатсызбы.
..!Суроолорум томондогучо:
1). Адам эмнеге тойбойт?!
2). Сизда Манас деген баатырды жокко чыгарасызбы,
башка форумчулар сыяктуу,жокко чыгаруунун себеби эмне?А эгер Манастын жашап отконуно ишенсениз, ишенчиниздин тупкулугу эмнеде,Манаска болгон ишенимдин себеби?
3).Эгер суйуктуунуз паланча жерге батыраак кел,бирок ат мененда, тоо мененда келбе.Тоо кыялапда келбе, эл баскан жол мененда келбе,машинада минип келбе.Самелет,
вертолетгода чыкпа,бирок кел десе кантмексиз?
)))))))
Азырынча ушул суроолор,озумда уялып кеттим, болбогон суроолор менен башынызды катырганыма.
....)))А тиги учунчу суроо кайсы бир жомоктун негизинде алынды,эстесениз жообу батыраак чыгат......
СУПЕР-ИНТЕРВЬЮ! Форумчулар учун.....суроо-жооп......
#5221 03 July 2013 - 14:25
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#5222 04 July 2013 - 00:33
Суроолорум анда, мындай чакырылган конок!
Хорошо говори тем, кто издевается над тобой, делай добро тем, кто вредит тебе, здоровайся с теми, кто с тобой не здоровается, потому что ты Мой РАБ ! Поистине Аллах Всезнающий.
Саламатсызбы adalsvards айым!
- Эмне менен алектенесиз (иштейсиз)? Учурда кайсы бир фирманын финансылык кызыкчылыгы учун, элдин социологилык катмарын изилдеп жаткан проектке өз кесибиме байланыштуу жардам берип жатам(чогулган маалыматтарды ирээттеп, бир системага түшүрүү). Бирок да, үч төрт түрдүү функцияны аткарып жаткандыгыма байланыштуу, бул кызматтамын деп так жана кыска жооп бере албайм.
Форумга кай жактан чыгасыз?
Жумушка байланыштуу ар күнү ар кайсы жактан чыгып турам, туруктуу бир жер жок[интуициям дубал артындагы анча-мынча болмуштар жөнүндө шыбырап жатат))].
- Форум сизге эмнеси менен көбүрөөк кызыктуу?
Түрдүү тагдырлар, ойлор, көз караштар, мүнөздөр, сунуш-пикирлер бир жерде чогулгандыктан, бул форум коомдун озунчо бир албууттанган очогу сыяктуу. Ошол кызык талкууларга кээде сүңгүп кирип, кээде жөн гана пикир алышууларга көз салып туруу, мен үчүн кызыктуу.
- Эс алуунун кандай түрлөрү жагат?
Мен үчүн кызыктуу болгон жумушту, кээде акыл-эс менен, кээде кара күчкө салып өзүмдүн максимум мүмкүнчүлуктөрүм менен ийгиликтүү бүтүрүп, анан көк чайды коюу демдеп алып бүткөн жумуштун үстүнөн ойлонуп отуруу менин эс алууларымдын шедеври . Ошентсе да, тынчтык өкүм сүрүп турган кечки күүгүмдө көл жээгиндеги эс алуу, кычыраган кыштын чилдесинде талаа-токойду аралап басуу, бийик тоонун чокусуна чыгып алып, айланага көз чаптыруу сыяктуу экстремалдуу эс алуунун түрлөрү мен үчүн жөн гана кыял эмес)), себеби бат-баттан ошентип эс алып турам.
- Кандай чет тилдерин билесиз?
Эгер Орто Азия тилдеринде эркин сүйлөөнү эcке албасак)), анда англис жана кытай тилдери.
- Эгерде көргөн кинолоруңуз менен окуган китептериңизди эсептеп чыкса, кайсынысы көбүрөөк чыкмак?
Чынын айтсам кинолорго фанат эмесмин, китеп мүлжүгүчтөрдүн катарында да жокмун. Ошентсе да экөө бирдей эле болуш керек, а балким 55% на 45% же 45% на 55%.
Берген суроолоруңузга рахмат!
Люблю зимний закат
#5223 04 July 2013 - 11:19
Саламатсызбы байкеси, куш келипсиз интервьюга.
Саламатчылык систренкасы, жогоруда куш болуп келдим эле эми бүркүт болуп келдим интервьюга)).
