Begimkyz (08 Июнь 2013 - 19:09) жазган:
Ушул классташ балам азыр классташ кыздарыбызды сыйлап турат. Анча мынча проблемаларын чечип, ар дайым уюшуп бир жактарга барып эс алып, мен Кыргызстанга барганым сайын жолугуп сыйлап турат. Классташ кыздарды аябай эле кызгана берет да анан. Былтыры декабрда кафеге барып майрам тоскону отурганбыз жалан кыздар жана классташ балам озу. Башка столдон балдар келип тийишип, бийге тартса такыр бийлетпей алты кыз менен озу жетишип бийлеп жургон. Убагында ыйлатканы менен бизди азыр ишенген классташыбыз ошо бала.