Жахабанын бактылуу кызматчылары
«Руху жакырлар [«рухий муктаждыктарын сезгендер»,
«ЖД»] бактылуу» (Матай 5:3).
БАКЫТ — Жахабанын элинин баа жеткис байлыгы. Забурчу Дөөт: «Кудайы Жахаба болгон эл бактылуу»,— деп айткан (Забур 143:15 [144:15], «ЖД»). Бакыт — бул адамдын жыргалчылыкты сезген абалы. Жандүйнөбүздүн тереңине уялаган эң чоң бакыт Жахабанын жактыруусуна ээ экенибизди билүүдөн келет (Накыл сөздөр 10:22). Мындай бакыт асмандагы Атабыз менен жакын мамиледе экенибизди жана анын эркин аткарып жатканыбызды сезерибизди көрсөтүп турат (Забур 111:1; 118:1, 2). Белгилей кетчү кызык нерсе, Ыйса өзүбүздү бактылуу деп эсептөөгө тогуз себеп бар экенин көрсөткөн. Ушул жана кийинки макалада ошол себептерди талдап чыгуу бизге «бактылуу Кудай» Жахабага ишенимдүү кызмат кылсак канчалык бактылуу болорубузду түшүнүүгө жардам берет (1 Тиметейге 1:11, «ЖД»).
Рухий муктаждыгыбызды сезүү
2 Ыйса б.з. 31-жылы тарыхтагы эң эле белгилүү баяндамалардын бирин айткан. Ал баяндама Тоодогу насаат деп аталат, анткени Ыйса аны Галилея деңизинин жанындагы тоонун боорунда айткан. Матайдын Инжилинде мындай деп айтылат: «Ыйса элди көргөндө, тоого чыкты. Ал олтургандан кийин, шакирттери жанына келишти. Ошондо Ыйса аларга мындай насаат айта баштады: „Руху жакырлар [«рухий муктаждыктарын сезгендер
», «ЖД»]бактылуу,
анткени Асман Падышачылыгы алардыкы“
». Ооба, сөзмө-сөз которгондо,
Ыйсанын насааты: «Руху жакырлар бактылуу»,— деп башталат. Ал эми «Падышалыктын сөзмө-сөз котормосунун» шилтемесинде ал сөздөр: «Рухту тилемчилегендер бактылуу»,— деп берилет (Матай 5:1—3). Дагы бир котормодо ошол эле сөздөр: «Өздөрүнүн рухий жактан жакыр экенин билгендер бактылуу»,— деп берилген («Today’s English Version»).
3 Тоодогу насаатында Ыйса эгер адам өзүнүн рухий жактан муктаждыгы бар экенин сезсе алда канча бактылуураак болорун көрсөткөн. Ыйсанын момун жолдоочулары өздөрүнүн күнөөкөр абалын толугу менен билип, Машайактын куткаруу курмандыгынын негизинде Жахабадан кечирим сурашат (1 Жакан 1:9). Ошентип, алар чыныгы бакыт жана жандүйнөсүнө тынчтык табышат. «Мыйзамсыз иштери кечирилген жана күнөөлөрү жабылган адам бактылуу!
» (Забур 31:1; 118:165).
4 Рухий муктаждыгыбызды сезүү бизге Ыйык Китепти күнүгө окууга, «ишенимдүү жана акылдуу кул» тарабынан «өз убагында» берилген рухий тамак менен азыктанууга жана жыйналыш жолугушууларына дайыма барууга түрткү берет (Матай 24:45; Забур 1:1, 2; 118:111; Эврейлерге 10:25). Жакыныбызга болгон сүйүүбүз башкалардын рухий муктаждыгын билүүгө, Падышалык тууралуу жакшы кабарды таратууда жана окутууда ынталуу болууга өбөлгө түзөт (Марк 13:10; Римдиктерге 1:14—16). Ыйык Китептеги чындыктарды башкалар менен бөлүшүү бизге бакыт алып келет (Элчилер 20:20, 35). Падышалыкка байланышкан кереметтүү үмүтүбүз жана Падышалык алып келе турган баталар тууралуу ой жүгүрткөнүбүздө өзүбүздү андан бетер бактылуу сезебиз. Ыйсанын майланган жолдоочуларынан турган «кичине отор» үчүн ал үмүт Машайактын Падышалык өкмөтүнүн мүчөлөрү катары асманда өлбөстүккө ээ болууну билдирет (Лука 12:32, СК; 1 Корунттуктарга 15:50, 54). Ал эми «башка койлорго» ошол Падышалыктын башкаруусу астында жер бетиндеги бейиште түбөлүк өмүр сүрүүгө үмүттөнүүгө негиз берет (Жакан 10:16; Забур 36:11; Матай 25:34, 46).
Ыйлагандар кантип бактылуу боло алышат?
5 Андан ары Ыйса бактылуу болуунун кийинки себебин айтат, бирок анын сөздөрү бири-бирине карама-каршы келгендей сезилет. Ал: «Ыйлагандар бактылуу, анткени алар сооронушат»
,— деген (Матай 5:4). Ыйлап жаткан адам кантип бактылуу боло алат? Ыйсанын ал сөздөрүнүн маанисин түшүнүү үчүн, анын ыйдын кандай түрү жөнүндө кеп кылганын карап чыгышыбыз зарыл. Шакирт Жакып күнөөкөр абалыбыздын өзү эле ыйлоого себеп болушу керектигин түшүндүрөт.