Сизге суроолорду бере кетсем.
Иии кулак сенда анда.
1. Сиз үчүн жашоо эмнеси менен кызык?
Бул жашоодо кыпындай жакшылык кылсаң да, кыпындай жамандык кылсаң да өзүңө кайтып келиши кызык.
2. Акыркы жолу качан ата-энеңизге эркелединиз жана аларды кубандырдыныз?
Үй-бүлөдө эң кенжеси болгондуктан, үйдө болсом ар күнү, алыста болсом ар телефон сүйлөшүүлөрдө эле эркелеп турам. Акыркы жолу кантип кубандырганымды билбейм, бирок ар жолу телефондо сүйлөшкөндө кубандырганга аракет кылам.
3. Эгер ата-энеңиз экөө тең бир убакта Мирлан деп чакырса алгач кимге кайрыласыз?
Кабарлашпай кетсем досторум унутат, адамдык касиетимден айрылып селсаяк болуп кетсем атам жана туугандарым да унутат, убакыт келип бул дүйнөдөн өтүп кетсем, коом да унутат, Жаратккандын ыраазычылыгын таба албасам оо дүйнөдө Жараткандын рахматы да унутат. А сен ошондон кырк жыл өтүп апамдан мен жөнүндө сурасаң, күнү бүгүнкүдөй кылып айтып берет. Демек ЭНЕ деген ыйык затка тең келчү башка зат жок болуш керек, жер жүзүндө.
4. Кызыктуу көз ирмемдериңизден бир шиңгил калтыра кетиң.
Башталгыч класстарда окуп жүргөн кезде эжекеден: "Эгер жер шарга окшоп тоголок болсо, анда жерди казззып кете берсе, жердин арткы бөлүгүнөн чыгып калабы?" - деген суроом мен үчүн балалык кызыктуу көз ирмемдеримден бир элес.
5. Анан албетте сизге ийгилик, форумга тез-тез кирип туруң.
Маакул анда сага чооң рахмат, убакыт болоору менен форумда пайда болуп, билдирүүлөрдү калтырып турууга аракет кылам.
Люблю зимний закат
#5224 04 July 2013 - 11:51
Саламатсызбы. .! Суроолорум төмөндөгүчө:
Саламатчылык. .! Кулак сизде:
1). Адам эмнеге тойбойт?!
Жүрөк жана напсисинин каалоолорун аткарууга тойбойт!
2). Сиз да Манас деген баатырды жокко чыгарасызбы?
Жок, мен Манас деген баатырды жокко чыгарбайм.
Башка форумчулар сыяктуу жокко чыгаруунун себеби эмне?
Башка форумчулар сыяктуу жокко чыгарууну себеби: бирөөнүн эмгегин баалай албагандык, өз элинин тарыхына жана маданиятына кайдыгер карагандык, анан албетте дүйнөгө болгон жеке көз карашы.
А эгер Манастын жашап өткөнүнө ишенсеңиз, ишеничиңиздин түпкүлүгү эмнеде жана Манаска болгон ишенимдин себеби?
"Жоктон бар болбойт, бардан жок болбойт". "Ак ийилет, бирок сынбайт". Кырк күн, кырк түн айтып да түгөтө албаган манасчылардын, белгилүү окумуштуу-изилдөөчүлөрдүн, миңдеген жылдардан бери жүрөгүндө сактап келген кыргыз элинин ишенимине каршы чыгып, Манас деген баатыр болгон эмес, ал жөн гана жомок десем, бул менин деңгээлимдин өтө төмөн экендигинен кабар берет. Демек Манас деген баатырдын болгондугуна кыргыз эли кандай ишенсе, мен да ошондой ишенем.
3). Эгер сүйүктүүңүз паланча жерге батыраак кел, бирок ат менен да, төө менен да келбе. Тоо кыялап да келбе, эл баскан жол менен да келбе, машина да минип келбе. Самолет, вертолетко да чыкпа, бирок кел десе кантмексиз? )))))))
* Тоо-таш, мейкиндик, жер үстү айтылыптыр да суу айтылбаптыр, демек сүйгөнүм суунун арткы жээгинде туруп алып мага кол булгалап жаткан турбайбы ээ?
