Урматуу форумчулар ыйык рамазан айыңыздар менен куттуктаймын!
Колумдагы Фазаил амал китептен пайдаланып аллахтын ыраазычылыгы үчүн Орозонун пазилеттерин сиздерге сунуштам кетким келди. Ойлойм сиздерге аз да болсо пайдасы тийер деп, ээринбестен аллахтын ыраазычылыгы үчүн окуп коюшуңуздарга ишенемин. Баардык мактоолор ыйык Алла Таалага болсун!
Алла Таалага мактоолорду жана Пайгамбарыбыз (саллаллоху ъалайхи ва саллам) га салаваттардв айткандан кийин берекелүү орозо айы туралуу бир канча хадистердин котормосун сунуш кыламын. Пайгамбарыбыз (саллаллоху ъалайхи ва саллам) бүткүл аалам үчүн рахмат болгон зат. Ал мусулмандар үчүн ар бир бөлүктө амалдардын пазилеттерин,
ага кызыктыруучу хадистерди өтө көп айткан. Ошондуктан Пайгамбарыбыз (саллаллоху ъалайхи ва саллам) га чыныгы ыраазычылык билдирип, анын айткандарын кадырлоо менен анын айткандарына жан берүүгө даяр болуу керек. Бирок биздин кемчилдиктерибиз күндөн-күнгө өсүүдө, бизде амал кылуу мындай турсун динге көңүл буруу болбой калды, жада калса элдер ал турасында өтө аз билишет.
Бул менин жазып жаткан максаты— Таравих намазын окуган имамдар, хафиздер жана кимдин жүрөгүндө бир аз да болсо диндин кадыр-баркы бар кишилер ушул китепчени орозо айында мечиттерде жана диний мадиреселерде окуп турушса, Алла Тааланын чексиз мээриминен узак болушмак эмес. Курандын берекетинен,
ушул берекелүү орозо айынын кадыр-бакын билип, ага көңүл бурууга, жакшы амалдарды көп кылып, жаман амалдадын азайуусуна себеп болуп калса деген эле тилек. Пайгамбарыбыз (саллаллаху ъалайхи ва саллам) айткан: "Сен аркылуу бир адамга туура жол берилип калса (диндүү болуп калса) , ошол сен үчүн кызыл төөдөн жакшыраак ". (Араптарда ошол учурда кызыл төө эң жакшы мал деп эсептелинген) .
Берекелүү орозо айы мусулмандар үчүн Алла Таала тарабынан берилген чоң белек. Бирок кимде ким ошону баалай билсе. Болбосо орозо айы өтүп кете берет, а биз болсо куру кала беребиз.
Бир хадисте мындай деп келген: "Эгер менин үммөтүм орозо айынын пазилеттин билгенде, орозонун жыл бою улануусун тилек кылат эле". Ар бир адамга жыл бою кармоо оор көрүнөт. Бирок Орозого бериле турган соопторго ой жүгүртө турган болсок, Пайгамбарыбыз (саллалоху ъалайхи ва саллам) элдер орозонун бир жыл бою созулушун туурасында үмүт кылышат эле деди. Бир хадисте: "Орозодо жана ай сайын үч күн орозо кармоо жамандыкты,
кемчиликти жана жүрөктөгү азгырыкты кетирет ", -деп айтылган. Сахаба (розияллоху ъанхум) дар рамазан айында жихатка сапар кылганда Пайгамбарыбыз (саллаллоху ъалайхи ва саллам) дын сапарда орозо кармоого тыюу салуу өкүмүн берүүгө мажбур болгонуна караганда, бул жерде терең ойлоно турган. Муслимде бир хадис келтирилген.
Сахаба (розияллху ъанхум) дар бир жолу казатка сапар тартып бара жатып, бир жерге токтошту. Күн ысык болчу. Өтө эле жакырчылыктын себебинен алардын күндүн ысыктыгынан калкаланууга кийимдери да жок эле. Көбү колдору менен күндүн нурун тосуп жатышты. Ушундай мезгилде да алардын арасынан көбү орозо тутушту жана турууга алдары келбей жыгылып жатышты. Сахабалардын бир нечеси жыл бою орозо кармашкан.
Пайгамбарыбыз (саллаллоху ъалайхи ва саллам) дан миңдген риваяттар түрдүү жолдор менен оозонун соптору жөнүндө айтылган. Алардын баарын чогултууга мендей алсыздын мүмкүнчүлүгү жок. Мен ойлойм, эгерде аларды кененирээк кылып жазып чыга турган болсо да, элдер андан чарчап кетишет, себеби бүгүнкү күндө диний амалдарга көңүл бурбай калышкан, аларды айтуунун кажети жок. Илим менен амалга канчалык жалкоолук, көңүл коштук мамиле болуп жатканын ар адам өзүнүн турмушунан эле байкаса болот. Ошндуктан жыйырма бир хадис менен эле чектеп аларды үч бөлүмгө бөлөмүн. Биринчи бөлүмдө орозонун пазилеттери тууралуу он хадис айтылган. Экинчи бөлүмдө Кадыр кечесинин пазилеттери тууралуу жети хадис. Үчүнчү бөлүмдө этикафтын пазилеттери тууралуу үч хадис бар. Ал эми сөз аягында бир чоң хадис келет. Ошону менен ушул китепчемди аяктайм.
Аллах Таала Өзүнүн берешендүүлүгү менен жана Анын сүйүктүү Пайгамбары (саллаллоху ъалайхи ва саллам) дын урматында бул ишимди кабыл кылсын, ошондой эле мендей күнөөкөрлөргө да ушунун берекетинен пайда алууга мүмкүнчүлүк берсин.
Орозонун пазилеттери. Фазаил амал китебинен алынды.
#2 08 July 2013 - 22:25
Алла ыраазы болсун сизден. Жазгандарыңыз өтө маанилүү, мүмкүн болсо оозду ачып кайра жапкандагы сүрөөнү жазып коёсузбу? Рахмат
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#3 08 July 2013 - 22:48
1-Бөлүм.
Орозонун пазилеттер тууралуу.
1. Салман (розияллоху ъанху) айтат: "Пайгамбарыбыз (саллаллоху ъалайхи ва саллам) Шаъбан айынын акыркы күндөрүндө бизге насаат айтты: Силерге өтө берекелүү, улуу ай келе жатат. Анда бир түн бар, ал миң айдан жакшыраак. Алла Таала ошол айдын орозосун фарз кылды. Андагы Таравих намазды сооп алууга себеп кылды. Ким ушул айда жөнөкөй эле бир жакшылык иш кылып, өзүн Алла Таллага жакын тутса, анда ал орозодон башка убакта фарздын сообун аткаргандай сооп алат. Ал эми кимде -ким ушул айда фарз амалды аткарса, анда ал орозодон башка убактарда 70 фарз ткаргандай соопко ээ болот.
Бул ай сабырдуулук айы. Ал эми сабырдын орду бейиш. Бул ай адамдарга камкордук кылуу айы. Бул айда момундун ырыскысы көбөйтүлөт. Кимде ким орозо кармагандарга ооз ачтырса, анда анын күнөөлөрү кечирилүүсүнө, тозоктон азат болуусуна себеп болот жана Орозо кармоочуга берилген сообундай сооп берилет. Саабалар: "Эй, Алланын элчиси (саллаллоху ва саллам)! Биздин ар бирибиздин ооз ачырууга кудуретибиз жетпейт ", -дейишти. Пайгамбарыбыз (саллаллоху ва саллам) айтты: "Ооз ачырууда курсак тойгуза тамак берүү шарт эмес, бир курма менен же бир ууртам суу менен, же бир ууртам сүт менен ооз ачырган болсо да Алла Таала бул соопту берет. Бул айдын биринчи бтлүгү— Алланын рахматты, экинчи бөлүгү— Алланын кечирими, үчүнчү бөлүгү—тозоктон куткарылуу күндөрү. Бул айда ким өзүнүн кызматчыларынын жумушун жеңилдетсе, Алла Таала ошол кишинин күнөөлөрүн кечирет жана тозоктон куткарат.
Ошондой эле бул айда төрт амалды көп кылгыла. Анын экөөсүнөн Алла Таала ыраазы болот. Калган экөөсүн аткарбай коюга аргаң жок. Алла Таала ыраазы боло турган жки нерсенин бири - "Калима Тоййиба " жана истигфарды көп айтуу, экинчиси -бейишти суроо жана тозоктон сактоону тилөө. Кимде -ким орозо кармоочуга суу ичирсе, Алла Таала ага (Кыямат күнү) менин көлүмдөн суу ичирет, андан кийин ал бейишке киргенге чейин чаңкабайт ".
Хадисте аалымдар бул хадисти риваят кылуучулардын кээ бири тууралуу сөз кылышат. Бринчиден бул хадис фазилетти баяндап жатат, ал эми амалдардын фазилеттин айтууда риваят кылгандар тууралуу сөз кылынса да аны кабыл алууга болот. Экинчиден бул хадистин маанисин көптөгөн хадистер колдойт.
Бул хадистен бир нече иштер маалым болду. Адегенде Пайгамбарыбыз (саллаллоху ъалайхи ва саллам) орозо айына өзгөчө көңүл бурган. Шаъбан айынын акырында атайын орозо жөнүндө айтып кетти жана адамдарды рамазан айынын күндөрү бейкапарчылыкта өткөрбөөсүн эскертти. Андан кийин Пайгамбарыбыз (саллаллоху ъалайхи ва саллам) ошол сөзүндө орозо айынын артыкчылыгын айтып, бир канча иштерге өзгөчө көңүл бурдурду.
Эң биринчиси Кадыр кечеси жөнүндө. Чындыгында Кадыр түн өзгөчө мааниге ээ. Бул туураалуу экинчи бөлүмдө кеңири сөз болмокчу. Соң айтты: " Алла Таала бул айдагы орозону фарз кылды жана түндөгү кылынуучу ибадаттарды (Таравих намазын) сүннөт кылды ". Пайгамбарыбыз (саллаллоху ъалайхи ва саллам) дын бул айтканынан Таравих намазынын Алла Таала тарабынан айтылганы белгилүү болду. Ал эми Пайгамбарыбыз (саллаллоху ъалайхи ва саллам) дын кээ бир риваятында Таравих намазыны сүннөт деп айткандыгы ушул сөздү бекемдейт. Мына ошондуктан баардык төрт имам (рахматуллохи ъаллайхим) дердин көз карашында Таравих намазы сүннөт. "Бурхан " деген китепте айтылган, Равафиздер (шиялардын бир агымы) гана Таравих намазы кабыл алган эмес, алардан башка дүйнө эч бир коом Таравих кайтарбайт.
Уландысы бар.