Ал мындай деп жазган: «Күнөөкөрлөр,
колуңарды тазалагыла.
Эки ойлуулар, жүрөгүңөрдү тазалагыла!
Кайгыргыла,
ыйлагыла, боздогула. Күлгөндүн ордуна ыйлагыла, кубангандын ордуна кайгыргыла.
Теңирдин алдында моюн сунгула, ошондо Ал силерди көтөрөт» (Жакып 4:8—10). Өздөрүнүн күнөөкөр абалы үчүн чындап кайгыргандар Ыйсанын куткаруу курмандыгына ишенишсе жана Жахабанын эркин аткарып чын жүрөктөн өкүнүшсө, күнөөлөрү кечирилиши мүмкүн экенин билип сооронушат (Жакан 3:16; 2 Корунттуктарга 7:9, 10). Ошентип, алар Жахаба менен баа жеткис мамиледе боло алышат да, ага кызмат кылып жана даңк алып келип түбөлүк жашоого үмүттөнө алышат. Бул аларга зор бакыт тартуулайт (Римдиктерге 4:7, 8).
6 Ыйсанын сөздөрү жерде өкүм сүрүп жаткан жийиркеничтүү шарттардан улам ыйлагандарга да тиешелүү. Ышайа 61:1, 2-аяттардагы:
«Теңирдин руху Менде, анткени Теңир Мени жакырларга жакшы кабар таратууга майлады. Мени жүрөгү кайгыргандарды айыктырууга.
.. кыйналгандардын [«ыйлагандардын»,
«ЖД»] бардыгын сооротууга [жиберди]»,— деген пайгамбарлыкты Ыйса өзүнө карата колдонгон. Ошол тапшырма Ыйсанын али жерде жашап жаткан майланган жолдоочуларына да тиешелүү. Алар аны өздөрүнүн шериктеринин,
«башка койлордун»,
жардамы менен аткарышууда.
Алардын баары «анын [христиан дүйнөсүн символдоштурган ишенимден чегинген Иерусалимдин] ичинде болуп жаткан жийиркеничтүү иштер жөнүндө кайгырган, үшкүргөн адамдардын чекесине белги коюуга» байланышкан каймана маанидеги ишке катышууда (Жезекиел 9:4). Бул ыйлагандар «асман Падышачылыгы жөнүндөгү Жакшы Кабардан» сооронуч алышат (Матай 24:14). Алар жакында Шайтандын каардуу түзүлүшүн Жахабанын адилеттик өкүм сүргөн жаңы дүйнөсү алмаштырарын билүүгө кубанычта.
Момундар бактылуу
7 Ыйса Тоодогу насаатын: «Момундар бактылуу, анткени алар жерди мурасташат»
,— деп уланткан (Матай 5:5). Момундукту кээде алсыздык деп ойлошот. Бирок бул туура эмес. Ыйык Китепти изилдеген бир окумуштуу «момундук» деп которулган сөздүн маанисин түшүндүрүп:
«[Момун] адамдын эң көрүнүктүү өзгөчөлүгү өзүн толук башкара билгендигинде.
Момундук бошоңдукту,
сентименталдуу назиктикти,
пассивдүүлүктү билдирбейт.
Бул сапат контролго алынган күчтү туюнтат»,— деп жазган. Ыйса өзү жөнүндө: «Мен жоошмун жана момунмун»,— деп айткан (Матай 11:29). Ошол эле учурда Ыйса адил принциптерди коргоодо эржүрөк болгон (Матай 21:12, 13; 23:13—33).
8 Момундук өзүн өзү башкара билүү менен тыгыз байланышта.
Элчи Пабыл «рухтун жемишин» сыпаттоодо момундук менен өзүн өзү токтото билүүнү удаалаш атап өткөн (Галаттыктарга 5:22, 23). Момундукту ыйык рухтун жардамы менен гана өрчүтө алабыз. Ыйсанын жолдоочуларына мүнөздүү бул сапат ишенимдеш эместер жана жыйналыштагылар менен тынчтыкта болууга өбөлгө түзөт. Пабыл: «Боорукердикти,
ак көңүлдүктү,
момундукту,
жооштукту, чыдамдуулукту кийгиле. Көтөрүмдүү болгула, бири-бириңерди кечиргиле»,
— деп жазган (Колостуктарга 3:12, 13).
9 Бирок момундук адамдар менен мамилелешүүдө эле керек эмес. Жахабанын эгедерлигине даярдуулук менен баш ийип, биз момун экенибизди көрсөтөбүз.
Бул жагынан Ыйса Машайак эң сонун үлгү калтырган: жерде жүргөндө ал момундук көрсөтүп, Атасынын эркине толугу менен баш ийген (Жакан 5:19, 30). Ыйса жерди биринчи болуп мурастайт, анткени ал анын Башкаруучусу болуп дайындалган (Забур 2:6—8; Даниел 7:13, 14). Ал өзүнүн мурасын «жер үстүндө падышачылык кылуу» үчүн «адамдардын арасынан» тандалып алынган 144000 «мурасташы» менен бөлүшөт (Римдиктерге 8:17; Аян 5:9, 10; 14:1, 3, 4; Даниел 7:27). Машайак менен анын кошо башкаруучулары миллиондогон кой мүнөздүү эркек-аялдардын үстүнөн бийлик жүргүзүшөт.