* Дагы бир варианты: Сүйүктүүм мен сени сүйүп калгандан бери, сен менин жүрөгүмдөсүң. Сен да жүрөгүңө кулак сал, мен дайым сени мененмин - деп окшотуп койсом да боло береби же? )))
Азырынча ушул суроолор, өзүм да уялып кеттим, болбогон суроолор менен башыңызды катырганыма. ....)))
Эң сонун маанай көтөрүүчү суроолорду берип өтүпсүз, уялбай эле сыймыктансаңыз болот....)))
А тиги үчүнчү суроо кайсы бир жомоктун негизинде алынды, эстесеңиз жообу батыраак чыгат......
Жомоктордун көбүн эле окусам да, мындайын кезиктирбеген экенмин, бирок ошентсе да жооп берип кое бердим......
Суроолоруңузга чоң рахмат, келип туруңуз!
Люблю зимний закат
#5225 04 July 2013 - 12:01
Саламатсызбы,
улуу урматтуу!
!! 
Анча-мынча итчиликти жашыруу максатында саламдашканча суроо таштай кетейин дедим...
- Аватарды тандап алуудагы максат эмне болду эле? Өтө эле "мрачный" көрүнөт.

Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.
#5226 06 July 2013 - 03:53
Grad_Person
02 Июль 2013 - 17:32
Маакул суроолоруң
болуп калса берип
өтөсүң деп ишене
турайын, каалооң
үчүн чооң рахмат.
Ишеничиңизди актап, бир-эки суроо сууруп чыгайын анда)))
1. Баарына эле кызык болсо керек жана сиз конокко чакырылганыңызда эле ойлогом ушул суроо берилет го деп... Бирок...
Кыскасы суроо: 2-,3-...деги кошумча нигиңиз барбы?
Grad_Person = Egois буга сиздин комментарийиңиз?
(эски жараны тырмап койдумбу дагы,өзү суроо беришке жокмун да,журналист болсом интервьюда суроо таппай өлмөкмүн да.
)
2. Мага Суперстандагы сулуу бийкечтердин эки-үчөөсүн байкаштырып жүргөнүңүздү айткан элеңиз...ошондо кимди жеңеке кыла турган болдум?
3. Эркин микрофон...азыр эмнени ойлоп жатасыз,биринчи эле эмне оюңузга келди,каалаган ой толгооңузду жаза берсеңиз болот........

Эл бар бекен Көк-Жардай,
жигиттери Көк жалдай?!
Күлүп койсо кыздары,
электр шамы жангандай...
)))
#5227 06 July 2013 - 05:52
Ассолоому алейкум жигит! Иштерин дуруспу? Форумду жакшы билбеймби же башкабы кантседа сени жакшы тааныбайт экенмин эми таанып алдым. Жоопторун жагып кетип ошону айтканча бир суроо да узата кетейин деп калдым. Мен озумду красавчик сезем, а сенчи?
#5228 06 July 2013 - 11:57
Саламатсызбы,
улуу урматтуу!
!! 
Саламатчылык, бирок кечириңиз менде улуулуктун үлүшү жок!!!
Анча-мынча итчиликти жашыруу максатында саламдашканча суроо таштай кетейин дедим...
"Наше поведение - наше второе имя" - демекчи кайсы бир аракетиңиз үчүн менден кечирим сурооңуз кажетсиз, а мен болсо суроолоруңузга жооп бере баштасам...
- Аватарды тандап алуудагы максат эмне болду эле? Өтө эле "мрачный" көрүнөт.
- Туура баамдагансыз, аватар "мрачный" көрүнөт жана ошондой эле "мрачный" көрүнүшү да керек болчу. Аватар кокусунан тандалып калган эмес, атайын издөөнүн натыйжасында табылып жана тандалган. Ал аркылуу менин жан дүйнөмдүн кээ бир элестери чагылып турат. Убакыт келип мындан да жакшы дал келе турган "аватар" чыгып калса, анда бул аватарды алмаштырам. Бирок, азыр эмес.
Суроолоруңузга рахмат!

#5229 06 July 2013 - 12:51
Форум сага (жашыбыз теңдеш, же менден да кичүү болсо керек деген туюмда) окшош катышуучулар менен кызыгуу жаратууну уланта берет экен. Адатта, баарын масса деп кабыл алганың менен арасында "жылт" эткендердин чыгып калуусу бизди тонуста кармап турса керек.
