Менин бул темага кайрылып калышымдын эле негизги себеби Кыргызстан болуп жаткан жанылыктар кийинки кездери коп ойлонтчу болду. Оз жеринде жургондо эч нерсени билбей журо берет экен адам, ал эми ботон жерде болсо башка элдер менен озубуздун элдерибиздин кемчиликтерин жана жетишкен жактарын салыштырып,
"эмне учун мындай болуп калды, менин ата-бабам мындай томон адамдар эмес эле го, кай жерибизден жаздык, дагы кандай жаман нерселер болбос бекен"-деп кам санай турган болдум. Эмесе соз башынынан болсун: кийинки кездеги статистикалык маалыматтарга караганда бизде кыз зордуктоо алдынкы орундарда турат экен, " Жакында эле 14 жашар кызды милициянын кызматкери зордуктап койду "-деп жазышыптыр.
Эгер милициялар ошону кылса карапайым акылы жетпегендер эмне кылышат? Адам баласы жаралып, Алланын жолун ойлобогондо деле, туура журуп,а дал тамак жеп, бироого зыян жеткирбей бул оопасыз убактылуу жашоодо, озундун адамдык парызындын алдында адал жашап отконго не жетсин.
Ошондо киши олум келген мезгилде деле "мен бул дуйнодо туура эле жашап оттум "-деген ой менен олсо керек. Биздин ата-бабаларыбыз кандай бийик адаидар болгон, ошондуктан миндеген жылдардады басып откондон кийин бизге коонорбос акыл насаатарын макал-лакаптар,
учкул создор менен таштап кетишкен М; "Укпайт деп ушак айтпа, корбойт деп уурулук кылба, теректей бой бергиче теменедей акыл берсин, атан тоо мас болсо, тайлак менен дос болот, Козу сокур болсо да, кокурогу сокур болбосун ж,б .<br style="font-family:
Arial, Tahoma, Verdana, sans-serif; font-size: 13px;">
Эмне себептен кыздарды кээде наристелерди зордуктайт,
экектер оздору айткандай эркекчилик кылышпайбы,
ошол кыз дагы бир зркектин жанынан да кымат коргон кызы, андай акмактарга олум жазасын да берсе аздык кылат. Динде болсо адам олтуруу менен бирдей даражада каралат экен. Кантсе да баарыбызга ыйман берсин жараткан. Албетте мен бул жерде жалан эле эркектеди куноолойун деген жокмун, аялдардын дагы жетиштуу денгээлде куноосу бар, бирок жабыр тарткандар наристе кыздар болуп жатпайбы, алардын кандай куноосу бар, алар бул дуйного жаны гана жаралып, тагдыры талкаланса кандай болот, ошондуктан коомчулук озунуздордун оюнуздарды кошсонуздар.
"Эки шаарды согуштурган адам, эки адамды Элдештирген адамдын тырмагынан айлансын "-деген ошондуктан сенин оюн туура эмес жолдо бараткан адамдынн турмушун, туура жолго салып, туп тамыры менен озгортуп жибериши мумкун, адам адамды турмого салып, же сабап, же дагы бир кыйноолор менен тарбиялай албайт экен, адам адамды ыйманга чакыруу менен жакшы создор менен гана тарбиялайт экен . Муну бизге турмуштук эчендеген тажырыйбалар косотуп койду. Бул жерде экрандын артында эр болбой жардам бербейби дал ошол кыздарга деп да ойлошунуздар мумкун, ообо мен жардам берип келем. Озум Москвада турам бир куну уйумо сапар тартып окуудан баратсам, эки кыргыз жигит жаш кызды зордомок болуп, ээн жерде кыйнап турганын кордум, барып эмне болду десем "келегой чогу ашарлап жиберели"
- деди менин ошондогу абалымдын ачуусун жер жарылса да токтото алмак эмес! Акыры ал кыз шок болгонун коруп жардамымды бердим, метро Академическая ул, 60 летия октября болчу ал жерде ээн жер бар экендигин Москвада тургандар билсе керек. Мен Кыргызстанымды сойккулары жок, уурулары жок, аракечтери жок, кумарчылары жок, оорулуулары жок мамлекет катары элестетем, сенчи замандаш дегим келет?..
