Кудай гана бардык мактоолорго татыктуу...!
Машайакчылар тарабынан жазылган ырлар Жүрөктүн түпкүрүнөн чыккан ыр саптарына күбө болуңуз
#2 10 July 2013 - 19:34
Токтолуп бир аз көз салсам,
Өмүрдүн өткөн жолуна,
Ар күнөө болуп оюмда,
Мен жүргөм кайгы торунда.
Мен кылган канча күнөө бар,
Эстесе адам уялар.
Чындыкты айтсам Кудайга,
Күнөөдөн мени куткарар.
Күнөөмдү алып мойнума,
Чөгөлөп Теңир алдында,
Өтүнүп сурайм кечирим:
Өткөрчү өмүр жолуңа.
Чындыкты көрүп жолуңдун,
Өзгөрттүм мен да оюмду.
Куткарып алчы, Теңирим,
Берилип сунам колумду.
Өмүрүм Сага арнайын,
Жүрөктө сени сактайын.
Дүйнөгө айтып сүйүүңдү,
Түбөлүк сени даңктайын.
Өмүрдүн өткөн жолуна,
Ар күнөө болуп оюмда,
Мен жүргөм кайгы торунда.
Мен кылган канча күнөө бар,
Эстесе адам уялар.
Чындыкты айтсам Кудайга,
Күнөөдөн мени куткарар.
Күнөөмдү алып мойнума,
Чөгөлөп Теңир алдында,
Өтүнүп сурайм кечирим:
Өткөрчү өмүр жолуңа.
Чындыкты көрүп жолуңдун,
Өзгөрттүм мен да оюмду.
Куткарып алчы, Теңирим,
Берилип сунам колумду.
Өмүрүм Сага арнайын,
Жүрөктө сени сактайын.
Дүйнөгө айтып сүйүүңдү,
Түбөлүк сени даңктайын.
#3 10 July 2013 - 19:35
Жакындап бул дүйнөнүн бүтөр күнү,
Анжырдын бажырая жайнайт гүлү.
Бирөөлөрдүн жүрөктөрүн титиретсе,
А бизди кубандырат анын бүрү.
Теңирдин «келем» деген сөзү анык,
Бакыттын толугу ал күндөй жарык.
Ушунча самай берем ошол күндү,
Келишин периштелер сурнай тартып.
Согуштар болот деген, болуп жатат.
Бир элге каршы бир эл согуш ачат.
Оорулар,жер титирөө,көп кайгылар,
Куугунтук,каршылыктар жанга батат.
Ыйса айткан бир дагы сөзү өтүп кетпейт,
Ишенбестин чын өмүргө колу жетпейт.
Эгерде ишенимден башың тартсаң,
Жүрөгүңдү Ыйык Рух кайра чертпейт.
Даяр бол,акыркы саат жакын калды,
Иши менен акталар адам барбы?!
Жок андай,бирөө да жок арабызда,
А Ыйса каны менен жолду салды.
Анжырдын бажырая жайнайт гүлү.
Бирөөлөрдүн жүрөктөрүн титиретсе,
А бизди кубандырат анын бүрү.
Теңирдин «келем» деген сөзү анык,
Бакыттын толугу ал күндөй жарык.
Ушунча самай берем ошол күндү,
Келишин периштелер сурнай тартып.
Согуштар болот деген, болуп жатат.
Бир элге каршы бир эл согуш ачат.
Оорулар,жер титирөө,көп кайгылар,
Куугунтук,каршылыктар жанга батат.
Ыйса айткан бир дагы сөзү өтүп кетпейт,
Ишенбестин чын өмүргө колу жетпейт.
Эгерде ишенимден башың тартсаң,
Жүрөгүңдү Ыйык Рух кайра чертпейт.
Даяр бол,акыркы саат жакын калды,
Иши менен акталар адам барбы?!
Жок андай,бирөө да жок арабызда,
А Ыйса каны менен жолду салды.
#4 10 July 2013 - 19:37
Адашып жүргөндө азап чегип,
Сен мени издедиң Куткаруучум.
Алдамчы өмүргө азгырылып,
Өзүңдөн адашып жүрүптүрмүн.
Керемет жараттың табигатты,
Ай менен жылдызды жаркыраттың.
Бардыгы Өзүңө багынышат,
Асманды,жерди да сен жараттың.
Миң алкыш айтамын Өзүңө мен,
Жанымды тирилттиң Рухуң менен.
Көзүмдү ачтың Сен,сокур элем,
Жүрөгүм таш эле жибиттиң сен.