- Дин, саясат, компьютердик технология. .. башка дагы кандай кызыгууларың бар? Руханий ырахатты адатта эмне менен тойгузасың?
- Мурун Суперстанды мамлекет деп элестетип, ар кандай кыялдарга батчубуз. Эгерде ошондой болуп калса, сага кайсы роль көбүрөөк ылайыктуу болмок?
- Аватарга байланыштуу кошумча: жалгызсыңбы, чечкинсизсиңби, же дагы башкабы?
Азырынча ушул... Алдын-ала рахмат!

"Касыңды кучактасаң - дос табасың,
Досуңду ушактасаң - кас табасың..."
Досуңду ушактасаң - кас табасың..."
#5230 08 July 2013 - 00:38
Ишеничиңизди актап, бир-эки суроо сууруп чыгайын анда)))
Сен ушул өзүмдүн гана карындашымсың да, суурулуп чыккан суроолоруңа суурулуп мен да жооп берейин анда)))1. Баарына эле кызык болсо керек жана сиз конокко чакырылганыңызда эле ойлогом ушул суроо берилет го деп... Бирок...
Негизинен өзүмө да аябай кызык болуп жаткан...
Кыскасы суроо: 2-, 3-...деги кошумча нигиңиз барбы?
Кыскасы: уйкудагы бир нигим бар, ал форумда не холодно, не жарко. Форумулар эмес, өзүм да жакшы тааныбайм аны.
Grad_Person = Egois буга сиздин комментарийиңиз?
Комментарийим жок. Форумда эмес реалда да менин жашоо образым менен сырткы келбетимди башка бирөөлөргө окшоштургандар далай жолу кезигет, андыктан мындай учурлар мен үчүн көнүмүш эле нерсе.
(Эски жараны тырмап койдумбу дагы?
Жок тырмаган жоксуң.
Өзү суроо беришке жокмун да,
кеп суроо бериште эмес, а жооп алышта, ал үчүн сөз берметин курап, суроолордун тизмегин түзүп чыгуунун зарылчылыгы жок.
Журналист болсом интервьюда суроо таппай өлмөкмүн да
,
журналист болуп калчу болсоң, парда артынан баарын ийне-жибине чейин үйрөтүп, окутуп турчу мага окшогон байкелериң болот, андыктан ал жагынан эч камтама болбой, аракетиңди кыла бер
)
2. Мага Суперстандагы сулуу бийкечтердин эки-үчөөсүн байкаштырып жүргөнүңүздү айткан элеңиз...ошондо кимди жеңеке кыла турган болдум?
Жаңыланган версия боюнча алардын саны алтыга жеткенин, өз убагында кабарлап койбогонум үчүн айыпка жыкпайсың деп ишенем)))... Анткен менен, жан дүйнөмө булбул болуп кирчү сулууга арналган гүлбакчамдын жери али айдала элек, быйыл негедир кыш узакка созулуп, жер табына келбей жатат, чамамда бул жылы жаз кечигип келет гоо мага.
3. Эркин микрофон...азыр эмнени ойлоп жатасыз, биринчи эле эмне оюңузга келди, каалаган ой толгооңузду жаза берсеңиз болот........
Форумчулардын суроолоруна өз убагында жооп узата албаганым үчүн, аябай ыңгайсыз абалда турам, андыктан эркин микрофонду өзүмдөн алысыраак эле кармаганым дурус болот гоо деп ойлоп турам..... ...

#5231 08 July 2013 - 00:43
Ассалоому алейкум жигит!
Ва Алейкум Ас Салам мырза!
Иштерин дуруспу?
Иштерим дурус десем калп айткан болом, эң сонун.
Форумду жакшы билбеймби же башкабы, кантседа сени жакшы тааныбайт экенмин эми таанып алдым.
Менин форумдагы активдүү күндөрүм Суперстандын өткөөл мезгилине туура келгендиктен, же эскилер арасында же жаңылар арасында аброюм жок. Ошентсе да супер-интервью себеп болуп, таанышып калганыбызга кубанычтамын.
Жоопторуң жагып кетип, ошону айтканча бир суроо да узата кетейин деп калдым.
Эң сонун ойлогон экенсиң.
Мен өзүмдү красавчик сезем, а сенчи?
