Саламатсыздарбы,
мен озу уйдо жалгыз болгондуктанбы аябай эрке болуп чонойгом, варенья, салат кайнатыш дегенди апам такыр уйроткон эмес болчу. Азыр мына бироонун булоосумун,
бирок эч нерсе билбейм. Кече кайненемдер Колго кетишкен, анан кетип жатып тиги оруктон варенья кайнатып кой деген болчу. Мен уялгандыктанбы,
кылышты билбейм деп айта албадым.
Мага жардам бериниздерчи сураныч. Оругубуз кичине, анан ширин эле экен. 1 кг орукко канча кг шекер кошуш керек, канча саат кайнатат, суу кошобу жокбу? Кошсо канча суу кошот? Жапканда канча жолу айландырыш керек, крышканы кантип жабышты дагы жаза кетсениздер.
Кампоттун дагы кылуу жолун билесизерби?
Билсениздер жазып коюнуздарчы.
Алдын ала чон рахмат.
Кыям (варенье) Кантип даярдалат...
#2 15 July 2013 - 11:32
Өрүккө суу кошулбайт эже. 1кг өрүккө 1 кг кум шекер салганыңыз дурус.
Прежде чем осуждать
кого-то, возьми его обувь и пройди его путь!!!
#3 15 July 2013 - 11:39
Өрүктү кум шекерге салып өзүнүн суусу чыкканча күтө турасыз. Анан 5 мүнөт кайнатып, өрүктүн өзүн сүзүп алабыз анан согун 10 - 15 м кайнатабыз анан өрүктү кайра салабыз.(ошондо өрүк өз формасында болот, эзилип кетпейт)
Прежде чем осуждать
кого-то, возьми его обувь и пройди его путь!!!
#5 15 July 2013 - 15:43
#6 15 July 2013 - 16:25
#7 15 July 2013 - 16:27
Орук вареньесин жасаш учун 1 кг орукко 1 кг кумшекер кетет. Орукту биринчи жууп тазалап, ичиндеги данегин чыгарып, тортко болобуз да, кастрюлага салабыз. Тазаланып болунгон оруктордун устуно кумшекерди салабыз. Орук менен кумшекер жакшы синиш учун 1 кун чылап койобуз. Андан кийин жакшы аралаштырып,
жай куйгон отко 5 мин бышырабыз. Оруктун устундо кобуктор пайда болуп калат, ошол кобукторду улам-улам алып турабыз. Кайнагандан сон, кайрадан 10 мин кайнатабыз.
1 л же 3 л банкаларды тазалап жууп, кайнак суу менен стерилизовать этип, бышкан вареньни куйабыз да, крышканы алып, закрывашка менен 3-4 жолу айлантып жаап койобуз. Банканын крышкасын жаап жатканда, зубчиктер болбогудай кылып, жылмакай болгучакты жаап койобуз. 10-15 градус карангы жерде сактап койобуз, же муздаткычта сактайбыз.
Оруктун сезону болуп июль айынын ортосу же аягы болуп саналат. Вареньеге орукту июль айынын 2 чи жарымында сатып жасаганыбыз жакшы.
Оруктун сезону болуп июль айынын ортосу же аягы болуп саналат. Вареньеге орукту июль айынын 2 чи жарымында сатып жасаганыбыз жакшы.
P.S. 1 28√e 980
#8 15 July 2013 - 18:01
Рахмаат сиздерге!
Бирок биринчи жолу жабышым болуп жаткандыктанбы,
атылып кетсечи деп коркуп жатам.
#9 15 July 2013 - 18:25
Рахмаат сиздерге!
Бирок биринчи жолу жабышым болуп жаткандыктанбы,
атылып кетсечи деп коркуп жатам.
Эгер сахарын оз олчомундо салып, муздак жерде сактасаныз варенье ачыбайт и атылып да кеттпейт.
Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
#10 16 July 2013 - 03:27
Ммм,мен да өз тажрыйбаларымдан бөлүшө кетсем...