Теңирим, Өзүңө баш иемин,
Кудурет-күчүңө ишенемин.
Оо кандай күнөөкөр жан элеммен,
Айкашкан жыгачта Сениөлтүргөн.
Сен мени издедиң Куткаруучум.
Алдамчы өмүргө азгырылып,
Өзүңдөн адашып жүрүптүрмүн.
Керемет жараттың табигатты,
Ай менен жылдызды жаркыраттың.
Бардыгы Өзүңө багынышат,
Асманды,жерди да сен жараттың.
Миң алкыш айтамын Өзүңө мен,
Жанымды тирилттиң Рухуң менен.
Көзүмдү ачтың Сен,сокур элем,
Жүрөгүм таш эле жибиттиң сен.
Теңирим, Өзүңө баш иемин,
Кудурет-күчүңө ишенемин.
Оо кандай күнөөкөр жан элеммен,
Айкашкан жыгачта Сениөлтүргөн.
#5 10 July 2013 - 19:39
Арманын адамзаттын айтып бүтпөй,
Түгөнгүс дастандарды жазып өткөн,
Акындар ыр саптарын чубуртушуп,
Дүйнөдөн арман менен алар кеткен.
Чынында арман ырын ким угат?
Шорголоп аккан жашты ким тыят?
Жүрөктүн муңу бар да, сыры да бар.
Айткыла даанышмандар, бакыт барбы?
Жазылып сан кыргыздын жүрөгүндө,
Кармаштын эчен түркүн тагы калды.
Илгертен адамзатка мүшкүл салган,
О тууган,нечен кармаш тагы калды.
Жүрөктөр сыздайт дале,сыздайт боздоп,
Негедир таба албай тынчтык бакыт.
Жүрөктөр ыйлайт дале өксөп-өксөп,
Дүйнөдөн чындык таппай, көзү катып.
Адамдар чындык таппай адашабы?
Чындыкты жалган менен алмашабы?
«Ушу,-деп,-рух азыгы», маалан байлап,
Чырпыкты өстүрбөстөн бууп салды.
«Өлөрүң, ата, сенин аз калды»,- деп,
Баласы өз атасын кууп салды.
Адамдар чындык билбей адашабы?
Чындыкты жалган менен алмашабы?
Адамдан пейил кетти,ыйман кетти,
Кыскасы күнөө толду жер бетине.
Күнөөдөн арылта алар бир Теңир бар,
Ырайым,өмүр берер жүрөктөргө.
Адамдар бул чындыкты кабыл алса,
Жүрөктөрүн Теңирге арнай алса.
Адамзат, Куткаруучуң Ыйса экен.
Окугун Инжил, Тоорат, Забурду сен.
Жүрөктүн күнөө толгон катмарларын
Тазартат,Ыйса гана өмүр берет.
Чындыкты табат адам Ыйсадан,
Өмүрдү алат адам Ыйсадан.
Түгөнгүс дастандарды жазып өткөн,
Акындар ыр саптарын чубуртушуп,
Дүйнөдөн арман менен алар кеткен.
Чынында арман ырын ким угат?
Шорголоп аккан жашты ким тыят?
Жүрөктүн муңу бар да, сыры да бар.
Айткыла даанышмандар, бакыт барбы?
Жазылып сан кыргыздын жүрөгүндө,
Кармаштын эчен түркүн тагы калды.
Илгертен адамзатка мүшкүл салган,
О тууган,нечен кармаш тагы калды.
Жүрөктөр сыздайт дале,сыздайт боздоп,
Негедир таба албай тынчтык бакыт.
Жүрөктөр ыйлайт дале өксөп-өксөп,
Дүйнөдөн чындык таппай, көзү катып.
Адамдар чындык таппай адашабы?
Чындыкты жалган менен алмашабы?
«Ушу,-деп,-рух азыгы», маалан байлап,
Чырпыкты өстүрбөстөн бууп салды.
«Өлөрүң, ата, сенин аз калды»,- деп,
Баласы өз атасын кууп салды.
Адамдар чындык билбей адашабы?
Чындыкты жалган менен алмашабы?
Адамдан пейил кетти,ыйман кетти,
Кыскасы күнөө толду жер бетине.
Күнөөдөн арылта алар бир Теңир бар,
Ырайым,өмүр берер жүрөктөргө.
Адамдар бул чындыкты кабыл алса,
Жүрөктөрүн Теңирге арнай алса.
Адамзат, Куткаруучуң Ыйса экен.
