Менде мындай окуч болгон достор. мен эзели кичинекей бала багып коргон эмесмин. 2006-жылы эжем менен жездем кыздуу болушуп, алардын кызын мен дагы багууда мен дагы кол кабыш кылып калдым. Бир куну которуп журсом аябай ыйлады. канча алдасам да болбой койду. Ошондо мага бир ой келди. Мен дагы кичинекей кезимде ушундай болуп ыйлаганымда мамам дагы менин кылыктарыма чыдап баккан турбайбы деп? Силерде кандай окуялар бар? Апалар менен байланышкан?
Апакем Апакем
#2 12 July 2013 - 15:53
Мен таэнемдин колунда чонойгон учун апанын кадырын эч билген эмес экенмин.Элдер апасын кандай жакшы корушсо мен таэнемди ошондой жакшы корчумун,апама айтпаган нерселерди айтчумун.Кийин турмушка чыгып боюмда болуп,талгак болгондо тушуно баштадым,кийин тороп жатканда коз алдыман апам кетпей койду.Мени ушунтип торогон турбайбы байкушум деп.Толгоонун озу эле канчалык оор.Ошондон баштап апама кичине жакындап калганмын.
#3 12 July 2013 - 15:58
Мен айлык акы алып баарын орду,ордуна коюп,жетпесе чыйпылыктап кетем кийинки айга чейин жашаш керек деп.Ошондо ата энем бизди да ушинтип баккан го деп кетем
#4 12 July 2013 - 16:07
Мен окуп анча мынча оюндан алыстап акыл кирип калганда, апам катуу ооруп калды ошондо апамды жогутуп алчудай болуп апалап ыйлаганым эсимде, озунун жаны кейип турса мен огош бетер кабыргасын кайыштырган окшойм азыр ойлосом. Ошол окуядан бери апамдын жанынан алыска кетким келбейт негедир.
Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
#5 12 July 2013 - 17:29
Кыздарымдын кылыктарын карап туруп менда апамды ушинтип кыйнагамдаааа дейм.Балам балалуу болгондо билесин дегендей али кичинекейго,
эми чоноюшкан сайын апамдын баркын терендеп тушунуп бараткандаймын.
.......Энеле жаманы эне бала учун жашаса,баласы баласы учун жашап калат экен.....
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#6 12 July 2013 - 17:34
91-chi jylga 4eyin tuulgandar kandai gana azaptardy bawybyzdan otkorboduk, airyk4a 1994-jyldary belee(kaisy jyly ele?) krizis bp elder jugoru nan jep kalywkan go, owondogu ata eneleribizdin 4yipylaktap balam dep jurgondorun korson,azyrkyfa 4eyin kozumo jaw alyp ketem, e4kimge kor kylbai osturgon ata-eneleribiz bar bolushsun!
ооооо шорттуку десе!
#7 12 July 2013 - 17:45
биз апам экобуз эле жашайбыз апамдын ишенген эркелеткен адамы жалгыз менмин.ошонтсе да озум 20га чыксам дагы дагы деле апама кичинекей кыздардай эркелейм озум дагы ошого конуп калгам )
ар дайым мандайыбызга алтындай болгон апаларыбыз оорубай кулуп турган жуздору болсун
#8 12 July 2013 - 18:13
Апамды дайым аяйм...омур тилейм,бир кездери бир адамдын конулун оорутканыма абдан окуном...ылайым энелер бар болушсун...
#9 12 July 2013 - 18:15
мен апакемди абдан чексиз суйом, аяйм! 7 жыл мурун менин апакеме онкологическая больницадан удаа 2 операция жасашты, операциядан сон аябай эле кыйналып журду, чунчуп да кетти. Бир жолу уйго кирип барсам, ваннада бир нерсе чайкап жатыпыр, мени тосуп чыга келди. Адам баласы коз караштан эле байкайт эмеспи... мурдагыдай эмес эле, ойлоно берип бир нерсе мээсин жеп койгондой, коз карашы акыркы умут менен карагандай,
чарчанкы, азыркыга чейин ошол коз караш журогумдун тупкурундо жатат. ... корсо бизди, балдарын ойлой бериптир, козум отуп кетсе кантет, окууларын буто элек, жумуштан жакшы орунга отургузуп кетпейт белем, ордуларын таба электе деп.... Ал мезгил да отту... буюрса баары жакшы. Азыркы убакта небере жытына мас болуп жаткан убагы! 