Колдон келсе балдар коррупцияга батып жаткан биздин коргоочуларга ишенууго болбой калды карындаш, эже, апаларды коргоп алалы. Финансы жактан жардам керек болсо жардам берели. Анан да алыста эмгектенип жургон ар бир жаран аздан болсо да акча чогултуп туралы, жабыр тарткандарга жон карап турууга болбойт. Мекендештин жазылбаган милдети бар, ал оз жерин, озу элин коргошу керек экендигин билебиз. Жырткычтан томон зоокурлорду уруп, согуп олтуруп биз эч качан бактылуу боло албайбыз, бирок жазасын да алыш керек! Бийликтин кучу жетпесе, укук коргоочулардын кучу жетпесе коррупсия менен жашашса, биз адал нан жеген адамдарбыз коом озу балдарын тарбиялаш керек, мен таза, сен таза, коом таза дегендей бат баттан чогулуп, жаштар чогулуш откоруп турганы да он, жон эле жыргап чаардаш учун откорулгон жолугушуулардын эч кандай пайдасы деле жок! Ыймнга келип жакшы-жакшы демилгелерди которуп чыгаралы...
- (2 )
-
- 1
- 2
Ыйманың барбы, замандаш?
#1 11 July 2013 - 16:14
Истинная любовь похожа на привидение:
все о ней говорят, но мало кто ее видел..........
#2 11 July 2013 - 16:47
Эн бир туура айтасыз, бир жакадан баш, бир женден кол чыгарсак жакшы болот эле. Толугу менен жардам бере албасак да аз маз жардам берсек жакшы болмок. Мен колдойм сизди.
"Сен таза болсон, мен таза болсом коом да таза болот."
#3 11 July 2013 - 16:58
Туура жазыпсыз. Азыр кыз зордуктоо көбөйүп кетти. Өз кызын зордуктагандар да болуп жатпайбы, буга мен заманда эмес, адамдар өздөрүбүздө эле күнө го деп ойлойм, бара-бара батыш жака ооп баратабыз. Азыр биз ушундай болуп турсак, бизден кийинки муун кандай болот билбейм
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#4 11 July 2013 - 18:07
Автордун айткандарына кошулам. Чынында эмне деген окуялар,терс корунуштор кобойуп баратат.
#5 11 July 2013 - 18:11
Ооба, сиз жазгандай зордуктоолор учун, бир эле бул эмес, мындан башкасы учун да мыйзам чегинде жаза колдонулбагандыгынан же колдонулган жазага жабыр тарткандардын нааразычылыгынан улам бири-биринен оч алуулар болбой койбойт экен. Баягы эле тааныштар, баягы эле коррупция эл тынчтыгын бузуп, ишенимди жоготуп келет, кызматына, акчасына карап мамиле жасашат. Жазылган мыйзамдар карапайым элге, акчасы жокторго гана. Бул жарыктык ааламдын жалган дуйно экенин, чыныгы дуйнодо бейиштин, тозоктун бар экенин, Кудай алдында баарыбыздын жоопкерчилигибиз бирдей экенин эске алып, акчаларга азгырылбай,
кызматына карабай адилеттуулукту тийиштуу органдар орнотсо кылмыштуулуктун саны деле азаймак беле?..
Жалдырап жолун тосуп келем сенин,
Жанымдын жарымы бол жан эрмегим.
Жаштыгым озунду энсеп отуп барат,
Жалгызым кайдасын сен, издетпегин.
Жанымдын жарымы бол жан эрмегим.
Жаштыгым озунду энсеп отуп барат,
Жалгызым кайдасын сен, издетпегин.