Адамдын сулуулугу, башка адамдардын көзү менен ченелгендиктен, сулуу болуп көрүнүш үчүн оңойбу, кыйынбы, айтор далай аракеттерди жасашыңа туура келет, ошондой эле өзүңдүн ички энергияңдан кандайдыр бир деңгээлде сыртка бөлүп чыгарып турушуңа да туура келет, бирок мен үчүн ал энергия азыркы тапта алтын менен нефтиден да кымбатка тургандыктан, кимдир бирөөгө же бирөөлөргө сулуу болуп, мыкты болуп, өткүр болуп, деги эле "джентльмен" болуп көрүнүү такыр ойго келбеген нерсе.
Мына ушундай 'апасынын красавчик баласы'.
Суроолоруңа рахмат!

#5232 08 July 2013 - 00:51
Форум сага (жашыбыз теңдеш, же менден да кичүү болсо керек деген туюмда) окшош катышуучулар менен кызыгуу жаратууну уланта берет экен. Адатта, баарын масса деп кабыл алганың менен арасында "жылт" эткендердин чыгып калуусу бизди тонуста кармап турса керек.
Кээде чыгармалардан гана кезиктирчү каармандарды, минтип реалдуу форумдан да кезиктирип, сиздей (жашыбыздын теңдеш болгонуна карабай, адамдык жана интелектуалдык деңгээлиңиз менин деңгээлимден бир топ жогору болгондуктан, сый-урмат жүзөсүнөн) форумчу-журналисттер менен жеке маек кылып, кайсы бир темаларда кээде бир тарапка өтүп, кээде карама-каршы багытта талкуу кылып же тымызын гана болуп жаткан талкууларга назар салып карап туруу, мен үчүн да абдан кызыктуу.
- Дин, саясат, компьютердик технология. .. башка дагы кандай кызыгууларың бар?
"Адегенде сен жолду тандайсың, андан соң жол сени тандайт" - демекчи, кызыгууларым өзүмдүн бара жаткан багытыма жана кылып жаткан иштериме карата өзгөрүп тура берет. Бирок да, кайсы бир ишти баштоодо Исламдын дүйнөдөгү "самый капризный" болгон мыйзамдары менен текшерип көрөм, себеби бул мыйзамга жооп берген ар кайсы иш, башка бардык мыйзамдардан эч тоскоолдуксуз өтүп, ийгилик алып келүү кепилдиги 100,001%.
Руханий ырахатты адатта эмне менен тойгузасың?
Руханий ырахатты, канчалык оор жана чыдагыс болсо да, жүрөгүмдүн түпкүрүндө катылып жаткан айбандык мүнөздөрүмдү, адамдык асыл сапаттарга айырбаштоо менен тойгузам.
- Мурун Суперстанды мамлекет деп элестетип, ар кандай кыялдарга батчубуз. Эгерде ошондой болуп калса, сага кайсы роль көбүрөөк ылайыктуу болмок?
- Эгерде Суперстан мамлекети түзүлүп, мага ролдордон тандоо укугу берилип калчу болсо: мен ар кайсы бөлүмдүн лидерлеринин оротосунда даанакерлик кылуу ролун тандап алмакмын.
- Аватарга байланыштуу кошумча:
жалгызсыңбы,
эгерде "мрачный" аватарды, көпчүлүк айымдарга тиешелүү болгон "жалгыздык" деген сезим менен окшоштуруп жаткан болсоңуз, анда сиз туура эмес ойлогон болосуз. Кыялдарым булут аралап, асманда каалгып учуп, каалоолорум деңиз түбүндөгү асыл таштарды издеп жүргөн кезде мен үчүн "жалгыздык" деген сезимдин өзү жат көрүнүш.
чечкинсизсиңби,
аялдамага келип алып, троллейбуска отурсамбы же акчаны үнөмдөп жөө эле кетип калсамбы, магазинде витринанын каршысында туруп алып, зеленый чай алсамбы же черный алсамбы деп көпкө ойлонуп турганымды эске албасак, чечкинсиз эмесмин.
же дагы башкабы?