"Сен таза болсон, мен таза болсом коом да таза болот."
#4 09 July 2013 - 05:07
Мавлана Шах Абдул Хак Индиянын хадисчилеринен.
Ал "Маа собата биссунна " деген китебинен айткан: "Кээ бир Фикх киептеринде айтылган, кайсы шаардын адамдары Таравих намазын окубай койсо, анда падыша алар менен урушсун ". Ушул жерде бир сөзгө өзгөчө көңүл буру зарыл. Көпчүлүк адамдар тезирээк 8 -10 күндүн ичинде бир мечиттен толук Курани Каримди угуп коюп, калган күндөрү Таравих намазын окубай эле койсо болот деп ойлошот. Бул жерде терең ойлонуп иш кылуу керек. Курани Каримди толук окуп чыгуу же угуу өзүнчө бир сүннөт. Эгерде сиз орозо айында Таравих намазын окуу өз алдынча сүннөт. Эгерде сиз ойлогондой болсо, анда бир эле сүннөт амал кылынып, экинчиси аткарылбай калат. Албетте ким орозо айында сапарга чыккандыктан же башка бир себептерден улам Таравих намазын окуу кыйын болсо, анда Куран кем болуп калбаштыгы үчүн, ал адегенде бир канча күндө аны угуп алсын. Соң качан кайсыл жерде мүмкүнчүлүк болсо, Таравих намазын окусун. Мына ошондо Куранды аяктоого да жетишет жана өзүнүн иштерине да зыян келбейт. Пайгамбарыбыз (саллаллоху ъалайхи васаллам) хадисте орозо менен Таравих намазын айткандан кийин жалпы эле фарз жана нафил ибадаттарыга көңүл бурууну эскертти. Бул айдагы бир нафилдин сообу башка айлардагы фарздын сообуна барабар. Ал эми бул айдагы бир фарздын сообу башка айлардагы жетимиш фарзга барабар. Эми биз үчүн дагы бир жолу намазга көңүл буруу жөнүндө ой жүгүртүү үчүн зарылчылык пайда болду. Ушул улуу айда өзүбүздүн фарз ибадаттарыбызга канчалык көңүл бурдук, ошондой эле канчалык нафил ибадаттарыбызды көбөйтүк?
Фарздарга бекемдигибизди ала тураган болсок, саарлык тамакты жегенде кийин кайрадан жатып албай, таңкы намазды окубастан уктап калабыз же болбосо көпчүлүк учурда жамаат менен окууга барууну таштап коёбуз, анда кантип намазга көңүл буру болсун? Ошентип саарлыкты кылып, шүгүр кылуунун ордуна Алланын эң зарыл болгон жамааты калтырып коёбуз. Уламалар жамааты себепсиз таштоону "кемчиликтүү" деп аташкан. Пайгамбар (саллаллоху ъалайхи ва саллам) айткан: (Мечиттин жанында жашоочу кишинин намазы мечитте окулмайынча кабыл болбойт ". "Мазахирул хак " китебинде жазылган: "Кимде ким себепсиз жалгыз намаз окуса, ал мойнундагы фарздан кутулат, бирок ага сооп берилбейт ". Ошондой эле Шам намазы да көпчүлүк мезгилде ооз ачаардын себебинен биринчи рекети өтүп кетет же такбир уула калып кетет. Көптөгөн адамадар Тарахив намазынын жакшылыгынын ордуна мына эмесе деп Куптан намазын убактысынан эрте окуп салат.
Мына ушул биздин орозодогу фарз намаздарыбыздын абалы. Эң негизги фарз деп айтылган ибаттарыбыздан, бир фарзды аткарам деп үч фарз текке кетти. Үч намаз бул жалпы айтканда, болбосо мен өз көзүм менен көргөм, адамдардын түшкү уйкунун себебинен Пешин намазын, ооз ачарга тамак сатып алам деп Аср намазын каза кылып жаткандарын. Ушул сыяктуу эле калган фарздарды да карап көрүңүз, аларга орозодо канчалык көңүл буруп жатат.
Эгер фарздын абалы ушундай болсо, анда нафил ибадаттар эмне болду экен? Ишрок, Чашке намаздарын орозодо уйкунун себебинен окулбай калат. Ал эми кечкиси эми эле оозунун ачкан болсо, Аввабин (нафил) намазын кантип окумак эле, али алдыда Таравих турат. Тажахуд болсо даана саарлык кыла турган мезгилге туш келип турат. Ошондой болсо нафилдерге кайдан убакыт болмок эле? Булардын баары амалсыздык жана жалкоолуктан.
Акын айткан:
"Сен кылууну каалабасаң, миң шылтоо".
Бирок канчалаган Алланын пенделери ушулардын баарын аткарууга убакыт табышат. Мен өзүмдүн устазым Мавана Халил Ахмадды (Алла анын кабырын нурдуу кылсын!) Орозодо бир канча жыл бою көрдүм. Ал алдан тайган болсо да, Шам намазынан кийин бир параны төрттөн бир бөлүгүн окучу, андан кийин жарым саат тамактанып жана башка кажаттарын бүтүргөндөн кийин, эки саат он беш минут Таравих намазында өткөрчү. Булардын баары ал киши Индияда болгондодогусу. Ал эми Мадинада болгондо ал Куптан жана Таравих намазын үч саатка жакын окуп, андан кийин жылдын ар түрдүү мезгилине жараша эки үч саат эс алчу. Андан кийин Тахажуд намазында Куран менен алек болуп, соң таңга чейин саарлык кылат эле. Саарлык кылгандан кийин кээлме Куранды жатка окуу менен, кээде башка зикирлер менен алектенчү. Таң аткан соң Багымдат намазын окуп, күн көтөрүлгөн кезде Ишрок намазын окуп, бир саатка жакын эс алчу. Андан кийин кышкысын саат он бирге чейин, ал эми жайкы күндөрү он экиге чейин "Базлул мажхуд " китебин жазуу менен алек болот эле жана кээде каттарга жооп жазчу. Соң Пешим намазына чейин эс алып, Пешим окугандан кийин келген -кеткендер менен сүйлөшүп, тилават кылып убакыт өткөрчү. Асрдан Шамга чейин Куран окучу жана ошол эле убакта коноктор менен да маегин улантат эле. "Базлул мажхуд " жазылып бүткөндөн кийин эртең менен бир аз Куран окуп, убактысынын калган бөлүгүн башка китептерди окуу менен алек болот эле. Көпчүлүк учурда "Базлул мауд ". "Вафаул вафаа " китептерине көз жүгүтчү.
Ал кишинин орозодо эч кандай өзгөрүүсү болбойт эле. Ал жыл бою нафил намаздарды, орозолорду жана башка амалдарды үзчү эмес, болгону орозодо намаздын рекеттери узунураак болот эле. Ал эми рамазан айында өз алдынча өзгөчө амалдарды аткарашыкан улуу адамдар тууралуу эмне десе болот, албетте андай улуу кишилердин артынан ээрчүү, ар бир эле адамдын колунан келе бербейт. Мавлана шейхул Хинд (рахматуллохи ъалайхи) Таравихден кийин таң аткыча нафил ибадаттар менен алек болот эле. Бири бүткөндө экинчи хафизден (Куран жаттаган кары) Куран угат эле. Мавлана Шах Абдурахим Райпуринин (Алла ал кишини Өз рахматына алсын) адатты -орозо келгенде күнү -түнү Куран гана окучу. Келген каттарга жооп жазуу, эл менен жолугушу бүт баары токтойт эле. Кээ бир өзгөчө окуучуларына гана Таравих намазынан кийин Мавлана менен бир -эки чыны чай ичкенчелик мөөнөттө сүйлөшүп олтурууга уруксат берилет эле.

#5 09 July 2013 - 05:38
Сизге 2 суроом бар эле:
1. "Пазилет" деген сөздүн кыргызчасы жокпу?
2. Окурмандар окусун деп жазып жатып, ойлорун айтса кайра "катуу" айтканыңыз кандай? Же окубай эле койолубу? Форумга жооп жазба деп чектөө койо албайсыз, каалаганын жазат. Ошондуктан форум.
Эскертүү: Форумдун негизги куралдарын бузбай пикирлерин жаза берет.

1 -Оюмча жок болуш керек болбосо которулмак. Демек жок болгонун байланыштуу "Пазилет " деп жазылган. Бул китепте бир эле Орозонун пазилеттери эле эмес, Курандын, Намаздын, Зикирдин, Таблигдин пазилеттери дагы бар. Болгондо которулуп баарына жазылмак эле да.
2 -Ооба окурмандар окусун деп жазып жатамын, ойлорун деле айтсын деп жатамын. А бирок өзү бириктирилиши же бириктирилбеши так билбей туруп эле эптеп темага билдирүү калтыруусу эле турабы? Анан бул суроо деле эмес, темага байланыштуу дагы сөз эмес го. М: Мен туура түшүнө албадым ал билдирүүнү, баардык темаларды карап окуп чыкканда антип жазмак эмес, демек ал баарын окуп чыккан эмес анан чамалап жазган "го " дегенине караган да. М: Көпчүлүгү темага гана байланыштуу ой-пикир калтырат, сиз жана башкаларга окшоп, анан жөнү жок эле маанисиз билдирүү калтырбайт да көпчүлүгү жана аны жактырбайт дагы. Анан ал билдирүүнүн темага байланыштуу деле эместей сезилди жөн эле дегенинен улам дагы, темага гана байланыштуу ой-пикир, билдирүү калтырылса жакшы болмок дегеним эле. Балким мен аны же сиз мени туура түшүнбөй калган турбайбызбы. Менин оюм болгону окуган окурмандарга ыңгайлуу болушу үчүн үзүбөй жазгым келген эле, бөлбөй окуса кызык болчу, ошол максатта темага гана байланыштуу ой-пикир болсо дегеним эле. Туура түшүндүрө албаганым үчүн, катуу тийгени үчүн үзүр сураймын.
Кармаган орозоңуздар кабыл болсун!
"Сен таза болсон, мен таза болсом коом да таза болот."
#6 11 July 2013 - 04:08
Улуу адамдардын окуяларын учкай назар менен окуп коюу, же болбосо конул ачуу катары окуп коюу эмес, балким ар ким озунун даражасына ылайык аларды ээрчүү үчүн, мүмкүн болушунча толук аткарууга аракет кылуу үчүн жазылат. Ар бир адам озунун озгочолугу менен башкалардан жогору боло алмын. Турмуш тиричилиги коп жумушту талап кылбаган адамдар он бир айды бош кетиргенден кийин бир ай жанталашып аракет кылып койсо, кандай жакшы болоор эле. Саат 10дон баштап кечки 4ко чейин жумуш орундарында алек болгондор болбоду дегенде, орозодо саат 10го чейин Куран тилават кылышса, эмне кыйынчылыгы бар? Баарыбир деле дуйнолук иштер учун эптеп - септеп убакыт таап жатпайбызбы.
Эгин эккен дыйкан, ал эч кимге коз каранды эмес, озун бошото албагындай убакытка да коз каранды эмес, эгинин карап олтурганча Куранды да окуй берсин, соодогерге эмне кыйынчылык,
орозодо дукондун иштоо убактысын азайатып койсун же эн азында дукондо олтуруп Куранды окуй берсин.
Бул орозо айы менен Курандын озгочо байланышы бар. Ошондуктан жалпысынан алганда, Алла Тааланын бардык китептери ушул айда түшүрүлгөн. Ошолордун ичинен Куран "Лавхул махфуз" дан толугу менен дүйнө асманына ушул айда түшүрүлгөн. Ал жерде зарылчылыкка жараша аз-аздан 23 жыл ичинде жерге түшүрүлгөн. Мындан тышкары Ибрахим (ъалайхис салам) га да "баракча " ушул айдын биринчи, же үчүнчү күнүндө Дауд (ъалайхис салам) га "Забур " рамазандын он экинчиси, же он сегизинчи күнү берилген. Муса (ъалайхис салам) га "Тоорат " рамазандын алтынчы күнү берилген. Орозо менен Алла Тааланын сөздөрүнөн өзгөчө байланышы бар экенин мына ушулардан байкасак болот. Ошондуктан бул айда Куранды көп окуу туурасында айтылат. Көпчүлүгү улуу кишилердин адаты да орозо айында Куран окуу болуп эсептелинет.
Жабраил (алайхис салам) жыл сайын орозодо келип Пайгамбарыбыз (саллаллоху ъалайхи ва саллам) га толук Куранды окуп берет эле. Башка риваяттарда айтылган: "Жабраил (ълайхис салам) өзү Пайгамбарыбыз (саллаллоху ъалайхи ва саллам) дар Куранды угат эле ". Уламалар ушул эки хадистен Курани Каримди кайталоо, окуп берүүнү мустахаб деп айтышкан. Мына ошол нерсе азыркы учурда жер жерлерде колдонулуп келе жатат. Кыскасы колдон келишинче Куранды тилават кылуу зарыл. Эч бир бош убакты текке кетирбөө керек.
Пайгамбарыбыз (саллаллоху ъалайхи ва саллам) ушул хадистин акырында төрт нерсеге өзгөчө көңүл бурду жана аларды көп кылууга өкүм берди.
1) "Келме тоййибаны кайталоо ";
2) "Истигфар ";
3) Бейишти суроо;
4) Тозоктон кутулууну суроо.
Ошондуктан бош убактты ушул иштерди аткарууга жумшоону бакыт деп түшүнүү керек. Мына ошол Пайгамбарыбыз (саллаллоху ъалайхи ва саллам) дын сөздөрүн кадырлагандык. Дүйнө иштерин кылып жатып эле тил менен салават жана келмени айта берүүнүн эч бир кыйынчылыгы жок, ал эми анын ордуна берилүүчү сооп эртең түбөлүккө бирге калат.
Хадистин уландысы Пайгамбарыбыз (саллаллоху ъалайхи ва саллам) орозо айынын бир канча өзгөчөлүктөрү дана адептери жөнүндө да айтып кетти. Биринчиден бул сабырдуулуктун айы, мындайча айтканда эгерде биз орозодон бир аз кыйынчылык тарта турган болсок, көбүнчө жайкы орозодо көпчүлүк адамдарга адат болуп калгангандай, кыйкырып-бакырып ачууланбастан, ага сүйүүнүп эле чыдап коюу керек. Ошондой эле эгер кокустан саарлык өтүп кетип, тамак жебей турган болсок, анда дароо эле эртең менен арыздана баштайбыз. Эгрде Таравих учурунда бир аз оорчулук келе турган болсо, анда аны кайгы жана өкүнүч деп эсептебестен сергек болуп чыдап коюу керек. Болбосо бул биз үчүн сооптон кур калуу болот. Болбогон эле дүйнөлүк заарылчылыктар үчүн жеп -ичүүнү жана эс алууну таштайбыз, бирок чындыгында Алла Таала ыраазычылыгына салыштырууда булар кандайдыр бир мааниге ээ болобу?
Дагы хадисттир уландысы айтылган: "Бул ай комкордук кылуу айы ". Тактап айтканда кедей - кембагалдарга жардам берүү. Эгерде сиз өзүңүздүн ооз ачууңузга он түрдүү тамак -аш даядасаңыз анда алардын үчөө төртөөсүн кедей -кембагалдарга болуш керек. Негизи өзүңдүкүнөн артык кылбасаң да барабар кылган жакшы болот. Кыскасы мүмкүн болушунча кечки же саарлык тамактан жетим -жесир, кедей -кембагалдарга атайын бөлүү керек. Сахаба (розияллоху ъанхум) дар үммөт үчүн иш жүзүндө үлгү. Алар диндин ар бир бөлүгүн иш жүзүндө ачык айкын көрсөтүштү жана алардын кылган амалдары ар бир жакшы амал үчүн ачык көрсөтмө. Ал эми алардын курбанчылыктарын жана кыйынчылыктарын айта турган болсок, анда аларды артынан бир гана чыныгы эрктүү адам ээрчишет. Алар туралуу миңдеен окуялар айтылган, аларды көрүп таң калуудан. Башка эч нерсе деп айта албайсың. Мисал иретирде бир окуяны айтып кетем. Абу Жахам (разияллоху ахну) айтат: Мен Ярмук согушунда атам менен бир тууган агамдын уулун издеп жүрдүм. Эгер тапсам, суу ичирим бети -колун жуурмун деген ойдо бир кумура суу да алып алган элем. Кокусунан мен аны жарадар болуп жерде жаткан жеринен таап алдым. Мен андан "Суу ичесиңби? " -деп сурадым. Ал ишара менен сурады. Аңгыча анын жанында жарадар болуп жаткан киши "ах! " -деди. Ал аркы кишиге суу ичирүүмө ишара кылды. Мен анын алдына бардым, карсам ал дагы аябай чаңкап, суу сурап жаткан экен. Аңгыча анын жанында жаткан дагы бир жарадар суу сурап калды. Ал да өзүнөн мурда жанындагы жарадарга барууга ишара кылды. Мен анын жанына чуркап жеткенче, ал көз жумду. Кийин экинчи жарадарга келсем, ал да көз жумган экен. Соң мен өзүмдүн тууганыма келсем, ал да шахид болуп бул дүйнө менен кош айтыпшып кете берди ". Мына бизден мурунку биз ээрчиген адамдар ушундай курбанчылыктарды кылышкан, жадагалса чаңкагандан жан берип жатышса да, бир тууганынан мурда суу ичүүнү ылайык көрүшпөдү.