#6 11 July 2013 - 19:41
Ар бирибиз озубуздун дос курдаш,ага-карындаштарыбызды ушундай нерселерден тыйсак,ислам жонундо маалымат кобуроок алсак балким мындай нерселер азаймак.Ал эми ата болуп туруп жаш кыздарды зордутагандарга кандай жооп жазышты да билбейм,жон гана кудайым ага да ошол нерсени кайтарышын сурайм,куноокор болсом да
#7 11 July 2013 - 20:48

Сиздин айткандарыныз да эн туура бирок Мен ойлойм бул нерсе ар бир адамдын озунон болуш керек жоопкерчилик жок бири бирин сыйлабастык кобойду
Ислам жонундо айтыпсам Мени менен чогуу жашаган Бир жакшынакай эле азамат бар болчу Тили укмуш кылыш керек жасаш керек дегенди калтырбай суйлойт Дааватка чыкты 1-2-3 кун таксыр болуп журду андан башка намаз окубагандай болуп намаз окуганын тануулап анан ... экинчи жолу дааватка кетти келип туруп чыдабай калдым деп кечинде паркка чыгып кыздар м-н сулошуп уйго алып келип кылчысун кылып эртеси намазды окуп камырабай басып кетип журон кундору коп эле коруп калдык кой ай десен Мага ыйман толо элек деп беттен алат Мен ойлойм ар бир адам чойросунон жана алган тарбиясынан ата тегинин журум турумунан коз каранды болот
#8 12 July 2013 - 07:04
Ар бир адам озун ыймандуумун дейтда,мен угалекмин мен ыймансызмын дегендерди.
....Андан коро эл айтса кимдин ыйманы бекем,кимдин ыйманы жок экенин....
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#9 12 July 2013 - 07:28
Бул койгой илгерки чумоо оорусундай кыргыз элимди каптап келе жатканга окшоп кетет.Газетанын бетин ачсан ушул койгой журогун ооруйт.Жаш наристелер,
эми бойго жетейин деген жашы жете элек кызалактар.
..Бийликтен жардам жок,укук коргоочулардан деги эле жардам жок.канткенде биз жок кыла алабыз.?Бир адамдын колунан келбейт бул турган кеп.Ошон учун бардыгыбыз аракет кылышыбыз керек бирок кантип?Суперстанда канчалаган адамдарыбыз бар,ар бир областа керек болсо чет жерде иштеген,чет жерде жашаган келгиле биригели .Арабызда аксакл Бакай атадай акылмандарыбыз,
элдин журогуно жеткире ыйман айткан илимдуулорубуз,
законду катырга билген билимдуулорубуз,
журогу таза ыймандууларыбыз бар.Колубуздан иш келбегенибиз,
жана башкалар финансыдан жардам берсек.Кимдин колунан эмне келет карап турбай жардам берсек.Кыздарыбызды сактап калар белек.Элге болбогур партия ачса ,элдер кош колдоп кетет го ага караганда бул жалпы элдин койгойу го.Бир уйдун муйузу ооруса мин уйдун муйузу зыркырайт дейт го биз адамбыз го.
#10 12 July 2013 - 14:26
Атамбаев мыйзам кабылдаптыр,
бирок ал мыйзам, толук кандуу боло элек. Эми дагы канча кутуш керек? балким дагы беш жылбы?
#12 12 July 2013 - 21:49
Эн негизки нерсе бул уйдогу тарбия! Тарбиясы бар адам бойго жетелек кызды эмес , эрезеге жеткен кызды да зордуктабайт.
А тарбияны ким берет уйдо ? Таалим тарбия,акыл насаат , тазалыкты ж.б.у .с уйдо эне берет. Менда коп ойлоном биздин азыркы кыздарыбыздын кийинип жургонуно , кочодо озун алып жургонуно. Бир эле мисал азыр кочого чыксан эле курсагы ачык ,турси кийгени же шорта кийгени билинбеген кийимдерди кийип ,катуу каткырык салып журушот. Эми ошо кыздан биз кандай баланы кутобуз ? Ал неме ден-соолугу чын бала тороп береби бизге ? Мына ушул койгойлор коп кокурокту сыздатат. Бир чон проблема кыпындай эле нерседен чыгат...