Окугун Инжил, Тоорат, Забурду сен.
Жүрөктүн күнөө толгон катмарларын
Тазартат,Ыйса гана өмүр берет.
Чындыкты табат адам Ыйсадан,
Өмүрдү алат адам Ыйсадан.
#6 10 July 2013 - 19:44
Элим,
бүгүн сага мен
Айткым келет ыр менен:
Куткарам деп күнөөдөн,
Теңир жерге келгенин.
Кыргыз жерим сага мен
Кайрыламын ыр менен:
Тартуу кылат сүйүүсүн,
Кабыл алгын Теңирден.
Айткым келет ыр менен:
Куткарам деп күнөөдөн,
Теңир жерге келгенин.
Кыргыз жерим сага мен
Кайрыламын ыр менен:
Тартуу кылат сүйүүсүн,
Кабыл алгын Теңирден.
#7 10 July 2013 - 19:45
Адамзатты абдан сүйгөндөн,
Жер бетине келгенсиң.
Мээримиңди төгүп,чыдап Сен,
«Күнөөңдөн кайт»-дегенсиң.
Азап чектиң чыдап айкашжыгачта
Күнөөм үчүн, Теңирим.
Көрө албай Сени көз менен,
Көп издедим өмүрдө.
Канча күндөр Өзүңдү билбей,
Кир толтурдум көңүлгө.
Кийин гана жүрөгүмдөн сездиммен
Бар экениң, Кудайым.
Жолумдагы жарык жылдыздай
Жанып турдуң жаркырап.
Багымдагы мөлтүр булактай
Агып турдуң шылдырап.
Жарык күндүн күлмүңдөгөнкөзүндөй
Нурун чатың Теңирим.
Колумдагы асыл берметтей
Сенин ыйык сөздөрүң.
Окуганды абайлап карай,.
Жашка толот көздөрүм.
Сыйынганда, үнүм угупасмандан,
Жооп бердиң, Теңирим.
Жер бетине келгенсиң.
Мээримиңди төгүп,чыдап Сен,
«Күнөөңдөн кайт»-дегенсиң.
Азап чектиң чыдап айкашжыгачта
Күнөөм үчүн, Теңирим.
Көрө албай Сени көз менен,
Көп издедим өмүрдө.
Канча күндөр Өзүңдү билбей,
Кир толтурдум көңүлгө.
Кийин гана жүрөгүмдөн сездиммен
Бар экениң, Кудайым.
Жолумдагы жарык жылдыздай
Жанып турдуң жаркырап.
Багымдагы мөлтүр булактай
Агып турдуң шылдырап.
Жарык күндүн күлмүңдөгөнкөзүндөй
Нурун чатың Теңирим.
Колумдагы асыл берметтей
Сенин ыйык сөздөрүң.
Окуганды абайлап карай,.
Жашка толот көздөрүм.
Сыйынганда, үнүм угупасмандан,
Жооп бердиң, Теңирим.
#8 10 July 2013 - 22:22
Жакшы ыр саптары экен, автор өзүңүз жазгансызбы
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#9 10 July 2013 - 22:33
Бул ырды машаяктар жазып кеткен экен...
КОЛ ТИЙБЕГЕН КЫЗ КААЛАСАН;
КОЛ ТИЙБЕГЕН ЭРКЕК БОЛ!
КОЛ ТИЙБЕГЕН ЭРКЕК БОЛ!
#10 12 July 2013 - 08:19
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#11 12 July 2013 - 10:27
Бир гана Сен кубаныч бакыт берген,
Бир гана Сен жетелеп, багыт берген.
Бир гана Сен өмүргө маңыз берип,
Таң болуп жашоомо жарык берген.
Жалгыз Өзүң билесиң түйшүгүмдү,
Жалгыз Өзүң билесиң бүт сырымды.
Жалгыз Сага табынам, жалынамын,
Жарык кыл жашоомду, кагылайын.
бир Өзүңдөн тынч алам, кубанамын,
Бир Өзүңдөн күч алам, жанданамын.
Бир Өзүңдөн сүйүүгө толуп рухум,
Жаш барчын өңдөнүп шыктанамын.
Бир гана Сен жетелеп, багыт берген.
Бир гана Сен өмүргө маңыз берип,
Таң болуп жашоомо жарык берген.
Жалгыз Өзүң билесиң түйшүгүмдү,
Жалгыз Өзүң билесиң бүт сырымды.
Жалгыз Сага табынам, жалынамын,
Жарык кыл жашоомду, кагылайын.
