Оо кудай! Мага да ыймандуу, тили сайрабаган,
оз ордун билген, коп кийлигишпеген,
озу менен озу болгон кайненеден насип кыла кор))))
Кайнене үй-бүлөлүк иштерге аралашуусу керекпи? кайнене менен болгон мамиле
#42 13 July 2013 - 22:25
[quote name='raia' date='13 Июль 2013 - 12:26' timestamp='1373696818'
post='1138195'
]
Беш манжа тен эмес дей кайнене да ар кыл.Кайнене десе эле анаконда,баласын кызганат деген созго каршымын.Эненин улуулугу канча,бейиш эненин таманында деп бекер айтылбаса керек.Кайынэне- - бул эне.Эне тогуз ай которуп,омурткасы сыздап тороп,кыйынчылык менен торолтуп,окутуп чокутуп,болочок келинине озу кийбей кийит чогултуп,ыймандуу келин келсе экен деп,келе атканда суйунуп ,сурдугуп майдай сутой болсун деп оозуна май салып,ак жолтой болсун деп ак жоолугун которуп делбирип не не деген умут менен босогодон тозуп алат.Бугун эне ,сен келин,эртеге ал балдарындын суйуктуу чон энеси жылдар отуп сен да кайнене болосун.Кайненендин астына кандай дарсторкон жайсан кудай буйруп озуно ошондой дарстаркон жайылат муну эсинерден чыгарбагыла. Азыр ушу тапта эки келиним бар аллага шугур ыймандуу деп мактана алсам болот.Чон келинимди кыз кылып кабыл алдым десем тентуштарым кулгон.Келин кыз болуп береби?-деп. Экобуз бир карасак сырдаш курбудайбыз, эч кимге айтпаган созду бирибизге айтып арманды чыгарып алабыз,бир карасак эне менен кыздайбыз бирибирибизге куйуп турабыз.Кээде балам апа сиз менин апамсызбы же аныкысызбы деп капа болуп калат.Кудагыйым менден коро кайын эненди жакшы коросун деп ал да капа болот экен.Келиним мени эмнеси менен тартып алды.Ак конул,арамдыгы жок таза журогу менен,кайын журту келери менен озунун журту деп синирип кеткени менен,кылып кызматы тороп баласы менен жакты десем болот.Менин ар бир кенешимди кабыл алып,созумду жерге таштабаганы менен жакты десем болот.10 жыл бирге жашадык азыр уйу устундо,балдары жанында(болунгондо эле балдарын бергем) эми оз бийлигин жургузуп жашап атат.Бирок дагы эле келип кенешип турат.Экинчи келиним кыргыз мектепти буткон кыргыз салтын бек кармаган,зымырайган, ар биринин орду орду менен кылган ыймандуу десем болот.Элдер кайсы келиниди жакшы коросун деп калат.Мен экоону тен жакшы кором биринде жогу,биринде бар ошону менен бири бирин толуктап турат.Кантип жаман коросун ал мончоктой суйуктуу неберелеримдин апасы да уулдарымдын жактырып суйуп алган жары болсо.Кимди жакшы коросун деп неберелеримден сурап калышса ойлонбой шарт апамды дейт .Жанымдан артык,керек болсо озумдун тууган балдарымдан артык неберелеримдин созу мен учун закон.Мына кыздарым мен бир жонокой карапайым кайненемин. Кайненелердин атынан журогумдогуну жазып койдум.Ынтымак эки адамдан тен болот,жаман созго жакшы соз суйлосон,жаман мамилеге жакшы мамиле кылсан бардыгы ордунда болот деп ойлойм.Мен озум келин болгондо огой кайненеге туш келдим,кары киши эле созу заар эле.Нандан башкасын жабанга салып кулптап,чачына байлап алар эле.Киши келсе Раяхан дарстоконго шиколад,сары май,писта бадам деп бир ооздон санап айтат эле да жабандын жанын келгенде бир эки простой берип бар ушу жетет деп кагып силкип салат эле.Тамак жасап алдыларына узатат элем да алар менен чогу отуруп ичкенге укугум жок эле анткени ал жылдары 2-3 жыл качырат эле кайната кайнагадан качырат эле.Куйом уйдо жок болсо ал куну мага тамак эмес нан да бербейт эле.Неге мынча жаман корот болду экен деп ойлонор элем.деги эле бироого жакшы соз айтканын укпадым.Ал киши сайрап аркаман журо берер эле мен унчукпай ишими кылып журо берер элем.андада дудуксунбу деп айтар эле.Соз кайтарыштан коркот элем деге эле бала кезимден катуу суйлогон адамдан коркор элем.Анан эмне болду шайыр,ачык айрым кулкучу эрке кыз элем.токто оор басырык келинге айландым.Келиндеримди эч бекерден капа кылбайм,кыздарымдай кором деп озумо соз бергем.Заар кайненеге чыдап койсон жолдошундун урматына болонуп,балдарындын бактылуу кундорун коруп озун да бактылуу жашайсын.
