Суперстан: Балаңызды киберчумадан сактаңыз! - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Кыз-жигит
  • > Үй-бүлө
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Балаңызды киберчумадан сактаңыз! Интернетке байланып калуусуна жол бербеңиз

#1 Пользователь офлайн   Daud   19 Июль 2013 - 00:50

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 636
  • Катталган: 10 Январь 09
  • Соңку аракети: 16 Мар 2021 06:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Азыр интернеттин күндөн-күнгө жайлып бара жаткан убагы. Албетте аны менен катар бизге бир канча жеңилдиктер жана ыңгайлуулуктар пайда болду десек болот. Бирок ошол эле убакта анын зыяндуу жактары да жок эмес. Өзгөчө интернет жаш өспүрүмдөр үчүн бир топ кооптуу деп айтсак болот. Порнография, зордук-зомбулук кадрлары, тыю салынган секталардын сайттары ж.б. алардын психикасына терс таасирлерин тийгизүүсү мүмкүн.

Интернетке байланып калуу негизинен чат жана форумдарга байланып калуудан башталат. Бул нерсе өспүрүмдү анын өзүн өзү өзгөртүүсүнө мүмкүнчүлүк түзүп берүүсү менен азгырат. Б.а. ал мындай форумдарда өзүн акылдуураак, сулуураак, жакшыраак көрсөтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Ал романтик же циник, физик же химик, чыгармачыл адам же спортсменге айлануусу, жада калса өз жынысын өзгөртүүсү да мүмкүн. Кыскасы ал өз ойлору жана фантазияларына толук эркиндик берүүсү мүмкүн. Өз комплекстеринен жабыр тартып жүргөн өспүрүмдөр үчүн интернет бейиш сыяктуу эле нерсе десек болот. Алар вирт дүйнөгө сүңгүп кирип, өздөрү жактырбаган реал жашоодогу өздөрүнө кайткылары келбей калат. Себеби реал жашоодо алар өзгөрүүлөрү үчүн көп күч-аракет жумшоолору керек. Ал эми виртте болсо алар өздөрүн клавиатураны баскылоо менен эле өзгөртө алышат.


Интернетке байланып калуунун беш түрү белгилүү:

1. Киберсекс
2. Виртуалдык таанышуу
3. Онлайн биржалык соодалар жана кумар оюндарына байлануу
4. Максатсыз эле сайттарды аралып жүрүү, изилдөө сайттарын активдүү колдонуу
5. Компьютер оюндарына байланып калуу.

Баланын интернетке байланып калгандыгынын алгачкы белгилерин кантип байкаса болот?

1. Бала компьютерден башка нерселерге болгон кызыкчылыгын жоготуп, көпчүлүк убактысын компьютер алдында өткөрө баштайт.
2. Ал үчүн эң чоң жаза-бул, анын компьютер же интернет колдонуусуна тыю салуу болуп калат.
3. Тезирээк компьютерге отуруу үчүн үй иштерин көңүл кош гана аткарат.
4. Мектептеги жетишкендиктери төмөндөп кетет.
5. Ал көчөгө сейилдөө үчүн чыгууну, реалда кандайдыр бир кружок жана секцияларга катышууну каалабайт.
6. Эгер үйдө компьютер жок болсо анда анын акчаларынын баары интернет клубка кетет. Ал, ал жерде интернетте же сеть аркылуу ойнолчуу оюндар менен убакыт өткөрүп калат.
7. Эгер түнкүсүн сеттин баасы арзан же интернеттен көбүрөөк файл көчүрүп алуу мүмкүнчүлүгү болсо ал түнү бою уктабай коюга даяр болот.
8. Ал достору менен эле эмес, сиз менен да маектешпей өз убактысын компьютер алдында өткөрөт.