бир Өзүңдөн тынч алам, кубанамын,
Бир Өзүңдөн күч алам, жанданамын.
Бир Өзүңдөн сүйүүгө толуп рухум,
Жаш барчын өңдөнүп шыктанамын.
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
#14 24 July 2013 - 20:30
Анда бул ырларынардан кандай пайда?..
Анда дегени эмнеси ))). Кудайды даңктап ырдаган ырлардан кандай пайда экенин түшүнбөйсүңбү?
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
#16 25 July 2013 - 21:07
#17 21 August 2013 - 11:02
Бул турмуш эмне жаманбы, күнөөгө толгон адамбы?
Тааныбай Кудай Теңирди, жамандайбыз заманды.
Тээ мурда энесин урган бар беле, энелер сыйга зар беле?
Аталар сакал жайкалткан, көчөд ө качан калды эле?
Ал эми азыр карасаң, каңгырап көчө кезген көп, үйүнөн качып безген көп.
Топуратып той берип, жардыны жумшап эзген көп.
Жашынан тойбой токочко, турмуштун уусун сезген көп.
Чыланып ачуу арака, карабай үйдө тамакка,
Таң атпай чыгып көчөгө, сагаалап камок тарапка,
Бүт сатып ичкен ырысын, койнуна катып чынысын,
100 грамм берчи буга деп, ар кимге сунуп тымызын.
Ажырап арак айынан, бүлөөдөн үйүр алышкан,
Эр азамат жигит көп, жалгыздап жашап калышкан.
Тагдырын бүтүн тапшырып, суурулуп келген элинен
Жөө бою качкан келин көп, бир кезде сүйүшүп тийген эринен.
Көтөрүп бойдо тогуз ай, толготуп араң төрөгөн.
Көп эле жерден кездешет, баласын эне жериген.
Батырбай нечен кайнене, баласы сүйгөн келинин
Ар кимге барып жамандап, ал тургай кандай ата тегинин
Баласы ошол келинди, жаңылып алып алганын
Бат эле бала төрөлүп, айласыз жашап калганын
Какшана берип ар жерде, байкабай калат акыры
Ортого оңолгус бүлүк салганын.
Кор болду нечен энелер, кире албай үйгө эшиктен
шыкаалап ар кыл тешиктен, жакшы ооз сөз укпай уулунан
Бир гана сөгүнгөн үнүн эшиткен
Өзүнөн сезбей күнөөнү
Күнөөлөш жеңил бирөөнү
Тажатты мени булар деп
Таң калтып үйдө бүлөөнү
Акыркы кез көп угам
Үйүнөн качкан күйөөнү
Талкалап жашоо түнөгүн
Көбөйтүп күнөө үрөнүн
Ээрчитип алып кеткен көп
Күйөөсүн башка бирөөнүн
Карабай үйдө балага
Камыры ашкан чарада
Түтүнмө түтүн кыдырган
Таң калам кээ бир аялга
Атайлап ишке чыккансып
Таң атпай чыгат үйүнөн
Кемтигин көрсө бирөөнүн
Кудуңдап ичтен сүйүнгөн
Кимкине кимдин киргенин
Ким менен кимдин жүргөнүн
Көбүртүп айтып эбиреп
Апыртып эмне көргөнүн
Жашоосу эле далилдейт
Анын жамандык издеп жүргөнүн
Эстесе болмок андан көрөк
Үйүндө калган баласын
Камыры ашкан чарасын
Ылгабай айткан ушагы
Тескебей агын карасын
Бузаарын адам арасын
Байлыкка балкып көпкөн бар
Токочко жетпей чөккөн бар
Ыраазы болбой чоңду эңсеп
Ырысын колдо тепкен бар
Кээ бирөөнө бар дүйнө
Кээ бирөөнө зар дүйнө
Адамзат баткан күнөө ө
Чын эле азыр тар дүйнө
Жакшылык дайым кылганы
Жамандык ойлоп турганы
Дүнүйө жыйнап дүркүрөп
Күнүгө сайран курганы
Күнүмдүк нанын таба албай
Айласы куруп турганы
Күнөөсүн дайым сезгени
Чындыктан качып безгени
Кайдыгер карап башкага
Теңсинбей карап өлгөнү
Теңирге баары белгилүү
Кандайча жашап өткөнү
Акыры келет бир күнү
Баары үчүн отчёт бергени
Убакыт сааты келгенде
Токтолот өмүр барагы
Бөлүнөт ошол учурда
Дене жандын арасы
Адамдын жансыз денесин
Ардактап жерге көөмп койот
Артында ага иниси
Бүт күнөөң үчүн жооп берчү
Бул ошол кез үчүн жаттап ал
Барганча Теңир алдына
Көңүлгө бекем сактап ал
Адвокат болбойт ал жерде
Акча алып актап койгондой
Ата-энең болбойт ал жерде
Паралап коюн сойгондой
Ага- иниң болбойт ал жерде
Суранып күнүң чойгондой
Кошунаң болбойт ал жерде
Жакшы деп кепил болгондой
Тозокту карай жетелеп
Жаныңа күнөө өч болот
Кечирим сурап калбасаң
Өлгөндөн кийин кеч болот
Болсоңор эгер кулакдар
Соолубас мөлтүр булак бар
Ишенбей түртсөң сен аны
Сен үчүн катуу сурак бар
Куранда дагы жазылган
Дүйнөнү Ыйса соттойт деп
Соттоочу ошол деп турса
Ким айтат Андан коркпойм деп
Ишенсең, ишенбесең да
Кудайдын иши токтобойт
Адамдын кылчуу күнөөсүн
Бир гана Ыйса актай алат
Кечирим алсаң Ыйсадан
Жазылган анда соттобойт.