[/ quote]
Рая эже,сиз эң сонун кайынэне экенсиз.Келиндер сиздин келиниңизден, кайненелер сизден үлгү алсын.Менин кайненем да аябай катуу киши..Келиндерге катаал мамиле жасайт.Сүйлөгөндө чучукка жеткире сүйлөйт.Кылган ишиңи жактырбай айып таап эле турчу.Биз 5 келинбиз.Мен эң улуусумун.Өзүм шаарда өскөндүктөн айылга көнө албай бир топ кыйналчумун. Бирок бардыгын жасап жетишкенге аракеттенчүмүн. Тамеки үздүм,курт бактым,жайлоого чыгып уй да саадым..Пахта чаап пахта тердим.Мектепке ишке да жетишчүмүн. Сырттан окудум.Иши кылса ошол жаш келин кезимде тынч отуруп дем алганымы,же бир жака барып эс алып келгеними элестете албайм.Айылыбызда суу да тартыш эле.Таң атпай сууга барып кезекке туруп суу ташычубуз.Суудан келсем бекерчилер менен ушак сүйлөшүп мени жамандап келдиңби деп урушат эле.Баарына чай берип,эки жакты жыйнап,анан кирип кийинки күндөгү сабакка план жазып,сырттан окугандыктан ага контрольный жазып кеч жатчумун.үйгө кирип кетсем эле сүйлөнө баштачу тоок түнөөгө чыкканда эле жатып аласың деп.Азыр деле кээде болбогон нерселерге киришет .бирок мен угуп коё берем.Таптакыр каяша айтпадым.Бир иш кылаарда сөзсүз кеңешем.Бирок өзүмө туура келгенин жасайм.Баары бир ал деле эне да.Канчалык катаал кайненен болсо да кайсы бир деңгээлде кайненемен тарбия алдым десем да болот.Азыр өзүм да кайнене болгон кербезим... Мен келиниме аны кылбай койдуң муну кылдың дебейм.Туура эмес иш жасап койсо акырын айтып түшүндүрөм. Дайыма туура кеңеш бергенге аракеттенем. Балам сиз келиниңизди эркелетип коюп жатасыз,чоң энемикине жөнөтүп кичине тарбиялатып койбойсузбу деп тамашалап калат.Келин акылдуу болсо өзү эле түшүнөт.Нарагында жок болсо бир урушмактан миң урушсан да пайда жок.Миң жаман деген кайнене деле өз балдарына жамандык каалабайт болуш керек.Кайненелерди сыйлап эле койгулачы келин-кыздарым.

Унутпа ата-энеңдин кадыр -баркын,
Аларга эч тең келбейт каухар-алтын.
Аларга эч тең келбейт каухар-алтын.