Ооба себеби дагы башка, аватардагы коюу туман арасындагы белгисиз киши менмин. Көп жылдар мени коштоп, мага азап берип жүргөн сезимдердин булагын таптым, бирок өтө тереңде жайгашкандыктан, ал булакка жетип, аны тазалап келүү үчүн бир топ убакыт керектелет. Бул учурда менин өз коомумдагы жеке активдүүлүгүм төмөндөп, менин бар же жок экендигим белгисиз болуп калгандыктан, форумда да, жеке жашоодо да "мистер инкогнито" эле болуп турайын деген максат менен ушул аватарды тандап алганмын.
Азырынча ушул... Алдын-ала рахмат!
Форумда эмес, тегерек столдун үстүндө карама-каршы отуруп алып, Эльвира Караева деген мыкты журналист менен кайсы бир мамлекеттик чоң иштер жөнүндө суроо-жооп кылсак эмне болмок ээх деп арман кылып отуруп калдым)))...Берген кайталангыс суроолоруңуз үчүн сизге да чоң рахмат!

#5233 08 July 2013 - 12:14
Grad_Person
бул аптадагы кызыктуу, маанилүү маек үчүн рахмат. Бул темадан дагы качандыр ушундай кызыктуу маек курасың деген ишенимдемин.
Суперстанда активдүүлүгүңдөн жазба, сага ийгилик жар болсун.
Инсандын эң калыс, эң сулуу жана эң негизги асылдык чеги - уяты менен адеби.
#5234 08 July 2013 - 12:21
Супер-
интервьюнун бул жумалыгындагы маек төрүндө форумга кызыктуу билдирүулөрду калтырып, озгөчө тамашалуу билдирүүлөрү менен айырмаланган,
татынакай форумчу кыз - kokjar92.
kokjar92 куш келдиң Супер- интервьюга! Сен үчүн да, жалпы форумчулар үчүн да бул апта жаркын маанайга бай болот деген ойдомун. Эмесе төмөндө сен үчүн интервьюнун өздүк суроолору:
1 Өз ысымың жана нигиңиздин тарых-таржымалы туралуу эки ооз кеп..
2 Супер сайтка катталган алгачкы күнүң..
3 Суперстандагы кызыкка бай күндөрдөн бир элес..
Сага ийгилик..)
kokjar92 куш келдиң Супер- интервьюга! Сен үчүн да, жалпы форумчулар үчүн да бул апта жаркын маанайга бай болот деген ойдомун. Эмесе төмөндө сен үчүн интервьюнун өздүк суроолору:
1 Өз ысымың жана нигиңиздин тарых-таржымалы туралуу эки ооз кеп..
2 Супер сайтка катталган алгачкы күнүң..
3 Суперстандагы кызыкка бай күндөрдөн бир элес..
Сага ийгилик..)
Инсандын эң калыс, эң сулуу жана эң негизги асылдык чеги - уяты менен адеби.
#5235 08 July 2013 - 16:57
Супер- интервьюнун бул жумалыгындагы маек төрүндө форумга кызыктуу билдирүулөрду калтырып, озгөчө тамашалуу билдирүүлөрү менен айырмаланган,
татынакай форумчу кыз - kokjar92.
kokjar92 куш келдиң Супер- интервьюга!
Алгач,Саламатсыздарбы урматтуу форумчалар? !
Рахмат Мөндүр айым,Ыйык Рамазан айынын алгачкы күндөрүндө конок катары чакырганыңыз мен үчүн чоң сыймык... Анан да күтбөгөн элем,аябай кубанычтамын.
Сен үчүн да, жалпы форумчулар үчүн да бул апта жаркын маанайга бай болот деген ойдомун.
Мен да үмүт жана аракет кылам)))
Эмесе төмөндө сен үчүн интервьюнун өздүк суроолору:
1 Өз ысымың
Дүйшөбаева Нуриза
жана нигиңиздин тарых-таржымалы туралуу эки ооз кеп..
Мм,нигим тууралуубу. .. Кокустан эле ачылып калган. Нуриза,Нури, Азирун деп да ачып коргом,эч эле ачылбай койгон,бир-эки айча жургом,анан эле бир кун Кокжар анан жылым 92ни кошуп жазып корсом,тилекке жараша ачылып калды. Негизи,бул менин кичи мекенимдин аты жанан озумдун туулган жылым.
'Туура эмес ник тандап алыпсын' деген сындарга карабай,бул ник мага аябай жагат.
2 Супер сайтка катталган алгачкы күнүң..