#13 13 July 2013 - 00:19
Биринн төө десе экинчин акылдуусунуп бээ дейсин тема боюнча автор чечинип калжандаган кыздар же сөгүнүп алкаш болгон балдар жөнүндө айткан жок! Бул жерде Рая эже айтып кеткендей, жогоруда айтылып аткандай наристелердин зордукталуусу,
кыздардын селкилердин кор болсуусу жөнүндө болуп жатканын кантип тушунбөйсүнөр мен таңмын ушул!!!
ТЕма боюнча айланайын калайык калкым бул жерде жакшы демилге көтөрүлүп жатат Рая эжебиз журөгү сыздаганынан улам келип бирдеме кылалы бир жеңден кол чыгаралы деп жатканына көңүл кош мамиле кылганыңар кызык ушул! Укмушсунар го тим эле аялдар менен бакылдашып- айтышып, бирөөнү каргап-шилеп эки тарап аймашып олтурганча пайдалуурак ушул сыяктуу темаларды карап көрөлү! Бөбөктөрүбүз эмне кыска шорта кийгени учун зордукталып жатабы, балдар аларды арак ичип же төшүн көрүп дуулугуп зордуктап жатабы, ойлонсонор бойго жете элек кыздар секелек болуп саналса керек аларды наристе дейт! Азыркы кудайды тааныганы, тааныбаганын да кыз зордоп калыптыр! Ошондуктан бул форумда олтурган форумчулардын ичинен мугалими бар, кээ бир ишкерлер бар, журналисти бар элге тарбия берели, чогулуп акча чогултуп эл кыдырып ушул тууралуу маалымат берсек, мындай бат корунушко каршы чараларды корсок, эркек балдар бири бирине тарбия берип, улуу кичуусуно азыркы зөөкүрлөр туууралуу маалымат берип, ар бирин карындашын эжесин коргоосун айтып турсак албетте толк чыгат!!! Теле каналдарга да кайрылсак кантет, себеби теле да тарбия беруучу бир булак болуп саналат. Жакшы бир программа уюштуруп ошону тартып элге алып чыксак, болоор-болбос кайдагы бир саясатчыларды соз кылбай оозубузду ачыып олтура бербей эл озу дагы аракет кылсын да! Элде, биздин Кыргыз калкта азыр такыр биримдик жок, акылдуусун укпайт акылсызы, же тан алгысы келбейт бироосу мынчалык томон кеткен да жарабайт, андыктан биз биринчи форумдан баштайлы баарыбыз биригели, ошондо ынтымактын чордону болуп анан биз журтубузга таасир бере алабыз озубузчо мында эрденсинбей!
1-Форумчулар урушканын жарашкыла, орозо кунундо канча куноо кетирсен кечирим сура бирин биринен текеберлик эн жаман сапат!
2-Бизде акыл эстуу ой жугурткучторубуз, шамдагайларыбыз, элпектерибиз, талантууларбыз бар! Ошондуктан бирибизди бирибиз угалы! Тим эле озун укмуш сезип мыйыгынан кулбой анкоорагын уйротуп озундун чойроно кошуп алгыла! Ал эми анкоо десе чектен ашып, оозуна келгенин оттобой кичине тартиптуурок болсо болмок!
3-Ошондо биз жаныча кадамдар менен коомго сунгуп, озубуздун партиябызды тузо алабыз. Ал учун бизге акча же башка кереги жок, биримдик жана ар бирин озунун денгээли менен ордун билип акыл-эстуурагын колдоп, озу да жакшы наамга аракет кылып турса баары болот бизде!
4-Калкын учун куйосунбу?.. кур намыс ,кур патриот болбой эмгегин жана аракетин менен корсот! Ынтымак болсо ырыс уялайт ошондуктан да "Ырыс алды ынтымак"- деп бекер айткан эмес илгери.

Эркиндик-
мейкиндик алкагында!
#14 13 July 2013 - 20:49
Урматуу
Aiym94 сизда ошондой кийингендердин катарындасызбы айтор билбейм . Мен ошол коомдогу зордук-зомбулук , жаман адаттар баардыгы кайдан келип ,кантип пайда болуп жатканын ж-а андан кайсы жол аркылуу кутулуу керек экендигин жазып оттум . Аягында да сиздейлер тушунбой калбасын деп " Бир чон проблема кыпындай эле нерседен пайда болот" деп толуктап кеттим. Ошондуктан калп эле акылдуу боло бербей кичине кругозорунузду остурсонуз.