Бардык оорулар сыяктуу эле интернетке байланып калууну айыктыргандан көрө анын алдын алуу жеңилирээк. Бул үчүн компьютерди колдонуу сааттарын кыскартуу жана кээ бир сайттарды колдонууга чектөөлөрдү койсоңуз болот. Эгер сиз сайттарга чектөө коюуну билбесеңиз анда башка тааныштарыңыздан жардам сураңыз. Балким алар атайын фильтирлер аркылуу кээ бир сайттарга чектөөлөрдү коюуну билүүлөрү мүмкүн. Ушундай эле сураныч менен сиз өз интернет провайдариңизге кайрылсаңыз да болот. Балаңыз интернеттен көчүрүп алган бардык файлдарды текшериңиз. Анын алдына тандоо коюңуз: же ал интернет үчүн өзү акча төлөсүн же чектелүү убакыт гана интернет пайдалансын.

Батыш жана өнүккөн чыгыш өлкөлөрүндө 21-кылымдын бул "киберчумасынан" айыктыруу үчүн атайын ишканалар түзүлүп, ар кандай методикалар иштелип чыгат. Бизде азырынча интернет анчалык жайылган эмес жана анын акысы да өтө эле арзан эмес. Бирок башкалардын каталарынан сабак алган жакшы.

Эгер жогорудагы алдын алууларга карабастан балаңыз мындай оорууга кабылган болсо анда төмөндөгүдөй иштерди аткаруу сунушталат:

1. Балаңызды реалдагы кружок, клуб жана спорттун түрлөрүнө кызыктырууга аракет кылыңыз.
2. Балаңыздын дагы бир мүнөт деп сурануусуна карабай проводту үзүп салыңыз. Мектеп үчүн рефератты интернеттен көчүрүүнүн ордуна библиотекага барсын.
3. Балаңыз менен көбүрөөк сүйлөшүңүз жана ал жаман компанияга туш болуп калуусу мүмкүн деп кабатырланбастан анын өз тең-туштары менен көбүрөөк сүйлөшүүсүнө шарт түзүп бериңиз.
Өз убагында даарыланбаган интернетке байланып калуу баланын психикалык жана физикалык ден-соолугуна эле эмес, анын жашоосуна да коркунуч туудуруусу мүмкүн. Мисалы интернеттеги кумар оюндарына уткуруунун айынан өз жанын кыйгандар болгондугу тууралуу фактылар да катталган.

Эң негизгиси бардык жакшы нерсе чеги менен болгону жакшы экенин унутпаңыз жана муну балаңызга да үйрөтүңүз.

Билдирүүнү түзөткөн: Daud: 19 Июль 2013 - 00:51

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   kokjar92   19 Июль 2013 - 01:18

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 256
  • Катталган: 25 Июль 12
  • Соңку аракети: 16 Ноя 2020 21:25
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Aaламга жол айылдан башталат... :)

:гезит: жакшы маалымат-кеңештер экен...
Эл бар бекен Көк-Жардай, жигиттери Көк жалдай?! Күлүп койсо кыздары, электр шамы жангандай... )))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   Chyndyk   19 Июль 2013 - 02:24

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 146
  • Катталган: 28 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 21 Дек 2013 03:14
  • Жынысы:Эркек

Бул форумда дагы ушундай ооруган балдарды коруп журом))). Ата энеси кайда карап журушот болду экен.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   fireman   19 Июль 2013 - 02:56

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 140
  • Катталган: 19 Март 13
  • Соңку аракети: 26 Май 2024 18:45
  • Жынысы:Эркек

Просмотр сообщения Chyndyk (19 Июль 2013 - 02:24) жазган:

Бул форумда дагы ушундай ооруган балдарды коруп журом))). Ата энеси кайда карап журушот болду экен.


:) Ак сөз!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   Nur_Islam   19 Июль 2013 - 03:11

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 606
  • Катталган: 22 Август 12
  • Соңку аракети: 25 Дек 2014 17:54
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Москва

Жаш муунду тарбиялаш учун, улуу муун озун озу тарбиялаш керек, себеби азыркы учурда кичине-чон дебей интернет менен ооруйбуз, менин мисалга 24 саатымдын жарымынын жарымы интернетке кетет. Реалдагы жашоодон чарчаганда виртке сунгуп кетем, анан да мага кочодо салпактап кафе-рессторанга барган такыр жакпагандыктан, интернетке убактымды коротом. Бирок наристелерге чыны менен аябай зыян жагы коп, жана откоол курактагы оспурумдорго да терс таасири бат тийет экендиги айкын. Дауд байке сонун тема ачыптырсыз, келечекте биздин мамлекетте да интернет онуккучо биз азыртан чара корсок мактоого арзый турган, себеби 10 адамдын бир адамына таасир этсе да чон жетишкендик. .