Тааныбай Кудай Теңирди, жамандайбыз заманды.
Тээ мурда энесин урган бар беле, энелер сыйга зар беле?
Аталар сакал жайкалткан, көчөд ө качан калды эле?
Ал эми азыр карасаң, каңгырап көчө кезген көп, үйүнөн качып безген көп.
Топуратып той берип, жардыны жумшап эзген көп.
Жашынан тойбой токочко, турмуштун уусун сезген көп.
Чыланып ачуу арака, карабай үйдө тамакка,
Таң атпай чыгып көчөгө, сагаалап камок тарапка,
Бүт сатып ичкен ырысын, койнуна катып чынысын,
100 грамм берчи буга деп, ар кимге сунуп тымызын.
Ажырап арак айынан, бүлөөдөн үйүр алышкан,
Эр азамат жигит көп, жалгыздап жашап калышкан.
Тагдырын бүтүн тапшырып, суурулуп келген элинен
Жөө бою качкан келин көп, бир кезде сүйүшүп тийген эринен.
Көтөрүп бойдо тогуз ай, толготуп араң төрөгөн.
Көп эле жерден кездешет, баласын эне жериген.
Батырбай нечен кайнене, баласы сүйгөн келинин
Ар кимге барып жамандап, ал тургай кандай ата тегинин
Баласы ошол келинди, жаңылып алып алганын
Бат эле бала төрөлүп, айласыз жашап калганын
Какшана берип ар жерде, байкабай калат акыры
Ортого оңолгус бүлүк салганын.
Кор болду нечен энелер, кире албай үйгө эшиктен
шыкаалап ар кыл тешиктен, жакшы ооз сөз укпай уулунан
Бир гана сөгүнгөн үнүн эшиткен
Өзүнөн сезбей күнөөнү
Күнөөлөш жеңил бирөөнү
Тажатты мени булар деп
Таң калтып үйдө бүлөөнү
Акыркы кез көп угам
Үйүнөн качкан күйөөнү
Талкалап жашоо түнөгүн
Көбөйтүп күнөө үрөнүн
Ээрчитип алып кеткен көп
Күйөөсүн башка бирөөнүн
Карабай үйдө балага
Камыры ашкан чарада
Түтүнмө түтүн кыдырган
Таң калам кээ бир аялга
Атайлап ишке чыккансып
Таң атпай чыгат үйүнөн
Кемтигин көрсө бирөөнүн
Кудуңдап ичтен сүйүнгөн
Кимкине кимдин киргенин
Ким менен кимдин жүргөнүн
Көбүртүп айтып эбиреп
Апыртып эмне көргөнүн
Жашоосу эле далилдейт
Анын жамандык издеп жүргөнүн
Эстесе болмок андан көрөк
Үйүндө калган баласын
Камыры ашкан чарасын
Ылгабай айткан ушагы
Тескебей агын карасын
Бузаарын адам арасын
Байлыкка балкып көпкөн бар
Токочко жетпей чөккөн бар
Ыраазы болбой чоңду эңсеп
Ырысын колдо тепкен бар
Кээ бирөөнө бар дүйнө
Кээ бирөөнө зар дүйнө
Адамзат баткан күнөө ө
Чын эле азыр тар дүйнө
Жакшылык дайым кылганы
Жамандык ойлоп турганы
Дүнүйө жыйнап дүркүрөп
Күнүгө сайран курганы
Күнүмдүк нанын таба албай
Айласы куруп турганы
Күнөөсүн дайым сезгени
Чындыктан качып безгени
Кайдыгер карап башкага
Теңсинбей карап өлгөнү
Теңирге баары белгилүү
Кандайча жашап өткөнү
Акыры келет бир күнү
Баары үчүн отчёт бергени