#15 14 July 2013 - 03:17
Бенос сиздики туура, сиздин аябай кругозорунуз жогору инсан экенсинз балли!!!
Эркиндик-
мейкиндик алкагында!
#16 14 July 2013 - 04:30
Бул гөй гөй буга чейинда келген мындар аарыда кете берсе керек уланып тилеке каршы....
Менда окугам органдагы адамдар жаш кызды зордуктап кайра ага жааба жаап ал өзү сойку кыз деп.
Өкүнүчтүүсү кыз өтө эле жаш болчу...маайли эле бой жеткен же эрден чыккан кыз болсо...
Анан биз бул жерде тиги бу дегенибиз менен эч нерсе чече албайбызго дейм....
себеби балык башынан сасыйт.Анан саясатчыларда, аякта отургандар бизден бир кыйлага акылдуу болуш керек.Аларда төргө оорун алып жатканда укмуштуудай сөз анттарды беришет. Тилеке каршы ошонун 50% да аткарылбайт.
Эми стефан айткандай ортодон ЖАБЫР ТАРТКАНДАРГА, ЖАРДАМГА МУКТАЖ АДАМДАРГА финансы жактан жардам кыла турган болсок мен замын.
Негизи россияда жүргөндөрдүн көп чүлүк айылдарынын Фондусу бар экен көп угам.Ал ошол талаада жүрүп жабыр тарткан же жардамга муктаж адамдарга берилет экен.Алар ар ай сайын жанинан чыгарып бир ааз суммадагы акчасын банкга төлөп турушат экен.

#17 14 July 2013 - 13:25
Жоошбала менин максатымды даана айтыптырсыз рахмат... Биз да суперстандын чонтоктуу форумчуларынан,
т.а иштеп финансы жагынан кыйналбагандар аздан болсо да каражат чогултуп турсак, кези келгенде ошону жумшасак жакшы болот эле. Рамазан айында суперстандын форумчуларынын фондун ача алсак, соопко да калмакпыз...
Ошондо Жоошбала жана мен дагы ким???....
Истинная любовь похожа на привидение:
все о ней говорят, но мало кто ее видел..........
#18 14 July 2013 - 16:07
Жоошбала менин максатымды даана айтыптырсыз рахмат... Биз да суперстандын чонтоктуу форумчуларынан,
т.а иштеп финансы жагынан кыйналбагандар аздан болсо да каражат чогултуп турсак, кези келгенде ошону жумшасак жакшы болот эле. Рамазан айында суперстандын форумчуларынын фондун ача алсак, соопко да калмакпыз...
Ошондо Жоошбала жана мен дагы ким???....
мен дагы кошулмакмын жакшы идея экен ото кыйратпасам да колуман келишинче
#19 15 July 2013 - 11:28
Жоошбала менин максатымды даана айтыптырсыз рахмат... Биз да суперстандын чонтоктуу форумчуларынан,
т.а иштеп финансы жагынан кыйналбагандар аздан болсо да каражат чогултуп турсак, кези келгенде ошону жумшасак жакшы болот эле. Рамазан айында суперстандын форумчуларынын фондун ача алсак, соопко да калмакпыз...
Ошондо Жоошбала жана мен дагы ким???....
Мен дагы кошуламын. Жакшы болу аста-аста, жаман болу бир пасат эмеспи. Баарыбызга алла ыйман берсин.
"Сен таза болсон, мен таза болсом коом да таза болот."
#20 16 July 2013 - 15:23
Chyndyk
, saltanat., темадан алыстабагыла!
Ката тапсаңар, теманы булгабай, авторго купуя менен жазгыла!
Ката тапсаңар, теманы булгабай, авторго купуя менен жазгыла!
- (2 )
-
- 1
- 2

Супер-Инфо
super.kg
видео