#10 12 July 2013 - 22:42
Эх,апамды аябай сагындым.,балдарым элден кем болбосун деп,озу ичпей,жебей,
кийинбей ,ооруса ооруганын билдирбей биз учун жашап келет Апакем!
#11 13 July 2013 - 10:27
91-chi jylga 4eyin tuulgandar kandai gana azaptardy bawybyzdan otkorboduk, airyk4a 1994-jyldary belee(kaisy jyly ele?) krizis bp elder jugoru nan jep kalywkan go, owondogu ata eneleribizdin 4yipylaktap balam dep jurgondorun korson,azyrkyfa 4eyin kozumo jaw alyp ketem, e4kimge kor kylbai osturgon ata-eneleribiz bar bolushsun!
1984-жылкы акем айтып калат загара жей берип тажап, тундосу да кундузу да *апа,нан* деп ыйлашчу экен.
Мин кыял
#12 13 July 2013 - 10:36
менин апамда журогунон операция болгон 1992-жылы, кийин 2010-жылы дагы операция болду аябай жаман болдум ошондо. Корсо менин жашоомдун мааниси экен менин ата-энем. 1999-жылы мектепке 1-класстар баратышканын коруп, мен да баргым келип пакетке калем м.н дептер алып ээрчип алганмын. Апам байкуш мени издеп, сураштырып мектепке келиптир. *Мугалим жашын жете элек, классда толду*десе да болбой, *атама айтам, мен окуйм,азыр атамды чакырып келем* деп мектепти башыма кийгеними эстесем бир жылмайып алам. Ата-энем мен учрн ар дайым-идеал
Мин кыял
#13 13 July 2013 - 10:44
кыз бала атага жакын болот дешет. Мен да 6-жашымда грипп болуп, айыкпай уйдогулор ооруканага алпарабыз дешсе уколдон коркуп болбой койгомун. Акыры айла жок барып, уколдон бирди жеп алып, кайра оорукананы,
автобусту,кочону башыма кийип *атама айтам* деп ыйлап келгеними эстесем уялам. Атамда айла жок, кайра ооруканага алып бардыртпай койгон. Кичине кезимден азыркыга чейин *атама айтам* деген созум калган эмес хехе.
Мин кыял
#14 13 July 2013 - 10:51
Алтын апалар балалуу болгондо тушундум кандай азап менен тороп остургонун жаныбызда жургондо кадырын билели достор.!
#15 13 July 2013 - 15:50
Сөзсүз эле балалуу болуп, башыбызга кыйынчылык келгенде кадырын билип калбастан, эненин жаныңда турганда кадырына жетүүгө да болот. Тилеке каршы башыбызга келгенде көзүбүз ачылат туура. Апалар чексиз мээримдүү, биздин карегибиз менен тең айланып дайыма бизди колдоп келет. Ушулар жашоодо кийин кыйналбасын деп окутуп, элдин балдарыдан кем болбосун деп кийдирип колунан келгенин кылат менин апамда. Ата ордуна ата, апа ордуна апа да болот ылайым биздин бактыбызга оорубай бар болсун деп жараткандан дайым тилегеним ушул.
Смысл жизни улыбка мамы.
.
Хочу чтобы те люди, которых я люблю, были счастливее всех на свете. Они этого достойны!
#16 14 July 2013 - 15:19
Мен апамды озум торогондо ушунчалык кадырын билгенмин мени да ушинтип кыйналып торогон турбайбы деп ызаланганмын.