Андай эркек-аялдардын үстүнөн болсо: «Момундар...
жерди мураска алышат да, тынч турмушка ыракаттанышат»,
— деген пайгамбарлык аткарылат (Забур 36:11; Матай 25:33, 34, 46).
Адилдикке ач болгондор бактылуу
10 Галилея тоосунун боорунда сүйлөп жатып, Ыйса бактылуу болуунун андан кийинки себебин: «Адилдикке ач болгондор жана суусагандар бактылуу, анткени алар тоюнушат»
,— деген сөздөр менен көрсөткөн (Матай 5:6, «ЖД»). Жахаба Ыйсанын жолдоочулары үчүн адилдик нормаларын бекитет. Демек, адилдикке ач болгондор жана суусагандар Кудайдын жетекчилигине ач болуп суусашат. Алар өздөрүнүн күнөөкөр жана жеткилеңсиз экенин жакшы билишет, ошондуктан Жахабанын алдында жакшы атка ээ болууну самашат. Өкүнүп, Ыйсанын куткаруу курмандыгынын негизинде кечирим издегендер Кудайдын алдында адил деп эсептелерин Ыйык Китептен билишкенде алар кандай гана кубанышат!
(Элчилер 2:38; 10:43; 13:38, 39; Римдиктерге 5:19).
11 Ыйса мындай адамдардын бактылуу болорун айткан, анткени алар «канааттанышат» (Матай 5:6). Майлангандар Ыйса менен асманда «падышачылык кылууга» чакырылган жана «өмүргө ээ болуу үчүн» адил деп жарыяланышкан (Римдиктерге 5:1, 9, 16—18). Жахаба аларды рухий балдары катары асырап алган. Алар Машайактын мурасташтары болуп, анын асмандагы Падышалыгында падышалар жана ыйык кызмат кылуучулар болууга чакырылган (Жакан 3:3; 1 Петир 2:9).
12 Майлангандардын шериктери али адил деп жарыяланыша элек. Бирок алар Ыйсанын төгүлгөн канына ишенишкендиктен,
Жахаба аларды кандайдыр бир деңгээлде адил деп эсептейт (Жакып 2:22—25; Аян 7:9, 10). Алар Жахабанын достору катары адил деп саналгандыктан,
«улуу кайгынын» учурунда куткарылышат (Аян 7:14). Ал эми «жаңы асмандын» тушунда «адилеттик гана өкүм сүргөн» жаңы жердин бөлүгүн түзүшкөндө,
алардын адилдикке болгон эңсөөсү канааттандырылат (2 Петир 3:13; Забур 36:29).
Ырайымдуулар бактылуу
13 Тоодогу насаатын улантып, Ыйса: «Ырайымдуулар бактылуу, анткени аларга да ырайым кылынат»,— деп айткан (Матай 5:7). Юридикалык мааниде алып караганда, ырайым деген судьянын кылмышкерди мыйзам жол бергендей толук жазалабай, боорукердик көрсөткөнүн билдирет. Ыйык Китепте болсо «ырайым» деп которулган сөздөр, негизинен, жардамга муктаж болгондорго жеңилдик алып келе турган камкордукту же боор ооругандыкты туюнтат. Ошондуктан ырайымдуулар башкаларга боор ооруганын иш жүзүндө көрсөтүшөт.
Ыйсанын боорукер самариялык адам жөнүндөгү мисалында жардамга муктаж болгон жакынына «кайрымдуулук кылган» адамдын сонун үлгүсү көрсөтүлөт (Лука 10:29—37).
14 Ырайымдуу болуунун натыйжасында бактылуу болуу үчүн, биз жардамга муктаж болгондорго жакшылык кылышыбыз зарыл (Галаттыктарга 6:10). Ыйса адамдарга жаны ачыган. Ал «көп элди көрүп, аларга боор ооруган. Анткени алар койчусу жок койлордой эле. Ыйса аларга көп нерсени үйрөтө баштаган» (Марк 6:34). Ал адамзаттын эң маанилүү муктаждыгы рухий муктаждыгы экенин билген. Башкалар менен алар баарынан мурда муктаж болгон нерсени — «Асман Падышачылыгы жөнүндөгү Жакшы Кабарды» — бөлүшүп, биз да боорукердик жана ырайымдуулук көрсөтө алабыз (Матай 24:14). Ошондой эле улгайган ишенимдештерибизге,
жесир-жетимдерге иш жүзүндө жардам берип, «кайгырган жандарды сооротсок» болот (1 Тесалоникалыктарга 5:14; Накыл сөздөр 12:25; Жакып 1:27). Бул бизге бакыт эле алып келбестен, Жахабанын ырайымына ээ болушубузду да шарттайт (Элчилер 20:35; Жакып 2:13).