#43 13 July 2013 - 23:11
Кайненемдин ооруп жатканын коруп боорум ооруйт. Айылга барбай жургонум учун озумду куноолу сезем. Бирок.... Бирок кайненем "сени эч убакта оз кызымдай корбойм. Сени суйуп алган эмесмин, куйуп алгам"деп айтып, кыздарына жан тартып, мага колу да тийип конулумду калтырган
Тагдыр озу тараза, жашоо бумеранг.
#44 14 July 2013 - 04:28
Кайненемдин ооруп жатканын коруп боорум ооруйт. Айылга барбай жургонум учун озумду куноолу сезем. Бирок.... Бирок кайненем "сени эч убакта оз кызымдай корбойм. Сени суйуп алган эмесмин, куйуп алгам"деп айтып, кыздарына жан тартып, мага колу да тийип конулумду калтырган
ошондой кайненелер жөнүндө уксам эле таң кала берем.Ар кандай адамдар бар да.Бирок сен кайненең ооруп атса барып акыбалын сурап кое бер.Баары бир сен баласысың да.Эртең эле сен да кайнене болосуң.Адам кечиримдүү болгону жакшы.
Унутпа ата-энеңдин кадыр -баркын,
Аларга эч тең келбейт каухар-алтын.
Аларга эч тең келбейт каухар-алтын.
#45 14 July 2013 - 06:33
Менин кайненем тескерисинче,
ушул кезге чейин катуу айтып конулумду ооруткан эмес,сен келинсин баш которбой кызматынды кыл депда кекеткен эмес.....Чон энемдин апама кылган кылыктарына нааразы болуп журуп,Э кудай жакшы кайненеге туш кыла кор!,-деп кудайдан сурачуумун.
...Жаштын тилегин берет дегендей буйруса кайненеден мен жолдуумун...
!!!
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#46 14 July 2013 - 15:06
Кайнене деген кайнене созсуз турдо киришет.Бул мыйзам ченемдуу эле корунуш.Анан майда нерсеге чейин киришкенин жактыра бербейм
#47 14 July 2013 - 22:07
Менин кайненем бир нерсени туура эмес иш кылып койсом кагып силкип урушат эле,тушундуруп айтыштын ордуна.Мен ооба деп кайненемден качсам,аркаман куубалап айтпаган созду айтат эле.Сага калын тологомун сен ошол акчаны актап иш кылышын керек дейт эле.Бул недеген соз айткылачы,акыл эстуу,билимдуу кайнене да ушундай болобу.Оздорунун кандай коколоп мени да ошондой баккан.Нары карап ыйлап кайненемди карап кулуп кана кутулат элем.Кышында тороп келсем эки паласын абчыгып жуу деп таштап койгон январда титиреп муздак сууга жуугам.Андан кийин ооруганымы айтпай эле койоюн.Бир куну келип адатынча уруша баштады,сени кетирем уиундогулорду чакыртам апаны,атаны.
энен.Мен жалдырап чакыртпан деп ыйладым.астына чоголодум мени карап ураша берди,акыры чыдабадым озум кетем депбаламы алып жоносом колумдан жуулуп алган.Азыр болсо батасын берип уй салып берип болушту.Азыр ойлойм мага неге ошондой мамиле жасашкан экен 5 жыл.Азыр алардан жакшы адамдар жок
#48 15 July 2013 - 04:15

Кээ бир кайненелер келинди ошентип сынашат.Кыйынчылыкка чыдай алабы жокпу деп.Бирок сен азаматтык кылгансың баарына чыдап.Кээде келиндерге капа болуп кетем.Түшүнүп мамиле жасасаң эркелеп башыңа чыгып кетет.Келиндерге жакшылык жок окшойт деп да ойлонуп кетем кээде...
Унутпа ата-энеңдин кадыр -баркын,
Аларга эч тең келбейт каухар-алтын.
Аларга эч тең келбейт каухар-алтын.