#7 18 July 2013 - 19:51
"Рухул баян " китебинде Суюти (рахматуллохи ъалайхи) нин "Жаамиъус согир " жана Сахави (рахматуллохи ъалайхи) нин "Махасид "деген китебинен Ибну Умар (разияллоху ъанху) нун Пайгамбарыбыз (С.А.В.С) дан бир хадис келтирилген:
"Менин үмөттүмдө ар дайым беш жүз Алла Таалага жакын болгон жана кырк абдал (улуу таква) адамдар болот. Качан алардын бирөөсү дүйнөдөн кайтса, дароо анын ордуна башка бирөө келет ". Сахабалар сурашты: "Алардын өзгөчө амалдары эмне? " Пайгамбарыбыз (С.А.В.С) айтты: "Зөкүрлөрдүн зөөкүрлүгүн кечиришет, жамандык кылгандардын жамандыгына жакшылык менен жооп беришет. Алла Талланын берген ырыскысы менен адамдарга жакшылык менен, ырайымдуулук менен мамиле кылышат ". Дагы бир хадисте айтылган: "Ким ачканын курсагын тойгузса, жалаңачка кийим берсе же мусаапырга түнөгөнгө орун берсе, Алла Талла ага Кыяматтын каардуу коркунучунан тынчтык берет ". Яхя Бармаки (рахматуллохи ъалайхи) Суфян Саури (рахматулохи ъалайхи) болсо ага сажыдада төмөнкүчө дуба кылды: "Эй Алла! Яхя менин дүйнөлүк муктаждыктардымды орундатып жатат, сен Өзүңдүн мээримиң менен анын акыреттеги муктаждыктарын орундат. Яхя (рахматуллохи ъалайхи) дүйнөдөн өткөндөн кийин адамдар аны түшүндө көрүп, кандай мамиле болгонун сурашты. Ал "Суфян (рахматуллохи ъалайхи) кылган дубанын берекетинен кечирим болду " -деп жооп берди.
Хадистин уландысында Пайгамбарыбыз (С.А.В.С) ооз ачыргандын сооптору жөнүндө айтып кетти. Башка бир риваятта келет: "Кимде ким адалдан таап орозодо кедей -кембагалдарга ооз ачырса, орозонун түндөрүндө периштелер ага рахмат дубасын кылышат, ал эми Кадыр кечесинде Жабраил (алайхис салам) ошол адам менен кол алышып көрүшөт ". Жабраил (алайхис салам) ким менен кол алышып көрүшкөн болсо (кол алышып көрүшкөндүн белгиси) , анын жүрөгүндө жумшактык жана мээрим пайда болот жана көздөрүнөн жаш агат. Белгилүү хадис алымы Хаммад ибну Салама (рахматуллоху ъалайхи) тууралуу айтылган, ал күнүнө 50 адамга ооз ачар кылган.
Ооз ачуурунун пазилеттинен соң Пайгамбарыбыз (саллаллоху ъалайхи ва саллам) орозо айынын башталышы рахмат экендигин айтты, башкача айткан бул мезгилде Алла Тааланын рахматты жаайт жана бул рахмат баардык мусулмандар үчүн. Ал эми ага шүгүр кылуучуларга рахмат көбөйө берет.
"Эгерде силер шүгүр кылсаңар, анда силерге сөзсүз көбөйтүп берем ".
Орозо айынын ортоңку бөлүгүндө кечирим күндөрү башталат, анткени орозого берилүүчү сооптор алгач кечирим менен башталат. Ал эми орозонун акыркы бөлүгү тозок отунан куткарылуу күндөрү болот.
Дагы көптөгөн риваяттар орозонун акыркы он күндүгү тозоктон куткарылуу күндөрү экендиги тууралуу сүйүнүчтүү кабарлар айтылат. Жогоруда айтылгандай орозо үч бөлүккө бөлүнөт. Менин оюмча рахмат, кечирим жана тозоктон куткарылуу болуп үч бөлүккө бөлүнгөндүн ортосундагы айырманын себеби төмөнкүчө. Адамдар үч түрдүү болушат:
1) Күнөөлөрү аз адамдар, аларга орозонун башынан баштап эле жакшылык жана рахматтар жаай баштайт.
2) Бир аз күнөөлүү адамдар, орозонун бир канча күндөрү өткөндөн кийин аларга орозонун берекетинен Алланын кечирими келип, күнөөлөрү төгүлө баштайт.
3) Көп күнөөлүү адамдар. Аларга орозонун көпчүлүк бөлүгү өткөндөн кийин тозоктон куткарылуу берилет. Орозонун башынан эле күнөөлөрү кечирилген жана рахмат -берекеге бөлөнгөн адамдар туурасында эмне десе болот?
Андан кийин Пайгамбарыбыз (саллаллоху ъалайхи ва саллам) дагы бир нерсеге токтолуп кетти, ал кожоюндар өз кызматчыларына орозодо алардын орозо туткандыгы себебиненен кызматын деңилдетүүсү. Орозодо иш оор болсо, орозо кармоо ошончолук кыйын болот. Албетте иш көп болсо, орозо үчүн жумушчулардын санын көбөйтүп койсо, анда башка кеп. Бул жеңилдик орозо кармоочуларга гана, эгер орозо кармабагандар болсо аларга орозо айы же орозо айы эмес экендиги баарыбир. Өзү орозо кармабай орозо кармоочуну иштеткен, ошону менен катар эгер орозо жана намаздын себебинен жумуштан бир аз кечигүү болуп калса каарын төккөн, уясыз жана орой мүнөздүү кожоюн туурасына эмнесин сөз кыласын! ...
"Ал эми зулумдук кылгандар кандай (оор) абалга кабылаарын жакында билишет ".
Андан кийин Пайгамбарыбыз (саллаллоху ъалайхи саллам) орозодо төрт нерсени өкүм кылууга өкүм кылды.
Биринчи -бул шахадат келмеси. Ал хадистерде зикирлердин эң абзели деп айтылган.
"Мишкатта " Абу Саъид Худри (разияллоху ъанху) дан риваят кылынат. Муса (ъалейис салам) бир жолу Алла Тааладан сурады: " Эй, Роббим! Сен мага ушундай бир келме үйрөт, мен аны менен Сени эстейин жана Сага кайрылайын ". Алла Таала ага: "Лаа илаха иллаллох," келмесин оку ", -деди. Муса)(ъалайхис салам): "Эй, Роббим! Бул келмени сенин бардык пенделериң айтат. Мен өзгөчө өзүмө гана таандык нерсени сурап жатамын ", деди. Алла Таала айтты: "Эй, Муса! Эгер жетир катар асман, жети катар жер таразанын бир табагына коюлса, ал эми таразанын экинчи табагына жогорудагы келме коюлса, сөзсүз таразанын экинчи табагы басып кетет ".
Бир хадисте айтылган: "Ким ихлас менен бул келмени окуса бул сөздөрдүн урматынан ага асман эшиктери ачылат жана бул келме эч бир тоскоолсуз Аршка чейин жетет, эгер келме айтуучу пенде өзүн чоң күнөөлөрдөн сактап жүргөн болсо. Ошондой эле Алла Талланын эрежеси боюнча жалпыга зарыл болгон нерселерди көп берет. Жакшылап карап көрсөк, дүйнөдө эмне көп керек босо, ошол нерсе ошончо көп экендиги байкалат. Мисалы суу бардыгына керек, Алла Талла чексиз ырайымдуулугу менен сууну ошончолук кенен жаратып койду. Ал эми химиялык элементтер сыяктуу керексиз нерселер өтө сейрек кездешет. Ошондой эле Лаа илаха иллаллах келмеси дубалардын абзели. Көптөгөн хадистерде бул келмени эң улуу экендиги айтылган. Алла Талла бул келмени да ошончолук жалпы кылып койгон, аны окубай коюга эч кандай тоскоолдук жок, аны баары окуса болот. Эми ушунчалык баарына жалпы кылып койгондо да окубаса, анда бул анын жеткен бактысыздыгы. Көптөгөн хадистерде келменин артыкчылыгы, сооптору жөнүндө жазылган, аларды кыскартуу максатында жазганым жок.
Жогорудагы хадисте көп кылууга айтылган экинчи нерсе -бул истагфар. Хадистерде истигфар кылуунун көптөгөн фазилеттери айтылган.
Био хадисте: "Истигфарды көп кылуучуга Алла Талла ар түрдүү кыйынчылыктан кутула туршан жол ачып берет. Ошону менен катар ар түрдүү кайгы -капада боштондук берет жана күтүлбөгөн жерден ага ырыскыкысын жеткирет ", -деп айтылган. Дагы бир хадисте айтылган "Пенде баарыбир күнөөлү болот, бирок эң жакшы күнөөкөр -күнөөсүнө тообо кылса ". Ошондой эле башка хадистерде: "Качан адам бир күнөө кылса, анан жүрөгүнө бир кара чекит түшөт. Эгер ал тооба кылса, ал жуулуп кетет. Бобосо ошол бойдон кала берет ", деп айтылган.