Жүрөгү тазалар жана тынчтык орнотуучулар
15 Бактылуу болуунун алтынчы жана жетинчи себептерин келтирип, Ыйса:«Жүрөгү таза адамдар бактылуу, анткени алар Кудайды көрүшөт. Тынчтык орнотуучулар бактылуу, анткени алар „Кудайдын уулдары“ деп аталышат»
,— деп айткан (Матай 5:8, 9). Таза жүрөк адеп-ахлактык эле эмес, рухий жактан да таза жана Жахабага берилгендик көрсөтүүдө бекем болот (1 Жылнаама 28:9; Забур 85:11). Тынчтыкты сүйгөндөр ишенимдештери менен жана мүмкүн болушунча бардык адамдар менен тынчтыкта жашашат (Римдиктерге 12:17—21). Алар «тынчтыкты издеп, ошого умтулушат» (1 Петир 3:11).
16 Жүрөгү таза тынчтык орнотуучуларга алардын «„Кудайдын уулдары“ деп аталышары» жана «Кудайды көрүшөрү» убада кылынган. Ыйсанын майланган жолдоочулары рухтан туулушкан жана жерде жүргөндө эле аларды Жахаба «уулдары» катары асырап алган (Римдиктерге 8:14—17). Алар Машайак менен асманда болуу үчүн тирилишкенде Жахабанын алдында кызмат кылышат жана аны көрүшөт (1 Жакан 3:1, 2; Аян 4:9—11).
17 Тынчтыкты сүйгөн «башка койлор» «түбөлүктүн Атасы» болгон Жакшы Койчу Ыйса Машайактын жетекчилиги астында Жахабага кызмат кылып жатышат (Жакан 10:14, 16; Ышайа 9:6). Ыйсанын Миң жылдык башкаруусунан кийин акыркы сыноодон ийгиликтүү өткөндөр Жахабанын жердеги уулдарынан болуп, «Кудайдын балдарынын даңктуу эркиндигине чыгышат» (Римдиктерге 8:21; Аян 20:7, 9). Муну күтүү менен бирге алар Жахабага Ата деп кайрылышат,
анткени анын Өмүр Берүүчү экенин билип, өздөрүнүн өмүрүн ага арнашат (Ышайа 64:8). Байыркы убактагы Аюб менен Мусага окшоп, алар Кудайды ишеним көзү менен көрө алышат (Аюб 42:5; Эврейлерге 11:27). Алар «жүрөктөрүнүн көздөрү» менен жана Кудай жөнүндөгү так билим аркылуу Жахабанын сонун сапаттарын таанып-билип,
эркин аткаруу менен аны тууроого умтулушат (Эфестиктерге 1:19; Римдиктерге 1:19, 20; 3 Жакан 11).
18 Жогоруда көрсөтүлгөндөй,
рухий муктаждыктарын сезгендер, ыйлагандар,
момундар, адилдикке ач болгондор жана суусагандар,
ырайымдуулар,
жүрөгү таза адамдар жана тынчтык орнотуучулар Жахабага кызмат кылууда чыныгы бакыт табышат. Бирок алар дайыма каршылыкка,
атүгүл куугунтукка дуушар болушат. Бул алардын бактысына тоскоол боло алабы? Бул суроо эмки макалада каралат.
Кайталоо үчүн суроолор
Рухий муктаждыктарын сезгендер кандай бакытка бөлөнүшөт?
Ыйлагандар кантип сооронушат?
Кантип момундук көрсөтөбүз?
Эмне үчүн ырайымдуу, жүрөгү таза жана тынчтык орнотуучу адамдардан болушубуз керек?
[Изилдөө суроолору]
1. Чыныгы бакыт деген эмне жана ал эмнени көрсөтүп турат?
2. Ыйса бакыт тууралуу качан сүйлөгөн жана анын сөздөрү кантип башталат?
3. Кандайча момундук бактылуу болушубузга өбөлгө түзөт?
4. а) Өзүбүздүн жана башкалардын рухий муктаждыгын сезерибизди кантип көрсөтө алабыз? б) Рухий муктаждыгыбызды сезгенде бактылуу болушубузга эмне өбөлгө түзөт?
5. а) «Ыйлагандар» деген сөз кимдерди билдирет? б) Алар кантип сооронушат?
6. Кээ бирөөлөр кандай мааниде ыйлашат жана алар кантип сооронушат?
7. «Момундук» деген эмнени билдирбейт?
8. Момундук эмне менен тыгыз байланышта жана башкалар менен мамилелешүүдө бул сапат бизге эмне үчүн керек?
9. а) Эмне үчүн момундук адамдар менен мамилелешүүдө эле керек эмес? б) Кандайча момундар «жерди мурасташат»?
10. «Адилдикке ач болгондордун жана суусагандардын» тоюнушуна шарт түзгөн жолдордун бири кайсы?
11, 12. а) Ыйсанын майланган жолдоочулары адилдикке кантип жетишет? б) Майлангандардын шериктери өздөрүнүн адилдикке болгон эңсөөсүн кантип канааттандырышат?
13, 14. Кантип ырайымдуу экенибизди иш жүзүндө көрсөтүшүбүз керек жана бул бизге кандай пайда алып келет?