Өрүгүбүз өтө ширин,теңге жарым шекер салабыз. Теңге теңге болсо,охуу,шекердин эле даамы чыгып калбайбы. Сиздер кандай жейсиздер,бизде өтө ширин өтпөйт. Малиналар болсо го эми теңме-тең,ммм, өрүк өзү ширин. Кыскасы,ар ким табитине жараша...
Анан өрүктү тазалап жууп,ортосунан жарып,казанга салабыз. Биз астына 1 чөмүч суу куюп коёбуз,алып кетбеши үчүн. Кайнатып банкага куюп жаап коёбуз...болду.
Мындан сырткары: өрүктү эт туурагычтан өткөрүп кайнатабыз. Кайнап жаткан учурда айран кошуп жиберебиз.(1челек өрүккө,1чыны айран.) дагы бир
'өрүк-курут' вареньеси даяр.
Айран ордуна эзилген гилас да өзгөчө даамды берет...
Банка жабуу.
Таза банканы жакшылап буулайбыз,крышканы да. Анткени,биздин көзгө көрүнбөгөн микробдор көп,алар өлүш керек,алар өлбөй калса банканын атып жиберүү мүмкүнчүлүгү көбүрөөк...
Варенье куюлгандан соң,жабылат. Канча жолу айландырышын санабапмын)) иши кылып ояка-бияка айландыра берсеңиз,тегиз болуп жабылгыче..аба кирбегиндей кылып!болду. ..жер төлөөгө алып кирип коё берес,эч кыйынчылыгы жок,оңой эле.

Эл бар бекен Көк-Жардай,
жигиттери Көк жалдай?!
Күлүп койсо кыздары,
электр шамы жангандай...
)))
#11 16 July 2013 - 03:46
Өрүк компоту.
1. Банкаларга таза жуулган өрүктөрдү салып чыгасыз. Үстүнө кайнак суу куясыз да,чайкап төгүп саласыз. 3 жолу кайталанат, себеби,микробдордон арылуү үчүн. Үстүнө сироп куюп,жаап коёсуз.(сироп даярдоо үчүн: алгач сууну кайнатып,ага шекер саласыз да кайнатып жибересиз,сироп даяр).
...Бул ыкма бираз кооптуураак, анткени атып жиберүү ыктымалдуулугу жогору,эми микробдор өлбөй калса да! Анан убакыт да көп кетет))
2. Казанга жогорудагыдай сиропту даярдап,таза жуулган өрүктөрдү саласыз да,10-15 мүнөт кайнатып жибересиз. Болду даяр,банкага куюп,жаап коёсуз.
Оңой жолу))
ушуга эле бираз өзгөчө даам киргизейин десеңиз, анда,1 чыны гиласти кошуп жиберсеңиз болот... Табитти ачуучу суусундук даяр!

#12 16 July 2013 - 04:02
А баса,өрүк компотко өрүктү жарып кылсаңыз да болот,бүтүн кылсаңыз да болот..,ал сиздин табитиңизге жараша,кааласаңыз мага окшоп баарынан кылып салың))
1. Бүтүн өрүктөн кылынган компот.
2. а)жарылган өрүктөн кылынган компот(сол жактагы сары болуп турат го)...
б)гилас да кошуп койсоңуз болот деп жогоруда айттым эле го,моонтип сонун түс чыгат да кызарып.
1. Бүтүн өрүктөн кылынган компот.
2. а)жарылган өрүктөн кылынган компот(сол жактагы сары болуп турат го)...
б)гилас да кошуп койсоңуз болот деп жогоруда айттым эле го,моонтип сонун түс чыгат да кызарып.
Эл бар бекен Көк-Жардай,
жигиттери Көк жалдай?!
Күлүп койсо кыздары,
электр шамы жангандай...
)))
#13 16 July 2013 - 04:09
Эл бар бекен Көк-Жардай,
жигиттери Көк жалдай?!