#8 19 July 2013 - 00:59
Бул маалыматтар Фазаиль амал китебинен эмес башка китептерден алынды. Ошентсе да темага ылайык болгону үчун кошуп коё берейин.
Пайгамбарыбыз Мухаммадтын (солла Аллаху алейхи ва саллам): "Орозо сабырдын жарымы" (Тирмизий) жана "Сабырдуулук ыймандын жарымы" (Абу Нуайм) деген хадистеринин негизинде орозо кармоо ыймандын төртөн бир бөлүгү деп айтсак болот.
Орозонун өтө улуу пазилетине далил болуучу дагы бир хадис бул Пайгамбарыбыз Мухаммад алейхи саламдын Аллах Тааланын мынтип айткандыгы жөнүндө берген кабары: Аллах Таала айтат: "Адам баласынан ар бир амалы өзү үчүн. Бирок орозо мен үчүн жана анын сыйлыгын Өзүм берем". Бул хадистин башка бир риваятында мынтип айтылат: "ар бир жкашылыка ондон жети жүз эсеге чейин сооп берилет. А бирок орозо мен үчүн жана анын сыйлыгын Өзүм берем" (Бухари, Муслим).
Чындыгында бардык жакшылыктардын сыйлыгын Аллах Таала Өзү берет. Бирок бул хадисте Аллах Таала орозону өзүнө таандык кылып айтканы анын улуулугун түшүндүрөт. Эгер жоомарт, берешен Зат анын сыйлыгын өзүм берем деп айткан болсо, демек бул, ал сыйлыктын өтө чоң экенин түшүндүрөт. Кураандын төмөнкү аяттында буга ишаарат бар: "Чындыгында, сабыр кылуучуларга сыйлыктары эсепсиз (өлчөөсүз) берилет " (Зумар 10). Аллах Таала бул аятта сабырдуулар үчүн эсепсиз соопторду берээри тууралуу айтып жатат. Ал эми Пайгамбарыбыз алейхи саламдын жогоруда айтылып өткөн хадисинде орозо сабырдын жарымы экендиги айтылды. Ошол себептен да орозо кармаган адамга берилчүү сооптор сан-өлчөмдүн чегинен сырткары болот.
Орозо кармаган адамдын орозосу аны менен Аллах Тааланын арасындагы сыр болуп эсептелет. Ошондуктан орозо кармаган адамга канча сооп берилишин сооп жазуучу периштелер да билбейт. Себеби орозо-бул, орозону бузуучу нерселерди таштоо менен биргеликте болгон жүрөктөн чыккан чечим. Ал эми пенденин жүрөгүндө эмне бар экенин Аллах Тааладан башка эч ким билбейт. Ошондой эле башка ибадаттарда пенде кайсы бир иштерди аткарган болсо, орозо кармаган адам тескерсинче кайсы бир иштерди таштайт. Б.а. жеп-ичүү, жыныстык байланышта болууну таштайт. Ал эми периштелер пенденин кылган иштерин гана жазып, анын кылбаган иштерин жазышпайт. Ошондуктан орозо кармоо пенде менен Аллахтын арасындагы сыр деп саналат.
Ошондой эле орозо кармаган адам Адам баласынын эң чоң душманы болгон өз напсиси жана шайтандын үстүнөн жеңишке жетишкен болуп эсептелет. А алардын үстүнөн жеңишке жетишүү бул Аллах Тааланын жана Анын элчисинин өкүмдөрүнө ылайык иш тутуу болуп саналат. Шайтандын адамдарды азгыруу үчүн колдонгон эң чоң куралы бул адамдын каалоолору. Ал каалоолор аркылуу шайтан адамды ибадат кылуудан азгырат. Ал эми жеп-ичүүнү таштоо менен адам бул каалоолорун чектейт жана ошентип шайтандын үстүнөн жеңишке жетишет.
Орозонун пазилеттери тууралуу төмөндөгүдөй хадистер айтылат:
1. "орозо кармаган адамдын оозунун жыты Алла таала үчүн миск жытынан да артыгыраак ".
2. " Эгер кимдир бирөө сообуна ишенип, сообун бир гана Алладан күтүп Рамазан орозосун тутса, кылган күнөөлөрү кечирилет" .
3. "Орозо кармоочунун уйкусу (да) ибадат"
4. Орозо кармаган адамдын эки сүйүнүчтүү убагы бар. Биринчиси: ооз ачкан убагы. Экинчиси болсо, акыр-кыяматта Аллахка жолуккан убакта.
5. Бейиште Раййаан деген эшик бар. Кыямат күнү ал эшиктен орозо кармагандар гана кирет.
Аллах Таала кармаган орозоңуздарды кабыл кылган болсун!

#9 19 July 2013 - 04:32
Андан кийин Пайгамбарыбыз (саллаллоху ъалайхи ва саллам) эки нерсени сураганга өкүм берди. Аны сурабоого эч арга жок.
Бирнчиси -бейишти, экинчиси -тозоктон кутулууну суроо.
Алла Талла өзүнүн боорукерлиги менер мага да, силерге да бактылуулукту насип кылсын!
2.Абу Хурайра (розияллоху ъанху) Пайгамбарыбыз (саллаллоху ълайхи ва саллам) дан риваят кылат. "Менин үмөттүмө орозо айырын себебинен беш несе өзгөчө түрдө берилди, алар мындан башка үммөткө берилген эмес. 1) Орозо туткан адамдын оозунан чыккан жыт Алланын астында мисктен да жыттуу. 2) . Суудагы балыктар алар үчүн ооз ачканга чейин истигфар кылышат. 3) Алла Таала бейишти күн сайын коздойт, соң айтат: "Жакында Менин пенделерим бул дүйнөнүн машакаттарын ташташып сага келишет ". 4) Бул айда бейбаш шайтандардн баары байланышат, ошондуктан алар орозодон башка убакытагы кылышкан азгырыктарды кыла алышпайт. 5) Орозонун акыркы кечесинде орозо кармоочуларга кечирим болот. Сахабалар: "Ушул Кадыр кечесиби? "-деп сурашты. Пайгамбарыбыз (салаллоху ълайхи ва саллам) айтты: "Жок! Балким тартип боюнча иш акысы иш бүткөндөн кийин берилет ".
Пайгамбарыбыз (саллаллоху ъалайхи ва саллам) бул хадисте беш өзгөчөлүк тууралуу сөз кылды. Бул өзгөчөлүктөр акыркы замандын үммөтү үчүн Алла Талла тарабынан атайын белек кылынган. Мурдагы үммөттөрдүн орозо кармоочуларына мындай неьмат берилген эмес. Аттиң! Биз ушул неьматтын кадырына жетсек жана өзгөчө белекти алганга аракет кылсак кана!
Ошол беш өзгөчөлүктөрдүн биринчиси ачкалыктын себебинен оозунан чыккан жыт Алла Талланын алдында мисктен дагы жакшыраак. Хадис чечмелөөчүлөрү бул сөздөгү сегиз маанини айтышкан. Бул туралуу мен "Муаттанын " чечмелөөсүндө кеңири жазгам. Менин оюмча алардын арасынан үчөө басымдуураак.
1) Алла Талла Кыямат күнүндө ошол жыттын ордуна сооп жана жагымдуу жыт берет. Анын жытты мисктин жытына караганда жакшыраак болот. Мындай болушу ачык-айкын, жана анда эч кандай кайчы пикирлер жок. "Дурру Мансур " китебиндеги бир риваят ушул мазмунду бекемдейт. Ошондуктан бул сөз анык десек да болот.
2) Кыямат күнү адамдар кабырларынан тирилип чыккан мезгилде орозо кармагандардын ооздорунан мисктин жытынан да жагымдуу жыт чыгып турат.
3) Пенденин (автордун) кыска ою боюнча жогорку айтылган экөөнөн жакшыраак. Ал мындайча; Алла Талланын алдында ал жыт, мисктен да артыкча жагымдуу. Бул иш махабат темасына байланыштуу. Ким кимдир бирөөнү жактырып калса, анын жытын ал үчүн миңдеген жыттуу нерселерден да жакшыраак сезилет.
Орозо кармачунун максаты -Алла Таллага өтө жакын болуу, ошону себебинен ал Алла Таллага сүйкүмдүү болуп калат. Орозо Алла Талланын эң сүйүктүү ибаттарынан. Ошондуктан айтылган баардык жакшылыктардын сообун периштелер жазышат. Бирок бир гана орозонун сообун Алла Талла өзү билет, себеби орозо жеке Өзү үчүн гана кылынган. Кээ бир аалымдардан деп риваят кылынган. Мааниси: "Орозонун ордуна мен Өзүмдү берем "-деген мааниде. Жакшы көргөнүңө жеткениңен жакшыраак эмне бар? Бир хадисте айтылган: "Орозо -бул бардык ибаттардын эшиги ". Тактап айтканда орозонун себенинен жүрөк нурданат. Анан баардык ибадаттарга кызыгуу болот, бирок ал үчүн орозо чыныгы орозо болушу керек. Бул туралуу № 9 хадисте кеңири сөз болот.

#10 20 July 2013 - 04:44
Бул жерде бир маселени эскертип кетүү зарыл. Ооздун жыты тууралуу хадистин негизинде кээ бирги алымдар орозо кармоочуга Шам намазына жакын мисвак иштетүүсүнө тыю салышкан. Абу Ханифа (рахмату ъалайхи) нин мазхабында мисвакты дайыма иштетүү мустахаб, себеби ал тиштеги жытарды кетирет. Ал эми хадисте айтылган жыт аш казандын боштугунан чыгат, тиштерден эмес. Абу Ханифа (рахмату ъалайхи) нин далилдери фикх жана жана хадис китептеринде кеңири айтылган.
Экинчи өзгөчөлүк— орозо кармаган адамга балыктардын истифар кылуусу. Мындагы максат орозо кармоочулар үчүн көптөгөн адамдар дуба кылууларын айта кетүү зарыл. Көптөгөн риваяттарда ушул мазмун айтылган. Ал эми кээ бир риваяттарда: "Орозо кармоочуга периште истигфар кылат. ",-деп келген. Менин агам Мавлана Мухаммед Ильяс (рахматуллохи ъалайхи) айткан: "Балыктардын истигфар кылуусун үстүртөн караганда Алла Тааланын төмөндөгү аяты себебинен болсо керек.
"Акыйкатта ыймандууларга жана сооптуу иш кылгандарга Мээримдүү (Алла Таала) жакшы көрүү сезимин тартуулайт" .
Дагы бир хадисте айтылган: " Качан Алла Таала кайсы бир пендени жакшы көрсө, Жабраил (ъалайхи салам) га айтат: "Мен баланчаны жакшы көрөм, сен дагы аны жакшы көргүн! " Жабраил (ъалайхи салам) ошол кишини жакшы көрө баштайт жана "Алла Таала баланча пендени жакшы көрөт, силер да жакшы көргүлө! "-деп жар салат. Анан ал кишини асмандагылар да жакшы көрө башташат. Анан жер бетине жария кылынат. Тартип боюнча бирөөнүн жанында жүргөн адамдар гана жакшы көрөт. Бирок бул адамдын жанында жүргөндөр гана эмес, дарияда жашагандар да жакшы көрүшөт жана ал үчүн дуба кылышат. Башкача айтканда махабат кургактын чегинен чыгып, анын деңизге чейин жетүүсү -ага болгон махабаттын эң жогорку даражасы. Мындай болгон соң кургактагы жаныбарлардын дуба кылуусу өзүнөн өзү эле белгилүү нерсе.
Үчүнчү өзгөчөлүк— бейиштин кооздолуусу. Бул дагы көптөгөн риваяттардын колдонуусунан алынган. Кээ бир риваятарда орозо үчүн бейиштин коздолуушу жылдын башынан эле башаталаары айтылган. Мисалы эреже боюнча кимдир бирөөнүн келүүсү канчалык күтүлсө, ошончолук эрте тамак -аш даярдалат. Ал эми үйлөнүү той үчүн болсо бир канча ай мурда даярдык башталат.
Төртүнчү өзгөчөлүк - бейбаш шайтандардын байлануусу. Алардын байлануусу себебинен күнөөлөр бир канча азаят. Берекелүү орозо айындагы Алланын рахматынын жана ибадаттын көптүгүнүн натыйжасы төмөнкүчө. Шайтандар бул айда күчтөрүнүн жетишинче адамдарды азгырып, күнөөлөрдү көп кылдыруулары керек эле, бирок буга карабастан өзүбүз деле көрүп жүрөбүз, бул айда күнөөлөр бир канча кыскарат. Көптөгөн араккечтер орозону урматтап, аракты ташташат жана ачык -айкын күнөө кылуулары да азаят. Бирок таптакыр күнөө кылуу токтоп калбайт. Шайтандар байланса да күнөө боло бергендигинен улам жогорудагы хадисте суроо тулбаш керек. Себеби хадистин мааниси бейбаш шайтандар байланат деп жатпайбы, ушуга таянсак бейбаш эмес шайтандардын күнөө кылганына таасири өтө берет. Ошондуктан бул хадисте эч кандай суроо жок. Албетте кээ бирши риваяттарда "бейбаш шайтан ",-деген сөздү келтирбестен эле риваят кылынган. Ушул сүрөттө деле "бейбаш шайтандын ", -деген сөз эсепке алынат. Ал эми кээ бирги учурда болсо, сөздөрдү жөнөкөй эле айтып коюшат. Кийин башка жерде аны ачыктап берет. Ошентсе да хадисте эч кандай кара -карышы суроо туулбайт. Эгер жогоруда айтылган хадистердин баардыгына бардык шайтандардын байлануусу тууралуу айтылгандыгы эсепке алынса, ошондо да күнөөлөрдүн боло бергендигине эч кандай ойлонбой койсо болот. Себеби күнөөлөрдүн болуусу дайыма шайтандын азгырыгынан болот. Бирок (шайтандар байланган болсо да) анын бир жыл бою адам менен бирге жүргөндүгү жана анын зыяндуу азгырыгынын таасиринин себебинен, нафс шайтандын азгырыктарына өтө калыптанып катуу таасир алынгандыктан, анча-мынча ушактарды сезбей да калат. Кээде адамдын табиятындагы кыя -жоруктарына айланып калат. Мына ошол себептүү орозодон башка күндөрдө күнөөлөрдү көп кылгандар орозодо дагы көп күнөө кылышат. Адамдын нафси шайтан менен бирге турат.
Дагы бир себеп -Пайгамбарыбыз (саллаллоху ъалайхи ва саллам) айткан: "Качан кимдир бирөө кандайдыр бир күнөө кылса, анын жүрөгүндө бир канча чекит пайда болот. Эегер ал чын жүрөктөн тообо кылса, ал жок болуп кетет, болбосо ошол боюнча калып калат. Анан дагы бир күнөө кылса, дагы чекит пайда болот, ошентип анын бүт жүрөгүн кара тактар каптап калат. Андан кийин ошол жүрөктө жакшылык ишке кызыгуу калбай калат. Бул тууралуу Алла Таала Куранда төмөнкүчө айткан.
"Жок— жок! Жасаган иштери себептүү алардын жүрөктөрүн кара так каптап калган.

