Париж
Биз Германиядан Франциянын аймагына өткөндө жапжашыл дуб, карагай кайың өрдөгөн чар-тараптуу чөлкөм гүлгө оронгон кичинекей шаарчаны элестеткен күмбөздөрдү артка калтырып, эч кимдикине окшобогон архитектуралык ансамбллдеги шаңдуу калаага алып келди. Мына, Франция! Ишенгиң келбейт. Кайсы тарабын караба, көздүн жоосун алган сулуулук. Америкалык улуу жазуучу Эрнест Хемингуэй "Париж-бул дайыма сени менен кошо болчу майрам" деп айтканы төгүн эместей. Түркүн түс гүлдөрдүн парадында шаңга бөлөнгөн Париждин абасы ачык, асманы көкмөк. Күн ысык, так биздеги сратандай үлп эткен желге көңүл сергийт. Эл жыкжыйма, туристтерден баш адашат, ар бирин топтун көтөргөн желегинен ажыратасың.
Грев аянтындагы (Гревская площадь) карт тарыхтын сырын жамырган эстеликтер,
өткөн Франциянын гүлдөгөн доорун даңазалаган көрүнүштөрү Менял көпүрөсүнө келгенде ансайын купуяланып,
сырдуулугу,
шаңдуулугу жана да табышмактуулугу менен баш катырат.
Елисей- талаасы кол менен жасалган, табигый кооздукка ичкериден азык берген кол чеберчилиги менен акыл-ойдун, фантазиянын туундусунан курулган англичандардын токою.
Франциянын борбордук бөлүгү тарыхый эстеликтерге өтө бай. Так ошол борбродук бөлүгүндө XVII-кылымда курулган майыптар үйүндө улуу полковец Наполеон Бонапарттын сөөгүнүн калдыгы жашырылган аскердик музей жайгашкан.
Француз элинин эркиндиги үчүн күрөштө курман болгондордун урматына Эркиндик статуясы орнотулган.
Шаардын борборундагы Сите аралчасында эң көрүнүктүү,
эң чоң эки атактуу чиркөө бар. Алардын бири Париж Кудай эне собору жана экинчиси Ыйык Капелла. Ал эми Нотрдам, Страсбург муналарынын бийиктиги 162 метр, өзүнчө эле жомок.
Фрагонар - дүйнө жүзүндөгү парфюмерия чыгарган белгилүү фабрика. Франциянын атырлары кайсы жерде даңталбаган да, кимдерди гана тамшандырбаган?
Кылымдан-кылымга бүтпөс легенда сыяктуу ооздон түшпөй, айрыкча аялзатын сулуулукка,
назиктикке,
сый-урматка бөлөгөн мындай тартуунун эээлери өздөрүнүн бакытка бөлөнөөрүн эч качан жашырышпайт.
ПарфЮмерликке ичимдик ичпеген, тамеки чекпеген гана кишилер жумука алынат. Жада калса сыра ичүүгө тыюу салышат. Айткандай француздардын белгилүү "Парфюмер"
кинотасмасы так ушул фабрикада тартылыптыр.
Башкы каарман парфюмер-жаш жигиттин жыт алуудагы ыкмасы сулуу кыздардын кимдир-бирөөсүнөн башкача жагымдуу, катардагы адамдар туя албаган, тубаса парфюмер сезген гана жытты искеп калса, артынан кууп, аңдып жүрүп, өзүнүн максатына жетиш үчүн мыкаачылыка да барышы (кыздарды ар кандай жолдор менен өлтүрүп, денесинен жыт алат). Кудай тарабынан да, мыйзам тарабынан да кечиримсиз экенине карабай, кинотасманын аягында башкы каарман өзү тозоктой кыйынчылык менен чогулткан, тандаган жыттарды кол жоолукка сиңирип, айланага желдей таркатып жиберсе, жазалоо жөнүндөгү буйрук, бийликтегилердин,
чиркөөдөгү поптордун эсинен чыгып, баары-баары,
эч кимиси калбай, аял менен эркектин ортосундагы сезимдер дүүлүгүп,жыттын кереметине балкып,бакытка жыргап калышат.
Фабрикага баш бакканда бир башкача сезимдер пайда болот, жыттар аңкыган сайын анын артынан сая түшүп, кууп бараткансыйсың.
№5 Коко Шанель атактуу француз атыры. Легендарлуу Коконун тарыхы өзүнчө эле дастан.