Күлүп койсо кыздары,
электр шамы жангандай...
)))
#14 16 July 2013 - 19:28
Ааа, орук куруууут!
ОРУК КУРУУТ!...салып жибергилеечи?
Бишкектеги орукторго ичим чыкпады, ширини жок! Мирсанжали,
касектерден да салып жибергилеечи?
Жок дегенде кок бышар? Же абрикос? А?
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#15 17 July 2013 - 22:16
Мен да барсам жаап келем орук варенье менен орук курут . Былтыр барып жыргап тоюп жеп ашканын жаап келдим эле балдарыма кышкыга.
#16 18 July 2013 - 11:40
Бизде короодо,абрикос жайнайт короодо,кеминде 20чакты туп бар, сатчусун сатып,эзилгенин калганын варенье,как жасайбыз. Оруктун вареньесине жогорудай бирок 1 ст.суу кошуп койсо сочный,былтыйбай жакшы болот. Эзилгенинен джем жасаса болот,мясорубкадан откоруп,бир аз сахар кошуп жаап сал,и все.
Никогда не путай мой характер с моим отношением.
Мой характер зависит от меня, а мое отношение - от твоего поведения.
#17 18 July 2013 - 12:14
кайсы вареньени кайсы айда кылыш керек так маалымат берип койгулачыыыыы.
..................
Алга жана алга!
#18 18 July 2013 - 13:03
Карагат дагы бир жумада бышып даяр болуп калат, клубника качан эле бышкан бирок азыр даамына чыга элек. Бир ай үзгүлтүксүз өсүп турат анан бир ай "эс алуу" ушинтип кыш келгенче өсөт. Малина деле ушундай. ( биз кыям кайнатып сатабыз, ) кыям кышы жазы үзүлбөйт(ушудан пайдаланып мактанып калайын)
Прежде чем осуждать
кого-то, возьми его обувь и пройди его путь!!!
#19 18 July 2013 - 15:38
Өрүк вареньеге менда шекерди аз эле салам, себеп өрүктүн өзү ширин болотго. Эрте менен жууп тазаланып, жарылган өрүккө шекерди аралаштырып коем. Жай отко бир кесе шекер кошуп кайнатамда,
өрүктү салып кайната берем. Ошондо өрүк эзилбей бүтүн болуп суусу да болот бир аз.
Менин апама жүзүмдүн вареньеси жагат, жылына жабам. А быйыл жетишемби жокпу билбей турам. Жүзүмдүн вареньесине суу кошулат. Буга деле шекерди экиге бөлүп жарымын жүзүмгө чылап коем,экинчи жарымын сууга кошуп кайнатам. Кайнаган сууга жүзүмдү салып кайнатып алам. Жабууга келгенде банканы буулап өзүм жабам эч кимге ишенбейм кокус атылып кетсе аябай ачуум келип капа кылып алсам, өзүмө өзүм кылсам ачууланбайм, и атылыпда кетпейт.

Смысл жизни улыбка мамы.
.
Хочу чтобы те люди, которых я люблю, были счастливее всех на свете. Они этого достойны!
#20 21 July 2013 - 15:19
Ааа, орук куруууут!
ОРУК КУРУУТ!...салып жибергилеечи?
Бишкектеги орукторго ичим чыкпады, ширини жок!
Мирсанжали, касектерден да салып жибергилеечи? Жок дегенде кок бышар? Же абрикос? А?
Бишкектеги орукторго ичим чыкпады, ширини жок!
Мирсанжали, касектерден да салып жибергилеечи? Жок дегенде кок бышар? Же абрикос? А?
Ушу ойго келбептир да,негедир! Айтам неле теңме-тең шекер кошулат дешет деп))
Эл бар бекен Көк-Жардай,
жигиттери Көк жалдай?!
Күлүп койсо кыздары,
электр шамы жангандай...
)))

Супер-Инфо
super.kg
видео