#49 15 July 2013 - 07:49
Анча- мынча билбегенди билгизип, аkыл-наcаат айтып тyрганы эле oнгo. Майда-чyйдoгo чейин kийлигишkен kайненеден kyдай cаkтаcын.
Yй бyлooм- менин жашooм, kелечегим!!!
#50 15 July 2013 - 18:20
Илгеркилер аймакчы керкисинде да кемигинде да куно бар деген соз бар го.Кеде ойлоном озубуз аял заты болсок неге келише албайт деп. Аял катары озубуз бири бирибизге тушунсок.Кайнене сенделе кече келин болгонсун ушул мушкул иш сенин деле башынан отту эле го ошо кунго кылчайып бир ойлон дегим келет.Келинге кызым сен кайненендин ордуна оз апанды койуп коруп ойлонуп кор журогун оорубаса сен аял эмессин дегим келет.Урушуп жанжал менен деле бир кунун отот,ынтымак болуп бири биринди сыйласан да бир кунун отот.Сыйлашып,
урмат менен жашаганга не жетсин.Кайнене карып калганда кийми таза болсо,конулу жарык болсо ии келини жакшы чыгыптыр дейт.Жудонку болуп карылыка тез кетип атса келиндин начары билинет.Эч ким айтпаса да бул ой элдин сынында болот.Кайнене какшанып жаагын жесе ал нерсе сага жабышып калбайт,журогундон нары туртуп койуп таш менен урганды аш менен ур деп тамагын астына койуп,каттап астына тошок салып ичиниз деп турсан,тиричилигине тын болуп,тарсылдап иш кылып турсан бары бир сен утасын.Ичине ит олуп атса да туулган кунундо ,майрамдарда белек берип турсан,акыбалын сурап турсан озунор айтмакчы АНАКОНДА кайнене эмес АЖЫДАР болуп кетсе ичинен бир имерилет.Акылдуулук менен сабырдуулук менен кайнене деген генералды женип алсан калган майда офисер менен солдаттар кайда бармак.Сен ошондо келечекте оз мамлектиндин фундаменттин курган болосун.
#51 15 July 2013 - 22:49
Билбейм ай, тороттон бели ката элек келинге кычыраган кыш кунундо палас жуудуруп сынатканы 'Сыноо' дегенден ашып тушот го дейм да. Келиндин денсоолугу керек болбосо деле, эмчек эмген небересинин денсоолугу керектир. Менимче, бул аша чапкандык го.
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#52 15 July 2013 - 23:58
Кийлигишүү дегенди эч ойлонбопмун.
Биздин үйдө бир эле башчы бар,ал апам,баарын чечет.Ошого баш ийебиз. Бир үйбүлөдө бир башчы болгон эле оң го деп ойлойм,бийликтин вертикалы канчалык кыска болсо,мамлекеттин бекемдүүлүгү ошончолук кубаттуу болот.))
#53 16 July 2013 - 11:03
Kийлигишkендинда эби чеги бoлoт. Ар kим oз ooрдyн билcе менимче koнфлиkт бoлбoйт. Yйдoгy майда чyйдoлoрдy kелин чечcе бoлoт. Ал эми oлyттy нерcе бoлco албетте апаcы менен kенешип чечиш kереkгo. Беш koл тен эмеc дегендей kелинди эле жамандай бербей, анча-мынча апалардан деле kетип kалат.Билбегенди билгизип, yйрoтyп тарбиялап алыш kайненеден koз kаранды.
Yй бyлooм- менин жашooм, kелечегим!!!