15. Кантип биз жүрөгү таза адамдардан жана тынчтык орнотуучулардан боло алабыз?
16, 17. а) Эмне үчүн майлангандар «Кудайдын уулдары» деп аталышат жана алар кантип «Кудайды көрө» алышат? б) «Башка койлор» кандай мааниде «Кудайды көрүшөт»? в) «Башка койлор» кантип жана качан толук мааниде «Кудайдын уулдары» болушат?
18. Бактылуу болууга өбөлгө түзгөн биринчи жети себеп көрсөтүп тургандай, бүгүн кимдер чындап бактылуу?
[23-беттеги сүрөт]
«Рухий муктаждыктарын сезгендер бактылуу».
«Ырайымдуулар бактылуу».
«Адилдикке ач болгондор жана суусагандар бактылуу».
Жүз насаат...
#42 09 July 2013 - 11:29
Бул кимдерге жазылган насааттар болуп кетти ошондо?
Никогда не путай мой характер с моим отношением.
Мой характер зависит от меня, а мое отношение - от твоего поведения.
#43 09 July 2013 - 14:05
Бул кимдерге жазылган насааттар болуп кетти ошондо?
Менимче Мусульмандарга тиешелуу эмес окшойт, Салтанат...
КОЛ ТИЙБЕГЕН КЫЗ КААЛАСАН;
КОЛ ТИЙБЕГЕН ЭРКЕК БОЛ!
КОЛ ТИЙБЕГЕН ЭРКЕК БОЛ!
#44 02 August 2013 - 16:27
Пайгамбарлар кыз ала качышканбы?
Кичине кезимде болгон бир окуя бүгүнкү күнгө чейин эсимде. Анда бул окуяга терең маани берип деле ойлонбоптурмун. Атамдын эң кичүү иниси үйлөнмөй болду. Сүйлөшүп жүргөн кызы жок экен. Жеңемдин демилгеси боюнча кызды ала качып келмей болушту. Чоң энем, апам, келин-кесектер таң эртеден баштап эле даярданып жүрүштү. Боорсок бышырылып, кой союлду, көшөгө тартылды. Аппакай жоолукту даярдап коюшту. Келинди өзгөчө биз майда балдар чыдамсыздык менен күтүп жаттык. Биз үчүн аябагандай кызыктуу эле.
Кеч курун машиненин сигналы угулуп, “келин келди, келин келди” деп калышты. Биз кичине балдыр шашыла эшикке жүгүрүп чыктык. Машинаны дарбазанын алдына токтотушуптур. Арык, бою да кичине кыз экенине карабай тырышып, машинеден чыкпай жатыптыр. Бир маалда байкелеримдин ичинен эң олбурлуусу келди да, кызды куурчактай кылып эле көтөрүп, үйдүн босогосуна жеткирип койду. Босогодо да кыз менен көпкө алышышты. Эптеп үйгө киргизишти. Анан жоолук салмайы калды. Апалар ыйламсырап, “кагылайын, биз да ушинтип келгенбиз, жаман жер эмес, таш түшкөн жеринде оор дейт, бизди уят кыла көрбө айланайын” деп жалбарып жатышты. Акыры күрөшүп жатып, чарчаган кыз көнбөскө аргасы калган жок. Башына ак жоолукту салынып, келин болуп отуруп калды. Атам менен байкелерим ачуу басаарына жөнөп кетишти. Биз болсо жаңы жеңебиздин жанынан чыкпай айланчыктап жүрдүк.
Той болоор, тойдун эртеси да болоор демекчи, байкем менен жеңемдин үй-бүлөлүк жашоосу башталды. Кичине болсом да, жеңемдин байкемди жактырбасын байкадым. Тилекке каршы, көп өтпөй жеңем, кийим-кечек, оокатын жыйнаштырып алып, кетип калды.
Көп өтпөй, байкем кайра үйлөнмөй болду. Кийинки аялын да ала качып келмей болушту. Байкуш кызды болгондо да Ат-Башыдан Ысык-Көлгө алып келишти. Ал да алышып жатып, акыры отурду. Эки балалуу болушту. Буюрса, очор-бачар болушту деп, тынчып калган ага-жеңелеринин ою ордунан чыккан жок. Алар ажырашып кетишти.
Азыр байкем үчүнчү аялы менен жашап жаткан кези. Кантип үйлөнүшкөндөрүн так билбейм. Эки кыздуу болушту. Ортолорунда келишпестик, түшүнбөстүк болуп келсе да, жеңем байкем менен ушул күнгө чейин жашап келатат.
Ала качуу кыргыздын салтыбы? Буга Жаратуучунун көз карашы кандай? Албетте, мен бир жактуу болгум келбейт. Бардык ажырашуулардын себеби ала качуу деген ойдон алысмын. Ала качып үйлөнүшүп деле, ынтымактуу жашап жаткандар бар дечи. Бирок андайлар сейрек кездешсе керек. Бирок бүтүндөй тагдырды тобокелге салуу опурталдуу го.
