Өзүмө келсем; тааак,эрте менен көзүмдү ачып жатканда телди чукуп коём,уйкум ачылат анан,ошондо кирем инетке. Окуум менен үй 1 сааттык жол. Негедир,жолдо окуш мага аябай жагат,зыян экенин билсем да,адат болуп калганго. Мурун тапшырмаларымды жолдо окуп кетсем,азыр тел. окуп кетем))) себеби зеригем жолдо,наушнигим жок деп койбоюнбу

Анан сабакта кээде зериккенде кирем. Үйгө келе жатканда кирем. Неге иш кылбайт экенмин,ухуу, мына мен иш кылам да. Үй иштеринин баары менин мойнумда,жалгыз кызмын да


Бир туугандар эгешпейпиз, билип-билип иштерди кылабыз.
Анан ошо иш эле деп жатып калбайсында, ортолордо пауза болот да,ошондо инетке саякаттап келем. Кээде тамактанып жатып деле баш бага берем. Анан кечинде сөзсүз түрдө кирем,как' уктатуучу аппарат' да. Уйку келгенге чейин эки көз телде...
Таак,акча маселеси... Эң негизгиси инетке бирдик аз кетүүчү жолдорду издейм. М: мб ка айлантып алам бонустарды, акчаны... Укмуш акча коротпойм,анткени калдык,тыйын- тыпыр жетет бирдикке.
Телди үңүлүп карап отура бербегениме, мени эч ким инетте коп отурат деп ойлобойт го. Анын катарында ата-энем да. Ошого бир да уруш эшитпедим... Кээде кызык нерселерди айтып берем..
-кайдан билдин?
-инеттен.
-мм

Комптон киргендерде кандай болот экен... Тел.го жакшы,ажатканда болсон деле жанында...