#11 20 July 2013 - 11:04
Аллах ыраазы болсун! Кээ бир суроолорума жооп алдым
Прежде чем осуждать
кого-то, возьми его обувь и пройди его путь!!!
#12 21 July 2013 - 21:32
Мындай болсо, ал жүрөк өзүнөн -өзү күнөөлөргө жүздөнөт. Ушул себептен көптөгөн адамдар бир түрдүү күнөөлөрдү кыла беришет. Бирок мурда кылбаган башка күнөөгө туш болсо, анда жүрөк бир сестенип кайтарат. Мисалы арак ичкен адамга чочконун этин жегин десе, экөөнүн күнөөсү бирдей болсо да анын табити тартпайт, жийиркенет.
Ушул сыяктуу эле орозодон башка күндорү деле ошол күнөөнү кыла бергендиктен,
жүрөк ошол күнөөнү боёгуна бөлөнүп калган, эми ага шайтандын деле кереги жок. Ал болбосо да, жүрөктөгү күнөөнүн тактарынын таасиринен кала берет. Ошентип хадистерде бардык шайтандардын байлануусу же кээ бир чоң бейбаш шайтандардын байлануу тууралуу айткандыгы эске алынса да, орозодо күнөөлөрдүн боло беришине эч кандай суроо туулбайт. Менин оюмча ушул айтылган маани абзел. Ар бир адам орозодон башка айларга караганда орозодо жакшылык кылуу үчүн же күнөөлөрдөн сактануу үчүн көп деле күч коротуштун кереги жок экенин тажрыйба кылып ойлонуп көрсө болот. Бир аз аракет кылып көңүл койсо эле жеткиликтүү.
Мавлана Шах Мухаммад Исхак (рахматуллохи алайхи) нин ою боюнча, бул эки түрдүү хадис эки кылдуу адамдар үчүн айтылган. Тактап айтканда күнөөкөр адамдар үчүн бир гана текебер, бейбаш шайтандар байланат. Ал эми таква кишилер үчүн бардык шайтандар байланат.
Бешинчи өзгөчөлүк -орозонун акыркы кечесинде бардык орозо кармоочулардын күнөөлөрү кечирилет. Бул мазмун жогорку хадистерде да айтылып өткөн. Себеби орозодогу кечелердин ичинен эң абзали Кадыр түн. Ошондуктан сахаба (разияллоху ъанхум) дар мынча чоң сооп Кадыр түн күнү гана болбосо керек деп ойлошкон. Бирок Пайгамбарыбыз (саллаллоху ъалайхи ва саллам) : "Кадыр кечесинин сообу өзүнчө, ал эми бул берилүүчү нерсе -орозонун бүтүшүндө бериле турган белек ", -деп айтты.

#13 21 July 2013 - 21:37
3. Бир жолу Пайгамбарыбыз (саллаллоху ъалайхи саллам): "Минбара жакын келгиле! "-деди. Биз жакын келдик, Пайгамбарыбыз саллаллоху ъалайхи ва саллам) минбардык биринчи тепкичине бутун койгондо "аамиин "-деди, кийин экинчи тепкичке койгондо "аамиин "-деди, үчүнчү тепкичке койгондо дагы бир жолу "аамиин "-деди. Пайгамбарыбыз (саллаллоху ъалайхи ва саллам) хутба айтып бүтүп, минбардан түшкөндөн кийин: "Биз бүгүн сизден минабарга чыгып баратканыңызда мурда эч бир жолу сизден укпаган сөздү уктук ",-деп сурадык. Пайгамбарыбыз (саллаллоху ъалайхи ва саллам) айтты: "Ошол мезгилде Жабраил (ъалайхис салам) периште келип, биринчи тепкичке бут койгонумда мындай деди: "Кимде ким орозо айына жетип, күнөөлөрү кечирилбесе ага кыйроо болсун! " Мен "аамиин ",-дедим. Экинчи тепкичке бут койгонумда ал айтты: "Кимдин алдында сиздин аттыңыз айтылганда,
ал сизге салават айтпаса, ага дай кыйроо болусун! " Мен "аамиин ",дедим. Үчүнчү тепкичке чыкканымда ал: "Ким ата-энеси же экөөнүн бири картайган мезгилде (кызмат кылбагандыктан) бейиштен напсисиз калса, ага да кыйроо болсун!"
-деди, мен ага да "аамиин ",-дедим ".
Бул хадисте Жабраил (ъалайхис саллам) үч каргыш дубасын кылды жана Пайгамбарыбыз (саллаллоху ъалайхи ва саллам) үчөөгө да аамиин деп айтты. Биринчиден Алла Таалага жакын болгон периште Жабраил (ъалахи салам) дын каргыш дубасы бул жөнөкөй эле нерсе эмес, анын үстүнө Пайгамбарыбыз (саллалоху ъалайхи ва саллам да аамиин деди. Бул дубанын канчалык катуу экендиги айдан ачык. Алла Талла Өзүнүн улуулугу менен ушул үч нерседен бизди сактасын! Болбосо биздин кыйроого калуубузга эч бир шек жок. "Дурру Мансур "китебинде келтирилген кээ бир риваяттарда Жабраил (ъалайхис салам) га аамиин -деп айтууга өкүм бергендиги айтылган жана Пайгамбарыбыз (саллаллоху ъалайхи ва саллам) аамиин деген. Мындан айтылган дубанын өтө катуу эскертүү экендиги билинет.

#14 21 July 2013 - 21:40
Биринчи адам -орозода күнөөлөрү кечирилбестен орозо айы өтүп кеткен, тактап айтканда орозодой берекелүү жакшылык мезгилинде да бейкапарчылыкта болуп, күнөө иштериди кыла берген адам. Берекелүү орозо айында күнөөлөр кечирилип Алланын рахматы жамгырдай жаап турат. Демек берекелүү ай ушинтип өтүп кетип, жаман амалдарынын жана жалкоолугунун себебинен күнөөлөрү кечирилбесе,
анда анын күнөөлөрү кечирилүүсү үчүн мындан башка кандай убакыт болот? Ушинтсе анын зыян тартуусунда кандай күмөн бар? Ал эми күнөөлөрдүн кечирилүүсүнө татыктуу болуу -бул берекелүү орозо айындагы кылына турган амалдырды өтө чоң аракет кылуу менен аткаруу керек. Тактап айтканда орозо кармоону жана Тархив намаздарын аткарууда күнөөлөрү үчүн тобо кылып Алладан кечирим суроо керек.
Экинчиси -Пайгамбарыбыз (саллаллоху ъалайхи ва саллам) дын аты айтылганда салават окулбагандыктан каргышка калган адам. Бул тууралуу дагы көптөгөн риваяттарда айтылган. Ошондуктан кээ бирги уламалардын ою боюнча качан Пайгамбарыбыз (саллаллоху ъалайхи ва саллам) дын аты айтылса, угуучуларга салават айтуу -важип. Жогорудагы айтылган хадистен башка көптөгөн хадистерде Пайгамбарыбыз (саллаллоху, ъалайхи ва саллам) дын атын угуп туруп, салават айткандарга атайын эскертүүлөр айтылган. Кээ бир хадистерде андай адамды бактысыз жана сараң адамдардын катарына кошкон. Кала берсе жапа чегүүчү, бейиштин жолун унутуучу, тозокко кирүүчү, динсиз дегенге чейин атылган. Ал тууралуу мындай деп да айтылган: "Ал Пайгамбарыбыз (саллаллоху ъалайхи ва саллам) дын жүзүн көрбөйт ". Терең билимдүү уламалар өз ойлору менен чечмелешкен. Бирок Пайгамабарыбыз саллаллоху ъалайхи ва саллам) дын айткандары өтө катуу, ага чыдап туруу кыйын. Пайгамбарыбыз (саллаллоху ъалайхи ва саллам) дын бул айтканын ким жокко чыгара алат. Канчалык кыйын болбосун, Пайгамбарыбыздын (саллаллоху ъалайхи ва саллам) дын үммөт үчүн кылган эмгеги, жакшылыктары бул кыйынчылыктарга караганда бир канча көп. Аларды жазуу, санап берүү оңой -олтоң иш эмес. Мындан тышкары Пайгамбарыбыз (саллаллоху ъалайхи ва саллам) дын акысы анын үммөтү үчүн ушунчалык көп, аларды карап туруп Пайгамбарыбыз (саллаллоху ъалайхи ва саллам) га салават окубаган адамдарга айтылган ар кандай эскертүүлөр жана жазалардын жарашыктуу экендиги белгилүү болот.

#15 21 July 2013 - 21:44
Салават айтуунун өзү канчалык сооптуу иш, ушул иштен напсисиз калуунунун өзү бактысыздык.
Пайгамбарыбыз (саллаллоху ъалайхи ва саллам) га бир салават айткан адамга Алла Таала он рахмат жөнөтөт, мындан өткөн кандай баалуу нерсе болушу мүмкүн? Периштелер анын күнөөлөрүнүн кечирилүүсүнө дубаларды кылышат, ошондой эле даражанын көтөрүлүүсү жана Ухуд тоосуна барабар болгон соопко ээ болуусу, ошондой эле Пайгамбарыбыз (саллаллоху ъалайхи ва саллам) дын шафаъаты ага важип болуусу тууралуу жана башка көптөгөн пазилеттер бар. Аны менен биргеликте өзгөчө көп жолу салават окуган кишиге Алла Таала ыраазы болот, рахматын берет. Өзүнүн карынан куткарат, Кыяматтын коркунучунан сактайт, өлүмдөн мурда өзүнүн бейиштеги ордуну көргөзөт жана башка атайын өзгөчө убадала айтылган. Буларга башка салават окугандан жашоонун кыйынчылыгы, жакырчылык жоголот, Алла Таала анын элчисине жакындык пайда болот, душманга карышы жардам берилет, жүрөк эки жүздүүлүктөн тазаланат, элдер аны жакшы көрүшөт. Салават окугандыгы үчүн бериле турган дагы башка көптөгөн пайдалар хадистерде келтирилген. Уламалар салават айтуунун жолдорун төмөндөгүчө аныкташкан:
Өмүрүмдө бир жолу Пайгамбарыбыз (саллаллоху ъалайхи ва саллам) га салават айтуу фарз. Буга төрт мазхабдын уламалары бирдей көз карашта. Ал эми анын аты ар бир жолу айтылганда салават айтуу важип болобу же жокпу, бул тууралуу кайчылаш пикирлер бар. Кээ бир уламалардын ою боюнча ар бир жолу салават окуу -важип, кээ бир уламалардын оюнда -мустахаб.

#16 21 July 2013 - 21:48
Үчүнчү -ата -эненин бирөөсү же экөө тең картайган мезгилде аларга кызмат кылбай бейишке кирбей калган адам. Ата -эненин укуктары жөнүндө да көптөгөн хадистерде басымдуу сөздөр айтылган. Уламалар ата -эненин алдындагы милдеттер туурасында,
уруксат берилген иштере аларга баш ийүү зарыл деп жазышкан. Соң айтышкан, аларга адепсиздик кылбасын, эгер ата -эне мушрик болсо да текеберлик мамиле кылбасын!
Үнүн алардын үнүнөн бийик кылып сүйлөбөсүн!
Алардын атынан атап чакырбасын,
кайсы бир иште алардан өзүн жогору тутпасын, жакшылыкка чакырууда, жамандыкта кайтарууда жумшактык менен амиле кылып, эгер кабыл кылбаса мамилени үзбөстөн дуба кыла берсин! Кыскасы ар бир сөздө аларды урматоону көңүлгө алуу керек.
Бир хадисте мындай деп келген: "Бейиштин дарбазаларынан болгон эң жакшы дарбаза -бул ата. Кааласаң аны сакта, эегер кааласаң аны колуңдан чыгара бер! " Бир сахаба (разияллоху ъанху) Пайгамбарыбыз (салллаллоху ъалайхи ва саллам) дан ата -эненин укуктары тууралуу сурады. Пайгамбарыбыз саллаллаху ъалайхи ва саллам) айтты "Аллар сенин бейишиң же тозогуң ". Тактап айтканда алардын ыраазычылыгы "бейиш ", нааразычылыгы - "тозок ". Бир хадисте айтылган: "Тарбиялуу баланын атасына мээрим жана жакшы көрүү менен караган бир назары, кабыл болгон ажылыктын сообуна барабар ". Дагы бир хадисте "Ширктен башка бардык күнөөлөрдү Алла Таала канча кааласа кечирет, бирок ата -энеге бейбаштык кылгандарга өлүмдөн мурда эле бир балээ жөнөтөт ", -деп айтылган. Бир сахаба (разияллоху ънху) Пайгамбарыбыз (саллаллоху ъалайхи ва саллам) га жихадка барууну каалап жаткандыгын айтты. Пайгамбарыбыз (саллаллоху ъалайхи ва саллам) айтты: "Энеңдин кызматтын кылгын, анын кадамынын астында сен үчүн бейиш бар ". Бир хадисте келген: "Алланын ыраазылыгы -атанын ыраазы болуусунда, Алла Тааланын нааразылыгы -атанын нааразы болуусунда" . Дагы көптөгөн риваяттарда ушуга көңүл буруу жана ага бериле турган сооптор тууралуу айтылган.
Кимдер жалкоолугунан жана бейкапарчылыгынан ата -энеге кызмат кылынбай калып, ата -энеси көз жумуп кеткен болсо, андайларга өз кемчилдиктерин жууш үчүн шариятта жол көрсөтүлгөн. Бир хадисте айтылган "Ким ата -энесине бейбаштык кылып, баш ийбей жүргөн мезгилде ата -энеси дүйнөдөн өтүп кеткен болсо, анда ал көптөгөн истигфарды айтуу менен баш ийүүчүлөрдүн катарына кошулат ". Башка бир хадисте: "Эң улуу жакшылык, ата дүйнөдөн өткөндө кийин анын тааныштары менен болгон мамилени бекемдөө ".