Кыргыз элиндеги ала качуу адаты тууралуу угуп калган америкалыктар изилдөө жүргүзүп көрүшкөн экен. Бир кичине айылга барып, социологиялык сурамжылоо жүргүзүшөт. Ошол кичине айылда эле 385 ала качуу болгонун билишкен. Мындан 60-70 жыл мурда үйлөнгөндөрдүн 30 пайызы ала качып үйлөнүшсө, бүгүнкү күндө бул сан эки эсеге өстү. Демек, эгемендүү мамлекетибизде ала качуу дале уланып келүүдө экен да.
Тоорат китебинен Ыбрайым пайгамбардын, уулу Ыскакка аял алып берүүсү жөнүндө окусак. «Ыбрайымдын жашы өтүп, карып калган. Теңир Ыбрайымга бардык жагынан батасын берди. Ыбрайым үй ишин башкарган кулуна мындай деди: “Колуңду менин саныма коюп туруп, уулума мен жашап жаткан Канаан жеринин кыздарынан аял алып бербейм деп, асман менен жердин Кудайы болгон Теңир менен ант бер. Бирок менин жериме, менин мекениме барып, уулум Ыскакка аял алып келесиң”. Ошондо кулу ага мындай деди: “Эгерде ал аял бул жерге мени менен келгиси келбесечи? Анда уулуңду сен чыккан жерге кайра жиберишим керекпи?” Ыбрайым ага: “Байкагын, уулумду ал жакка кайра жибербе. Мени атамдын үйүнөн, туулган жеримден алып, мага: “Бул жерди сенин тукумуңа берем” деп убада кылган асман Кудайы, Теңирим сенин алдыңа Өз периштесин жиберет, ошондо сен ал жерден уулума аял алып келесиң. Эгерде аял сени менен келүүнү каалабасаң, анда мага берген антыңдан кутуласың, бирок уулумду ал жакка кайра жибербе,” – деди».
Байкасаңыз, Ыбрайым “ал аял сени менен келгиси келбесе, күчкө салып, ала качып кел” деген жок.
Андан ары окусак: «Ошондо кулу колун мырзасы Ыбрайымдын санына коюп, ушинтип ант берди. Анан кулу өз мырзасынын төөлөрүнөн он төө алып, жөнөп кетти. Анын колунда мырзасынын ар кандай асыл буюмдары да бар эле. Ал ордунан туруп, Месопотамиядагы Нахордун шаарына жөнөдү. Ал шаардын сыртындагы кудуктун жанына кечке маал, аялдар суу алууга чыга турган мезгилде төөлөрүн чөктүрдү. Анан ал: “Теңирим, Ыбрайым мырзамдын Кудайы! Ал кызды мага бүгүн жолуктура көр, менин мырзам Ыбрайымга ырайым кыла көр. Мына, мен кудуктун жанында турам, шаар кыздары суу сузуп алганы келе жатышат. Мен кайсы кызга: “Кумураңды эңкейтчи, суу ичип алайын, десем ал: “Ич, төөлөрүңдү да сугарып берем” десе, анда ошол кыз Сен Өз кулуң Ыскакка дайындаган кыз экенин жана Сен менин мырзама ырайым кылганыңды билем”, - деди.Ал айтып бүтө электе эле, Ыбрайымдын бир тууганы Нахордун аялы Милканын уулу Бетуелден төрөлгөн Ребекка ийнине кумурасын көтөрүп, кудуктун жанына келди. Кыз келбети келишкен, эркек жакындабаган кыз эле. Ал кудукка келип, кумурасын толтуруп алып, өйдө көздөй жөнөдү. Ошондо кул кыздын астынан чуркап чыгып: “Кумураңдан кичине суу ичирчи”, - деди. Кыз: “Ичиңиз, мырзам,”- деди да, ошол замат кумурасын ийнинен түшүрүп, колуна алып, ага суу ичирди. Кыз ага суу ичиргенден кийин: “Төөлөрүңүздүн да суусуну кангыча сузуп келип берейин”, - деди. Анан ал ошол замат кумурасындагы сууну аштоого куя салып, кудукка кайра чуркап барып, анын бүт төөлөрүнө суу сузуп берди. Жолуна Теңир батасын берген-бербегенин билгиси келгендиктен, ал киши унчукпай, кызды таң кала карап турду. Төөлөр суу ичип бүткөндөн кийин, ал киши салмагы жарым шекел болгон алтын шакекти жана салмагы он шакел алтын болгон эки билерикти алып чыгып, мындай деп сурады: “Кимдин кызысың? Айтчы мага, атаңдын үйүндө биз түнөгөнгө орун барбы? Кыз ага: “Нахордон төрөлгөн Милканын уулу Бетуелдин кызымын”, - деп жооп берди. Анан дагы мындай деди: “Бизде жем-чөп көп. Түнөөгө да орун бар”. Ошондо ал киши башын ийип таазим кылып, Теңирге табынып, мындай деди: “Мырзам Ыбрайымдын Кудай-Теңирине алкыш! Ал менин мырзамды Өзүнүн ырайымы менен акыйкаттыгынан куру калтырбаптыр! Теңир мени түз эле мырзамдын бир тууганынын үйүнө алып келди”.
Ошентип Ыбрайымдын кулу кыздын ата-энесине келип, алардыкына келгендеги максатын, Кудай аны кандайча алып келгендигинин баарын төкпөй-чачпай айтып берди. Ошондо кыздын ата-энеси: “Бул иш Теңирден. Биз сага жакшы да, жаман да айта албайбыз. Мына, Ребекка алдыңда турат. Аны алып, жолго чык. Теңир айткандай, ал мырзаңдын уулунун аялы болсун”,- деп жооп беришти. Ыбрайымдын кулу алардын сөзүн укканда Теңирге жерге чейин башын ийип таазим этти. Анан ал кул алтын-күмүш буюмдарды, кийимдерди алып чыгып Ребеккага берди. Агасы менен энесине да кымбат баалуу белектерди берди».
Бул үзүндүдөн, калың берүү салты Ыбрайым пайгамбардын учурунда эле бар болгонун биле алабыз. Андан ары окуйлу: “Ошентип, ал жанындагы кишилер менен конок болуп, түнөп калды. Алар эртең менен турушканда кул аларга: “Эми мени мырзама кое бергиле”, - деди. Бирок кыздын бир тууганы менен энеси: “Кызыбыз биз менен, жок дегенде, он чакты күн болсун. Андан кийин жөнөйсүң”, - дешти. Бирок ал: “Мени кармабагыла, анткени Теңир менин жолумду ачкан. Мени коу бергиле мырзама барайын”, - деди. Алар: “Кызды чакырып сурайлы, ал эмне дээр экен”, - дешти. Ребекканы чакырып, андан : “Бул киши менен барасыңбы?” – деп сурашты. Кыз: “Барам”, - деп жооп берди”.
Байкасаңыз, бул жерден энеси менен агасы өздөрү чечип коюшкан жок. Кыздын макулдугун сурашты. Кыз макул болгондо гана баталарын беришип, узатып жиберишти.
Ыбрайымдын кулу кызды кудукка келгенде эле ала качып кетсе деле болмок да. Бирок ал Кудай менен кеңешип, сыйынып, анан кыздын агасы менен энесинин, андан кийин кыздын макулдугун сурап, анан жолго түштү.
Ала качуу ата-бабадын калган салт дегендер да бар. Бул ой жаңылыштык. Эмнеге дегенде кыргыздар сүйлөшүп, куда түшүп, эки жак макулдашып, эки жаштын көңүлүн сурап анан үйлөнтүшкөн.
Ала качуу Кудайдын алдында уурулукка тете. Ала качуу бул - адамдын макулдугусуз зордоп баш ийдирүү, кордоо, басынтуу. Дөөт пайгамбардын Забурунда “Зордук-зомбулукту жакшы көргөндү Теңир жек көрөт” делет. Ала качып кетүү – бул зордук!
Замандаш, айтыңызчы, ала качуусуз эле үйлөнсө болбойбу? Кыздын макулдугу менен, анын каалоосу менен баш кошуп, ынтымактуу үй-бүлө курууга не жетсин. Ала качып келген кызды элестетиңизчи. Анын жүрөгүн канатып, анын адамдык укугун тебелеп алганыңыз анын асылдыгын жоготконуңуз. Жараткан Теңир эркек менен аялды сүйүү менен кошкон. Алардын бактылуу жашоосу үчүн кам көргөн. Эгерде эки тараптан тең сүйүү болсо, ынтымактуу, бекем, кубанычка, тынчтыкка курчалган бактылуу үй-бүлө курууга болот. Ала качуу бул орой айтканда жапайылык. Өз келечегине кайдыгер карап, тобокелге салгандар гана мындай жосунсуз жорукка барышат. Акырында айтар сөз: эгер сиз бактылуу жашагыңыз келсе ала качуу деген уурулук күнөөнү жасабаңыз. Өз келечегиңизди Кудайга тапшырып, акыл-эстүү иш кылыңыз.
#46 26 August 2013 - 12:33
Ассаламу а'лайкум. Эмнеге кереметтуу Куран турганда Библия, Инжил д.у.с.китептерден жазастар,албетте алар да Аллах тарабынан тушурулгон,
бирок адамдар тарабынан озгортуулор киргизилген.
Курани Каримди Аллах кыяматка чейин Озум сактайм деген убадасы бар. Ошондуктан Куранга жана сахих хадистерге таянсак гана адашпайбыз ин ша Аллах!
#47 27 August 2013 - 12:27
Билбейм кандай кабыл аласыздар,бирок бул китептен окуп жагып калып жазып алгам эле. Эми сиздер мн болушкум келди, туура эле жерге жаздым деп ойлом. Андай болбой калса кечирим сурайм...
Бугун гана жашаймын,.
Бугунку кун учун создорумду
ондоймун, эч качан
уяттуу,Ушак гыйбат, жаман
создорду суйлобоймун,
бугунку кун учун уйумду ж.а
иш канамды иреттеймин,
кысылып сыгылбаймын,
ысырап да кылбаймын,
тартиптуулукту ж.а
туруктуулукту орнотом. Бир
кун гана жашаймын
ошондуктан денемдин
тазалагына, келбетимдин
кийимимдин кооздугуна
конул бурам, баскан
турганымды, кыймыл
аракеттеримди суйлогон
создорумду ондоймун, бир
кун гана жашаймын
ошондуктан Раббиме коп
ибадат кылууга,
намаздарымды эн кооз ыклас
мн аткарганга, нафил
намаздарды ж,а Курандарды
коп окууга. Китептеримди
карап андагы пайдалуу
нерселерди жаттого ж.а
пайдалуу китептерди окууга
аракет кылам. Бир кун гана
жашаймын ошондуктан
журогумо жакшы нерселерди
гана орноштуруп,
текеберчилик, коз
корсундук,коро албастык, жек
коруучулук, жаман ой ж.а
башка ар турдуу жаман
нерселерди журогумдон
чыгарып салам, бир кун гана
жашаймын ошондуктан
башкаларга пайдамды
тийгизем, ооруганды зыярат
кылам, олум болгон жерге
барып конул айтып жаназага
катышам, адашкандарга туура
жол корсотом ачтарды
тойгозом кыйын абалда
калгандарды кыйынчылыгына
жардам берем,
кордолгондордун тарабын
алам, кучсуздорго куч болом,
кайгы чеккендерди
сабырдуулука чакырам,
илимдуулорго урмат сый
коргозом,улууну урматтап
кичууну ыззаттаймын. ...0о!
Алдынкы кундор сен
алдыдагы кайып
кундордонсун, ошондуктан
келе элек кундор учун
кыялданбайм, куру жалак
кыялдарга алданбайм, боло
элек нерсени жоготом деп
шашпаймын, анткени эртенки
кун эч нерсе эмес, себеби
эртенки кун али жарала элек,...
адам баласы Бугунку кунунду
жаша, анткени бул соз ким эн
бактылуу таалайлуу жашоодо
жашаймын дегендер учун
жазылган.
Бугун гана жашаймын,.
Бугунку кун учун создорумду
ондоймун, эч качан
уяттуу,Ушак гыйбат, жаман
создорду суйлобоймун,
бугунку кун учун уйумду ж.а
иш канамды иреттеймин,
кысылып сыгылбаймын,
ысырап да кылбаймын,
тартиптуулукту ж.а
туруктуулукту орнотом. Бир
кун гана жашаймын
ошондуктан денемдин
тазалагына, келбетимдин
кийимимдин кооздугуна
конул бурам, баскан
турганымды, кыймыл
аракеттеримди суйлогон
создорумду ондоймун, бир
кун гана жашаймын
ошондуктан Раббиме коп
ибадат кылууга,
намаздарымды эн кооз ыклас
мн аткарганга, нафил
намаздарды ж,а Курандарды
коп окууга. Китептеримди
карап андагы пайдалуу
нерселерди жаттого ж.а
пайдалуу китептерди окууга
аракет кылам. Бир кун гана
жашаймын ошондуктан
журогумо жакшы нерселерди
гана орноштуруп,
текеберчилик, коз
корсундук,коро албастык, жек
коруучулук, жаман ой ж.а
башка ар турдуу жаман
нерселерди журогумдон
чыгарып салам, бир кун гана
жашаймын ошондуктан
башкаларга пайдамды
тийгизем, ооруганды зыярат
кылам, олум болгон жерге
барып конул айтып жаназага
катышам, адашкандарга туура
жол корсотом ачтарды
тойгозом кыйын абалда
калгандарды кыйынчылыгына
жардам берем,
кордолгондордун тарабын
алам, кучсуздорго куч болом,
кайгы чеккендерди
сабырдуулука чакырам,
илимдуулорго урмат сый
коргозом,улууну урматтап
кичууну ыззаттаймын. ...0о!
Алдынкы кундор сен
алдыдагы кайып
кундордонсун, ошондуктан
келе элек кундор учун
кыялданбайм, куру жалак
кыялдарга алданбайм, боло
элек нерсени жоготом деп
шашпаймын, анткени эртенки
кун эч нерсе эмес, себеби
эртенки кун али жарала элек,...
адам баласы Бугунку кунунду
жаша, анткени бул соз ким эн
бактылуу таалайлуу жашоодо
жашаймын дегендер учун
жазылган.
Я буду терпеливым,
Я стану повторять:
Чтобы быть счастливым,
Нужно уметь ждать
#48 16 September 2013 - 16:20
Бугунку кун деп гана жашаган адамга келечектин кереги жок го анда ээ, ал адам учур чак менен эле жашап калат экен?!
#49 26 September 2013 - 23:26
Акыретти ойлоп жашайлы. Бугунку кунду гана ойлоо .....шайтандын иши ....
#50 03 October 2013 - 08:59
Jakwi nasaattar bar eken baaryn okubadym birok Islam akiydasyna (iwenimine) tuura kelbegenderi az emes eken owonduktan azireti Ulukmandyn uuluna aitkan nasaattarynan bashkasynynyn kobun 4etke kaktym.Musulman bolup jaralganyma ALLAHKA 4eksiz maktoolor jana shugurlor bolsun.baarynyzdardy tuura jolgo Islamga kaituunarga 4akyram.
Assaloomu aleykum va rahmatullah
Assaloomu aleykum va rahmatullah
#51 17 December 2016 - 22:20
Биринчи жуз насаат жана Кыргыз элинин салттардагы кармаган адептерин окудум.Калганын окубадым деле.

Супер-Инфо
super.kg
видео