Мына буюрса,бул сайтка катталганыма бир жылдын жузу болуп калыптыр. 2012-ж.25-июлунда бул ник жарык дуйного келген,бир нече кундон кийин 1 жашка толот)))
Катталган кунум ар жагын чукуп коруп,аватар жуктоп,эч нерсесин билбей эле барактап отурганым дал бугункудой эсимде.'Ноокаттыктар' деген жерге биринчи билдируумду калтырганмын, адашпасам. 3 билдируумду туготуп,мостоюп окуп отуруп калгам))
3 Суперстандагы кызыкка бай күндөрдөн бир элес..
Негизи Суперстанда откон ар бир кунум кызыктуу десем болчудай. Эстеп корсом,ммм,кызыктуу кундор катары декабрь-январь айларын айтсам болчудай, анткени кыш мезгили,каникул, жыргап куну-туну Суперде,айрыкча оюн-кулкудон чыкпачу элем,а тугул 'оюн-кулкунун ханышасы' , 'болочок аким' деген наамдарды алып таштагам.
'Белек беребиз'деген оюнда 3-4 'а'дан кеткен форумчулар,
анан мен болуп тытчубузда,
а'га кеткен белектерди таппай
Азыр кээ кээде гана оюндарга кирип коём,неге экенин билбейм,балким анча кызый албай жатабы оюндар,балким мен бираз токтолуп калгандырмын.
.. Эми булар 'денизден тамчы гана'.
Эх,артка бир кылчайып,отконду эске салып жылмайып алдым.
Сага ийгилик..)
Рахмат,сиздерге да ийгилик!
РАМАЗАН АЙЫНЫЗ ДАГЫ БИР ЖОЛУ МУБАРАК БОЛСУН...АМАН БОЛУНУЗДАР!
kokjar92 куш келдиң Супер- интервьюга!
Алгач,Саламатсыздарбы урматтуу форумчалар? !
Рахмат Мөндүр айым,Ыйык Рамазан айынын алгачкы күндөрүндө конок катары чакырганыңыз мен үчүн чоң сыймык... Анан да күтбөгөн элем,аябай кубанычтамын.
Сен үчүн да, жалпы форумчулар үчүн да бул апта жаркын маанайга бай болот деген ойдомун.
Мен да үмүт жана аракет кылам)))
Эмесе төмөндө сен үчүн интервьюнун өздүк суроолору:
1 Өз ысымың
Дүйшөбаева Нуриза
жана нигиңиздин тарых-таржымалы туралуу эки ооз кеп..
Мм,нигим тууралуубу. .. Кокустан эле ачылып калган. Нуриза,Нури, Азирун деп да ачып коргом,эч эле ачылбай койгон,бир-эки айча жургом,анан эле бир кун Кокжар анан жылым 92ни кошуп жазып корсом,тилекке жараша ачылып калды. Негизи,бул менин кичи мекенимдин аты жанан озумдун туулган жылым.
'Туура эмес ник тандап алыпсын' деген сындарга карабай,бул ник мага аябай жагат.
2 Супер сайтка катталган алгачкы күнүң..
Мына буюрса,бул сайтка катталганыма бир жылдын жузу болуп калыптыр. 2012-ж.25-июлунда бул ник жарык дуйного келген,бир нече кундон кийин 1 жашка толот)))
Катталган кунум ар жагын чукуп коруп,аватар жуктоп,эч нерсесин билбей эле барактап отурганым дал бугункудой эсимде.'Ноокаттыктар' деген жерге биринчи билдируумду калтырганмын, адашпасам. 3 билдируумду туготуп,мостоюп окуп отуруп калгам))
3 Суперстандагы кызыкка бай күндөрдөн бир элес..
Негизи Суперстанда откон ар бир кунум кызыктуу десем болчудай. Эстеп корсом,ммм,кызыктуу кундор катары декабрь-январь айларын айтсам болчудай, анткени кыш мезгили,каникул, жыргап куну-туну Суперде,айрыкча оюн-кулкудон чыкпачу элем,а тугул 'оюн-кулкунун ханышасы' , 'болочок аким' деген наамдарды алып таштагам.
Эх,артка бир кылчайып,отконду эске салып жылмайып алдым.
Сага ийгилик..)
Рахмат,сиздерге да ийгилик!
РАМАЗАН АЙЫНЫЗ ДАГЫ БИР ЖОЛУ МУБАРАК БОЛСУН...АМАН БОЛУНУЗДАР!
П. С. Мынчалык коп текстте казак операсы катып ынгайсыздык жаратканынан, толугуна откоруп, 'ону'суз жаздым,айып этпейсиздер деген ойдомун...
Эл бар бекен Көк-Жардай,
жигиттери Көк жалдай?!
Күлүп койсо кыздары,
электр шамы жангандай...
)))
#5236 08 July 2013 - 19:46
Салам кош келибсиз эже!
1.Карьера же уй-було?
2.Тагдырга мойун суна аласпы?
1.Карьера же уй-було?
2.Тагдырга мойун суна аласпы?
#5237 09 July 2013 - 00:30
Салам кош келибсиз эже!
Bаалейкум. ..рахмааат.
(А баса,бир жаш тең жаш эле,иним.
)
1.Карьера же уй-було?
/>
Ммм,не десем экен...негизи, экөөнү тең алып кетсем дейм. Анчалык талантым деле жок,'бизнес леди' деле болгум келбейт. Мен өзү жөнөкөйлүктү жактырам,келечекте жөнөкөй эле мектеп мугалими болуп,5-6 саатымды карьерага жумшасам,калганын үй-бүлөмө жумшагым келет...
2.Тагдырга мойун суна аласпы?
Тилекке каршы дейинби,тилекке жараша дейинби...айтор, бул суроого жооп 'ооба'. Ооба,мен тагдырга моюн сунуп жашай алам! Анткени жашаш керек... Мен абдан күчтүү жана абдан сабырдуу боло алам,керек учурда-десем да болот.
Bаалейкум. ..рахмааат.
(А баса,бир жаш тең жаш эле,иним.
1.Карьера же уй-було?
Ммм,не десем экен...негизи, экөөнү тең алып кетсем дейм. Анчалык талантым деле жок,'бизнес леди' деле болгум келбейт. Мен өзү жөнөкөйлүктү жактырам,келечекте жөнөкөй эле мектеп мугалими болуп,5-6 саатымды карьерага жумшасам,калганын үй-бүлөмө жумшагым келет...
2.Тагдырга мойун суна аласпы?
Тилекке каршы дейинби,тилекке жараша дейинби...айтор, бул суроого жооп 'ооба'. Ооба,мен тагдырга моюн сунуп жашай алам! Анткени жашаш керек... Мен абдан күчтүү жана абдан сабырдуу боло алам,керек учурда-десем да болот.
Эл бар бекен Көк-Жардай,
жигиттери Көк жалдай?!
Күлүп койсо кыздары,
электр шамы жангандай...
)))
#5238 09 July 2013 - 04:14
Озунузду шашмараакмын,
деген элениз...
Ошол сапаттын кандай(-)тарын кордунуз?
Ошол сапаттын кандай(-)тарын кордунуз?
#5239 09 July 2013 - 06:06
Озунузду шашмараакмын,
деген элениз...
Ошол сапаттын кандай(-)тарын кордунуз?
Ошол сапаттын кандай(-)тарын кордунуз?
Ммм,мындай чоң иштерде шашмараак эмесмин го,а майда-чүйдө дө болуп турат. Ал учурда 'убактылуу' ыңгайсыз абалда калып,өзүмдү- өзүм жемелеп да алам...чоң же эсте калаарлык деле минустарды эстей албадым го,негедир.
Эл бар бекен Көк-Жардай,
жигиттери Көк жалдай?!
Күлүп койсо кыздары,
электр шамы жангандай...
)))
#5240 09 July 2013 - 09:24
Салам менин жакшы көргөн жардамчы карындашым.
Куш келипсин маеке.
Анда сразу суроомду бере баштайын.
Суроомду ойлонбой эле бергим келди.Биринчи оюма ушул келиптир:
Студенттик күндөрдөгү шеринеден бир элес айта кетчи?
Эгер шеринеге барган эмес болсоң,анда мындай даагы 1 суроо;
Келечектеги жарыңдын кандай сапаттары жок болуусун кааламак элең?
Ушундай эле болбогон суроолорду береберем мен....
/>/>
и анан даагы бир суроо:
спортго кызыгасынбы же шыгың барбы бир спорттун түрүнө?айтканымдын себеби фигураңдан окшоштурамда. .

Супер-Инфо
super.kg
видео