Убакыт сааты келгенде
Токтолот өмүр барагы
Бөлүнөт ошол учурда
Дене жандын арасы
Адамдын жансыз денесин
Ардактап жерге көөмп койот
Артында ага иниси
Бүт күнөөң үчүн жооп берчү
Бул ошол кез үчүн жаттап ал
Барганча Теңир алдына
Көңүлгө бекем сактап ал
Адвокат болбойт ал жерде
Акча алып актап койгондой
Ата-энең болбойт ал жерде
Паралап коюн сойгондой
Ага- иниң болбойт ал жерде
Суранып күнүң чойгондой
Кошунаң болбойт ал жерде
Жакшы деп кепил болгондой
Тозокту карай жетелеп
Жаныңа күнөө өч болот
Кечирим сурап калбасаң
Өлгөндөн кийин кеч болот
Болсоңор эгер кулакдар
Соолубас мөлтүр булак бар
Ишенбей түртсөң сен аны
Сен үчүн катуу сурак бар
Куранда дагы жазылган
Дүйнөнү Ыйса соттойт деп
Соттоочу ошол деп турса
Ким айтат Андан коркпойм деп
Ишенсең, ишенбесең да
Кудайдын иши токтобойт
Адамдын кылчуу күнөөсүн
Бир гана Ыйса актай алат
Кечирим алсаң Ыйсадан
Жазылган анда соттобойт.
#18 21 August 2013 - 11:05
Көрбөй туруп ишенем
Теңир сени көрбөсө да көздөрүм
Көруп турат мени сенин көздөрүң
Көрбөсөм да мен көргөндөй ишенем
Ошондуктан сени карай көздөдүм.
Тенир сенин көрбөсөм да карааның
Айдан ачык көңүл бөлүп караарың
Ошондуктан эч шектенбей ишенип
Жалгыз сени сени ээрчип барамын
Көзүм көрбөйт бирок көрөт жүрөгүм
Ошондуктан мен ишенип жүрөмүн
Бул дүйнөдө көрбөсө да көздөрүм
Бейиш шаарда көрүп өмүр сүрөмүн
Сөздөрүңдү окуганда күн сайын
Мен кубанып Ыйык Рухка толомун
Сени менен суйлөшкөндө сырдашып
Өз жүзүңдү көргөндөй эле боломун
Мен өзүңдү көрбөй туруп таң калам
Не болот деп ойлоп койом көргөндө
Кантсе дагы таза сактап жүрөгүм
Өз жүзүңдү даяр болсом көргөнгө
Теңир сени көрбөсө да көздөрүм
Көруп турат мени сенин көздөрүң
Көрбөсөм да мен көргөндөй ишенем
Ошондуктан сени карай көздөдүм.
Тенир сенин көрбөсөм да карааның
Айдан ачык көңүл бөлүп караарың
Ошондуктан эч шектенбей ишенип
Жалгыз сени сени ээрчип барамын
Көзүм көрбөйт бирок көрөт жүрөгүм
Ошондуктан мен ишенип жүрөмүн
Бул дүйнөдө көрбөсө да көздөрүм
Бейиш шаарда көрүп өмүр сүрөмүн
Сөздөрүңдү окуганда күн сайын
Мен кубанып Ыйык Рухка толомун
Сени менен суйлөшкөндө сырдашып
Өз жүзүңдү көргөндөй эле боломун
Мен өзүңдү көрбөй туруп таң калам
Не болот деп ойлоп койом көргөндө
Кантсе дагы таза сактап жүрөгүм
Өз жүзүңдү даяр болсом көргөнгө
#19 21 August 2013 - 21:41
Кыргыз Христиандар коппу деймда ()))
КОЛ ТИЙБЕГЕН КЫЗ КААЛАСАН;
КОЛ ТИЙБЕГЕН ЭРКЕК БОЛ!
КОЛ ТИЙБЕГЕН ЭРКЕК БОЛ!

Супер-Инфо
super.kg
видео