Билдирүүнү түзөткөн: Nur_Islam: 19 Июль 2013 - 03:14

Жүрөккө эмне толсо, ооздон ошол сөз чыгат...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   SubAz   19 Июль 2013 - 03:18

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 438
  • Катталган: 13 Март 10
  • Соңку аракети: 01 Май 2021 01:43
  • Жынысы:Белгисиз

Daud baike, menin papamdyn pochtasyn bereiyn ushunu jazyp jiberip koiunuzchu. Meni jakshylap tarbialap alsyn. Akyrky kundoeu men kiberchuma ildetine kabylyp kaldym okshoit.
Contra vim mortis non est medicamen in hortis
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   aijan   19 Июль 2013 - 09:21

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 10 994
  • Катталган: 18 Май 07
  • Соңку аракети: 29 Мар 2021 22:03
  • Жынысы:Аялзаты

Вый, жаш балдар эмес, ушу форумду айланчыктап жургон биз деле ушу илдеттен соо эмеспиз ай! Мисалы, мен. Тээ жаздын башында азыраак кирем деген бойдон, азыраак эмес, акимдикке отуп алдым. Кой, дарыланыш керек ай. Менин билдируулорумду коргон жерден минус баскылап, сынга алып, куугунтуктагылачы ээ?

Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   Azem2013   19 Июль 2013 - 10:00

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 779
  • Катталган: 23 Март 13
  • Соңку аракети: 05 Июл 2020 13:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишkеk

Ыраc ачыпcыз азырkы жашooдo чечилбегем маcеле. Менин инимди kараcам kyнy- тyнy интернет агенттен чыkпайт. Oзyм деле бyгyн kирбейм koзyм ooрyдy деп алып эле kайра эле kыдырып жoнoйм жанылыkтан kyр kалдым деп. Oзyбyздy тыя албай kалгандан kийин жаштарды тыя албай kалдыkko.
Yй бyлooм- менин жашooм, kелечегим!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   Chyndyk   19 Июль 2013 - 10:15

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 146
  • Катталган: 28 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 21 Дек 2013 03:14
  • Жынысы:Эркек

Просмотр сообщения aijan (19 Июль 2013 - 09:21) жазган:

Вый, жаш балдар эмес, ушу форумду айланчыктап жургон биз деле ушу илдеттен соо эмеспиз ай! Мисалы, мен. Тээ жаздын башында азыраак кирем деген бойдон, азыраак эмес, акимдикке отуп алдым. Кой, дарыланыш керек ай. Менин билдируулорумду коргон жерден минус баскылап, сынга алып, куугунтуктагылачы ээ?

Чын эле не башка жумушунуз жокпу? Качан кирбейин форумда журосуз. Ай ушу мен сиздин жолдошунуз болгондо камчы менен тарбиялайт элем. Болду давай азайт интернетти (болобу, же мындан катуураак урушайынбы Айжан сулуу?)))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   skatoruk   19 Июль 2013 - 11:14

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 277
  • Катталган: 03 Июнь 11
  • Соңку аракети: 22 Ноя 2019 09:19
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Москва

Аларга бул чума өзүбүздөн жукпай жатабы ? Өзүбүз интернет менен ооруп журсөк анан аларга жукпаганда кимге жугат?
Миң уккандан , бир көргөн артык !!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   aijan   19 Июль 2013 - 11:15

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 10 994
  • Катталган: 18 Май 07
  • Соңку аракети: 29 Мар 2021 22:03
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения Chyndyk (19 Июль 2013 - 10:15) жазган:

Чын эле не башка жумушунуз жокпу? Качан кирбейин форумда журосуз. Ай ушу мен сиздин жолдошунуз болгондо камчы менен тарбиялайт элем. Болду давай азайт интернетти (болобу, же мындан катуураак урушайынбы Айжан сулуу?)))