#54 16 July 2013 - 16:06
Илгеркилер аймакчы керкисинде да кемигинде да куно бар деген соз бар го.Кеде ойлоном озубуз аял заты болсок неге келише албайт деп. Аял катары озубуз бири бирибизге тушунсок.Кайнене сенделе кече келин болгонсун ушул мушкул иш сенин деле башынан отту эле го ошо кунго кылчайып бир ойлон дегим келет.Келинге кызым сен кайненендин ордуна оз апанды койуп коруп ойлонуп кор журогун оорубаса сен аял эмессин дегим келет.Урушуп жанжал менен деле бир кунун отот,ынтымак болуп бири биринди сыйласан да бир кунун отот.Сыйлашып,
урмат менен жашаганга не жетсин.Кайнене карып калганда кийми таза болсо,конулу жарык болсо ии келини жакшы чыгыптыр дейт.Жудонку болуп карылыка тез кетип атса келиндин начары билинет.Эч ким айтпаса да бул ой элдин сынында болот.Кайнене какшанып жаагын жесе ал нерсе сага жабышып калбайт,журогундон нары туртуп койуп таш менен урганды аш менен ур деп тамагын астына койуп,каттап астына тошок салып ичиниз деп турсан,тиричилигине тын болуп,тарсылдап иш кылып турсан бары бир сен утасын.Ичине ит олуп атса да туулган кунундо ,майрамдарда белек берип турсан,акыбалын сурап турсан озунор айтмакчы АНАКОНДА кайнене эмес АЖЫДАР болуп кетсе ичинен бир имерилет.Акылдуулук менен сабырдуулук менен кайнене деген генералды женип алсан калган майда офисер менен солдаттар кайда бармак.Сен ошондо келечекте оз мамлектиндин фундаменттин курган болосун.
Абдан туура айтылган сөздөр.Кайнене деле эне.Эне эч качан баласына жамандык каалабайт.Кечээ поликлиникада кезек күтүп турсам кезекте турган жаш келиндер ОздОрУнчо сУйлөшүп ажатышат.Бирөөсүнүн баласынын температурасы көтөрүлүп улам укол алсак түшүп эле кайра көтөрүлөт дейт.Мен ага кайнеңең барбы?Аларга айтып Шаарга эле доктурга алып баргыла да десем:-Каякта кайненем карабайт.Азыр апамдардыкына келип ошолор каратып атат.Коляска алып бергиле десем ажыраштырам деп атат анан больницага жөнөтмөк беле?-дейт.Не дээримди билбей калдым.Жанындагы жаш эле келин экен ал дагы антип кайненеңи жамандай бербе угуп калса өмүр бою жаман көрүнөсүң,менин кайненем деле мага эч нерсе алып берчү эмес.Апамын балама деп алып бергендерин базарга алып барып сатып жиберчү.Ошондо да унчукпадым. Апама кийимдерибиз жаман болуп кетти десем кайра алып берчү.Мына эми кайненемен жакшы адам жок.Өз апамдай болуп калды.Сен да чыдап кой.-дейт.Анча- мынчаны айта бербе,ошондо жеңесиң деп акыл үйрөтуп жатканын угуп ыраазы болдум.Жаш болсо да туура кеңеш бергенине.Келиндер кичине акылдуулук, сабырдуулук кылып койгула.Эртең сен да кайнене болосуң.
Унутпа ата-энеңдин кадыр -баркын,
Аларга эч тең келбейт каухар-алтын.
Аларга эч тең келбейт каухар-алтын.
#55 21 July 2013 - 14:05
Menin kainenem altyn desem janylyshpaim.12-jyl boldu kelin bolup kelgenime akyl,nasaat,jakshy keneshin berip kelet.joldoshuma karaganda maga bolushup turat.bir da jolu jaman sozun uga elekmin.oz apamdai jakshy korom.
#57 23 July 2013 - 14:47
Менин Апам(кайненем) алтын адам, эч кийлигишпейт,
а мен болсо кун сайын ал-акыбалын сурап чалып турам,апам уйго келгенде мен учун майрам.
#58 23 July 2013 - 17:10
Кайненелер билбегенин уйротуп,билгенин айтуучу адам.Майда-чуйдосуно чейин менимче эч бир кайнене киришпейт.
СЕН УШУНЧАЛЫК ЖАКШЫ АДАМ БОЛГУН,
ЖАДА КАЛСА ДУШМАНЫҢ ДА ДУШМАН БОЛГОНУНА ӨКҮНСҮН.

#59 27 July 2013 - 10:44
Келечектеги кайненем билбегендеримди уйротуп мага акыл насаатын айтса мен каршы эмесмин себеби мен билем дегеним менен баарибир адашып бир нерсени ката кылып алышым мункун ошол учунда кайненемдин айткандарын туура эле кабыл алам деп ойлойм. Тооба кылдымго кайненем жаман болсо да аны жакшы кылып алыш ал келиндин озунонго деп ойлойм кайненем канчалык кийлигишсе да боптур апа сизди туура кечирип коюн мен адашыпмын деп ишимди кылып журо бермекмин унчукбасан уйдой балээден кутуласын дейтго. Кайненемди оз апамдай кайнатамды оз атамдай коргум келет кантсе да алар жолдошумдун ата-энеси балдарымдын чон-ата чон-энеси да. Ар бир ата-эне баласынын жакшы болушун каалайт эмесби кайнене да демек менин апам биз кыздар турмушка чыккандан кийин барган жерибиз биздин уйубуз болот ал эми торкунубузго конок болуп калабыз ошол учун мен кыздарга айтар элем барган жеринерди озунордун уйунордой кабыл алгыла деп. Бул беш кундук дуйнодо айтышып бироолордун кунулун ооруткандын кереги жокго жылуу жылуу суйлосон жылан ийининен чыгыптыр деп калышатго жакшы созда жаман созда бир ооздон чыгат эмеси сылыык суйлоп сыйлап кайненебизди айткандарын кылып койгонубуз эле онго биз кайын журтка кандай мамиле кылсак эртен эле бизго ошол кун келет жаш эле бойдон журо бербейбизго бизда картаябыз биз да келиндуу болобуз ошондо аттиин дебей турган бололу да......
Неге суйдун эгер бирге болбосон,
Чырайына мен тигилип тойбосом.
Дайра сымал зымыраган омурдо,
Эркелеп мен желкене баш койбосом...
Чырайына мен тигилип тойбосом.
Дайра сымал зымыраган омурдо,
Эркелеп мен желкене баш койбосом...
#60 27 July 2013 - 11:27
Ушул жылдын башында досумдун уйундо жашап калдым,кайнесин коруп оозум Ошту караган.)
Досум каалаган убагында турат,ал тургуча кайненеси тамак ашын даярдап,уйун жыйнап,кирлерди жууп жайып койот экен. Бир баласы бар,ал жакта 4-жаштан эле мектепке беришет окшойт эрте менен тургузуп,тамактандырып мектебине жеткизип келет. Досум турат да,тамактанат тв корот,магазиндерге барат продукты алганы барса да мейли эле кийим алганы,ал келгенден кийин кайненеси барып жей тургандарды алып келет.) Коруп алып ай доскее сен джек пот утуп алган турбайсынбы деп суктанган бойдон келдим.
Экинчиси-кайненеси жакшы адам,аяш бир аз жаман экен.) Кайненеси тушунуктуу, жолдун узактыгын,сагынычты билгендей ошого оз кызына караганда да жакшы мамиле кылат экен,коруп алып бактылуу бол дегенден башка эч теке дебедим.) Аяш барса келбей койот дейби,же,дагы башка себеп барбы жонотпойт экен мекенине.
Мен озумо келе турган болсом,кайнене менен кандай тил табышам аны убакыт корсотот.) Бирок бир нерсени точно билем,бир туугандары же туугандары жеке жашоого аралаша албайт и аралаштырбайм дагы.) Келет,сыйды корот дароо кетет. Кундоп,айлап жашабайт,ар нерсенин оз орду,убагы менен болот. Ошо.)

Супер-Инфо
super.kg
видео