#17 26 July 2013 - 14:39
Кадыр түн
Орозо айында (лайлатул кадр) кадыр түн тосуу да өтө сооптуу иш. Ал түндө Алла Таала өтө көп соопторду берет жана ал түндө Алла Таала өзүнүн пайгамбарына Куран түшүргөн. Алла Таала Куранда айтат:
“Албетте Биз аны (Куранды) кадыр түнүндө түшүрдүк. (Эй Мухаммад) Сен кадыр түнү эмне экенин билбейсиң. Кадыр түнү миң айдан да жакшы. Ал түндө Рух (Жебрейил) менен башка периштелер, Раббилеринен уруксат алып, ар түрлүү буйруктар менен жер бетине түшүшөт. Бул түн таң атканга чейин сак-саламаттыктын түнү”
(“Кадыр” сүрөсүнүн баяндамасы)
Кадыр түндүн убактысы рамазан айынын акыркы он күндүгүнүн так күндөрүндө. Туурараагы рамазандын 27-түнү. Кадыр түнү негизинен орозо айынын курамында экенин дээрлик бардык аалымдар тастыкташат. Бирок бул түн рамазан айынын кайсы түнү экенин аныктоодо бир аз кайчы пикирлер бар. Маселен, Хасан ал Басрий айтат: “Кадыр түн Рамазандын жыйырма жетинчиси. Анткени, ошол түндүн таңында Бадр майданындагы согушта мусулмандар мушриктердин үстүнөн жеңишке жетип, Ислам жана мусулмандардын кадыры көтөрүлгөн”.
Анас ибн Маликтин ырастоосу боюнча кадыр түнү орозонун жыйырма тогузунчусу. Мухаммад ибн Исхак болсо, рамазандын жыйырма биринчиси кадыр түнү деп эсептеген. Бирок байыркы жана азыркы Ислам уламаларынын көпчүлүгү Хасан ал Басрийдин пикирине кошулушат. Анткени, Рамазан айын белгилөөдө бир күнгө адашып калуу коркунучу бар. Ошондон улам биз 27-си деп эсептегенибиз.
Улук пайгамбарыбыздын “издегиле” деген сөзүнө көңүл буруулары зарыл. “Кадыр” сөзү ислам аалымдары тарабынан “тагдыр” (өлчөм), “кадырлуулук, улуктук” маанисинде түшүндүрүлөт. Пайгамбарыбыз Мухаммед алейхис салам айткан: “Ким кадыр түндү тоссо анын мурдагы бардык күнөөлөрү кечирилет” .
Кадыр түн тосуу бул жеп-ичип курсагын тойгузуу эле эмес, балким ошол түндө Аллага көп зикир айтып, ибадат кылуу, Куран окуу менен бирге жана бул дубаны айтуу да мустахаб амал: Аллохумма иннака аънни. Мааниси: “Эй Алла Таала сен кечиримдүүсүң, кечиримдүүлүктү жакшы көрөсүң, мени кечир”. Куран рамазан айынын кадыр түнүндө түшүрүлгөн. Алла Таала айткан: “Албетте биз Куранды кадыр түндө түшүрдүк”. Ошондуктан мусулмандар ушул айда түнү-күн Куран тилават кылып туруусу зарыл. Пайгамбарыбыз алейхис салам бир хадисинде мындай деп айткан:
“Орозо менен Куран кыямат күнү момун кишиге шафаат кылат. Орозо айтат “эй Раббим мен аны күндүзү тамактан жана нафси каалаган нерселерден тостум, эми мени гана шафаатчы кыл”. Куран айтат “мен аны түндө уйкудан калтырдым, эми мени ага шафаатчы кыл, кийин экөөнү тең ага шафаатчы кылат”.
Курандын түшүүсү өзүнчө бир чоң окуя болсо, ал эми анын рамазан айында түшүүсү дагы бир улуу окуя болуп эсептелинет.
Алла Таала баарыңыздарга Рамазан айын куттуу кылсын!

Жарашып келген бир элес, жарашып кайра бир келбес, жамалым жайнап турганда, Жалгыздык мага тен эмес. Арзышып келген бир элес, атайын кайра бир келбес, ажарым арбып турганда, АЛ адам мага тен эмес.
#18 26 July 2013 - 14:45
Орозо ибадаты
Орозонун хикматтары эмнелер?
Башка ибадаттар сымал орозо ибадаты да инсандын руху менен денесин тазалаган, аруулаган ибадат болуп эсептелет. Ибадаттардын негизги максаты – бул адам баласын мыкты, баралына толгон жетик мусулман кылуу. Мына ушундай асыл сапаттуу адамдардан куралган коомдор да пазилеттүү, изги коомдордон болот. Бул маселе тууралуу Ыйык Куранда мына минтип айтылат: «Эй, ыймандуулар! Силерден мурдагыларга (мурунку элдерге) буйрулгандай (парз кылынганы сыяктуу) эле, силерге да такыба болушуңар үчүн саналуу күндөрдө орозо кармоо буйрулду (парз кылынды)». (Бакара, 2/183).
Орозо адам баласынын ар кандай күнөөлөрдөн оолак туруп, өз напсисин көзөмөлдөөсү жана башка дагы көптөгөн ибадаттарды орундатуусу үчүн эң ылайыктуу учур болуп эсептелет. Адамзааданы жалкоолукка жетелеген, ибадаттарын аткаруусуна тоскоолдуктарды жараткан жана анын көп уктоосуна себепкер болгон нерсе – бул аша тоюнуу, же болбосо көп тамактануу. Андыктан орозо кармоо жолу менен адам баласы ачка жүрүү жана аз тамактанууга үйрөнөт. Мына ошентип инсандардын ибадат үчүн дили, жүрөгү даяр болот жана ал адамдын мээримдүүлүк, боорукердүүлүк сыяктуу сезимдери күчөп, өзү жашаган коомдогу ачка калган, жегенге эч нерсе таба албай жүргөн адамдардын абалын жакындан түшүнө баштайт. Ошентип орозо кармаган адамдардын ач жүргөн адамдарга болгон аёо, аларга жардам берүү сезимдери күчөй берет.
Орозо – адам баласынын өзүн-өзү көзөмөлдөп, колго алуусу үчүн эң ыңгайлуу жана эң пайдалуу жол.
Орозо – адамдын эркин күчөйтөт, адамгергерчиликтүү мүнөздөрүн калыптандырат жана ага ырааттуу, системалуу түрдө жашоону үйрөтөт. Рамазан айында бардык мусулмандар орозо кармап, тообо кылууга багыт алышып, Куран окушат жана көп-көп ибадат кылышат. Коомдогу биримдик менен ынтымак күчөп, бири-бирине болгон жардамдашуулар көбөйөт. Рамазан айы туугандык жана кошуналык алакалардын чыңалуусуна толук мүмкүнчүлүк берген учур. Мына ошондуктан ал айда адамдардын бири-бирине кылган урмат-сыйы көбүрөөк байкалат.
Жеп-ичүү жаатында өз напсисинин каалоолорун белгилүү бир убакытка тизгиндей алган адам бир ай бою бул жааттагы эңсөөлөрү менен арзууларын көзөмөлдөгөн болот.
Ошондой эле орозо маалында күндүзү жыныстык мамилелердин тыюу салынуусу адамдардын жыныстык каалоолору менен арзууларын тескеп, өз көзөмөлүнө алуусуна жардам берет. Айрыкча, учурубузда төшөк кумарынын артынан сая түшкөн адамдардын мына ушундай тарбияга аябай муктаж экендиги айтпаса да көрүнүп турат.
Орозо кармаган адам ачууга алдырбай, өз ачуусун жеңе билүүнү да үйрөнөт. Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алейхи ва саллам) да өзүнүн куттуу хадистеринин биринде минтип айткан: «Орозо (кармаган ) учуруңарда бирөө силерге тийишсе (жөн гана сыпайы түрдө): “Мен орозо кармаган адаммын” – деп жооп бергиле». (Бухари, Савм – 2, 9).
Рамазан айы адамдардын жаман адаттарын таштап, алардан кутулушу жагынан да эң оңтойлуу учур. Коомдо ар бир адамдын орозо кармашы инсандын жаман адаттарынан кутулушуна коомдук жана психологиялык жактан чоң жардам берет. Инсандын жаман адаттарын таштоосу үчүн мындай жардам өтө зор мааниге ээ. Мына ушундай психологиялык жардамдашуунун негизинде Ислам дини намаз, ажылык жана башка бир топ ибадаттардын жамаат менен чогуу аткарылуусун буйруган.
Ичимдикке берилгендердин ичимдиктин, зинакорлордун зинанын, заалымдардын зулумдун, Алла Таала менен Мухаммад Пайгамбарды (саллаллааху алейхи ва саллам) эстебегендердин кайдыгерликтин, өзгөлөрдү ойлоп да койбогон адамдардын өзүмчүлдүктүн, кедей-кембагалдарга жардам колун сунбагандардын сараңдыктын сормо сазынан суурулуп чыгып, ак жолго кадам таштоосу, алардын өздөрүнүн жогорудагыдай жаман иштери үчүн тообо кылып, жакшы жашоону баштоосу үчүн Рамазан айы табылгыс убакыт болуп эсептелет.
Иралды айта турган нерсе, орозо бул - аябай сооптуу ибадат. Мына ошол орозо себептүү Алла Тааланын ыраазычылыгына ээ болууга болот жана мурда жасалган күнөөлөр кечирилет. Бул жөнүндө хадис шарифтердин биринде минтип айтылат: «Чын ыкласы менен жана сообун бир Алладан күтүп (үмүт кылып) (күндүзүн орозо кармоо, түндөрүн намаз окуу менен) Рамазан айын жандандырган (ибадат менен өткөргөн) адамдын мурунку күнөөлөрү кечирилет». (Бухари, Савм – 6). Башка бир кудсий хадисте төмөндөгүдөй айтылган: «Ар бир жакшылык үчүн он эседен баштап жети жүз эсеге чейин сооп бар. Бирок, орозо буларга кошулбайт. Анткени, орозо мен үчүн (кармалат ) жана анын сообун өзүм берем». (Бухари, Савм – 2, 9; Муслим, Сиям - 30).
Пайгамбарыбыз Мухаммаддын (саллаллааху алейхи ва саллам) орозо тууралуу кеңештеген нерселери эмнелер?
Буларды толук сообун алуу үчүн орозо кармаган адамдын көңүл буруусу лазым болгон жагдайлар деп да атасак болот. Орозого төмөндөгүдөй аныктама берилип келет: Милдеткер (мукаллаф) болгон адамдардын таңдын агаруусунан тартып күндү н батуусуна чейин жеп-ичүү жана жыныстык катнаштан узак туруусу. Албетте, чыныгы орозо жогорудагы аныктамадан да кеңири маанини өз ичине камтып турат.
Орозонун сообуна толук ээ болуу жана анын пайдаларынын орундалуусу үчүн Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алейхи ва саллам) төмөнкү жагдайларга кылдаттык менен көңүл бурулуусун айтып кеткен:
â - Соорлук. Соорлук бул – орозо кармаган адамдын ооз бекитерден мурунку тамактанган эртең мененки тамагы. Соорлук мүмкүнчүлүктүн болушунча түндүн акыркы бөлүгүндө болуусу керек. Бул орозо кармаган адамдын орозону жакшы тутуусуна өбөлгө болгону сыңары эле ошол убакыттын сообу менен берекетинен пайдалануусун шарттайт.
â - Ифтарды (ооз ачууну) шам намазынан мурун кылуу.
â - Ифтарда (ооз ачар маалда) дуба кылуу.
â - Орозо кармаган адамдардын оозун ачтыруу. Айрыкча кедей-кембагалдардын оозун ачтырган жакшыраак.
â - Жунуп болгон адамдар менен этек кири токтогон аялдардын орозо (ооз жабуу) убактысы киргенге чейин гусул кылганы (жуунганы) абзел. Андай адамдар күндүзү орозо кармаган маалдарында деле жуунса болот. Бирок, ооз жапканга чейин жуунганы жакшыраак.
â - Орозо кармаган адамдын обу жок, пайдасыз сөздөрдү сүйлөөдөн оолак туруп, ибадаттарды жакшы аткарууга көңүл буруусу керек. Анткени, Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алейхи ва саллам) минтип айткан:«Жалган сүйлөгөнүн токтотпогон жана жаман адаттарын таштабаган адамдын өзүн-өзү ач жана суусуз калуусуна Алла Таала эч кандай муктаж эмес». (Бухари, Савм – 8).
â - Мүмкүнчүлүктүн болушунча Рамазан айынын руханий пайдаларынан көбүрөөк пайдаланып калууга жан үрөө, көп-көп Куран окуу, Алланы эстеп (зикир кылып), илим жана зикир мажлистерине (жыйналыштарына) катышуу.
â - Эгер мүмкүнчүлүк болсо Рамазан айынын акыркы он күнү итикафка кирүү сүннөт болуп эсептелет. Итикаф – бул мечитте, же болбосо мечиттин ордуна өтө турган жерде итикафка кирүү үчүн ниет кылып бир канча мөөнөт ошол жерде туруу. Итикафка кирген адамдын зарыл жумуштары болбосо ал жерден сыртка чыкпоосу жана жалаң гана ибадат менен алектенүүсү керек.
Шарият тарабынан кайсы күндөрү орозо кармоого тыюу салынган?
â - Орозо айттын биринчи күнү менен курман айттын төрт күнү орозо кармоо тахриман макрух, б.а. күнөө болуп эсептелет. Анткени, Ислам дини боюнча ал күндөр майрам күндөрү болуп эсептелет. Эгерде кимде-ким бул күндөрү орозо кармаса орозосун бузуусу керек. Кааласа ал күнү кармай турган орозосун башка күнү каза орозо катары кармайт.
â - Тек гана ашура, жума, же ишемби, же болбосо нооруз күндөрү орозо кармоо танзихан макрух, б.а. туура эмес иш-аракет болуп эсептелет.
â - Рамазан айынын башталганы, же башталбаганы билинбеген күнү күмөнсүрөп орозо кармоо макрух. Тагыраак айтканда, эгер Рамазан айы кирген болсо Рамазан орозосун, эгер Рамазан айы кирген эмес болсо нафил орозону кармаганга күмөндөнүп ниет кылуу менен кармалган орозо макрух болуп эсептелет. Бирок, ал күндөн мурун деле орозо кармап жүргөндөрдүн ал күнү орозо кармоосу макрух эмес.
Орозонун негизги шарттары (сахих болуусунун шарттары):
1 – Орозо кармоого ниет кылуу: Рамазан айында кармалуучу орозо үчүн (андан бир күн мурун) күн баткандан баштап (ошол күндүн) шашке маалына чейин ниет кылууга болот. Күн чыккандан кийин орозо кармоого ниет кылуу үчүн таң агаргандан баштап эч нерсе жеп, ичпөө керек. Тагыраак айтканда орозону буза турган кырдаалдардын эч бирин аткарбоо керек. Чак түш маалынан кийин орозого ниет кылган болбойт. Анткени орозо кармоого ниет кылуу убактысы бүткөн бол.

#19 26 July 2013 - 14:55
Орозо тууралуу суроо-жооптор
Орозо ибадаты кимдерге парз?
Орозо – мусулман, акыл-эси толук жана балагат жашына келген бардык адамдарга парз болуп эсептелет. Оорулуу менен жолоочуларга орозо тутпоо уруксаты бар. Балагат жашына чейинки жаш балдар (7-15 жаш) туткан орозо дагы кабыл болот.
Айыз (этек кири) жана нифас (төрөттөн кийин келген кан) абалындагы аялдар орозо тутушпайт. Аялдар бул абалдары бүткөн соң, тутулбай калган күндөрүн каза кылып тутушат.
Орозону толук жана туура кылуучу шарттар кайсылар?
Рамазан орозосуна түн киргенден баштап, эртеси күнү күн так төбөгө келгенге чейин ниет кылса болот. Күн так төбөгө келгенден кийин ниет кылуу убакыты бүтөт. Күн чыкканда ниет кылган адам таң агаргандан кийин оозуна эч бир даам албаган болуусу керек.
Күн бата электе эртеңки күн үчүн ниет кылынбайт. Эртеңки күнгө ниет кылуу үчүн күн батып, түндүн кирүүсү керек.
Каза, каффарат жана күнү белгиленбестен бир нерсе үчүн аталган орозолорго саарлык убакыты чыгаардан мурун ниет кылынышы керек.
Рамазан орозосунун ар бир күнүнө өз-өзүнчө ниет кылынат.
Рамазан орозосуна “ниет кылдым орозо тутууга” деп айтуу жеткиликтүү болот. Бирок бул ниет жүрөк менен айтылуусу кажет.
Орозо тутпоого уруксат берилген абалдар кайсылар?
Үзүрсүз, себепсиз орозо тутпоо чоң күнөө болуп эсептелет. Башталган Рамазан орозону себепсиз же атайын бузуу каффаратты талап кылат. Төмөндө белгиленген абалдарда болсо, орозо тутпоого же башталган орозону бузууга уруксат.
1 – Жолоочу болуу:Шарият боюнча жолоочу катары санала турган аралыкка жолго чыккан адам орозо тутпаса болот. Бирок орозону баштап койгондон кийин сапарга чыга турган болсо, анда орозосун тутууга туура келет. Эгер орозосун бузса, казасын гана орундатат. Жолоочулар үчүн эң жакшысы, Рамазан убагында орозо тутуу.
2 – Оорулуу болуу: Орозо тутууга тоскоолдук кылган кандайдыр бир сыркоосу болгон же болбосо орозо туткан маалда сыркоосу күчөй турган болсо, анда ал адам орозо тутпай койсо болот. Өтө катуу ачкалык же суусуздуктан ден соолук начарлап бузула турган болсо, бул учурда дагы орозо токтотулат.
3 – Карылык
4 – Кош бойлуу болуу же бала эмизүү: Кош бойлуу болгон аял орозо тутканда баласына же өзүнө зыян келе турган болсо, анда орозо тутпайт. Тутулбай калган күндөрүн кийинчирээк каза орозо кылып толуктайт.
5 – Согуштагы аскерлерге орозо тутпоо уруксат.
6 – Кыйноо же коркутуу сыяктуу нерселерге дуушар болгондор ооздорун ачса болот.
Айыз же нифас абалында болгондордун намазы менен орозосу кандай болот?
Айыз же нифас абалында болгон аялдарга намаз окуу жана орозо тутуу арам болуп саналат. Орозо тутуп жаткан маалда айыз келсе, орозосу бузулат. Ооз ачаарга чейин орозону улантпастан оозун ачуусу керек. Мына ушундай абалдарда Рамазан орозосун тута албай калган аялдар, тутулбай калган күндөрүн тазалангандан кийин каза орозо кылып тутушат. Ал эми намаздар болсо, каза кылынбайт.
Орозону бузуп, бир гана казасы талап кылынган абалдар кайсылар?
Орозону бузуп, жалгыз казасын талап кылган абалдар төмөндөгүлөр:
Орозону бузуп, каффаратын талап кылган абалдар кайсылар?
Маалым болгондой орозо таң агаргандан баштап, күн батканга чейин жеп-ичпөө жана жыныстык катнашта болбоо. Эгер кимде ким булардын бирөөсүн өз калоосу менен орозо экенин билип туруп кылса, каффарат талап кылынат. Мисалы, тамеки тартуу, адат болуп калган нерсени жеш(мисалы: топурак, бор ж.б. нерселерди орозо экенин билип туруп жеш), буудайдын данындай чоңдуктагы бир нерсе жеш, кан алдыруу, тишин щеткалоо жана сурма тартуу сыяктуу орозону бузбай турган нерселерди кылгандан кийин, булардын орозону бузбай турганын билсе да буларды шылтоо кылып, орозону бузган нерселерден бирөөнү кылуу, аз чен өлчөмдө туз жеш, билип туруп жыныстык катнашта болуу.
Орозо каффараты бир гана Рамазан орозосун билип туруп бузгандардан талап кылынат. Ал эми каффараты болсо, тутулбаган ар бир күн үчүн 60 күн орозо тутуу. Буга кудурети жетпесе, 60 кембегалды тоюндурат.
Орозо экенин унутуп байкабастан бир нерсе ичип-жеш орозону бузабы?
Орозо экени эстен чыгып, бир нерсе ичип-жеп алуу же жыныстык катнашта болуу орозону бузбайт.
Орозо туткан адам дары-дармек ичсе же ийне сайдырса болобу?
Ийне сайдыруу же дары-дармек ичүү орозону бузат. Мындай абал казаны гана талап кылат. Мажбур болмоюнча дары же ийне колдонбоо керек. Мүмкүн болушунча ооз ачкандан кийин колдонуу абзел.
Орозо маалында көзгө суюктук тамызса ооз ачылабы?
Орозо маалында көзгө тамызылган суюктуктар орозону бузбайт.
Орозо туткан адам тиштерин тиш пастасы менен жууса болобу?
Орозо туткан адам тиштерин тиш пастасы менен жууса болот. Бирок щеткалап жаткан учурда тамагына суу жүгүрүп кетпөөсү үчүн байкап жуушу кажет.
Кан алдыруу орозону бузабы?
Кан алдыруу орозону бузбайт.
Орозонун адеби кандай?
Орозо туткан адам орозонун материалдык тарабына маани берип аткарганы сыяктуу руханий тарабына дагы маани берип, анын маанилүүлүгүн унутпоосу керек. Орозо - аз. Пайгамбарыбыз айтып жана көрсөтүп кеткендей тутулат. Орозо – бир гана эртеден кечке оозго эч нерсе албастан ачка жүрүү эмес. Бул орозонун материалдык тарабы. Руханий тарабына келсек, орозо туткан адамдын көздөрү арам нерселерди карабоосу, кулактары арам нерселерди тыңшабоосу керек. Бирөөнүн акысын жеш, зулумдук кылуу, ушак айтуу, көрө албастык кылуу сыяктуу кылынган ибадаттын сообун текке кетирген жаман адаттарды таштоосу абзел. “Жаман болуу бир паста, жакшы болуу аста-аста” деп ата бабаларыбыз айткандай адам баласы жаман нерселерден алыстоосу өтө кыйындыкка туруп келген. Жараткан Алла таала өзүңөрдү өзүңөр тарбиялап, туура жолго салгыла, арам нерселерден арылгыла, бул жалган дүйнөнү гана ойлобостон акыретти дагы ойлогула, алдыда сурак күнү бар деп “орозо ибадатын” буйрук кылган. Ошондуктан орозо ибадаты бир гана ачка жүрүү эмес, тескерисинче, күнөө иштерден арылып, сооптуу иштерди аткаруу болуп эсептелет. Рамазан айында ар дайым Куран окулуп, садакалар берилүүсү керек.
Аз. Пайгамбар мындай деген: “Беш нерсе орозонун сообун жууп, жок кылат: жалган сүйлөө, ушак айтуу, кимдир бирөөнүн аркасынан жамандоо, жалган касам ичүү жана арам нерсеге тамшанып кароо.”
Напсинин арзууларын жөнгө салып тарбиялаган орозо ибадатында мынабу нерселерге көңүл бурулушу абзел: иптарда тамакты көп жебөө, иптар дастарконуна кедей-кембегалдарды дагы чакыруу, Рамазан айында зекеттерди жана битир-садакаларды берүү. Кедей-кембегалдар, кары-картаңдар, алсыздарга жардам берилип, коомдо материалдык тең салмактуулук сакталышы керек.
СУРОО: Орозо кармаган учурунда тишти щетка менен жууга болобу?
Оозго алынган суу же болбосо тиш пастасы тамактан ары өтпөсө, орозо туткан кишиге тишин жууса болот. Жогорудагы шарттардын бири кокустан бузулса орозо бузулат жана аны каза кылыш керек болот.
СУРОО: Рамазанда ар бир жылы 30 күндүк орозо тутулушу керекпи, же 29 күн тутса да болобу?
Орозо айы болгон Рамазан камери (ай календары) айлардын бири. Камери айлардын мөөнөттөрү, башталышы жана аякталышы айдын жаңырышына жараша болот. Айдын жаңырышына жараша аныкталган бул айлар, кээде 29 күн, кээде 30 күн болушу ыктымал. Ошондуктан Рамазан айы кээ бир жылдары 29, кээ бир жылдары болсо 30 күн болууда. Мусулмандарга рамазан айында орозо тутуу парз болгондугу үчүн бул ай 29 күн болгондо 29 күн, 30 күн болгон жылдары 30 күн орозо тутуулары керек. 29 күн болгон жылы орозону 30 күн тутуу туура эмес болот. Себеби, мындай учурда айт күнү орозо тутулган болот. Айт күнү орозо тутуу болсо арамга жакын макүрөө болгон абал деп эсептелинип, орозо бузулат. Айт майрамы дайыма баардык мусулмандар менен бирге майрамдалышы керек. Айт күнү орозо тутууну арам деп эсептегендер да бар.
Азыркы күндө мыйзамдуу түрдө айдын жаңырышын аныктап жарыялаган расмий мекемелер бар. Бул мекемелер ары ишеничтүү, ары мусулмандардын ынтымагынын бекемделиши жагынан маанилүү болуп, мусулманардын бул жарыяларга жараша орозону баштоосу жана айт күнүн белгилөөсу туура болот.
СУРОО: Айт намазы качан окулат?
Айт намазы айт күнү күн аркан бою көтөрүлгөндөн кийин (күндүн чыкканына 50-55 мүнөт болгондон кийин) окулат. Айт намазын күн так төбөгө келгенге чейин окуса болот.
Орозо айттын биринчи күнүн аныктоодо ката кылынса, же болбосо кандайдыр бир жүйөлүү себептерден улам убагында окулбай калса, айт намазы эртеси деле окула берет. Андан кийинкиге калтырылбайт. Курман айтта жүйөөлүү себептерден улам калтырылган айт намазы экинчи же болбосо үчүнчү күнү деле окула берет. Курман айттын намазы эч бир себеби жок экинчи же болбосо үчүнчү күнү окулса, бул макүрөө болуп саналат.
Суроо: Айт намазы кантип окулат?
Айт намазы эки ирекеттен турат. Жамаат менен бирге окулат. Кадимки эки ирекеттей окулат. Айрымасы: алгачкы ирекетте «субханака» дубасынан кийин үч жолу такбир алынат. Айрыкча, экинчи ирекетте рукуга баруудан мурда дагы бир жолу үч такбир алынат. Айт намазы үчүн азан же болбосо каамат окулбайт. Башталганда эки ирекет рамазан же курман айт намазын окууга ниет кылынат. «Аллаху Акбар» деп биринчи имам, артынан жамаат ифтитах (намазды баштаган учурда алынган такбир) такбири айтылат. Колдор байланганда «субханака» дубасы окулат. Кийин имам үн чыгарып, жамаат болсо үн чыгарбай үч жолу «Аллаху Акбар» деп такбир айтат. Ар бир такбирде колдор кулак деңгээлине чейин көтөрүлөт, андан кийин колдор кайра капталдарына карай түшүрүлөт. Үчүнчү такбирден кийин колдор киндиктин астында байланат. Имам фатиханы жана кошумча сүрөнү окуйт. Руку жана сажда кылынат. Икинчи ирекетте имам фатиханы жана кошумча сүрөнү окугандан кийин рүкүгө баруудан мурда үч жолу такбир алат. Андан кийин гана рукуга барылат. Сажда жана тахиййат окулгандан кийин салам берилет жана ошону менен намаз бүтөт. Мындан кийин имам кутба окуйт.