Урушканынызга рахмат :) (бирок шо та жетпеди, терим калындап кеткенби, не баляя) Озумо озум чектоо коет окшойм.

Баарыныздарды инетти азайтып, реалга отууго чакырам.

Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   azia.zet   19 Июль 2013 - 19:15

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 93
  • Катталган: 19 Июль 13
  • Соңку аракети: 25 Мар 2016 01:08
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Кыргызстан

Интернеттен сайт издеп тынбай журсок бул жакта азайткыла дейсинерго. Интернетсиз жашоо кызыксыз, жада калса сабакта да эптеп пайдалып калмайго .
Жараткан кайрып берсе отконду, окунсомда кайра сени суймокмун...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   Clara_Zh   18 Январь 2014 - 12:08

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 930
  • Катталган: 24 Апрель 13
  • Соңку аракети: 06 Апр 2020 22:18
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Балалыгым өткөн жерде.

Ужас :fk:/> , "Киберчума" дейби??
Дарыланыш керек сурочно!! !

Билдирүүнү түзөткөн: Clara_Zh: 18 Январь 2014 - 12:09

”Адам көөнү ~ эң назик айнек идиш,
Абайла, зирек кармап, сындырбай ич.”
(Жусуп Баласагын)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   Nura.1012   18 Январь 2014 - 13:24

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 313
  • Катталган: 25 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 21 Июн 2023 23:47
  • Жынысы:Аялзаты

Мага бул ооруу жукканына ооуу канча болгон,айыкпай калдым....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   Kg.lady   18 Январь 2014 - 23:34

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 7 580
  • Катталган: 26 Январь 13
  • Соңку аракети: 17 Фев 2025 13:10
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ак монгулуу Ала-тоо

Туура,инетти чукулап отуруп жолдошумдан кээде угуп калам анча-мынча укчууларымды. :tongue:/>/>
Озумдогу киберчуманын вирусун жуктуруп коюн десем же жукпайт,иммунитети кучтууда, :достор:/>/> клавиатураны алдына коюп уйротсонда уйронбойт.Жолдошума уйроткучо алты жаштагы кызым уйронуп бутмой болду,агентимди ачып туш келген адамга сурот жонотуп)))Барып, барып ,убакыттын отушу менен чон койгойго айланабы дейм,балдарыбызды интернеттен ажырата албай....

Билдирүүнү түзөткөн: Kg.lady: 18 Январь 2014 - 23:40


Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.

Байдылда Сарногоев
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   LASTO4KA_1   23 Январь 2014 - 00:22

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 457
  • Катталган: 10 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Июн 2021 12:58
  • Жынысы:Аялзаты

Виртуалдуу оюндар жаштарды азгырып жатканы жашыруун эмес. Бул оюндар жаштарга канчалык денгээлде пайда берет? Жана канчалык денгээлде зыян? Дурус жана бурус жактарын айтып кетсениздер?
Асыл сапат - бизди таалайга жеткируучу эн негизги курал!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   lucky_star   23 Январь 2014 - 02:03

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 230
  • Катталган: 05 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 07 Июл 2019 03:54
  • Жынысы:Аялзаты


Убакытты алып, окууга кызыкчылыкты жоготот, козго да зыян, а пайдалуу жагын корбой турам да :) . Оюндан пайда жок демекчимин. А интернеттен болсо билбегенди билип, уйронсо болот) (жеке ой)


АльхамдулиЛлях!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   Brat_Kuba   23 Январь 2014 - 10:05

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 718
  • Катталган: 03 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 14 Ноя 2014 15:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Алыыыыыыыс жакта...

Зыяны бар пайдасы жок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   admin_superstan   23 Январь 2014 - 10:17

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Маңызы окшош "Виртуалдуу оюндардын дурус жана бурус жактары." темасы менен бириктирилди.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Үй-бүлө
  • Кийинки тема →

Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 21 Авг 2025 08:23

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: