1) Эгерде сиз эркек болуп бирок эрте менен турсаңыз эле аялга айланып калган болсоңуз эмне кылмаксыз? Элестетсениз сиздин үйлөнгөн болсоңуз жубайыңыз, балдарыңыз бар? Жумушуңуз, тууган-урук дегендей . Жигит болсоңуз сүйгөн кызыңыз бардыр, аларды эмне кылмаксыз?
2) Сиз аял болуп, бирок эрте менен турсаңыз эркекке айланып калган болсоңуз эмне кылмаксыз? Аял болсоңуз үй-жумуштары, кайын-журт дегендей, аларга кантип түшүндүрмөксүз же айтпай жүрө берет белеңиз. Кыз болсоңуз жигитиңизге эмне демексиз? Кантип ишендирмексинер?
Кана кеттик эмесе. Жигиттер өздөрүн кыздардын ордуна коюп, кыздар жигиттердин ордуна өздөрүн коюп элестетип көрөбүз.
Эсиңиздерде болсун бул тема; "Эгер сиз (эркекке) аял болуп жаралып калганда" дегендей мааниде эмес! Бул жерде кадимкидей эле жашоо кечирип жүрүп аял-эркек, эркек-аял болуп калып жатат.
P.S мындай тема бар болушу мүмкүн, бирок мааниси жагынан окшош эмес деп ойлойм. Анан кайдагы тантыраган тема деп жүрбөгүлө!
Башта сиздер жазыныздар, анан мен жазып коём (уже элестетип койдум окшойт))).

Супер-Инфо
super.kg
видео




