Ылайым апакемдин омуру узун узун болсун
#17 15 July 2013 - 09:44
Апам раматылык сени уч кун уч тун толготком дегени бар,менда бир уулумду уч кун толготтум ошондо апакемдин кыйналганын сездим да апам чыдаган нерсеге мен чыдашым керек деп озумду соороттум.да энелерди мынча кыйноого салды экен деп ойлонгонум эсимде.Апам да бир жолу балам сени ойлогондо журогумдун башы зыркырап бул дуйно мага карангы боло тушот кийин билсем сен ошол кезде ооруп аткан болосун деген эле.Ичимен журок кантип зыркырайт болду экен деп ойлонгонум эсимде.Уулум окуусун токтотуп армияга кетип калды.Бир куну тушумдо баламдын он пешенеси жарылып,кан чыгып атыптыр.Мен ким урду деп чыйпылыктап атып ойгонуп кеттим.Негедир журогум зырылдап сайгылашып кетти барайын десем жол алыс Бишкекте.Эртен менен эле иниме чалдым.Ал озу военый пуркурор эле эже барып баланыз мене суйлоштуром тынч эле бирденке болсо мага звонок келмек деди.биок журогум ооруп эле туруп алды.Инимен кабар жок телефону очук Кечинде звонок кылып эже бардыгы жакшы грип болуп госпиталга жаткыздым деди бирок ишенбегенсип калдым.Шартка байланыштуу алты ай дегенде бардым чындап пешенесинин он тарабы тырык болуп торт шов дун изи калыптыр.Ошондо апакемди эстеп эненин журогу сезгич келет экен да дедим.Апакем таэнемди коп кеп кылаар эле жаш отуп кетти деп ыйлар эле...Аттин апа деген карып озун чон эне болсон да бары бир апакенди сагынып,эстеп арман кылып жашайт экенсин да.АР КИМДИН АПАКЕСИ АМАН БОЛСУН!
#18 16 July 2013 - 21:40
Мен кече жакында эле апам санаторияга жатты.
Атам мен 2 синдим болуп үйдө калдык бир күнү мен катуу оруп калдым ишке жарабай,атам жинденип иштерди кылбайсынбы бир сен оорулу бекенсин деп кыйкырды ыйлап ыйлап аран иштерди бутүрдүм,ошондо апамдын жоктугу кадыры аябай билинди апамдан бащкага керек эместей сездим өзүмдү.
Атам мен 2 синдим болуп үйдө калдык бир күнү мен катуу оруп калдым ишке жарабай,атам жинденип иштерди кылбайсынбы бир сен оорулу бекенсин деп кыйкырды ыйлап ыйлап аран иштерди бутүрдүм,ошондо апамдын жоктугу кадыры аябай билинди апамдан бащкага керек эместей сездим өзүмдү.
#19 17 July 2013 - 00:18
мен апамды эне дейм. Энемди ушунчалык жакшы кором. Негтзи кыз бала торогондо апасынын кадырын аябай билет турбайбы. Биринчи кызымды толготуп торогондо энемдин кадырын ушунчалык билдим дейсинер кызымды карап алып эле ыйлай берчумун. Мурун тултундап айтышкандарымды эстеп алып энемдин астында озумду жаман сездим уялдым. Анан экинчи ирет боюмда болду эркек деп куттум кыз болду тородум кызымды эми ушунчалык жакшы кором жанымды. А мен энеме айтчумун мени жакшы корбойсуз анткени эркек кутконсуз деп.(мен экинчи кызмын) эми энемди ушунчалык жакшы кором чан жугузгум келбеейт. Буюрса энемди сооонун кылып багам. Кудайым атам экооно ден соолук берсин.
ПС: эненин бутунан ооп баксак да аздык кылат
ПС: эненин бутунан ооп баксак да аздык кылат
#20 24 July 2013 - 11:26
мен да Апакемди 2-3 ирет капа кылып алганм. ошондо азыркы акылым болгондо эч качан эч канчан капа кылбай элем. Апам байкуш эч качан бизди урушкан эмес. ошондо аябай ыйлаган мен учун. менин айымдан Байкушумдун козунон жаш тогулгон. бул мен коргонум а корбогонум канча?.. негизи кыз бала турмушка чыкканда анан торогондо чындап тушунот эненин кадырын. арзыбаган ишине да болсо кубанат апан. а келин болгондо бардык жумушту жалгыз кылсан да ал сенин милдетин болот. келин болгондо орубашын шарт, апан болсо оруп калсан айланчыктап жанын бергенге даяр

Супер-Инфо
super.kg
видео

