- Орозого ниет кылуу.
- Аялдарда айыз жана нифас болбоо.
- Орозону буза турган нерселерден алыс болуу (ичип-жеш, жыныстык катнашта болуу).

- Адат болуп калган бир нерсени жегендик. Ун, чийки күрүч, кандайдыр бир мөмөнүн данегин жутуу. Кагаз, пахта, топурак, кургак чөп, саман ж.б.у.с. нерселерди жеш;
- Байкабастан суу жутуп же тамак жеп алуу. Мисалы, даарат алып жатып, оозго алынган суунун тамакка жүгүрүп кетүүсү, кардын же жамгырдын тамчыларын жутуп алуу, орозо экенин унутуп бир нерсе жеп алуу;
- Тиштен аккан кан. Эгер аккан кан түкүрүктөн көп болсо, орозо бузулат. Аз болсо, бузулбайт;
- Өз калоосу менен ооз толтура кусуу;
- Жубайын өөп же кучактаганда жунуп болуп калса, орозо бузулат;
- Мурунга, кулакка жана тамакка суюктук тамызуу;
- Күндүз, башкача айтканда орозо маалында сайылган ийне орозону бузат. Ден соолукка коркунуч туудурбаса ийнени иптардан кийин саюу абзел;
- Орозо экенин унутуп бир нерсе жеп алып, орозом бузулду деп тамак-аш жешти улантуу;
- Саарлык убакыты өтүп кеткенине карабастан, өтө элек деп ойлоп, жеп ичүү;
- Күн бата электе батты деп санап, оозду ачуу;
- Бирөө кыйнаганы үчүн орозону бузуу;
Орозону бузуп, каффаратын талап кылган абалдар кайсылар?
Маалым болгондой орозо таң агаргандан баштап, күн батканга чейин жеп-ичпөө жана жыныстык катнашта болбоо. Эгер кимде ким булардын бирөөсүн өз калоосу менен орозо экенин билип туруп кылса, каффарат талап кылынат. Мисалы, тамеки тартуу, адат болуп калган нерсени жеш(мисалы: топурак, бор ж.б. нерселерди орозо экенин билип туруп жеш), буудайдын данындай чоңдуктагы бир нерсе жеш, кан алдыруу, тишин щеткалоо жана сурма тартуу сыяктуу орозону бузбай турган нерселерди кылгандан кийин, булардын орозону бузбай турганын билсе да буларды шылтоо кылып, орозону бузган нерселерден бирөөнү кылуу, аз чен өлчөмдө туз жеш, билип туруп жыныстык катнашта болуу.
Орозо каффараты бир гана Рамазан орозосун билип туруп бузгандардан талап кылынат. Ал эми каффараты болсо, тутулбаган ар бир күн үчүн 60 күн орозо тутуу. Буга кудурети жетпесе, 60 кембегалды тоюндурат.
Орозо экенин унутуп байкабастан бир нерсе ичип-жеш орозону бузабы?
Орозо экени эстен чыгып, бир нерсе ичип-жеп алуу же жыныстык катнашта болуу орозону бузбайт.
Орозо туткан адам дары-дармек ичсе же ийне сайдырса болобу?
Ийне сайдыруу же дары-дармек ичүү орозону бузат. Мындай абал казаны гана талап кылат. Мажбур болмоюнча дары же ийне колдонбоо керек. Мүмкүн болушунча ооз ачкандан кийин колдонуу абзел.
Орозо маалында көзгө суюктук тамызса ооз ачылабы?
Орозо маалында көзгө тамызылган суюктуктар орозону бузбайт.
Орозо туткан адам тиштерин тиш пастасы менен жууса болобу?
Орозо туткан адам тиштерин тиш пастасы менен жууса болот. Бирок щеткалап жаткан учурда тамагына суу жүгүрүп кетпөөсү үчүн байкап жуушу кажет.
Кан алдыруу орозону бузабы?
Кан алдыруу орозону бузбайт.
Орозонун адеби кандай?
Орозо туткан адам орозонун материалдык тарабына маани берип аткарганы сыяктуу руханий тарабына дагы маани берип, анын маанилүүлүгүн унутпоосу керек. Орозо - аз. Пайгамбарыбыз айтып жана көрсөтүп кеткендей тутулат. Орозо – бир гана эртеден кечке оозго эч нерсе албастан ачка жүрүү эмес. Бул орозонун материалдык тарабы. Руханий тарабына келсек, орозо туткан адамдын көздөрү арам нерселерди карабоосу, кулактары арам нерселерди тыңшабоосу керек. Бирөөнүн акысын жеш, зулумдук кылуу, ушак айтуу, көрө албастык кылуу сыяктуу кылынган ибадаттын сообун текке кетирген жаман адаттарды таштоосу абзел. “Жаман болуу бир паста, жакшы болуу аста-аста” деп ата бабаларыбыз айткандай адам баласы жаман нерселерден алыстоосу өтө кыйындыкка туруп келген. Жараткан Алла таала өзүңөрдү өзүңөр тарбиялап, туура жолго салгыла, арам нерселерден арылгыла, бул жалган дүйнөнү гана ойлобостон акыретти дагы ойлогула, алдыда сурак күнү бар деп “орозо ибадатын” буйрук кылган. Ошондуктан орозо ибадаты бир гана ачка жүрүү эмес, тескерисинче, күнөө иштерден арылып, сооптуу иштерди аткаруу болуп эсептелет. Рамазан айында ар дайым Куран окулуп, садакалар берилүүсү керек.
Аз. Пайгамбар мындай деген: “Беш нерсе орозонун сообун жууп, жок кылат: жалган сүйлөө, ушак айтуу, кимдир бирөөнүн аркасынан жамандоо, жалган касам ичүү жана арам нерсеге тамшанып кароо.”
Напсинин арзууларын жөнгө салып тарбиялаган орозо ибадатында мынабу нерселерге көңүл бурулушу абзел: иптарда тамакты көп жебөө, иптар дастарконуна кедей-кембегалдарды дагы чакыруу, Рамазан айында зекеттерди жана битир-садакаларды берүү. Кедей-кембегалдар, кары-картаңдар, алсыздарга жардам берилип, коомдо материалдык тең салмактуулук сакталышы керек.
СУРОО: Орозо кармаган учурунда тишти щетка менен жууга болобу?
Оозго алынган суу же болбосо тиш пастасы тамактан ары өтпөсө, орозо туткан кишиге тишин жууса болот. Жогорудагы шарттардын бири кокустан бузулса орозо бузулат жана аны каза кылыш керек болот.
СУРОО: Рамазанда ар бир жылы 30 күндүк орозо тутулушу керекпи, же 29 күн тутса да болобу?
Орозо айы болгон Рамазан камери (ай календары) айлардын бири. Камери айлардын мөөнөттөрү, башталышы жана аякталышы айдын жаңырышына жараша болот. Айдын жаңырышына жараша аныкталган бул айлар, кээде 29 күн, кээде 30 күн болушу ыктымал. Ошондуктан Рамазан айы кээ бир жылдары 29, кээ бир жылдары болсо 30 күн болууда. Мусулмандарга рамазан айында орозо тутуу парз болгондугу үчүн бул ай 29 күн болгондо 29 күн, 30 күн болгон жылдары 30 күн орозо тутуулары керек. 29 күн болгон жылы орозону 30 күн тутуу туура эмес болот. Себеби, мындай учурда айт күнү орозо тутулган болот. Айт күнү орозо тутуу болсо арамга жакын макүрөө болгон абал деп эсептелинип, орозо бузулат. Айт майрамы дайыма баардык мусулмандар менен бирге майрамдалышы керек. Айт күнү орозо тутууну арам деп эсептегендер да бар.
Азыркы күндө мыйзамдуу түрдө айдын жаңырышын аныктап жарыялаган расмий мекемелер бар. Бул мекемелер ары ишеничтүү, ары мусулмандардын ынтымагынын бекемделиши жагынан маанилүү болуп, мусулманардын бул жарыяларга жараша орозону баштоосу жана айт күнүн белгилөөсу туура болот.
СУРОО: Айт намазы качан окулат?
Айт намазы айт күнү күн аркан бою көтөрүлгөндөн кийин (күндүн чыкканына 50-55 мүнөт болгондон кийин) окулат. Айт намазын күн так төбөгө келгенге чейин окуса болот.
Орозо айттын биринчи күнүн аныктоодо ката кылынса, же болбосо кандайдыр бир жүйөлүү себептерден улам убагында окулбай калса, айт намазы эртеси деле окула берет. Андан кийинкиге калтырылбайт. Курман айтта жүйөөлүү себептерден улам калтырылган айт намазы экинчи же болбосо үчүнчү күнү деле окула берет. Курман айттын намазы эч бир себеби жок экинчи же болбосо үчүнчү күнү окулса, бул макүрөө болуп саналат.
Суроо: Айт намазы кантип окулат?
Айт намазы эки ирекеттен турат. Жамаат менен бирге окулат. Кадимки эки ирекеттей окулат. Айрымасы: алгачкы ирекетте «субханака» дубасынан кийин үч жолу такбир алынат. Айрыкча, экинчи ирекетте рукуга баруудан мурда дагы бир жолу үч такбир алынат. Айт намазы үчүн азан же болбосо каамат окулбайт. Башталганда эки ирекет рамазан же курман айт намазын окууга ниет кылынат. «Аллаху Акбар» деп биринчи имам, артынан жамаат ифтитах (намазды баштаган учурда алынган такбир) такбири айтылат. Колдор байланганда «субханака» дубасы окулат. Кийин имам үн чыгарып, жамаат болсо үн чыгарбай үч жолу «Аллаху Акбар» деп такбир айтат. Ар бир такбирде колдор кулак деңгээлине чейин көтөрүлөт, андан кийин колдор кайра капталдарына карай түшүрүлөт. Үчүнчү такбирден кийин колдор киндиктин астында байланат. Имам фатиханы жана кошумча сүрөнү окуйт. Руку жана сажда кылынат. Икинчи ирекетте имам фатиханы жана кошумча сүрөнү окугандан кийин рүкүгө баруудан мурда үч жолу такбир алат. Андан кийин гана рукуга барылат. Сажда жана тахиййат окулгандан кийин салам берилет жана ошону менен намаз бүтөт. Мындан кийин имам кутба окуйт.
Жарашып келген бир элес, жарашып кайра бир келбес, жамалым жайнап турганда, Жалгыздык мага тен эмес. Арзышып келген бир элес, атайын кайра бир келбес, ажарым арбып турганда, АЛ адам мага тен эмес.
#20 27 July 2013 - 13:29
Жаратканым сизге жарык кундорунон насип этсин, бейиштин торрунон орун алуунузга тилектешмин . Керектуу маалыматтар учун ыраазычылык.
.
Жүрөккө эмне толсо, ооздон ошол сөз чыгат...

Супер-Инфо
super.kg
видео