Коко- анын лакабы, өз аты Габриэль Шанель. Бир кездерде бүтүндөй Европаны атагы дүңгүрөткөн аялды тилинен чаң чыкканча мактап, тили тешилгенче ушактап тынчышпаган.
Аял-миф, аял-революционер,
аял-тарых деп, эмне деген жарлыктарды тагып төбөсүнө көтөрүшпөгөн.
Габриэль биринчилерден болуп кара түстү модага киргизген. Кара көйнөктүн ашыкча нерселерин кыркып, аялдын денесинин сымбатын чыгарган дизайнынын ойлоп таап, өзү демонстрациялап кийген. Ал кара көйнөктү эч кимдин оюна көркөмдүү стилге айландырган.
Бир күнү анын эң жакшы көргөн мырзасы (сүйгөнү) өз колунда бейубак жан берет. Кайгынын оор туманында калган Габриэль каңырыгы түтөп, бели майышып, көз жашын тыя албай, сүйгөнүн бооруна басып; "Көрөсүң,
бүт дүйнөнүн сулууларын кара кийгизем"
- деп ант берген дешет. Муну кандай мааниде айтты экен? Илгертеден кара түстү кайгынын белгиси деп түшүнүшкөн,
кийинчерээк кара түстү токтотууга болбой калды, көркөмдүү, сымбаттуу, нарктуу, салмактуу, кала берсе, салтанаттуулук жана элеганттуулук да боюнча сиңирип алды.
- (2 )
-
- 1
- 2
Европага саякат! Европанын берметтери. Ризван
#1 08 July 2013 - 12:57
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#2 08 July 2013 - 13:34
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#3 08 July 2013 - 13:56
Дагы жазынызчы? Парижге качан берет экенмин
озу аран журсом эски жаратымды козгоп койдунуз .. рахмат
#5 08 July 2013 - 14:08
Мен тушумдо эле барып келгем. Кооз жер.
Время, проведенное с женщиной, нельзя считать потерянным.
#6 08 July 2013 - 14:22
Dagy kandai baleeni bashtady eken bul bala
dep kirgen bolchum :99:PARIJ sonun shaar. Maga ozgocho parfiumer jigit jakty, birok kyzdardy olturgonu oto aianychtuu
#7 08 July 2013 - 14:29
Dagy kandai baleeni bashtady eken bul bala
dep kirgen bolchum :99:PARIJ sonun shaar. Maga ozgocho parfiumer jigit jakty, birok kyzdardy olturgonu oto aianychtuu 
Мен сизге мне кылдым ыя
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#8 08 July 2013 - 15:10
#10 09 July 2013 - 12:21
Монпорнаста
- Франциядагы эң тез, эң ылдам жүрүүчү лифт. Космикалык тездик менен дейбизби, көз ачып жумганча сегиз секундада 196 метрлик мунарага көтөрүлөсүз.
Чындыгында,
фантастика!
Монпорнас - Парнас тоосунун урматына, адам колунун чеберчилигинен жаралган искусство. 1887-жылы курула баштаган мунаранын тарыхы өзүнчө. Жыйырмадан ашык адам баткан лифттен төртөө, тынымсыз асманга көтөрүлүп, кайра ылдый түшүрүлөт. Мунаранын чокусуна чыкканда, дүкөн, сүрөт чыгаруучу жай, кафе, ресторан, кино көрүүчү залдары бар. Бул Париждеги эң бийик имараттардын бири. Баш аягы 120 метрлик мунарада дайыма меелүүн шамал согуп, айрыкча кечкичин, түнкү Париждин ажайып панорамасын кучагыңа жайып таштайт. Бут алдыңызда майда-чоң жылдыздардай күйүп-жанып,
оттой дуулдап, өрттөнүп өчүп, жаркыраган түркүн-түс шоолаларга чөмүлгөн Париж жатат.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#11 09 July 2013 - 12:51
#12 09 July 2013 - 13:59
Дагы жазынызчы? Парижге качан барат экенмин
озу аран журсом эски жаратымды козгоп койдунуз .. рахмат
Мен да
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#13 09 July 2013 - 14:02
1. Дефанс кварталы.
2. Которо албай койдум Собор ПАрижской богоматери
3. Атактуу Лувр музейи
4. "Стад де Франс" футбол аянты
2. Которо албай койдум Собор ПАрижской богоматери
3. Атактуу Лувр музейи
4. "Стад де Франс" футбол аянты
Кудай эне собору Париждеги 2 чоң собордун бири болуп саналат, туристтердин саны үзүлбөйт экен
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#14 09 July 2013 - 18:26
Эйфель мунарасы
- 1889-жылы бүткүл дүйнөлүк көргөзмөгө карата курулган. XIX-кылымдагы ири курулуш катары атагы чыгып, металлдан жасалган мунара инженер Густав Эйфелдин долбоору фоюнча салынган. Жалпы аянты 1,6га жерди ээлеп, салмагы 9,5 миң тоннаны түзөт, 1763 тепкичи бар мунаранын конструкциясы чындыгында акыл-эсти таң калтырат.
Курулушка сарпталган темир-тезектер Эйфельдин өзүнүн заводунда жасалган. Мунара 18 миң элементтен туруп, эки милллиондой кадоолор менен ширетилип, темирдин жалпы салмагы 9,5 миң тоннаны түзгөн.
Курулушт бир эле мезгилде 250 жумушчу иштеген.Күндүн ысык-суугуна карабай эң жерлеринде иштешкен, беш жылдын ичинде бир кайгылуу кокустук жүз берген, жаза тайып, италиялык жумушчу мунарадан учуп өлгөн.
1887-жылы 7-декабрда 57метр болгон мунаранын биринчи кабаты, 1888-жылдын 14-августунда 115 метрлик экинчи кабаты куруп бүткөрүлгөн. Ал эми 1889-жылдын 31-мартында чокусу 300 метр бийиктиктеги гигант курулуш аяктаган.

Курулушка сарпталган темир-тезектер Эйфельдин өзүнүн заводунда жасалган. Мунара 18 миң элементтен туруп, эки милллиондой кадоолор менен ширетилип, темирдин жалпы салмагы 9,5 миң тоннаны түзгөн.
Курулушт бир эле мезгилде 250 жумушчу иштеген.Күндүн ысык-суугуна карабай эң жерлеринде иштешкен, беш жылдын ичинде бир кайгылуу кокустук жүз берген, жаза тайып, италиялык жумушчу мунарадан учуп өлгөн.
1887-жылы 7-декабрда 57метр болгон мунаранын биринчи кабаты, 1888-жылдын 14-августунда 115 метрлик экинчи кабаты куруп бүткөрүлгөн. Ал эми 1889-жылдын 31-мартында чокусу 300 метр бийиктиктеги гигант курулуш аяктаган.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#15 09 July 2013 - 23:58
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#16 10 July 2013 - 11:56
#19 10 July 2013 - 15:41
Алтын чүмбөттүү Версаль.
Версаль Парижден 20 км алыстыкта жайгашкан. XVI-кылымга чейин ал кичинекей көрүмсүз кыштак болот. Анын токоюнда королдор аңчылык кылып, уучулуктун кумарына батып сейилдешкен.
АЗЫРКЫ КӨРҮНҮШҮ;
jpeg]

Версаль Парижден 20 км алыстыкта жайгашкан. XVI-кылымга чейин ал кичинекей көрүмсүз кыштак болот. Анын токоюнда королдор аңчылык кылып, уучулуктун кумарына батып сейилдешкен.
АЗЫРКЫ КӨРҮНҮШҮ;
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#20 10 July 2013 - 16:08
Моно Лиза-Лувр музейинде
Атактуу Моно Лизанын түп нускасы өзүнчө бир залды ээлеп, туристтерди магниттей тартып турат. Кайсыл жагынан караба, Моно Лизанын сүзүлгөн карегинен от учкундагансып, сени арбайт да, жылдырбай тушайт. Эмнегедир бул эмгекти түбөлүктүү, касиеттүү табышмак десе болчудай. Моно Лиза тартылгандан бери, адамзаттын башы катып, анын сырларын иликтеп-изилдеп түгөтө албай келет. Канчалык табышмагын жандырып, боёкторун термелеп, түстөрүн түрлөп, микроскоптоп анализдеп кылма-кыл ажыратышпасын, эмне менен тартылганын, кандай сыйкыры бардыгын биле албай келет.Эң кызыгы XVI-кылымда жаралган эмгектин сыры технология өнүккөн XXI кылымда да чечилбей келет. Бул залга ким кирсе да 1-2 саттай тикмелей, бирде отуруп, бирде жамбаштай калып карашат. Чындыгында бул табышмактын жообун Леонардо До Винчи гана билген, бирок тилекке каршы ал арабызда жок.

Супер-Инфо
super.kg
видео